«Guardian»: Азыркы Кыргызстандын байыркы уяты

6053“Бул  кызды аял кылып алыңыз”
1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери  бул өлкөдө ала качуу деген эски практика кайра жанданды.

Азыркы Кыргызстандагы никенин үчтөн бири уурдап качуу менен түзүлгөн . Талапка ылайык адам өз колуктусуна үй-бүлөсү менен кошулуп алып  бир нече саат бою көндүрүү аркылуу  күч менен же алдоо  аркылуу үйлөнөт. Окуя ийгиликтүү аяктаса эртеси эртең менен колукту салттуу болуп калган ак жоолуктуу салынып көшөгө тартылган бурчта олтурат жана имамды үйлөнгөндөрдүн никесин кыюу үчүн чакырышат.

Кыргыздардын «ала качуу» деген  фразасын сөзмө сөз которгондо “кармап  алып качып кет”  деген маанини берет. Кээ бир колуктуулар тааныбаган адам  тарабынан ала качылып кетет, ал эки кээ бирин тааныган эркектер ала качат. Айрымдары  мындай зомбулуктан кийин эптеп качып кетсе, көпчүлүгүн  салтка ылайык ынандырышып  жана чыр-чатак чыгарбасын деп коркушуп  кармап калышат.Мусулмандык мамлекет болгон Кыргызстанда кыз болуу ыйык саналып ала качкандан кийин кетип калган кыз кайсыл бир мааниде булганган болуп эсептелип калат.Эгер анын үй-бүлөсү уяттан коркуп анын үйгө келүүсүнө тыюу салса,  кызда эч кандай тандоо калбайт.

Практика көчмөн жашоо образы менен тамырлаш болгон деп айткандарына карабай бул салат азыркы Кыргызстан менен карама-каршы келет. Ала качуу  советтик мезгилде мыйзамга жат деп эсептелген жана  Кыргызстандын кылмыш кодексинде мыйзамсыз болуп  кыз ала качкан адамдар жазаланат. Бирок мамлекет 1991-жылы көз карандысыздыкка жетишкенден кийин мындай жагдайлардын саны кескин өсүп кеткен. Бул советтик башкаруу учурунда жат көрүнүш катары саналган ала качуу улуттук жекеликтин символу катары каралганына да байланыштуу. Ошол эле учурда бул диний мамлекетте жалгыз аял менен эркектин жолугушуп убакыт өткөрүүлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөр да аз.

Үйлөнүү той  жөрөлгөлөрүнө кетирген чыгымдарга салыштырмалуу эркек кайсыл бир куракта үйлөнбөсө ата-энесинин кысымы катуу болот, ал эки колуктуга үйлөнүүгө  калың берүүдөн көрө ала качуу анын үй-бүлөсү үчүн  арзанга турат. Көп учурда ала качуу үйдө мусулмандык нике кыюу менен коштолгон той менен белгиленет, бирок кээ бир үй-бүлөлөр никелешүү үчүн атайын  той салтанатын өткөрүшөт. Анда мал союлат жана майрамдоо  айлар бою улануусу мүмкүн. Бирок  ошол эле учурда никелер расмий түрдө сейрек катталып, колукту менчикке же балага ээ болуу укугу жок калат.

Никелешүудөн кийин колукту өз күйөөсүнүн үй-бүлөсүнө таандык болуп эсептелип анын жашоосуна билим алуусуна акча төлөшөт. Ошондуктан уурдалган кызын ала качкан адам менен калтыруу экономикалык себептерге дагы байланышат. Бирок кыздын үй-бүлөсү чындап каршы болсо да кыз ала качан адамды сейрек учурда гана сотко беришет, себеби бул өлкөдөгү сот адилеттигинде коррупция кеңири жайылгандыктан, полициялар  ала качкан адамдан да, анын үй-бүлөсүнөн да акча алышат. Анын ордуна күйөөнүн үй-бүлөсү колуктунун үй-бүлөсүнө кой,  ири мал же акча, кийим, арак жана таттуу сыяктуу белектерди алышып кечирим сурап алдына түшүү үчүн барышат.

Джекки Дью Мэтьюс,
«Guardian», 27- март, 2010-жыл,
Котормо – «Zpress.kg»

Соц тармактар:

Добавить комментарий