Догдурбек Кыдыралиев, КРнын эмгек сиңирген артисти: «Кожожаштын ролу күтүүсүз берилип…»

Догдурбекти жакшы тааныгандар «Доха» деп коюшат. ФХУда (Фрунзенский Художественное Училище) окуп жүргөн кезинде чогуу окуган достору ушинтип ат коюшкан. Ошондо эле сүрөт тартуу өнөрү менен бирге, киного ынтызарлыгын айтып калчу. Ал эми азыр 1975-76- жылдардагы жаштык кезди, андан кийин кино жаатына кандайча келгенин, «Ак илбирстин тукуму» кино-тасмасына кантип тартылып калганы тууралуу кебин айта отурду. Эмесе, кулак төшөйлү.

Бир казанда кайнап
35 жылдан ашты. Андагы сүрөтчүлөр окуу жайынын жатаканасы. Студенттик күндөр. Баардыгы жадымда. Эсимден кетпейт. Өзгөчө стипендиябызды алганда, жерге-сууга тийбей удургуп, бир майрамдап алчу элек. Кыздарга акчабызды сапырып, Индия кинолоруна барып, балмуздактан күчүбүздү чыгарчубуз… Союздун 30сом пулу, ашып кетсе бир жумага жетчү. Калган күндөрү эл катары, тумбочкадагы катыган нандын калдыгын казып жашамай. Болбоду дегенде, ашканада кыздардын жасап аткан тамагын уурдай качмай. Бирок, анткени менен ынтымактуу элек. Биз менен чогуу Филармониянын жана Театралдык студиянын студенттери да жашап калды. Аларга кошула камыр-жумур аралашып, чыгармачылыктын бир казанында кайнадык. Бош учурда, кайсы бир деңгээлде таасирленип, алардан ырдаганды, комуз черткенди, актерлук жөндөмдү үйрөндүк.

«…бок жеп жүрүпмүн»
3- курсту бүткөндө практикага Москва, Ленинград шаарларына жиберди. Ал шаарларда жайгашкан, атагы асман сапырган сүрөт музейлерин кайта-кайта кыдырып көрдүм. Третьяков галлереясы, Эрмитаждагы керемет картиналар көкүрөк-көөдөнүңдү аңтарып салат. Укмуштуудай таасирлендим. Терең ойго чөмүлттү. «Мен Фрунзе шаарында жөн эле бок жеп жүрүпмүн» дегенге чейин бардым.

С. Чокморов агабыздын түрткүсү
Москва шаарына кайрылып келдим. Фрунзедеги окуумду бүтүп, Бүткүлсоюздук Сергей Герасимов атындагы киноматографтар институтуна тапшырып, окууга өтүп кеттим. Художник-постановщик факультетине. Бул тармакка жөн жерден келе калаганым жок. Бала-чакта кино дегенде жантыгыман жата калар элем. Анан, кино өндүрүшүнө иштегенге куштарланып жүрдүм. Эң негизгиси, Сүймөнкул Чокморов агабыздын сүрөтчү болуп жүрүп, кино-актерго айланып кеткени мага абдан түрткү берди. «Сүрөтчүдөн да күчтүү артист чыгат турбайбы» деп калдым.

Замандын залкары келип атса
Ошо күнү Москвага кар калың түшүп, күн суук эле. Жаңы жылга эки жумача калса керек. 3-курстун кышкы сессиясын тапшырып атканбыз. Курсташ бала мага келип, «сени 1-кабатта Төлөмүш Океев чакырып атат» деп калды. Мен анча ишене бербей ишимди уланта бердим. Аңгыча дагы бирөө келди. «Доха, Океев күтүп калды, астыга түшүп жолугуп койчу, бай болгур!» деп. Боргулданып тердеп алган. 4- кабаттан түшүп келсем, чындап эле Төкөм күтүп калыптыр. Чуркап барып салам берип калдым. Учурашкан колумду кое бербей туруп, башыман бутума чейин эки-үч кайталап сыдыра карап, «Доха деген бала сенсиңби? Сүйлөшө турган сөз бар. Мугалимдериңе айтып, «мени келиптир» дегин да, тез кайра чык» деди. Шашкалактап калдым. Профессорума жөн-жайды түшүндүрүп, ара-чолодо достордон кичине тыйын-тыпыр чогулта койдум. Жаман оюмда Төкөмө «чай берип, сыйлап коеюн. Замандын залкары келип атса» деп.

«Кайда барып?…»
Сызган төөдөй 1-кабатка түштүм. Төлөмүш акемдин жанында бир киши турат. Ал киши менен тааныштырды. «Валерий Скрыльников, кинонун директору» деп койду. Азыр ойлосом, болочоктогу «Ак илбирстин тукуму» аттуу кино-тасманын толук чыгымын тактаганы жана аны бекиткени келишиптир. Эшикке чогуу чыктык. «Кайда барып сүйлөшүп алсак?» деп Океев мени карап калды…

(Уландысы кийинки санда)

“Учур(“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий