КЫРГЫЗ ЖИГИТОВКАСЫ ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТУУДА

jigit_1Жакында бизди кубандырган жагымдуу кабар тараган эле. Монте-Карлодо цирк өнөрү боюнча 34-Бүткүл дүйнөлүк фестивалда кыргыз жигиттери байгелүү 2-орунду ээлешкен. Мындай жеңиш кичинекей өлкөбүз үчүн чоң жеңиш. Андыктан биз бүгүн редакциябызга аталган жигиттердин жетекчиси, КРнын эл артисти МАНАТ  ЭШИМБЕКОВДУ чакырдык.

“СҮЙҮҮМДҮ ДА ЦИРКТЕН ТАПКАМ”
– Маегибизди жакында Монте-Карлодо өткөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалда жетишкен ийгилигиңиздерден баштасак. Мындай жеңиштин мааниси канчалык?
– Цирк өнөрү боюнча 34-Бүткүл дүйнөлүк фестиваль быйыл Монаконун Монте-Карло шаарында өттү. Ага катышууну цирк менен алектенген ар бир чебер каалайт. Бирок саналуу гана топтор катыша алышат. Быйыл ага 54 өлкөдөн цирк чеберлери катышты. Калыстар тарабынан биздин чыгуубуз жогору бааланып, 2-орунду ыйгарышты. Сыйлыкты Монаконун ханзаадасы өзү тапшырды. Эми бул фестиваль, чындыгында, дүйнөлүк чоң мааниге ээ. Салыштырып айтканда, спорттогу Олимпиадалык оюндар, кино тармагындагы “Оскар” сыйлыгы же илимдеги “Нобель” сыйлыгындай деп эсептелет.

– Циркке кантип келип калдыңыз эле?
Мен мектепти аяктап жатканда кызыкчылык үчүн циркте акробат болуп алектенип жүргөм. Кийин аскерге жөнөп кеттим. Москвада кызмат өтөдүм. Бирок аскерде жүргөндө деле циркти калтырчу эмесмин. Анан кызматымды өтөп бүтүп, “Түндүк Осетиянын жигиттери” труппасынын жетекчиси Эдуард Кочинов менен таанышып калдым. Ошентип, жалаң осетиндердин катарында жигитовканын сырларын үйрөнүү мүмкүнчүлүгү туулду. Анан мекениме кайтканда өнөр жерде калмак беле, мамлекеттик циркте жигитовка менен алектене баштадым.

– А бала кезде ким болсом дечү элеңиз?
– Мен бала кезимден спортчу агамдын таасиринен улам болсо керек, спортко жакын өскөм. Спорттун дээрлик бардык түрлөрү менен машыккам. Эмнегедир Олимпиада чемпиону болуп, менин жеңишимдин урматына өлкөмдүн гимни жаңырса дечүмүн. Азыр ойлосом, ошол тилектерим кандайдыр бир даражада ишке ашыптыр.

– Жигитовка өзү кайда пайда болгон жана Кыргызстанга кантип келип калган?
– Жигитовканын мекени болуп Осетия эсептелет. Атактуу Агубей Гуцев жигитовканын негиздөөчүсү, атасы болуп саналат. Ал эми бизге союз убагында эле 60-жылдары келген. Албетте, жылкыга жакын элде кеңири кулач жайып, жайыла баштады. Бизде деле кеңири жайылышына ошол осетиндердин салымы зор.

– Европада да бул өнөрдү жигитовка деп аташабы?
– Европада “негедин казаки райдерс” деген аталыш көбүрөөк колдонулат. “Жигитс” дегендер деле жок эмес. “Казаки райдерс” деп аталып калышынын себеби Орусияда совет бийлиги жаңыдан орноп баштаганда Дон жана Кубан казактарынын Европага журт которуп, жигитовканын алар аркылуу Европага тааныла баштагандыгында.

– Жубайыңыз менен да цирктен таанышкансызбы?
– Ооба, жубайым Дилбара менен циркте таанышкам. Бирок анда мен циркте, ал филармонияда бийлечү. Ошондо Дилбара курбусу экөө цирк көргөнү барган экен. Экөөбүз кол кармашып баш кошкондон кийин ал да циркке аралашып кетти. Азыр экөөбүз бир труппада дүйнөнү кезип жүрөбүз.

– Труппаңыздын курамына көз чаптырып жатып Марс Эшимбеков деген ысымга көзүм илинди. Адашпасам, уулуңуз болсо керек? Ал кесибин өзү тандаганбы?
– Эми кандай десем? Уулум циркте төрөлүп, циркте чоңойду. Калганы айтпаса да түшүнүктүү болсо керек…

– Бардык континенттерде болгонсузбу?
– Австралия континентинде жана Япония өлкөсүндө гана боло элекпиз. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында атактуу америкалык Ринглинг Брозерс циркинин чакыруусу менен АКШда 4 жыл иштеп келгенбиз. Ошондо Нью-Йорктон Боинг-747 учагы менен келип, аттарыбыз менен кошо алып кетишкен. Менин билишимче, мындай даражадагы сыйга президент да татый элек.

“БИЗ ЖЫЛКЫНЫН ЭТИН ЖЕБЕЙБИЗ”
– Манат байке, маегибизди сиздердин жумушуңузду аларсыз элестетүү кыйын болгон жылкыларга бурсак. Алар канча жаштан алынат?
– Биз жылкыларды 3-5 жаштан алып, үйрөтө баштайбыз. Ушул курагынан баштап алар калыптанып калышат.

– Ал эми “пенсияга” канча жаштан баштап чыгышат?
– Ар кандай, орто эсеп менен 18-20 жашка чейин жогорку деңгээлде иштеп беришет. Жылкылардын арасында аябай эмгекчилдери да бар. Мисалы, азыр труппамда 24 жаштагы жылкы бар.

– Жылкылардын баасы канча?
– Баасы кеминде 2 миң евродон. Анан алар сатылган атайын базарлар болбойт. Өзүбүз издеп таап, колдон сатып алабыз.

– Жылкыларды үйрөтүүдө кандай кыйынчылыктарга кабыласыздар?
– Жылкы үйрөтүүнү бала тарбиялоого эле окшотсо болот. Ар бир жылкынын өзүнө гана таандык мүнөзү болот. Мисалы, бир жылкыны үйрөтүүдө дайыма үндү бийик көтөрүп, катуу кол болуп туруу керектелет. Ал эми кээ бирлерине бир нерсени так аткарса кичине мактоонун өзү жетиштүү. Бир сөз менен айтканда, биз жылкыларыбызга абдан аяр мамиле жасайбыз. Эч кимибиз жылкынын этин жебейбиз. Ооруп калса да кадимкидей кабатырланабыз. Өлүп калса адамды көмгөндөй эле көмөбүз.

– Сиздин труппаңызда канча жылкы бар жана алар каякта багылат?
– Менин труппамда азыр 8 жылкы багылууда. Алардын баары Болгариядагы фермамда.

– А эмнеге Болгарияда? Бизде шарт жокпу?
– Биринчиден, аларды Европадан Кыргызстанга алып келүү үчүн каражат керек. Экинчиден, биз жаз мезгилинен күзгө чейин Европаны кыдырып, өнөрүбүздү тартуулайбыз. Анан кышында эс алууга чыкканда бул жакка Орусия аркылуу алып келебиз. Сууктан оорутуп алышыбыз мүмкүн. Жакшысы, арабыздан бирөө Европада калып, аларды карап турганы оң.

“ЖИГИТОВКАГА КЫЗДАР КАТЫШПАЙТ ДЕГЕН ЭРЕЖЕ ЖОК”
– Жигитовкага кыздарды катыштыруу каралганбы?
– Жигитовкага кыздар катышпайт деген эреже жок. Ага аялзатынын катышуусу көрк кошот. Элестет, ат үстүндө кооз кийинген кыздын отурганы эле көзгө кандай көрүнөт.

– Мына сиздин труппа 12 жылдан бери кыргыз жигитовкасы аркылуу кыргыздын туусун бүт дүйнөгө таанытып жүрөсүздөр. Буга мамлекет тарабынан кандайдыр бир реакция болуп жатабы?
– Буюрса, марттын аягында сезон башталып, кезектеги саякатка аттанабыз. Ага чейин бизди президент кабыл алмакчы болуп жатканын уккан жайыбыз бар. Ошону күтүп жатабыз.

– Качандыр бир мезгилде Европаны кыдыргандай эле Кыргызстанды кыдырып, калың элди чогултуп цирк тартуулашыңызга көзүңүз жетеби?
– Албетте, ага көзүм жетет. Бирок мунун баары мамлекеттик колдоодон көз каранды. Биздин жетишип жаткан ийгилигибиз мурдагы жылы балбандарыбыздын Бээжин Олимпиадасындагы жетишкендиктеринен кем калышпайт. Болгону, биз кыргыздын атын накта спорт эмес, искусство тармагында таанытып келебиз. Биздин труппа болбосо да, башка артисттер өлкөбүздү кыдырып цирк коёт деп ишенем.

ТРУППАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

  • Эл аралык фестиваль, Кытай-2003 – 2-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Италия-2001 – 1-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Масси-2002 (Франция) – 1-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Авиньон-2002 (Франция) – 1-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Польша-2008 – 2-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Голландия-2009 – 1-орун;
  • 34-Бүткүл дүйнөлүк фестиваль, Монако-2010 – 2-орун.

«Супер-инфо», №385 19-25-март, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий