Түйшүктү талант менен жеңген

Оң бутунан айрылып 48 жыл ичиндеги өмүрүн жалаң балдак менен өткөзсө да чейрек кылым сот системасында өткөзгөн агабыз Акынбек Күрүчбековду акын катары 50-жылдардын башынан тарта кыргыз окуучулары жакшы билишчү. Ал онго жакын поэтикалык китептерди чыгарып, ойлонуп, иштеп, жар күтүп беш баланы тарбиялап бардыгына жогорку билим алышына шарт түзүп сөздүн толук маанисинде күрөш менен жашап келди. Ооба, ал киши бар болгону улуу жеңиштин 40-жылдыгын тосуп анын 45-жылдыгына жетпей мындан 21 жыл илгери кайткыс сапарга кете берген экен. Ырас, пайгамбар жашына жетип, артына
Жайылган койго көз салып,
Жанбаштап жатсаң сонун да!
— деген сыяктуу кыргыз турмушуна жакын саптарды калтырышы да Акынбек агабыздын мээнеткечтиги менен талант кудурети. Ал киши менен көп жылдар ага-ини, калемдеш катары жүрүп акын агабыз менен далай маектешкендерим күнү бүгүнкүдөй жадымда сакталуу тарат. Ошондой дилдешүүнүн бири мындан чейрек кылым илгери жазылып, Кыргыз радиосунда уктурулуп, ал «Жоокер-акын» деп аталыптыр. Бул эссе баянда жеке эле Акынбек аганын жоокердик сапары, согуш жана тынчтыкка арналган ырларынын жаралыштары жөнүндө кыйла олуттуу ойлор ортого салыныптыр. Сөздүн кыскасы, негизги ой далай кан төгүүлөрдүн, кызыл кыргын, кара сүргүндөрдүн натыйжасы болгон Улуу Жеңишке арналыптыр. Арадан чейрек кылым өтсө да ойлордун эскирбегени көрүнүүдө.

Столумда Эдуардас Межелайтистин «Контрапункт» аттуу лирикалык прозасы жатты. Аны барактай баштайм. Китептин тогузунчу бетине көз жүгүртөм. Анда: «Мен ушул китепти жазып атам, менин бардыктан күчтүү беш манжам. Алардын ар бири өзүнчө изин калтыра берсин. Ал беш бөлүмдөн турсун! Ар бир бөлүмдүн өзүнө таандык милдети бар. Ал китептин ар бир бөлүгүнүн өзүнүн максаты, өзүнүн тагдыр-тарыхы бар». Ооба, акын ырас айтат. Тагдыр-тарыхсыз жарык дүйнөгө эч нерсе көз жарып, эч нерсе келбейт өңдөнбөйбү?!

Акын Акынбек ага менен эртеден бери маектешип отурам. Ал басып өткөн өмүр жолунан кеп салат. Отузунчу жылдардагы балалык кези, майданга аттанышы, андан бир бутунан ажырап Мекенине кайтышы. Согуштан кийинки жылдар…окуу… Юридикалык кызматтар… Аны менен катар ыр жазуу. Турмушта бир орунда токтоо деген болбойт эмеспи?! Мезгил шартына жараша жактырып тапкан кесип боюнча республиканын ар кайсы райондорунда иштөө. Кайрадан ыр жазуу, иш менен бирге поэзиядан ажырабоо. Ал анын учкул сезимине көбүрөөк канат байлаткан бул касиет качан жана кайдан келди? Поэзия аны издеп таптыбы же поэзия үчүн ал түн уйку, күн тынымынан ажырадыбы? Бул алиге акын үчүн ачыла элек сыр сандык. Мен ал кишиге суроолор узатам. Анын ар бирине куштарлана жооп берет. Мейли балалык учуру, мейли мектептеги жылдары, мейли кан кечип согуштагы учуру болсун! Ээй, — дейт өткөн-кеткенди эсине түшүрө, — адам өмүрү бүтүндөй окуялардан, карым-катнаштардан турса керек. Алардын ичинен баары эсинде сакталып калбаса да айрымдары айы, күнү, саатына чейин көз алдында турат. Ал бир азга жанатан улантып келе жаткан аңгемесин тык токтотот. Акындын сезимине аңгыча:
Сеңселген жибек пахтача
Сен көргөн турмуш таптаза.
Мен жеке түтмөк эмесмин
Мекениң кошо бакпаса —
— деген татынакай саптар тартылып өтөт. Баса, акын эң туура жана таамай белгилеген экен деген ойго өзүң келип такаласың. Көп учурларда социалисттик коомдун өзгөчөлүгү жөнүндө ырларды жазганда акындарыбыз кургак мактоолордун туткунунда калышат. Мындай сапат уулуна арнаган Акынбек Күрүчбековдун жогоруда биз келтирген төрт сабында эч байкалбайт. Ал: «Мен жеке түтмөк эмесмин» — деп гана койду. Эми акын жогортодон улантып келе жаткан оюн улам тереңдетип жүрүп отурат…

Жашоодо жол көп ардагым,
Жакканын өзүң тандагын.
Мансапкор жолун жолдойм, — деп
Максатка жетпей калбагын.

Бул саптарда акын үчүн эң башкысы кайсы? Сөзсүз көздөгөн максатка жетүү. Биз келтирген бул саптар бир караган кишиге кургак насаатка толуп, миң ирет кайталанган эски ойлор сыяктуу сезилиши да мүмкүн. Бирок акын ошол ойлорду өзүнчө берүүгө жетише алды. «Аткарып Мекен талабын» аттуу бул поэма жеке гана акындын уулуна кайрылуусу эмес, ал ошону менен бирге бардык жаштарга азыркы учурга кедерги болгондорду кыскача айтуу менен, ага каршы турууга үндөөсү. Бул учурдагы башкы маселелердин бири — тынчтыкты коргоп калуу. Тынчтыкты коргошуу жер шарындагы бир адамдан тартып миллиондордун башын бириктирип турган континенттен континентке кулачын жайып, өзгөчө кийинки чейрек кылымда актуалдуулугун буга чейин болуп көрбөгөн масштабда бийиктөөдө.

Бул ишке да акын каарманын кайдыгер карабоого чакырат:
Ак кептер учкан уяны
Апаатка көзүн кыябы?
Балээден аны сакташкын
Баспасын согуш туягы!
Акын Акынбек Күрүчбеков кан күйгөн согушка катышып, кырк үч жылдан бери бир бутун балдакка алмаштырган киши. Ошондуктан согуштун алааматы менен жүрөктөрдү солк эттирген кара өзгөйлүгүн бирөөлөрдүн жомоктоп айтуусу менен эмес, өз көзү менен көрүп туйган. Ушул себептен ал кандай чыгарма жазып, жашоонун кайсы тармагы жөнүндө сөз козгобосун өсүп-өнүгүүнү тынчтык менен эмгектин кутунан издесе, согушту бардык бактысыздыктын, бардык жоболоңду-жоруктун, мерестиктин өзү деп билет. Андыктан акын:
Согуш десе жанды бейкут койбойсуң,
Солдат болуп кандуу селди бойлойсуң.
Үйдөн кетип, кемерлерге баш катып,
Үңкүрлөргө жыландарча сойлойсуң,
десе, анын каршысына жаз күнүндө жадырай тиктеген тынчтык керемети:
Тынчтык болсо турмуш жайын ойлойсуң,
Тыныгасың, жан сергитип ойнойсуң.
Жаратылыш жакшынакай көрүнүп
Жашоолордун жагымына тойбойсуң.

«Бул китепти жазып жаткан өзүмдүн эң күчтүү беш манжам. Мейли, алардын ар бири өзүнүн изин калтыра берсин. Мейли, ал беш главадан турсун! Ар бир манжанын өзүнө тиешелүү милдети бар. Бул китептин ар главасына ар башка милдет жүктөлөт, өзүнүн тарыхы ага кошумча». Ооба, акын эң туура айткан экен, дейм ичимден, «Контрапункттагы» Литва акынынын саптарын эстеп.

Биздин эртеден бери уланып келе жаткан маектешүүбүз, суроо-жоопторубуз дагы жаңданат. Акынбек ага чачылып жаткан көп кагаздардын ичинен дагы бирөөнү издеп табат. Ал жылмая мурдагы эле калыбында сөзүн улайт. — Мени, — дейт ал, — ыр жазууну кечээ 60-жылдардын аралыгында гана баштагандардын биринен деп айрымдар эсептеп жүрүшөт. Ыр жазуу түйшүгүнө эртелеп эле киришкем. Ырас, башында көпчүлүгү сүйүү темасына арналчу эле. Анда кырчын талдай солкулдаган жаш кезим. «Жаш кезек жайдын күнүндөй» — деген акын ыры сымал, отузунчу жылдардагы кыргыз акындары Жусуп Турусбековдун, Жоомарт Бөкөнбаевдин, Аалы Токобаевдин газета-журналдарга чыккан ырларын жатка айтар элек.

«Кыргыз руху» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий