КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВ: «Таланттууларды талантсыздар атайын жайлайт»

Маданият агенттигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВ менен өзүнүн чыгармачылык жолу, азыркы театрлардын абалы тууралуу кеп козгодук. Эскерте кетсек, Марат мырза учурунда сахнанын көркүн ачып далай спектаклдерде баш каармандарды жаратса, тасмада «Каракыз», «Тыянак», «Метаморфоза», «Жаннат» жана башка кыргыз сериалдарына тартылган. Көралбастык, ичи тардык, ушак менен иши жок Марат мырзанын сыр сандыгына назар салыңыз, окурман.

— Алгач сөзүбүздү сиздин чыгармачылык жолуңуздан баштасак?
Мектепте 6-класста окуп жүргөндөн бери эле ырдай баштадым. Үнүм да бийик эле. Бирок, 8-класста окуп жүргөндө үнүмдү бузуп алып, ошондон кийин көп ырдай албай калдым. Калый Молдобасанов тажездем эле. 7-классты бүтүп Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырам деп келсем, ал мени ырдатып көрдү. Көрсө, музыкалык (слух) жөндөмүм жок экен. Мени хореографиялык окуу жайга алып барса, ага да жарабайт экем. Ошентип кайра айылга кеттим. Артист болом деп жүргөнүм менен мектепти аяктагандан кийин университеттин экономика факультетине өттүм. Бирок, ошол кезде университеттен деле кружокторго катышып ырдап жүрдүм. Окууну бүтөрүмө эки жыл калганда аны таштап, Москвага ГИТИСке өтүп кеттим. Бизге сабак берген мугалимдердин баары күчтүү эле. Атактуу Тихонов, Мордюкова сыяктуу артисттерди чыгарган мугалимдер биздин курсту да окутту. Ошол кездеги биздин курсташтар да абдан күчтүү, кыйын чыгышты. Биздин курстан Гүлсара Ажыбекова, Дүйшөн Байдөбөтов, Гүлайым Каниметова, Назира Мамбетова, Жамиля Сыдыкбаева, Акылбек Абдыкалыков, Токтобек Сатаров, мен эл артисттери болдук. Андан сырткары, 11-12ге жакын эмгек сиңирген артисттер бар. ГИТИСти 1972-жылы бүтүп, баарыбыз Ош драма театрына келдик.

Чыгармачылыкта ойлогон максатыңызга жетип, кыялдагы ролдорду ойной алдыңызбы?
Чыгармачылыкта арман болгон жок. Бардык жагынан жолдуу болдум. Жашоомдо залкар режиссер Искендер Рыскуловго жолугуп, аны менен көп иштедим. Сахнада ойногон чоң спектаклдеримдин көбүн ушул Искендер Рыскулов койгон эле. Мисалы, 27 жашымда Ч.Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Момун чалды ойнодум. Бул чыгарма ошондо биринчи жолу сахнага коюлган. 27-28 жашымда Горькийдин чыгармаларында, андан кийин Пушкиндин образын жаратып, чакан трагедияларда ойнодум. Кийинчерээк Гоголдун чыгармаларындагы баш каарманды, андан кийин Шекспирдин Гамлетин жараттым. 33 жашымда Ричард IIIтү ойнодум. Ричард IIIкө Москвада окуп жүргөндө эле абдан кызыкчумун. Чет элдик театрдан сабак берген кыйын мугалим бар эле, лексияны жомоктогудай окучу. Ошондон улам Ричардды ойносом деген мүдөө болгон. 1973-жылы тун уулум төрөлүп, Фрунзеден мага телефон чалып сүйүнчүлөп, атын ким коелу десе, Ричард койгула дегем. Апам «кайдагы Ричард, кыргыздын эле атын коебуз» деп Нурлан койгон. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча көп спектаклдерди ойнодум. Балким чыгармачылыгымда Искендер Рыскуловго жолукпасам мынчалык чоң ролдорду ойноп, мындай артист болбойт белем деп кээде ойлоп калам. Албетте, өзүмдүн да аракетим, тырышчаактыгым болсо керек. Экөөбүз дос элек. 1984-жылы И.Рыскулов Ош театрынан бул жактагы академиялык театрга которуп келди. Бул жерде чогуу алты жыл иштештик.

Сахнада чоң ролдорду, образдарды жараткан экенсиз, бирок, кино жаатында сизди көп көралган жокпуз…
Чыгармачылыгымда жетпей калган роль болгон жок. Кино жаатына кечирээк келип калдым. Себеби, учурунда Ошто жүрүп калдык, агезде мамлекеттик планды аткаруу үчүн чоң спектаклдер менен гастролго чыгып, башкы ролду ойногонго киного тартылууга жиберчү эмес. Анүстүнө мени артисттердин жетекчиси кылып койчу. Киного тартылбай калдым деп өкүнбөйм деле. Себеби мен сахнадан актер катары калыптандым, такшалдым. Кино жаатына келгенде мен сыйлаган режиссерлордун бири Геннадий Базаровго жолуктум. Учурунда Искендер Рыскулов койгон спектаклдерде жалаң оор ролдорду ойносом, кийин кинодо да ошондой оор образдарды жаратканыма таңгалам. Тасмада роль аткарып атып, эмнени ойноп атканымды түшүнчү эмесмин. Кийин убакыт өткөндө гана түшүндүм. Адамдын ой жүгүртүүсү, айтайын деген ою эки-үч жылдан кийин келет экен. Мисалы, «Тыянак» тасмасын эки жылдан кийин көрүп, анан түшүндүм.

Чыгармачыл адамдардын жашоосунда көралбастык, ичи тардык көп кездешет. Сизде ушундай жагымсыз кырдаалдар болду беле?
Москвадан бүтүп келгенде эле баарыбыз бир театрда иштеп калдык. Андай нерсени билген жокмун. Фрунзеге келгенде гана көралбастыкты көрдүм. Адамда Кудай берген талант болот. Аны кандай көралбастык кылсаң да тартып алалбайсың. Мисалы, Таттыбүбү Турсунбаева, Советбек Жумадылов көралбастык дегенди билишчү эмес. Ал эми театрга капысынан келгендер көралбастык кылып, карыганга чейин иштеп, мен баланча убакыт иштегем, наам бербейсиң деп догурунушат. Чыныгы талант эч качан бирөөгө жамандык издебейт, арыз да жазбайт. Таза таланттар эрте көз жумуп алганы ошондон. Буларды талантсыздар атайын жайлайт. Мен көралбастык, ушак, ичи тардык деген нерселерге көңүл бурбайм. Менин үч уулум бар. Бирок бирөөнү да артист кылган жокмун. Себеби бул абдан оор кесип. Актер болсоң күчтүү, таланттуу, өз ордуңду билишиң керек. Эгер сабатсыз, чала талант болсо жанагы көралбастардын катарына кошулат. Өмүр бою өзүн-өзү жемелейт. Тигил эмне үчүн чоң ролду ойнойт, мен эмне үчүн ойной албайм деп. Ошентип, алар Кудай берген таланттуу адамдардын астын каза баштайт. Дилбардан эки кызым бар. Аларды да артисттикке бербейм. Кичинекей кызымдын тили таттуу, мүмкүн ал журналист болор.

Чүй театрынын негиздөө-чүлөрүнүн бири, алгачкы жетекчиси элеңиз. Учурда театр иштебей, артисттери бош жүрүшөт. Буга не дейсиз?
Чүй театрын жети жыл жетектедим. Бул жерде объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Бирок, менин курсташым А.Абдыкалыков таарынбастыр. Бул жерден жетекчинин ишти уюштуруусу, артисттерди иштетүүсү керек эле. Акылбек Абдыкалыков азыр киного тартылып, режиссерлук кылып, искусство институтунда да сабак берет. Мен ага театрды иштетпесең башкага бербейсиңби дегем. Эми аны өзү чечет да. Мен деле Караколдогу театрды жаштарга өткөрүп берип келдим.

Артисттерге эң негизгиси сахнада роль ойноо эмеспи. Сахнада роль ойноп жүрүп кантип облустук театрга жетекчи болуп калдыңыз?
Кыргыз академиялык театрдан Чүй облустук театрга жетекчи болуп кетүүмдүн себеби, өзүмдү-өзүм сын көз караш менен карасам, жараткан образдарым штамп болуп баратканы билинди. Чыгармачылыкта штамп деген жаман. Калыпка түшүп, бир ролдон экинчи ролго көчүп кете берет. Ошондон улам Чүй театрына бардым. Ал жерден биртоп спектаклдер коюлду, өзүм да роль ойнодум. Кийинчерээк Караколдогу театрды жетектеп, ал жерден да бир-эки роль жараттым. Сахнага чыгалегиме үч жыл болуп калды. Азыр да роль ойногонго активдүү күчүм бар деп ойлойм.

Сиз барганга чейин Каракол театрына да оюн коюлбай, жетекчилик менен артисттердин ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, атүгүл соттошууга чейин барышкан экен…
Чүй театрын өткөрүп бергенден кийин Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрына актер болуп кирдим. Агезде С.Раев министрдин орунбасары эле. Бир күнү ал Көлдүн театрына барбайсызбы деп сунуштады. Адегенде баш тарткам. Бирок, он беш күн өткөндөн кийин үйгө келип, «өзүңүздүн жериңиздеги театрды көтөрүп бербейсизби» деди. Ойлонуп, акыры макулдугумду бердим. Мен баргандан кийин Көл театры үч жыл катары менен Маданият министрлиги тарабынан жылдын мыкты театры наамын алды. Театрдын жамааты бир калыпка түштү. Ага чейин театрдын мурунку директору менен соттошуп, иши прокуратурада экен. Коллектив эки-үчкө бөлүнүп кетиптир. Мен барганда артисттердин баарын бирден чакырып сүйлөштүм. Эмне маселе бар экенин билдим. Чырдын баары иш жоктугунан чыгыптыр. Сахнада көптөн бери спектакль коюлбаптыр, бир да жолу сыртка чыгышпаптыр. Мен баргандан кийин бир жылда беш спектакль койдук.

Учурда Бишкектеги биртоп театрда ремонт жүргөндүгүнө байланыштуу оюн коюлбай турат. Алар жөнүндө не дейсиз?
Жетекчинин максаты — артисттерди иштетүү. Ремонт деген жөнеле шылтоо, жатып алып бекер акча алуу деген кеп. Мисалы, Бишкекте келип-кеткендер менен бир миллионго жакын көрүүчү бар. Жаңы конуштар пайда болду. Ар биринде мектеп бар. Ошолор менен театрлар иштешсе болот. Күндө чыкпаса да күн алыс чыгып спектакль же концерт көргөзүүгө неге болбосун. ЖОЖдорго жолугушуу уюштуруп театрлар акча тапса болот. Маданият агенттигине келгенден бери театрлардын иштерин карап отуруп таңгалдым. Мисалы, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры 2008-2009-жылы мамлекеттен жылына 4 млн. сом айлык катары алыптыр. Эки жылда болгону бир эле «Манап бий» спектаклин коюп, кассага бир тыйын түшүрбөптүр. Ал эми Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык театры бир жылда мамлекеттен 18 млн. сом алыптыр. 2009-жылы эки спектакль коюлуп, 82 жолу көрсөтүлүп, кассага 491 миң сом түшүрүптүр. Ошондо эки жарым пайыз пайда таап атат. Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры 9 млн. 654 миң сомду айлык катары мамлекеттен алган. Бир жылда он жаңы спектакль коюптур, эски эки спектаклди калыбына келтириптир. 304 жолу спектаклди көрүүчүлөргө көрсөткөн. 3 млн. 238 миң сомду спектаклди көрсөтүүдөн 1 млн. 62 миң 900 сомду ижарадан алган. Бул мамлекеттен алган акчанын элүү пайызын кайтарып берди дегендик. Театрлардын кандай иштерин ушундан эле билсе болот. СССРдин убагында ар бир театрга план берилчү. Азыр жок дегенде алган акчасынын 30 пайызын табыш керек. Тигил жок, бул жок деп шылтоолоп арызданышат экен. Бул жетекчилердин чабалдыгы. Жолун таап, артисттерди иштете билүү керек. Ошондо гана акча табылат.

Үч-Теректин таланттуу үч кызынын бири Дилбар Раимбековага кантип үйлөнүп калдыңыз?
Экөөбүз 1993-жылы жолуктук. Анда ал И.Арабаев атындагы университетти бүтүп, мен Чүй театрында иштеп жүргөндө кызматка келген. Ошондон тартып төрт жыл бири-бирибизди жактырып, мамиле түзүп жүрдүк. 1997-жылы мен элүүгө толдум, анан баш коштук. Ал менден 22 жаш кичүү. Кудайга шүгүр, Дилбар экөөбүз жакшы эле жашап атабыз. Менде кызганыч деген жок. Адамдарда бири-бирине деген ишеним болуш керек деп ойлойм.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13, nazik@vb.kg,
«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы») 26.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий