Төрөгелди баатырдын жазма ташы

Мен бул таш жөнүндө Төрөгелдинин айылынан, азыркыча Молдо Кылыч айылынан 1987-жылдын 26-сентябрында Көчкөнбаев Шаршен карыядан уккан элем. Арадан 12 жыл толук «зуу» деп, 1999-жылдын 29-октябрында барганымда а кишинин сүйлөшө турган алда эмес экенин (90 жашта) көрдүм.

Төлөгөн устанын таржымалын сурап, ушул эле айылдык Жунушов Жолдош карыянын үйүнө киргенимде, сөз арасында ташты эскертсем, а киши булкуна түштү: «Билбей анан! Э, аны менден жакшы билген киши жок. Нарынкул Оподон окуп жүрүп, каникулга бир келгенинде кара таштын бетине оюп жазган экен деп мага Зайнидин айткан. «Куту» деген колоттун ичинде! Никелейский жазуусу бар чоң кара таш, алачыктай бар го».

А күнү Жолдош карыяныкына даңазалуу таш үчүн түнөп калдым. Карыя сөз чуркатып отурду: — Атайы мени издеп келсең, атаң менден кичүү, кичүү да болсо жаным теңтуш, курбу эле. «Анжиандан Арпага келип бир сөөк тиштебедим» деп бир ит арман кылат дейт. Анын сыңары апаң-атаңды, таяке-тайыңды таанысам, бир сыяпатка жарабады дебейсиңби, алдыңдагыдан ала отур, келип-кетип жүр. Эрге сыпайгерчилик деген. «Эрдин атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши». Эрден эрдин неси артык? Эп келтирген сөзү артык. Менин айткан сөзүм түгөнүп калбайт. Мен арыктап калбайм. Сөздү сөз тууйт. Сурай эле бер. Сөөгүм — чагалдак. Ата-бабам Ат-Башы, Нарындан келиптир. «О, Төрөгелди баатыр, ай, Аккызыл келе жатыр, ай!» деп сүйүнчүлөп сурнайын сүйлөтүп тарткан менин чоң атам Жангазы сурнайчы болгон. Анын атасы Найман деген сурнайчы Кененсары-Норузбайдын кыргызга чабуулунда Ормондун өз сурнайчысы болуп, маңырата сурнай тартып турган. Кийин Ормон менен таарыныша түшүп, «сен мага ушинтмек белең?» деп Найман Нарынга он бештей түтүнү менен көчө жөнөйт. Сары-Булакка жеткенинде «Аккызылым тартуу, Найман ата!..» деп Төрөгелди баатыр артынан куба барып токтотуп калган экен.

…Сексен бирге кетсе да шайдоот, какайып басып, дасторкондогу сары майдан салып, нан туурап, «жолго кубат болот» деп нык наар алып, сөздү да коштой узатып, бакыбат олтурган Жолдош карыяга тан бере карадым. Өзүм чайды кыбыр ичип олтурдум. Чайдан соң Калыйбек «тоодо жүрө албайсыз, алдагы бутуңуз эми эле түшүп калат» деп өзүнүн эски кыркынчы резина өтүгүн бутума коңултак салдыртты. Жолдош карыя экөөбүзгө эки көлүктү Акыл жана Бектур дегендерден таап келип мингизди. Күн мелмилдеп ачык. Менин көлүгүм баспайбы, же өзүм жумшакмынбы, теминсем да жол тулаңын ирмей берип, артта калып барам. Сөзүмдү артта калбай толук уксун дедиби, карыя кайрылып, «чөптөн өлүп калганбы» деп, эпеңдетип айдап алды. Карыянын ыкчамдыгына, эс-акылдуу касиетине дагы да баа бердим. Боштугума ыза болуп, чыйралдым. Шыбак буруксуган тоо коктусун бир топ өрдөп келгенде: — Балам, мына эми келдик. Мен көрүп жүргөн көңүлдөгү таш ушу болуу керек эле. Түшө калып, жакшылап баамдачы. Оң жол бергиси бардыр! — деп, маңдайдагы чакан алачыктай тайпак кара ташты камчы менен жаңдады. Алаңдай, суксурула карадым. Чулу таштын жылма бетинен жаасын текеге карай чоюп, тайганын айдактап турган мергендин, анан жабыраган текелердин гана жылдызданган сүрөттөрүн таасын көрдүм. Жазуу жок. Ындыным өчө түштү. — Жок тура, аксакал… Кетелик эми.

— Эп, балам ай, жок бекен? Мен ушулбу деп боолголодум эле. Анда бобу өйдөтө дагы бир ушундай таш боло турган. Жазуусу бар-жогун так билбей турам, ага да тие өтөлүбү?
— Кете эле берели…
— Ойлончу?..
— Аныңыз эми канча алыстыкта?
— Э, балам, бул эле жерде. Түш оой берсин, «атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны». Биз дайыма эле келип жаттык беле, болсо болоор, болбосо жок. Мен болсо «ит бекер», бара кетели шашпасаң, биздин эмнебиз коромок.

Катар бастырып жөнөй бердик. Карыя сөз учугун кайрадан улады: — Ээ, балам, менден башка киши мобу Кара-Тоого жөө чуркап чыга албайт. Аз эле убак болду, бобу көлүккө коно калганыма. Мен жаштайыман көнгөм. Тыягы Суусамырдын Үйгөн-Таш, быягы Чаектин Кабак жагы Миң-Теке, карасаң тебетей түшөт, бийик зоо өзү. Чирик мүйүз теке ошондо! Чыгышы — Кеминдин башы Көк-Ойрок, Алма, Арашан. Ошонун баарын жөө кыдырып жүргөн — мен. Алма, Арашанды ашканда Алматынын как шилисинен чыгат! Мергенчилик эң эле кызык экен. Анын артынан түшсөң оокатка карабайсың. Кайберенден мен жебеген эти калбады. Аюунун эти шумдук! Адегенде бир бур-р деген жыты бар экен, төөнүн колоңсосу жыттанган. Жылда мен капкан салып, тузак тартып, жанагы кудай урган балдарды багып жүрчүмүн. Эми пенсия менен деле ишим жок, жанагы келин барып алат, өзү билет. Мага эмне, эртең менен, кечкисин ысык тамагын бере коюп турса болду да. Талашпайм. Оокат ошолордуку.

Анан, дагы бир, биз Кара уста дечүбүз, өз аты Ишенбай. Кулагы менен уккан — калп, көз менен көргөн — чын дейт. Көргөнүм — ал да ааламда жок кыйындын бири экен, туюк сүмбө темирдин ичин бурап оюп сай чыгарып, мылтык соккон. Кыйын усанчу. Мергенчиден мен көргөндөн — Матаалыдан кыйынды билбейм. Өзү Ленин ордени менен сыйланган. Андан өткөндү көрбөдүм да, укпадым. Аюу аткан Бөрсө менен да тааныш-билиш болдум. Согуштун кан күйүп турган убагында Жаңы-Алыштык Нааматбек устага балкачы болдум. Ошондон «брон» алып, согушка барбай калдым. Анан анын тили менен охотчу болдум. Мен андан зор уста да болгонум жок, андай зор устаны кыргыздан көрбөдүм. Нааматбек кармаганда, жүзү курусун, чорт сынган кылычты жигин билгизбей ширеткен! Колхоздогу элдин майда-баратынан, темир комузунан тегирмен, сокосуна чейин мына ошо өзү кармап турду.

Санжырачыдан урук кууп, Адам Атага жеткире сүргөн, кыргызды кырк урууга кылт дедирбей тараткан, Үркөрдүн батканын, текенин чуркаганын билген Кангелдиден өткөндү укпадым. Арык санжырачы өзү төлөк уулу, саяк эле, ошо Кангелдиден жат алып үйрөнүп сүйлөгөн. Мына буларды көргөм. Суранчынын ашында «Тоодой болгон Оторду, томуктай Торсо которду! Саяктардын балбаны, камгакча жок салмагы. Сарбагыштын балбаны — коргошундай салмагы!» — деп, ортоктук Мейиз деген аял ырдаган. Катындан Мейиздей эч жан чыкпайт. Куйручук ызалана түшкөнбү, кирип барып аны чачтан алып булккан. Эркек эмес, аял экенин көргөндөн кийин тым болуп кайта чыккан экен. Болбосо, чыр чыгармак го. Эр сайыш ошо Суранчынын ашынан кийин болбой калды. Ошо акыркы чоң аш болду.

Комузчу, кыякчы, күүчү, тайган агытып, куш салган, таранчыны тапка келтирген — Кудайберген! Кудайбергенден киши өтпөйт. Анын шакирттери — Мисиркан менен Самсаалы болду. «Сынган Бугу», «Шылдырама» күүлөрү Кудайбергендики болчу. Аны Карамолдого жамап алышты. Карамолдо 12 жашында келип Кукемен күү үйрөнгөн. Манаптын тукуму деген жарлык кесепет болбодубу. Сүйлөбөй, купшуңдабай, ойкуштабай, зыңгырап калбаат черткен Самсаалы менен Мисиркан да четте калышты…

Сөз кызуусу менен аңгыча кокту ичинде таштары кызыл чай басып кеткен таш короого да кирип келдик. Алачыктай калдайган үч-төрт таш коктуда чорбоет.

— Мобунусун, аркысын жакшылап кара, шашылбай. Муну «Обозбектин таш короосу» деп коет. Төрөгелдинин Чоткарасынан Жакып ажы менен Абийир. Жакыбынан Абазбек, Осмонбек, Обозбек, Төлөбек, Акмат, Аман, Шарып, Шакиржан дегендер болгон. Обозбегинин таш короосу — ушул.

Жолдош карыя лып ыргып түшүп, менин колуман чылбырды негедир шашыла алып, көлүктөрдү адатынча куш байлоо кыла салды. Көзүм ымыр-чымыр. Көз жатыркап калган экен, азга көнбөй турдум. Чийиндер, анан бат эле арап жазуусу жадырай түштү. Сөз арасынан адегенде «Төрөкелди», анан «Абайылда уулу» дегенди окудум. Мына, 12 жылдан бери ойдо жүргөн таш! Таш бетине кагаз коюп, копировка ала баштадым. «Шашылба, мен жолтоо болбоюн» деп карыя басып кетти…

Бешимде Калыйбектин үйүнө кайра кайттык.

Бат эле кыштак аралап калдык. Көлүктөр тоюп алып, ылдыйлата ыкчам келди. Калыйбек казан толтура майлуу кесме тамагын даярдатып коюп, эшигинде күтүп карап туруптур. Лыкыя тоюп алдык. Бурул эжебиз жол болгонго кытылдап сүйүнүп отурду. Буту ооруйбу, көрпөдөн чулгана отурган а кишиге «Атаңыз Молдо Кылыч кимиңерге окшош эле?» деп суроо узаттым.

— «Алты кыздын ичинде айланайын аш катык» делген Тобокелге жаман окшош дешчү, куюп койгондой эле өзү дечү. Тобокел туура 31 жаш курагында, 1943-жылдын декабрында согушка кеткен. Атамдын кулагы делдегей экен, мурундарыбыз эле окшош. Алымбүбү эжекем айтчу, «баарыбыз эле атама окшош экенбиз» деп. Ал эми, ошо Тобокелден жалгыз туяк Мукаш (Муканбетжан — 1940-жыл) энеси Аныйпанын (1919-жыл) эле көчүрмөсү, өзү. Мына, мени багып турган ошо Мукаштын он баласынын бири, кагылайын — Калыйбек (1969-жыл).

Жолдош карыя Молдо Кылычка, анын ата-тегине эми эле өлгөндөй созултуп куран окуп, бата түшүрдү да, Калыйбекке кайрылды: — Э, Калыйбек балам, мынча сый кылдың, мындан сен кемип калбайсың. Чоң атаңа, жалпы кыргызга кызмат кылалы дедик. Сенин да мынча элеп-желеп болууңдун жөнү бар. Атанын баласысың. Кар жилигин сыйа атса, кайышпайт кайберендин баласы. Кем болбо! Төп жүр. Баары пейлиңден болот.

— Жок, аксакал, кайра мен сүйүнүп атса!.. — деди, жалпаңдап Калыйбек иним.

Арап жазуусун ошол жерде окуп бердим. «1875-жылы 67 жашында упат болду, Төрөкелди Абайылда уулу. Сапар айда. (Жазган) Акмат Жакып уулу. Илаа Алла, Мухаммед расул Алла. 1924-жылы». Болгону ушу.

«Кыргыз тарыхы» (Фрунзе, 1990. 175-б.), «Нарын облусу» (Бишкек, 1998. 381-б.) деген энциклопедия китептеринде тарыхый инсан Төрөгелди Абайылда уулу болжолдуу 1798-1868-жылдары жашап өткөндөй билдирилет. Мен башка да маалыматтардан Төрөгелдинин өмүр датасы — 1798-1867, 1899-1868, 1798-1870, 1811-1878 болуп көрсөтүлгөнүн байкап жүрчүмүн. Бул, ташка атайылап оюп жазылган, өзүнүн көздөй тукуму жазган таштагы кабар дагы да тактык киргизет деген ойдобуз. Таштын кийинки бир сүрөтүн, жазуунун өзүн карап көрүңүздөр.

Ушул жерде Жунушов Жолдош карыя (1919) тууралуу маалымат кыстара кетпесем болбос. Анын узун өмүрүнөн чолуп гана бердик. Жунуштан Жолдош, Ажыбек, Кадырбек, Каамытбек, Касымбек, Калыбек, анан жетинчиси кыз — Сыяке. Булардын ичинен Жунушов Касымбек — Союз учурунда атактуу чабан болуп, эки жолу Ленин орденин алып, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына жеткен. Жолдош аксакал 1942-жылы сентябрда жумушчу батольонуна жөнөтүлүп, андан бат эле кайтып келип, айылда устачылыкка аралашкан. Чолпон районунда тубар кой, ирик, анан 1954-1957-жылдары тубар жылкы, 1957-1960-жылдары тубар уй, субай уй баккан. Чарба малын багып, 1984-жылга чейин иштеп келген. Мага жолуккандан көп узабай, 2000-жылы көзү өтүп кетти. Азыр уулу Эмил ата очогунда түтүн булатып отурат. Карыяны эскере кеткен ушул макала ага болгон сыйым, урматым, баам болмокчу. Кайран кагелес карыя, тилинен, дилинен адамдарга жарык нур сээп турчу эле!..

КАБЫЛБЕК ЖУМАБЕКОВ НАРЫН ОБЛУСУ,
“Zaman-Кыргызстиан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий