Токтогул Сатылган уулу

(1864-1933)

Кыргыз элинин демократ акыны, ойчул, комузчу, обон-күү чыгарган чебер 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Сасык -Жийде айылында (азыркы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылы) туулган.

Бала кезинен ыр-күүгө шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган.

1917-жылкы Октябрь Төңкөрүшүнө чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», («Жүргөнүм Кабак жер болду») деп, ал эл тарабында туруп, эмгекчилердин таламын талaшкан, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген.

1898-ж. Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деп жалган жерден айыпталып, падышалык сот тарабынан өлүм жазасына өкүм чыгарылып, бул жаза Сибирге 7 жылдык сүргүн менен алмаштырылган.
1905-ж. сүргүндөн кайтып келген.

Сүргүндөн качып келгенден кийин «Жерди көргөндө», «Кетментөбөнү көргөндө», «Энсеген элим аманбы?», «Апакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын циклин түзөт.

Өзгөрүлмө дүйнө, өмүр, өлүм, турмуш жөнүндө ой жүгүртүүлөрү: «Терме», «Санат», «Дүнүйө», «Замана», «Өмүр», «Карылык», «Үлгү ырлар», «Насыят», «Жаштарга» ж. б. ырларында чагылдырылган.

Токтогул — айтыш өнөрүнүн чебер өкүлү.

Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес.

Уикипедиядан

 

Ырлар

ЖҮРГӨНҮМ КАБАК ЖЕР БОЛДУ

Кедейге ырыс болбоду,
Кесирлүү кызыр конбоду.
Келе турган бакты жок,
Казанбак бизди кордоду.
Карабады жашыма,
Капалык түшөт башыма.
Кабагын бүркөп ачпады,
Кызганып бышкан ашына.
Казанбактын бейли тар,
Өкүнүп кылам кимге зар?
Токтогул тоодо жүрөбү?
Томсорбой, ойноп күлөбү?
Тотудай жаштын кадырын,
Тозоктуу кудай билеби?
Эш-Сай менен Абыла,
Жашымда болдум дабылда.
Ким күнөөкөр, кимдер ак,
Кудай келер бекен агына.
Таманым ташка тилинди,
Тарлык заман билинди.
Денеңден кетсе ысык жан,
Өлгөндөр кайдан тирилди.
Бутумда чокой чаначтан,
Кимдерге кимдер карашкан?
Түңүлдүм түндө байымдан,
Казандан жарма талашкан.

 

БЕШ КАМАН

Акмат, Дыйкан — алдамчы,
Атакан, Миңбай — жалганчы.
Эгемберди, Бактияр —
Эл жегенге жардамчы.

Чыгым салып эл жедиң,
Чыркыратып жардыны,
Жалгыз атын сен жедиң.
Жакын көрдүң байларды,
Жам букара бирикти,
Таба албассың айлаңды.

Жетим, жесир, алсызга
Карабадың, беш каман,
Жетилсин деп жардыны
Санабадың, беш каман.
Жеп ичкенден башканы
Каалабадың, беш каман.
Он асыйга бир жыктың,
Орозаалы карыны,
Бүтүн элдин акысы —
Өмүрүңдүн жарымы.

Көрө албайсың жардынын
Жакшы ат таап мингенин.
Акмат, Дыйкан, Атакан,
Керкоолугуң бул сенин.

Талап алып тентиттиң,
Боромбайдын Сарысын.
Күндө жейсиң айыптап,
Бүтүн журттун баарысын.

Тырмагың уу бүркүттөй,
Тукумуң кантип жарысын?
Өчөшсөң, Миңбай, Атакан,
Мени да жыгып алаарсың,
Тогуз айып салаарсың.
Адатыңды карматсаң,
Үй оокатым талаарсың.
Канкорлугуң кармаса,
Өлтүрүп каным жалаарсың.
Уу тырмактуу беш канкор,
Өлтүрсөң да жалынбайм.
Эки келбейм жаралып,
Өлгөн соң, кайра табылбайм.

 

ЖАШТАРГА

Жакшы болсоң, азамат,
Болбос ишке тырчыгып,
Жаман сөзгө барышпа.
Андан көрө жадырап,
Жакшы сөз менен арышта.

Жакшы кийсең, жаш балдар,
Көйрөңдөнүп элирбе.
Жаш кезиңден кызмат кыл,
Баркыңды билген элиңе.
Өзүңө керек болбосо,
Бирөөнүн жолун торгобо.
Башкаларга жеткирбейт,
Басыгы болот жоргодо.
Пайгамбардын сөзү деп,
Апырылтып калп айтса,
Ишене бербе молдого.
Кез-кез келчү меймандан
Тамагыңды катпагын
Душманыңа алданып,
Элиңдин сырын сатпагын.
Бет алган жоодон качпастан,
Ишеничти актагын.

Жаш кезиңде жаркылдап,
Эмгегиңден талбагын.
Карыганда калп айтып,
Көрүнгөн жерге барбагын.
Баркың кетип карганда,
Шүмшүк болуп калбагын.
Көрүнгөнгө карыз болуп,
Сөз ээрчитпе артыңдан.
Ачылып топко ырдабай,
Адашып жүргөн калкымдан.
Ашыра сүйлөп мактанып,
Улууларга калп айтпа.
Калпычы акта коносуң,
Бир эмес, жалпы калк айтса

 

ЭСЕЛБАЙ

Сен, Эселбай, Эселбай,
Өмүрүң өттү бекерге ай!
Ээлик кылып келгенбиз,
Эрке кыз көөнүн кече албай.
Калың берип, кыз алып,
Кадырына жете албай,
Байлыгыңа — байпагым,
Шерменде болдуң кетерде ай!

Отурасың араңдан
Буттарыңды жыялбай.
Кедейдин жаш баласын
Кантип алдың уялбай?
Атасынын малы жок,
Биздин кыздын —
Апасынын багы жок.
Көр турмушу болбосо,
Анын койнуңа жатар чагы жок.

Санап-санап, мал берип,
Сатып алдың, Эселбай.
Сары алтындай сулууну
Абийириңден ажырап,
Кантип алдың, Эселбай?

 

ЖҮРГӨНҮМ КАБАК ЖЕР БОЛДУ

Алчы болуп жалдырап,
Жүргөнүм Кабак жер болду.
Кара ташы калдырап,
Ашканым аска бел болду.

Кызыл-Бейит, Кулама,
Кыйналганды сураба,
Үмүт кылам айтар деп,
Бул күндү кийин улама.

Казанбак качан сыйлады?
Карып энем ыйлады…
Картайганда атакем
Кара жанын кыйнады.

Кедейде ырыс болбоду,
Кесирлүү кызыр конбоду.
Келе турган бакты жок
Казанбак бизди кордоду.

Карабады жашыма,
Капалык түшөт башыма.

Кабагын бүркөп ачпады,
Кызганып бышкан ашына.

Казанбактын пейли тар,
Өкүнүп кылам кимге зар?
Кара жер тартып өлбөсөм,
Көрө турган күнүм бар.

Токтогул тоодо жүрөбү?
Томсорбой ойноп күлөбү?
Тотудай жаштын кадырын
Тозоктуу кудай билеби?

Эш-Сай менен Абыла,
Жашымда болдум дабыла
Ким күнөкөр, кимдер ак
Кудай келер бекен агына!

Таманым ташка тилинди,
Тарлык заман билинди.
Денеңден кетсе ысык жан
Өлгөндөр кайдан тирилди?

Жокчулукту байкадым,
Жоодурап көзүм жайнадың.
Колумда малым жогунан
Ичимден бышып кайнадым.

Атам байкуш алсырап,
Ичимен сызам канеырап,
Жабырды тартпай не кылам,
Кимге барам мал сурап?

Бутумда чокой чаначтан,
Кимдерге кимдер карашкан?
Түңүлдүм түндө байымдан
Казандан жарма талашкан.

Жакшыга жакшы жанашкан,
Мен мусапыр адашкан.
Байдын колун каратпай,
Болсо боло карашкан.

Муздаса бутум тарталбайм,
Муңумду ичтен арталбайм.
Мусапыр болуп жүрсөм да,
Бул сөзүмдү кайтарбайм.

Абыла аска, Токтобек,
Казанбактан кетпейт кек.
Кыйналганда ойлоймун
«Аскадан учуп кетсем» — деп

Жүзүмдүү-Булак, Алма-Сай
Жүрүүгө жетет кандай шай?
Жүрөгүм муңга кысталды
Сырдашсаң боло, чыккан ай!

 

НАСЫЛКАН

Кимдин, кимдин көчөсү?
Насылкандын көчөсү.
Бүгүн айдын нечеси?
Ай караңгы кечеси.

Тал чыбыктай буралат
Насылкандын мүчөсү.

Алда кандай болду экен
Ардактаган энеси?
Сыр чечишип бир жүргөн
Сымбаттуу экен жеңеси.
Күн-түн кетпейт оюмдан
Насылкандын элеси.

Айдай жүзүн жаркылдап
Күлөсүңбү, Насылкан?
Азап тартып жүргөндү,
Билесиңби, Насылкан?
Сырың ачып айтпаган,
Мүнөзүңбү, Насылкан?
Теңештирбейм миң кызга
Бир өзүңдү Насылкан!

 

КҮЛҮЙПА, КҮЛЖАР АШЫК КЫЗ

Кереге таштан эл көчөт,
Кең арал дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Кейисем дартым кимге өтөт?

Үйгөн таштан эл көчөт,
Үч арал дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Үшкүрсөм дартым кимге өтөт?

Калкагар таштан эл көчөт,
Кара бир дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Кайгырсам дартым кимге өтөт?

Ак дөбөдөн эл көчөт,
Алты арал дайра суу кечет.
Ак маңдай сулуу ашык кыз,
Азаптуу дартың кимге өтөт?

Көк дөбөдөн эл көчөт,
Көп арал дайра суу кечет.
Көңүлүм билген ашык кыз,
Күйгүзгөн дартың кимге өтөт?

Ботолуу нарча жетелеп,
Боз талаа менен өтөсүң.
Борумуң башка экенсиң,
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Боздотуп кайда кетесиң?

Кара нарча жетелеп,
Как талаа менен өтөсүң.
Кадыркеч жандан экенсиң,
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Какшатып кайда кетесиң?

Сагызган учуп жеткисиз,
Сары ойго көчүп кетипсиз.
Сары чаң чаңдайт, шамал жок,
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Санаада турат, амал жок.

 

АРЗЫМАТКА

Бекти көрсөң, мактайсың,
Бекер ичкен аш үчүн
Кошомат кылып бегиңе
Бечараны каптайсың.
Ханды көрсөң мактайсың,
Кардың тойгон жериңде
Кошомат кылып ханыңа
Карыпты көрсөң, каптайсың.
Хан Дыйканбай үйүндө
Жүргөнүңдү ырдадың.
Кошоматка кой союп
Күлгөнүңдү ырдадың.
Бий, болуштун астында
Сен да билгениңди ырдадың.
Казы менен картага
Тойгонуңду ырдадың.
Хан Дыйканбай ырчысы
Болгонуңду ырдадың.
Кара карга үндөнүп
Каркылдаган, урганым!…
Манаптан ичкен ашыңа
Мактанып жүргөн экенсиң,
Мадырайган соргогум
Мени жакырсың деп кордодуң.
Жакыр да болсом мен өзүм
Жаандан чыккан жоргомун.

 

АЛЫМКАН

Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Бир күнү оору, бир күн соо
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейли жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым!

Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кет,
Алымкан, муңдуга салбай кыйын иш!..

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..

Саркештеп тиккен жоолугуң,
Сар санаа кылат жоругуң,
Көккештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.

Токтогул черткен «Жаш кыял»
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө
Жыргасаң боло, Алымкан!..

 

БАКТЫКЫЗ

Калемпир мончок тактыңыз,
Казанат жандын барында,
Каш кагып ойно, Бактыкыз!
Казанат жаның өткөн соң,
Каткырык күлкү, көп оюн
Кайрылып кайдан таптыңыз?
Күдүмжан мончок тактыңыз,
Күлгүн жаштын барында
Күлүп ойно, Бактыкыз!
Күлгүн жашың өткөн соң,
Каткырык күлкү, көп оюн
Кайрылып кайдан таптыңыз?!

 

КҮЛҮП КОЙСОҢ ЖАРКЫЛДАР

Жазгы жамгыр болбосо,
Жашыл чөп кайдан гүлдөсүн?
Жаркырап ойноп жүрө бер,
Алымкан, жашыңда Токоң үндөсүн.

Жаныңда турат алганың,
Алымкан, жаман көрүп жүрбөсүн?
Күзүндө жамгыр болбосо,
Күлгүн чөп кайдан бүрдөсүн?
Күлүп ойноп жүрө бер,
Алымкан, күкүгүң Токоң үндөсүн.
Күлүп койсоң жаркылдап,
Алымкан, күйөбүң жаман көрбөсүн?

Аптапта аппак сарайсың,
Алдыртан мени карайсың.
Азабым тартсын дейсиңби,
Алымкан, алдыртан чачың тарайсың?

Кундуздай кара чачыңды
Алымкан, кулпунтуп күндө тарайсың,
Күйүтүм тартсын дейсиңби,
Алымкан, күйгүзүп мени карайсың?

 

БОЛОБУ

Жайкалган жалы болбосо,
Аттын көркү болобу?
Жакшы сөзү болбосо,
Карттын көркү болобу?
Буралып шибер чыкпаса,
Жердин көркү болобу?
Жайылып малы толбосо,
Төрдүн көркү болобу?
Каз, өрдөгү болбосо,
Көлдүн көркү болобу?
Сайрабаса саратан,
Чөлдүн көркү болобу?

Бүрдөбөсө буралып,
Талдын көркү болобу?
Ээгинде сакал болбосо,
Чалдын көркү болобу?

Буралып эгин чыкпаса,
Жердин көркү болобу?
Көгөргөн музу болбосо,
Белдин көркү болобу?
Зарсымы жортуп жүрбөсе,
Желдин көркү болобу?

 

ЧАЙКАМА

Күүнүн башы чайкама,
Жигитиңде жигит бол,
Эч нерсени байкаба!
Күүнүн башы чайкама,
Көпчүлүк элге айтам а.
Ойду коюп, дөңдү бас,
Дөңдү коюп, ойду бас!
Теңтушуңа кошулуп,
Теңдешип ойноп кумар жаз.
Кейиш менен таң атат.
Күйөө менен кыз жатат,
Күлкү менен таң атат.
Жагалдантып аларды,
Жашчылык курчуп баратат.

Атың күлүк болгон соң,
Аштан-тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?
Алганың сулуу болгон соң,
Аркырап беттен алган соң
Сулуулугу не пайда?
Карагайдын бутагын,
Кайрып алма не пайда?
Кайран жаның өткөн соң,
Катының ыйлайт бейпайда.
Кескен терек жыгылса,
Кесинди калып не пайда?
Керектүү жаның кеткен соң,
Келиниң ыйлайт бейпайда.
Ичигиң түлкү болбосо,
Тон сынамак не пайда?
Күлүктү минген күндө мас,
Көпкөн бойдок түндө мас.
Зардалуу чечен топко мас,
Жорго минген жолдо мас.
Оймоктуу катын ишке мас,
Ойношчул катын түштө мас.

 

ТОКТОГУЛ МЕНЕН ЭШМАМБЕТТИН ЭШЕН-КАЛПАГА КАРАТА ЫРДАГАНЫ

Токтогул:
Айгыр, кочкор айдаган,
Теке менен букасы
Суусамырды жайлаган,
Азирети эшендер
Кемибептир пайдадан.
Кетте-кичик кошулуп,
Кекиртеги созулуп,
Кер жорго минип алдында
Келаткан экен озунуп,
Келтирип соогат сурачы,
Эшмамбет, эки колду куушуруп.

Эшмамбет:
Ассалому алейкум,
Ак селделүү калпабыз,
Ак теңгеге толгон бейм,
Асынып келген калтаңыз.
Ак шарият пири деп,
Алдыңан салам айтабыз.
Акындар ырдап келгенде,
Аздыр-көптүр байкаңыз.

Токтогул:
Шариятта, Эшмамбет,
«Кулмун» десең береби?
Кол куушуруп алдыңа,
Турдум десең береби?
Соогатыңа чубалтып,
Селде берип жүрбөсүн?
Же болбосо жанынан
Теңге берип жүрбөсүн?
Кошо чечип берет бейм
Кийип турган күрмөсүн?
Кара тилди безечи,
Кантип эшен сүйбөсүн?
Айдай албай баратат,
Айгыр, кочкор дүйнөсүн.
«Хаммасын бүт алгын» — деп,
Марттык кылып жүрбөсүн?
Элге бүтүн тараптыр
Эшендин берген топусу,
Эми бермек болду бейм,
Эки-экиден сүйлөшүп,
Ийкеңдеп турат чокусу.

Эшмамбет:
Ийкеңдетсе береби
Экиден бизге допусун?
Иш ара кылып жатпайбы,
Алдына ийкеп чокусун.
Мурут болгон калпа көп
Биздин Кетмен-Төбөдө.
Эшендин оюн байкасам,
Дүнүйө кызык жөн эле,
Бизге бербейт, Токтогул,
Акарат кылба төрөгө,
Андан көрө баралы,
Аштан, тойдон калалы,
Айлыбызга баралы,
Аттын майын алалы,

Тамашага баралы,
Тапканды бөлүп алалы.
Коңур-өгүз жериңде.
Өйүзгү саяк элинде
Эл чогулуп конот дейт,
Эртең аш кеңеши болот дейт,
«Коногун алып бөлөт» — дейт
«Ырчысын ылгап көрөт» — дейт.

Токтогул:
Жүрсөң, жүргүн, кетели,
Эшенди тооруп нетели.
Ушулардан эч кимдин
Узарбаган этеги.

 

ЖЫРГАЛЫ СЕНДИК ДҮЙНӨНҮН

Жайлоого чыккан гүлкайыр,
Жарашыктуу кыз шайыр.
Биле жүргүн, жигиттер,
Жайдары сулуу кыз жайын.
Акактай аппак алкымы,
Адамдын жайын бүт билген
Адамдан артык акылы.
Көйкөлгөн шибер саз менен,
Кошулушуп сүйлөшсөң,
Көркөм сулуу кыз менен.
Айдың жарык түн менен,
Айкалышып сүйлөшсөң,
Айнектей сулуу кыз менен.
Булбул, тоту үн менен,

Сырдашып сырды чечишсең,
Буралган сулуу уз менен,
Жай салкыны тун менен
Кызгалдак кызыл гүл менен.
Жашчылык өмүр сүрүшсө,
Жарашкан сулуу кыз менен.
Аргымак болсо мингениң,
Акылман сулуу жан болсо,
Абдан арзып сүйгөнүң.
Тор чалыш болсо мингениң,
Тотудай сулуу жар болсо,
Тобокел кылып сүйгөнүң.
Аргымак чалыш болсо дейм,
Астыңдагы мингениң,
Айнектей сулуу жар болсо,
Өмүрдүккө сүйгөнүң,
Өзгөчө болот жыргалы
Өтүп кетчү дүйнөнүн.
Гүлдөн чөлгө кайрылбай,
Өмүрүң өтсө армансыз,
Сүйгөнүңдөн айрылбай…
Жашчылык гүлү ушундай,
Жаркылдап өмүр сүрүшсөң,
Өмүр бою бузулбай.
Атыр жел согот жай менен,
Жигитке таалай бүтпөйбү
Акылман сулуу жар менен?
Акылман болсо алганың,
Өлгөнүңчө сүрөрсүң
Өмүрдүн ширин жыргалын.
Көркөм кийим кийинип,
Көйкөлүп турса алдыңда,
Тамаша таттуу сөз айтып,
Жаркылдаса жаныңда.
Өз өмүрүң өткөнчө

Сүйгөнүң менен сүйүшсөң,
Сүйкүмдүү жакшы өмүрдө
Өлгөнчө бирге жүрүшсөң…
Уктасаң, түндө ойготуп,
Сүйүп алган сулуу жар
Кайгыңды ачса сооротуп…
Сырыңды тапса сулуу жар,
Куралып келет колуңа
Аздыр-көптүр дүйнө мал.
Арманың болбойт эч качан,
Анык сүйсө, сулуу жар.
Акылдаш болсо ойлонуп,
Үйрүлүп түшсө толгонуп,
Күйүмдүү болсо сүйгөнүң,
Жыргалы сендик дүйнөнүн!

 

ЭРКЕ САРЫ
үү ыры)

Эрке сарым, элге дарым,
Күйкө сарым, күйдү жаным,
Сүйүмканым, сүйдү жаным.
Жогору жагың базаркан,
Төмөн жагың шааркан.
Жети эшик алды жеке тал
Жеталбадым, Сүйүмкан.
Жеткендерден бир салам
Айталбадым, Сүйүмкан.
Кара кырым каптал жол
Кайтмак элем, Сүйүмкан.
Каттагандан бир салам,
Айтмак элем, Сүйүмкан.
Алкымың жыттап, кубанып
Жатмак элем, Сүйүмкан.

 

БОЛОСУҢ АКЫН

Окубай, жазбай кат болбойт,
Минбей буудан ат болбойт,
Куйкасыз башта чач болбойт,
Ичпей мамил чай болбойт,
Кийбей кызыл шай болбойт,
Минүүсүз жорго тай болбойт,
Ак буудан баспай чаң болбойт,
Акылынан адашпай,
Адам уулу маң болбойт.
Асмандан тийбей күн болбойт,
Азап түшпөй адамга,
Караңгы кирип түн болбойт.
Улугуң калыс болбосо,
Ушундай түндө ким коргойт?
Жоргону минген жолдо өсөт,
Күлүктү минген күндө өсөт,
Душмандан кордук көргөндө,
Уйкуң келбейт жатканда,
Болосуң акын келтирип
Ар санатты айтканда.

 

ЭШЕН-КАЛПА

Койгуласам жорголойт,
Коңгуроодой комузум,
Жаак тилди ирмесем,
Кошо чыгат добушум.
Кулак салгын сөзүмө,
Ырдап турам өзүңө,
Көптү көргөн болушум.
Эстетсем, болуш, жаман иш
Элдин канын сорушуң?
Алыстан келген меймандар,
Аламын деп умтулган
Силер да элдин шорусуң.

Эл ичинде кыдырган
Эшен болот дечи эле,
Элден алдап албаса,
Кесел болот дечү эле.
Эшен менен энчилеш
Калпа болот дечү эле,
Аркасында асынган
Калта болот дечү эле.
Ажалга бербей байларды,
Калка болот дечү эле,

Арабызда азгырган
Алдамчы бар дечү эле.
Туура сөздү билбеген .
Жалганчы бар дечү эле.
Куран ачып караган
Молдосу бар дечү эле.
Ыймам болуп теңге алган
Тойбосу бар дечү эле.

Эшендердин бейиште
Ачып койгон даярдап,
Эшиги бар дечү эле.
Он карадан бир кара
Кесими бар дечү эле.
Көрүп келген бейишти
Жетиги бар дечү эле.
Алдына келип Токтогул
Кантип айтпай турамын,
Ар кимден алып зекитти,
Бекер малды курадың,
Акыретти сүйлөгөн
Акылмандар ушубу?
Байгамбарлар баш ийип,
Чакыргандар ушубу?
Кара оокатка калп айтып,
Сатылгандар ушубу?
«Балакеттер кайда» — деп,
Бакыргандар ушубу?
Эл сыйынган кудайдын
Курдаштары ушубу?
Баарын көргөн немедей,
Сырдаштары ушубу?

Эл кыдырган эшендер,
Сыйлайсыңар урматтап
Оокаты көп кененди.
Карабайсың көз салып
Эл ичинде кедейди.
Олуя жакшы көрөбү
Даамдуу тамак жегенди?
Болушту издеп келишкен
Ак элечек адамдар,
Эшен, бакшы, молдолор,
Ажырабайт араңар,

Ак элечек оронгон
Болчу эле биздин аялдар.
Айылдап келген ак жоолук
Каерде болот калааңар?
Шарыяттан айтууга
Канчалык жетет чамаңар?
Ажырата албадым
Аялга окшош караңар.
Эпчилдик менен эшендер
Элден алып жейт экен,
Жалган сөздү апыртып
«Баарын билем» дейт экен,
Ак элечек оронгон
Алдамчынын шерти экен.

Бул ырды угушуп, эшен-калпалар жакаларын кармашып, шыбырашты. Болуш Токтогулга ачууланып: «Өз башыңды көп көрүп жүрөсүңбү? Менин меймандарымды ырдайсың, айта турган болсоң, жакшылап айткын, болбосо, жөн отур» деди. «Ар ким билгенине өзү кожоюн, мен ар кимдин кылган кесибин айткым келет. Туура ырдабаса, акындык бекер», — деди да, Токтогул дагы ырдады:

Болушсуң, элди бийлейсиң,
Адамдын көөнүн оорутуп,
Эл оокатын билбейсиң,
Адилдикти ырдасам,
Жактырбастан тилдейсиң.
Чакырасың, келбесем,
Корсулдайсың өзүмө,
Кошуп ырдап бербесем.
Келиптир эшен айлыңа,
Келгенден Токоң дем албай,
Ырдап турам алдында
Олуя чалыш мейманың,

Карасам окшош эмеспи
Койнуңдагы зайбыңа.
Эркек да болсо окшошот
Аялдардын жармына
Акын болуп чыккамын
Атка минип жашыман,
Айтып көндүм ар сөздү
Айткан октой башынан,
Келген сөздү кетирбейм,
Айтып ырдайм атынан,
Ырдын кени өзүмдө,
Нак кымыздай ачыган,
Айтсам алтын сөзүмдү
Адам уулу жашыган.

Кылбагын, болуш чырыңды,
Билбейсиң менин сырымды,
Кожо, молдо, эшендер
Жалган сөзгө сыйынды.
Адиңден ашкан болушсуң,
Кыласың күндө жыйынды,
Оокаты жок кедейге
Өз оюңдан чыгарып
Саласың күндө чыгымды.
Кордуктан кедей корккондо
Сатты го жалгыз сыйырды,
Көрсөтөсүң кедейге
Жанга жакпас кыйынды.
Келген эшен мейманың,
Күтүп жаткан адамың.
Алыстан келген ак эшен
Элден алдап алуунун
Эсебин таптың, жарадың.
Акыреттин ал-жайын
Барып көрүп келишет,
Алдамчынын салыгын
Алсыраган букара
Амал жоктон беришет.

 

БЕШ КАМАН

Акмат, Дыйкан — алдамчы,
Атакан, Миңбай — жалганчы
Эгемберди, Бактыяр —
Эл жегенге жардамчы.

Кол курады беш каман,
Муруңкудай чапмакка.
Короодогу кой турмак,
Коргол бербейт жети ата!1

Жети атанын таш бараң,
Таш бараңга батпаган,
Чаап, талап, жеп жүрүп
Букарадан айрылган —
Рыскулбектин беш жаман.

Керимбай менен Мырзакан,
Келсең, кардың жарылды,
Төрт миң үйлүү жети ата
Төкпөй койбойт каңынды.
Жедирмек тургай жети ата
Аралатпайт Арымды.2

Балапандай уйпалап
Чыгым салып эл жедиң,
Чыркыратып жардыга,
Эч бир теңдик бербедиң.
Жалдыратып жардынын
Жалгыз атын сен жедиң.

Жакын көрдүң байларды,
Жам букара бирикти,
Табалбассың айлаңды.

Букаранын санаты
Кинегеңе чийилди.
Съезд кур деп жиберди
Болушуң менен бийиңди.
Табалбассың беш каман,
Корголорго ийинди.

Жетим, жесир алсызга
Карабадың, беш каман,
Жетилсин деп жардыны
Санабадың, беш каман.
Жеп-ичкенден башканы
Каалабадың, беш каман.
Он асыйга бир жыктың
Орозаалы карыны.’
Бүтүн элдин акысы —
Өмүрүңдүн жарымы.
Көралбайсың жардынын
Жакшы ат таап мингенин,
Акмат, Дыйкан, Атакан,
Көркоолугүң бул сенин.

Талап алып тентиттиң
Боромбайдын Сарысын.
Күндө жейсиң айыптап
Күлдү журттун баарысын,
Жыгып алдың, Атакан,
Тоялынын чалышын.
Токтотту далай бечара
Той менен ашка барышын.
Жетим менен жесирдин
Тыңдабадың арызын,
Тырмагың уу бүркүттөй,
Тукумуң кантип жарысын?..

Өчөшсөң Миңбай, Атакан,
Мени да жыгып аларсың,
Токтогул деп кекетсең,
Тогуз айып саларсың.
Адатыңды карматсаң
Үй оокатым таларсың.
Канкорлугуң кармаса,
Өлтүрүп каным жаларсың.

Уу тырмактуу беш канкор,
Өлтүрсөң да жалынбайм,
Эки келбейм жаралып,
Өлгөн соң кайта табылбайм.

 

ЭМНЕ КЫЗЫК

Күрбөң-күрбөң жүгүртүп,
Күлүктү минсең бир кызык.
Ай далыңды кубантып,
Асылды кийсең ал кызык.
Адырма адыр оттотуп
Айдап жүрсөң мал кызык.
Азамат эрге табылса,
Айнектей сулуу жар кызык.

Жакшы ат минип кубанып,
Жалындуу жүрөк чыңалып,
Жарашыктуу кийинип,
Жагалданып сыланып,
Жашыл көйнөк, шай көйнөк
Жароокер сулуу кыз сүйсөң,
Жашчылыгың бир кызык.

Эмгек этип жашыңдан,
Элге жаксаң эң кызык.
Эки курбу баш кошуп,
Эркелешсең сен кызык.
Эриккенче сүйлөшүп,
Элестешсең тең кызык.
Эл чогула келгенде
Элиришке мен кызык.

Келин-кызга жарашкан,
Керенелүү шай кызык.
Кары кемпир-чалдарга
Кант салган кара чай кызык.
Ойноо кезде балдарга
Ооз жарма тай кызык.

Өмүрүңдүн ичинде
Өлбөгөнгө миң кызык.
Алганың жакшы жар болуп,
Айкалышып уктасаң,
Ай жарыгы түн кызык.

 

ГҮЛДӨП АЛ

Кара күрмө шай кийип,
Бойлогула кыздар ай,
Кадыр, көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кайрылып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай,
Ойной албай, күлө албай,
Ойногонду биле албай,
Кайран жашты картайтып
Койбогула, кыздар ай!..

Кызыл күрмө шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай,
Кызуу көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай,
Кылчайып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Ойногонду биле албай,
Кызык күнүң өткөрүп,
Койбогула, кыздар ай!..

Кызыл жибек түрдө бар,
Кызыл тилим, сүйлөп ал,

Кылчайып келбейт өмүрүң,
Кыз экенде гүлдөп ал.
Кыялданып качпагын,
Кыз ойнобос көрдө бар.

Жашыл жибек түрдө бар,
Жаңсап, тилим, сүйлөп ал,
Жанып келбейт өмүрүң,
Жаш экенде гүлдөп ал,
Жалтанбагын, качпагын,
Жаш ойнобос көрдө бар.

Кайран өмүр барында,
Балалыктын чагында,
Гүлкайырдай гүлдөп ал
Күлгүн жаштын барында.
Карылык кууп жеткен соң,
Кайран өмүр өткөн соң,
Кара чым басып денеңди
Каларсың жердин астында.

 

ТҮЗ ЖОЛУҢДАН ЧЫКПАГЫН

Калың топко сайраган,
Акын Токоң мен мында!
Сагынган элди көрөм деп,
Көп элге ырдап берем деп,
Кетмен-Төбө жеримден
Атайы мында келдим да.

Жаш кезиңде жаркылдап,
Калкыңа тийсин керегиң,

Билишимче кубултуп,
Санаттан ырдап берейин.

Жаман адам жалтанган,
Жалкоо болот карганча.
Жаныңдан кетпейт жалтактап,
Бир нерсең алдап алганча.

Аңчынын чери жазылбайт,
Булкунтуп бүркүт салбаса.
Туугандары жат болот,
Бир-бирине барбаса.
Арманда кылып калтырат,
Бекерге кылган далбаса.
Айдатып ийген Токоңду
Байлардан чыккан каргаша.
Түз жолуңдан чыкпагын,
Бузуку сени алдаса!

Боз карчыга боодо ойнойт,
Болумдуу балдар жоодо ойнойт.
Болуму жок, шыгы жок
Аш талашып үйдө ойнойт.

Көк көгүчкөн көлдө ойнойт,
Көлөкөсү жерде ойнойт.
Көөдөнү жок, шыгы жок
Үйдө жатып, үйдө ойнойт.

 

ДҮНҮЙӨ

Бул дүнүйө бекерсиң
Бир күнү өтүп кетерсиң,
Опосу жок дүйнөнүн
Түбүнө ким жетерсиң?

Келериңде дүнүйө,
Толукшуп чыккан айдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Асмандагы күндөйсүң,
Кетериңде дүнүйө,
Кайгылуу көңүл кирдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Өзөнгө бүткөн талдайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Өлүмдөн бетер алдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Мөмөлүү дарак шактайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жетпеген кактайсың.

Келериңде дүнүйө,
Алмач өркөч лөктөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Тулпар минсең жетпейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Адырдан соккон желдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Кол жетпес аска белдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Ай менен күндөй жарыксың.
Кетериңде дүнүйө,
Таманы түшкөн чарыксың.

Келериңде дүнүйө,
Кош тегирмен ноодойсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Көз жетпес бийик зоодойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Алтын жагоо куштайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Кышкы чилде муздайсың.

Келериңде дүнүйө,
Алтын така тулпарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Артынан кууса жеткирбес,
Айланып учкан шумкарсың.

Келериңде дүнүйө,
Урууда күлүк дулдулсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Уясын бузган булбулсуң.

Келериңде дүнүйө,
Ташкын дайра селдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Карматпас бороон желдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Алтын тутка түркүксүң.
Кетериңде дүнүйө,
Туурдан учкан бүркүтсүң.

Келериңде дүнүйө,
Кебелбес эрдин мүлкүсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Керүүдөн качкан түлкүсүң.

Келериңде дүнүйө,
Байгеден чыккан аттайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Мөмөсү түшкөн шактайсың.

Келериңдн дүнүйө,
Көңүлүң курсант болорсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Көк шумкар алган коёнсуң.

Келериңде дүнүйө,
Курбулуу тоодо уларсың.
Кетериңде дүнүйө,
Куйругун жанчкан жылансың.

Келериңде дүнүйө,
Көк болот шамшар-канжарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Көксөө болгон чалдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жоо качырган эрдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Кейиген менен келбейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Кериде жайык конушсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Капкагы сынган комузсуң.

Келериңде дүнүйө,
Чытырман калың токойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыртылган тери чокойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Ак үйгө салган айнексиң.
Кетериңде дүнүйө,
Туткасы сынган чайнексиң.

Келериңде дүнүйө,
Ала кар жаткан бийиксиң.
Кетериңде дүнүйө,
Мергенден качкан кийиксиң.

Келериңде дүнүйө,
Көкөлөп өскөн чынарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Шамалдан качкан тумансың.

Келериңде дүнүйө,
Толкуган көлдө шардайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Томугу түшкөн тайдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жыйырма беш жаштайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Жыдыган кара чачтайсың.
Келериңде дүнүйө,
Караңгы тамда чыраксың.

Кетериңде дүнүйө,
Карышкыр жеген улаксың.

Келериңде дүнүйө,
Айчыгы алтын туудайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Соолгон кудук суудайсың.

Келериңде дүнүйө,
Булутсуз тийген күндөйсүң.
Жанаша чыгып ыргалган
Жазгы талдай бүрдөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Булут баскан түндөйсүң.
Карарып алса көңүлүң,
Кармаса колго кирбейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Түнкүсүн жарык айдайсың.
Адамдын көөнүн сергиткен
Жашыл гүлдүү жайдайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Кайрылып карап койбогон
Кайыры жок байдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жайкалган ыраң чөптөйсүң.
Жашылданып буруксуп,
Туш-туш жакка көктөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Эшиктен төргө өтпөйсүң,
Жардылыкка таянтып,
Жакыныңды өрттөйсүң.

Келериңде дүнүйө,
Бир туугандан ынаксың.
Караңгыда жарк эткен,
Кавхар, жакут чыраксың.
Кетериңде дүнүйө,
Душманымдан ырааксың.

Келериңде дүнүйө,
Жаз бүрдөгөн терексиң.
Жагалдантып көнүлдү
Жаш, карыга керексиң.
Кетериңде дүнүйө,
Түбү түшкөн челексиң.

Келериңде дүнүйө,
Бүр алган кырчын талдайсың.
Таттылыгың тамшантып,
Шекер менен балдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Азыткыдай алдайсың.
Келериңде дүнүйө,
Жасалгалуу үйдөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Жакыныңды сүйбөйсүң.

Келериңде дүнүйө,
Ташып чыккан булаксың.
Кетериңде дүнүйө,
Желсиз өчкөн чыраксың.

Келериңде дүнүйө,
От жакпай оргуп кайнайсың.
Күн тийгендей жаркырап,
Күлө багып жайнайсың.

Дүнүйө чиркин ушундай,
Колуңдан качкан кушуңдай.

 

АККАН СУУ

Кырк миң жыл жердин алдынан
Карып чыккан аккан суу.
Толгон айдай жаркырап,
Жарык чыккан аккан суу.
Булаң куйрук, жез канат
Балык чыккан аккан суу.
Курт-кумурска жандууну
Багып чыккан аккан суу.
Кара жердин алдынан
Жарып чыккан аккан суу.

Көз жетпеген кара кыр
Тоого чыккан аккан суу.
Кош тегирмен паралуу
Ноого чыккан аккан суу.
Жети кабат жер менен
Зорго чыккан аккан суу.

Көз жетпеген ала кыр
Сайда болгон аккан суу.
Чаңкаганда адамга
Пайда болгон аккан суу.
Азган менен тозгонго
Айла болгон аккан суу.
Кызыл-тазыл жайнатып
Гүл жараткан аккан суу.

Жер жүзүндө сонорго
Түр жараткан аккан суу.
Жашыл ала ыраң чөп,
Миң жараткан аккан суу.

Баасы кымбат, эти алтын,
Мал жараткан аккан суу.

Башатына көгөртүп
Тал жараткан аккан суу.
Карыптарга күч-кубат
Ал жараткан аккан суу.

Жадыратып жайыкка
Чөп жараткан аккан суу.
Жашыл майдан салкынга
Көк жараткан аккан суу.

Агын дайра шар болуп
Толкуп турган аккан суу.
Ак тулпар кечип өтө албай
Коркуп турган аккан суу.

 

НАСЫЯТ

Дениң соодо эринбей,
Бекерликке берилбей,
Эркиң менен жумуш кыл
«Эринчээк, жалкоо» дедирбей.

Эрдин күчү — сом темир,
Эритүүгө эр керек.
Эч оокатың болбосо,
Эгин айдар жер керек.
Эр жигиттин белгиси —
Эпчил болот термелеп,
Өз колуңда болбосо,
«Өлдүм» десең, ким берет?
Күчүң барда иштеп көн,
Күлүп жайнап, эр жигит,
Күнүмдүктү ойлобой,
Кулак байлап жер жибит.

Жакшы азамат түрдөнүп,
Жалбырттаган жалындай,
Өзүн өзү асырайт,
Уурулукка малынбай,
Уятын ойлоп ар убак,
Ушак сөзгө чалынбай.

Түрүнүп иштеп, эр жигит,
Тишиң барда таш чайна.
Ирээтиңди түзөтүп,
Иштебесең аш кайда?
Эгин айдап, чөбүң чап,

Эмгегиңден пайда тап.
Азамат болсоң, ак иштеп,
Аздыр-көптүр малың бак!

Эр жигиттин белгиси —
Кайраттуу болот жалындап,
Өз колунда болбосо,
Оңойбу оокат табылмак?

Өлмөйүнчө кор болбойт,
Өксүгөн менен ниети ак.
Жамандыкка чалынбайт,
Өз башына өзү сак.

Өлбөй тирүү калбайсың,
Жан аманат, ойлоп бак.
Ыркырашпа тирүүңдө:
Ырыс алды — ынтымак…
Ачуулуу болуп, эр жигит,
Аксымдыкка бут малба,

Көпкөндүккө жеңдирип,
Көрүнгөнгө мактанба,
Алып калгын Токоңдун
Үлгүлүү сөзүн укканда.
Карыздар болбо эр жигит,
Көтөрмөгө бурулуп.
Абийириңди кетирип,
Аласа келет чубуруп.
Андан көрө эгин бак,
Алың барда жулунуп.
Кайда качат ырыскы?
Өзү эле келет курулуп.

Эсиң кетсе, эчки бак,
Эчки тууйт үч улак.
Айраныңды мол кылып,
Саан берет үч убак.
Эч болбосо экиден
Эгиз тууйт улагың,
Эшигиңден эрмен жейт,
Эстебей тоонун тулаңын.

Эгин айдап, жакшы бак,
Жазында чыгат жалтылдай,
Кампадан ашып кап толот,
Баасы кызыл алтындай.
Жашыңда кылгын мээнетти,
Жалкоолонуп тартынбай.
Карды тойбойт адамдын
Кайрат менен иш кылбай.

Качкы болот кээ акмак
Кара чака табалбай,
Коё берет акыры
Катынын эптеп багалбай.
Иштеп жатса бир дыйкан,

Кыт-кыт күлүп табалайт.
Дыйкан кууп жолотпой
Айыл үйдөн талаалайт.

Андай сыйкыр шумдарга
Азаматтар байланбайт,
Ачык-айрым азамат
Аргымак аттай шайдаңдайт.

Карыздар болбо сүткорго,
Бардык малын сүт кылат;
Бир жылда эки туудуруп,

Жарым сомун бүт кылат.
Убагында бербесең,
Бийге салат тыткылап.
Бий-болуштар башыңан,
Арылбаган жут кылат.

Кумарын жазат куш салган,
Кымылдайт ичи кыз алган.
Куюлтуп ырдап отурсам,
Сөзүмдө барбы бир жалган?

Күнү-түнү тынчы жок
Ашка-тойго ат чапкан.
Берекеси жок болот
Бекеринен мал тапкан.
Чынчыл жакшы көрбөдүм
Чыгым албай эл баккан.
Эки колун тынчытпайт
Эт башырып, от жаккан.

Мергендиктин белгиси —
Бугу, марал, теке аткан.
Үңкүйүп үйдө жатканча
Ит агытып, сал капкан.

Курсагың сылап тынч жаткан,
Тамак даяр болгондо,
Ал урган кирип келет бир жактан.
Жардылык, байлык кимде жок,
«Жардысың» деп демитпе,
Жамандашып, эр жигит,
Бириңди-бириң кемитпе!

Аз өмүрдүн ичинде
Амандашкын күнүгө.
Өлбөгөнгө табылат
Аздыр-көптүр дүнүйө.

Алакөөдөн акмактар
Антташкан сөзгө туралбайт.
Айылына бата албай,
Акыр өзү бураңдайт.

Как ошондой адамдын
Каадасы калбайт карганча,
Өткөн өөнү билинбейт
Өлөр күнгө барганча.

Ырыс алды ынтымак,
Өлмөйүнчө кол кармаш.
Билими бар азамат,
Бир-бириңе жардамдаш.
Билинбей жүрүп бир күнү
Мүдүрүлөт алтын баш…

Өнөрүң болсо, өргө чап,
Кор кылбай, асыл жанды бак.
Эрдин көркү — эл менен,
Эмгегиң менен элге жак!

 

САНАТ

Аргымакты «жаман» деп,
Бууданды кайдан табасың?
Агайынды «жаман» деп,
Тууганды кайдан табасың?

Ак саманды «жаман» деп,
Чөптү кайдан табасың?
Аз дүйнөнү «жаман» деп,
Көптү кайдан табасың?
Жарма, чайды «жаман» деп,
Этти кайдан табасың?
Акындарды «жаман» деп,
Кепти кайдан табасың?

Агарган карда көп жүрсөң,
Көзүң бир күн карыгат,
Агайынден чет жүрсөң,
Көңүлүң бир күн тарыгат.
Тууганына батпаган,
Душманына жалынат.
Болбос жаман арамза
Болумсуз ишке малынат.
Кийинкисин ойлобой,
Кишинин көөнү калынат.
Жакынына жакпаган,
Жат кишини жамынат.
Ханды кудай урарда
Калкына жаман кас болот.
Байды кудай урарда
Дөөлөтүнө мас болот.
Кышты кудай урарда
Күн жылымдап жаз болот,
Эрди кудай урарда
Элүүндө жаш болот.

Жалпы жылдыз чогулса,
Жарым шоола айдай жок,
Тогуз улак бириксе,
Баасы жалгыз тайдай жок.
Карандай чайды көп ичсең,
Бир кесим казы майдай жок.
Өңкөй бөздүн сапаты
Бир кийимдик шайдай жок.

Бычак берсең, кындап бер,
Кындап берсең, чындап бер,
Берекесиз байлардан
Бейил менен кун кетер.
Жумуш кылсаң, мудаа кыл,
Иштеп кетпе илдекер,
Кара санап бирди алсаң,
Колуңуздан миң кетер

Чечилишип сырдашсаң,
Көкүрөктөн муң кетер.
Баарың болсоң бир ооздуу,
Душманың кантип былк этер?
Булут кетсе асмандан,
Күн ачылып жылт этер,
Ажалың жетип, күн бүтсө,
Кайран башың шылк этер.

Ак бараңдын кундагын,
Аталбасаң сунбагын,
Эрмин десең душмандан
Эки көзүң жумбагын.
Өтүп кеткен иш үчүн
Өкүнүп балаң урбагын.

Көпкөн жигит көп сүйлөйт,
Чечен жигит эп сүйлөйт,
Билбестерге жыйында
Бир сүйлөөгө кеп тийбейт,
Жөн жүрбөгөн жигиттер
Көрүнгөндөн тепки жейт.
Ким көрүнгөн кекенип
«Ушунуку өттү» дейт,
Көз карашың бузулса,
Көргөн адам «көптү» дейт.

Сүт табакты жибитет,
Айран тамса иритет.
Пайдасы жок кеп айтып,
Маңыз сөздү чиритет.
Күлө сүйлөп үйүңө
Күндө кирген күл ичет.
Эки дүлөй кошулса,
Бир-бирине күлүшөт.

Жинди менен жоолошпо,
Суу куйбагын толбоско,
Акмак болуп кетесиң,
Ачууланба болбоско.
Үгүт айтып чарчаба,
Айткан акыл конбоско.
Жолдош болсоң куу менен,
Өмүр өтөр доо менен.
Жыкмайынча качпагын,
Беттешип калсаң, жоо менен.

Суктанбагын сулууга,
Уят айтпа улууга.
Тамаша айтсаң билбеске,
Тар жерде катуу сындырат,
Жамандардын адаты —
Жалган сөздү чын кылат.
Көптү көргөн адамдар
Көнүлүңдү тындырат.
Бекерчиден безе кач,
Ушакчыдан көчө кач!
Кызыктырып кыйыкты,
Кыйын жерге жибербе,
Билбестерди коркутуп,
Алдоо менен имербе,
Жаңшап турган Токоңдун —
Насияты силерге.
Жаның менен акыл айт
Жакшы айтканың билерге.
Колуңдан келбес жумушту
Оюң менен бүтүрбө,
Алыстан келер коноктун
Кабарын укпай күтүнбө.

Айталбаган сөз үчүн
Оозуңду бекер ачпагын,
Мактаганга март болуп,
Оокатыңды чачпагын.
Колдон келер иш болсо,
Коркуп бекер качпагын,
Мурунку жаман ишиңди
Кийинки жерде таштагын.

Жолдош болбо коркокко,
Жүк артпагын торпокко,
Иш кылдырба чоркокко.

Күлүк минсең күүлөнүп,
Эки жагың каранба, —
Көйрөң атка коносуң
Көрүп калган адамга.

Сурап ичкен тамагың —
Суу ичкен менен барабар,
«Сук» атанып айлыңда
Суук болбо, жаш балдар!

Күлүк менен жарышпа.
Билимдүү менен алышпа.
Кейбир1 кылат өзүңдү
Кеп салбагын маңызга.

Көңүл калар кеп айтпа
Оору менен картаңга,
Жанын сатат кээ адам
Жарым чөйчөк талканга.

Бузук менен муңдашпа,
Уятсыз менен ымдашпа,
Болбос ишке кийликпе,
Момундук жөнү бир башка…
Алың менен күч керек
Азык оокат тыңдашка.
Акылсызга сөз айтып,
Акмак менен сырдашпа.
Аялыңды жек көрүп,
Жамандыкты ырбатпа.

 

ҮЛГҮ ЫРЛАР

Дайранын көркү кемеде,
Баланын көркү энеде,
Акыл айтсаң тыңшабай,
Акмактын көркү жемеде.

Бычактын көркү кынында,
Жылкынын сыны кулунда,
Азамат болсоң, эр жигит,
Ардактуу иштен корунба.

Шибердин көркү — мал менен,
Жылкынын көркү — жал менен.
Жылдыздай жанган кара көз,
Жигиттин көркү — жар менен.

Сакалдын көркү чалда бар,
Сулуунун көркү калда бар.
Суктанып жүрбөй ар кимге,
Сүйгөнүңдү тандап ал.

Түн менен жойлой басканда,
Түлкүлөр түшөт капканга,
Түн экен деп, эр жигит,
Максатыңдан жазганба.

Жаман Адам белгиси —
Өз камы үчүн жүгүрөт,
Жакшы адам белгиси —
Эл камы үчүн күйүнөт.

Эчкинин көркү — төл менен,
Эгиндин көркү жер менен,
Эликтин көркү — төр менен,
Эр жигит көркү — эл менен.

Булбулдун көркү гүлдө бар,
Ырчынын көркү үндө бар,
Ак шумкар учса асманга,
Амалың болсо үндөп ал!

Жайлоонун көркү кымызда,
Кишинин көркү ырыста.
Намысы үчүн жоо сайган
Баатырдын көркү урушта.

Аяздын көркү музда бар,
Алгырдын көркү кушта бар,
Тамактын көркү тузда бар,
Саамайдын көркү кызда бар.

Жамгырдын көркү туманда,
Бүркүттүн көркү кыраанда,
Байкабай жүрсөң кокустан,
Кор болосуң жаманга.

Туйгундун көркү түлөктө,
Баатырдын көркү жүрөктө.
Балбандын көркү билекте,
Өрдөктүн көркү чүрөктө.

Кулпунуп туурда таранса,
Куштун көркү түлөктө.
Кошоматчы кууларды
Кондурба да, түнөтпө.

Кылычтын көркү курчунда,
Кундуздуң көркү сыртында,
Алышкан душман жоо келсе,
Азамат көркү журтунда.

Бак-дарак көркү гүлүндө,
Бакшынын көркү жининде,
Мукам-мукам сайраса,
Булбулдун көркү үнүндө.

Аргымак көркү жалында,
Алманын көркү шагында,
Ак жолборс келсе, тартынба,
Алтын башың барында.

Мылтыктын көркү огунда,
Милтенин көркү чогунда,
Жайылып малың семирсе,
Жайыттын көркү сонун да!

Туяктын көркү тулпарда,
Канаттын көркү шумкарда.
Кулундун көркү жылкыда,
Каз канаттап эл турса,
Аш, тойдун көркү ырчыда.

Темирдин көркү өгөөдө,
Жыгачтын көркү мөмөдө.
Баатырдын көркү маңдайда,
Чечендин көркү таңдайда.
Бирер түркүн эр жигит
Жетишпей жүрөт ар кайда.
Сыянын көркү каламда,
Сырыңды айтпа жаманга.
Сыр алышып, сыр түйгөн
Сырдашың келет саламга.
Жабдыктын көркү жоргодо,
Жаназа, доорон молдодо,

Жаман адам чырылдап,
Жакын болот олжого,
Жабыгып жүрсө, жигитти
«Жакырсың» деп кордобо.

Козусу кошо жайылса,
Койдун көркү ирикте,
Акылы толук азамат,
Айрылбас курбу иликте.
Тунук мүчө, тулпар сын
Дубанды бузган күлүктө.

Сулуунун көркү келбетте,
Шурунун көркү берметте.
Колуңдан келбес бир ишке
Кор болуп көңүл дегдетпе.

Ынтымак болсо калкыңда,
Душманыңдан тартынба,
Айбаты бар жигиттин
Атагы калат артында,
Күжүрмөн эрдин күчү өтөт
Күмүш менен алтынга,
Күчүң барда, эр жигит,
Күмүш өңдүү жалтылда.

Эшендин көөнү зикирде,
Уурунун көөнү пикирде,
Орозодо молдолор
Опулдашат битирге.

Сопунун көөнү азанда,
Соргоктун көөнү казанда.
Чын болсо да, жан кечти
Чыдай берет касамга.

Мергендин көзү милтеде.
Опкоктун көзү күлчөдө.
‘Жакшы аттын көркү — жал менен,
Сулуунун көркү — кал менен,
Булбулдар таңшып сайрашат
Буралган кырчын тал менен.
Жайлоонун көркү ачылат,
Жайылып жаткан мал менен,
Карыса да кемпирлер,
Калжаңдашат чал менен.

Жердин көркү ачылат
Жайкы жашыл гүл менен,
Жай сыпаты бир сонун
Жандын баары дүрбөгөн.
Дыйкандын көркү — жер менен,
Күлүктү чабат тер менен,
Кадырлаш болсо өлгөнчө
Катындын көркү эр менен.

Эл тирилик кылганда,
Эсирип уктап кур жатпа.
Иш тапшырба жалкоого,
Акыл айтпа чалпоого!

 

НУСКАЛУУ ЫРЛАР

Эрдин эри майтарат
Эриш бузган .жоо мизин.
Кайраты демин кайтарат
Кара өзгөйлүү доо мизин.

Эр эшиги сом темир,
Эритмекке эр керек,
Тескерини түзөткөн,
Эрге дөөлөт бир келет.

Көрөм десең урматын,
Уул үйлөп, кыз чыгар,
Малыңды жутка алдырбай,
Кам көбөйтүп, кыш чыгар.

Эндик, упа, каркыра,
Кыз балага жарашар,
Бетке сыйпап албыртып,
Беш көкүлүн тарашар,
Бейжай болсо энеси,
Беш убак тиер жемеси.

Тарпты жесе жарашат,
Карга, кузгун капыры,
Арга барбы таланса,
Бей-бечара бакыры.
Кузгундардын колунан,
Эзилди элдин жакыры…

 

ТОКТОГУЛДУН ТӨРӨЛӨРГӨ ЫРДАГАНЫ

(Токтогулдарды кармоо үчүн келген жазалоочу отряддын офицерине карай Токтогулдун ырдаганы)

Калаадан келген чоңдорум
Билесиң иштин болжолун,
Кай жумушта турушат
Силердин кылар ойлоруң?
Кантип көрбөйт көзүңөр,
Эшен, калпа, бай-манап
Элдин канын соргонун.

Керимбайга келишкен
Калаадан чыгып солдаттар,
Анык балаа бай-манап,
Адамзатка жармашкан,
Эшен, калпа дагы бар
Бай-манапты жандашкан,
Букаранын оокатын
Үшүрү деп алдашкан.

Улук болсоң, сыначы,
Ишенбесең өзүмө,
Башкалардан сурачы!
Калаадан келген күнадыр1,
Кулак салып угуптур
Тпктогулдун ырларын,
Адилет болсоң, текшерчи
Кедейди байлар урганын,
Дүң букара көрбөдү
Дүнүйөнүн жыргалын.

Күнадыр, келдиң айылга,
Күн тийбес тоого жайында,
Улук болсоң көз салчы
Жарды-жалчы — жабырга.

Көрүнөө айткан сөзүмдү,
Күнадыр, уксун кулагың,
Бекеринче «чыгым» деп,
Байлап алат бий, болуш
Кедейдин жалгыз улагын,
Сен билбесең, ким билет
Зарлаган элдин убалын?
Көйнөгү жок кедейди
Балапанча басып жеп
Керимбай көрдү убайын.

Жарды-жалчы, кедейлер
Жаралганбы кем болуп?
Күн-түнү түшпөйт үстүнөн
Куур тону тер болуп,
Куураган кедей жүрөгү
Кайгы басып чер болуп,
Жүдөп жүрөт букара
Кузгундарга жем болуп,
Жүрө албады шордуулар
Бай-манапка тең болуп.

«Чыгым» деп алат малдарын,
Айрансыз коёт балдарын,
Алсыз кедей амал жок,
Көтөрөт байдын салганын.
Улук болсоң, алып бер
Кедейден байлар алганын.
Улуктун ишин билбесең,
Байдын сөзүн сүйлөсөң,
Сен да тартып алып кет,
Букаранын калганын!..

 

КОШ, АПАКЕ!
(Айдалып бара жаткандагы энесине ырдаганы)

Боздодуң, апа, боздодуң.
Кайгымды кайра козгодуң.
Кайрат кылсаң болбойбу,
Тирүүмдө жоктодуң…

Ыйладың, апа, ыйладың
Ыйлаба, жашың кургасын.
Убайым тартып ый-ыйлап,
Уулуңду муңдуу кылбагын!..
Айланайын апамсың,
Анчалык неге жаш алдың?
Айдалып барам алыска,
Азабым тартып жатарсың.

Карууң кетет, кейибе,
Кулак сал менин кебиме.
Ажалым жетип өлбөсөм,
Карчыга куштай айланып
Келермин кайра элиме!

Айланайын апаке!
Балапандай баккансың,
Ак сүтүңдү эмизип,
Бооруңа басып жаткансың,
Мага окшогон жалгызды
Зарлап жүрүп тапкансың.
Алпештедиң, апаке,
Адам кылдың асырап,
Ачылар бекен кабагым
Ушул иштен ажырап?

Керимбай кылды кесирди,
Кекенип мага эсирди.
Жаш кезимден каршы элем,
Журтумдан айдап кетирди.

Башыма түштү, көрөйүн,
Ажалым жетсе өлөйүн,
Кайгырбай, апа, үйгө бар,
Кантейин, барып келейин.

Айланайын, апаке,
Уккун менин сөзүмдү.
Картайганда көп ыйлап,
Алдырба муңга көзүңдү.
Ажалым жетип өлбөсөм,
Акыр бир күн алармын
Керимбайдан өчүмдү.

 

* * *

Алты сай бараң октолот,
Алты дубан топ болот.
Алты дубан топ болсо,
Асылың Токоң жоктолот.

Жети сай бараң октолот,
Жети дубан топ болот.
Жети дубан топ болсо,
Жетигиң Токоң жоктолот.

 

БИЗГЕ КЕЛЕР БЕКЕН КЕҢ ЗАМАН

Айдалып кеттим ишим ак,
Алым — карып, күнүм чак,
Ага-ини, туугандар,
Менин актыгымды ойлоп бак!

Жайкалып жүргөн Токтогул,
Чынжыр түшүп колума
Азап түшүп башыма,
Айдалдым Шибер жолуна
Кишен түшүп бутума,
Айдалып кетип барамын,
Кайрылып келер күн барбы
Мен калың кыргыз журтума?

Өзбек, кыргыз — калың журт,
Өскөн элим, аман бол!
Өмүрүмдү жыргатып,
Өткөн элим, аман бол!
Киндик кесип, кир жууган,
Турган жерим, аман бол!
Кичинемден бирге өскөн
Тууган элим, аман бол!
Токоңдо айтар тил барбы?
Торгойдой сайрап Токтогул
Толгонуп келёр күн барбы?
Айдалып кеткен Токтогул
Айланып келер күн барбы?
Ырыскулбектин беш каман,
Пейли бузук беш жаман,
Кеттим Шибер айдалып,
Бизге келер бекен кең заман?!
Залимдин түштүм торуна,

Айдалдым Шибер жолуна,
Элебей жүргөн кезимде
Эшен чыкты шорума.

 

АЙДАЛЫП ЖӨНӨГӨНДӨ

Эки колум байлатып,
Элимден кармап айдатып,
Күнөө салды мойнума,
Каршыкты манап жолума.
Каргаша өлүм албаса,
Кайрылып келсем ордума,
Чыксам сологойдун оңуна,
Күрсүлдөгөн Дөбөт ай! —
Атакандын Керимбай,
Минсем, кара эшек кылып мойнуңа!
Карагыр, Арым жер калды,
Калың кыргыз эл калды.
Балээлүү ишке кептелтип
Бузуктар салды жаңжалды.

Ажырап менден турушат,
Акыл-эси айран эл
Айдоого чындап мен кеттим,
Аман бол эми, кайран жер.
Кызыл-Үңкүр, Деңдерим,
Кайналба, калган эрмегим.
Кыялдан асты кетпейт го
Кыятка кончу жерлерим.
Сары-Бурчуң, Дендерим
Сандаган сарттар элдерим,
«Сандалтып айдап кетти» — деп

Санаба, калган эрмегим!
Санаамдан кетпей жүрөт го
Салкында, сарай үй тигип,
Саякат кылчу жерлерим
Карагай найза колго алып,
Бел кармашып турушуп,
Керимбай канкор ит менен
Кармашпайт белек бу жайда!
Атадан калган жериме,
Ак шумкар куштай айланып,
Аман келсе алтын баш!
Жазбаган сөздөн жаңылткан
Жалакордун боору таш.
Жалгандан колум байланып,
Жаралуу көздөн акты жаш.
Агаин тууган калың эл
«Аман бол» деймин өзүңдү.
Ажалга берди зулумдар
Айнектен тунук көзүмдү.
Ырайымсыз бу жоодон
Алсам деймин өчүмдү,
Албарсты баскан эмедей,
Арам пейил Керимбай,
Алсыратсам өзүңдү!
Улуу-кары, кичи-жаш,
Угуп кал айткан сөзүмдү:
Туткундан келсем бошонуп,
Тууганыма кошулуп,
Душмандан алам өчүмдү,
Тубаса макоо Керимбай,
Турпактай чукуйм көзүңдү.

 

КЫЙЫНДЫК ТҮШТҮ БАШЫМА

Кыйындык түштү башыма,
Шириндиги болбосо,
Аманат жалган дүнүйө,
Ар кимге болбойт ашына,
Күнөсү жок, залимге
Кармалып кетип баратам,
Ой эми, каяктан келдим калкыма.
Алганымды томсортпой,
Жалгыз уулум Топчубай,
Баламын өңүн бозортпой,
Ак тузуң тартсын артыма,
Чың этип чымын учпаган,
Көк уюн көгөн тытпаган,
Жайлоом Арым, Суусамыр
Жайыты кенен жер калды,
Жалпы кыргыз эл калды,
Күнөсү жок, сурабай
Айдап кетип баратат,
Күндө салып мойнума,
Кыл чылбыр салып колума,
Кармап кетип баратат.
Өрдөк учуп коно албас,
Көлгө кетип баратам,
Өлгөндө добуш угулбас,
Чөлгө кетип баратам,
Жети атам тууп көрбөгөн
Жерге кетип баратам.
Жазыксыз жашты кармады,
Жараткан башка салганы,
Аркамда жалгыз баламдын,
Атасынан айрылып,
Армандуу күндө кайгырып,

Ичинде калды арманы.
Толгон кыргыз калың эл
Жети атам кадам койгон жер,
Мен элиме келгенче,
Калкала жалгыз баламды.
Балыкты менен Мазар-Суу,
Кудайым сүйгөн Кутчу-Суу,
Атамдан калган алтын туу,
Анык чоң күч бар болсоң,
Ата арбагы жар болсоң,
Аркамда Эшмат, Топчубай
Асыра ини, баламды.
Тулпарын минип туу аштап,
Душманым келди жол баштап,
Туз насибим үзүлүп,
Тууганым, сенден ажырап,

Түрмөгө кеттим кыйгачтап.
Топтоп чыккан Кара-Тыт,
Токтогон жерим Балыгурт.
Жай жегеним сары май,
Жай жайлоом Карабай,
Жайытың тулаң малга жай,
Киндик кесип кир жууган
Атанын журту калды деп,
Алкымдан өтпөйт ичкен чай.
Ажалга кетип баратам,
Асырай көр, бир кудай!
Жалгыз-Өрүк, Белек-Таш,
Жалгаган жерим калды деп,
Жашып агат көздөн жаш,
Абалдан насип бар болсо,
Ат башы менен эр башы,
Кай жерде калбайт алтын баш.
Токтобек менен Белек-Таш

Токтогон жерим сен калдың.
Токтобой агат көздөн жаш.
Тозоктуу күнгө калды окшойт,
Томуктай болгон алтын баш.
Балдары бараң аткан жер,
Баркатта жаткан жер
Балапан багып чоңойткон
Аман калчы, кайран жер,
Көк-Мойнок, Шили, Кыркырак,
Көлөкө майдан, көк шибер
Көөнүмөн чыкпас буркурап,
Ак кептер учту пар калды,
Коёнек жүрчү сай калды.
Ай тийбес аска жар калды,
Көтөрөт экен буюрса,
Насипке кудай салганды.
Балдары жорго минген жер,
Келини торко кийген жер.
Сар-Чечекей, Жыланды,
Аман калгын, кайран жер.
Душманга кеттик кармалып,
Залимге кеттик айдалып,
Отуз төрт жашта оюлдум,
Ой-Конуш менен Моюдум,
Ойногон жерим калды деп,
Ок тийгендей чоюлдум.
Алтымыш киши айдалды,
Аркамдан жетип кармады,
Кудайдан коркпос залимден,
Асыра кыргыз арбагы,
Ажыдаар жаткан дабандан
Ашып кетчү бел кайда?
Аябай жанды сенден деп,
Каарданып камчы уруп,
Айтышып келчү эл кайда?

Аралаш бооруң болбосо,
Кайрылбайт экен мындайда.
Караны, акты билбеген,
Касамкор зулум турбайбы а!
Жетим уул, тул катын,
Арзын айтып ыйлаган,
Адамга зыян кылбаган,
Алты кетмен чапканда,
Аттай салы кулаган,
Айланайын Шамшыкал,
Асырай көр баламды
Азуусу кандуу шумкардан,
Арбашкан зулум булардан.
Боздоп калган апамда
Кайгылуу болуп жүрбөсүн.
Карыптык тартып жүдөсө,
Кас санашкан күлбөсүн.
Кереге кестим салаалап
Кеттим Кабак аралап,
Кедейге душман көп эле,
Кеткен бойдон келбейт деп,
Кеп кылгандар табалап.
Калың менен кармалып,
Кабак жол кеттим айдалып.
Касташкан душман көп эле,
Кармалды, кайтып келбейт деп,
Калгандыр бизди табалап.
Алеги жок шай калды,
Аркамда жарды эл калды,
Асыйга жаңы толду эле,
Ак туяк күлүк мал калды.
Алганынан ажырап,
Алынан тайып калтырап,
Алганым Тоту жар калды,
Кыпкызыл өңү бозоруп,

Атасынан ажырап,
Аркамда Топчу ал калды.
Чыттан көйнөк, чыт ыштан,
Башымда көргөн бир доорум,
Чабар камчы,сүйлөр тил,
Аркамда иним Эшматым,
Кантти экен жалгыз бир боорум?
Сыр айтпаймын душманга,
Зыркырап сынды бир колум.
Ак туяк эле мингеним,
Ак сүтүн берип эмизген,
Апакем калды үйдөгүм!
Алдап тамак жегизген,
Эмчегин ширин дегизген,
Үч маал ак сүт эмизген,
Апакем кантип калды экен?
Душманга чала дегизбең!
Кум-Кыя алыс кулан жол,
Кучакташып бирге өскөн,
Курбу-курдаш аман бол.

Айдалып кеттик алыс жол,
Азилдешип ойногон,
Ак гүлдөй жаштар аман бол.
Эр өлтүрүп, куш тартпай,
Нар өлтүрүп, пул тартпай,
Кылмышы жок, неси жок,
Кандайлыктан тарттык шор?
Жоргосун аттын мине өскөн,
Тоюнда торко кие өскөн,
Толкуган кыргыз, аман бол!
Айлаңар барбы алууга —
Ак болоттун мизинен,
Жыландын заар тилинен,
Артымдан жетип кубалап,

Арбагың барбы, көп кыргыз,
Ажыратып калууга?
Уругум кыргыз калың эл,
Улуу Кум-Бел, Кичи-Бел
Урматтуу элим сен калдың,
Аман бол эми, кайран жер.
Алтымыш киши кармалып,
Айласын таппай таң калып,
Амандашпай, коштошпой
Ага-иним калды саргайып,
Ок жаңылган куландай,
Куйругун үзгөн жыландай
Тууганым калды шалдайып,
Туткун кылып карматып,
Душмандын көбүн талкалап,
Туурамжы кылып койдук деп,
Душманым калды дагдайып,
Кашаты бийик жарсыңбы,
Карасам заман тарсыңбы?
Касам урбай, дарт чалбай,
Кармалып кетип баратам,
Биз бечара карыпты
Калкалар, кудай, барсыңбы?

 

АЙЛАНГАН ТООНУН БҮРКҮТҮ

Күн тийбес тамда жатамын,
Күч кетип, эс ооп, алсырап,
Алдымдан нымдуу сыз өтөт,
Айласыз жатам жалдырап,
Козголор менде дарман жок,
Кол, бутта кишен шалдырап,
Тим жатсам дале сабашат,
Тил билбей солдат балдырап,
Арачалар адам жок,
Аябай эстен тандырат.

Айланган тоонун бүркүтү
Ак жерден торго чалындым.
Комузду күүгө келтирген
Колума кишен салындым.
Ойлонуп түшкө кирбеген
Көркоолорго багындым.
«Айланайын, тийбе» — деп,
Айласыздан жалындым.
Кысталгандан өлсөм дейм,
Кымбатын кыйбайм жанымдын.
Күү чертип, эркин сайраган
Күкүк элем, наалыдым,
Күжүрмөн тынбай чуркаган
Күлүк элем, талыдым.
Кор болбой турган алтын баш
Күйүттө жүрүп карыдым.
Көз жашын эстеп, ич күйөт
Сүйүшүп алган жарымдын.
Он жашар жалгыз баламды
Ойлонуп күндө сагындым,
Зарлантып койгон күнөөсүз
Заманага таарындым.

 

УШУНДАЙБЫ СУРАГЫҢ?
(Түрмөгө бир улук киргенде Токтогулдун ырдаганы)

Арыз айтам, кулак сал,
Калааны билген улугум.
Мен бир туткун мусапыр,
Алдыңда зарлап турумун,
Ажырап калды аркамда
Тирүүлөй жетим кулунум.

Эр өлтүрүп, кун тартпай,
Элимден келдим айдалып.
Эчтеме кылган күнөөм жок,
Эки колум байланып,
Куулуп келип жатамын,
Кур азапка кармалып.

Кармады мени Керимбай,
Каршылык менен каралап.
Алыстан келдим айдалып,
Кара жолдон, көп элден
Кайыр сурап, аралап,
Колу, бутум байланган
Али жүрөт жаралап.

Менин айткан сөзүмдү,
Улугум, уксун кулагың.
Азапта жүргөн адамдын,
Ойлосоң боло убалын.
Айдалып жүрүп нечен күн,
Каруум кетип турамын.
Аркама колум байланды,

Амал жоктон чыдадым,
Ак кишини айдамак,
Алал жерден кармамак,
Ушундайбы сурагың?

Улук болсоң, карагын!
Мага окшогон карыпты!
Адилет болсоң, көрсөткүн
Тие турган жарыкты,
Текшерип көрсөң болбойбу,
Жалган менен аныкты!

 

АЗАПКА ТҮШТҮ ӨМҮРҮМ
(Токтогулдун айдоодо бара жатканда жолдо ырдаган ыры)

Ой, дүнүйө, жалганы…
Кантип чыгат көңүлдөн,
Карып болгон көп журтум
Боздоп ыйлап калганы,
Караңгы күн кайгыны
Кузгундар башка салганы.
Куу дүнүйө.жалгансың,
Букараны боздотуп,
Кайгыны башка салгансың,
Күнөөсү жок адамды
Күн көрсөтпөй айдайсың.

Күнөөсүз түштүм байланып
Керимбайдын колуна.

Жөө түштүм сандалып
Ат жетпеген жолуна,
Чын эле кордук эмеспи,
Чынжыр салды колума,
Тил билбеген солдаттар
Түшүп алды соңума,
Жашабасын Керимбай,
Чыккан го менин шорума

Шылдыратып бутума
Чыгарбай кишен салышты,
Кадыры сиңген калың эл:
«Булбул Током кетти» — деп,
Буркурап ыйлап калышты.
Кайран жаным кор болду,
Кайдан табар экемин
Кадырлашар таанышты
Пенделик түштү башыма,
Ачкадан жаагым карышты.

Амалсыздан бет алдым
Жетпей турган алысты.
Оюма алып жүрөмүн
Айланып элге барышты.
Теңчилик кылып күнадыр
Текшерген жок арызды.
Элимден чыккан Керимбай
Эзелден мага жабышты…

Эки колум аркада
Карыштыра байлады.
Эсил башым кор болду,
Элсиз жакка айдады.
Комузум жок колумда,
Кор болду жаным жайдары,

Толкуган суудай ташыды
Токтогулдун арманы,
Адилеттик кылбастан
Азапты башка салганы…
Жаак менен кызыл тил
Жаңшап ырдап сайрадым,
Куугунтук көрүп душмандан
Курушуп барат айдалым.
Ажыратып эркимден,
Алыс жакка айдадың.

Аркамда солдат балдырап,
Жайымды айтсам тил билбейт.
Жезитте1 колум байлануу,
Же тилдебей тим жүрбөйт.
Коркутуп айдайт теминип,
Бутумдагы кишенди
Чыгарууну бир билбейт.
Камчылап айдайт, кашайгыр,
Айтпады атка мингин деп.
Күнү-түнү тынчытпай,
Шаштырып турат жүргүн деп..

Кайгыда жүргөн карыпмын,
Билбеди зулум жайымды.
Улутунуп үшкүрөм,
Укпады менин зарымды.
Унутпасмын өмүрдө
Жонума салган тагыңды…
Карып болуп кайран жан,
Кир басты кызыл өңүмү.
Азаптан башым кутулбай,
Ачпадым жарык көңүлдү.

Чулдураган солдаттар
Билбейт го менин жөнүмдү.
Азап менен өткөрдүм
Айдалып жүрүп өмүрдү.
Көзүмдүн жашы мончоктоп
Көкүрөккө төгүлдү.

Эки бутум тушалуу,
Арбыбайт баскан кадамым.
Жанымда жок жардамчы
Кайрылар жакын адамым.
Жүрөгүм күйүп өрт болуп,
Ачылбайт менин кабагым.
Жылаңайлак таш басып,
Тамтыгы жок таманым.
Эки колум кишенде,
Амалым жок барамын…
Көзүмдүн жашы көл болуп,
Жаш баладай ыйладым.
Арасы алыс жол экен,
Жан тынымын кылбадым.
Жарым кесе жармага
Жайымды айтып ырдадым.
Ушунча тартып кордукту,
Эмне жазык кылгамын?

Сурадым элден жарманы,
Токоңдун кетти дарманы.
Кыйын экен мусапыр
Тааныбаган адамдан
Тамак сурап барганы.
Айткан менен арылбайт
Азаптуунун арманы.
Айдоодо жүрүп кор болду,
Элинде булбул жайдары.

Эсинен чыкпайт Токоңун
Элинен алыс калганы,
Азап көрүп булбулуң,
Арманын айтып зарлады.
Сары оору кылып айдаган
Солдаттын тийбейт жардамы.

Пенде болуп жол бастым
Комузум жок колумда.
Армандуу көңүл ачылбайт
Сибирдин алыс жолунда.

Кер сары болуп сагындым,
Кетмен-Төбө жерим ай,
Карып болду угулбай
Кайран сонун кебим ай.

Кайда калдың адашып,
Күйгөн оттой демим ай.
Айдоодо жүрүп бөкчөйдү
Ийилбес менин белим ай.

Жазыгым жок, кантейин,
Жазаны тартып жүрөмүн.
Чынжыр менен байланып,
Жара болду билегим.
Жатпай жүрүп күнү-түн
Жамандыктан жүдөдүм.

Жалпы элимден адашып,
Жалындап күйөт жүрөгүм.
Жалынган менен таппадым
Жардамчынын бирөбүн.

Жаралуу билек сыздады,
Жалганда жок бул кордук,
Кантала менен бүргөдөн
Каруубуз кетет таланып.
Жер казабыз муңдуулар
Керээли-кечке сандалып.
Кетмен, күрөк дапдаяр
Колго берет камдалып,
Кечинде кайта камалып,
Мылтыктарын төшүңө
Кесеп турат солдаттар
Кезүүлөшүп кайтарып,
Балыгы сууда чалкыган,
Куулары көлдө калкыган,
Улары тоодон үн салган,
Кийиги зоодон тынч алган,
Бугусу кирип чакырган,
Элиги черде бакырган,
Жайлоосу жашыл жибектей,
Жери жумшак балкыган,
Токоюн жашыл бүр алып,
Булбулдары таңшыган,
Жыпар жыттуу асыл жер,
Жетемби сага, кыргыз эл?
Кайра барып көрөмбү
Же айдоодо жүрүп өлөмбү?
Жүрөгүм толгон кайгы-зар,
Ак элем, күнөөм кечилбей
Ар кимдин оозун караймын
Атасы өлгөн жетимдей.

 

БОШ КОЙ БИР АЗ КОЛУМДУ!

…Төрөлүк кылсаң, бош койгун,
Чынжыр салбай, колумду.
Эр өлтүрүп койгонсуп,
Катырдың мынча шорумду.
Мен жеримде экенде
Булбул элем таңшыган.
Бүгүн колум бош күнү
Муңдуулар угуп жашыган.
Бук болуп тышка чыга албай
Жатат ыр, күү ташыган,
Бош кой бир аз колумду.
Чыгарып ичтен муңумду
Сайратайын булбулду,
Түшүнсөң кана кургурду…

 

ТУТКУН ЫРЫ

Жаралдым беле насипсиз?
Кармалып келдим жазыксыз.
Жорго элем жолдон жаңылбас,
Жорток болдум басыксыз.

Туулдум беле насипсиз?
Тутулуп келдим жазыксыз,
Дубанды бузган жорго элем,
Топор болдум басыксыз.

Манаптар сага не жаздым?
Басынып элден адаштым.
Бутумда кишен шалдырап,
Мусапыр болуп бастым.
Кор кылдың, залим, кантейин?
Кошогумдан адаштым.
Капаска түртүп ийгендей
Кайсыныңды талаштым?

Жыйырма*беш жылга кесилип,
Чынжырга бутум тешилип,
Жыгыламын басалбай
Жыңайлак таман эзилип,
Аман кетер бекемин
Азаттык күнгө кезигип?

Болуштан келдим кесилип,
Бозоруп жүрөм эзилип,
Боздотуп урат баспасам,
Бүткөн бой терге тешилип,
Бошонор күнүм бар бекен
Боштондук күнгө кезигип?

Укпадым элдин кабарын,
Күмөндөр тирүү табарым,
Айдалып жүрүп мен өлсөм,
Көмүлбөй жолдо каламын.

Күйүткө салдың, залимдер,
Көрүндү беле залалым?
Көзүн көрөр бекенмин
Күкүктөй жалгыз баламын?

Карыган энем шордуу экен,
Кантип жүрөт болду экен?
Ага-тууган кайрылса,
Ал-абалың мол бекен?

Жайытың жайсыз болгондур,
Жалгызым деп зыркырап,
Жайылып жашың дыркырап,
Койнуңду каптап толгондур.

Кырк миң солдат, мен жалгыз,
Кыжылдайт тилин билбедим.
Кыргыз калкым барындай
Кыялданып күлбөдүм.

Отуз миң солдат, мен жалгыз,
Он ооз тилин билбедим.
Омбудагы түрмөнүн
Ортосунда зилдедим.

Мурутум, чачым алынбай,
Мусапыр болдум мамындай.
Муңайып жүрөм Сибирде
Бошонор күнүм табылбай.

Башыма түштү карыптык
Кара нан жеп, суу ичип,
Кайран жан тартты арыктык.
Көрөр күнүм бар бекен
Шор арылып, жарыктык?

Айдалып элден адашып,
Ал кетип этим көк жашык.
Караңгы тамга камалып,
Каным калды бир кашык.

Карыптык тартып кардым ач,
Агарды сакал, кара чач.
Арылар күнү бар бекен
Армандуу көздөн аккан жаш.

Зар ыйлаткан күнөөсүз,
Залимдердин боору таш,
Кармалып жүрүп мен өлсөм,
Кай жерде калат алтын баш?

Кишен салган атка окшоп,
Чынжыр менен жөө басып,
Кыдыртып айдап күнүгө
Кыйналдым кызыл өң азып.

Чымындай жаным кыйналды
Чым оодарып, жер казып,
Эзилип кайгы шор тарттым,
Эл-журтумдан адашып.

Түрмөдөн аман кутулуп,
Туугандан татсам туз-насип…
Аман-эсен бар бекен
Аркамда калган бир казык?

Күндүзүндө иштетип,
Күүгүмдөн камайт далдага,
Түнүнкүсүн уктатпай,
Түгөттү канды кантала.

Түрмөдө жатып шордуулар,
Түңүлбөй тарттык көп санаа.
Аман бекен аркамда
Тирүүлөй жетим бир бала?

Мусапыр менен муңдуудан
Миллион жатат түрмөдө,
Бүткөн боюн талатып
Кантала менен бүргөгө.

Атылып өлүп кетүүгө
Колго бербейт жалгыз ок.
Караңгы тамда шордуулар
Бошонуп кетер айла жок.

Колго түшүп күнөөсүз,
Кубардың кандуу кызыл жүз.

Ташка тийип кетилди
Далай болот, өткүр миз.

Карып болдуң, кайран баш
Качан токтойт аккан жаш?
Кайраты бар жан элем
Кабыландан жалтанбас.

Муңдуу болдук биз жүдөп,
Мусапырлар бир тилек,
Мендей карып туткундар
Миллиондон көп жүрөт.

Полицей келет балдырап,
Басалбайм муунум дабдырап,
Байлоодо жүрөм күнөөсүз
Панардай көзүм жалдырап.

Жамандыгын ырдайм деп,
Жазыктуу болдум манапка,
Жазыгы жок эченди
Манаптар чапты канатка.

Армандуу энем жүргөндүр
«Ардагым!» — деп жол кауап,
Жалдыратам көзүмдү
Жатсам-турсам көп санап.

Каршылаштык манапка
Өң букара бир тарап,
Айдатып ийди залимдер
Ажалга бизди чын каалап.

Тирүү болсом барганым,
Түгөнөр болсо арманым.
Түңүлдү го ажырап
Тирүүлөй жесир калганым.

Арманыңды чеч, эне,
Ак сүтүңдү кеч, эне.
«Ак кепиндеп, аруу жууп,
Ардагым көмсө» — дечү эле.

Калкымдан аздым көрүнбөй,
Кайгы көп ичтен бөлүнбөй,
Карыган энем сен турмак,
Калармын мен да көмүлбөй.

Калкыма булбул болгондо,
Каруум жетип толгондо,
Камалып жатам алсырап
Кара темир коргондо.

Калкымы көздөй сызууга,
Канатым болсо учууга,
Кара темир коргонду
Каруум болсо бузууга!

 

ТУТКУНДА ЖҮРГӨНДӨ
(Токтогул туткунда жүргөндө мокок балта менен карагайдан комуз жасап алып, туткундагылардын көңүлүн ачканы.)

Балта берди колума:
— Баскын! — деп айдап желкелеп,
Салды токой жолуна.
Айдап барып токойго
Атып салат экен деп,
Ажалым жеткен экен деп,
Ар нерсе кетти оюма,
Жүрөгүм турбай ордуна.

Казак, кыргыз, өзбектен,
Орус менен ногойдон
Карасам адам көп экен,
Кайгы тартып мен өңдүү
Кармалып келген эл экен,
Күнөөлүүдөн башка адам
Келбей турган жер экен.
Чын айтсам, кепке ишенбей,
Жалган кылды сөзүмдү.
Айдоодо жүрүп чаң басты
Нурдуу кызыл бетимди.

Алдырып коёр бекемин
Күйүткө акыл-эсимди?
Торгойдой Токоң тынбастан,
Токойдон каздым дүмүрдү,
Тоту элем элге сайраган
Толгоп чертип күүмдү.
Сандаган кыргыз калың эл
Сагынгандыр үнүмдү.
Азап менен өткөрдүм
Айдоодо жүрүп күнүмдү,
Өлбөй тирүү мен барып,
Көрөр бекем үйүмдү?
Кайтарат солдат кадалып,
Албайт менин тилимди.

Карагай кесем, каруу жок,
Кара суу ичем, алым жок,
Бозоргон суук күн жааса,
Жылуу үйгө баруу жок.
Мен сыяктуу карыпты
Бир адам эске алуу жок…

Калың токой ичинде
Дүмүрдү көөлөп казамын.
Акылы жок айбанча
Токойдо мөгдөп жатамын.

Айта берсем түгөнбөйт,
Көрүп жүрөм азабым.
Кайсы күнү чыгарат
Көкүрөктө капаны.
Алал жерден мен тарттым
Адам көрбөс жапаны.
Сагынып ырдайм ар күнү
Көтөрүп баккан апамы…

Токойдон дүмүр жыйнадым,
Тобунда булбул Токтогул
Торгой жанды кыйнадым,
Адам барбас талаада
Жабыркап жатып ыйладым.

Карагайдан комузду
Балта менен кылгамын,
Булбул элем сайраган,
Комуз жок чыдап турбадым,
Тагып алып чертемин,
Мандалиндин зымдарын.

Кыдырып жүрүп кыйналып,
Таманым жарык чор болду,
Бешенеден арылбас
Мага бүткөн шор болду.

Айдоодо биздей карыптын
Ачылар күнү бар бекен?
Айлына жетип кумары
Жазылар күнү бар бекен?
Азаптан башты калкалап,
Качырар күнү бар бекен?
Карагайдан балталап
Комуз чаптым токойдо.
Түндө чаап албасам,
Күндүз колум бошойбу…

Айдап жүргөн солдаттар
Адамдын жайын билеби?
Комуз чертпей кор болуп,
Токоңдун туйлайт жүрөгү.

Сомдоп алган комузум
Капкагы калың карагай,
«Жаныма жардам» болор — деп,
Черте берем аябай.

Айдап жүргөн солдаттар
Тамашага үйрөндү,
«Адамдан чыккан жорго»деп,
Балдырашып сүйлөдү.
Комузум жаман, сүйлөбөйт,
Балта менен чаптым да,
Кыйнап жүргөн солдатка,
Кылык менен жактым да.
Эригип жүргөн нечен жан
Эрмек менен жүрүшөт,
Ар улуттан келгендер,
Аңгеме салсам күлүшөт,
Булбулдугун Токоңдун,
Мусапыр болуп жүрсөм да,
Түрүмөн таанып билишет.
Жаакка чапкан немедей
Ойноттум го колумду,
Туткунда жүргөн көп элге
Көрсөттүм го сонунду
Айдоодон аман калтырып
Ачар бекен жолумду?

Көрүп жүрөм көз менен,
Мен сыяктуу туткунду,
Далайы ачтан өлгөнүн,
Өлүктөрдү орого
Сүйрөп барып көмгөнүн,
Билген адам түшүнөт
Ушул иштин жөн-жөнүн.

Азабын тартып туткундун
Ача албадым көңүлдү.
Ак таңдай элем сайраган,
Адам билбейт жөнүмдү.
Айран болуп кыялым,
Алда нечен бөлүндү,
Азап менен өткөрдүм,
Айдай толгон өмүрдү.

Иштеп жатат канча адам,
Ачкалыктан жыгылып,
Апта сайын бир төрө
Көрүп кетет кыдырып.
Калган экен кабарым
Ал төрөгө угулуп,
Бир күнү келип тилдеди,
Жин тийгендей жулунуп.

Комузду алып колуман,
Ташка чаап сындырды,
Камап салды жапжалгыз,
Караңгы тамга кургурду,
Карагайдан комузум
Канча жаным кыйналса,
Кардыккан жок добушум.

Комузду алып ырдасам,
Ыйлаттым го муңдууну,
Кыйноодо жүрүп картайды,
Кыргыздын мендей булбулу.

 

КАЧКАНДАГЫ ЫР

Ашуусу бийик көрүнбөс
Белим алыс калды эле,
Атагы чыккан Фаргана
Жерим алыс калды эле.
Сарттар, багыш, көп саяк
Элим алыс калды эле.
Атаны арман күн болду,
Ал-кубатым кеткенде,
Абалым сурар ким болду?

Өзүм жалгыз талаада,
Өлсөм кайда каламын?
Күүгүм кирип, күн батса,
Кайдан жолду табамын?
Алыстан бошоп туткундан
Адашып кетип барамын.

Өлүп калсам, Токтогул,
Кол-бутумдан сүйрөшүп,
Колотко таштап коёт бейм.
Көөмп коёр адам жок,
Карга-кузгун чокушуп,
Кара көзүм оёт бейм.

Айлымды көздөй жол тарттым,
Ак шумкар куштай кагынып,
Алты аркар жылдыз батканча
Алты айланып эмизген,
Айланайын апакем,
Ак сүтүндү сагындым!…
Кетмен-Төбө жериме
Барып өлсөм арман жок,
Керимбайдан кегимди
Алып өлсөм арман жок.
Агайын-тууган, элимди
Көрүп өлсөм арман жок
Амандык сурап колумду,
Берип өлсөм арман жок

 

КАЧЫП КЕЛЕ ЖАТКАНДА

Түндө көрбөй уйкуну
Жүрүп келе жатамын
Жолдон чыккан үй болсо,
Сурап ичип тамагын
Кирип келе жатамын,
Элге жетип калгансып
Көтөрүлүп жүрөгүм
Күлүп келе жатамын.

Комузумдун кулагын
Бурап келе жатамын.
Ар намысты ойлобой,
Эл кыдырып, кайырды
Сурап келе жатамын.

Балта менен сомдогон
Комузум оор карагай,
Ал карагай комузум,
Оокатыма жарады ай.

Айыл болсо, келемин,
Аябай чертип беремин.
Кыз-келиндер чогулса,
Кызыган менин’ өнөрүм.

Кабагым ачып көңүлүм
Каткырып Токоң күлөмбү?
Аркамда калган баламды
Алдыма алып өбөмбү?
Кардым ачып кайгырдым,
Кубатымдан айрылдым,
Адалдан айдап кор кылдың,
Бай-манап, сага не кылдым?
Аркамда калган баламды
Айдоодо жүрүп сагындым.

 

КӨЧӨДӨ ӨЛЧҮ КҮНҮМБҮ?
(Сибирден жөө качып келе жатып, курсагы ачып, бир үйдүн терезесинин түбүнө туруп ырдаганы.)

Калаанын баарын кыдырдым,
Кондурбайт эч ким үйүнө,
Канчалык сайрап турсам да,
Түшүнбөйт айткан тилиме.
Туулган карып экемин
Кайгылуу күндүн түнүндө.
Бир күнү жатар жер таппай

Пааналап тамдын түбүнө,
Кардым ачка, каруу жок,
Калабы жаным тирүүгө?
Кармап берген залимдин
Жамандык кылдым кимине?
«Жакшылап бизди айтпайт»-деп,
Жазгамын кызыл тилиме.
Алымды сурар жан барбы
Айнектүү тамга кирүүгө?
Кор болбой элге жетүүгө
Колумда жок дүнүйө,
Кайыр сурап, жан сактап,
Келе жатам күнүгө.

Бир күнү жатып кетейин
Айнектүү сенин тамыңа,
Сооп болор кондурсаң
Бир чымындай жаныңа.
Же кишини тааныбайм,
Жолотпойт эч ким жанына,
Мен бир жүргөн мусапыр,
Кетип турат алым да…

Айткан сөзүм уксаңчы,
Угуп үйдөн чыксаңчы,
Бир эле түн жатамын,
Мага ырайым кылсаңчы.

Курсагым ач, каруу жок,
Турамын айнек түбүндө
Тил билбеген жан экен,
Олтурат жылуу үйүндө.

Көтөрүм болгон жылкыдай
Ырдап турам калтырап,
Курган жаным кейиди
Курсагым ач алсырап.
Айдоодон аман барамбы?
Айлымды барып табамбы?
Көркөмдүү булбул жан элем,
Көчөдө өлүп каламбы?
Элге жетип кур десе,
Айталбастан саламды?
Уруксат кылсаң бир күнчө
Улагаңа жатайын,
Кейишке башым түштү эле,
Келип турам атайын.

Өнөрүм бар колумда
Бешенеме жаралган,
Эр өлтүрүп, кун тартпай,
Айдалып келдим алалдан.
Ачкалыктан ар жерде
Көз тунарып карарган…

«Баркымды кошуп айтпайт»-деп,
Бай-манап мага кадалган.
Ат жетпеген алысты
Эки жыл басып жол кылдым,
Ардактуу алтын сөзүмдү
Ал жерге айтып кор кылдым.

Карагай менин комузум,
Күүгө келбейт колдурап .
Кардым ачка, каруу жо,к,
Кантсем мени кондурат?

Улар элем сайраган,
Укпайт адам үнүмдү,
Уштап берип душманга
Убайым кылды күнүмдү,
Ар жерге барсам кондурбаит,

Ачкадан өлчү күнүмбү?
Өз элиме жете албай
Өлөр күнүм бүгүнбү?
Көтөрүп баккан Топчубай
Көп эстеп ыйлап жүргөндүр,
Көрөмбү сенин түрүңдү?
Көк чынарда сайраган,
Көрүнөө булбул жан элем,
Көчөдө өлчү күнүмбү?

Жалаа кылып бай-манап,
Жазалуу кылдың башымды.
Көзүмдөн агат мөндүрдөй,
Ким шыпырат жашымды?
«Кеткин» деп кыштак кондурбайт,
Ким билет курсак ачымды?
Ачкадан өлсөм көчөдө,
Ала карга чокуйбу
Алтындай болгон башымды?
Азапка салып сенделтти
Анык булбул асылды…
Ыйлап жүрүп өткөрдүм
Ышкылуу өмүр жашымды..

Кардым ачка каруу жок
Каршы кылдың өлүмдү,
Кайта көрбөйт экенмин
Кадыркеч, курдаш теңимди?
Кайгы менен өткөрдүм
Кайран жаштык өмүрдү.
Кашаты ак кар тоосу бар
Калың кыргыз элимди.
Каргадай болгон Топчубай,
Кайрылып көрбөйт экенмин,
Карегим, сенин өңүңдү?

Кайрылар тууган менде жок,
Кармап берген залимден
Кантип алам кегимди?
Кара көздөн аккан жаш
Кара суундай төгүлдү.
Жан күйөт, издер тууган жок,
Жалгыздыгым билинди,
Жаралуу аркар кийиктей
Жалдыраган күнүмбү?

Адаштым акыл, жоргомдон,
Аягым түлөп, чор болду,
Адамдын көөнүн эриткен
Акын Токоң кор болду,
Аралап издеп таппадым
Бир күнү жатар коргонду.
Алым жетпейт, кантемин
Айткан залим зорлорду
Азаптуу күндө мен көрдүм
Алты айлык Сибирь жолдорду,
Ар жерге барсам кондурбайт,
Ачкадан өлчү болжолбу?
Келерге издеп бала жаш,
Кетпеген мээнет шор болду,
Аман көрөр бекемин
Аскалуу жайлоо, тоолорду?
Күкүк элем сайраган,
Күлүк элем талбаган.
Күлпөтү болуп дубандын
Гүлү элем элдин жайнаган.
Күлдү залим бузуктар
Күнөөсүз кармап айдаган,
Күү чертчү кайран эки кол

Күндө бекем байланган,
Күнөөсүз жаттым түрмөдө,
Күн көрбөй көзүм жайнаган.
Кайгырып ыйлап жүргөндүр
Каргадай балам-чырагым.
Калаага келсем кондурбайт,
Кардым ачка, кубат жок,
Кайгырып ыйлап турамын,
Калкты эриткен кайран тил,
Уруусу башка калаадан
Уялбай кайыр сурадым.
Айдаткан залим оңбосун,
Айласын кандай кыламын?

Жылаңайлак жол басып
Жарылды менин таманым,
Күнгө күйүп эзилди
Күзгүдөй тунук жамалым.
Убайым тарткан энеме
Угулду бекен кабарым?
Ачкалыктын зарпынан
Ар жерде кыштак үйлөрдү

Бирин койбой санадым.
Убайын көрбөй каламбы
Урматын жалгыз баламдын?
Азабын тартып нечен жыл
Бай-манап кылган жалаанын,
Калаалык келсем кондурбайт,
Кай жерде өлүп каламын?

Айланып өрдөк учпаган
Көлгө бардым, кайран жан,
Атам тууп көрбөгөн
Жерге бардым, кайран жан.

Ак куулар учуп жетпеген
Чөлгө бардым, кайран жан,
Айыбы жок, каптаган
Селге бардым, кайран жан.
Кайрылып өрдөк учпаган
Көлгө бардым, кайран жан,
Кабарын угуп көрбөгөн
Жерге бардым кайран жан.
Канаттуу куштар жете албас
Чөлгө бардым, кайран жан…

 

ЭРИКТИМ ЭКИ АЙ ЖОЛ ЖҮРҮП

Эриктим эки ай жол жүрүп,
Эзилдим таштак кыяда.
Эсил жан сени шор басып,
Келе жатам пияда.
Кейпимен тайдым бузулуп,
Кейиште турам кысылып.
Эт кетти, тери жыртылып,
Кыйналды го шордуу жан,
Жыртылды таман кыркылып.
Күүгүм кире, күн бата,
Элдин алды жуп жата
Таягымды таянып,
Талайт деп итин каранып, ?
Бардым бир Жомалай деген адамга.
Бир чымындай жанымдан
Жамандык ишти күтпөдү,
Катыны менең баласы
Бешенемди тиктеди.

— Көрүнөсүң мусапыр,
Бер келип оокат ич-деди.
Көөнүмө кайгы толтуруп,
Капшытында үстөлгө
Көчүгүм коюп олтуруп,
Жай алдырып жанымды.
Эч жазыгы жок туруп,
Кесепеттүү залымдар,
Кетирдиң кубат-алымды.
Таалайыма табылган
Барганым жакшы киши экен,
Үмүт бир кылдым жаныман.
Кубанып тердеп олтуруп,
Комузумду колго алдым,
Шаңкылдатып күү чалдым,
Мурунтан комуз укпаган
Бардык айлы чогулуп,
Мусапыр кайдан киши деп,
Жабылып тиктеп калды да.

Жакшы көрүп, кубанды
Өнөрпоз келип алдына.
Айылдын элин чогултуп,
Баары келип жабыла,
Эки сомдон, бир сомдон
Берип жатат аны да.
Үч ай жаттым ал жерде,
Жан кыйнаган тамандын
Жарыктары бүткөнчө.
Унутулуп азганым,
Убайым-кайгы тартканым,
Оюн-күлкү баштадым,
Туурасынан жарылган
Туурук шордуу бутумдун
Жарыктары бүткөнчө

Үйдөн чыгып баспадым.
Жылан чакпай кыйналып,
Өлүп бир кала жаздадым.
Жазыксыз жанды манаптар
Жамандык күнгө таштадың
Үч ай, үч күн болгондо
Керкимди тетир аштадым.
Кетсемби дей баштадым.
Тузун таткан жер менен,
Тууган болгон эл менен
Амандашып, коштошуп,
Кайтсамбы дей баштадым.
Жомалай деген адамга
Эртең менен кеп айттым,
Мен жөнөйүн деп айттым.
Айылда казак бар экен,
Тилмеч болгон
Чыкырып алып жамаатын,
Кайран эр өлүп калбасын,
Бергиле деди кайырды,
Түшүндүрдү барына
Менин ал-жайымды.
Эптеп-септеп беришет
Эшикте турган көп жыйын
Эки теңге, кырк тыйын.
Элимди издеп табалбай,
Эптеп алган мен кыйын!
Алты теңге, кырк тыйын
Жолуна кубат болсун деп
Чогултуп берди ал жыйын.
Комузумду колго алып
Кубангансып кеп айттым.
Кош, Жомалай, деп айттым.
Жомалай келди жаныма,
Беш-алты нан чогултуп,

Салып койду кабыма.
Талаада жүргөн мусапыр
Сыйындым жазуу багыма.
Жомалай деген жакшы адам
Кайрылып тиктеп кеп айтты.
Азыгың мол түгөнбөйт,
Алты күнү жол жүрүп,
Эл табасың деп айтты.
Алды жакта сөз угар,
Кара калпак, кең чалбар,
Кайрымдуу казак эли бар.
Конуп, түнөп казакка
Калкыңа баргын деп айтты.
Зыкымын коюп, аш берер,
Мартына баргын деп айтты.
Өлбөсөң оокат кыларсың,
Элиңе жетип кубанып,
Балдарың менен турарсың…
Эки басып, бир басып,
Элди карай жөнөдүм,
Ойлодум: «өлбөй көрөрмүн»,
Жыйырма төрт күн дегенде,
Орун алып мен бардым
Улуту казак элине,
Кыскага узун уладым,
Жан курусун чыкпаган,
Жакшы адам ким сурадым.
Жомалайдын элинде
Итке чегип чананы
Алганын көрдүм алардын.
Иттери койду кайтарып
Барганын көрдүм алардын.
Бугуга чегип чананы
Алганын көрдүм алардын.
Ак коюн ити кайтарып,

Барганын көрдүм алардын.
Былдырашып сүйлөгөн,
Түшүнүп тилин билбеген,
Чалдарын көрдүм алардын.
Эч айламды табалбай
Калтырап кетти дарманым.
Жерге жетип, эл менен
Эсендешер бекем деп,
Ичимде турду арманым.
Ат-араба почтовой
Мингенин көрдүм алардын.
Божурашып сүйлөшүп,
Жүргөнүн көрдүм алардын,
Өрдөк моюн, кумар көз
Сүйгөнүн көрдүм алардын.
Каргадай башты жүк басып,
Калтырап кетти дарманым.

 

КАЗАК ЖЕРИНДЕГИ ЫР

Салам айтып турамын
Бир тууган казак жалпыңа!
Самтырап турам мусапыр,
Сагынган менен жеталбай,
Санжырга кыргыз калкыма.
Азамат элем элимде,
Арызым айтып калайын.
Агайын калкым силерге.
Ала-Тоо кыргыз калкымда
Токтогул акын мен элем
Тозоктон чыгып жөнөдүм,
Тозоктуу зулум пашанын
Орунан качып келемин.
Салтанат кыргыз калкыма
Сайраган булбул мен элем,
Сандалып туткун жолунда
Сапар тартып келемин.
Калкың кыргыз элимде
Кайраттуу булбул мен элем,
Капас жолдо Токтогул
Кайырчы болуп келемин.
Улуу жүз казак туушкан,
Уккула менин муңумду.
Көрсөм деп качып баратам
Карегим жалгыз уулумду.
Каркыра, Жайсаң жериңе,
Көксөйүн бир аз муңумду,
Көрсөм деп кетип барамын
Көркөм кыргыз туурумду.
Токтогулду курутуп,
Карып калган замана,
Карабаган чамама.
Жетим кылган замана,
Жеткизбей тилек санаама,
Жеталбай, тентип талаада
Жетим калган балама
Жеткиз деп кетип барамын.
Жетсем деп күйүп барамын.

Бир кезекте мен дагы
Комузду тилге келтирген
Коргошундай жан элем.
Буралган кырчын тал элем.
Түптүү калктын тили элем,
Топ жыйындын гүлү элем,
Акын элем жашымдан
Айтып көргөн ар сөздү

Аткан октой башынан.
Айтып сөздү сүйлөсөм
Ала-Тоо муңу жазылган,
Асылган душман башынан.
Кулак сал, казак туушкан,
Сүйлөйүн, жаке Жамантай,
Эшиткин, курдаш Узакбай.
Эрмек болуп берейин,
Карыя Сарсенбай.
Кимдин жайын ким билет,
Бир азыраак иш кылбай,
Сүйлө дедиң, сүйлөйүн,
Азамат жигит, элиңде,
Сулайман менен Эсентай.
Жапан жүргөн мен шордуу
Жаза көрдүм ушундай.
Өз жайымды айтайын:
Туурда жалгыз туйгунмун,
Бутакта жалгыз булбулмун,
Азапка тууган кургурмун
Адашып жүргөн муңдуумун.
Агайын казак калкыма
Арыз-арманым козгоюн
Зулум падыша Николай
Сурабай көздү жаш кылган
Шылдыратып кишенин
Зынданга байлап жаткызган.
Сибирге айдап, шордотуп,
Зилдетип мени пас кылган.
Сибирде тоңуп өлсүн деп,
Жылаңаяк, жылаңбаш,
Токойдон дүмүр каздырган.
Омбудагы түрмөдө
Камап жатты отуз ай

Залим паша Николай
Солдатына урдуруп,
Зар какшатты ушундай.
Аттай кылып адамды
Чанага кошуп көндүрдү.
Оролдук казак Осмонду,
Орусча сөздү билет деп,
Ак төрө атып өлтүрдү.
Арстан эле Осмонум,
Көрүндө туруп көмгөмүн.
Казактан чыккан жан эле,
Кабылан сыны бар эле.
Оёз менен кармашып,
Ак жеринен кесилген,
Орусча окуп, тил билген,
Окумуштуу жан эле.
Айтайын заман зулумун
Айдалып жүрүп, Токтогул,
Алыс жерде курудум.
Адамзат пенде көрбөгөн
Көлгө бардым, Токтогул.
Жапан жаткан саргайып
Чөлгө бардым, Токтогул.
Кайберен басып жүрбөгөн
Зоого бардым, Токтогул.
Оролдогу ормондуу1
Тоого бардым, Токтогул.
Тирүүлөй түшүп тозокко
Жондо калдым, Токтогул.
Туткундарды күлдүрүп
Жорго салдым, Токтогул.
Байкал көлү жанында
Тордо жаттым, Токтогул.
Адамга каршы башынан
Жоодо жаттым, Токтогул.

Он жылы жатып түрмөдө,
Канымдын баарын сордурдум,
Кантала менен бүргөгө,
Талаада жатып үшүдүм,
Ачкалыктан шишидим.
Карайсың мени таңданып,
Казак калкым, жарданып.
Кечеги болгон тоюңда
Турдум четте арданып.
Түрмөдөн качып келдим деп,
Айтамынбы жар салып.
Той башкарган Дован бий
Өлөң айт деп шылдыңдайт,
Жинди го деп мыңкылдайт.
Кошоматчы акындар
Андай тойдо жылтылдайт.
Жардам кылды ал күнү
Жакеси жакшы Сулайман,
Жакшылык көрсүн Кудайдан.

Айланайын туушкан,
Адилсиз заман куруткан,
Бир кезекте мен дагы
Булбулдардын бири элем.
Жашыман бери бар эле
Кызыл тилде өнөрүм.
Түгөнбөгөн кен элем,
Кызыл тилде өлөңүм.
Комузчу жигит мен элем
Коңур тоо кыргыз жеринде.
Жүйрүк элем талбаган,
Кызыл тилим сайраган.
Кызык өлөң чыгаргам
Кыз-келинге арнаган.
Бул кезекте карасаң,
Айылга келсем ит үрөт,
Кайырчы болуп баратам.
Үстүмдө бүтүн кийим жок,
Жамачылар самтырап,
Талаада үшүп калтырап,
Ар кимден сурап Кудайы,
Келе жатам жалдырап.
Кийгеним чарык тешилген,
Бүткөн бой терге эзилген,
Ыйлап жүрөм мусапыр,
Жыйырма беш жылга кесилгем.
Аягөз, Семей калаасы,
Ала-Тоо кыргыз арасы
Алыс экен казак эл,
Омбудан бери жөө келем
Орус жерин аралап,
Байкалда сексен тешкен тоо,
Басып өтүп келатам.
Жолдо тосмо көпүрө,
Качып өтүп келетам.
Канатым казак туушкан,
Кабар ал менин муңумдан.
Барың келип турасың,
Жашырбастан айтайын
Болгон иштин ырасын.
Тозок тарткан Токтогул
Жоргосу жок турамын.
Токойлуу жерди аралап
Тогуз ай болду качканым.

Айдалып келип болуштан,
Агаин таптым орустан
Тутулуп келип болуштан,
Тууган таптым орустан.
Боорукер эл оруска
Комуз чертсем орусча,
Жай беришти конушка.
Кондурбай кууду ууру деп,
Казактан чыккан Бурулча.
Бай болсо да Бурулча,
Куну кеткен ушунча.
Айдалып жүрүп туткунда
Бир тууган таптым орустан,
Солдаттар мени тилдесе,
Харитон, Семен болушкан.
Асыл Токо качкын деп,
Элиңди эсен тапкын деп,
Эзилип жүргөн гуйгунсуң
Элиңе ырдап калгын деп,
Эрмегиңе баргын деп,
Айланайын Семенум
Акыл айтты безилдеп.
Ачкычын таппай Харитон,
Мойнумдагы чынжырды
Семенум бурап сындырды.
Кусейин ыйлап бышактап,
Харитон өптү көзүмдөн.
Кайта-кайта кучактап,
Семен менен Кусейин
Комузду берген колума,
Азаптан орус бошотуп,
Аманат салды жолума.
Айрылганда Семенум:
— Адил заман келет — деп,
Тилегиңди берет — деп,
Зулумдун торун үзөт — деп,
Ак падыша жыгылып,
Акыры тактан түшөт — деп,
Акыры заман оңолуп,
Ак, караны билет — деп,
Боштондук колго тиет — деп,
Айланайын Семенум:
Айлыңа аман кайткын — деп,
Айлыңа барып айткын — деп,
Аманат сөз тапшырды.
Кайыкчыга кат жазып.
«Тез жөнө!» деп шаштырды.
Алты күн жүрүп акмалай,
Кайыкка келдим кат алып.
Кайыкчы орус жигити
Окуп көрдү бат алып.
Дарыядан өткөрдү
Кайык менен түн катып.
«Аман-эсен баргын» — деп,
Акча берди жыргатып.
Агайын казак туушкан,
Азап көрдүм болуштан.
Аталап таптым орустан,
Айылдан чыккан зулумдар
Ары экен деди доңуздан.
Карматып мени ак жерден
Каргаша болуп асылган.
Айлымдан чыккан беш каман,
Доңуз тууган атадан.
Артымдан түшүп каралап,
Ак падышачыл төрөгө
Акча берди паралап.
Каардуу душман айдады,
Карагат көзүм жайнады.
Омбуга чейин барат деп,
Колу-бутум байлады.
Уруп солдат желкелеп,
Убайда жүрдүм энтелеп.
Үй көрбөдүм он жылы
Ак жеримден темселеп.

Туура сөздөн танбагам,
Бөлүнүп элге сайрагам.
Көралбастан тилимди
Бөйөн, чаян арбаган.
Ошон үчүн кузгундар
Артымдан түшүп калбаган.
Чыккан кыргыз жергеден,
Чапса байге бербегем,
Күлүк элем тер жеген.
Качып чыгып шордуу мен
Калкыңа сайрап турамын,
Ак падыша Николай
Адил кылбай сурагын.
Ойрон болгон заманда
Жетим, жесир ыйлаган,
Момун шордуу куураган.
Малай болду нечендер
Баш көтөрүп турбаган.
Каргыш тийген замана
Какшаганга карабайт,
Зарлаганды сурабайт.
Мени, Жаке, сурадың,
Сандалып турган убагым.
Эл экенбиз башынан
Казак, кыргыз бир тууган.
Туушкан элди бөрүлөр
Бир-бирине кас кылган.
Бул замандан мурунку
Кыргыз элде арман көп,
Молдолор сөздү көп айтат,
Сөздөрүндө жалган көп.
Манаптар элди бийлешип,
Карыптарды кул кылган,
Катындарды тул кылган.
Кендирин кесип жетимди,
Байгеге сайган жесирди.
Эшиткен элем, Сарсенбай,
Ормонхан менен Абылай
Калкты кырып өттү деп,
Уккандырсың, Жакетай,
Кененсары, Норузбай
Далайдын канын төктү деп.
Сулайман иним, сурадың:
— Аталаш тууган барбы? — деп.
Атадан жалгыз мен карып
Азабым көп, кайгым көп.
Энеден жалгыз бала элем,
Тотудай сайрап үн салган
Тили булбул жан элем.
Атадан калгам жашыман,
Армандуу болгом башынан.
Асыл энем тирүү бар,
Аны да басты кайгы-зар.
Алган жарым бар эле,
Жыргалым жалгыз бала эле.
Ботосу өлгөн ингендей
Энем боздоп ыйлаган
Чырагым уккун, Сулайман,
Жоо душмандын колунда
Жабыр көрүп арыдым.
Жол тартып жүрүп карыдым.
Ак калпак кыргыз калкымды
Айдоодо жүрүп сагындым.
Ала-Тоого жетсем деп,
Алда таала Теңирге
Айдалып жүрүп жалындым.
Караштың иним Сулайман,
Үч күн жаттым үйүңдө,
Уктай албай түнүндө
Ар нерсе келет оюма.

Аманат жүрөм мен карып,
Азаптуунун жолунда.
Көрүнбөй качып келатам
Жашынып элдин тобуна.
Кайта түшүп калам деп
Канкорлордун колуна.
Карыя жаке Сарсенбай,
Кулак салгын, Узакбай,
Куугунда жүрөм ушундай,
Карагым жигит Эсентай,
Качып жүрөм ушундай.

Той тараганча Токтогул Жамантай деген адамдыкына жатат. Тойдон кийин Жамантайдыкында бир түнү таң атканча ырдады. Андан кийин да 15 күн туруп, айыл кыдырып ырдай берди.

Бурулча деген бай кемпирге келсе Токтогулду үйүнө кондурбай, тамак бербей кууйт. Ошол Бурулчаны мындай деп ырдаган:

Кондурбады Бурулча:
«Мал уурдайсың» деп айтып.
Сөөгүмдү какшатты,
Кордоп, сүйлөп, ыйлатып.
Боору таш экен Бурулча,
«Сандалбастан кет»деди.
Мында неге келдиң деп,
Мылтыгын мага кеседи.
Тамак-аш бербей боктоду,
Уурусуң деп соттоду.
Ушул адам алды деп,
Жоголгон малын эстеди.
Айыптуу кылып өзүмдү

Ак жеринен кектеди.
Карып болгон Токтогул
Качтым ыйлап буркурап.
Сай сөөгүм зыркырап.
Бурулчанын малайы,
Артыман келип бу шордуу,
Айтып берди бу жолду.
Бурулча деген байбиче
Ушинтип мени кордоду.

«Бурулчага таарынсаң да, жалпы казак элине таарынба. Ал жерге кирсин, өзү кемпир, бая күнкү тойдогу Дован төрөнүн эжеси. Анын колунан бечарага жакшылык келбейт» — деген Сулайман. Ошондо Токтогулдун ырдаганы:

Айдоодон качкан Токтогул
Айткан элем сырымды,
Эшиткен элең ырымды,
Түшүнгөн элең, Сулайман,
Менин көрүп сынымды.
Айткан элем чынымды,
Айланайын Сулайман,
Эми эшиттим өзүңдөн
Дован деген чырыңды.
Сабатмак экен Дован бий
Көк чыбыкка бөлөтүп.

Бурулчанын музоосун
Алмак экен төлөтүп.
Курутмак экен шорумду
Кайта Омбуга жөнөтүп.

Токтогул ошол айылда Абдылда деген адамдын үйүндө олтуруп, Авитай жана Ахмат деген эки бирин жакшылыгын, алардыкынан тамак жөөзүнүн жыртык-тешигин жаматып алганын ырдайт:

Айлансам болот элдерден
Авитай ишке жарады.
Авитайдын аялы
Чапанымды жамады.
Агасы Ахмат бечара
Ал жайыма карады.
Козу союп, эт берди,
Алдыма чобур ат берди.
Азык кылып кеткин деп,
Актаган таруу сөк берди.
Ээрчитип келип Авитай
Көпүрөдөн өткөрдү.
Толгонуп карап көз салды,
Токтогулдай карыпка
Төө берген окшоду.
Астымда минген ат болду,
Азап күнүм шат болду.
Айтып берди Авитай:
Ашуусу бийик тар жолду,
Туздуу эчен көлдөрдү,
Жолдогу кургак чөлдөрдү.
Жакын казак эл деди.
Жатсаң шибер жер деди.
Байсейит деген айылды
Баана кылып ал деди.
Ал жерде менин жээк-жаатым
Абдылда деген бар деди.
Азык берет ал сага,
Кайгырба да, ыйлаба,
Ушинтип мени дайындап,
Авитай сага жиберди.
Кулак салгын, Абыке,
Куурагандын сөзүнө.
Назар салып карагын
Токтогулдун көзүнө

Өлбөй келип олтурам
Орток болуп ашыңа,
Эгин, чөбүм чаппастан,
Жайып малым бакпастан,
Жабыр түштү башыма,
Кармалып кайра өлбөйүн,
Түн катып эми кетейин,
Түркүк элге жетейин.
Аягөз, арка Семейден,
Караганда, Соркөлдөн
Караңгыда өтөйүн.
Ыраазымын, казак эл,
Уруксат бер кетейин.
Узакбай менен Сулайман,
Жамантай, Жаке бир тууган,
Кудай мени оңдурбас
Жакшылыгың унутсам.

 

КҮҢГҮРӨНӨ КҮҮ ЧАЛДЫМ

Күңгүрөнө күү чалдым,
Күсөгөн калкым уксун деп,
Айдоодон башы бошогон
Акыным Током экен деп,
Арзыган үнүм уксун деп
Кылмышы жок эч кандай
Кандай балээ жетти деп
Калпалар кылган жаңжалда,
Каргаша чыгып кетти деп.

Кайгырган элим сен элең
Насибим буйруп туз тартып,
Калкыма келген мен элем.
Аш менен тойдо турганда
Атагын айтса түгөнбөс,
Алты сан кыргыз эл элең.
Алышып душман жетпеген,
Айлампа тунук көл элең.
Өмүргө шерик өскөн эл
Көңүлдөн кетпейт дээр элем.
Көмүскө кетип жок болгон,
Кош көмөкөй жез таңдай
Күкүгүң Токоң мен элем.
Карагер миндим семиз деп
Кыл торко кийдим тегиздеп.
Кадырлаш тууган калды деп,
Кайрылып келдим сени издеп.
Туткун болуп кармалып,
Тууганым кайгы жеди эле.
Түрмөдөн колу бошонуп,
Тууруна Токоң келди эле.
Кулданбай, Таакы аралаш
Садырдын уулу Карабаш,
Кедейге намыз талашкан.
Бешкемпир уулу эр Төрө
Бул дүйнөдөн өтөрдө,
Каркыра тартып жол баштап,
Караңгы сапар кетерде
Курманбек менен Аккандай
Сени менен Ширгели,
Кыяматтык дос эле.
Барсаң ошол доңузга
Салам дуба деди эле.
Атабыз кыргыз калкынан
Атантай, Жоомарт, Төрөдөн
Айрылдык өлүм зарпынан.
Ажалы жетип, күн бүтүп,
Аракет жайга жөнөттүк,
Айыкпаган дартынан.
Туурунан чоочутуп
Туйгун эрди качырдык,
Тутам боосу үзүлүп,
Туура белди ашырдык.
Турпагы бийик мүрзөгө
Туйгунуңду жашырдык.
Агаин, тууган турган эл
Дубасын айттым асылдын,
Ак коюң союп жатканда
Ак тузуң татьга, эт жедим,
Аманы го башымдын.
Түрмөдө жатып көз жумган,
Дубасын айтып асылдың.
Курдаш элең, Ширгели,
Кутулдум бекен карзыңан.
Көрөмбү деген өзүңдү
Курбуң эле арзыган.
Өл деген менен өлөмбү?
Кел деген менен келемби?
Айдоого кеткен кыргыздын
Жармы өлдү, жармы бар.
Уругу кыргыз баласын
Бир көрүшкө ынтызар.
Туурунун үстүнөн
Туйгунум боосу чечилди,
Өлгөнүнөн калганы
Жыйырма жылдан кесилип,
Түрмөдө калды шекилди.
Калайлуу туур үстүнөн,
Карчыгам боосу чечилди.
Калпалар кылган жаңжалда,
Жазыксыз көп эл кесилип,
Камакта жатат шекилди.
Алакчын, саруу тобунда,
Сологойдун оңунда,
Кайрадан сайрап отурам,
Комузум алып колума,
Кайрылып келип эл таптым,
Таластын узак жолунда
Муунумду муң баскан,
Көңүлүмдү кир баскан,
Акын элем бир чакта,
Палицей жүрүп артымда
Бош койбогон бир паска.
Караны кийсем, бойдо жок,
Калың кыргыз элиме
Кайрылам деген ойдо жок.
Кызылды кийсем, бойдо жок,
Кыямат күндө жатчу элем,
Кылчаям деген ойдо жок.
Айылдан кеткен адашты,
Абактан оокат талашты.
Ак туйгун куштай чеңгелдеп,
Ак тузум таткын, бер кел деп,
Ата журтум Шамшыкал
Алып келди карачы.
Байланып колу жүрбөсүн,
Бечаранын баласы.
Букадай булчуң эт кетти,
Панардай кара көз кетти,
Акыл качты, эс кетти,
Ушу жакка жөнөрдө
Баймамбетти аксылык
Карышкыр талап жеп кетти,
Таластын өзөн суунда,
Курбу-курдаш турсуң да,
Барыңарга Баймамбет
Салам дуба деди эле.
Кандай күндө жатат деп
Баарыңдан кайгы жеди эле.
Кутулдум элдин карзынан,
Сөз уктуң муңдуу жарчыдан,
Айткан сөзүм орунбу?
Тели-теңтуш калган эл
Бек кармайын колуңду!
Кадырлаш калган дос болсоң,
Бир жыттайын мойнуңду.
Сандаган кыргыз калың эл
Сайраган Током күүсү деп,
Сагынгандыр ойнумду.

 

ЖЕРДИ КӨРГӨНДӨ

Көмүскө кеткен пенде элем,
Көргөздү кыргыз элимди.
Көгөрүп турган көк жайлоо,
Көңүлүм сага берилди.
Амандашып көрүштүм
Көөнүмдө-турган кебимди,
Туурумдун башынан
Туйгунум боосу бошонду.
Эшендер кылган жаңжалдан,
Туткун болуп кармалып,
Түрмөдө жаттым ошондо,
Калайлуу туур башынан
Карчыга боосу бошонду,
Калпалар калбаа кылганда,
Кара жол Сибирь айдалып,
Караңгы тамдын түбүндө
Камакта болгом ошондо.

Каткырып ырдап тартынбай,
Калкымда жүрдүм биерде.
Кабыргам тилип туз салып,
Карыш эркин баса албай,
Кайгыда жаттым тиерде.
Акыры, бактым бар экен,
Ага-тууган калган эл,
Кайрылып келдим силерге,
Зоолу салды мойнума,
Айыбы жок кез келдим
Ак падыша торуна.
Так он жылы өткөндө,
Олтурдум конуш ордума,
Кара-Моло, Ийри-Суу,
Кааладым эле жеримди,
Саргарып тамдын түбүндө
Сагындым эле элимди,
Сагынган элим, силерге
Сайрайын алтын кебимди.
Алмалуу тескей, Шар булак,
Уста-Сай менен Сары-Булак,
Кайгылуу болгом тиерде.
Каршылык кылган ит кыйнап
«Айылыма жетсем»—деп,
Эңсеп кетип барамын,
Кетмен-Төбө жеримди
Беттеп кетип барамын.
Керимбайдын кылганын
Кектеп кетип барамын.
Жетим, жесир калганды
Эстеп кетип барамын.

«Элге барып өлсөм»— деп,
Тилеп кетип барамын.
Кызыл тилим сайратып,
Бүлөп кетип барамын.
Өңчөй карып элдерге
Түнөп кетип барамын.
Алып учуп денемди
Сүрөп кетип барамын.

Кетмен-Төбө кенен сай,
Эңсеген жерим көрүндү.
Токтото албай боюмду,
Көңүлүм нечен бөлүндү.
Сагынган жерди көргөндө,
Көзүмдүн жашы төгүлдү.
Таласты көздөй мен чыгып,
Сагынган элге ырдадым.
«Булбул Током келди»—деп,
Кубанышты курбалым.

«Элиме эрте жетсем»—деп,
Бир жерге бир күн турбадым.
Эңсеп жүргөн эсимде
Элимдин көрсөм жыргалын.
Беш-Таштан ашып жөнөдүм
Кетмен-Төбө жериме.
Бутакка конуп сайрасам,
Болчу элем эрмек элиме,
Жорго болуп аталып,
Жолуккам ырдын кенине.

Түнөрүңкү көрүнгөн —
Тууган жерим карааны,
«Эркелетип өпсөм»— дейм,
Эрмегим жалгыз баланы.

Узун Акмат — улуу суу,
Улуу жер ээлеп туруучу,
Убайымдуу Токоңдун
Келген кези мына ушу.

Сары-Булак, Айыктык,
Ичи мөмө жарыктык.
Эл-журтумду көргөндө,
Эсиме түштү карыптык.

Кош Ийри-Суу — биздин жер,
Кой семиртчү Семиз-Бел,
Жаткан экен аркамда
Аманым тилеп калың эл.

Аркасы Талас, кең Арым,
Ар жуманын түнүндө
Күйүп турган панарым.
Коргон-Ата, Мазарың,
Колдон чыккан жан элем,
Көрдүм Ак-Чий базарын.
Көйтүндө1 жүрүп Токтогул,
Көп тарттым залил азабын.

Астында аккан балы бар,
Үстүндө салган тамы бар,
Күндүзгүдөй түнүндө
Күйүп турган шамы бар.
Алты миң төөгө жүктөсө,
Аяктай жери оюлбас,
Оодарма тунук салы бар.
Келип турам өзүңө
Кенен жерим, Шамшыкал.

 

ЭҢСЕГЕН ЭЛИМ АМАНБЫ?

Эңсеген элим, аманбы?
Ээгимдеги сакалым
Элсизде жүрүп агарды.
Булбулуң элем сайраган,
Муңканып айтам саламды.

Жеңе-желпи, карындаш
Жергеси менен келишти,
Жер сагынган Токоңо,
Жетине албай сүйүнүп,
Кучакташып көрүштү.

Азабын тарттым баланын,
Көрбөдүм алтын жамалын.
Башкага тийип кетиптир
Башында сүйүп алганым.
Азапта башым кор болуп
Арылбады арманым.

Кайгылуу жүрөк чер болуп,
Көзүмдөн аккан кара жаш
Токтолбоду сел болуп,
Жаралган экем жалганда
Күйүттүү булбул мен болуп,
Кейибеймин кеткенге,
Өкүнбөймүн өткөнгө,
Мен ыраазы боломун
Эл-журтумду көргөнгө!

Келбей турган болгон соң,
Кейиген менен келеби?
Айнектей болгон баламды
Алган кудай береби?

Арзып жүргөн ажырап,
Элим, аман барсыңбы?
Ээрчишип өскөн жашымдан,
Теңим, аман барсыңбы?

Кызыл кыргак тагынган,
Келин, аман барсыңбы?

Мен кеткенде аркамдан
Чыккан аман барсыңбы?
Кулак салып, ырымды
Уккан аман барсыңбы?

Канча жылы көрбөгөн,
Калкым, аман барсыңбы?
«Токтогул» деп кыйкырган
Жалпың аман барсыңбы?

Малай болуп жалданып,
Ыйлагандар аманбы?
Көр оокатка жандарын
Кыйнагандар аманбы?

Жан тынымын дүйнөдө
Кылбагандар аманбы?
Көк келтекке жыгылыц,
Кыйрагандар аманбы?

Коюн багып байлардын,
Кул болгондбр аманбы?
Бир жыл акы — бир көйнөк,
Пул болгондор аманбы?
Жайы-кышы жаанга
Суу болгондор аманбы?

Күч-кубатын байларга
Сордургандар аманбы?

Каны качып алсырап,
Болдургандар аманбы?
Жылаңайлак тоо-ташты
Жол кылгандар аманбы?

Сар самандай саргайып
Зарлагандар аманбы?
Жыйын-топту аралап
Барбагандар аманбы?

Каршылык менен кармалып,
Калкымдан кеттим айдалып,
Калың кыргыз элиме
Кайтадан келдим айланып.
Душманга кеттим байланып,
Тууганым көрбөй зарланып.
Тушоолу тулпар өңдөнүп
Жүргөмүн анда саргайып.

Күйүп-күйүп чок болдум,
Күйүттүү күнгө токтолдум,
Күкүктөй сайрап жүргөн жер
Гүлүмө кайттым окшодум.

Кайнап күйүп чок болдум,
Кайгылуу күнгө токтолдум.
Калың кыргыз элиме
Кайрылып келген окшодум.

Каргашалуу заманды,
Кайгырып көрдүм амалды,
Кайрылып келип турамын,
Кадырман журтум, аманбы?

Манаптар мага кас болуп,
Пашаанын түштүм торуна.

Байкуштук тартып алтын баш,
Байландым азап жолуна.
Жандарма, төрө, залимдер
Жаралган менин шорума.

Канаты түшкөн шумкардай
Уча албадым Токтогул,
Каргашалуу душмандан
Өч албадым Токтогул.

Залимден кармап кегимди
Ала албадым Токтогул.
Зар заманда жайчылык
Таба албадым Токтогул.

Айдалып жүрүп туткунда
Арбыны кетти алымын.
Аргымактай жүгүргөн
Алмадай болгон кайран баш
Азапты тартып карыдым.
Аскасы бийик дабандын,
Азабын тарттым замандын,
Айнектей көзүн көрбөдүм
Аркамда жалгыз баламдын.

Күңгөйү бийик дабандын,
Күйүтүн тарттым замандын.
Күмүштөй жүзүн көрбөдүм
Күкүктөй жалгыз баламдын.

Ак шумкар алтын мүрүмдү,
Айланып көрдүм элимди,
Арман менен өткөрдүм
Абалкы жаштык күнүмдү.
Айлымдан келип таппадым
Аркамда жалгыз инимди.

Басайын десем, муунум жок,
Отурар алтын туурум жок,
Оюмдан кетпес бул кордук,
Ойнотом десем, уулум жок.

 

АПАКЕМ, АМАН БАРСЫҢБЫ?

Сексенде энем сен элең,
Сенделип кеткен мен элем,
Ак сүтүң менен чоңойткон
Агын дайра кен элең.

Алты аркар жылдыз батканча,
Алты айланып эмизген,
«Анык акын Токтогул
Кимдин уулу?» дегизген.

Жетиген жылдыз батканча,
Жети айланып эмизген,
«Жергелүү журтта сайраган
Кимдин уулу?» дегизген.

Ардактап мени төрөгөн,
Алдейлеп сүйүп бөлөгөн.
Айланайын энекем,
Айдоодон аман келдим мен.
Ардагым жалгыз канекен?

Эсендигим сураган,
Эмгегимден сылаган,
Кагылайын энекем,
Кайрылып келдим туткундан,
Каралдым жалгыз канекен?

Туулгандан жалгыз туягым,
Күйгүзөт ичти кыялың.
Көзүмдөн аккан жашымды,
Күйдүргүм, кантип тыямын?

Жашыңда кеттиң чырагым,
Жаз куураган чырпыктай.
Жан чыгарда болгондур
Жагалмай алган чымчыктай.

Жаның чиркин кеткенде,
Жаш булбул калдың үн чыкпай.
Жаңгактай көрдүн түбүнө.
Жалгызым, кантип жаттың тумчукпай?

Күлгүнүңдө кетипсиң,
Күз куураган чырпыктай.
Тыбырадың өлөрдө
Турумтай алган чымчыктай.
Күзгүдөн көзүң жумулуп,
Күкүктөй тилиң буулуп,
Күйдүргүм, калдың дем чыкпай.

Азуусу бычак залимден
Айдалып атаң тарп болгон.
Кыжылдаган солдаттан
Кыйналып жүрөк дарт болгон.

Кылчайып келсем үйдө жок,
Кыргыйым качкан оң колдон.
Арылбадың, алтын баш,
Ботосу өлгөн каймалдай
Бошотпо, эне, муунумду,
Өмүрүңдүн жарымын
Муң-кайгыга жуудуңбу?
Көрдүң, эне, кайрат кыл,
Көз көргүс кеткен уулуңду.

Тайлагы өлгөн каймалдай
Талытпа, эне, муунуңду.
Таза жүрөк каныңды
Санаа-дартка жуудуңбу?
Саламат көрдүң шүгүр де,
Забайкал кеткен уулуңду.

Карыганча өмүрүң
Жашка жуулган энем сен,
«Каралдым кайта бир келсе,
Көрүп өлсөм» деген сен.
Кайгы-шорум күбүлүп,
Кайрылып аман келдим мен.

Соолгон экен ым калбай,
Ташыган татты булагың.
Өчкөн экен жел тийип
Өмүрү кыска чырагың.

Өлүм менен өкүмдүн —
Экөөнө тең чыдадың.
«Өлдү» деген Токоңду
Кайта тууган убагың.

Кой, энекем, ыйлаба,
Кадырыңды сурадым.
Торго түшкөн Токтогул
Толгонуп келип турамын.

Айланып келдим алыстан,
Актоого ак сүт карзыңды,
Алдейлеп мени чоңойткон,
Апакем, аман барсыңбы?

 

КОРГОЛ ЫРЧЫ ТОКТОГУЛДУН БАЛАСЫНЫН ӨЛГӨНҮН УГУЗГАНДА

Коргол:
Айталы сизге саламды,
Эшендер кылган жаңжалда,
Ак жеринен кармалып,
Айдоого кетти дечү эле.
Булбул үндүү, куш тилдүү,
Айнегим, Током, аманбы?
Түрмөдө турдуң зар болуп,
Сар оору кесел дал болуп.
Кайрылып элге келгенче,
Кайран жан кайгы кор болуп.
Жапасы күчтүү замана
Жабыркатты адамды,
Сен алыстан келгенче,
Амандашып көргөнчө,
Ноктоолуу башка бир өлүм,
Токо, аткардык жалгыз балаңды…

Калпалар кылган жаңжалда,
Караланып кармалып,
Калкынан кетти дечү эле,
Калганың кайгы жечү эле.

Кара жаак, кайчы тил,
Канатым, Токо, аманбы?
Калайлуу туур башынан,
Кайгылуу өлүм касынан,
Токо, качырдык жалгыз балаңды!.
Токо, араладың гүл менен,
Адамга жактың тил менен,
Сен алыскы соттон келгенче,
Өзүңдөн ашык болду эле,
Аркаңда жалгыз Топчубай
Аткардык жалган дүйнөдөн!..
Пендени пенде билбеген,
Белгилүү жүрөк зилдеген.
Бербейт экен кара жер,
Перзентиң жалгыз Топчубай
Бегене1 болгон дүйнөдөн.
Учук өтпөс ийнеден,
Уулуң жалгыз Топчубай,
Убайым болбо, кейибе,
Учурдук жалган дүйнөдөн.
Жибек өтпөс ийнеден,
Жибердик жалган дүйнөдөн…
Түздөгү коңур салкынча,
Жаркыра күмүш, алтынча,
Муунуңду бошотуп,
Жалпы агайын эл турса,
Жашыба жаман адамча.

Буурулду минип тердеткен,
Булумду кийип кирдеткен.
Муңайба жашык адамча,
Булбулуң жалгыз Топчубай
Мусапыр сапар жол кеткен.

Күлгүндү кийип кирдеткен,
Күлүктү минип тердеткен.
Күкүгүң жалгыз Топчубай
Күн тийбес сапар жол чеккен.

Карадан жорго тердеткен,
Кара киш2 кийип кирдеткен,
«Кайрылар күнү барбы?»—деп,
Калың элин дегдеткен.
Кайгырба, калың эл турса,
Канатың жалгыз Топчубай
Караңгы сапар жол кеткен…

Токтогул:
Алтындан саат бурама,
Азапты менден сураба.
«Айнегиң кетти»— дегенге,
Алсырап бошоп турам а.

Күмүштөн саат бурама,
Күйүттүү меңден сураба,
«Күкүгүң кетти»— дегенге
Күчүмдөн тайып турам а.

Кайнап, күйүп чок болдум,
Кайгылуу күнгө токтолдум.
Калайлуу туур башынан,
«Карчыгаң жалгыз учту» деп,
Кайгырта турган окшодуң.
Калтырап муунум бошоду,
Каруу-күчүм кетирип,
Кантип бир айттың ошону.
Коргол, каяктан ичтиң бозону?

Айтамын алтын санатты,
Мени армандуу күнгө жаратты.
Кабарын айтып турупсуң,
Сынды деп жалгыз саадакты.
Каруумду кетирип,
Коргол, каяктан ичтиң аракты?

Жамгыр тийбей көчкүдөй,
Ак топурак жер беле?
Атасы келсе Сибирден,
Амандашып көрүшпөс,
Топчубай, азапка туулган жан беле?!

Тамырына суу тийбес
Боорго тиккен тал беле?
Өтүп кеткен дүйнөдөн,
Топчубай, өлүмгө бүткөн жан беле?!
Жабырга мынча салгыдай,
Менде кудайдын өчү бар беле?!

Туура-туура басканда,
Турумтай сыны бар эле,
Туурга эсен жеткирсе,
Дубанга чуркаар тай эле.

Кайра-кайра басканда,
Карчыга сыны бар эле.
Каруу күчкө толгондо
Калк үчүн чуркаар жан эле.

Каркылдап каздар көл сактайт,
Кара ылаачын чөл сактайт,
Карып калган атакең
Кай жака барып жан сактайт?!

Куркулдап куулар көл сактайт,
Куу ылаачын чөл сактайт,
Куурап калган атакең
Куюгуп кайда жан сактайт?!

Түнүндө жарык панарым,
Туурумда калган карааным,
Түрмөдөн жаңы келгенде
Күйүтүн тарттым баланын.
Түн уйкумду үч бөлсөм,
Түйшөлүп чыкпайт кабарың…

Кармаган жарык панарым,
Кайрылар жалгыз карааным,
Камоодон кайтып келгенде
Кайгысын тарттым баланын,
Кайгырып ыйлап турсам да,
Кайрылып чыкпайт кабарың…

Булбулум учуп бурулду,
Чыгарбай ичтен муңумду,
Кантейин, тирүү көрбөдүм
Каргадай жалгыз уулумду.
Кайгысын тартып күнү-түнү
Картайып шорум куруду…

Күкүгүм учту элимден,
Күлпөтүм кетти жеримден,
Көзүмдөн чыккан кара жаш
Мөлтүрөп жерге төгүлгөн,
Көрбөдүм көзүн баланын
Көңүлүм калды өлүмдөн!..

Жамгыр тийбей куланган
Ак топурак жар белең?
Аксы, Анжиян, Таласта,
Акындыгым бар белең?
Аркамда жалгыз Топчубай,
Ажалга туулган жан белең?

Бүчүрү түшүп куураган,
Тамырын кырккан тал белең?
Кубанчым, сени көрбөдүм,
Кууратар мени жан белең?..

Алтын айдай нур жүзүң
Көрөр бекем дегемин,
Абактан колум бошонуп,
Келер бекен дегемин.

Айнегим чыкса алдымдан,
Өбөр бекем дегемин.
Арман кылбай дүйнөгө
Өлөр бекем дегемин.

Күлдү кыргыз журтумду
Көрөр бекем дегемин.
Күкүгүм чуркап алдымдан
Келер бекен дегемин.
Күйүттүн муңун чыгарып
Өлөр бекен дегемин…

Алтындан чидер өрбөдүм,
Абактан колум бошонуп,
Агайын-журтка келбедим,
Амандашып, көрүшүп,
Жалгызым, анан өлбөдүң…

Мууну болот жалбыздын,
Муңу болот жалгыздын,
Гүлү болот жалбыздын,
Күйүтү күчтүү жалгыздын.
Ат арытып жол келсе,
Сыйлары болбойт жалгыздын.
Ажал жетип, күн бүтсө,
Ыйлары болбойт жалгыздын…

Карайган дарак чарбагым,
Карааның көрбөй зарладым.
«Калкыман кетип калды эле,
Кайраным атам экен» деп,
Учурашып алууга,
Топчубай, келээр бекен дарманың?!

Айнегим, Топчу, эрмегим,
Арманым атаң көрбөдүң.
Арманын ичтен чыгарып
Анан кийин өлбөдүң.
Караны миндим жел үчүн,
Кайрылып келдим эл үчүн,
Калкымды көрдүм, каниет,
Колдон келер иш эмес,
Топчубай, козголбос эми мен үчүн!..

 

ТУТКУНДАН КЕЛГЕНДЕ

Жети кез коргон пайдубал
Чарбагын кошуп ырдайын,
Жеримден айдап Сибирге —
Алганын кошуп ырдайын.
Жеңе-желпим чуркурап

Калганын кошуп ырдайын.
Алтымыш киши айдалган
Арманын кошуп ырдайын,
Күндө коога, күндө уруш
Көрбөдүм жандын жыргалын.

Туткунга кеттим кармалып,
Тууганым көрбөй зарланып,
Түрмөдөн бошоп мен келдим,
Турумтай куштай айланып.

Азапка кеттим кармалып,
Айлымды көрбөй сандалып.
Азаптан бошоп мен келдим,
Ак шумкардай айланып.

Күнөөсү жок, соту жок,
Айдап кеткен болучу,
Күкүктөй көзүм жалдырап
Жайнап кеткен болучу.
Гувурнатор-генерал
Кармап кеткен болучу.

Аргасыз кылып залимдер,
Алып кеткен болучу.
Азаптуу күндү башыма
Салып кеткен болучу.
Кыямат түшүп башыма,
Токоң, карып кеткен болучу.

Элимден кеткен жан элем,
Эл көрүүгө зар элем.
Эсил башым кор болгон
Энеден жалгыз бала элем.

Айлымдан кеткен жан элем,
Айыл көрүүгө зар элем.
Азиз башым кор болгон
Атадан жалгыз бала элем.

Калкымдан кеткен жан элем,
Калк көрүүгө зар элем,
Кайран башым кор болгон
Каргадай жалгыз бала элем.

Айланып келип шумкардай,
Айлымды таап турамын,
Ак калпактуу көп кыргыз,
Амандыгың сурадым.

Элирип келип шумкардай,
Элимди таап турамын.
Эзелки тууган агаин,
Эсендигиң сурадым.

Каруусу кеткен тулпардай
Арып келдим, Токтогул,
Кара жол Сибирь айдоого
Барып келдим, Токтогул,
Кайран жашты жоготуп
Карып келдим, Токтогул.
Азаптуу күндүн зордугун
Көрүп келдим, Токтогул,
Ар кыл кыйноо турмушка
Көнүп келдим, Токтогул.
Элимдин жүзүн көрүүгө
Көксөп келдим, Токтогул,
Эчен шумдук кордукту
Тепсеп келдим, Токтогул.

 

АЗЫРААК ЧЫКТЫ АРМАНЫМ

Түрмөдөн чыктым, оолуктум,
Туш келтирди бу насип
Тууганым, сага жолуктум.
Абактан чыктым, оолуктум,
Азаптан колум бошонуп,
Ага-ини элге жолуктум.
Ак шумкар куштун уясы
Айлампа кара зоододур,
Эсенбай жаман болгону
Таба эместир, тоободур.
Эсенбай, Жолдош, Жолборсту1
Ак падыша улукка,
Каршылык кылып, кармарда
Агып өлдү деп уктук
Ак дайра Нарын чулукка.
Көк кагазга жазылып,
Эсенбай, Жолдош өлдү деп,
Дайын болду төмөнкү
Гувурнатор улукка.
Суу түбүнө чөкчүдөй
Коргошун бекен, таш бекен?
Дайрадан калкып учкудай
Өрдөк бекен, каз бекен?
Адырга коюн бактырган
Эсенбайдын айтканын
Аким, найып жактырган.
Ак жерден торго чалынтып,
Багыш, саяк уруудан
Алтымыш адам сап кылган.
Экөө бир өлгөн.
Күнгөйгө коюн бактырган,
«Эсенбай айтты, болду» — деп,
Гувурнатор жактырган.
Көңүлүң арам, кызталак,
Көп адамды сап кылган
Кериге коюн бактырган.
Кетте акимдер жактырган.
Кеткен элдин баарысын
Кейиштүү күнгө сап кылган.
Анда тилмечтин көөнү ток экен,
Кетмен-Төбө, Нарында
Тил билер киши жок экен.
Көп адамды кууратып,
Кыз-келинин ыйлатып,
Эсенбай залим шок экен.
Алдаймын деп орусту
Күнөөсү түшүп мойнуна,
Өзүнө тийген ок экен.
Эски кегим алам деп,
Эсимден чыкпай келди эле,
Эсенбай элде жок экен —
Кара сакал Жанаалы
Найыптар менен сүйлөшүл,
Сакалын күнгө жайкаган,
Өлөр сайга келгенде,
Эсенбай кепти байкаган,
Эсенбай сууга түшөрдө
Бирин-бири кармашып,
Агын сууга батпаган.
Кошо кетти дайрага
Жолдош — жолдоштугун актаган.
Ажалдан калган Жолборстун
Жонун отко кактаган.
Жесир калды алганы,
Жетим калды балдары.

Бака, балык жем кылып,
Нарындан экен ажалы.
Алдаймын деп орусту
Обу жок жаман иш кылып,
Ичинде кетти арманы.
Кармашканды жок кылып,
Калкында жүрөт көкөлөп,
Кара сакал Жанаалы.
Азыраак чыкты көрүнөт
Көкүрөктө көк түтүн
Токтогулдун арманы.

 

ЖАРДАМ КЫЛДЫҢ КАЛЫҢ ЭЛ

Каардуу залим колунан,
Качып чыктың камалдан,
Кайгырып жүрүп карыдым
Акыйкатсыз замандан.
Ала албадым кгимди
Ач тырмак зулум тажаалдан.
Ажыратты ак жерден
Аял менен баламдан.
Азапка жакын киши экем,
Ошондой күндө жаралган.
Ак сүтүн берген энемди
Чыгарбай жүрдүм санаамдан.
Карагай кесип, тал кыркып,
Капалуу күндө жүрсөм да,
Калтырдым жанды ажалдан.
Кечээ мен качып келе жатканда,
Кайрылдым Акбай, Бабырга.

Кармалган катар биз менен
Мырзабек бар жанымда.
Агайын жардам кылбаса,
Алыскы Кетмен-Төбөгө
Алым жок эле барууга.
Ат-тондуу болуп баргамын,
Туулуп өскөн Арымга.
Тууганым — кедей-кембагал,
Душман элем залымга.
Аттуу бардым, жөө баспай,
Энем турган айылга.
Жардам кылдың, калың эл,
Мендей начар шайырга.

 

Соц тармактар:

Токтогул Сатылган уулу: 5 комментариев

Добавить комментарий