Ыр майрамы

21-март – Эл аралык поэзия күнү. Бул күнгө карата биздин блог сиздерге “Ыр майрамын” сунуштайт. Блогубуздун “Адабият” бетине айрым чыгармалары киргизилген кыргыз акындардын биздин пикирибиздеги мыкты деген ырларынан куралган поэзия бетине көңүлүңөрдү тартабыз.

Кезек ырларда:

Нурбүбү Бөдөшова

***
Татына жылмаюуңдан
көздөрүм сүртүп алды
тагдырга дары кылып…

Жакшына мамилеңден
жүрөгүм сузуп алды
турмуштун балы кылып…

***
Түш көрдүм түндө сени…
Сен мага көөлгүп
саамайың толкундатып күлүп келдиң.
Кош карек бал-бал этип,
Негедир оттой болуп күйүп келдиң.

Келдиң да мага таттуу шыбырадың:
“Дүйнөдө сен ардагым, сен ынагым…”
Мен болсо карай албай көздөрүңдү
уялып чоктой болуп албырамын.

…Таңында сүйүнө албай,
өзүмчө ызаланып,
сезимим бууракандап
Жүрөктү түндөгү түш тилип жатты…
Сагынып сенин ыйык шыбырыңды
эңсөөнүн эч күнөөсүз мөлтүр жашы
жаздыкка акырындап сиңип жатты…
карекке бир сүртүүгө дары болчу
элесиң мунарыктап,
Жүрөгүм күйүп жатты…
күйүп жатты…

Шайлообек Дүйшеев

Бишкек
Бишкек, Бишкек… Билбегенге биздин шаар,
Бирге – чылбыр, экисине – тизгин шаар.
Бир карасаң калдай каалга, кан сарай,
Бир карасаң кара баткак, мискин шаар.
Көдөөсү көп, көр-жер тарткан көлүк шаар,
Көздүү жактан келип түшсөң “өлүк” шаар.
Байкушуна – базар, мазар, баш паанек,
Байларына – байлык, айлык, өрүкзар.
Милийсасын тизип алып таңгактап,
Бир көчөсүн жууп-жуктап, ардактап.
Өйүз-бүйүз эл шыкалган ал жерден
Өкмөттүк колонна өтөт дардактап.
Миң көчөсүн жылда жамайт жырыйган,
Маршрутка көп, машина көп чымындан.
Үйгө барып чөнтөгүңдү аңтарсаң,
Колу чыгат МАИлердин шымыңдан.
“Артис тамдар” салынганы салынган,
Антсе деле шаар болуудан жаңылган.
Белден өйдө келе бакан кыштактар,
Белден ылдый ала бакан айылдар.
Уркуюшуп арасынан муз-кардын,
Варикозу сыяктанып буттардын.
Ташын-кумун тээп салып асфальттын
Тамырлары качып барат дубдардын.
Тиштериңдин баары металл коронка,
Бишкегиңдин баары бензоколонка.
Азыр бул шаар махабаттын шаары эмес,
Бир жиндинин колундагы воронка.
Ээсиз үйүн кытайларга толтурган,
Эри да жок, эли да жок кол сунган.
Бишкек мага кемпир болуп элестейт
Эски-ускусун сатып бурчта олтурган…

Жазгүл Жамангулова

Сүйүптүрмүн,
Акылыман кетип мен.
Сарсанаага батып анан,
Сапарымда сен бир азга, кечиксең.
Сүйүптүрмүн меш күйбөгөн,
Муздак тамда, жатып да.
Сезбептирмин, жаппаптырмын, айнекти,
Канча муздак кирсе дагы,
Жабылбаган эшиктен.

Сырткы муздак, сезилбептир.
Сезилбептир башкалардын дабышы.
Сенден төмөн, сенден күчсүз,
Болгон экен теребелдин баарысы.
А мен анын кучагында,
Алсыздыктан бийлепмин.
Бирок сүйүү мен күткөндөй,
Жылуулугун түгөтөөрүн,
Билбепмин…

Сүйүптүрмүн,
Ызгаар түндүн, мазак кылып бороонун.
Гүлзар болуп турган менен,
Сезбептирмин,
Көрксүздүгүн короонун.
Байкабапмын,
Тумандаган карегимдин, азабын.
Билем жалгыз, сен багынткан.
Сезимимдин ирмеминде,жашадым.

Азыр денем, үшүп барат.
Жабылбаган муздак тамдын, ичинде.
Жашырбаган сырым калды,
Жан дүйнөмдү багындырган, кишимде.
Бирок муздак, бүт дүйнөмдү,
Билгениндей багынтып.
А жүрөгүм, бир ирмемде,
Баштагы бир жалгыздыгын,
Сагынтып…

Дүйшөн Жапаров

Атамдын бейити
Бозоруп дөңдө жаткан дөң,
Боздогон арман каткан дөң.
Күүгүмдөп көктөн эңиштеп,
Күн сымал атам баткан дөң.
Баары бар эле дээринде,
Баары бар эле ээринде.
Калабы жатып түбөлүк,
Какшыган жылга жээгинде.

Атасы анык өнөрдүн —
Адамды келди көмөр күн.
Атамды жакшы кара деп,
Ажалды беттен өбөр күн.

Рыспай Исаков

Балалыктын аманаты
… Түйшөлткөн ойлор анда ыраак болчу,
Түшүмө жылан дайым ынак болчу.
Анан мен ал түшүмдү айтып берсем:
«Жылан – бул, байлык болот!» – деп чоң энем,
Жылмайы-ып маңдайымдан сылап койчу.

Чоң энем кээде мага көлүк болуп,
Бир адат калган эле көнүк болуп.
Коркутуп мени кээде көзүн жумуп,
Коркутуп оозун ачып, тилин сунуп…
Калп эле жатып калчу өлүк болуп.

Анда мен коркуп өлүк өңдү көрүп,
Аздан соң ыйлачу элем өңгүрөнүп.
«Жан кирип» ошол замат чоң энеме,
Жалбарып анан мага коёор эле:
«Жарыгым, мен калп эле көрдүм өлүп»…

Каныма ошол адат жороптолуп,
Калыптыр түшүмө да конок болуп.
Өлүмүш болуп калсам чакпай жылан,
Көнүмүш доско айланып атпай жылан,
Түшүм да кетүүчү эле жомок болуп…

Ойгонуп, анан түштүн изин улап,
Түштөгү байлыгымды калсам сурап:
«Балам а-ай, садагаңа чабылайын,
Балалык – өзү байлык, кагылайын!» —
Деп койчу, маңдайымдан өөп, сылап…

… Бир күнү энем турбай жатып калды,
Билинбей өмүр күнү батып калды.
Тил сунуп, мурункудай өлөм дебей,
Тирилип, ыйласаңар келем дебей…
Ирмелбей каректери катып калды.

Өмүрдө жектеп ыйлап күнүмдүктү,
Өкүрүп, өңгүрөндүм! Үнүм бүттү!
Мен эмес, атам дагы боздоп ыйлап,
Мен эмес, бүт айылым коштоп ыйлап!…
Жоктошту кечээ күнкү тирүүлүктү…

Өкүрүк арбактарды козгоп кетти,
Өксүктү толтура албай боздоп кетти.
Теңир да чыдай албай көрүп туйлап,
Турганда жамгыр жашын төгүп ыйлап…
Өлүктү балалыгым коштоп кетти…

… Азыр мен балалыктан айрылгамын,
Жаштыктын Жигитчилик айлындамын.
Энемдин ар бир баскан кадамынын,
Изинде калып кеткен балалыгым,
Таптырбай жүрөт мага дайнын дагын.

Артынган чоң энемдин жомокторун,
Алтындай балалыкты жоготкомун.
Айдыңдуу жаштык доору сүрүп турган,
Ажалга тике карап күлүп турган,
Азыр мен жашчылыкта коноктомун!

… А бирок, түштө көрчү ошол адат,
Азыр да түш дүйнөмө кошо барат.
Ал адат – балалыктын аманаты!

Алтынбек Исмаилов

Аруулукка умтулуу
Секирем бийиктикке термелип мен,
Себебин билесиңби эмнеликтен?
Кайчылап кайталанма турмушумду,
Кутулгум келет менин пенделиктен!

Аруулук – алыс учкан канат белем,
Ар убак мен ошону самап келем.
Аттиң ай, пендечилик болбогондо,
Асмандан жерге түшпөй калат белем?!

Кантип мен эркин куштай учам улам?
Көр оокат коё бербейт тушап улам.
Бошонгум келет менин биротоло,
Булгаган кир дүйнөнүн кучагынан!

Умтулуп бийиктикке термелемин,
Учалбай турам бирок жерде элемин.
Бөлүнүп кетсем эгер мен силерден,
Бут тоспой жөн койгула, пенделерим?!

Бурул Калчабаева

Кудурети күчтүү кудай! Көр пендеңбиз сен жараткан,
жер үстүндө эсеп жеткис,
жан-жаныбар, бак-дарак,
курт-кумурска —
жайнаган гүл, жашыл чөп…
баардыгы сенин балаң!
Бир айырмам!
Меники көзгө басар бирөө эле…
Жалгызга жалынганым,
караанына кагылганым,
күнөө беле?
Сага керек ал бала,
сенден да —
мага абдан керек эле…
Сагынсам жыттарыма,
караан тутуп уктаарыма,
жашоомо-жазганыма,
өзүмдү тирүү сезип,
энемин деп —
баш көтөрүп басканыма
керек эле!
Сооротушту —
жакшыны алат дешти,
жамандар калат дешти…
Андай болсо —
неге сен калыс болбой,
Мен жаманга —
кыз бердиң көз мончоктой?!
Жибектей созулган бала бердиң!
Биринин аркасынан —
экинчисин ала бердиң…
Капшыты качан чыгат
кара жердин?!
Кара жер —
топук кылып тойсо болмок,
Миң күнкү бейиште эмес,
бир күнкү тирүүлүктө,
Өзүмдөй —
жаман эле бала берип,
Жараткан —
жаныма жөн койсо болмок!

Бурулкан Карагулова

Чачым байкуш саксайса да жарашчу,
Анча-мынча айтар сөздөн адашчу.
Асты жыртык батинкенин ичинде,
Майтак бутум күлүк минип баратчу.
Байкуш бетим не кылсам да жарашчу,
Жигиттер жаш, каректерин кадашчу.
Алар менин көйнөгүмдөн көзү өтсө,
Душмандарым батинкемди карашчу.

Жыргалбек Касаболотов

Алың жетсе – ар бириң Манас болгун!
Көкүрөктө жаралган көпөлөктүн,
Көп жыл бою канатын көкөлөттүм.
Оюм өстү. Опол тоо боюм өстү.
Ошентсе да Эр жетип өсө элекмин.

Мен жетилбей, мага окшоп сен жетилбей,
Мезгил өттү эл күткөн эр жетилбей.
Мээлеп жүргөн коңшунун жеми болуп
Мекенибиз өксүүдө тең жетилбей.

Көптү билдим, көп иштер себеп болду,
Көк Асаба көөдөнгө желек болду.
Бүгүн мага калдыркан канаты эмес,
Бүркүттөрдүн канаты керек болду.

Көкөй кесип эл-жердин таланышы,
Көздөн учту Көкжалдын жаралышы.
Кыл чайнашкан, кылычтын мизиндеги
Кыргыз үчүн кыйчалыш заман ушу.

Улуу сөздү унуткан уландарым!
Уучу толсо уурудай кубанганым,
Уйпаланган токолдой жалдырабай
Улуу жолго бет алчы, суранганым.

Тура бербей бир нерсе кылыш керек!
Туура жолго тумандан чыгыш керек.
Шибегенин учу эмес, бүгүн бизге
Шилтегени мүрт кеткен кылыч керек.

Асылдыкты таркаткан үрөнүндө,
Азаматтын жетилген түнөгүндө,
Айкөл Манас абалкы күмбөздө эмес,
Ар бириңдин мекенчил жүрөгүңдө.

Алпкаракуш шилтеген канат болгун,
Артыңдагы балдарга сабак болгун.
Арбактарга милдетиң арта бербей
Алың жетсе ар бириң Манас болгун!

Кожогелди Култегин

Ирмем… ирмем… ирмем кыз,
интернетке кирген кыз.
Издегени табылса
ичтен “Есть!” деп ийген кыз!

Кайда болсун жол табат,
каалаганын мол табат —
тиги колдор бошобой,
тизе менен “кол чабат”.

****

Заман ушул – күчөгөндү күчөткөн,
зар какшатып жүдөгөндү жүдөткөн.
Кыйындары карагайдай тоодогу,
Кыйшык жерде көктү карай түз өскөн.

* * *
“Кеттим…” дебе, ишенбеймин, жок, досум,
кезигүүнүн башталышы – коштошууң.
Ат үстүндө уктап калсаң эгерде
атың келип, эшигиме токтосун!

Өмүркул Кулумбаев

Өтүнүч
Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Эй табият, анда жашым гүлгө бер.
Анткендигим ар бир жазда жадырап,
Ал өмүрүм гүлдөр менен түрдөнөөр.

Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Эй, табият, анда жашым сууга бер.
Анткендигим эмгек чөлүн көгөртүп,
Суусаганда жутуп турсун тууган эл.

Же болбосо булбулга бер бактагы,
Булакка бер кыз күлкүлүү акканы.
Же жашымды жылдыздарга бере көр,
Түбөлүккө жанып турсун жапжаңы.

Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Менин жашым бөлүштүрүп миңге бер.
Миң жүрөктө менин жаным жашаса,
Анда өмүрүм түбөлүккө күн көрөөр.

Токтобүбү Султангазиева

Мен сүйүүмдү, күн нуруна байладым,
Жылуулугу бүт дүйнөнү айлансын.
Кайтып келди эртең менен кайрадан,
Таппагандай сага жетүү аргасын…

Мен сүйүүмдү, шамал менен айдадым,
Сага келип жылуу колуң кармасын.
Куюн сымал кайра айланат өзүмдү,
Таппагансып сага баруу айласын…

Мен сүйүүмдү булуттарга карматтым,
Тамчы болуп сенин жүзүң аймасын.
Кетпей туруп кайра үстүмөн төктү жаан,
Айтып турду сени эч жерден таппасын…

Анатай Өмүрканов

Узатаарда
Узай бердиң улам-улам ыраактап,
Карай бердим кайра артымды кылчактап.
Эмнени айтам эрип бара жатканда,
Сени көргөн тагдырыма ыракмат.

Өмүр калды тамшандырган таңдарда,
Таянч болдуң тайгалансам кармарга.
Сени эч качан унуталбайм, унутпайм,
Көздө сүйүү, көкүрөктө жан барда.

Каректесиң-көзүмдү ачып карасам,
Оюмдасың-мен эмнени самасам.
Кол булгалап:
“Жакшы бар!..” -деп калсам да
Сени менен кошо кетип баратам…

Олжобай Шакир

Диоген жана мен
I.
Жок издептир. Караңгал
жолукса да алдынан
афиналык жарандар.

«Шам көтөрүп издеген
жогун таппас, келесоо
адам мына, – биз!» деген

эли дүрбөп калаанын,
көргөзсө да толтура
«Жок!» дейт, адам караанын.

Чактүштө да карайлап
жолун улайт, жок издеп
колдо шамын абайлап.

………………………….

Адам урку эч ага
кез келишпей өмүрү
өтөт экен бечара.

II.
Дос, тууган деп жөлөгүм
мен бир күнү карызга
тыйын издеп жөнөдүм.

Кайсы эшикти какпадым…
ажаатымды ачкыдай
бир адамды таппадым.

Жанды салдым бүлгүнгө:
карыз берер адам жок
бир күнгеле, бир күнгө!

Бактыгүл Чотурова

Кумурска…
Чарчоолорду жатканда аста-а көөшүп,
Аттап өткүм келет го-о, аттап өтүп.
Кумурскадай кыбырайм ыр көтөрүп…
Колдон келбейт көрүнөт башка кесип.

Түнбү, күнбү турса да үймөлөнүп,
Түртүп коюп түйшүктү үйгө келип,
Бир тоголок дан түрткөн кумурскадай,
Бир сап ырды келатам дүйнө көрүп…

Сүйүнбай Эралиев

Эмеспи
Таттык ачуу, таттуу да,
Көрдүк жакшы-жаманды.
Жетебиз деп аттууга,
Бастык тарап таманды.

Бүтпөйт деле тирилик…
“Өмүр” деген повести
Өлмөйүнчө жүгүрүп
Жүрүп жазап эмеспи!

Анасбек Жумалиев

Бир мүмкүндүк — өмүрүм
“Улуу Жердик табият.
Уулум ойнойт жанымда.
Милларддаган ата-энем
Туйлайт менин канымда.

Ошол өткөн “миллиарддын”
Бири туулбай калганда,
Бул дүйнөгө мен келбей
Калмак экем “арманда”.

Миллиарддардын канчасы
Келээр менин артыман.
Жашоо чексиз себеби,
Дүйнө чексиз чалкыган.

Эмне арнайм силерге,
Менден кийин келчүлөр?
Менден кийин мага окшоп
Күнгө салам берчүлөр.

Эмне арнайм силерге,
Эмне мурас калтырам?”
Карап түпсүз асманды
Жооп табалбай олтурам…

Улуу Жердик табият,
Уулум ойнойт жанымда.
Бир мүмкүндүк, сан суроо
Туйлайт менин канымда.

Ах, сонунсуң, тирүүлүк!
Чөкпө, сергек көңүлүм!
Сан суроого жооп берчү
Бир мүмкүндүк – ӨМҮРҮМ!

Соц тармактар:

Ыр майрамы: 2 комментария

  • 26.03.2015 в 08:55
    Permalink

    Ар бир создор кемтик, муну кандай тушунсо болот?

    Ответ
    • 26.03.2015 в 10:42
      Permalink

      Чынын айтсам, сиздин эмнеге нааразы экениңизди түшүнө албадым.

      Урматым билдирип,
      Марат Токоев

      Ответ

Добавить комментарий