Сүмөлөк тарыхы

Илгертен кыргыздар дүйнөнүн башка элдериндей болуп төрт мезгилдин ар кайсы айларында өздөрүнүн салттуу майрамдарын майрамдап келишкен. Ошол майрамдардын бири — Нооруз.

Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздар да күн түндүн теңелген күнүн жаңы жыл — Нооруз деп белгилешкен.

Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө ар кандай уламалар айтылат. Алсак, алардын биринде: «Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичинде өлүм-житим көп болот. Элдин айласы куруп, самандай сапырылат. Эл тентийт. Тамак сурап чыркыраган балдардын үндөрү басылбайт. Энелеринин айлалары кетип, аргалары түгөнөт. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Мээрман энелер бир ойго келишип, ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым унун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү бир ууч талканын, дагы бирөөлөрү үч-төрт өрүктүн кагын ж.б чогултушат. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей көпчүлүктөн жыйналган тамак-аш чоң казандын жарымынан болот. Ага толтура суу куюлуп, от жагылат. Ал кайнайын деп калганда, чиедей жаш тогуз баласын ээрчитип жесир аял келет. Ал от жагып отурган аялдарга көзүнүн жашын көлдөтүп «Айланайын журтум, казаныңарга кошор эч нерсем жок, мына бул тогуз тоголок таштан башка эч нерсе таппадым, жок дегенде алар тогуз балама ырыскы болуп кошо бышсын», — деп жүз аарчысына ороп келген таштарын таза жууп, «Жараткан Алла таалам калайык калкыма токчулук менен бейпилчиликти алып келсин» — деп казанга салат. Казан боркулдап кайнай баштайт. Ак элечектүү энелер, байбичелер казанды аралаштырган сайын: «Айланайын кудай, ушул көктөм элибизге токчулук менен бак-таалайды алып келсин, журтубуз ачкачылыктан кыйналып кетти, мол түшүмдүн, берекенин, ден соолуктун жылы болсун» дешип тилешет. Табы менен от жагып, казан бүлкүлдөп кайнай берет. Курсактары ачып, чаалыккан балдарынын алды кыңылдап ыйлап жатып уйкуга кетет. Казан таң аппак атып калганча кайнайт. Ага салынган ар түркүн нерселердин буруксуган жыты каңылжарды жарат. Эң бир таттуу, жегиликтүү, токчулук даамданып бышат. Ал жакшылап демделип, суугандан кийин идиштерге салынат. Аны жаш-кары дебей сөөмөйлөрү менен илип жешет. Сүмөлөк бир айга жетет. Калк ачарчылыктан аман калат. Мындай ширелүү, күлазыктуу, касиеттүү тамакты эл Сүмөлөк деп аташат. Ошол жылы элдин тилеги кабыл болуп, жаз токчулукту алып келет. Эгин укмуштуудай чыгып, мол түшүм алынат. Калк токчулукка белчесинен батат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ата-бабаларыбызды ачарчылыктын апаатынан аман сактап калган касиеттүү сүмөлөк — ыйык тамак катары бааланып калат. Кийин ал бара-бара жылды тосуудагы салттуу тамакка айланат.

Кыргыздар Нооруз майрамын чоң салтанат менен өткөрүшчү, ага бир-эки эмес айыл бүткүл кыргыз уруулары катышчу. Тарыхта айтылгандай, Нооруз күндөрүндө согуш токтолуп, уруу аралык кастыктар жоюлуп, эл чыр-чатагын унутуп, таарынгандар элдешкен, жүрөктөргө жылуу сезимдер келген. Нооруз накта элдик майрам болгондуктан, анын өзөгүн элдин байыртадан бери келаткан салт-санаасы, үрп-адаты, оюн-тамашасы түзгөн. Төө ат чабылып, Ат үстүндө түрдүү чеберчиликтер көрсөтүлгөн. Балбандар күрөшкө түшүшүп, көзгө атар мергендердин мелдештери өткөрүлчү. Кечкисин ар түрдүү оюндар уюштурулуп, майрам аябагандай кызыктуу өткөрүлгөн.

Кундуз ИСМАИЛОВА, “Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Сүмөлөк тарыхы: 1 комментарий

Добавить комментарий