Атахан Кожогулов

КАРАЛДЫМ
Карлыгачка

Шашканыңда шаңы окшоп шамалдын,
Басканыңдан балалыгым табамын.
Кирип келсең жайнап кетет жан-жагым,
Карлыгачтын канатындай каралдым.

Жаратканым жалгап сени кеткендей,
Жанга шерик жагымдуу бир кечтердей.
Алтын кызым көрүнөсүң көзүмө
Андагы бир мен сагынган көктөмдөй.

Жанымда жок болсоң көрбөй туралбайм,
Жалгыз жолдо келдиң мага суналган.
Апакемден калсам кышта айрылып,
Ала-жазда сен төрөлүп кубангам.

Өзүм жаткан ак бешикке бөлөнгөн,
Өзөк өрттөп тапкан байлык жөрөлгөм.
Апакемен айрылганда түгөнсөм,
Аруу жүзүң көргөн кезде көбөйгөм.

Алыстарга сени учуруп калаармын,
Ак дайрадай сырым катып агаармын.
Кирип келсең өчкөн үмүт “жылт-“ этет,
Карлыгачтын канатындай каралдым.

СЕН ЖАРЫК
Келе жатсаң керемет бир дүйнө агып,
Чымчык сайрап, куш безенеп термеген.
Жолдорума нурун төгүп күн жарык,
Жуурулушуп кетем мен да сен менен.

Келе жатсаң карегиңде таң калып,
Бар экеним унутамын жарыкта.
Жан-жагымда тымтырс дүйнө жанданып,
Жаным дагы учуп кетет алыска.

Келе жатсаң жарыктан да, сен жарык
Көзүм жайнап көктөм болуп кетемин.
Мелт-калт толгон ыйык сезим менде агып,
Сезем анан, сендик болгон экеним.

Келе жатсаң деңиз толкуп аткандай,
Жүрөгүм да жүзүм нурдап толкуду.
Толкуп-ташып өзөн күр-шар аккандай
Тамыр, жаным аралады тоо-сууну.

Жолду утурлап, сени күтүп карагам
Жомок болуп жан-дүйнөңдө мен калып.
Карегиме батып кетет ай-аалам,
Келе жатсаң жарыктан да, сен жарык.

ТАШБАШАТ
Биздин жайлоо бир керемет Ташбашат,
Булагынан жутсаң тишиң какшатат.
Асманында ак булуттай мөл бойдон,
Аталар да өттү анда ак жашап.

Ташбашатта байкабасаң таш басат,
Таштары курч аттын бутун аксатат.
Аргасыздан ак булутка тигилем,
Алыс жактан эске келип Ташбашат.

Ташбашатта бир сулуу кыз кат жазат,
Тумар туткан ашыгына атказат.
өтүп жылдар жооп келбей жигиттен,
өткөн экен бул өмүрдү так жашап.

Агарган бир жалгыз аяк жол келет,
Арты өкүнүч өмүр өтөт өңдөнөт.
Бул жайлоодо ашык кыздын сүйүүсү,
Булут болуп көчүп жүргөн өңдөнөт.

Аска учуна сайылгансып Ай дагы,
Ал бир жаздын арман күнүн жандады.
Кең жайлоого ак чуудалуу булуттар,
Келген окшоп бугун төгүп алганы.

Анда тагдыр карегимди жаштатат,
Анда аталар өткөн экен ак жашап.
Булут көчүп өзөгүмөн өрт кетет
Биздин жайлоо эске келсе Ташбашат!

КЫРГЫЗ КАРЫ
Таң менен батам ойлорго,
Тагдырың жүрөк канатат.
Кылымдай кымбат тоолорго,
Кыргыздын кары жаап атат.

Кемибе, мекен кемибе
Кучагың курчайт канат ак.
Комуздай ыйык жериме,
Кыргыздын кары жаап атат.

Аппак таң аппак ойлордо,
Алыска санаа баратат.
Кылымдай узак жолдордо,
Кыргыздын кары жаап атат.

ЖАМАН ЧАЛ
Жаман чал болуп олтуруп
Чарчады, жүрөк жаш бойдон.
Чөйчөкө сүйүү толтуруп,
Чөбөрө чуркайт шоктонгон.

Кылымдын кылы кыйшайбай,
Каруусун бекем кармады.
Керемет эле ырлардай,
Карачач жылдар андагы.

Көзүнө чөгүп көк, сүйүү
Керилип акты өзөн-суу.
Жанына бүткөн көктүгү,
Жан-сырын туюп көтөрдү.

Жаман чал болуп тигилет,
Жомоктой ушул жарыка.
Ак айды сүйүп, күндү өөп
Алыста жылдар, алыста.

Көзүндө көктөм гүлү бар,
Карасаң жүрөк эзилткен.
Суусаткан ошол сулуулар,
Суулардай агып кетишкен.

Жүзүндө нурдуу бырыштар,
Жылдардын салган издери.
Кылымдай кымбат ыйык чал
Кемибей турган күч, деми.

Жоо сайчу кубат бар эле,
Жаман чал болуп карыды.
Кетирек ойнок бала эле,
Кыялбай турат жарыкты.

“Жаңы ордо”, 26.03.2010-ж.

КУМАЙЫКТЫН ЫЙЫ
Медиян чексиз чөлүндө,
Чоңдөбө нурлап бөз калган.
Чоңкумайдын өзүндө,
Көк жорудан көз жаргам.
Кайгы уялап жонума,
Кабыргам сынып, үшүпмүн.
Манастын тийген колуна,
Муштумдай куба күчүкмүн.
Көк жору баскан бооруна,
Кайыптан келип бүтүпмүн.
Айкөлдүн түшкөн жолуна,
Алдырбас кара күчүкмүн.
Айкөл шер кечээ өлгөндө,
Ала-Тоо кыйрап «солк»- эткен.
Кордукту кыргыз көргөндө,
Чачылып баштан бөрк кеткен.
Кабылан шер кечээ көз жумган,
Кыргыз бүт тутка кармаган.
Кастарын тигип өз тууган,
Көр Көбөш башым каңдаган.

Мөлтүрөп көзүм жаш толуп,
Манасты таппай бараткам.
Алмашкыс тууган кас болуп,
Абыке жонум канаткан.
Төрт бутум барын көтөрдү,
Теңирден бүткөн баштанып.
Кегинен кайтпай эзелки,
Кан Жакып кууган ташка алып!
Айкөлдү жайлап Коңурбай,
Алгара менен качканда.
Аккелте мылтык огундай,
Жетпедим кууп, басканга.
Шер Манас дүйнө салганда,
Шертинен танган кырк чоро.
Башымды байлап арманга,
Буюккам жортуп кырк тоого.
Көр Көбөш тагып каргысын,
Кызыл-ала кан кылган.
Азапты тартып жай-кышын
Алыстап качкам айылдан.

Аюга салса албадым,
Абыке жаман жиникти.
Жолборско салса чалбадым,
Жонумдан кайыш тилишти.
Улуу тоо карап улудум,
Убайды тартып термелип.
Теңир тоо тиктеп курудум,
Туманда жалгыз сербейип.
Көзүмдүн жашын көл кылып,
Көрүп келдим азапты.
Карарган булут жай жылып,
Көрсөттү мага жазатты.
Чоң ак чийди сыдырып,
Чалып келем Семетей.
Адыр, тоону кыдырып,
Арып келем Семетей.
Алыс, жакын жерлерге
Барып келем Семетей,
Ак дайрадай суналган,
Агып келем Семетей.
Манас элин колдо деп,
Моюнума ак тумар,
Тагып келем Семетей.

КАРКЫРА
Кылымдап элиң кыр-кырдап,
Кыйырыңда келген талпына.
Кыргыздын күнү кылкылдап,
Көзүңдөн чыкчу Каркыра.

Тамырым сыздап, кол жооруп
Таппадым даба дартыма.
Кыргыздын Айы толгонуп,
Көлүңдөн чыкчу Каркыра.

Көп муңга жүрөк көзөлүп,
Кыргызың жандай көргөн жер.
Көк тууну бийик көтөрүп,
Көкөтөй ашын берген жер.

Мунарык тоого байралып,
Маникерди чапкан жер.
Алтайдан келип арбалып,
Атабыз Манас тапкан жер.

Суктанып Манас көргөн жер,
Саргайып карайм артыма.
Кыргызга теңир берген жер,
Канатың сынды Каркыра.

Туйгунум кетти туурунан,
Туйлап бир чыккан жан тура.
Кыргызга кудай буйруган,
Канатың сынды Каркыра.

Каркыра көрсөң атпагын,
Көзүңдө күйгөн шам тура.
Улуулап кыргыз асманын
Учса экен биздин Каркыра!

* * *
Ырларымда буурулдай туяк кагам,
Болуп агып туптунук булак тарам.
Асман-жердей ааламды ырга салган,
Жеңижоктун жүрөгү сыяктанам.

Көзүм жумсам, көпкөк бир көл көрөмүн
Көпкөк көлдө балыктар өрдөгөнүн.
Акканаттуу ыр издеп бара жаткан
Алыкулдун баласы өңдөнөмүн!

* * *
Айра чаап боз үйдөгү туурдукту,
Алсыздарга кылыч кармап турдукпу.
Хан, бийлердин көтөргөндөр чачпагын
Жан күйдүргөн айтмак беле чындыкты.

Малинени кылдык жасап тегине,
Акыр барып келер өмүр жээгине.
Ханды этектеп окугандар намазын
Караан калгыр күймөк беле элине.

* * *
Ырлар эмне?
Биз жок болсок атыбызды чакыраар,
бир төгүлүп чачылар.
Ыйлап турар ак барактын жүзүндө,
ырдап турар алыс калган жазын ал.
Жакшыбызды даңазалап,
кемчиликти жашырар!

Ырлар эмне?
Жаралгандай бир берилип кайыптан,
жаным болуп карегимди талыткан.
Кырк чилтендин өзү болуп көрүнүп,
караанымды коштоп келет алыстан.

ЧАКЫРЫМДАР
Жолумдан тосчу элең жарык жаздай,
Жараткан жашылдантып, уучум толгон.
Өмүрдүн өр жолунда жалгыздатпай,
Өзүңө алпарса экен ушул жолдор.

Байкатпай ээрчип ойлуу курак келип,
Буулугуп турам кушум учура албай.
Бактымдын багын ачып, кубат берип,
Бир сага алпарса экен ушул ойлор.

Маңдайдан чыксаң боло атып таңдай,
Меңиңде мен эңсеген кутум турган.
Көкүрөк көз жашыма ачышкандай,
Көзүңдү көргөзсө экен ушул жылдар.

ӨСКӨН АЙЫЛ
Сабын бузбай учуп барат куштарың,
Сезимимде келет жүзүң айчырай.
Тиктеп турам Кара-Тоонун учтарын,
Төрөгелди баатыр түшө калчудай.

Сол жагыңда сайың агып шылдырап,
Оң тарабың тоо этектеп суналат.
Тал-терегиң бир жагымдуу ыр курап,
Тамырың бүт улуу тоодон куралат.

Тоо, сууларга балалык ыр жазылып,
Таңдан кечке биз чаң болуп ойнодук.
Айылым, айылым көчөңдө мен шашылып,
Дале жүрөм Турат досум ойготуп.

Токойуңда толгон куштар безенеп,
Таңда дайым турган өңдүү чакырып.
Сен жөнүндө түштөрүмдү жетелеп,
Сага жөнөйм, асыл айылым ашыгып.

Айылым десем өчкөн шамым жандырам,
Ак-тилектен коломтомо ой калайм.
Молдо Кылыч чуркап чыгып алдымдан.
Мага калем берүүчүдөй жол карайм.

Аппак таңда жол бетинде жаңырып,
Айылым көздөй тарта берет бир агым.
Күмбөзүндө кырк чоро да зарыгып,
Кан-жолумду карагандай туямын!

Бар катарын бузбай учат куштарың,
Бир канаты жараланып айыккан.
Караан кылып Кара-Тоонун учтарын,
Карааныңды сагындым мен алыстан!

АЛЫКУЛ САП
Алыкул сап, чокусундай тоолордун
Түбү терең пайгамбары ойлордун.
Кожожаштай сур эчки эмес ыр кууп мен,
Бирде жапыс, бирде бийик тоо болдум.

Ушул жарык ууз жытындай Жыпардын,
Ымыркайды эңсеп өттү тутам күн.
Кээде туруп кышкы күндөй кыскарсам,
Кээде каалгып кышкы түндөй узардым.

Мезгилде эмес ырларымда жашадым,
Кичинемден билдим өмүр татаалын.
Кусаланып жалгыз жолдо жалгызмын
Көкүрөктө кубанычың, азабың.

Ырлар эми басар жолдо балам бол,
Ыйманым бол, эртеңиме аян бол.
Кылдарындай комузумдун кусалуу,
Күндө менден сага кетет тарам жол.

Муңумду ырдап, өзөндөй бир агып кал,
Мунарыктын нар жагында жарык бар.
Акыретке мен кетээрмин бир күнү
Жаман эмес, жарыгымды алып кал.

Өктөм өмүр арман экен ушундай,
Мүнүшкөрдөй кушум таптап учурбай.
Аруу ырлар эңсетип бир тураарсың,
Алыкулдун Жыпарынын жытындай!

АЛЫСКЫ ШАМАЛ
Кеткенмин небак, канатым күүлөп тууруңдан,
Кайрыгың коштоп качанкы муңум угулган.
Айтылбай калган бир сезим сенде жашады,
Алыскы шамал арманым болуп туюлган.

Чачыбыз дагы, кашыбыз дагы топурак
Чачылып жолдо ойночу элек топурап.
Шаңыңда калган элести тартып көзүмө,
Шамалдай шашып бул күндөр алга озунат.

Жүзүбүз дагы шамалга кетчү туурулуп,
Кыяда жолдон балапан окшоп чуурудук.
Карчыга куштай караанын үзүп алыстап,
Кымбат ал күндөр кетиптир колдон суурулуп.

Мекеним сенин намысың дагы, арыңмын
Муң, сырым айтып өзүңдү көздөй агылдым.
Шаабайым сууп Кара-Тоом келип көзүмө,
Шашылып жүргөн шамалда жолду сагындым.

Кайыңдар дале көктөмдү күтүп тургандай,
Келсем дейм таңда сагынган жерге буйдалбай.
Алыскы шамал карааның көздөн учту го
Арзытып туруп, жазылбай калган ырлардай.

Тирүүмдө түздөп, эстетип тураар бир агым,
Табылбай калсам, кабарым, дайным сурарым.
Арманым болуп агылган аруу шамалым,
Алыстан дагы демиңди сезип турамын!

КАРКЫРА
Бул өмүрдө бир чачылып, төгүлдүм
Көз жумулса көккө сызган жан тура.
Как жүрөктүн толтосундай көрүндүң,
Карааныңдан кагылайын Каркыра.

Өзөн жарган сууларыңды жандадык,
Алты кылым нары барып келгендей.
Ала-Тоонун атын угуп арбалып,
Алтай жүрүп атам Манас көргөн жер.

Кайыл болуп бул өмүрдүн азына,
Муундан-муунга улуу жолду уладык.
Булуттарың Көкөтөйдүн ашына,
Келишкендей өргүп турат чубалып.

Тоолор барат кыргыз журттун көчүндөй.
Карт тарыхты айтып мага Ай барат.
Касиеттүү айкөл Манас көзүндөй,
Көктө кушуң акшумкардай айланат.

Асманыңда жылдыздарың жымыңдап,
Учуп турду түндүн чертип каалгасын.
Өзөн сууң күңгүрөнүп ыр ырдап,
Өткөн доор сездиргенсийт калбаатын.

Кыргыз болуп кырдан ылдый төгүлдүң,
Карап турам даба издеп дартыма.
Кош көзүмдүн карегиндей көрүндүң,
Карааныңдан кагылайын Каркыра!

БЕШ КӨКҮЛ ЫРЛАР
Бөлөк жердин гүлүн дагы теңебейм,
Боппоз болгон шыбагыңа бооруңда,
Тууган жерим медер кылаар сен эгем!
Көз жумганда жүгүм таштап артынган,
Коюнуңда шыбак болом аңкыган.

* * *
Айдын нурун сүртүп коюп денеңе
Албырып сен уктап жаттың, Ай барат.
Мүмкүн анда түш көрдүңбү сен деле?
Ак чөйчөккө ак тилекти толтурам,
Алоолонгон алтын айга кол сунам.

* * *
Ала-Тоонун аппак карын
Алаканга аймаладым,
Ара жолдо ай карадым.
Аяз бетим саймалады,
Албырган жол кайда калды?!

* * *
Күндөп-түндөп аяз сайган саймадай,
Кулпунган бир өмүр өтүп баратса
Куштар кетти, кубулжутуп сайрабай.
Алгалады арман толгон көчүбүз,
Аттиң дүйнө, артың неге өкүнүч?!

* * *
Кышында биз жашаган калаа жактан,
Кусалуу сыртта турсам аппак таңда
Куш көрдүм жалгыз учуп бара жаткан.
Таңдагы аппак кардай калдың ойдо,
Тунжурап жалгыз турам жалгыз жолдо.

* * *
Карт теректин турам бүгүн жанында,
Жашап койгон окшоп кетем бир кылым,
Кошулгум бар дайрадагы агымга.
Карт кылымдар ташка, сууга жашынып,
Каяккадыр бараткансыйт ашыгып…

* * *
Агарган бийик кыр жарык,
Ата журтту колдой кел,
Ак кайып менен сур кайып.
Булуттай таза чубаган,
Берчидей тоолор бир аян.

Каркыралар сабын бузду жазында,
Каяктандыр ата журтка келатып,
А сен дагы болгонуң жок кашымда.
Өмүр деген суудай агып кетиптир,
Бараар жерге жолдон калып кечиктим.

* * *
Сөзүмдүн пайгамбары,
Серпилип бир карачы,
Сүрөттү ак таңдагы.
Өзөндөр сырын катат,
Өркөчтүү кылым жатат.

* * *
Сапарында канча күлүк чаалыкты,
Жылаңайлак таманым бүт кесилип,
Жүрөгүм да канча үмүттү карытты.
Жалгыз жолдо сага келген мен караан,
Жүрөгүмдөн желип өтөт желмаян!

* * *
Шашылып сылап чачымдан,
Шамалдын жаны бар экен,
Шамалым болдуң асыл жан.
Ашыгып кеттиң ашыгып,
Чачылып кеттиң чачылып.

* * *
Бир чычкан алды тынчымды,
Бороондуу кышта чыйкылдап,
Байпактын башы жыртылды.
Колунан түшүп тогоосу,
Калчылдайт жолдо жолоочу.

* * *
Түн ааламга үңүлөт,
Жылчыгынан булуттун,
Жылдыздар мага тигилет.
Сөзүң жүрөк канатат,
Супа салып таң атат.

Соц тармактар:

Добавить комментарий