Бараандуу жазуучу жөнүндө баалуу эмгек

Кыргыз адабият илими менен сыны жакында дагы бир эмгек менен толукталды. Ал эмгек жаңы кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, кыргыз балдар адабиятынын классиги, Кыргызстандын эл жазуучусу, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, белгилүү коомдук ишмер Шүкүрбек Бейшеналиевдин чыгармачылык өнөрканасына арналгандыгы менен актуалдуу жана баалуу. Ырасында да кыргыз адабиятын, өзгөчө балдар адабиятын дүйнө элдерине таанытууда Ч.Айтматовдон кийин эле экинчи орунда турган бул сүрөткердин көркөм дүйнөсү буга чейин илимий өңүттөн кеңири изилдене элек эле.

Изилденүүчүнүн эмгеги илимий монографиянын салтында жазылгандыктан ал, Киришүүдөн, үч главадан, корутунду бөлүмдөн куралган да, Киришүүдө изилдөөнүн максаттары жана милдеттери, теманын актуалдуулугу, жаңычылдыгы, изилдөөчүлүк илимий принциптери менен практикалык мааниси негизделген.

Иштин негизги үч главасы жазуучунун чыгармачылыгынын үч багытын талдоого алуу үчүн логикалык ырааттуулукта бөлүштүрүлүп, бири-бирин толуктап, улантып отурат.

Алдын ала айта кетчү нерсе — изденүүчү аналитикалык ой жүгүртүүсү бышык, талдоочулук ыкмалары ишенимдүү, илимий теориялык көрөңгөсү, даярдыгы жеткилең, логикалык жана тарыхыйлык принциптерди билгичтик менен пайдалана алган стилист, адабиятчы экендиги.

Мындай сапаттарга аны узак жылдар бою китеп басмаларында иштеп, жазуучулар чөйрөсү менен жакындан тааныш болуп, адабий процесстин агымында активдүү аралашып жүргөндүгү жеткиргендиги анык. Мына ушундай зарыл өбөлгөлөр анын алдына койгон максатын — Ш.Бейшеналиевдин чыгармачылык эволюциясын аңдап чыгууну, андагы ийгиликтер менен өксүктөрдү айкын күбөлөп турган урунттуу чыгармаларын талдоого алуу аркылуу сүрөткердин чыгармачылык өз алдынчалыгын жана көркөм дүйнөсүн аныктоону камсыз кылган.

Иштин биринчи главасы «Ш.Бейшеналиевдин чыгармачылыгында балдар темасынын иштелиш динамикасы» деп аталгандыгы да жазуучунун алгач балдар адабиятынын айдыңында эмгектенип, анын көркөм-идеялык, тарбиялык таанытуучулук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу боюнча жасаган кадамдары, ийгиликтери жана жаза басуулары, алардын субьективдүү жана обьективдүү себептери, эң негизгиси- кыргыз балдар адабияты деген ажайып материкке Ш.Бейшеналиев деген жаңычыл жазуучу келип, ал бул материкте нукура баба дыйкан катары өмүрү өткөнчө мончок терин төгүп агызып эмгектенип, дүйнөлүк аброй, атак-даңкка ээ болгонун жана ошол материкти жаңы эстетикалык көркөмдүк бийиктикке көтөрүп чыккан күжүрмөн калемгер катары, адабият тарыхынан татыктуу орун алганын ынанымдуу талдап чыккан.

Аталган главадан келип чыккан корутундуда Ш.Бейшеналиевдин кыргыз балдар адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы олуттуу экендиги, балдар үчүн чыгарма жазуу ал үчүн баарыдан мурда чыгармачылык профессионалдык деңгээлинин калыптанып өсүшү үчүн бекем пайдубал болгондугу сыпатталып, нукура чындыктын дал үстүнөн чыккан.

«Ш.Бейшеналиевдин роман жанрындагы изденүүлөрү» деп аталган экинчи главада жазуучунун «Таалай жолу», «Даңкка жараша жүк», «Урпактар үнү», «Болот калем», «Жараланбаган жаралуулар» романдары талданып, сүрөткердин роман жанрындагы чеберчилик маселелери, улуттук романистиканын көркөм формалык жана мазмундук компоненттеринин жаңыланып өсүшүнө кошкон салымы багытындагы ой чабыттары чагылдырылган. Аларда жазуучу жашап, эмгектенип өткөн мезгилдин өз талаптары, муктаждыктары менен таасирлери болгондугу, жалпы эле адабиятыбыз таканчыктап турган пайдубал кандай деңгээлде экендиги, улут турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөр жазуучунун көркөм ой жүгүртүүсүнө кандай таасир этип, андан кайра кандайча көркөмдөлүп жаңырып тургандыгы аңдаштырылып, алардагы ийгиликтер жана мүчүлүштөр да мына ушундай обьективдүү жана субьективдүү шарттардын диалектикасы менен түшүндүрүлөт.

Изилдөөчү өз учурунда жазуучунун чыгармалары тууралуу айтылган оң жана терс пикирлерди азыркы учурдун көз карашы менен өлчөп, ошондой эки уюлдуу пикирлердин жаралышына себепчи болгон анын адабий мурастары ырасында да өз мезгилиндеги замандаштарыбыздын, жашоо турмушубуздун элестерин терең да, кеңири да чагылдырган көркөм панорама болуп калгандыгына адилет баасын берген. Жазуучунун чыгармалары тууралуу ал кездеги Союздук масштабда жана өзүбүздүн чөйрөбүздө айтылган адабиятчы-сынчылардын пикирлерин алардын ысымдарына урматтоо сезими менен кайрылып, канчасы обьективдүү, канчасы субьективдүү болгондугуна салкын кандуулук менен өз позициясын билдирип, изилдөөчүлүк концепциясын иштеп чыга алган.

Бул главадагы талдоолорун жыйынтыктоого келгенде изилдөөчү Ш.Бейшеналиевдин романдык ойлоосунун алгачкы баскычынан тартып эле турмуштук окуяларды ылгап алуу менен аларды көркөм жалпылаштырууга карата болгон талаптануусу жана аракети күчтүү болгондугуна басым коюп, 60-жылдардын орто чендеринен баштап, жазуучунун романчылык өнөрканасында документализмге таянуу фактысы орун ала баштагандыгы, мындай көрүнүш жалпысынан алганда анын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн түзгөндүгү, андай алгылыктуу көркөм кубулуш анын повесть жанрындагы изденүүлөрүнө жана табылгаларына мурдатан эле мүнөздүү болгондугу «Кычан» повестинин мисалында талданып, тастыкталган.

Аталган главада жазуучунун «Жараланбаган жаралуулар» деп аталган соңку романы адабий сында дээрлик назарга алынбай калгандыгына карабастан, изилдөөчү аны калемгердин роман жанрындагы жаңы табылгасы катары баалап, анын тематикалык проблематикалык «турпаты» билгичтик менен «тургузулганына» кеңири, ишенимдүү талдоо жүргүзөт да, бул романда автордун буга чейинки айрым романында орун алган ашыкча портретизация, көп сөздүүлүк, ачык дидактизм эми учурабаганына, көлөмү боюнча да чакан, окуялары жыйынтыктуу, ар бир каарманы тууралуу жөнү жок биографиялык маалыматтарды кошумчалап көлөм арбытуу жоктугуна басым жасайт.

Үчүнчү глава «Ш.Бейшеналиевдин драматургдук өзгөчөлүгү» деп аталып, анда дрматург Ш.Бейшеналиевдин бул жанрдагы изденүүлөрү, түйшөлүүлөрү, табылгалары биринчи жолу илимий талдоодон өткөрүлгөн. Главанын мазмундуулугун төмөндөгүдөй сыпаттасак болот: Изилдөөчү Бейшеналиев-драматургдун ийгиликтерин да, мүчүлүш жактарын да жалпы эле кыргыз драматургиясынын контекстинде карап, бул жанр белгилүү бир даражада сапаттык жана сандык даражасы жагынан ийгиликтерге жетишип калган учурда Ш.Бейшеналиевдин драма жанрына келишин мыйзам ченемдүү көрүнүш катары эсептеп, анын бул кадамын дүйнө таанымынын кеңирилиги, чыгармачылык максаттарынын, мүдөөлөрүнүн жана мүмкүнчүлүктөрүнүн көп кырдуулугу менен байланыштырат. Прозаик катары таанымал Ш.Бейшеналиев эми кыргыз драматургиясынын ошол учурдагы жетишкендигине, эстетикалык сабактарына таянуу менен алгачкы драматургдук дебютунда эле адамдын жан дүйнөсүнүн татаал кыймылдарына, толгонуулары менен ой жүгүртүүлөрүнө, пенделик жеке кызыкчылыктары менен жалпынын ортосундагы кагылыштарына, изденүү менен адашууларына назарын бурганын, ушундай айкын максаттарды аркалаган Ш.Бейшеналиев драматургдук өнөрүндө психологиялык драманын мүмкүнчүлүктөрүн чыгармачыл пайдаланууга ыкчам бет алганын конкреттүү мисалдар менен талдап, Ш.Бейшеналиевдин драмалык чыгармалары кыйла эле болгонуна карабастан, кыргыз драматургиясын изилдөөчүлөр тарабынан караманча кепке алынбаганын,мындагы себеп — анын драмалык чыгармалары көркөмдүк, идеялык жактан өксүктүү болгонунда эмес, башкы маселе — адабий сын аны прозаик катары гана таанып, прозасына гана көңүл буруп, драмалары экинчи планда калгандыгын белгилөө менен өзү анын драмалык чыгармаларынын сюжеттик сызыктарын жана образдар системасынын чечилиш өзгөчөлүгүн талдай келип, биринчи иретте аларда башкаларда учурабаган өзүнчөлүк — ал коомдук, өндүрүштүк татаал маселерди адам мүнөздөрүнүн жөнөкөй эмес кырлары менен тутумдаштырып келип, алардын ички биримдигин көркөм чагылдыргандыгы экендигине басым жасайт.

Мына ушундай чулу, таасын дээрлик корутундуга Изилдөөчү жөн жай эле келе койбостон, драматург Ш.Бейшеналиевдин драмалык чыгармаларын узун-туурасынан «аралап», талдап, баалап чыккандан кийин келген. Ал ушул главаны айрыкча берилүү менен иштеп чыккандай, себеп — жогоруда айтылды го, Ш.Бейшеналиевдин драмалык чыгармалары мурда-кийин илимий алкакка тартылбагандыгы. Автор мына ушундай себептен улам өзүнчө чыйыр салуу жоопкерчилигин айкын сезгендиктен изилдөө обьектисин курулай эмоцияга берилбестен, адабият илиминин азыркы жетишкендиктеринин сабактарына таянуу менен салкын кандуу, рационалдуу талдап чыга алган. Талдоо учурунда ал Ш.Бейшеналиев-драматургдун «калчаган сакасы» дайыма эле «алчы-таа» коно бербегендигин, айрым учурларда ал «бөгүнөн чигинен» да түшүп тургандыгын, негизинен анын драмалык чыгармалары кыргыз драматургиясынын тутумунда өзүлөрүнө татыктуу орун алып калышканын, айрыкча «Бойдоктор» драмасы боюнча тээ илгери коюлган спектакль кыргыз театр сахнасында оперетта жанрына негиз салгандыгын адилет белгилейт.

Корутунду бөлүмүндө Ш.Бейшеналиевдин чыгармачылык изденүүлөрүн талдоо боюнча чыгарылган илимий тыянактар берилип, жазуучунун өзүнчөлүгүн жана жалпылык менен биримдигин аныктаган белгилери сыпатталат. Аталган монография мугалимдер, студенттер менен окуучулар жана жалпы эле адабият сүйүүчүлөр үчүн керектүү окуу куралы болуп калмакчы.

Санарбек Карымшаков, филология илимдеринин кандидаты, профессор,
“Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий