Майра Керим кызынын жолдошу КАНАТ БАЙЫШОВ: “ӨКМӨТ МАЙРАДАН БИР БАРАГЫН АЯДЫ”

13-002Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы казак кызы болгону менен, ак жоолук салынып келин болуп келгени кыргыздын намысына жарап, көптөгөн айтыштарда биринчи орунду алып келген. Капилеттен жабышкан дарт небере жыттап, балдарынын төрүндө эми гана чай ичкени турган талантты элинен ажыратып тынды.

“ТИГИ КЫРГЫЗ АЛДАП КЕТТИ ДЕП ОЙЛОПТУР”
Майра Керим кызы 1962-жылы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. Үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчиси эле. Кыргыздын келини гана болбостон, жээни дагы. Дегеним, төкмөнүн энеси кыргыз кызы болгон. Майра эженин Ысык-Көлгө келин болуп калгандыгы өзүнчө жомок. Бул туурасында төкмө акындын жолдошу Канат Байышов төмөндөгүлөргө токтолду.

– Нике кайып турбайбы. Буюруп койсо африкалык адам менен деле түтүн булатат экенбиз да. Казакстанда курулушта иштеп жүргөн кезим. Балдар менен мейманканада жашайм. Кээде кафеге барып тамактанабыз. Ошондой күндөрдүн биринде кафеден бир татынакай кызга көзүм урунду. Мен алдымда тамак бар экенин унутуп, жалдырап эле отуруп калыптырмын. Ал кыз ордунан туруп кеткенде гана эсиме келдим. Арадан 10 күн өткөндө кайрадан кездешип, таанышып калдык. Аты Майра экен.

– Майра эженин “артынан өзүм издеп келип тийип алгам” деген сөзүн уктум эле…
– Таанышкандан көп өтпөй кудамдын тамын салганы Кыргызстанга келдим. “Мына бүттүк” десем эле улам бир иши чыгып, көпкө кармалдым. Майра “тиги кыргыз мени алдап кетти окшойт” деп аркаман бир жарым ай өткөндөн кийин издеп келиптир. Сүйбөсө келбейт эле да. Ошентип, турмуштун кыйыры көрүнбөгөн кыйын жолуна чогуу аттандык. Майра экөөбүз уруш-талашы жок, ысык сезимдердин кучагында жашоо кечирдик. Элин-жерин таштап мен деп келип, мага тукум улап берген аялзатын кантип жанымдан артык көрбөйм?

13-003“КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ ТААЗИМ”
– Эже абдан токтоо жан эле. Ооруп жатса да кыйналганын билдирбей жүрүп өттү го…
– Майра акыркы бир жарым жылда абдан кыйналды. Ичи ооруй бергенинен аргабыз жок операцияга макул болдук. Врачтар “рак” деп жаман илдетти айтышып, онкологияга жөнөтүштү. Алардын айтуусу боюнча химия терапиясынын 5-6 курсун алды. Ошого карабай ден соолугу күндөн-күнгө начарлап баратты.

Табып катары атагы чыккан бир уйгур чалга да алып бардым. Ал: “Ооруң рак эмес, бекер операция жасаттың. Өзүм чөп дарылар менен айыктырып берем”,- деп жакшы сөз айтты. Көрсө, Майранын бутунун тамырлары ичкерип, жумуру кысылып, ичи ошондон ооруп жатыптыр. А дейбиз, бу дейбиз, бул да болсо Кудайдын жазмышы экен. Ошентип, асылган оору Майраны акыры ажал деген арсыз жоонун колуна салып берди.

– Эженин төкмөлүк жайы кичинесинен эле бар бекен? Же сизге турмушка чыккандан кийин башталдыбы?
– Майранын апасы комуз чертип, дастан айткан, ал эми атасы төкмө акын, дастанчы экен. Кезинде кайнатам төкмөлүгү боюнча жорго Керим атка конуптур. Майрага төкмөлүк өнөр ата-энесинен берилген. Ошондон улам таланты бала кезинде эле ойгонсо керек деп ойлойм.

Үйлөнгөндөн кийин экөөбүз Казакстанда жашап жүрдүк. Ошондо бир атактуу инсандын урматына айтыш болуп, ага Майра да катышты. Ал сынакта келинчегим биринчиликти алып, акын аталды. Андан кийин Казакстанда өткөн үч айтышка катышып, үчөөндө тең баш байгени жеңип алды. Кийин 1991-жылы Кыргызстанга көчүп келгенибизде “кыргыздар менин домбурамды түшүнүшөр бекен” деп бир топ кыжалат болду. Ошондо кыргыздын талантты баалай билерин, дайыма көтөрмөлөй жүрөрүн айткан элем. Чынында эле мен айткандай болду.

– Эже көп жылдардан бери элге кызмат кылып келди. Кайсы сыйлыктардын ээси болду?
– 7-8 жолу Эл аралык сынактарда баш байгени жеңип алган. Майранын талантын кыргыз эли таанып, баалай билгенине таазим. Эл “Эмгеги сиңген артист” деген баа бергени менен, өкмөт бир барак кагазын аяды. Майра мамлекеттик деңгээлде эч бир наам, сыйлык албай кетти.

“МАЙРА ӨЛБӨПТҮР” ДЕП ЖАТЫШАТ”
Майра эже кенже уулу Акжолтойду “батадан бүткөн бала” дегенин эшиткен элек. Мына ошол баласы да бизде мейманда.

– 1992-жылы 20-майда республикалык деңгээлде айтыш өтүптүр. Ошондо Абдылда Нуралиев деген акын апама:
Жакшылык болсо себепкер, жеңе,
Сурагымды элеп көр.
Эртерээк Канат байкеме,
Бир эркек бала төрөп бер
,- дептир.

Анда апам:
Жакшылык болсо эгер себеп деген,
Сенин айткан буйругуңду элеп көрөм.
Канат байкең өз күчүндө турар болсо,
Мен ага бир эмес, он эркек бала төрөп берем
,- деген экен.

Бул айтыштан бир жыл өткөндө дагы 20-майда төкмөлөрдүн таймашы болот. Апам толготуп келбей калат. Ошентип, мен төрөлүптүрмүн. Жакшы тилек менен атымды Акжолтой коюшкан. Ошондон улам батадан бүткөн бала атка конгом.

– Апаңдын өнөрүн улап кетчү балдары барбы?
– Апам кайсы айтышка барбасын, мен артынан калчу эмесмин. “Эми эмне деп жооп берет” деп бир-эки сөздүн башын кошуп, ичимден апамдан мурун мен жооп берип, чыйпылыктай берер элем. Апамдын өнөрү мага өттүбү же ээрчип жүргөнүмдүн таасириби, 2006-жылдан бери сахнада айтышып келе жатам. Мени таанып, өнөрүмө күбө болгондор “Майра өлбөптүр” деп кубаттап калгандарын да кулагым чалып жүрөт.

– Бир туугандарың жөнүндө айта кетсең…
– Үч бир тууганбыз. Улуусу Казакстанда жашайт. Үч баланын атасы. Андан кийинки эжем да Казакстанда иштейт. Анан мен. Мен Сокулуктагы Давха-Сокулук атындагы интернатта ийримдин жетекчиси болуп иштейм. Үйлөнө элекмин.

– Апаңдын айтышта айткан сөздөрүнөн эсиңде калганы барбы?
– 2009-жылы Нарын шаарында өткөн айтышка апам экөөбүз барып калдык. Ошондо Элмирбек Иманалиев апама: “Эжебиз эмгектенип жүрүп кыргызга кыз болуп калды. Эми ашкабак деп тилиңизди кыргызчага тууралап коюңуз”,- деп кайрылып калды. Казактар ашкабакты аскабак дейт эмеспи. Апамдын аскабакка да тили келчү эмес. Апам:
Сөзүңдү айттың башкараак,
Ошентип Элмир башкарат.
Тил келбечү сөз бар эле,
Ал сөзүм болчу ашпабак
”,- деп элди күлдүргөн.

– Эженин мүнөзүнө токтоло кетсең. Тентектик кылсаңар кантип какыс-кукус кылчу?
– Апамдын мүнөзү катаал, ошол эле учурда жумшак эле. Анан аябай көтөрүмдүү, аракетчил болчу. Өжөрлүгүнөн улам атам “арстан мүнөз” деп тамашалап калчу. Биз тентек кылганда сөз менен да, кол менен да тарбиялачу. Бороон-чапкындай ызы-чуу менен жүргөн мен апамдан тил укканда койдон жоош болуп отуруп калчумун. Ал эми колу тийгенде бир-эки жума үйдөн чыкчу эмесмин. Бирок апам мени аябай эркелетчү.

– Обондуу ырларынын көбү атаңа арналган окшойт…
– “Жар керек”, “Алтын казыгым”, “Сезим жанары” деген сыяктуу ырлары атама арналган. Андан сырткары, мага арнаган “Уулума”, келинине арнаган “Кайнененин каалоосу” деген обондуу ырлары бар.

2009-жылдын 18-августунда 48 жашында арабыздан өтүп кеткен Майра Керим кызынын сөөгү келин болуп келген жери Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган. Төкмөнүн өзү өлгөнү менен, артында талантын айта жүрчү калдайган калың журту калды. Бүгүнкү эскерүүбүздү Жедигер Саалаевдин эжеге арнаган ыры менен аяктоону туура көрдүк.

Көзү тирүү кезде сизди сыйлабай,
Казак-кыргыз сиз өлгөндө ыйлады ай.
Кайран гана кыргызчылык, пенделик,
Качан болот тирүү кезде сыйламай?!
Кыргыз элге небак сиңген эмгеги,
“Эл артисти” болгон сиздей пендени
Кыргыз өкмөт тирүүңүздө бир баалап,
“Эмгек сиңген…” деген наамды бербеди…
Эми Майра эл деп тилин безебес,
Эл бар кезде өчпөйт сиздин эс, элес.
Элдин сөзүн эл башылар угушса,
Эми деле наамын берсе кеч эмес.

Сүйүн Кулматова, koom@super.kg, «Супер-инфо», №386 26-март — 1-апрель, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий