Өпкөлүкпү… төкмөлүкпү?

Кыргыз эли илгертен куюлуштуруп сүйлөп, ырдап, комузда кол ойнотуп, сөз кереметин иргеп, төкмөлүк өнөрдү төргө өткөрүп келет. Ар бир эле адам турган жеринде куюлуштуруп, комуздун коштоосунда төгүп кете албасы анык. Көкүрөгүндө көрөңгө, көмөкөйүндө сөз байлыгы, акылында ай-ааламды чапчыган ой уюткусу бар, чындап талант даарыган чыгаандар гана төкмөлүктү аркалай алышат. Мындай адамдарды баалашып, урмат-сый көргөзүп келишкен. Ал эми бүгүн Токтогул, Жеңижок, Алымкул, Осмонкул, Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы аталарыбыз калтырып кеткен төкмөлүк өнөрдүн баа-баркы канчалык?

Учурда көзгө басар улуттук каналыбызда ар ай сайын жаш төкмөлөрдүн «Айтышы» болуп келатат. Болсун. Төкмөлөр өссүн, көбөйсүн. Бирок саны бар сапаты жок, ойду-тоону оттогон, төкмө эмес, өпкө акындардын кимге кереги бар? Өткөн жуманын ишемби күнү УТРКдан СССР эл артисти, белгилүү төкмө акын Эстебес Турсуналиевди эскерүү айтышы көрсөтүлдү. Айтышта айрымдары кыргыздын ыргагы, обону түгөнүп калгансып жарашса-жарашпаса да казакча айгайлап жатышты. Акындардын кандай айтышканы өз эрки дечи. Бирок, миллиондогон кыргыздын маңдайында, болгондо да улуттук каналда кыргыз акындарынын казакча кайым айтышын кандай түшүнөбүз? Же Эстебес Турсуналиевдин түпкү теги казакпы? Же төкмө акындар ырчылардан үлгү алып, казакча «жырлаганды», «айтысканды» мода көрө башташканбы? Муну төкмөлүк эмес, өпкөлүк, акындык эмес, аша чапкандык десек туура болчудай.

Мунусу аз келгенсип айтышта «төкмө сымалдарыбыз» эл алдында өзүн, өнөктөшүн айга-күнгө теңеп мактаганын көрүп, айласыздан баш чайкайсың. Өнөктөштөрдүн бири супсак, мааниси көртурмуштан алыстай албаган сөздөрдү эптеп уйкаштырып айтышын аяктаса, экинчиси «калпыдың сөздүн каймагын» деп айтышты улап жатат. Тантыраган кепте кайдагы каймак? Азыркы «төкмө акындарга» бири-бирин мактоо сөз каймагы катары сезилсе, элдин, көрүүчүлөрдүн көңүлүнө көк сүттөй эле тиет.

Мактоо демекчи, жакында Ошко барган президентти дагы бир «төкмө сымал» Кудайга теңеп салды. Мындай одонолугу менен ал ажонун кадырын көтөргөн жок. Тескерисинче, ал өзүнүн ким экендигин көрсөтүп, төкмөлүктүн төбөсүн каңдап, тебелеп-тепседи. Бул төкмөлүк эмес, кошоматтык, арзыматтык.

Билишибизче, кезинде маркум акын аталарыбыз салмактуу кептен чубашып, ортого омоктуу ойлорду таштап, тарыхтан, ата-баба салтынан кеп козгоп айтышып, оңтою келгенде чымчышып, азыркыдай арзымат айтышуулардан качышкан. Чогулган эл алардын чукугандай сөз тапкычтыгынан, ташка тамга баскандай таамайлыгынан, күү менен сөздү камырдай жуурулуштура ырдаганынан ырахат алышкан. Азыркылардын айтышканын угуп отуруп жүрөгүң айланат. Атын атабай эле коелу, өткөн айтышта бир акын Эстебес атабыз тууралуу жакшы айтып келип, аягында «тиги дүйнөдө бойдок жүрсө болгону» деп тескери кетти. Айтыштын деңгээли улуу болбой эле куру болуп калды.

Албетте, азыр Жеңишбек, Элмирбек, Амантай, Аалы, Азамат, Шекербек сыяктуу мыкты төкмө акындарыбыз бар. Бирок, алардан кийинкилер өздөрүн «өтө чоң талант» сезип алышканы өкүнүчтүү. Мейли, төкмөлүк өнөргө аралашып калган соң төкмө атала беришсин. Бирок, шибегени капка кантип катабыз? Алардын айтыштарында келегей кептер, оркойгон одонолуктар, чачкын ой, алакөөдөндүк, мактанчаактык ачык көрүнүп, тарыхтын тамчысы, төкмөлүктүн илеби байкалбай жатса кантип аларды төкмө атайбыз?

Төкмөлүккө баш койгон жаш талант алгач элинин тарыхын жакшы билип, айтыш өнөрүндөгү улуулардын жөрөлгөсүн унутпашы керек. Ооздон чыккан ар бир сөзүнө маани берип, салмактуу, салабаттуу айтышууга аракет кылышы абзел. Кургак жамак, өзүнүкү түгөнүп калгансып өзгө элди тууроо, шылып түшөм деп шылдың болуу төкмөлүк эмес. Эл талантыңарга эмес тантырагыңарга күлүп жатканын аңдап, айтылгандарды эске алгылачы, айланайын «төкмө акын сымалдар».

Мелис СОВЕТ уулу, «Агым» «Асман-пресс» («Кыргыз гезиттер айылы») 26.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий