Догдурбек Кыдыралиев, КРнын эмгек сиңирген артисти: «Кожожаштын ролу күтүүсүз берилип …»

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Келинди карагандай…
«Кайда барып сүйлөшүп алсак?» деп Океев мени карап калды. Мен токтолбостон «Ресторанга баралы» дедим да, жаныбыздагы ресторанды көргөздүм. Дагы эле сыйлай койсом деп турам. Анда Төкөм мага карап, «Билесиңби Доха, ресторанда киши сүйлөшпөйт. Ал жерде тамак ичет… Бул суукта көчөдө турганыбыз болбойт. Андан көрө такси карма да, жатаканаңа алпар. Ошол жерде сүйлөшүп алалы» деди. Шуулдаган тейде жатаканага жеттик. Бөлмөнүн эшигин ачып, Төкөмдү төргө өтүүсүн сурандым. Босогодо, бөлмөнүн жасалгалоосун, ар жак-бер жакты көпкө карап туруп калды. Берки Скрыльников болсо эбак эле өтүп отуруп алган. Бир топтон кийин барып, «эми өтсөм болот» деди. Бирок, дале менден көзүн албай карап атат. Келинди карагандай карайт экен жарыктык киши. Уялып, сүрдөп атам. Чогуу жашаган казак жигит картошка арчып, тамак жасап кирди. Мен болсом чай коюп, ары-бери чуркап жүрөм.

Шарактап вино ичкен сүрөт
Бир канча убакыттан кийин, «Доха, эми мени кара! Биз жөн келген жокпуз. Менин режиссер экенимди билесиң. «Кожожаш» жөнүндө кино тартайын деп атам. Ошого негизги каарманды издеп жүрөбүз» деди. Менин жүрөгүм «шуу» дей түштү. Апкаарып да кеттим. Дене-боюм дүркүрөп. «Төкө, мен жарабайм. Актердук шыгым жок» деп жибердим. «Ой, биз сени азыр эле тарта коебуз деген жокпуз. Фотопроба, кинопроба деген сынактар бар. Алардан өткөндөн кийин барып» деди. Эмне дээримди билбей, ойлонуп калдым да, дагы айттым: «Жок, мен жарабайм. Былтыр, бул жерден Баталовдун актерлук курсун бүткөн менден мыкты балдар бар. Ошолорду карап көрбөйсүзбү?» дегенче, «аларды карадым, карап атам. Андан көрө сүрөт альбомуң барбы?» деди. Тердеп-кургап жаман болдум. Атактуу режиссер киного тартам деп атса. Коерго жанымды жер таппай, альбомду сундум. Анын ичинде чачым узун, кыздарды кучактаган, шарактап вино ичип аткан сүрөттөрдү көрүп баштаганда, уялганымдан эшикке атып чыктым. Каалганын тешигинен карасам, альбомго үңүлүп алган. Бир маалда кайра чакырды. Колуна альбомго бекем чапталган, чачым далыдан келген сүрөтүмдү көргөзүп, «бизге ушу сүрөтүң жакты» деди. Мен «алыңыз» деп, колума тийген кайчыны кармата салдым. А киши кыртылдатып кыркып атып, араң дегенде чыгарды. Артына боюмду, курагымды, чачымды, анан өзүмдү дагы жазды, эмне менен шугулданарымды. Коштошуп атып, «кышкы каникулга барарың менен мага сөзсүз жолук. Киностудияда болом» деди.

Жолукпай кете берсемби?
15 күндөн кийин Фрунзеге учуп келдим. Каникулга. Төкөм айткандай киностудияга бардым. Сураштырып, кинонун экинчи режиссеру Темир Дүйшекеев агабызга жолуксам, Океев Москвага кеткенин жана 3 күндөн кийин келерин айтты. Карап отурамбы, ал күндөрдү күтпөстөн, кичи мекеним Ысык-Көлгө кетип калдым. Атам аябай сагыныптыр. Экөөбүз ат минип алып, аңчылыкка чыгып кеттик. Кыр-кырды, белес ашып. Кадимкидей тоо-ташта, үңкүрлөрдө конуп-түнөп. Ооруп калдым. Суук тийиптир. Апам дарылап, ысык сүткө май сапырып берип, тамагыма компресс коет. Үнүм чыкпай кырылдап калгам. Баягы үч күн дегени он күнгө созулуп кетти. Кичине жакшы болуп, Фрунзеге чыгарда атама айттым. «Мени киного чакырып атат» десем, а киши сүйүнүп кетти. «Кудай жалгасын. Чакырса бар. Болгон дараметиңди көрсөт» деди. Келгениме эки жума дегенде кайра кайттым. Фрунзеге келип, «Төлөмүш байкеме жолукпай эле кете берсемби?» деп ойлодум. «Кыргызчылык» да. Кырдаалга анча маани бербей жатам. Киного тартылуу дегенди элес албай. Бирок, кантсе да атамдын бир сөзүн эстеп, киностудияга бардым.

Аңчылыкка чыктым деп айтпай
Мен баргыча Төкөм шаар ичинин чаңын сапырып ийиптир. «Хулиган бала кайда кетти» деп. Көркөм окуу (ФХУ) жайга барыптыр. Москвадан келгенде ал жакка барган эмесмин. Берки жатаканасындагы, кыз-балдардын чаң-будуңун чыгарып кеткем. Ошентип киностудияны баш бакканда эле тааныбаган бир киши, «сен Дохасыңбы? Океев издеп атпайбы. Сени өлтүрөт» деди. Аңгыча, Темир Дүйшекеев агай жолугуп калды. А киши да мени кармап алып, «кайда жүрөсүң? Кайда кетип калдың? 3 күндөн кийин келем дебедиң беле?» деп, Төкөм бакылдап аткан кабинетке жетелеп келди. Мен өзүмчө корко баштадым. Муун-жүүнүмдү калтырак басып. Эшикти ачсам, ичинде толтура кишилер отуруптур. Коркконумдан төрдөгү кишиме түз барбай, чекесинде отургандарга салам айтып кирдим. Жайбаракат. Саламым менен жүрүп отуруп Төкөмө жеткенде, колду шарт кармады да «Ай Догдурбек, кел азыр сүйлөшүп алалы. Кинодо үч катуу талап бар: биринчиси — кечикпе. Айткан убакта так келип жүр. Экинчиси — алдаба. Үчүнчүсү — тапшырманы так аткар!.. Эмне үнүң чыкпайт?» деди. Актана баштадым. Аңчылыкка чыктым деп айтпай, «айылдан лыжа тээп» дегиче, «кыргыз лыжа тепчү беле?! Бул — блатной бала. Муну убакыт коротпой кийинтип көрөлү» деп, Абды Мусаев деген кинонун художник-постановщигине тапшырды.

«Мышык көз кылып…»
Муса агай мени ээрчитип, эшикке чыкканда кейип алган. «Жок дегенде сен жарап калсаң экен. Тажадым, Кожожашты таппай атышат. Бул жерде окуган студент жана актерлордун баарын кийинте берип» деп… Булгары кийимдерди кийинтти. Маңдайымдагы чоң күзгүдөн карап, өзүмдү такыр тааныбай калдым. Кийим адамды өзгөртөт экен. Ээрчишип кайра келдик. Баягы кабинетте мени көрөбүз деген адамдардын саны көбөйүп кетиптир. Арасында Дооронбек Садырбаев, Нуртай Борбиевдер бар. Төкөм мени көрүп, ордунан тура калды. «Мына, эми келишкен турбайбы» деп ары айлантып, бери айлантып, башка кийимдерден да кийгизип, суктангансып карап атты. Беркилердин талоонунда калдым. Көрүнгөнү чукулап, кармалап атышат. Элдиреп, өзүмдү жоготуп койдум. Дооронбек агама жактым. Нуртай байке мени бир карап, «көзүн мышык көз кылып тарттырып көрбөйлүбү?» деди эле аны жаратпай коюшту. Анысы жаман экен. Чачтын арасына көздүн кычыгынан чойдуруп чаптап, гримдеп. Киши көпкө чыдагыдай эмес. Анан ал жерден фотопробага алып жөнөштү.

«…жо-опа» деп айтып салды
Атайын дасыккан фотографты даярдаптыр. Бүт светтерди жаркыратып күйгүзүп коюшкан. Таштын үстүнө жанагы тери кийимдер менен отургузуп, тургузуп, мылтык асынтып ар түрдүү кылып тартты. Ачка болуп аткан жерин окшоштура албай аткам. Аны Төкөм, студенттик ачка болгон күндү элестеттирип атып, ал жерин да окшоштурдук. Эң кыйыны, каткырып күлгөн сүрөтүбүз ишке ашпай туруп алды. Андай күлөм, мындай күлөм, тишимди көрсөтүп күлөм, такыр жарабайт десең. Анекдоттон айтып көрдү, болбой койду. Тажады. Жарым саатча алпуруштук. Акырында Төкөм сүрөтчүгө кайрылып, «артыма туруп даярданып тур! Мен азыр бир сөз айтам. Доха күлөт, каткырып күлөт. Ошондо шак эттире тартып кал. Даярсыңбы?» деди. Жаныма отургучка бет маңдай минип келип, анан «жо-опа» деп үнүн катуу чыгарып, айтып салды. Чындап эле каткырып ийдим. Ушундай салабаттуу киши уят сөз айтып атса, жан чыдагыдай эмес. Көзүмдөн жаш чыккыча каткырып күлдүм… Эртеси келсем менин сүрөттөрүмдү көрүп, жактырышып, фотопробадан өткөнүмдү айтышты.

Кыйкырып, кыйкырып алдым
Жарым жылдан кийин, май айында кинопробага келдим. Анысы да кызык неме экен. Төкөм бир кичнекей эпизодун түшүндүрүп, тартмак болуп атат. Сөзү мындай: «Касен, сен мени саттың. Акмаксың. Өлөсүң!» Болду, мындан башка сөз жок. Камера тарта баштайт. Касен экөөбүз кылыч менен чабышып келип, кылычты ээкке такап, «Касен, сен мени саттың. Акмаксың» дейм. Андан аркы «өлөсүң» деген сөзүн унутуп калам. Кашайып. 14-15 жолу кайталадык. Байкуш Төкөм, «сто-ооп камера, кана, «өлөсүң» деген сөзүң? Ай Доха, эгер кыргызча эстей албасаң, запомни «умрешь» скажи» дейт чыйпылыктап. Камеранын сүрү жаман экен. Жанагы сөздү айтаарда, дырылдап, бетиме жакын келип калат. Тиштеп алчудай качып, жалтактап калам. Пленкалар кетип атат. Кожожаш болом деген талапкерлер ичинен жыргап атышат. «Дохасы ойной албай калса экен» деп. Ошону менен түшкү тамакка ашканага келдик. Төкөм экөөбүз бир столдо тамак жеп атканда «Доха, сен камерадан сүрдөп атасың. Билип атам. Кыймыл-аракетиң сонун. Эң негизгиси, сен үчүн камера жок! Түшүндүңбү?» деди. Айткандарынын баарын эске тутуп, ойлонуп калдым. Тигилер түштөнүүдөн келгиче обочодо бактын жанына барып алып, кыйкырып, кыйкырып бир сыйра ойноп алдым. Кийинки кинопробада эпизодду катыра ойнодум. Төкөмө абдан жакты. Кубанып калды.

Дене-башым кыбырап «ойгонуп кетет»
Эртеси сүйүү темасын ойной турган болдум. Кожожаштар тизилип турабыз. Менден башташты. Бозүйгө чечинтип плавкачан жаткызып коюшту. Үстүмө терилерден жаап. Баары тегеректеп карап турушат. Зулайкадан эле он чакты. Төкөм мага карап, «сен Зулайка менен 20 жылдай чогуу жашагансың. Кулк мүнөзүн, кыял-жоругун жатка билесиң. Анын көз-караштары сага тааныш. Эч тартынбай ойногун. Макулбу?» деди. Зулайканы ойногондордун көбү профессионалдар экен. Улам бир Зулайканы койнума салып иет. Жат десе жата калышат. Кучакта десе кучактап, жыттагылап ийишет. Ошенткен сайын дене-башым кыбырап, «ойгонуп кетет». Өтө эле чоң сыноо болду. Бир маалда Төкөм » Доха, Зулайканы кучактап, башын өзүңө буруп, жыттап кой» деди. Мындай карасаң оңой эле өңдөнгөнсүйт. Камераны иштетет. Зулайканы кучактайм. Башын бери бурганда эле жаман болуп кетем. Дене-башым дүркүрөп. Өзүмдү жоготуп. Чынын айтыш керек. Мен сүйүү темасын ойной албай койдум. Аны Төкөм да «сүйүүгө жок экенсиң» деп баса белгилеп айтты. Кинопробасы кийинки күнү уланды. Биринчи күнү мени сынаган болсо, эртеси Зулайканы сынашты. Кайра жаткырышты. Бир жашы, бир картаңыраагы менен жатып чыктым. Кинопробанын аягына чыктык. Ошентип, мага Кожожаштын ролу күтүүсүздөн берилип калды.

Сурат Жылкычиев, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы») 25.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий