Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт!

Алыкулду дайыма орустун атактуу акыны Николай Рубцовго салыштырам. Чыгармаларын да, өмүрүн да. Экөө тең өтө кыска өмүрүндө поэзия майданына жаңылык алып келген жалындуу ыр саптарын жаратып, артыларына өлбөс-өчпөс из калтырып кетишти. Ошондуктан, чыгармалары да окшош, тагдырлары да окшош.

Дегинкиси адабият жаатынан алганда орус элинин татынакай салтынан айланса болот. Белгилүү акын-жазуучулардын туулган айылына музей уюштурушуп, адабий окууларды өткөрүшүп, элесине таазим этип турушат. Ал турмак белгилүү орус акыны А.С.Пушкин Молдавияда бир кемпирдин үйүнө кайрылып өткөн экен, ошол жерге үй-музей курду деп басма сөздөн окуганым бар. Ал эми жогоруда биз сөз кылган акын Рубцов деле биздин Алыкул сыңары аз жашады, ага карабастан биздин Алыкулдай эле артына зор эмгек калтырып кетти. Эми Рубцовдун жердештеринин айтуусу боюнча көп жылдан бери Россиянын ар кайсы булуң-бурчтарынан акындын талантын урматтоочулар анын туулган айылына келишип, элесине таазим кылып кетишет экен.

Орустун белгилүү акыны Станислав Куняев Николай Рубцов баскан-турган, ырга салган жерлерине суктанып, ар бир ташына, дарагына, тамчы суусуна чейин аздектеп сыймыктанып жатса, мен дароо ошол замат кыргыз элинин даңазалуу акыны Алыкул менен жердеш болуп, ал ырга салган, жашаган, баскан жерин басып жүрүп, бул тууралуу мурда бир да жолу ойлоп койбогонума, буга чейин таптакыр көңүл бөлбөгөнүмө бетим чымырай түшүп, өзүмдү ошол тапта күнөөкөрдөй сезип кеттим.

II
Адеп Алыкул менен «А» деген арип тааный электе таанышкам. Биздин чолок көчөдө жарыктык атаман башка тамга тааныган адам болбосо керек. Ал киши да китепти бир башкача окучу. Бир кулагы сынык көз айнегин мурдуна кондуруп алып, китепти чырактын жарыгына кыйшайта коюп, өзү малдаш токунуп олтуруп, эгерим буга дейре эч кимден уга элек жагымдуу бир обон менен берилип окуур эле. Кыштын узак түндөрүндө тегерек четтеги кары-картаңдар биздин үйгө чогулуп келишип, Та-риэл менен Нестан-Дарежанды берилип угушчу. Ошол «Жолборс терисин жамынган баатырды» кайдан алганын билбейм, китеп жедеп эскирип бүткөндүктөн барактарын желимдеп, мукабасын чүпүрөк менен сырттап алган. Алоолонгон оттун илебине кактанып, бир ыргактуу обонго магдырап, кыялымда Тариэл, Автандил менен аралашып кетээр элем.

Ошондо бул китепти мен кыргыз автор — Алыкул Осмонов деген акын өзү жазган экен деп ойлочумун. Тариэлди, Автандилди, Нестанды, Тинатинди, Асматжанды кыргыздар го дегем. Себеби, өзүмдүн эле менден төрт жаш кичүү инимдин аты Тариэл. Көрсө ушул китепти окугандан кийин атам береги ысымды койгон тура. Кийинчерээк биздин торгойдун уясындай болгон эле чакан айылыбызда Автандил, Тинатин, Нестан, Дарежан ысымдуу балдар, кыздар көбөйө баштады.

Ушул жерден белгилеп кетүүгө туура келип турат, белгилүү Алыкул изилдөөчү Памир Казыбаев «Жолборс терисин жамынган баатырдагы» каармандардын ысымдарын алып жүргөн адамдарды чогултуп, коомдук уюмду түзүү тууралуу оюн билдирип, ал турмак аракеттенип да жүргөндүгүн билем. Албетте, бул колдоого аларлык сунуш.

Ошол боюнча Алыкул менен «ооруп» калдым. Кийинчерээк жогорку окуу жайында окуп жүргөндө атактуу акындын ырлары, драмалары менен толук таанышып чыктым. Өзгөчө Алыкул менен «аралашкан» жылдарым мен үчүн бактылуу мезгилим экен. С.Гейченко бардык ишин таштап жалаң Пушкин үчүн Михайловкага көчүп кеткен сыңары, мен дагы мектептеги мугалимдик ишимди таштап, Алыкулга жакын барайын деп акын ырга кошкон Кайыңдыга көчүп кеттим.

III
Акындын туулган жери Каптал-Арык,
Кайыңды сыяктуу эле өмүр бою аздектеп, ырга кошуп кастарлап келген, тумардай ыйык туткан экинчи кичи мекени — Ысык-Көл. Акын айылын сагынгандай эле Ысык-Көлдү да дайыма сагынган. Көлдү кылаалап басып, абасынан кере дем алып жуткан. Ал оорусуна дабаа болуп, өмүрүнө өмүр улаган.

Жакында эле Алыкул көлдү кылаалап басып, көлдү байырлап жашаган жеринде болдук. Алыкулдун поэзиясынын күйөрманы, белгилүү фото-сүрөтчү Бакыт Асанбаев өзүнүн жеке каражаты менен Алыкул узак жылдар бою жашаган Чолпон-Атадагы көлдүн жээгиндеги үйдү акындын үй-музейине айландырды. Ага азамат дегенден башка кеп жок. Эми ошол үй-музейдин жанына гүлзар жасашып, акындын айкелин орнотуу тууралуу сөз болду.

Эгерде мүмкүн болсо Ысык-Көлдүн боюна постаментте турган бюст эмес, Көл тарапты карай беттеп, чапанын желбегей жамынып, ойлуу ыр жазып олтурган эстелигин орнотуу керектир… Мына ошондо биз дагы Станислав Куняев акын Николай Рубцовдун эстелигине айткандай, Алыкулдун Ысык-Көлдүн жээгинде чапанын желбегей жамынып, ойлуу ыр жазып олтурган эстелигине жакын барып баш ийүү менен алп акындын талантына таазим кылар элек.

IV
Кудайга шүгүр, буга чейин Алыкулдун үй-музейи өзүнүн туулуп-өскөн Панфилов районундагы Каптал-Арык айылына, Бишкек шаарында жашаган үйүнө курулду. Айкели борборубуздагы Улуттук китепкананын астына орнотулду. Эми Көл жээгине орнотулса дурус болор эле.

Акындын туулган айылындагы музейинин курулушуна жупуну болсо да өзүмдүн жардамымды кошкондугума сыймыктанам. Азыр бул жер акындын жердештери үчүн ыйык. Үйлөнүп жаткан жаштар адеп эле музейге баш багышып, акындын эстелигине таазим этишип, эскерүү китебине ой пикирлерин жазып калтырышат. Жылда музейде акындын каза болгон күнүндө — кычыраган кыш айында жана туулган күнүндө — жадыраган жаз айында маданий иш-чаралардын өткөрүлүп жаткандыгы кубанычтуу.

— Мындан ары, — дейт «Жолборс терисин жамынган баатырдагы» ысымдардын бирин алып жүргөн акындын музейинин деректири Нестан-Дарежан Сыдыгалиева,-жыл сайын май айынын баш ченинде музейде көрүнүктүү акын-жазуучулардын катышуусу менен Алыкулдук окууларды, поэзия кечелерин өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Жыл сайын эрте жазда үй-музейди айланта тал-теректердин, карагайлардын көчөттөрүн отургузууну адатка айландырып алдык. Быйыл музейдин түндүк-батыш тарабындагы көлмөнү тазалап, эс алуу жайына айландырып, ага акындын жаштайынан жайрап калган кызы Жыпардын ысымын берүүнү ойлонуштуруп жатабыз.

V
…Бүрсүгүнү, Нооруз күнүндө кайрадан Каптал-Арыкка, Алыкулга жөнөйм. Музейдин жетекчиси келип кет деген. Бул жөн гана шылтоо, ансыз деле өзүм бармакмын. Дайыма Алыкулга жөнөөрдө өзүнчө эле апкаарып, толкундана бермей адат болуп алды. Кадимкидей сүрдөй берем. Качан гана музейдин жанындагы акындын эстелигине жакын барып, анын элесине таазим этип, учурашкандан кийин жеңилдей түшөм.

Дайыма ушундай.

Догдурбек ЮСУПОВ, «Кыргыз Туусу» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий