Аман Токтогулов

Аман Токтогулов 1945-жылы 26-июлда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Үй-бүлөдө төрөлгөн үч баланын ортончусу Аман кичине кезинен эле ыр-күүгө шыктуу чоңоёт. Мектепте окуп жүргөн чагында эле мектептеги ийримдерге активдүү катышып, жаңы жазган ырларын «Кыргызстан пионери» газетасына жиберип турат. Үй-бүлөдөгү үч бир тууган тең ырга шыктуу болуп, ыр жазып калганынын себеби, булардын апасынын атасы (таятасы) чоң казалчы болгон дешет.

1962-жылы КМУнун филология факультетине өтөт. Ошондон баштап республикалык газета-журналдарга ырлары жарыялана баштайт.

1967-жылы КМУну ийгиликтүү аяктаган соң Ош пединститутуна жолдомо алат. Бирок үй-бүлө шартына байланыштуу Фрунзеде эле калат. Ошондо жаңыдан чыгып жаткан «Кыргызстан маданияты» газетасына орношот. Адабияттын чоң майданына ошондон баштап аттанды десе болот. Көптөгөн сын макалаларды жазды. Нечендеген котормолорду которду. Ошондон баштап Аман элге тааныла баштады.

1967-жылдан 1972-жылга чейин «Кыргызстан маданияты» жумалыгында бөлүм башчы болуп иштейт. 1972-жылдан 1973-жылга чейин «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналында бөлүм башчы болуп кызмат өтөйт. Ушул жылдардын ичинде 1971–1973-жылы Расул Гамзатовдун «Менин Дагстаным» аттуу эки китебин кыргызчага которуп, кыргыз элине тартуулады. Ошол учурда 5000 тираж менен чыккан котормо бир паста элге тарап, сурап окулчу котормо болуп калды.

1973-жылы кайрадан «Кыргызстан маданияты» жумалыгына баш редактордун орун басары болуп дайындалат. СССРдин тушунда өтө тың, тирикарак балдарды КГБга дароо ишке чакырып алышчу. 1974-жылы Аман да барсамбы, барбасамбы деп жүрүп, сентябрь айында КГБга өтүп кетти. Барып иштеп баштагандан үч ай өткөндөн кийин Амандын көңүлү чөгүңкү болуп калды. Ушунча жыл жазуучулар арасында шатыра-шатман, эркин сүйлөп, оюн ачык айтып да, жазып да көнгөн адамга КГБнын ичиндеги жымжырттык, суз саламдашуулар, өтө негизсиз сыпайкерчилик такыр жакпай калды.

Ушундай КГБдагы абалды Аман өзүнүн жүрүм-туруму, тамашакөйлүгү, сөзмөрдүгү менен өзгөрттү. Аман менен чогуу иштешкендердин эскерүүлөрүндө Аман келгенден баштап биздин тунжураган кабинеттерге күлкү-шаң, жылуулук кирди, ушинтип деле иштесек болот тура деген ойлор келди дешет.

КГБнын ишин биринчи орунга койгон менен, көкүрөгүндөгү ой, жандүйнөсүн тыбырчылаткан поэзия тынчтык бербеди. Бир жылда бир алчу отпускасынын бир күнүн текке кетирбей чыгармачылыкка арнады.

1975-жылы «Поэзияга мамиле» деген китеби жарык көрдү. 1978-жылы Левчевди которду. 1980-жылы «Ибарат» ырлар жыйнагы чыкты. 1982-жылы «Дагстан уламыштары»,«Кремль куранты», «Менин сүйүктүү Электрам», «Жетинин бири» аталышындагы котормолору жарык көрдү.

Аман Токтогулов он алты жылдык өмүрүн, чыгармачылыгынын күйүп-жанып турган учурун КГБга арнады. Ошентсе да, жогорудагы чыгармаларын кыргыз элине эстелик катары калтырып кетти .

1990-жылдан 1992-жылга чейин ВААПта начальник болуп иштеди. Ошол жылдары түзүлгөн КДК партиясынын алдындагы «Майдан» газетасын чыгарып баштаганда… 

Аман Токтогуловдун 60 жылдыгына чыгарылган китептен

Аман Токтогулов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Түгөлбай КАЗАКОВдун эжеси Мөөркан Кыштакбекова: «Атамдын атын Аман алыска угузса, Түгөлбай чоң атабыздын ысымын таанытты»

Аялзат. Аруу жан. Аман таануучу

САЛИЖАН АГАНЫН КҮЛКҮСҮНӨН…

 

Ырлар

ЖАЗГЫ ТАҢДА

Тоодон түшкөн таштуу жолдо,
Фляга толо арабада.
Уйчу айылдан май заводго,
Сүт ташыган мен бир бала.

Көк чымырап көтөрөт баш,
Жер дем алат кенен-кенен.
Ура! Жашаң! Келатат жаз!
Мен чыйылдап ырдап келем.

Балдар тосот көчө жактан,
Баарын салам арабама.
Биз өтөбүз чоң кыштактан,
Бүт чуулдап обон сала.

Кат жазсакпы же кыздарга,
Эмнегедир көңүл ташкын!
Дуу-дуу эткен арабада,
Биз балдары келчү жаздын!

 

ЭМОЦИЯ

Кылымдан кылымдарга,
Муундан муундарга,
Атанын айтып кеткен керээзиндей,
Энеден калган асыл мурас сыңар
турасыңар —
тилдеги эстеликтер —
Жер аттары:
Агышпай, Киндик-Таш, Көк-Кыя,
Кара-Суу, Тай-Жорго, Сары-Далаа,
Айры-Жалтаң, Кан-Тууган, Чырканак…
Келесиңер коз алдыма
Элесиңер бир асыл баа!
Амансыңбы, Ата-Конуш!
Узун-Булак, Чолок-Булак,
Кара-Коргон, Чийлүү-Машат,
Кең-Кара-Кол, Кум-Бел, Ак-Таш,
Сырдыбай-Төр жана Үч-Чат.
Ар бириңде тилге жатык —
нан дегендей жөнөкөй ат.
Силер үчүн жоого аттанып
Курман болгон канча азамат!
Калгыла муундарга,
Айтылгыла ооздон оозго,
Атанын айтып кеткен керээзиндей,
Эненин эч бир өчпөс элесиндей,
тилдеги эстеликтер —
жер аттары…

 

ЖЕҢЕЛЕР

Кайнилерин кылып шылдың
Каткырышкан жеңелер,
Бир кезекте бир айылдын
Бүтпөс, ойну элеңер.

Бир саным бүт сеники деп
Бирок жакын жолотпой,
Таарынтчу элең, биз курч элек
Тапка кирген болоттой.

Кайда ал кездин оюндары,
Кур таштамай, дүмпүлдөк.
Жайлоо түнү. Айыл жаны.
Жаш бойзойлор сүлкүлдөп.

Не мынча тез карыдыңар,
Сооңон көп ооруңар.
Өчтү качан жалыныңар,
Өттүбү же дооруңар.

Бир айылдан сыртка чыкпай,
Не көрдүңөр бул өмүрдө?!
Жаштык эмне? Сүйүү эмне?
Кана акырын айтчы жеңе…

 

* * *

Быйыл жай жаман ысык.
Тып эткен тамчы жаан жок.
Күн көктө алоолонот.
Асфальттан лапылдата аптап уруп
Айланаң көрүнбөс от.
Шаардыктар иштен кийин,
автобуста, троллейбуста
жыкжыйма
тердешип алка-шалка
баратышат эркектердин
майкалары сыгып алма.
Мекемелерде ахалашып
охолошуп,
желпинишип, үшкүрүшүп,
коридорлорго чыга качып,
турушат жарым саат чылым тартып
ысыкты кеп кылышып.
Чыдаш үчүн саат тогуздан саат алтыга
издешет эптеп арга.
Күч келет ысык чайга,
болбосо яхнага.
Кээ бир “эпчил” кызматкерлер
“мен шашылыш иштер менен
кеттим,–деп – палан жакка!”
жоголот түштөн кийин
пиво менен шашлыкка
Георгиевкага же “Волнага”,
“Черт побери, күн ысык!
Кылабыз кандай айла?!
просто невозможно
олтуруш конторада.
Завхоз кайда?
Немедленно азыр жибер
орнотпосок болбойт бирден
кондиционер!”
Ахалашып, охолошуп
желпинишет кээ бирөөлөр.

Талаада иштегендер!
Шаардыктарга кыйын болду
ишенсеңер.
Салкыныраак шамалыңдан
шаарга жибер,
бузулуп калат кээде
кондиционер…

 

БИЗДИН АЙЫЛ

Биздин айыл мал багат, негизинен,
Адыры көп, тоосу көп тегизинен.
Соодага жок эзелтен эндекей калк,
Момуну көп, чынында, жегичинен.

Эшик кулптап, бекинбей шаардыкчылап,
Бир бирине эч тынбай кирип-чыгат.
Күн-түн дебей жамандык-жакшылыкта,
Кел дедирбей келиндер кызмат кылат.

Биздин айыл кепке бай, узун кулак,
Бир сөз айтсаң баарына шак угулат.
Билмексенге салышып жүргөн менен,
Бирин бири беш колдой билип турат.

«Биздин бөлөк жактардан көрдүк эчен,
Алма, чеснок сатышып байыйт экен».
Деген сөздү укканда биздин айыл,
Кабак түйүп, ойлонуп калат бекем.

Айрымдары тапмакка антип пайда,
Жер чукулап жасашат бир топ айла.
Бирок андан түздүк нап чыгара албай,
Мал туягын сынашып калат кайра.

Бир жылдары активдер ичишсе арак,
Суктанчу дейт бүт айыл аны карап.
Азыр болсо арагың ичип жатат,
Иттин уулу байгара эрдин жалап.

«Чоң шаарларда кисебир, ышпана бар»
десе илгери коркушкан айылдыктар.
Азыр болсо өзүнөн чыгып жатат
Андан өткөн «хулиган» жапжаш балдар…

Бир кезде мугалим элди оңдогон,
Айткан сөзү, жүргөнү үлгү болгон.
Азыр кээ бир агайлар эл көзүнчө,
Жетелешип, мас болуп өтөт жолдон.

Жолугушат көралбас ичи тарлар,
Иш жасашпайт өздөрү колго кармар.
Ак жеринен каралап бирөөлөрдү
Азыр жазып журт бузган куйтулар бар.

Бүт көрүнөө бул жерде, баары дайын
Жаман жери – буларга эл да кайыл.
Бүт батырып ичине мунун баарын,
Сыр билгизбей зымпыят биздин айыл.

…Биздин айыл ушундай. Алга басат,
Кээде кейийт, көбүнчө көңүлү шат.
Татаал, кызык бүгүнкү турмуш менен
Таластын баш жагында жашап жатат

 

ЭСКЕРҮҮ

Жайлоодо.
Айыл чакан.
Июнь ай – жай саратан.
Күндөрдөн бир күнүндө
Кырда ойноп келе жатсам
Чуулдап чыкты өкүрүк
Көз жумду атам…

Мал деген ырасында
Токойдун чымчыгы экен,
Дүнүйө чынында да
Токойдун чырпыгы экен.

Атабыз өлдү-калды.
Чурулдап малы калды,
Каңгырап тамы калды,
Бозоргон боз үйдө биз
Термелеп багып кирдик
Өлгөндөн калган жанды.
Жылкынын арасында
бар эле бир сары бээ.
Атабыз: «Төл башым» – деп
Айрыкча көз салчу эле.
Кутундай төрт түлүктүн
Жүрчү эле мал ичинде,

Күндөрдүн бир күнүндө,
Дал ошол чоң сары бээ
Боз үйдүн түрүп койгон
баш салды эшигине.
«Көп күндөн бери карай
Көрүнбөйт ээм неге?»
дегендей ал тиктенди
үйдөгү кишилерге…

Билдиби, билген жокпу
Бир карап биз тарапты,
Аңгыча көздөрүнөн
Мөлтүлдөп жаштар акты.
Салбырап башын салып
Кишидей ыйлап жатты…
Бук кылды бул көрүнүш
Айласыз буулуктурду,
Апабыз бээни карап
Бурулдап ыйлап турду.
Атабыз өлгөндөн да
ушул күн болду муңдуу…

Сары бээ дайым келип,
Эшиктен башын салат.
Не ойлойт бул жаныбар
Үркпөгөн бизди карап,
Тили жок же сүйлөөргө
Көзүнөн жаштар агат,
Эски арча босогого
Мончоктоп жашы тамат,
Мончоктоп жашы тамат…
Сары бээм, айланайын,
Куттуу мал – Камбар ата,
Ыйлатпа күндө бизди,
Сен мннтип салба азапка.
Сары бээ, киши болбой
Мал болуп калдың неге.
Ыйлаба,
кой ыйлаба,
Энекем сары бээ…

Жайлоодо.
Айыл чакан.
Өткөн кез жай саратан.
Күндөрдүн бир күнүндө
Жылкынын баш терисин
Колуна кармап апам
Бир жактан келди үйгө.
Өлүптүр кайран бээ.

Союптур бир топ адам
Кетиптир талап этин
Калыптыр алып араң,
Апабыз баш терисин…
Кайрылсам бала кезге
Дайыма келет эске:
Жайлоодо.
Айыл чакан.
Июнь айы – жай саратан.
Кайткан күн эсил атам.
Сары бээ босогодо
Салбырап башын салып,
биз менен кошо ыйлашкан.
Кишидей кошо ыйлашкан.

 

ШААРГА КАЧУУ

Элетте өскөн бала,
Ичинде эл жыкжыйма
Кеңкейген мурду кертик,
Келпейген автобуста
Орун жок, типтик туруп
Эшиктин дал жанында
Тутканы бекем кармап
келатат шаарга окууга.

Артынан бурулдап чаң
Шыпылдап бурулуштардан
Таш жолго жедеп бышкан
Автобус келет улам
Торпоктой томураңдап
Суурулуп тоо койнунан.
Аркырап жол түрүлөт
Адыр-дөң чимирилет.
Айнектен кирген шамал
дуу-дуу деп экиленет.
Жол тарап, жол азгырат
Баланы делбелентет,
Ээлентет, ээликтирет,
Алдыда жаңы тагдыр
Жетсем дейт шаарга эртерээк!

Бүткөн соң онунчуну
Кой бакты эки жылы.
Элеттин нак баласы
Эндекей, жок куулугу.
Байкелеп сыйлап турат
Өзүнөн жашы улууну.
Басам дейт ата-энемди
Муну парс сезет улуу.
Эзелтен канында жок
Бычакчан кылмыш кылуу,
Бирди онго кагыштырып
Тыйындан дүйнө куруу,
Өрөпкүп, өлүп-талып
«Өзүм»,– деп жанталашуу.
Сурасаң айтып берет:
– О, байке, кой деген кеп
Асырап күтө билсең
А түгүл ажап эмес
Бир жылдыз төшүңө илсең.
Ал ырыс, жыргалына
Азабы, түйшүгү тең.
Төл маалы – жаанчыл айда
Чынында чыкпай койбойт
Көк түтүн көчүгүңдөн.
Жыл бою тыпырайсың
Башкадан калбаса кем.
Акыбет кайтат акыр
Алкынып эмгек этсең.
Анан да жакшы жери
Ачмыйбай шаардыктарча
Кан таамп эки беттен,
Жай-кышы бала-чакаң
Өксүбөй семиз эттен,
Жайында кымыз ичип
Кез болот үч ай көпкөн.
Бирок да болду жетет,
Койду эми бакпаймын мен.
Жети атам түгөл бойдон
Кой багып келген экен.
Атамды өзүм көрдүм
Кой менен өмүрү өткөн.
Артынан мен да кырк жыл
Койчулук терди төксөм,
Жөн өлбөй балдарыма
Таягым таштап кетсем…
Ушундай асыл ишти
Энчиге басып алыш,
Жатпайт го адилдикке
Байке, өзүң болчу калыс.
Койду мен качан болсо
Колуман келет багыш.
Окуймун, шаардык болом,
Айылдан кетем алыс.

Аркырап жол түрүлөт.
Адыр-дөң чимирилет.
Жол тартат, жол азгырат
Жигитти делбелентет,
Ээлентет, ээликтирет,
Алдыда жаңы тагдыр
Жетсем дейт шаарга эртерээк.

–Элеттик энөө бала,
Эми сен бери кара.
Шарт жакшы жылдан жылга,
Шартылдап мал артында,
Шаардыктай битиребей
Шар суудай салып шарпа,
Кең болуп, кенен болуп,
Элеттик бабаңдарча.
Кой багып – үзүр көрүп
Эшиктен майың тамса,
Аш ичип оозуң толо,
Акча алып калта-калта
Балдарың «Нива» минип
Ой-тоодо оюн салса,
Он чакты балаң болуп
Өсүшсө кырчын талча,
Сен турсаң бай теректей
Аларга болуп арка,
Жашооң болор деймин
Мазмундуу алда канча!
Элеттин ар бир уулу
Ушундай тамыр жайса,
Кандай дем болор эле
Калдайган бүт кыргызга!

Артынан бурулдап чаң
Шыпылдап бурулуштардан
Таш жолго же деп бышкан
Автобус келет ыкчам
Торпоктой топураңдап
Суурулуп тоо койнунан.
Аркырап жол түрүлөт
Алдыдан урат шамал.
«Кайдасың жаңы багыт
Кайдасың эңсеген шаар!
Акылдуу, маданияттуу,
Билимдүү шаардыктар.
Кандай кооз, кандай жакшы
Силердин жашооңор.
Силердей жүрсөм деген
Силердей күлсөм деген
Көксөгөн тилегим бар!
Окуймун, шаарда калам
Эшик ач, араңа ал!
Айыл чаң, эли түркөй
Силерге жетпейт алар,
Эрте-кеч ичкени чай
жана арак. Бакканы мал.
Суюлуп калбай калды
Кеп билген абышкалар.
Айта албай тегин жөндөп
Азыркы кээ бир чалдар.
Атүгүл чыгат кээде
Абышка-хулигандар.
Агатай, кой айнытпа
Айылдын чөйрөсү тар.
Жашоо деп шаардыкын айт
Элетте эмине бар?!
«Эки жыл кой баккандан
эч акыл чыкпайт» деген
Эзелки бар го макал?!
Элетте өскөн бала
Эл толо автобуста,
Ээлигип, делбеленип
Энтеңдеп келет шаарга.
Ишенет өз күчүнө
Өтөм дейт институтка.
Шонтсе да ушакты ээрчип
Миң сомду салган жанга.
Баарынан болбой айла
Таптакыр өтпөй калса
Баары бир барбаймын,–дейт
Кайрылып кайра айылга.
Калам дейт ушул шаарда,
Иштейм дейт бир заводдо,
Болбосо фабрикада.
Элетте өскөн бала,
Болуптур келгин шаарга.
Окуурсуң, же иштээрсиң
Бир жагы болор сага.
Көнөөрсүң ыш жыттанган
Чоң шаардын абасына.
Жүрөсүң кийим тандап,
Окшойм деп шаардыктарга.
Кыздардан кагуу жээрсиң
Тийишип айылдыкча.
Акыры үйлөнөрсүң
Турарсың ижарада,
Отуз же кырк сом төлөп
Бир бөлмө жаман тамда.
Тапканың чойсоң жетпей
Айлыктан айлыгыңа,
Эки күн тамак болуп
Эт алсаң жарым кила,
Кесме ичип, чайчыл болуп,
Чөп-чар жеп кеткенде айла.
Келерсиң бир нерсе алып
Айылдан анда-санда.
(Албетте, эгер шаарда
Иштеген чоң кызматта
Колдоочуң болсо анда
Кеп кыска – кор болбойсуң.
Бирок да сенде андай жок,
Тууганым, кеп ушунда.)
Ошентип, эки-үч жылда
Чыгарсың кароо болуп
Кадимки бир тыйынга.
(Албетте, сараң болуш
Жок дечи табиятыңда ,
Бирок турмуш акең,
Үйрөтөт муну сага.
Кенедей бюджетиңде
Башталат экономия.)
Аялың ашып кетсе
Төрөйт да эки бала,
(Ыракмат ошого да)
Андан соң шарт токтолот
Чао,–деп төрөткана!
Анысы абдан туура:
Балдарды багыш керек,
Аларга акча кана?
Күндөрдүн бир күнүндө,
Жылдардын бир жылында
Кирпичтей көп үйлөрдүн
Киресиң бир тамына,
Айлыктан өөнөп-тоноп,
Киресиң топтоп акча,
Үйүңө керек мебель,
Жылуу тон аялыңа,
Өзүңө түзүк пальто,
Бир сыйра балдарыңа,
А кокус андан артса,
Бир жылда бир барасың
Бир деңиз кылаасына…
Ошентип, бир карасаң
Келгенсиң кырк кырына
Жаш кезден эмне кылган?
Башкасың чын-чынында.
Ой-санааң бүт өзгөргөн,
Мүнөзүң такыр башка.
Машыккан өзүнчө илим –
Мамилең карыжашка,
Сен үчүн ченге айланган
Кай иште болсун акча.
Өз башың көп ойлонтот
Тартасың өзүң жакка.
Бирок сен, митаам шаардык
Дайыма тырышасың.
Мунуңду байкатпаска,
Жүрөсүң март адамдай
Акчага кызыкпастай,
Сүйлөйсүң алтруисттей,
Өзүңдөн шек билдирбей,
Ашкере акылдуусуң,
Жеткире маданияттуусуң
Билесиң не сүйлөштү
Кандай элге,
Билесиң не иштешти
Кандай жерде
Жогорку материядан
Кеп саласың
Идеал, тазалык деп
жалпылайсың,
Пайдасы тийбес менен
дос болбойсуң.
Кырсык чалса досуңду
жолобойсуң.
Карайсың көзүң салып,
Тыңшайсың жата калып,
Искейсиң тумшук созуп
учурдун агымына.
«Жоголсун кайдыгерлик!»–
деп коюш оңой сага.
Ал өзү кайдан келет
Кызыгуу жок эч ага.
Ошентип, бир карасаң
Чыккансың пенсияга.
Дачаң бар, машинаң бар,
Бардыгы жай-жайында.
Белгисиз саган эч бир
Мына бу жалгыз гана:
Кай күнү, кайсы жылы
Ичиңде өлдү акырын
Жөнөкөй кирсиз таза
Элеттик психология!..
Элетте өскөн бала
Ичинде эл жыкжыйма,
Кеңкейген мурду кертик
Телпейген автобуста,
Орун жок типтик туруп
Эшиктин дал жанында,
Тутканы бекем кармап
Келатат шаарга окууга.

Азамат, мен ыраазы
Курч, өктөм талабыңа!
Сестентип, ойлонсун деп
Апыртып айттым сага.
Ак жол көп, турмуш жыргал
Азыркы заман–да
Өзүңдөн бакыт табыш,
Шаардан да, айылдан да!
Өжөр бол, илим көздө
Бекем бол намыс-арга.
Мансап – от, күйүп калба,
Акча – суу, азгырылба.
Бийик уч бүркүттөрдөй
Эч качан майдаланба!
Бир боорум, энөө бала!
Эңсеген чоң калааңа
Ал эми бар, садага!

 

МЕНИН ЖОЛУМ

Менде жок күркүрөгөн урук-тууган,
Бел болуп, колтугумдан сүйөп турган.
Керек деген кызматка орноштурган,
Жетем деген нерсеге жардам кылган.

Бар болгон таянычым жалгыз агам,
Мен үчүн дайым түркүк, тоодой караан,
Ата ордуна чынында ата болду–
Дүйнөдө мен багынган жалгыз адам.

Билип өстүк жаш кезден жоктун жайын,
Эстүү киши апабыз, бизге дайым:
“Ууру кылба, адал жүр, окуу көздө”–
дечү байкуш ар акыл айткан сайын.

Өттү-кетти тумандуу бала күнүм,
Көр тирликтин көтөрдүк далай жүгүн.
Кандай кыйын абалга туш келсек да,
Аттабадык эч кимдин ала жибин.

Көр оокатка көмүлбөө – бу да эрдик,
Болбосок да бир даңктуу чыгаан элдик,
Кара менен ак эмне – айра билип,
Кактооч аттай жалаңдап чыга келдик.

Жаным күйүп, көз артпайм өзгө ишине,
Жардам сурап жалбарбайм эч кишиге.
Мен ишенбейм бирөөнүн колдоосуна,
Азбы-көппү, ишенем өз күчүмө.

«Бак-таалайы» жашында камдалган бар,
Бактылуубу ошолор, кандай жандар?
Киши өлтүрүп салса да бир эбин таап
Кеткен болот кутулуп андай балдар.

Адам болбос табылбас өөн да, кынтык
Түз баратып калуу бар кээде сылтып.
Тилеп келем кудайдан ал андыктан
Баспаса деп жок жерден бөөдө кырсык.

Жөнү башка бой кездин өрттөн кайтпас,
Ким турса да алдыңда тилди тартпас.
Үч баламды ойлосом мен сылыкмын
Итке дагы катуураак:«Кет!»,–деп айтпас.

Менден гений сыкса да чыкпайт эми
Аттиң, бул ой багынтып барат мени.
Бар үмүтүм – балдарда, тыпыраймын
Менден өйдө болсун деп келечеги.

Бирок жигер, оттуу дем жаш чактагы
Ойго түшсө ташкындап жүрөк каны.
Четке кагам мезгилсиз картаюуну!
Четке кагам күрөшсүз багынганды!

 

ҮЧ ЭКМЕТ

Жаман жолдош – колдогу кооз канжар,
Кооз канжарды кызыгып ар ким кармар,
Этиетсиздик саал эле кылсаң болду –
Өз колуңду шарт кесип кетиши бар.

Чоң жааган кар бүт жердин оюн-кырын
Эч билгизбей тептегиз, аппак кылат.
Бийлик, байлык, кемчилин көп адамдын
Так ошондой жарышып, жаап турат.

Жакшыны көр, жакшыны кеп кыл дайым.
Жамандарга асылба келсе колдон.
Жамандарга илээшсең, бир чымынсың,
Гүлзар турса, ыпылас жерге конгон.

 

* * *

Көтөрөмүн көңүл,
Чыйралтамын дух.
Сыр бербейм бассам-турсам,
көрүнөм керилип,
курчутам өзүмдү өзүм,
“Азамат” деп мактап коем,
“Түркөйсүң” деп кечирим берем.
Колдоймун, сүйөмөлөйм,
Сөгөмүн, бирок аяйм.
Антпесем, мени өзүмдөн
Ким мени жакшы билет…

 

СЕН КИМСИҢ?

Түшүнбөймүн.
Бирде сен пейлиң кенен түзүк жансың,
Колдон келсе жакшылык аягың жок,
Ичиңе кир сактабас кембагалсың.
Бир карасам,
кекенип, кастык ойлоп,
ичтен түтөп, кумсарып келатасың.

“Көр тирликке кор болбош керек” деген
жагат мага идеяң. Бирок өзүң
майдаланып кетесиң болбос жерден.
Боюң жакпайт кортоюп келе жатсаң,
Акылдуусынымыш этесиң кээде неге,
Же шончолук билимиң барбы мээңде?
деп капыстан тунжурап тура калам,
ойлонуп өзүм жөнүндө.

 

КЕЙҮҮ

Тирүү жан жаңылышат
Кээде бир ойго келбес ишти жасайт.
Кызарып уят болот эл алдында
Өкүнөт, ичтен күйөт, түкүрүнөт
А түгүл галстукчан бир кызматкер
Мас болуп, милицияга түшүп калып
Күбөлүгүн көрсөтүп жанталашып,
Анысын эч ким карап койбогон соң
Уңулдап ыйлап ийген башын салып.
Эми көрсөң анысы эсинде жок
Салам айтсаң зоргодон алик алып…

Боло берет турмушта. Кеп анда эмес,
Бирок да отуз жаштан өткөн кезде
Бирөөнүн бийлигинен жапырылуу
Кез келип турган жерде күң-мыңк этип
Керектүү сөздү өлтүрүп, айтпай коюу,
Анан да алсыздардын арасында
Эсепсиз, мыктысынып сүйлөп туруу
Араак барып жылжытып ушак айтып,
Катындарча бежиреп сөз таратуу
Аялдардан талашып өчүрөттү
Ажылдап пастык кылуу
Жөндөп ачып бере албай шампанды да
түркөйлүктү көрсөтүп жан кашайтуу
Анан да киши өңдөнүп чачты сылап
Акылдуудай
Салабаттуудай
жүргөн болуу –
О, кандай жинге тиет!

Неге адамга берилет кайран жаштык
Көккө шаңшып бир ирет учпаган соң?
Неге ичсең тамакты лапылдатып
Турмушуңда бир мөөрөй утпаган соң?
Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың
Катарыңдан суурулуп чыкпаган соң?
Бирөөлөргө кыйынсынып не сүйлөйсүң
Өз катының сөзүңдү укпаган соң?
Дос, бул ыр мен жөнүндө,
Бирок сен ойлонуп көр:
менден сенин эмнең өйдө?!
Сен деле мендей пенде болуп жүрбө?
Экөөбүз тең окшошкон бир пендебиз
бир бирине тыңсынган бул дүйнөдө.

Ар бир адам колдон келер,
өз жумушун кылган болсо,
ар бир адам бул жашоодо,
өз ордунда турган болсо,
Алдууга кур атаандашпай,
өз чамасын ар ким билсе,
Акылдуудай өзүн сезбей
Акмактыгын эстей жүрсө.

Ич тарлык, кыянаттык,
куру далбас бул дүйнөдө
жана кейиш, нааразылык
канча азайган болор эле.

 

* * *

Жалкоолук, билимсиздик, кенебестик
Жармашып келе жатат мага дайым.
Уялам шылтоо кылып кыргыз канын
Ушуга күнөөлүү дейм бабаларым.
Калса да нечен кыйын, оор күндө
Жок болуп, сиңип кетпей алда кимге.
Атамдын акысы не бабаларда
Апкелди кыргыз кылып ушул күнгө.

Аманбы алты саның – өзүңдө кеп,
Быкшыбай, колдон келсе жалындап өт.
Агымдан суурула албас чабалдарга
Ар качан себеп даяр, шылтоосу көп.

Өмүрдө бир иш кылбай ойго аларлык,
Эрте-кеч иштен келип, ишке барып,
Кыдыңдап жүрө бериш колдон келер
Кыбырап баланча сом айлык алып.

Кимдин жок бирден арман көңүлүндө,
Оюндай боло бербейт баары мүлдө.
Бирок да ар бир адам байге көксөп,
Бир чуркап көрүш керек өмүрүндө.

 

* * *

Курбулар, тигил-бу деп кереги не!
Сүйүү деген ары жок жакшы неме.
Сурабайт байлыгыңды, кызматыңды,
боюңдун узундугун, кыскалыгын.
Шампаңдап өз теңиңди таап алып,
Кудуңдап бирдемени айткан болуп,
Бир жерде элди аралап баратканың!
Таң көрүү, сүйүү арсыз, нени айтасың!
Өзүңдүн кейпиң менен жумушуң жок
Маралдай бир аялды сүйүп аласың.
Курбулар, бир кыз менен
таанышып келдим бүгүн!
Чаңына көр тириликтин
кор болуп басырылган
кыз жандуу оттуу сезим
тирүүмүсүң?!
Жаз келгенде козголгон эски дарттай
буулугуп мага батпай
ээлигип, делбеленип
мынчалык неге күйдүң?!
Жүлүндү куйкаларым
Жүрөктү мас кыларым
Кыздарга жетелеген жалын сезим
Мен сени унуттум го тирүүмүсүң?!

 

* * *

Бул тиричилик, бул жашоодон
Мен өзүмдү издеп келем.
Майда, чоңбу – келсе колдон
Жакшылык иш иштеп келем.

Бүт эле адам адалсынат
Ак өңдөнүп турмушунда.
Кеп – карамдык кимге жагат,
Кимге жакпайт – мына ушунда.

Карам кылсам жебе болуп
Тиет кайра тас маңдайга.
Буга жетип көзүм толук
Мен андайга баспай калгам.

Аялыңды сүйүп көрдүм
Арагыңды далай ичтим.
Азгырык го түбү экөөнүн
Айландырган башты биздин.

Аракта акым эч калган жок,
Аялыңды сүйдүм дедим:
Көздү сүйүп, өзү бирок
жетпегендин бири менмин…

Элетпи деп кетет оюм
Энөө кылган төрөп бизди.
Түркөйлүгүм, ыкшоолугум
Айтор мени көп өксүттү.

Түркөйлүгүм эмей эмне?
Кырын ашып отуз бештин,
Кээ бир элден он бешинде
Жетчү акылга эми жеттим.

Ыкшоолугум эмей эмне?
Ишим болбой өмүр менен
Барып-келип ишке күндө
Курсак тойсо жүрө берем.

Бирок кыйнайт мени дайым
«Киммин?» деген түпсүз суроо.
Өмүр жалын өткөн сайын,
Алды жагым – катаал сыноо.

Максатым не? Үйдү багыш,
Менден түзүк бала өстүрүш,
Абийир сактап адал барыш,
Замандын ак жолунда түз.

Күйөр жерде оттой күйүш,
Коргоор жерде коргоо намыс.
Колдон келсе кагаз чийиш,
Ойдогуну айтып калыш.

Оңой эмес ушул максат,
Бир өмүргө жетет кенен.
Кайра туулсам, атаганат,
Андан башка жашаар белем.

 

КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ

Мен көлгө элди туурап жылда келем,
Бирок да салалбадым ырга кенен.
Бүгүн бир көлдүн көркүн жазмак болуп
Белчемден сууга кирип турган элем.

Аңгыча дал жанымда бирөө келди,
Балжайган кыпкызыл бет – ичкен өңдүү.
«Туалет таппай койдум» демиш болуп,
Түз эле суу ичине коё берди.

Капыстан болгон ишке кан дүр этти,
Билбеймин айтып ийдим эмне кепти.
А тиги мага карап бир ыржайып,
Көл бетин шалпылдата сүзүп кетти.

Булганып калуучудай качтым суудан,
Карасам жээкке чыгып, тиги тууган
Дардайып суу ичинде эч кебелбей,
Чакырып жатат итин жээкте турган.

Күн ачык. Тоолор даана. Көпкөк асман,
Жээк толо жылаңач эл, кактанышкан.
Жарыктык Ысыккөлдүн кененин айт,
Жаманга жакшыга да түтүп жаткан.

Күн ачык. Тоолор даана.Көпкөк асман.
Туш-туштан келген эл көп эс алышкан.
Жарыктык Ысыккөлдүн касиетин айт,
Жаманга, жакшыга да бирдей жаккан.

Кээде сен, Ысыккөлүм, көк деңизим,
Жакшыга кырсык тараткан кызык көлсүң.
А көрөк сени кордоп сыйлабасты
Түбүңө тартып неге өлтүрбөйсүң?!

Жер-сууда кусур бар дейт, ошол чынбы,
Чын болсо кимди каерден кусур урду,
акмактар булгап, тепсеп, кордоп жатат…
деп менин жиним жаман келип турду.

«Ал сенин пендечилик аксымдыгың,
Мен – деңиз, силер – менде жүргөн чымын.
Кыжылдап өтөсүңөр-кетесиңер
Мен али жашоом керек канча кылым», —
дегенсийт көл мен жакка күлүмсүрөп.
Шыңкылдап, суу чачышып кыздар күлөт.
Жээк толо жылаңач эл. Мен отурам.
Тигил дос ити экөө сүзүп жүрөт.

 

МИКРОРАЙОН

Эмне курбум, капалуусуң,
Санаа басып, чөгүп турсуң.
Жүр, келели тоого чыгып,
Бир аз таштап шаардын чуусун.

«Аныбыз жок, мунубуз жок,
Жашайбыз бир байкуш окшоп»,
деп аялың адатынча
Сени капа кылган окшойт.

Көр тирилик ойго албаган,
Балдар элек жаркылдаган.

«Алдуубайлар андай жашайт,
Малдуубайлар мындай жашайт».–
деп аялдар кээде чынбы
биздин мээден камыр жасайт.

Килем деген чүпүрөктүр,
Алтын, күмүш — темир го бир,
Ушул жансыз оюнчукка
Не кор болот биздин өмүр?!

Кой, аныңды, башты көтөр,
Бул капалык өтөр — кетер.
Мына тоолор. Бир кыш өтүп ,
Көк жамынды кайрадан жер.

Бул жашоого биз темселеп,
Дүйнө жыйган келген белек?
Үстүндө үй, алдында аш бар
Мындан артык эмне керек?!
Тээ чокуга чыгып барып,
Сүйлөшөлүк. Эс алалык.
Шаардыктар көп биякта жүргөн
Шыбак көрсө баса калып.

Сен заводдо бир инженер,
Көөдөндө бар жаштык жигер.
Канча сонун идеяң бар,
Ишке ашыргын, бүт күчүң бер.

Жасай турган бир иш элдик,
Биз отуз беш жашка келдик.
Майдаланып кетчү жер көп,
Майдаланбай жүрүш эрдик.

Килем деген чүпүрөктүр,
Алтын, күмүш – темир го бир
Андай жансыз азгырыкка
Кор болбосун биздин өмүр!

 

ДИДАКТИКА

Жакшы адамдар, кор болуп жамандарга
иши түшүп алдына келип турса,
Кем акылдар өздөрүн гений сезип
Кем акыл деп башканы сөгүп турса,
Эң татыктуу адамдар иштечү ишти,
Эбин таап эпчилдер ээлеп турса,
Алкандай бир жердин адамдары
Бирин-бири көралбай көөлөп турса,–
Бул көрүнүш төрөйт кейиш.
Бирок ал дайым жүрсө көкүрөктө
кейигенден эч нерсе өзгөрбөсө
Андан туулат коркунучтуу сезим өлүк–
баарына кол шилтеген кайдыгерлик.

 

* * *

Колуктуңду көргөздүң. Болсун, баатыр.
Колтугуңа жармашып бара жатыр.
Кыз кезинде кишинин баары жакшы
Кылдай кайгың жок жүргөн чагың азыр.

Аял жакшы–эр жакшы. Бакыт конот,
Чачылганың жыйналат, бөксөң толот.
Калк айткандай алган жар–ордолуу, шаар,
Картайганда өзүңө эне болот.

Алдыңбы аялыңды, алгандай бак,
Көгүчкөндөй кулпунтуп, көңүлүн тап.
Өмүр бою сыйынып өткөндөй кыл,
Жакпаса да ал сага, сен ага, жак.

Ырас, иним, жакшы аял–ордолуу шаар,
Бирдей эмес бирок да бардык аял.
Өз койнуңдан суурулуп чыга келип,
Маңдайыңда ышкырып тургандар бар.

Андай аял бир алса мурунтуктан,
Алыс качат дос-курбу, урук-тууган,
Токмок болот ал аял сен кутулгус
Күндө бир маал төбөңө уруп турган.

Эл бар жерде момундун кейпин киет,
Эл жок жерде атылып октой тиет.
Жылдар өтөт, акыры жеңилесиң
Сен билбейсиң–бүт баарын ошол билет.

Ырас аны жараткан антип кудай,
Бирок кеп бар айтылчу буган улай:
Келин жакшы, келген жер жаман болсо
Ажаан болот аргасыз момун жубай.

Колуктуңду көргөздүң. Болсун баатыр.
Колтугуңа жармашып бара жатыр.
Жаман аял билбеймин кайдан чыгат,
Жакшы зайып табылгыс бир кен азыр.

 

ЖАЗГЫ КЕЧ

Тоо, талаалар гүлгө оронуп
түсүн кийди килемдин.
Жатсам балкон ачып коюп,
Жыты келет сирендин.

Чарчап кайттым бүгүн иштен,
Майда түйшүк, кыжылдак көп.
Суу көтөрбөй турат сиркем,
Уккум келбейт эч кандай кеп.

Шаар тажатып жибергенде
Көздөн учат бейкут элет.
Ээн коктуда, көк шиберде,
Эркимче оонап жаткым келет.

Сен айткандай, психолог,
Стресси эмоциянын,
Азайбастан күчөйт окшойт,
Улам мезгил өткөн сайын.

Мезгил күтпөйт, баары шашат,
Нерв өлөт деп аянбайбыз.
Бул өмүрдү кызуу жашап
Өтсөк деген адамдарбыз.

Ээн коктуга бармак кайда,
Эртең жумуш, иштеш керек.
онап жатсаң көк тулаңда
Сага кай жер айлык берет?!

Иштегенге – бейиш өмүр,
Турмуш – кызык, татаал оюн.
Кана, кызым, муйдуңду бир
Алып келчи өөп коёюн.

Тоо, талаалар гүлгө оронуп,
Түсүн кийди килемдин.
Кечки салкын шамал согуп,
Жыты келет сирендин.

 

ЭКӨӨБҮЗ СЫНТАК КАНДЫ НЕ КЫЛАБЫЗ

Өмүр аз, бир берилди сага, мага
Мен сенин сынтакпаймын арабаңа,
Сен дагы мен капыстан тайгалансам
Саның чаап арабаңдан табалаба!

Мен сендей эсептебейм кадамымды,
Жаңылсам, кайра түзөйм абалымды,
Мени кой, кокус өзүң тайгалансаң
Ойлой жүр дайының таппай каларыңды.

 

ОРТОДО КАЛУУ

Карасаң узун көчтүн
Кайдадыр бир жеринде
Кайдыгер көп нерсеге
Каалыгып келатканың!
Ээрчиткен балдарың бар
Кекирип, каниет кылып
Күйпөңдөп тирлик көздөп,
Бир көрсөң – көр пендесиң
Күйпөңдөп кете бересиң
Тим койсо
Кете бересиң!
Карасаң сенден алдуу
Кайратуу чын эркектер.
Баратат көч алдында
Күжүлдөп ташкын суудай
Намысын кармап туудай
Сендейди уруп койбой
Сендейге көңүл бурбай!
Ойлосоң сен да бир кез
Отуз беш жашка жетсең.
Сен деле тепсеп баарын
Өтчүдөй жүргөн элең.
Өзүң да билбей калдың,
Байкалбай качан өчтүң
Издебейт сени эми эч ким
Ичинен калың көчтүн!

Албетте, эркектерге
Ортодо калган жаман.
Бирок да андан жаман
Ошону билип алган!
Ортодо калуу кыйын
Эсен-соо туруп тирүү.
Бирок да кандай бакыт
Ошону билбей жүрүү!

 

КӨЗ ЖАШ

Өткөн келбейт.
Өлгөн тирилбейт.

Өлүм ак. Кимге келбейт ал эрте-кеч,
Өлүмдөн өткөн кайгы болбостур эч.
Бирок мен бала кезде ким өлсө да
Таптакыр көздөрүмдөн жаш чыкчу эмес.

Бой жеттик. Жармага мас, көпкөн мезгил,
Өмүрдө бул бир ар жок жүргөн кездир.
Киши өлөт, элге аралаш мен да барам
Бирок да көзүмөн жаш чыкпайт эч бир.

Себеби: «Жаны артык жок эч пенде
Көп болсо өлүм эмне, жок, ач эмне
экенин, мен сыңары, көрөр бул да»
деген ой турса керек дайым менде.

Бар экен философия деген илим,
Ал мага мындай бир ой кошту кийин:
«Туулган өлөт, эски улам жаңыланат
Бул өзү – Улуу заңы өнүгүүнүн».

Алган соң бул ой менен куралданып
Өлүмгө мен бир мерес болдум анык:
Киши өлсө кейийм ичтен, жетимди аяйм,
Ыйлабайм, бирок көздөн жаш чыгарып.
Аңгыча үй-бүлөлүү болдум өзүм,
Кубандым, жакшылыкты көрдү көзүм.
Агам менен иним да балдар күтүп,
Токтогулдун оңдодук жармач көчүн.

Балдарымдын болсо дейм курсагы ток,
Токтолду кескин мүнөз, сөздөрүм шок.
«Э, кудай…»–деп, үшкүрүп тобо кылам
Жакшылыктан бөлөк эч тилегим жок.

Жаш да өйдөлөп билинбей жылып барат,
Мен өлүмгө башкача барам карап.
Көр үстүндө өксүгөн жесир көрсөм
Көңүл сыздап, көзүмдөн жаштар агат…

Жалын пастап, жаш жылып кетип барат,
Мен өлүмгө башкача турам карап.
Көр үстүндө өксүгөн жетим көрсөм
Жүрөк зыр деп, көзүмдөн жаштар агат…

Ар бир адам өлүмгө көз каранды,
Ал чалса да бул ирет өзгө жанды,
Бул жесирден көрөмбү өз жарымды,
Бул жетимден көрөмбү өз баламды…

Айтор, аяйм өлгөндүн алган жарын,
Эл ыйласа элтейген жаш балдарын.
Кор болбосо экен дейм ушул бүлө
Байкабаймын көзүмдөн жаш тамганын…
Бактысы үчүн мындайдын тилейм тилек,
Кайгысы үчүн булардын күйөт жүрөк.
Мерестиктен сактасын бизди кудай,
Жакшылыкты чакырган – ыйлай билет.

 

МЕН ЯЛТАДА – КУРОРТТО

Кыял кыска, ой чолок
Торпок болгом мен качан.
Жан күйгүзөр сөзүм жок
Коркок болгом мен качан.

Акча, кызмат көр тирилик
Башты сасык ой баскан.
Уйку – жолдош күн – түндүк
Сезим ыкшоо – май баскан.

Генийлерди ичтен турап
Басам токой аралап.
Үйлөп ийсе учкан турат
Мендеги калп салабат.

Кызыкпаймын эч нерсеге
Эч нерсеге таң калбайм.
Кайдыгермин, менден бирөө
Жүрөктү алып салгандай.

Атаганат эмне мени
Мынча таштай муздаткан.
Бир зор мүдөө барбы деги
Көңүлүмдү сыздаткан.
Мен элеттин баласы элем
Ичте кири жок, жүзүм жарык.
Эч ишим жок башка менен
Ыр жазчу элем күйүп-жанып.

Бутум ийри, өзүм арык,
Шымдын сүйрөп багалегин,
Түк ойдо жок бийлик, байлык
Бир бактылуу бала экенмин.

Жылдар өттү мен түшүндүм
Ак бар жерде кара барын,
Ичте дайым күйбөстүгү
Жалбырттаган күрөш-жалын.

Көп нерседен көөнүм суду
Көп нерседен көңүл калды.
Кереги жок эч бир чуунун
Мен азыр тынч багам жанды.

Бекер жаман көрүнбөймүн
Тынч кызматтын камын көрөм:
Кыл дегенин кылып коё
Кыл дебесе жүрө берем…

Деген ойго жеңилерде
Селт деп кайра чыйралам!
«Иштейм, күйөм, берем элге
бар күчүмдү жыйнаган!»–
деп эргиймин каным дүргүп,
Ыкшоолукту урам ташка!
Пенде эмесмин мен күнүмдүк
Маңдайымда жазуу башка!
Өлбө талап, өлбө жигер,
Өлбө канда кайнаган дух!
Убактылуу жеңилип бер,
Убактылуу турганча утуп!

 

ПЕРИЛЕР, КОЙ ООЛАК БОЛ, ШАЙТАНДАБА

Курортто жаш келиндер, сулуу кыздар
Колу бош, көңүлү шат, тийишет шар.
Перилер, кой оолак бол, шайтандаба
Мен бүлөлүү адаммын, үч балам бар.

Алда кайда сөз баштап жер-көк безеп,
Мен байкушту жөн койбой эрмектешет.
Жабылыша каткырып, өтө берсем
«Жапжаш туруп картайган эркек» дешет.

Москвичкалар модага үгүттөшүп,
«Джинсы неге кийбейсиң, жигит?» дешип,
Костюмумду жүз сомдук кийим дебейт
«Не носят нынче таких брюк» дешип.
Кой кыздар, не кыласың мени сынап,
Мен ойноп жүргөнүм жок силер чылап.
Аялым жаман болсо бир жөн эле
А деле бир тобуңан өйдө турат.
Көңүлүм ордумда эмес, ичтен күйөм,
Санаам көп, мен силерди кайдан сүйөм.
Жаш жылып кыркты карай бара жатат
Мени али кык бүтүрбөй басып жүрөм.
Ойнодук ойноор кезде, ошол жетет,
Иштөөгө бизге небак, келген кезек.
Ачсам дейм бир чоң нерсе – ача албаймын,
Ызадан улуп ийгим келип кетет.
Күлгүлө, ойногула, дуулагыла,
Ичкиле, түндү жара ырдагыла!
Келдиңер эс алганы – эс алгыла,
А бирок бизге тоскоол кылбагыла!

 

КРЫМДА

Бир кезде кыйналсын деп улуу Пушкин
Сүргүнгө айдап ийген жерге,
Биздин учурда путевканы зорго таап
Алты саат асманда учуп, келип түштүм.
Шаңкайып аба таза, көңүлдү ачат
Уу-чуу жок, гүл буруксуп жытын чачат.
Ой -тоо бүт тармалданган жашыл токой
Дардайып Карадеңиз чалкып жатат.

Бап келген токойлуу тоо деңиз менен
Шунчалык болсо болор бейиш деген.
Жыл сайын эки-үч айга ушул жакка
«Сүргүнгө» даяр элем келишке мен.

 

БАКЫТ ЖӨНҮНДӨ ЫР

Бакыт жакка келгенде жолум кату
Бир чоң ишти, маселен, орундатуу
апкелгени апкелген маган азап,
акканы аккан арам тер жонумда ачуу.

Жолдуулар бар турмушта эч кыйналбайт,
Туш-тарабы кыбыла, жыргайт, чардайт.
Чыгып турат ар качан иши ордунан
Маган бакыт антип жөн келе калбайт.

Мени бакыт дайым турат сынап
Мен жетерде ойт берет, чалындырат,
Умсундурат, чуркатат, күйүктүрөт,
Бир кубантат, артынан ыза кылат.

Үй алыш бактысы эмес кай кыргыздын
Үйдү мен кандай алдым, эмесе уккун:
Үй үчүн сегиз жылы азап тарттым
Үй үчүн далай жерге кирип чыктым.
Үй-бүлөм Үй-Бакытка акыр жетти,
А бирок канча күчүм, нервим кетти.
Үй азабын тартпаган муну билбейт
Айткан менен түшүнбөйт мындай кепти.

Бакыт кыйнайт ушинтип болсо качан,
Тагдыр ушул, макулукмун, кайда качам.
Жер астынан болсо да сууруп чыгам
Бакыт үчүн күрөшөм, жанталашам.

Ал анткени менде күч жаш кезден ар,
Арт жагында алган жар, турат балдар.
Бала кезден көп көрдүм кыйналышты
Мен бактылуу болушка укугум бар.

Чоң түшүнүк, албетте, Бакыт деген
Мен ченебейм Бакытты оокат менен.
Мен деле айтам: «Эл үчүн бир чоң жумуш
Жасап салсам Бактылуу болор элем!»

Кең түшүнүк, албетте, Бакыт деген
Мен ченебейм Бакытты көр-жер менен.
А бирок да, маселен, ачка олтурсаң
Эмне кетпейт башыңдан, көрөр элем.

Эч басынбай алса да мээнет чырмап
Өйдө ынтылап, тырмышып, аска тырмап.
Бараткандар бакытка өжөрлөнүп,
Силерге даңк, азамат, силерге урмат!
Мен мээнетке жакынмын болсун качан,
Көнүп калдым, өкүнбөйм, бара жатам.
Көктөн түшпөй эч качан маган бакыт
Бактым үчүн күрөшөм, жанталашам.

 

БУФЕТЧИЛ ДОСТОРГО

Ресторандын ээлеп залын
Кимдер бизче күндө олтурат.
Магазиндин пландарын
Биз толтурбай, ким толтурат.

Деле олуттуу салып кептен,
Тынч ичебиз, көтөрбөй чуу.
Такси минип, тарап кеткен
«Алкаштарбыз» маданияттуу.

Баарыңардын аялыңар
Ичпесе деп күндө тилеп,
«Койдум!» деген дайым даяр
Убадаңды алып жүрөт.

Жүргөн менен заңгырап түз,
Акыл-эсти өстүрбөгөн,
Бышыксынган кызматкербиз
Ушак кепти көп сүйлөгөн.

Биздин доордун жигиттери
Кандай зирек, өктөм чыкты.
Кандай күчтүү дүбүрттөрү
Эмгектери кандай мыкты…

Аралашсаң алар менен
Ардангандан өлгүң келет.
Билгендери бизден терең –
Биз арттабыз. Эмне себеп?

Кафелерде олтурганча
Бир китепти окуп албай.
Ушакка мээ толтурганча
Бир талашты чечип албай…

Кысыр өтүп кайран курак
Кыркка багыт алган экен.
Өмүр калды бир азыраак
Бизден эми чыгаар бекен?!

 

АЛМА-АТАДАН УЗАРДА

Казагым, кол кубансын устаганда
Куй баса алты кырлуу стаканга.
Серпейин чын көңүлдөн атаңгөрү,
Сен мынча сураганда, кыстаганда!

Камдап тур чучугуңдан алганга шак,
Жарашат бизге бүгүн майрамдасак.
Биз келдик, жетиналбай чалкып турсуң,
Бир боорум, эр көкүрөк кайран казак!
Эпосуң, ырларың бар өчпөс эчен,
Эзелтен шайыр калксың, сөзгө чечен.
Жашоодо кыйбас, мыкты досубуз көп,
Жакынсың, бирок боорум, өзгөчө сен.

Төө баккан журт элең бир көчмөн уруу,
Эл кылды баарыбызды Ленин нуру.
Кыздарың Европаны таң калтырып,
Балдарың эки-үч тилде сүйлөп туру.

Арман жок жал чайнаган ата-энеңде,
Күрпүлдөп кетип барат казак өргө.
Кай жагын айтсаң дагы – мактанычың көп,
Казагым, ушунуңдан жаза көрбө!

Эзелтен эр көкүрөк арыштуу эл,
Каныңда кайнап турат намыс, жигер,
Казагым, кел боорума бир кысайын,
Кана, алгач алдагыны алып жибер.

 

ИБАРАТ

Сен, досум, бышыксынба,
Көрүнгөндөй үйрөнгөн сөздөрдү айтып
Башты оорутпа.
Башкаларды ушактаба.
Элди кой өз жайына.
Өзүңдү изде!
Сен кимсиң бул дүйнөдө?
Турасыңбы өз ордуңда?
Келдиң азыр канча жашка?
Өз жүзүм деп жүргөнүң
болбосун чоочун маска?
Мытаамдыкты жакшы үйрөндүң
жапжаш туруп,
Кылдыңбы өмүрүңдө
бирөөгө бир жакшылык.
Бар тилегиң–кызматтан жогорулаш–
бир столдон бир столго улам жылып.
Кеч эмес али дагы,
Сен, досум өзүңдү тап!
Тойгузба сөзүң менен,
көргөз иш, бер ибарат!
Бирөөлөрдүн айтканын кыла бербей,
Бирөөлөрдү туурап күлбөй,
Бирөөлөр эмне десе, ошо дебей,
Он киши кайда кетсе, кошо ээрчибей,
өз акылың өзүңдө
башыңды иштет.

Издегин сен өзүңдү.
Тапкының өз жүзүңдү.
Сынагын өзүңдү өзүң
Чоң иштен, кичине иштен,
жолдоштуктан, адамкерчиликтен,
күндөлүк кызматыңдан,
адамга мамилеңден,
ак менен кара иштин күрөшүнөн,
Адилдикти жалгандык жеңмек болуп,
Сен ага күбө болуп
турган жерден!

 

Аман Токтогуловго арналган ырлар

Сүйөркул ТУРГУНБАЕВ

АЗАМАТ УУЛДАР ИЧИНДЕ
(Аман Токтогуловдун эстелигине)

Барчын деп айтсак барчындай,
Туйгун деп айтсак туйгундай.
«Жар ташка барып конгон жок
Куш жапаны жагалмай»,–
деп талпынып турчу эле
Жигиттин гүлү Амантай.

Гамзатовдун «Дагстан»
Кыргызга мыктап сүйгүзгөн
Кылымды кечкен кыргыз тил
Кылычтай өткүр кыргый тил
Кыйындыгын дүйнөгө
Кыттай сөз менен билгизген.

Куу кумпай кээ кезде
Куу алчу куштай сызчу элең,
Азаматтын курчу элең.
Жайлоодон түшкөн кулундай
Жагалданып турчу элең.

Жетишет ушул дедиңби
Бир заманды көргөнмүн, –
Эмкилерге бердиңби –
Экинчисин көрбөдүң.

Аттиң арман дүнүйө
Ат чегилбей кош калды.
Азамат балдар ичинде
Ак туйгундай суурулган
Амандын орду бош калды.

 

Үрүниса Маматова

КЫРГЫЗЫМДЫН КУЛУНУ ЭЛЕҢ

О, жараткан! Бул сенин не кылганың?!
Мыктылары кыргыздын аз эле го.
47 жаш кылкылдап уч-кыйырсыз
Гүлүн тегиз ача элек жаз эле го!

47би жакшынын жашоо чеги,
Кайран талант, табары көп эле го.
Өнөрүндө өрт турган алоолонуп,
жандүйнөсү жапжарык, төп эле го.

Мыкты жазып, өмүрдү мыкты жашап,
Жаркыраган жылдыздай жанып турган,
алп өчкөнү эмнеси жакшы адамдын,
Бул не деген жалганың жарыкчылык!

Эч нерсеге ишенбейм, эч кимиңе
Жалган дүйнө – бул дүйнө, баары жалган.
Бу дүйнө, баары жалган.
Бу дүйнөлүк өмүрүң жалган болсо,
Адам өлдү дегениң дагы жалган.
Аман өлдү дегениң дагы жалган!

 

Бергеналы БАЗАРБАЕВ

* * *

Кылчактабай бир айткан кепте турган,
Кыргыз үчүн ар дайым чекте турган.
«Кырк жигиттин» бири элең, кайран жигит,
Кылыч, найза, ок дагы өтпөй турган.
Турмушундай турмушту сүйүп турган,
Тууган жер деп алоолоп күйүп турган
Эки адамдын бири элең кайран жигит,
Эли, жериң көп нерсе үмүт кылган.

Асман түшүп кетсе да, алдастабай.
Ар убакта жаркылдап күлүп турган.
Адам элең жароокер, жанга жакын,
Адам сырын айттырбай билип турган.

… Бул ыр эмес, шаңкылдап созо турган,
Бул ыр эмес кураным сага окулган.
Эсил кайран, кош, дедик аргасыздан,
Эли-журтуң, дос-жарың, ата-тууган!

 

Эркин ТАЗАБЕКОВ

* * *

Үмүттүү күндөр үзүлдү комуз кылындай,
Торгойдун үнү токтоду кокус, тил катты.
Ал үйгө кайгы билинбей жылып кирип жай,
Аманга бүгүн акыркы жолу күн батты.

Токтобой сызган жашоонун улуу кербени,
Аманды таштап сапарын ары улады.
Жашоодо болбойт өлгөндүн кайра келмеги,
Жашоодон бүгүн бир чынар терек кулады.
Армандуу дүйнө Арманга кылбай ырайым,
Алдымда кетти каректен канды куюлтуп.
Ажалда мыйзам ушундай болот турбайбы,
Араны барат уламдан-улам суюлтуп.

Кырчындай кезде кыйылган менен жаш өмүр,
Агымын бузбай бул турмуш өтүп баратат.
Элинин уулу элине эми кайрылбайт,
Амандын кудай ыйманын кылсын саламат.

 

Биримкул АЛЫБАЕВ

КЫРГЫЗДЫН КУЛУНУ ЭЛЕҢ

Энеден туулду элең
Эңгезер тилек менен.
Элиңе берериң көп
Кыргыздын кулуну элең.

Тилегиң аткарылып,
Тилегиң аткарылбай,
Жазгы бир чагылгандай
Жаш кеттиң,
Жан боорум ай…

О, арман,
Арман дүйнө.
Опосуз жалган дүйнө.
Күтүүсүз пендесине
Күйүттү салган дүйнө.

О, Кудай кудуреттүү,
Бизден эстүү,
Сен кайда алып кеттиң
Балаңды идиректүү?

Катуусуң
Кара жер сен
Катаалсың
Ажал да сен.
Болбосо катыласың
Эмне үчүн Аманга сен?!
А бирок Аман өлбөйт.
Асмандан колун сермейт.
Ыйлаган апасына:
– Ыр жазып,
Мындамын! – дейт.

Айланып Алатоонун
Сыйкырдуу Күн, Айына:
– Сен жазып, мындамын! – дейт,
Сыздаган жубайына.
…Энеден туулду элең
Эңгезер тилек менен.
Элиңе берериң көп
Кыргыздын кулуну элең…

 

Түгөлбай КАЗАКОВ

РЕКВИЕМ
Бир – бетимди көргөн тууганыма,
Бир – этимди көргөн аялыма баркым жок…

Жашы улуу, жаны курбалым,
Ал кезде денден эс кетип,
Азапты тартып турганмын
Агамды жүрөт эстетип,
Алыстан жазган ырларың
Ажал бир андес неме экен
Адаштык бизге кылбады.

Ааламга сызсам табылбас,
Албетим эле кайрылды.
Ар убак барып табынган
Аалым – Тоодон айрылдым.

Артымда кылчактабастан,
Абторой сырым төккүм бар,
Аманды эстеп олтуруп,
Ааламды кезип кетким бар.

Аргымак эле бир келген
Арыбай калды коноосу.
Ал болчу кадыр билгенге
Абыгер чеккен жолоочу.

Эл эрмеги булбулкөй
Эртелеп учту чынардан.
Калк эрмеги булбулкөй
Калтырды бизге бир арман.
Баскан-турган жеринде
Базар-күлкү курч эле.
Баш айланткан жолдордо
Бардаш кылып турчу эле.
Бет келгенде чындыкка
Бели бекем, курч эле.
Бар байлыгы иш болуп
Байсал таппай жүрчү эле.
Башканын көөнүн көтөрүп,
Бажырайып күлчү эле.

Арзып келген алыстан
Ак жүрсө акыр конор деп,
Алдырбас бакыт – сен үчүн
Изденип келген алыстан
Изги жүрсө конор деп,
Илдирбес бакыт – сен үчүн.
Түгөнбөс турмуш азабын
Түлөктөй кезден мол тартты.
Күн мезгилин алган жок
Тулпардыгы сезилбей,
Түтөп жүрүп жол тартты.
Күн мезгилин алган жок
Күлүктүгү бааланбай,
Күйүп жүрүп жол тартты.
Көйкапта кармап муратын
Көр-тирлик жайган тор болду.
Короодо жүрүп кор болду…

Бир күн мурда ичимден
Бишарат күүнү укту элем
Бирок ага ким жоруйт!
Бир ай мурда түшүмдө
Биябанда тиш түшкөн
Бирок ага ким жоруйт!
Өмүрдө орду бар эле
Өлбөй турган жан эле!

 

* * *

Бир кезеги келгенде
кыя кесип жал жедим.
Бир кезеги келгенде
Жата калып кар жедим.
Агамдын сөзүнөн

Таң куланөөк салганда
Тарып дүйнө калганда
Таластын тоосу томсоруп
Тагдырым толуп арманга
Супа сандык салганда
Суз тартып дүйнө калганда
Сумсайып тоосу Таластын
Суудум толуп арманга.

Чыгалбай жолго олтурдум
Чыңыроон сыздап денемде
Аттанбай жолго олтурду
Арманын угуп энемдин.
Ойгонуп жайлоо, жака да
Окулуп куран үч ирет
Сунулуп колдор батага
Суусамыр жатты титиреп…

 

* * *

…кайрылып учуп жүрөмүн
кара куш болуп түңүлбөй.
Ысмайыл

Туурунан кушу учпаган
Тууган, дос, касты, эрмектеп,
Тагдырын калчап, эрмектеп,
Тантырап жүргөн досунун
Тартуусу менче күйбөстүр.
Тушуна койсо туралбас
Туугансып жүргөн неменин
Тушагы менче күйбөстүр!

… Ишимден кайтып өтөмүн
Иштеген жерин айланып,
эшиктен жайнап чыкчу эле
Элеси жаркын кайраным.

Жакалап шаарды өтөмүн
Жашаган үйүн айланып,
Жаркылдап чыга калчудай
Жан боорум, эсил, кайраным!

Бапестеп ырдан өстүргөн
Багы турат, өзү жок
Башканын жанын сергиткен
Бал булак сымал сөзү жок,
Мени коюп, аны алган
Бу жалгандын көзү жок!

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий