Калык Акый уулу

(1883-1953)

1883-жылы Жумгалдын Кара-Ой деген жеринде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Калыктын улуу Токтогулга жолугушу, андан үлгү алышы — анын шыгынын артылышына чоң таасир эткен. Айыл кеңешинин төрагасы, филармонияда артист болуп иштеген.

Акындын чыгармалары Совет бийлиги орногондон кийин жарык көргөн. Биринчи ырлар жыйнагы «Калыктын ырлары» деген наам менен 1936-жылы китеп болуп басылып чыккан. Анын айтуусу боюнча «Жаныш-Байыш», «Курманбек» өңдүү элдик дастандар 1938-жылы жарыяланган. Өмүр жолун баяндаган «Баскан жол» деген көлөмдүү китепти эскерме катары жазып калтырган.

Кыргыз маданиятын өстүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн К. Акыев Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ага 1939-жылы «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген наам берилген.

Уикипедиядан алынды

 

Калык Акый уулу жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Жеӊилүүнү билбеген “Кара жаак Калык”

 

Ырлар

ЭЗҮҮЧҮ ТӨБӨЛДӨР ЖӨНҮНДӨ

Жарды-жалчы элдерди
Жаткырышпай кор кылат.
Боордошушуп бай-манап
Болуштарды кондурат.
Бозосун ичкен кедейди
Боздотуп уруп, кор кылат.
Сулайманкул, Осмонбек,
Багыштан Ороз даткаңар.
Уу тырмактар элди эзип,
Жеп-ичкенге мактанаар.
Өзүнүн кылган ишинен
Өрт жалынга капталаар.
Күнөөсүз элди айыптап,
Күнүмдүккө жеп ичет.
Күйөрүн жыга чапкансып,
Күч көргөзүп келишет.
Эл толкуса бир кезде,
Эсебин кайта беришет.
Көптү ойноп жеп болуш, бий
Көркоо болуп баратат.
Каяша айткан дыйканды
Кан жөткүрүп сабатат.
Кээ бирөөнүн оокатын
Кеги бардай талатат.
Кейибей окат кылалы,
Кезеги келсе таң атат.
Кочкор, Жумгал, Ат-Башы,
Нарында кедей силердей.
Ош, Жалал-Абад, Ташкендин
Шаарында кедей силердей.
Күнгөй, тескей, Ысык-Көл
Жагында кедей силердей.
Бийлик күчү манапта,
Алар күтүп алган жибербей.
Кыргызда Шабдан, Курманжан
Даткалары сабакташ.
Казы-мупту, бий-болуш,
Мунун бары танапташ.
Байгазы, Иса, Керимбай
Башынан көнгөн ичи тар.
Булардан кордук көа көрүп,
Буулугуп жүргөн киши бар.
Казы-мупту, бий-болуш
Кадырлашкан сак болот.
Бириндебей, бирлешсек,
Бизге да таалай бак конот,
Бозобу, ашпы, башкабы
Буюрганын ичелик.
Бүтүн дыйкан баласы
Бириккенин күтөлүк.
Колунда жок болгон соң,
Кулак салбайт арзыңа.
Жардамы болбойт карзыңа.
Кошомат айтып, кор болуп,
Кожолорду арзыба.
Эшен сопу, калпаны
Эсиң болсо, эл дебе.
Жолуларча тарп издейт,
Жолуңдан чыкса кел дебе.
Кошулбайт нээти, тилеги,
Колунда жок пендеге,
Бирөөнү бирөө кыябы?
Белгилүү элге быягы.
Пейлин бузган залимдин,
Түбү өзүнө тиет зыяны.
Адамдын акын жебеген,
Өз оокатын тейлеген.
Жалган айтып бирөөгө
Жамандык кылсам дебеген,
Бардык дыйкан балдары,
Силер менен биз жакшы.
Адамдын акы курусун
Адилеттүү иш жакшы.
Адырга малы толсо да
Айраны көлдөй болсо да
Сүткордо болбойт береке.
Кара ниет адамдын
Кадыры болбойт элинде.
Канчалык чечен болсо да,
Касиет жок кебинде.
Пейлиңди бузуп эр жигит,
Бекерликке берилбе.
Жалкоолонуп жашыңдан,
Жатып ичээр дедирбе.
Белсене кызып иштесең,
Береке жердин боорунда.
Күнүмдүккө кыныкпа,
Күч-кубат барда колуңда
Аскалуу зоонун боорунда
Ак шумкар куштун түнөөсү.
Көпкө тиет бузуктун
Көнгөн адет мүнөзү.
Бербей койсоң, эч сүйбөйт,
Пейли бузук эшендин.
Пайдасы элге тийбесе,
Баркы неге чечендин.
Унутулбайт мүнөзү,
Убадага бекемдин.

 

ЖОКЧУЛУК

Ачкабыз деп үшкүрбө,
Абышка, кемпир карылар.
Ар кайсыны санасаң,
Кетет го кубат-алыңар.
Мүңкүрөбө, агаин,
Күнүмдүк оокат табылаар.
Карашпайт элдин алына,
Өрт замандын байлары.
Өксүбөй турган эмедей,
Өз тукуму жайдары.
Көмкөрүлүп төгүлөөр,
Көктүн суусу, айраны.
Кайрымы жок балдардын
Корум болот койлору.
Карашпай элден айрылып,
Байлардын чыгаар ойрону.
Түгөтүп бардык оокатын,
Түрткүлөдү, жокчулук.
Түңүлбө кемпир, абышка,
Тирүүгө келет токчулук
Кара жемсөө байлардан,
Жалтандырдың, жокчулук.
Жайдыр-кыштыр жамаган
Тон тийгиздиң, жокчулук.
Жамаачы чапан, жаргак шым,
Чом кийгиздиң, жокчулук.
Жалдыратып байларга,
Жалчы кылдың, жокчулук.
Бал сөзүмдү манапка
Эм кылбадың, жокчулук.
Байдын жаман уулуна
Тең кылбадың, жокчулук.
Жан тындырбай мээнетке,
Кармаштырдың, жокчулук.
Бай-манапка жалдантып,
Кош айдаттың, жокчулук.

 

ЫРДЫН АЗАБЫ

Тентип-тербип жүргөнчө,
Элимди издеп табайын.
Киндик кесип, кир жууган,
Жеримди издеп табайын.
Желмогуздан кутулуп,
Жаш жанымды багайын.
Жашымдан өстүм жалданып,
Жалчылыкта кармалып.
Кармалаарга көз жетип,
Качып чыктым сандалып.
Кадырбай, Сатар, Каратал,
Ажыратып албадың

Кесилдим эки тараптан,
Кекеткен болуш манаптан.
Теңирдин иши көрүнөт,
Теңдиги жок жараткан.
Кудайдын иши көрүнөт,
Кул катары жараткан.
Байгазыдан кесилип,
Балапан башым эзилип.
Турмуш жайым кысылып,
Жеримди издеп баратам.
Байгазы болуш, Кадырбай,
Ичиңер — эл, сыртың — жоо,
Чыяз куруп чыкчыйып,
Сураганың күндө доо.
Какшык угуп, камчы жеп,
Кантип турам ошого

Биз өңдөнгөн элсиздер,
Силер үчүн тамаша.
Жетим, жесир дебестен,
Жеткирдиңер каргаша.
Абылкасым кесилди
Алы жоктон менчилеп,
Каяша айткан кишини
Камакка берди энчилеп.
Жылынаар отун жогунан,
Жумгалга качтым тентиреп.
Өзүмдүн элим жогору,
Өрүшкө бирге конолу.
Өз тууганын унутуп,
Өксүп жүргөн болобу?
Өлтүрүп койсо алимдин
Эмнеси короду?
Душмандык кылып өлтүрсө,
Туз төккөндөй болобу?

«Элбилге» блогунан алынды

Соц тармактар:

Калык Акый уулу: 1 комментарий

Добавить комментарий