Саул Абрамзондун «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланыштары» аттуу белгилүү китеби санариптелип, Интернетке жайгаштырылды

“Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдиргендей, китепти Кыргызпатент жана “Кыргызстандын жаңы адабиятынын” редколлегиясы “Турар” басмаканасынын колдоосунда санариптеп, аталган сайтка чыгарышкан.

Белгилүү түрколог, тарыхчы жана этнограф, илимий этнография боюнча атактуу ленингаддык (петербургдук) мектептин алптарынын бири С.Абрамзондун бул эмгеги жарым кылымдык эмгегинин жыйынтыгы болуп эсептелет. Учурда окумуштуунун китеби фундаменталдык эмгек деп таанылган.

С.Абрамзондун мураскерлери калбагандыктан, “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайтынын редколлегиясы аталган эмгекти Интенетке жайгаштыруу үчүн уруксат алуу максатында Кыргызстандын улуттук илимий академиясына жана Орусиялык илимий академиянын Улуу Петрдун атындагы Антропология жана этнология боюнча музейине кайрылган.

Саул Менделевич (Матвеевич) Абрамзон 1905-жылы 3-июлда Орлов губерниясында туулган. Ленинграддык университеттин география факультетин бүтүргөн. Анын мугалимдери, насаатчылары белгилүү окумуштуулар А. Н. Самойлович жана С. Е. Малов болгон.

1926-жылы аны Кыргыз илимий комиссиясына кыргыздардын тарыхын жана этнографиясын изилдөө боюнча материалдарды, ошондой эле республикада жаңы түзүлүп жаткан тарых музейине коллекцияларды топтоо үчүн чакырышкан болчу. 1931-жылдан бери ал Ленинградда жашап, СССР илимий академиясынын Н.Н.Миклуха-Маклай атындагы институтунда Орто Азия, Казакстан жана Кавказ элдеринин этнографиясы боюнча сектордо кызмат кылган. Анын изилдөөлөрүнүн негизги багыты – кыргыздардын коомдук түзүлүшү, үй-бүлөлүк маселелери, Борбордук Азиядагы жана Түштүк Сибирдеги элдер менен этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары болгон.

1971-жылы Ленинградда аз нускада көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы болуп эсептелген «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланыштары» аттуу китеби жарык көрөт. Бирок китеп Кыргыз ССР компартиясынын БКсы жана Кыргыз ССР Илимий академиясы тарабынан сынга алынган. Авторду идеялык-саясий жана методологиялык каталарды кетирген деп, аны буржуазиялык улутчул деп атаганга чейин барышкан. Бүт өмүрлүк эмгегине мындай сын-пикирлерди ал катуу кабыл алган. Бир нече жыл өткөндөн кийин ал дүйнө менен коштошкон.

Соц тармактар:

Добавить комментарий