Алыкул Осмонов

Жазуучулук баяным

Мен жазуүчулукка бала күнүмөн ынтызар элем. 1927-жылы, он үч жашымда кайсыдыр бир окуу китебине басылып чыккан «Жайлоо » деген (авторун билбейм) аңгемеге ашык болгонумду унутпайм. «Эне тил» сабагынан бере турган Артыкбай Жолдошев деген мугалим ошол ацгемени бизге окуп берди да: (жаз чыгып келе жаткан мезгил эле) «Жакында жайлоого чыгасыңар, кайра күз келгенге чейин ушул өңдөнгөн аңгемени жаза келгиле «деди. «Чын эле кантип жазам»деген ой мени аябай эңсетти.

Аңгыча жай бүтүп күз келди. Баягы аңгеме дагы эле эсимде. Бирок жазууга күчүм жетпестигин билип турам. «Мага бир күч пайда болсо да, бир дегенче жаза койсом» — деген санаа түшөт. Күзгү окуу башталды. «Эми мугалимге эмне дейм», — деп кайгырам, бирок муталимибиз ал аңгеме тууралуу ооз ачкан да жок.

1929-жылы мен 1925-жылдан бери окуп жүргөн Токмок шаарындагы интернаттын дубал газетасына биринчи ырым чыкты. Ошол кезден баштап жазуу ишине көңүл кое баштадым.

1929-жылы Фрунзедеги педагогия техникумуна келип кирдим. Ал кезде мындагы окугандардын көпчүлүгү адабиятка шыктуу эле, мени ого бетер кызыктырып, бир жагынан сүрдөнтүп жүрдү.

Ошол убактан баштап: Пушкин, Лермонтов, Лев Толстой, Тургенев, Некрасов, Гоголдун аттарын уга баштадым жана казак классиги Абай Күнанбаевдин ырларын окуп жүрдүм. Kөп убактарда китептерден, дубалдын боорунан ал жазуучулардын портреттерин көрө баштадым. Өз ичимден: «Эң эле улуусу Лев Толстой, анан Тургенев, Некрасов, Гоголь, эң кичүүлөрү (баласы) Пушкин менен Лермонтов го»деп коем. Себеби, кимиси сакалдуу болсо, ошонусу мурун жашаган экен деп ойлоп жүрөм! Кийин талдап окуй келгенде «бала жазуучу» деп ойлогондорум (Пушкин) баарынан илгери жашап жана орус адабиятын ошолор негиздеген экен. Мени бул окуя көпкө чейин айраң калтырып жүрдү.

1929-жылдын кышындабиринчи жолуА. С. Пушкиндин «Зимний вечер» деген ырын котордум. Албетте, ал эң начар которулган болсо керек, бирок жолдошторумдун «сонун экен» деген мактоосу мени аябай уялтты. Аларга көрүнбөй качып кеттим.

Ошол жылы, кышында дубал газетага Уултай деген кыз тууралу жазган какшык ырым чыкты.

1930-жылдын сентябрь айында «Сабаттуу бол» деген республикалык газетага «Кызыл жүк» деген ырым чыкты. Ал ырды окуп алып ошол түнү кубанганымдан уктабай чыктым. Газетаны катып коюп, күнүгө он жолу окуйм. Эртеси дагы бирди жазып алпардым, анан дагы… дагы… Сабак маалында да, бош убагымда да жазам.

Кийинчерээк башка газеталарга, анан айрым альманахтарга, «Чабуул» аттуу журналдарга ырларым чыгып жүрдү. Кезек-кезек драм кружогу үчүн пьеса жана декломация жазам.

Аңгыча кыргыздын ошол кездеги көрүнүктүү акындары менен тааныша баштадым. Эң биринчи эле Жусуп Турусбеков менен жакын болдум. Бир күнү ошол акынга ыр алпарып берсем, окуду да «сенин ырларың дурус экен, мен Аалы Токомбаевге айтайын жана эмки жекшембиде окуучуларды чогултуп тур, мен барып жыйналыш өткөрөм» дей салды. Көп узабай А. Токомбаев менен жолугуштум, ал кишиден да мактоо угуп аябай кубандым. Айткан күнү техникумда мен тууралуу «Мактоо жыйналышы» болду. Жусуп Турусбеков ошол кездеги эреже боюнча мени жалаң гана мактоого тундурду. Ошол жылы (1931-жылы) кышында «Ленинчил жаш» газетасына менин чыгармам тууралуу айрым полоса уюштурушту.

1932-жылы ооруп айылга кеттим, кайра кайтканда ошол кездеги жазуучулар союзунун терагасы А. Токомбаев мага жакшы жардам кылып, «Чабуул» журналына орноштурду. Бул мезгил менин болочогумдун чечкиндүү жылы эле. Себеби, эгержурналга орношпой калсам, айылга кетмекмин…

1935-жылы «Таңдагы ырлар» деген биринчи ырлар жыйнагым чыкты. Анын ичинде «Ок жаңылды» деген биринчи поэма да бар. 1932-1935-жылдардын аралыгында көп окуп, көп жаздым. Кээде таң агарып атканга чейин ыр жазган күндөрүм болгон.

1935-1936-жылдар чыгармачылыгымдын артка кеткен жылдары болду. Анткени турмуштан аябай четтеп, шаардын тар рамкасында болуп, жалаң окуган китептер боюнча жазып калдым. Ошол жылдары чыккан «Жылдыздуу жаштык » деген экинчи китебим эң начар, колго алгыс китеп болду.

Бул жылдарда мен көбүнчө которуу ишине киришип, А. Пушкиндин лирикаларын, 1937-жылы «Балдасын» жана Лермонтовдун лирикаларын, кийинчерээк «Качкын» деген поэмасын, 1936-жылы Иван Крыловдун «Басняларын» («Тамсилдерин») котордум.

1937-жылы Москвага бара жатып да, кайра келе жатып да Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатырын» подстрочный котормосун, ал жөнүндөгү кээ бир макалаларды окуп жана ошону которууну ойлодум. Бул санаа мени көп уйкулардан калтырды. «Чоңойдум, эр жеттим, эми бир зор иш кылбасам, менин Алыкул атым кайсы?» дейм. «Эгер бул иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колумдан эчтеке келбегени» деп ойлойм. Буга кошумча бул укмуштуу поэма мени аябай кызыктырды.

1938-жылдын май айынан баштап ушул улуу поэманы которууга кириштим. Ушул айда мен өмүрүмдө биринчи сүйгөн Айдай Жигиталиева деген кыз менен ажырашкан болчумун. Анын себеби эмне экенин ушул күнгө чейин билбейм. Өз ичимден: «Бул күйүттү ыр менен басуу керек жана өзүмдү таанытуум керек» деп коем да бардык намысым менен иштейм. Поэмадан ажырай албайм, көп убактарда таң атканга чейин олтурам. Окуйм, котором, таңкалам, кубанам!.. Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм!

Көбүнчө подстрочный переводдон котором да, ошол кездеги басылып чыккан: Бальмонт, Цагерели, Петренко ж. б. котормолордон пайдаланам. Грузин илимдер Академиясынан чыккан «Шота Руставели» деген илим-изилдөө статъяларынын жыйнагынан пайдаланам. Жай, кыш, күз дем албай иштедим. Себеби анын кызыгы ошондой болду.

Акыры Фрунзеде, Токмокто, Ошто, Москвада жүрүп которуп, 1939-жылдын апрель айында Москва алдындагы Малеевка деген жазуучулардын дачасында бүттүм. Китеп 1940-жылы Казандан басылып чыкты.

Бир жылдан соң айылдан Тариэл, Автандил, Тинатин, Даражан деген жаңы туулган балдардын, кыздардын атын уга баштадым. Демек китеп кыргыз элине жетип жана аябай жаккандыгы билинет…

«Жолборс терисин кийген баатырга» чейин «Чолпонстан» деген ырлар жыйнагым чыккан.

1939-жылдан 1940-жылга чейин аз жаздым, бирок көп, бир топ пессимисттик ырлар жаздым. Кийин 1941-жылы анын баарын өрттөп салдым.

1941-жылы (согуш башталган айдан баштап) согуштук ырлар жаздым. Алар атайы жыйнак болбогону менен, айрым газеттерге, журналдарга орус, кыргыз тилинде (1945-жылга чейин) басылып турду.

1942-жылы «Он экинчи түндү» (Вильям Шекспир) котордум. Баса 1941-жылы «Хосров-Ширинди» (Низами Гянжави) которгом.

Мындан мурунку жыл араларында:

1. Перронун «Жомоктору»,

2. С. Маршактын «Пожары»,

3. Чуковскийдин «Федорина гореси»,

4. «Терт туе» деген китеп

5. В. В. Вересаевдин «Пушкин турмушу» дегени ж. б. мен тарабымдан которулган болучу.

1945-жыл менин жеке өмүрүмдүн жана чыгармачылыгымдын бышкан мезгили деп ойлойм.

Ушул жылы (1945) «Махабат» аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагым, 1947-жылы «Менин жерим — ырдын жери» деген ырлар жыйнагым чыкты.

1945-46-жылдар ортосунда В. Шекспирдин «Отеллосун» котордум.

Мындан башка 1947-жылы «Экинчи бригада » деген ыр менен жазылган пьесамы бүттүм. Андан мурда (1942-жылы) «Ким болду экен » деген бир актылуу пьеса жазгам.

1947-жылы Чолпон-Ата боюнда жатып «Ракыя » деген пьесаны жана «Корукчу Кооман» деген ыр менен жазылган комедияны бүттүм.

Ошентип, 1930-жылдан баштап ушул күнгө чейин — басылган китептерим жана пьесаларым булар:’

1. «Таңдагы ырлар» — ырлар жана поэмалар

2. «Жылдыздуу жаштык » — ырлар

3. «Чолпонстан» — ырлар

4. «Махабат » — ырлар жана поэмалар

5. «Жаңы ырлар» — ырлар жана поэмалар

6. «Менин жерим — ырдын жери» — ырлар

7. «Согуштук ырлар»

8. «Балдар үчүн — ырлар

Пьесалар:

9. «Жок, андай эмес (1 актылуу пьеса)

10. «Экинчи бригада» (4 актылуу ыр менен жазылган пьеса)

11. «Ракыя» — (4 актылуу пьеса)

12. «Корукчу Кооман » (3 актылуу ыр менен жазылган комедия)

Котормолор:

13. А. С. Пушкин. Лирикалары жана «Поп жана анын малайы Балда».

14. М. Ю. Лермонтов. Лирикалары жана «Качкын»‘ деген поэмасы.

15. Маршак «Пожар».

16. В. В. Вересаев. «Пушкиндии турмушу».

17. Чуковский. «Федорино горе».

18. «Терттуе».

19. Крылов «Тамсилдер».

Күн чыгыш классиктеринен:

20. Шота Руставели. «Жолборс терисин кийген баатыр «.

21. Низами Гянжави. «Хосров-Ширин».

Күн батыш классиктеринен:

22. Перро. «Жомоктор».

23.Вилъям Шекспир. «Он экинчи түн».

24.В. Шекспир. «Отелло».

Булар 1947-жылдын июль айына чейин жазылган жана которулган эмгектер.

28/VII 1947 Чолпон-Ата

Алыкул Осмонов жана чыгармалары тууралуу

Алыкул Осмоновдун Интернеттеги музейи

Алыкул Осмонов (Уикипедия)

Алыкулду айтпагыла-өлүптүр

Алыкул

Айтматов Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөнбү? Осмоновду муңайткандар кимдер?

Алыкул Осмоновдун үй-музейи ачылды

«Жеңишбек» Алыкулдун чолпону

Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт!

Алыкул Осмоновдун туулганына 95 жыл

Алыкулдун ырларынын пири тирүү

Аты өчпөс асылзат акын

“Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,/Тээ алыста чаң ызгыткан шаң чыгат!”

Алыкул-Шекспир 3:5

«Алыкулдун ак боз аты» жайдак турат

Өз өлүмүн күтүп жашаган акындар. Кагазга оролгон табият мыйзамы. Күбөсү күбүлгөн жолборс териси.

Алыкул Осмоновду эстеп

Элден алып элге

Белгисиз кыздын Алыкулга жазган ашыктык каттары

Кызганчаак, түнт, согушка барбай калганына кейиген Алыкул

Алыкул мени коштоп жүрөт — Шаповалов

Акын Алыкул Осмоновдун балдарга калтырган рухий мурастары жана айтар акыл-кеңештери

Бир кылым карыткан Алыкул Осмонов бүгүнкүнүн көзү менен

Аспек Бейшеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү: “Алгачкы сүрөттөрүмө Алыкул баа берген…”

Алыкулга жүз жыл кеп бекен?

Он беш жолу улам кайра төрөлгөн Алыкул

Алыкул акын-жазуучуларды кызыл камчыга алганда

Оо, поэзияң – Алыкул, Ободон түшкөн жарык нур!

Аскербек ЭРМАТОВ, коомдук ишмер: “Ак боз атчан Алыкулду өз деңгээлинде баалабай, көмүскөдө калтырып койгонубуз чындык”

Алыкул жана Сагымбай

Көзгө сүрткөн дарыдай, көз ирмемдеги өмүр

«АЛЫКУЛДУН СҮЙҮҮСҮНӨ КАРШЫ БОЛГОНУНА ТАЯТАМ ӨКҮНГӨН»

Ысык-Көлдө Алыкул Осмонов жашаган

Алыкулдун күйөрманы

 

Ырлары

Чыгармалар жыйнагы. 1964 ж. 1 том. (ырлар) (PDF түрүндө)

 

ОТУЗ ЖАШ

Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!

 

ЭСКЕРМЕ

Билбейм, кандай, эмне ойдо экен катарым?
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай,
Эрте кургап, муздап бара жатамын.

Мен жашадым өз күнүмө таарынбай,
Кара тилек, жаман ойго багынбай.
Түк билинбей өтүп кетет окшоймун,
Бир кеченин жаап кеткен карындай.

 

АТА ЖУРТ

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

 

БАР БОЛГУЛА

Бар болгула, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

 

КОШТОШУУ

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы.
Алыс сапар кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.

Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Неге керек сүйгөн жардын көз жашы.
Жолтоо кылып «кош» дегенди угузбай,
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата-эненин көз жашы.
Эгер «кел» деп Ата Мекен чакырса,
«Аманбыдан» «кош» деп айткан сөз жакшы

 

МЕН ТАНСАМ

Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канаттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

Мен кыргыздын акыны
Ким берсе да жакшы берген бактымды,
Ким койсо да жаман койгон атымды.
Ушакчыдан не кылам деп сурасам,
— Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымды?
Чайга салып жутар кезде:
Заар тилин куйкалачу,
Мен кыргыздын акыны!

Карлуу күнү берсе керек бактымды,
Аяз күнү койсо керек атымды.
Ичи арамдан не кылам деп сурасам,
— Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымды?
Кантка салып жутар кезде:
Кара көңүлүн куйкалачу,
Мен кыргыздын акыны!

Таш идишке куйса керек бактымды,
Татты идишке куйса керек атымды.
Кароолчудан не кылам деп сурасам,
— Балам алсын бекер бер дейт даңкыңды.
Берем!
Алсын!
Сатпайм кадыр-баркымды,
Уйчу, койчу, кетменчинин
Менмин кымбат акыны!
Баалай келсе тең келе албайт,
Бул ааламдын алтыны!

 

ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ

Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат…
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан…
Деп жалооруп көңүлүм шондо бир сынат.

Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам,
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт…
Албуут бала, эми болуп араң жан,
Айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт.

Мен өзүмдү уктаганда карасам,
Жаткан өңдүү бир өлүк жан, каны жок.
Жүрөк күчүн тамырынан санасам,
Чарчагандай араң согот, алы жок.

Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам,
Күлүмсүрөп керилген бир шер жатат.
Бул акыйкат жазмышына жарашкан,
Тагдырына рахмат айткан азамат.

Билген билер, билбегенге не чара,
Менсинген жаш муну кимден кем көрөт?
Кең пейилдүү, ачык колдуу бечара,
Кыйын жашап, жакшы жазган өңдөнөт.

Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан,
Эрдигинен эчен тирүү жан чыгат.

 

АДАМГА

Адамды адам меймандап
сыйлайт экенсиң,
Жакын жолдош жорону
жыйнайт экенсиң.
Жакшы тилек ак ишти
кыйбайт экенсиң,
Жакшы коргон досуңду
кең дасторкон үстүндө
Ичкин муну жегин деп
Кыйнайт экенсиң.
Ошентсе да өмүргө
Сыйбайт экенсиң.
Кара жердин алдына
Бири-бирин жашырып
Ыйлайт экенсиң…

 

АДАМЗАТ

Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечара.

Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта.
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечара.

Олуя табып Улукман аке дарысы,
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада.
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечара.

Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара.

 

МЕНИН КҮНҮМ

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт.

 

СҮЙҮҮ ЖАНА МЕН

Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү,
Бермет,жакут,каухар кийип жолукту.

Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.

Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш.
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.

Аз дууладык жаштык, мастык оюнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга.
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды жылаан байлап мойнума.

Менде айып жок…төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, «күнөө өзүңдө» деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Yчүнчүсү заар чачты бетиме.

Жылаан таштап, заар төгүп, чачып от,
Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок.
Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү,
Ошентсе да сенден көңүлүм калган жок!

Билем, анын туш тарабы терең жар,
Өзү зоока, куш жете албай болгон зар…
Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн,
Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.

 

СҮЙҮҮНҮН ТҮРЛӨРҮ

Сүйүү кызык, сүйүү таттуу бир башка,
Кимдер сүйбөйт дени таза жаш чакта.
Биз сүйөбүз, намыс кылбай сүйөбүз,
Жаш улгайып, карып бара жатсак да.

Анда айып жок. Айтам деген оюм бул:
Сүйгөнүм бар эки кызды бир учур.
Кандай болду ал сүйүүнүн аягы,
Мен сүйлөйүн сен жакшылап угуп тур.

«А» аттуусу мени көрүп кызарат,
«З» аттусу мени көрүп кумсарат.
Ал кызаруу, ал кумсаруу – чын сүйүү,
Сүйүү күчү жүрөгүнө от жагат.

Мен ойлодум, терең ойго малындым,
Ортосунда дал ушул эки жалындын.
Байкоо кылбай кумсарганын алам деп,
Өктө калып өмүрлүккө жаңылдым.

 

ФРУНЗЕ

Фрунзе, учкан уям, сүйгөн калаам,
Көп жүрдүк, ойноп, күлүп эсен-аман.
Эч качан жакшы элесиң эстен кетпейт,
Кашка суу, жашыл бакчаң, салкын абаң.

Фрунзе, сүйгөн шаарым, сүйгөн калаам,
Жаш күнүм, балалыгым сенде калган.
Турмуштун эң ысыгын сага берип,
Бөлүнүп бир өзүңдөн кайда барам.

Эй карачы эс алуучу жер сонун,
Көрө аласың ырахаттын толугун…
Фрунзе өстү, таштап баткак чыласын,
Бир эле көр, дүйнөгө кеп кыласың…

Дагы мына сабыр кылгын шашпагын,
Тээ тетиги бийик зоока таштарын.
Ташып келип сонун тамдар тургузсак,
Келет го дейм дагы миң жыл жашагың

 

ТИРҮҮЛҮК

Кеткен кетти, өткөн өттү бирдеймин,
Кечтим дайра агымынын миңдейин.
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?
Кайдан чыгып, качан келдим бу жерге?
Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин.
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем анан аны не дейин?
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби, билбеймин.

 

ТАБИЯТ ЖАНА МУЗЫКА

Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңкиси ырахаттуу!
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап,кандай сулуу,кандай шаттуу!…

 

ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ

Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн, керек жерде ак кызматы.
Жөнөй бер, дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат — кыргыз аты.

Таарынба, белегимдин көрдүң азын,
Сынагын кандай экен, ичин ачкын.
Ал белек сага тааныш – сулуу Нестан,
Мен аны кыргызчалап кайра жаздым.

Тариэл – сен көргөндөй баа жетпес эр,
Автандил – жүзү жылуу акылман шер.
Түз талаа, бактуу калаа, тунук суулар…
Баары бар… Тинатин кыз үн салган жер.

Баягы кара үңкүрдө күткөн Асмат,
Батмажан виного мас, күлгөн шат-шат…
Айтылды өз түрүндөй Фридон дос,
Не сулуу, айлуу түндөр күмүштөй ак…

Айыбы жок жаш сүйүүнүн кайгылары,
Эң таттуу, эң бир укмуш муңу, зары.
Арфа ыры, жанды эриткен коңур үндөр,
Таарынуу, сүйүнүүлөр, баары… баары…

Жок күтпөйм, алдын алып айтпа рахмат,
Өзүң көр, өзүң өлчө таразалап.
Арманым ошол сүйүү бул күндө да,
Кайрадан жаралсачы, атаганат!

Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн керек жерде ак кызматы.
Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат — кыргыз аты.

 

ЫСЫК-КӨЛ

Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым,
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
Күнүмдүн ичкен суудай берекеси,
Өзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың.

Ысык-Көл, сен ырыскым, сен жыргалым,
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
Өзүнчө урматтуу бир салт экен го,
Күрпүлдөп көбүк чачып турган маалың.

Ысык-Көл, өзүң барда, мен да бармын,
Сен жарым, кереги не башка жардын.
Тагдырдын марттыгына мен ыраазы,
Бар тура, кубанаарым, мактанаарым…

 

* * *

Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун.
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсом дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун.

 

МУЗЫКА

Мен суу ичпейм таңдай катып турганда,
Мен нан жебейм алдан тайып курганда.
Музыкадай мага таттуу суусун жок,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым кашык музыка!

Мен ыйлабайм капа тартып турганда,
Мен кубанбайм бак-дөөлөткө тунганда.
Дарым ушул кайгы жана шаттыкта,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым ууртам музыка!

Эмнелер жок бул дүйнөдө, жарыкта,
Не бир сонун… не бир кымбат асыл баа.
Мен кетерде ошончонун ичинен,
Сагынарым,
Эң аярым,
Эң кымбатым — музыка!

 

КОШТОШУУ

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы.
Алыс сапар кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.

Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Неге керек сүйгөн жардын көз жашы.
Жолтоо кылып «кош» дегенди угузбай,
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата-эненин көз жашы.
Эгер «кел» деп Ата Мекен чакырса,
«Аманбыдан» «кош» деп айткан сөз жакшы.

 

МЕН ЭМНЕДЕН УЯЛАМ

Мен уялам, сүйбөдү деп жаш теңим,
Же болбосо аты назик ак келин.
Ая, жаным, антпе дешке чолом жок,
Чынын айтсам андай ишке жок эбим.

Мен уялбайм дайым бүркөө түрүмдөн,
Жаш болсом да картка окшогон сүрүмдөн,
“Койдум, курбум, мунун жаман” – дей албайм,
Өзгөрмөй жок жаралган түс, гүлүмдөн.

Мен уялбайм ал кетирген оорумдан,
Баскан күндө төрт аяктап боорумдан.
“Кантем, апа, ушинтемби, я”, — дебейм,
Сөөгүм чыкпайт бараткан түз жолумдан.

Мен уялбайм балам жок деп соңумда,
Жал-жал күлгөн жарым жок деп оңумда.
Балам, жарым – доорум үчүн шилтеген
Найза учунда, зор замбирек огунда.

Мен уялбайм кедейликтен, жоктуктан,
Тапкым келсе, жок колунан чок чыккан.
Менин казынам, байлыктарым миномёт,
Батыш жакта жоо калаасын коркуткан.

Мен уялам, мына мындан уялам,
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам.
Колун кезеп жолуң болгур дегенсийт,
Жер шаарынан күлүк учкан заманам.
11/XII 1944 Койсары

 

АЛДАНБА

Бирин бири жыга албайт,
Багынтсам деп өзүнө,
Турмуш менен адамзат –
Бири – баатыр, бири – дөө.

Күн менен түн сыяктуу,
Кээде кара, кээде аппак,
Турмуш митаам, турмуш куу,
Өзгөрүлгөн эң бат-бат.

Бири зоока, бири аска,
Бири түз жер, бири ор,
Турмуш чиркин адамга
Бирде кор да, бирде зор.

Анткен менен адамзат,
Балбаныраак турмуштан,
Турмуш болсо – найзачан,
Адам – болот кылыччан.

Бирок тиги өйдөкү,
Көз боочудай шамдагай.
Ошондуктан астыңкы
Алдырып коёт байкабай.

Өзүм адам болгон соң,
Адамга айтар насаатым,
Биздин бөбөк, инилер,
Эч кайгысыз жашасын.

Андай болсо турмуштун,
Балдай ширин даамына
Жана кыздай жароокер,
Наздыгына алданба.

Кээде жок да, кээде көп,
Аздыгына караба.
Бели ийилип картайбас,
Жаштыгына алданба.

Алтын төшөк, ак бермет,
Жаздыгына караба,
Телегейи тегиз шай
Мастыгана алданба.

Жашыл, сары, көк гүлдүү,
Көркөмүнө караба,
Атак, урмат кучактап
Өпкөнүнө алданба.

Кээде турмуш уу берет,
Ачуусуна караба.
Кээде турмуш кант берет,
Таттуусуна алданба.

Дал турмуштун өзүндөй,
Миң айлакер жүздүү бол.
Дал турмуштун өзүндөй,
Акылдуу бол, күчтүү бол.
19/XII 1944 Койсары

 

МАГА КҮЛБӨ

Бул кандай ысыгы жок кансыз жүрөк,
Турмушта бүркөө түндөй жалгыз жүрөт.
Бечера ай, ээн талаадан эмне издейт деп,
Кара көз бетин басып кыт-кыт күлөт.

Аның ырас, кече жуук, эртең менен,
Ың-жаңсыз тынчтык менен эрмектешем.
Чабыттап жем издеген ак барчындай,
Үйүмө эки-үч сап ыр таап келем.

Мен киммин, бир жай адам Алыкулмун,
Эгерде жаза албасам, алсыз кулмун.
Томсоруп кол куушуруп өтүп кетсем,
Заманга анда менин кайсы кунум.

Жаза алсам өз доорумдун чын китебин,
Дайрадай тынбай аккан эрдиктерин.
Жанымда жазган жазуум гүлдөп турса,
Анда мен Аалы шерден алдуу шермин.

Кой антип кыт-кыт күлбө эркетайым,
Жан шоолам, жарык күнүм, бак-таалайым.
Сен үчүн бүркөө акындын ачык ыры
Ай нурлуу, ак жүзүндөй айланайын.

Аның ырас, кече жуук эртең менен,
Ың-жаңсыз тынчтык менен эрмектешем.
Чабыттап жем издеген ак барчындай
Үйүмө эки-үч сап ыр таап келем.
22/XII 1944 Койсары

 

ТАБИЯТ МЕНЕН МУЗЫКА

Өмүр кең, солор гүлдөр… өчпөс, жанар,
Бат карып, бат эскирип, бат жаңырар,
Эмесе: бул дүйнөгө туулуу менен,
Кайрадан, ар адамдын өлмөйү бар.

Өлүм ак, пейли сараң, көңүлү тар,
Күчү жок, бирок мени коркута алар!
Себеби: мен өлгөндө ордум басат,
Менден соо, менден жакшы, акылдуулар!

Кубанам, туулуп-өскөн заманыма,
Барабар бир сагаты, бир кылымга!
Урабас менин дагы кирпичим бар,
Көз жеткис анын чымыр катарында.

Курбума, ини-агама рахмат, айтам,
Биз чын эр, бул турмушка жашап-кайткан.
Кан төккөн зор майдандын жыйынтыгы,
Мынакей түбөлүккө улуу майрам.

Бул бүткүс, айтар сөзүм төмөнкүдөй,
Анчалык орчундуу эмес, жөпжөнөкөй.
Кантейин жазмыш күчү руксат бербейт,
Заманга иштер элем далайга өлбөй.

Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңкибиз ырахаттуу!
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап, кандай сулуу, кандай шаттуу!

Ах дүйнө, биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңибиз рахаттуу!
Ушундай сонун күндө өлгөндөргө
Байкачы кандай гана аянычтуу!..
27/XII 1944 Койсары

 

БҮКӨН

Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.

Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.

Кыргыз да… ачырканбай кымыз ичет,
Кучактап уктап калат бир жилик эт.

Ар убак абалары “ырдап кой” дейт,
Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет:

“Сагындым, атакемай келсе экен – дейт,
Ал жеңип, тилегимди берсе экен”, – дейт.

Карылар муну укканда жым болушат,
Көзүнөн жаш чууртушуп бурчак-бурчак.

Анткени – үч жыл болду кабар келген,
“Палан күн… палан жерде өлдү”… деген.

Эл үчүн каза таап жоо огунан,
Бүкөндүн атакеси кайтпай калган.

Бирок да бардык айыл жакшы көрөт;
Бүкөндүн – эркелетчү атасы көп.
31/XII 1944 Койсары

 

КЫЛЫМДАР

Ай батат, жылдар өтөт, зуулдап бат-бат,
Жебедей кароолуна тийип шак-шак.
Түгөнгүс эртеңкинин эшиктерин
Китептин барагындай ачып шарт-шарт.
Жортуулдап жолдуу кайткан жигиттердей,
Өмүрлөр муңду тепсеп күлөт шат-шат.
Кылымдар кыз эскирткен шайыга окшоп,
Кайдадыр желп-желп этип жатат.

О кайда, мынча алкынып жулунасың,
Тоо-ташка азоо тайдай урунасың.
Соң-көлдүн колго түшпөс кундузундай
Жылтылдап кызыктырып кубуласың.
Кул болуп адамзаттын бийлиги үчүн,
Кош миздүү канжар болуп сууруласың.
Заманга тоскон тогуз өнөр жасап,
Жүзүндө кайра энеден тууласың.
29/I 1944 Койсары

 

РОССИЯ

Эй, Россия, Россия, бир боор энем!
Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен,
Чың сөздү туура айтуудан таймана албайм,
Биз элбиз, биз кишибиз – сени менен.
31/I 1944 Койсары

 

СҮЙБӨЙМ СЕНИ

Сүйбөйм сени: түбөлүккө муздадым,
Бирок анын себептерин билбеймин,
Жаз чыкканда терезеңди каккылап,
Бай төшөктүү жакшы үйүңө кирбеймин.

Бала, жардан, бир туугандан артыкча,
Бул дүйнөдө сүйгөнүм бар жапжалгыз,
Билген билер, анын жанга ысыгын,
Бизден гана жыргап кумар тартарбыз.

Аным эмне? Өлбөй турган жакшы ырлар,
Бул турмуштун ырлары бар укмуштуу,
Күчү кетип талыкшыган күндөрдө
Эр азамат иче турган мүрөк суу.

Ырас, курбум, ырастыгым ким билбейт,
Бул турмуштун ырлары бар укмуштуу,
Жанга кубат керек болгон күндөрдө
Эстүү жигит иче турган дары суу.
3/I 1944 Койсары

 

ЖАШТЫККА

Күнөөсү жок махабаттай мөлтүлдөп,
Жаштык менден өмүрлүккө бөлүнөт.
Эң акыркы ажырашуу элеси
Өз баламдан ысыгыраак көрүнөт.

Кетти, кетти, жибек боосун чече албайм,
Кечкен сууну кайра экинчи кече албайм.
Учкан куштай суу шаарындай жаштыкты,
Самолёт минип кууган менен жете албайм.
1/II 1944 Койсары

 

КАЙЫҢДЫ

Калды, калды Кайыңды айлым ыраактап,
Мен калтардай алыс кеттим кылактап.
Мүрү түшкөн жетим куштун канатын
Айыктырган сууларыңа ыракмат.

Кеткен жолум, күндүк эмес айчылык,
Ошондуктан, бир барбадым кайрылып.
Чоло тийбей, боорум, калам экөөбүз
Өскөн айыл, тууган жерден айныдык.

Же эр болбой, сан жигитти башкарып,
Же мен болбой, күйгөн оттой каарып,
Баарын билбей, жаным, калам экөөбүз
Бир боор эже, агаларды таштадык.

Неге унуттум ууз таза күндөрдү,
Кылтак менен кыргый тутуп күлгөндү,
Эне-атадан, тууган достон иши жок
Таштан белем Алыкулдун жүрөгү.

Жок туура эмес, кайда барсам, — айлым бар,
Мага эне – казак, кыргыз, орустар.
Ким өмүрдө, кан кечишсе биз менен,
Ошол болот мага курдаш, мага жар.

Эстейм сени, Кайыңды айлым сагынам,
Барбайм сага, сагынганда не кылам.
Бул турмушта мен атылган күлүк ок,
Деңиз, дайра, тоодон өтүп жарылам.

Учам алыс, арышым бек чоюлбайт,
Такам болот, тамандарым оюлбайт,
Тирүү жаным буюрбаган сыяктуу
Мен өлгөндө сөөгүм сага коюлбайт.
5/II 1944 Койсары

 

ООРУЛУУ АКЫН

Оорулуу акын,
Ойго жакын,
Ооруп алсыз олтурат.
Акын, акын,
Акын баркын –
Өлүм билбей кол сунат.

Оорулуу акын,
Сөздөрү алтын,
Алсыз, жалгыз олтурат.
Кантсин акын,
Ак кагаздын
Бетин ырга толтурат.

Оорулуу акын,
Өмүр артын
Каламына калтырат,
Билген достор,
Жан жолдошто,
Эстесин деп бир убак.

Оорулуу акын,
Соолук баркын,
Эми билип тамшанат.
Кимдер келет,
Кимдер кетет,
Келүүчүгө из калат.

Оорулуу акын,
Ойлоп баккын,
Бизден журтка не калат?
Биз өлөрбүз,
Бирок өчпөс –
Жазган ырлар төрт сабак.

Заман калыс,
Эрдик намыс,
Керек болоор,
Берели.
Жан бүткөнчө –
Кадырлайлы,
Ата менен энени.
6/II 1944 Койсары

 

КАЛАМГА

Сен жолдошум, сен кубатым, сен бактым,
Ашык болуп, издеп жүрүп мен таптым.
Колуктумдун мурда сүйүп өзүңдү,
Өз жанымдын жарымысынан жараттым.

Чырагымсың, айсыз түндө адашпайм,
Ынагымсың, жан чыкканча тарашпайм.
Дүркүрөгөн дөөлөтүмсүң каламым…
Вашингтон долларына алмашпайм.

Командириң – эл намысы, эл анты,
Сага ишенип курч куралып карматты.
Ошондуктан, өрт аралап бараткан –
Сен доорумдун танка минген солдаты.

Заман күчтүү, күч чак келбейт алдына,
Заман дайра, аккан катуу агымга.
Бул турмушта: нечен кыйын жол бастык,
Дагы кыйын жолдор жатат алдыда.

Эгер өлкөм керек десе биз белен,
Эл эрки үчүн, туулганбыз энеден,
Жүрөгү чоң баатырларбыз бактылуу –
Жер шарынын азаттыгын ээлеген.

Мына ушундай улуу жолдо баратып,
Кезек менен күндөр батып, таң атып.
Күтүлбөгөн бир мезгилде, түбөлүк –
Эгер өлүм, мени кетсе уктатып.

Ошол замат, арта салып мойнуңа,
Тез чуркап жет, кең өрөөндүн оюна.
Көп ыйлабай, капаланбай көөп кой,
Ысык-Көлдүн толкун чачкан боюна.

Көр шарпылдап толкундарын таратсын,
Толкундары мени карай баратсын.
Жүр көрөлү: кыргыздын бир акыны
Уктап жатат… уктап жатат, деп айтсын…

Биздин турмуш, биздин кылым эң кызык,
Октор гана оюн кылган жол сызып,
Ок күчүнөн жеңип алган өмүрлөр,
Чындыгында эң бир ширин, эң ысык.

Сен жолдошум, сен кубатым, сен бактым,
Ашык болуп издеп жүрүп мен таптым.
Колуктумдан мурда сүйүп өзүңдү,
Өз жанымдын жармысынан жараттым.
8/II 1945 Койсары

 

СУЛУУГА

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген – сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген – от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бака миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен,
Сүйүү деген – сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген – сүзүп өтүү деңизден.

Сен бир жүзүм бышып турган мына бу,
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу,
Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.

Таттуусуңар, ачуусуңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар.
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң
Дал ошончо жүрөгүңдө сүйүү бар.

Бирок менин махаббаттым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал гана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.
14/II 1945 Койсары

 

ЗАМАНДАШЫМА

Жашыл-ала жагоо тагып желбиреп,
Жакшы өмүрдүн жарашыгы биз элек.
Жаштык күндүн ар бир соккон сагаты,
Жаш сүйүүдөй койнубузда эркелеп.

Кызыл-ала жагоо тагып желбиреп,
Кызык күндүн кызыктары биз элек,
Кымбат күндүн ар бир соккон сагаты,
Кыз баладай койнубузда эркелеп.

Жашоо эркине жаратылып бир ирет,
Карап көрсөң кандай эмгек кылдым деп:
Кайран күндөр бекер кеткен экен деп,
Ойлоп-ойлоп өкүнөрүн ким билет?..

Сонун күнгө жаратылып бир ирет,
Санап көрсөң кандай эмгек кылдым деп.
Сайран өмүр текке кеткен экен деп,
Самап-самап сагынарын ким билет?

Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет,
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет.
Доорубузга каухар чачып калалы,
Алдыбызда канча күн бар ким билет?

Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет,
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет,
Заманага жыпар төгүп калалы,
Дагы канча жашоо калды ким билет?..
14/II 1945 Койсары

 

БОЗ БАЛА
(Кыргыз вальсына текст)

Борумуңдан боз бала,
Боздотпочу садага.
Боздосом да жеткирбей
Бой саласың башкага
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм колхоз
Багында.
Жок келбейсиң,
Чолоң тийбейт.
Кызыл кырман,
Маалыңда.

Жайдарыңан жаш бала,
Жалынтпачы садага.
Жалынсам да жеткирбей
Жалооруйсуң, башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм өзөн
Жанында.
Жок келбейсиң,
Колуң тийбейт.
Кызыл кырман,
Маалыңда.

Кыялыңан бир бала
Кыйналтпачы садага.
Кыйналсам да жеткирбей
Кызыгарсың башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм кампа жанында.
Жок келбейсиң,
Күткөн дейсиң,
План бүткөн
Маалында.

Ой, боз бала, боз бала
Ойнойлу кең заманда.
Мага да далай жалынган
Сен өңдөнгөн көп бала.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Бери басчы
Жаныма.
Чер таратып,
Жашайлыкчы,
Ушул жарык
Заманда.

 

АККАН СУУ

Ай аккан суу, аккан суу,
Шылдыр мончок таккан суу,
Сыр дайрадан чоң туруп,
Сыр аякка баткан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Асман кезип шашкан суу,
Тынч деңизден кең туруп,
Бир чыныга баткан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Ар пендеге жаккан суу,
Карысы да, жашы да
Кесирленип чачкан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Өмүрдүн көркүн ачкан суу,
Ошентсе да адамзат
Бир тыйынга саткан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Жок жерден конуш тапкан суу,
Айбанаттын бардыгы,
Белиңди кесе баскан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Жалпы ааламды баккан суу,
Ошентсе да баркы жок,
Ар кай жерде жаткан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Ичинде болбой таткан суу.
Өмүрү кең, күнү жок
Бул аккан суу, кандай суу?

Ай аккан суу бир күнгө
Сууң кургап түбүңдө,
Акпай калсаң ошондо,
Түшөр элең көңүлгө.

Чаңкар эле адамзат
Азар эле адамзат,
Бир тамчыңа бир уулун
Сатар эле адамзат.
6/XII 1945 Койсары

 

СААНЧЫ ЖЕҢЕ

Сүрөттөй сүйкүм, сүзүлгөн, жеңе,
Көркүнө көзүм түшүргөн жеңе.
Ак алма мисал түсүңөн, жеңе,
Ак куудай айбат түзүлгөн жеңе.

Алкымың алды бүчүңөн, жеңе,
Албырткан жанды күчүңөн, жеңе,
Түндө бир көргөн түшүңөн, жеңе.
Чака алып баскан жолуңан, жеңе.

Саатта саанын бүтүргөн, жеңе,
Табакка куйган сүтүңөн, жеңе.
Калкыңа берген майыңан, жеңе
Планың ашкан айыңан, жеңе.

Чачпагың учу шырп этет, жеңе,
Шырп этсе, жүрөк зырп этет, жеңе.
Зырп эткен жүрөк шааныңан жеңе,
Эртелеп сааган сааныңан, жеңе.
7/XII 1945 Койсары

 

БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН

Картайган сайын адамзат
Карылыгын жек көрөт,
Кайран өмүр өттүң деп
Санаркап күнүн өткөрөт.

Эскирген сайын адамзат
Эскилигин жек көрөт,
Эссиз өмүр өттүң деп
Өткөнүнө өкүнөт.

Жашаган сайын адамзат
Жаштык кезин сагынат,
Аттиң ай минтип калбай деп
Жаш күнүнө таарынат.

Майышкан сайын адамзат
Балалыгын сагынат,
Баягыда минтпей деп
Өзүнө өзү таарынат.

Мен антпеймин, курдаштар,
Жаштыгым өттү кезинде;
Заманым тынбай жоо кырып,
Ок жамынган мезгилде.

Өттү зуулап балалык,
Заманым баатыр кезимде,
Алпкаракуш жар ташка
Таш түлүк тууган мезгилде.

Өмүрүм кетти жыргалда,
Заманым жигит чагында,
Шумкарлар жүрдү үстүмдө,
Кабландар жүрдү алдымда.

Ар жашаган күнүмдүн
Бир миң күндүк салмагы,
Ар бир өткөн жылымдын
Бир кылымдай ардагы.

Жан көрбөгөн укмуштун
Артынан кетип баратам,
Өлүмдүн бары чын болсо
Өлүмдү барып таңгалтам.

Жаш улгайып күн өтсө –
Бекерге өттү дебеймин,
Отуздан ашкан жашымды
Беш жашарга бербеймин.
10/XII 1945 Койсары

 

ТОЛКУЙТ ДА КАЙРА БАСЫЛАТ

Турмушту өжөр дешет,
Өжөр эмес менимче.
Андан жумшак нерсе жок
Күчтүүсүнөн жеңилсе.

Турмушту орой кол дешет,
Орой эмес менимче.
Андан сылык нерсе жок,
Алдуусунан жеңилсе.

Турмушту сараң деп жазат,
Сараң эмес деп жүрөм,
Андан өткөн жоомарт жок,
Артылып турса өзүңдөн.

Турмушту соргок күч дешет,
Сук айланган көзүнөн.
Андан сыпа нерсе жок –
Чачылып жатса өзүңөн.

Кыян, бороон, сел дешет
Кыян эмес, сел эмес.
Ал бир кубат адамга –
Тең эмес да, кем эмес.

Ал бир жаздын булуту
Бүркөлүп кайра ачылган.
Ал бир күздүн толкуну
Толкуп кайра басылган.
12/XII 1945 Койсары

 

ЭСКЕРМЕ

Мен тургузбайм эскерсин деп эскерме
Эскерсин деп эстетерге эч нерсе,
Кайтпас күнгө калкып кете беремин
Кайсы күнү тагдырма кез келсе.

Эрксиз сылап, караңгы көр кереңин
Сыртта калар аз болсо да керегим.
Билбес жанга өспөс менин бийигим,
Билген жанга өсөр менин тереңим.

Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,
Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм,
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн.
17/XII 1945 Койсары

 

ТИРҮҮЛҮК

Кеткен кетти, өткөн өттү, бирдеймиң,
Кечтим дайра агымынын миңдейин,
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?!
Кайдан чыгып качан келдим бул жерге?
Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайган жолдун миңдейин,
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем, анан аны не дейин?!
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби билбеймин.
18/XII 1945 Койсары

 

КЫРГЫЗ КӨЛҮ

Ысык-Көл – кыргыз көлү кылкылдаган,
Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган.
Кылымдар колдон түшкөн маржан болуп,
Көрүнбөй тереңине жылтылдаган.

Ысык-Көл – кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартынбаган,
Замандар кербенчидей чубап өтүп,
Чарчаса саясында салкындаган.

Ысык-Көл – күрдөлдүү көл күрпүлдөгөн,
Көркүнө көктөн башка сүртүнбөгөн,
Көк түсү таалай көркү, ырыс көркү,
Толкуса толкундары түркүмдөгөн.

Көзү курч, көкүрөгү бек уландары,
Пейли кең, берешен кол адамдары,
Ысык-Көл, касиетиңен айланайын,
Сыйла, сүй бакыт берген замананы.
19/XII 1945 Койсары

 

БИРГЕ ЖҮРДҮК

Бирге жүрдүк бирге жайлап, бир айлап,
Кайык минсек сен олтуруп, мен айдап,
Мен арчадай жаш эсебин билгизбей,
Сен кайыңдай жаңы гана бүр байлап.

Уялбадым тартынчактык кылбадым,
Шек билгизип, атыңды атап ырдадым.
Тик карабай, чырайыма, түсүмө,
Сен уялып жерди карап кызардың.

Кетпейт, кетпейт ал уяттын кызылы,
Мына ошондо ашыктыктын кызыгы.
Кубартпаса, бозортпосо кокустан
Фрунзенин аптабы курч ысыгы.
20/XII 1945 Койсары

 

СҮЙДҮМ СЕНИ

Сүйдүм сени, көзүм түштү көркүңө,
Бир күндө эмес, бирге жүргөн көп күндө.
Мындай иштен унут калган жанымды
Салдың кайра махабаттын өртүнө.
Эгер шоолам, мени аясаң азыраак,
Сүйбө мени, мага бетиң өптүрбө.

Сүйдүм сени, сүйүү эрки бат чакта,
Азга жетпей, көптөн куру калсак да.
Алда качан унут калган нерсени
Алек кылып, алсыратып чарчатпа.
Эгер күнүм, мени аясаң азыраак,
Жакындатпа жаш колуңду карматпа.

Түшүн эркем мааниси бар булардың,
Неге сенден сүйбөгөн деп сурадым?
Эгер сүйсөң: көргө башым кирсе да,
Кол алдыңа кулдук уруп турармын.
Ошондуктан сүйбө деди жалынып,
Сүйүп калсаң кимге менин убалым?
21/XII 1945 Койсары

 

СҮЙҮҮ – КЫЯЛЫ

Сүйүү деген: келбет эмес, көрк эмес,
Өлчөөсү жок, аз эмес да, көп эмес.
Арбыныраак ысыгынан суугу,
Толкун эмес, бороон эмес, өрт эмес.

Мүнөзү жел, тең жүрө албайт, бөлүнөт,
Жүрөгү суу, көңүл калат, төгүлөт.
Сүйүү деген: арзан, кымбат баасы жок,
Тек гана бир кыялы нерсе көрүнөт.
22/XII 1945 Койсары

 

ЖАЗГЫ СУУ

Ай, жазгы суу, баладай
Күлүшүңөн жан-жана,
Муз агызып, кар бузган
Жүрүшүңөн жан-жана.

Кыш ызгарын боюңан
Күбүшүңөн жан-жана,
Кара булут кабагын
Сүрүшүңөн жан-жана.

Жаш баладай жарк этип
Күлүшүңөн жан-жана,
Шылдыраган кашка суу –
Күмүшүңөн жан-жана.
1945 Койсары

 

ДҮНҮЙӨ

Карасам деп кылтак салып үйүмө,
Карайм, карайм келеби деп күнүгө.
Мага алданып эс ала кет бир минут
Алдың кызык, артың өкүнүч дүнүйө!
1945

 

КӨЛҮМӨ

Көргөн сайын көркөмдүгүң жаңырган.
Көңүлүм тойбойт көрүп өтпөй жаныңдан.
Көз жетпеген көктүгүңдүн үстүндө
Көбүктөнгөн толкунуңду сагынам.

Сүйөм көлүм, ысык сүйөм жарымдан,
Сүйөм сени жаш балалык чагымдан.
Жанга жыргал тынчтыгыңа кошумча,
Күнөөсү жок толкунуңду сагынам.
1/XI 1946 Чолпон-Ата

 

ГРУНЬЯ САВЕЛЬЕВНАГА

Далай таттуу даам жедим колуңдан,
Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.
“Начар экен бат оңолсун бала” деп,
Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.

Ырлар жаздым, кээде сызып, кээде оңдоп,
Бала өстүргөн жаш атадай көңүлүм ток.
“Азгын экен, кантер экен бала” деп,
Сен үшкүрдүң күн кыскасын болжолдоп.

Март да кетти, апрель, май жакындап,
Көктө турна, көлдө каздар каркылдап.
Көнүң бүттү, кайтар мезгил болду деп,
Кош ат келди үй жанына жакындап.

Мен акырын, “аман бол” – деп узаттың,
Көзүң карап өзүм минген боз аттын.
Колумду алып ылдый карай бергенде,
Мөлт, мөлт акты тоголонуп көз жашың.

Алыс кеттим, барамын, өлүү эмесмин,
Мен барбасмын, сен да мага келбессиң…
Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың,
Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин.
2/XI 1946 Чолпон-Ата

 

АЯЛГА

Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп,
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.

Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.

Көпкөк асман, жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элес кыйналбай
Бир көз караш кубатыңды жамынып.
2/XI 1946 Чолпон-Ата

 

АКЫН

Акын жолу, ардактуу жол урматтуу
Жаман акын эл алдында уяттуу
Акын жазган, биз окуган төрт сап ыр,
Дүнүйөгө калуу керек жаңылбай
Жаз, жай,
Кыш, күз,
Деген төрт сөз сыяктуу.
3/XI 1946 Чолпон-Ата

 

ЫСЫК-КӨЛДӨ ТӨРТ МЕЗГИЛ

Жазын көрдүм, Ысык-Көлдө жаз жыргал,
Тирүүлүктө көлдүн жазын көрүп кал.
Куулар кетип, жаңы кетип аңырлар,
Бүрүн жарып, гүлдөөр кезде кайың тал.

Катар-катар сабын түзүп турна өтөт,
Карлар эрип, кырлар жашыл, талаа көк.
Кара торгой таңдайынан үн безеп,
Үпүп учуп, көңүлүңдү көтөрөт.

Таңды кечке тракторлор татырлап,
Кошко кирип, соко жиреп семиз ат.
Колхозчулар жаз келди деп кубанып,
Колго тиет багынычтуу көп кызмат.

Жайын көрдүм, күңгөй, тескей жайкалып,
Мал тоюнган жайлоо кезин айталык.
Сугат, отоо, апийимди суюлтуу,
Кандай сонун, кандай кызык чөп чабык.

Түш мезгилде кымыз келет тоо жактан,
Бир кишиге бир-бир керме аяктан.
Күлкү… шылдың… тамашалоо өз ара,
Кандай жумуш, кантип түтөт каяктан!

Күзүн көрдүм — көл элинде береке,
Капа болот, барбай кетсең жеңеке.
Ар бир адам кумар болот өзүнчө,
Мейман тосуп, аш тамагын бермекке.

План толуп, эмгек тийип жүз пуддан,
Дагы тиет кошумча эмгек кырк пуддан.
«Көмөч болбойт, күйүп кетет экен» деп,
Кызыл кыздар нан бышырып дандырдан.

Колхоздорго алкыш келип обкомдон,
Тууну берип жакшы ишине райком.
Колхозчу ата тойго барам бүгүн деп,
Атка минет жутуп алып бозодон.

Кышын көрдүм Ысык-Көлдө кыш жакшы,
Ак кар басып аппак кылып кыштакты,
Жаш бөбөктү апасы уруп чыгарбай
Терезеден карап турат тыш жакты.

Кыш өкүмү баскан менен кырларды,
Колхозчуда токчулуктун жыргалы.
Түн мезгилде көлдүн аркы четинен,
Көп угулат кыз жигиттин ырлары.

Мына ушундай Ысык-Көлдө төрт мезгил,
Кайгы-капа, жаманчылык жок эч бир.
Көлдүн көркүн, чабал акын… Алыкул
Ойдогудай жаза албаптыр ээ… деп бил.
3/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

ЖЕР ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жер деген не?
Жер деген боз топурак.
Эгер өнсө: арпа буудай, алма бак,
Суулар агып, куштар сайрап, мал ойноп,
Адам жыргап, салкынына салкындап,
Ар жыл сайын түшүмүнөн жаңылбай,
Берип турса жердин аты акталмак.
Эгер мындай касиети болбостон,
Жалаң гана көмүлүүгө жараса,
Жер дегендин жердигинде кайсы атак?
4/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

БЕШБАРМАК

Бешбармак, жечүү тамак, жакшы тамак,
Жаш эмес, кылым баскан кары тамак.
Кыргызда бир адат бар өз колунан
Кой союп ударникти кадырламак.

Бешбармак, күчтүү тамак, майлуу тамак,
Өзүнүн эмгегинен келген тамак,
Бирок да бул тамакты жалгыз койбой,

Жанына жолдош кошсок тандап, тандап.

О анда, жаңы кубат канга тарап,
Эң сонун өсөр эле жаш азамат.
Андыктан ар бир үйгө парыз болсун,
Орустун:
Помидорун, капустасын,
Бадыраң, картошкасын кабыл алмак.
5/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АТ-БАШЫ

Акактай ак, Ат-Башынын дайрасы,
Дайрасындай көңүлү тунук Ат-Башы.
Адам кенчи, малдын жери бул өзөн,
Көзгө жылуу ой-талаасы, тоо башы.

Түзүн бастым, өрдөшүндө өрдөдүм,
Ууз кымыз көлдөрүндө көлдөдүм,
Бирок, курбум, кайсы айылга консом да,
Көлөкөлүү бактуу кыштак көрбөдүм.

Болсо болор жакын жерде бир экөө,
Аздык кылар ырга салып сүрөттөө…
Жаш муунга, өспүрүмгө атайлап
Барлык жерге бак тиккиле көйкөлтө.

Эрээн кылба, бак тиккиле дегенди,
Баркын байкап, бак кадырын билели.
Кыргыз жери ырдын гана жери эмес,
Эгин, малдын, кендин, бактын жерлери.
5/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АТ-БАШЫНЫН ЧЫМЧЫГЫ

— Ай, чымчык!
— Чырлыйт, чырлыйт.
— Ай, чымчык!
— Чыйт, чыйт,
Чыйт, чыйт…
дейт.
Менин айтар кебимдин
Баарын билип тургансыйт.
— Кайдан?
— Түздөн.
— Эмичи?
— Түзгө.
— Неге?
— Буудай жок, таруу жок,
Коон жок, жүзүм жок,
Бул жерде.
Жалаң эт, жалаң эт,
Кымыз, кымыз
Тиет экен көңүлгө.
5/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

РАКМАНДЫН ИЛИМИ

Ракман аке он бир жылы кой баккан,
Он бир жылы уйку даамын аз таткан…
Чоочун колго бир таягын алдырбай,
Короосунан чыгашаны азайткан.

Эгиз тууса эгиздигин жашырбай,
Куулук кылып, бир дедирип жаздырбай,
Тармал экен, жакалыкка жакшы деп,
Жаман ойго, арамдыкка азгырбай.

Кара коюн алмаштырып ак кылбай,
Кымтып катып, чаташтырып таптырбай…
Жана башка шумдуктарга түк баспай,
Малын сүйдү дал өзүнүн малындай.

Жүздөн, миңден тукумдатты бирөөнү,
Арамы жок, ак ниеттүү жүрөгү.
Ак ниеттик — бул дагы илим, бул да өнөр,
Үйрөнгүлө баарың ушул өнөрдү.
6/XI. 1946, Чолпон-Ата.

 

АЙЛЫМА

Көптөн бери кат албадым айлымдан,
Биле албадым кимдер өлдү, ким аман.
Өлүм эмес үстөм кылсын тирүүлүк,
Неге десең өлбөс заттан бул заман.

Убактым жок бир кайрылып барууга,
Унутулган жер аттарын табууга.
Колу туурук ударникке жолугуп,
Азамат деп далысынан кагууга.

Убактым жок бир кайрылып барууга,
Унутулган кары аттарын табууга.
Ударниктин колу туурук болсо да,
Катуу кысып өөп-өөп алууга.

Көргүм келет өзөндөрүн, сайларын,
Энем менен атам баскан жайларын.
Көргүм келет айлымды,
Көргүм келет эмгек бөлгөн айларын.
9/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КОМУЗ

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.
Оп-оңой, көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

Кылымдан-кылым санап көксөй-көксөй,
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй,
Бул комуз, көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөпжөнөкөй.

7/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АЙ КӨРҮҮ

Ай көрдүм,
Аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Беш жылдык план көрдүм.
Сууларым,
Дайра болсун.
Кумдарым
Зоока болсун.
Турпагым
Алтын болсун.
Бутагым
Чынар болсун.
Кыштагым
Шаар болсун.
Колхозум
Калаа болсун.
Жумушчум
Илимпоз болсун.
Колхозчум
Билимпоз болсун.
Бирим
Миңге толсун.
Миңим
Сансыз болсун.
Жерим
Болот болсун.
Элим
Темир болсун.
7/ХI 1946, Чолпон-Ата.

 

* * *

Көпкө умтулдум, бирок азга жетпедим,
Аз учурдум жакшы ырлардын кептерин,
Жаш күнүмдөн жар болушкан каламым,
Бүгүн билдим алсыз калам экенин.

Картаярмын, кайткыс жолго кетермин,
Кош, курдаштар, түбөлүккө дешермин,
Бирок билем, бизден соңку муунду —
Калган жерим: сыйлап, мейман этерин.
8/XI. 1946, Чолпон-Ата.

 

БҮРКҮТ ТАПТОО

Таптадым сени, бүркүтүм,
Бозум түлөк жашыңда,
Айды жара тепсин деп,
Барчын болгон маалыңда,
Канатыңды күүлөп ал.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
Таш түлөк менен кум түлөк,
Таптадым сени жашыңда.
Жерди эңип алсын деп,
Эки барчын маалында
Текөөрүңдү кайрап ал.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
Карышкырдын боорунан,
Ар-намыстын даамынан,
Жолборстун ички майынан,
Кабыландын кара канынан
Суусун берем, жем берем.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
Жер жүзүнөн терип же,
Тынчтыктын ыркын бузганды.
Биздин жаңы заманга
Таш ыргыткан душманды,
Кылымдан чыккан кыраан бол.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
Мен мүнүшкөр, сен бүркүт,
Көнөсүң менин эркиме,
Күркүрөп күн-түн күзөт бол,
Күнөстүү менин жериме.
Бир жериңден кем кылып,
Коркок кылып таптасам,
Жүрөгүмдү оюп же.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
8/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

* * *

Мен да олтурам, күйөөң сенин жаныңда,
Көз жүгүртүп түрлүү-түрлүү даамыңа.
«Ушул бала, жаман неме экен» — деп,
Жамандадың мени күйөөң алдында.

Күйөөң кетти папкелерин колго ала,
Амал кылып айтканыңа алдана.
Кетер замат көөдөнүмө жыгылдың,
«Таарынба — деп, жанагыма садага».

Сенин күнүң, сенин бактың эриңде,
Сенин жаның жүрөгүнүн теңинде.
Кадырын бил, күйөө деген чоң ырыс,
Эссиз аял эссиздикке берилбе.
8/ХI 1946, Чолпон-Ата.

 

КЫЗДЫН СҮРҮ

Мен сүрдөнбөйм сүрдүү жолборс сүрүнөн,
Мен күймөлбөйм анын күчтүү күүнөн.
Мен сүрдөнөм, жаш балача жалтанам,
Сүйгөн кыздын сүзүлүңкү сүрүнөн.
Бирок сулуу, билер бекен бул күчүн?
Билерине күмөн болуп мен жүрөм.
9/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

БАЙТАЛ БЭЭНИН БАЛ КЫМЫЗ

Жайлоодогу биз ичкен,
Байтал бээнин бал кымыз.
Бир нерсени мен көрдүм.
Сиз байкабай калдыңыз.

Этке тоюп, биз ичкен,
Байтал бээнин бал кымыз.
Майлыктары кир экен,
Сиз байкабай калдыңыз.

Коногуна мен калдым,
Жумшак төшөк алдыбыз,
Шейшептери кир экен,
Сиз байкабай калдыңыз.

Кездемеңиз жок десем,
Элүү метр алдыңыз,
Бүгүн тийди жүз метр,
Сиз кандайча жардысыз?

Минтпей таза болуңуз,
Жаңылантып салыңыз,
Тазалык — урмат, чоң байлык,
Эсиңизге алыңыз.
6/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КЫРГЫЗ ТООЛОРУ

Тоого тоолор курамалап, курашып,
Узун тартып, уламалап, улашып,
Алда кайда кебез тартып келаткан,
Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.

Кара зоолор ар кай жерде каркайып,
Катмарлашып, калың тартып заңкайып.
Алмаз сындуу көккө тийген миздери,
Арстандын азуусундай арсайып.

Мөңгү кетпей чокулары жалтырап,
Тоңгон муздар шөкүлөдөй жаркырап,
Ар жагынан бер жагына куш эмес,
Араң гана бороон өтөт калтырап.

Жаз келерде эң биринчи жаз конуп,
Кыш болордо эң биринчи кыш тоңуп.
Ай ааламга ай тие элек кезинде
Эң биринчи ай жамынып ак болуп.

Түн болордо эң кийинки түндү алып,
Түз жерлерден кийин кетип мунарык.
Дүйнө жүзү көзүн ача электе
Эң биринчи күндү тосуп кызарып.

Кыргыз тоосу Советстан тоолору,
Мындай кыйын кымбат тоолор болорбу,
Бүркүп салат бороонуна аралаш
Улуу өлкөгө уурданган жоолорду.

Кыргыз тоосу, элдин сүйгөн тоолору,
Мындай сонун асыл тоолор болорбу,
Асман тиреп жеңе билет ар качан,
Өлкөбүзгө кас санаган жоолорду.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

УУРУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Колхоз мүлкү көп мүлкү,
Ууру деген шум түлкү.
Адамдык атын кетирет,
Арагы үчүн бир күнкү.

Койчудан барып кой уурдайт,
Союп алып кудуңдайт.
Эт жебей кара балээ жейт,
Сорпо ууртабай уу уртайт.

Жылкычыдан тай уурдайт,
Фермачыдан май уурдайт.
Май жебей кара балээ жейт,
Чай ууртабай заар ууртайт.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

ЖАНЫБАРЫМ ЫСЫК-КӨЛ

Жаныбарым Ысык-Көл
Жайкалып жатат көрктөнүп.
Шоокумга шары жылтылдап,
Кубанган бала көздөнүп.

Ыргалганым Ысык-Көл
Ыргалып жатат көйкөлүп.
Толкуну жок мелтиреп,
Сооронгон бала көздөнүп.

Жарыктыгым Ысык-Көл
Сүзүлүп жатат көрктөнүп.
Татты уйкуга мемиреп
Сүт эмген бала өңдөнүп…

Кагылайын Ысык-Көл
Карасам көңүл көтөрүп,
Калдайган калың күндөрдү
Каткырык менен өткөрүп…
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АРПА ЖАЙЛООСУНДА БИР ТҮН

Күркүрөгөн өзөн, сай,
Көктөн тийген жарык ай,
Күзөт кылып мен жатам
Түнкү уйкуга алдырбай.

Кулунсаак бээлер кишенеп,
Караан көрүп, жыт сезет,
Бейшегүл короо четинен
Бекбекей айтып безенет.

Аңгыча короо дыр этет,
Уктаган кыздар чур этет.
Иттер үргөн тарапка
Кур дүрмөт мылтык дүң этет.

Койчулар айдак, айдактап,
«Айдагын» зоолор кайталап.
Илип кете жаздаптыр
Илбирс көрдүк деп айтат.

Катуу сүйлөп бек айтат,
Жалганы жок кеп айтат.
Кагып кете жаздаптыр
Карышкыр көрдүк деп айтат.

Ай батып сулуу таң атат,
Жылдызын асман таратат.
Эрте туруп фермалар
Койчуга коюн санатат.

Бир короодон бир кой жок,
Чоң Чеңгел чабат сороктоп,
Кашабаң мүлжүп кетиптир,
Башы бар да, саны жок.

Чоң Чеңгел башын кашынат,
«Уктап калып түндө кап»…
Уйкуңа олжоң ушул деп,
Төлөмөргө жазылат.

Койчулар кетет кой жайып,
Өрнөк болуп бул айып.
«Амандык барда байлык бар».
Деп өзүнчө жылмайып.

Күркүрөп аккан өзөн сай,
Күр жайлоо чалкыйт малга бай.
Чырмаштын кара тоосунун,
Бир күнкү түнү ушундай.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

ИЛБИРС УЯ

Ак сеңгелдин астында,
Ат жүрө алгыс жар дешет,
Ошол жардын жанында
Илбирс уя бар дешет.

Илбирс тууган жерлерден,
Элик ооп кетет дейт.
Кулжа, теке, маралдар
Жер которуп кетет дейт.

Катуу уктап кетипмин,
Селт дей түштүм түн жармы.
Кулагыма угулат
Бау, баулаган баулары.

Малчылар мындан коркушпайт,
Илбирстен сүрдүү сүрлөрү.
Мал алдырбай өткөрөт,
Мындай нечен түндөрдү.

Айкырып түнгө үн берген,
Балалыгы эмеспи.
Кыл мурутун чыйратып
Чалгында жүрөт энеси.

Короочу жигит козголсо,
Кайдадыр алыс качышат.
Илбирстин кургак үнүнөн
Негедир жүрөк ачышат.
10/ХI 1946, Чолпон-Ата.

 

КОЙ СААДЫРГАН КЕЛИНЧЕК

Кой саадырган келинчек
Сенин жашың он беште.
Мектебиңен ашыгып,
Келин болдуң неге эрте?

Кой саадырган жаш бала,
Бул кылганың эмине?
Он жылдыкты калтырып,
Күйөө болдуң неге эрте?

Дагы эки-үч жыл окусаң,
Жарыңды да окутсаң,
Илимпоз болбойт белеңер,
Толкунсуз көлдү толкуткан.

Эч болбосо ак кийген —
Өзүң болуп фельдшер кыз.
Күйөөң болуп аспирант,
Ашык болсо көп жылдыз.
10/ХI 1946, Чолпон-Ата.

 

КОРГОН ТАШТЫ ЖАЙЛАДЫК

Сай-сайларга бээ байлап,
Миңдеп жылкы айдадык.
Конуш тандап Арпадан
Коргонташты жайладык.

Өтөк жери көйкөлгөн,
Өзөндө аккан суусу бар.
Колхоздун өссүн жылкысы,
Жер жарылган чуусу бар.

Мал кадырын сыйлаган
Ак ниеттүү абам бар.
Жүздөн кулун өстүрүп,
Кошумча эмгек алган бар.

Сары аласы андан көп,
Кимдин, кимдин жылкысы?
Коргонташты жайлаган
Колхоз байдын жылкысы.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

ЭНЕНИН КҮЧҮ

Эне сүйлөйт: «Төрт жыл дайны чыкпаган,
Төрт жыл бою каттан кабар укпагам,
Үмүт үзүп, кулунуман айрылып,
Жайдын күнү курут жайып олтургам…

Бир мезгилде жер титиреп солкулдап,
Жарылгансып бараткансыйт айланам.
Бул күч эмне? Кандай кабар бул кабар?! —
Деп байкасам келатыптыр жан балам.

Жер майышкан бала күчү турбайбы…
Баламды өөп, кубанычтан ыйлагам…»
Жок энеке, сенин күчүң, ошол күч,
Жер солкулдап, душман туусу кыйраган.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

МЕН АЙЫЛГА КЕЛГЕНДЕ

Айылда күндөр узак, күндөр узак,
Негедир зериктирет мезгил өтпөй,
Себеби, дем алуу кез… бекерчилик,
Бирок да турмуш кызык көңүл чөкпөй.

Аткан таң, баткан күнү билинбеген
Кандайча Фрунзеде күндөр күлүк?!
Ойлосом: он саатча сезбептирмин,
Окууда он жыл окуп, он жыл жүрүп.
10/XI. 1946, Чолпон-Ата.

 

КЕЧИРЕГӨР

Окуу — намыс, окуу — көркү адамдын,
Окуу баркы окумуштуу замандын.
Он жылдыкты эң жакшыга, бүтүрүп,
Олжосуна «Алтын медаль» алгандын, —
Оюн коюп, кече жасап урматтап,
Бий бийлеген жыйынына барбадым,
Колун кысуу милдет эле кантейин,
Кечирегөр, кечирегөр каралдым.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АЙЧҮРӨКТҮН АКШУМКАР

Арпанын кара тоосунда
Акшумкар жаткан уя бар,
Бар экени чын экен
Барып көрдүм бир сапар.

Семетей кушун качырып,
Айчүрөк кармап алган дейт.
Ошол шумкар бул күнгө
Өлбөс болуп калган дейт.

Элдин сөзү чын экен,
Акшумкардай замана
Аппак канат самолёт
Айланып жүрөт асманда.

Аны айдаган ким десең
Айчүрөктүн балдары.
Самолёт биздин акшумкар,
Социализм заманы.
12/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КӨЛ АТА

Айланайын, көлүм ай,
Асмандай көп-көк өңүң ай.
Жайытың ай, түзүң ай,
Жайлооң ай, түрүң ай!

Шамалың ай, желиң ай,
Шайыр өскөн элиң ай,
Тоолоруң ай, жакаң ай,
Жайкалган жашыл жериң ай.

Толкунуң ай, шарың ай,
Толкунду тоскон жарың ай.
Токоюң, ай, талың ай,
Толуп турган чагың ай!

Эгиниң ай, малың ай,
Алмалуу калың багың ай,
Тарууң ай, майың, ай,
Кашка булак сайың ай.

Колхозуң ай, фермаң ай,
Кыштагың ай, айлың ай!
Эмгекке алган энчиң ай,
Совхозуңдун байын ай!

Айланайын, көл ата ай,
Өрүктөй гүлдөп өн, ата, ай,
Жыргалыңды көр, ата ай,
Кууралыңды көм ата ай.
12/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

БААТЫР ЭНЕ

Күн болбосо Жер да болбос, Ай болбос,
Ай болбосо турмуш көркү шай болбос.
Июль түнү бешик жасап өрүктөн,
Баатыр эне жылдыз тууган айга окшош.

Көл болбосо, жел да болбос, жер оңбос
Жер болбосо жемиш болбос, эл болбос,
Күз болгондо: арча бешик жасаткан,
Баатыр эне өмүр берген жерге окшош.

Биздин заман — баатырлардын заманы.
Баатыр эмет эне берген маманы,
Оңой эмес ойдогудай өстүрмөк,
Он бир бала — он бир баатыр кабланды.

Чакыр эне, балдарыңды, көрөйүн,
Мен да балаң, мен эмесмин өгөйүң.
Чын энелик эрдигиңе багынып
Келчи энеке маңдайыңан өбөйүн.
13/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КҮЙГӨН

Эжеңизге келгеним,
Ал менин
Сизди көрсөм дегеним,
Окууң канча дегеним,
Ал менин
Жашыңды билсем дегеним.

Жигиттен жигит иргейсиң,
Жылмая карап күлбөйсүң,
Ферманын кызы Күкүшжан,
Сен менин
Күйгөнүмдү билбейсиң.

Чачыңды сылап көргөнүм:
Ал менин —
Акылың бар дегеним,
Топчуңду кармап көргөнүм,
Ал менин —
Жүрөгүң асыл дегеним.

Ак, кызыл алма бергеним:
Ал менин —
Сүйсөң да сүйгүн дегеним.
Тор атка минип желгеним:
Ал менин —
Той жасаймын дегеним.

Уландан, улан иргейсиң,
Уяла карап күлбөйсүң,
Ударник кызы Күкүшжан
Сен менин
Убалымды билбейсиң.

Баладан бала иргейсиң,
Кашкая карап күлбөйсүң,
Койчунун кызы Күкүшжан
Сен менин
Күйгөнүмдү билбейсиң.
14/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АЙ, ЖАМИЙЛА, ЖАМИЙЛА

Миң центнерчил Жамийла,
Ааламды бузган дайныңа,
Кусадар болуп өзүңдү
Күндө көрөм деп жүрүп,
Камчым калды айлыңда.
Алып бер үйгө кетейин,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!

Бир гектарчыл Жамийла,
Бүткүл эл билген дайныңа,
Ынтызар болуп жүзүңдү
Күндө көрөм деп жүрүп,
Күрмөм калды айлыңда.
Алып бер үйгө кетейин,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!

Атактуу кыз Жамийла,
Биздин эл билген дайныңа,
Ашык болуп өзүңдү,
Күндө көрөм деп жүрүп,
Калп эле таштап камчымды,
Калп эле таштап күрмөмдү,
Эми өзүм калдым айлыңда
Алып бербе катып кой,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!
14/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

ЖЕҢИШ ЫРЫ

Башка күндөн майрамы көп ушул ай,
Баарыбызга бакыт ачкан сулуу май.
Тоодой токсон Тогузунчу май күнү
Жүрөгүмдөн жаратылган уулумдай.

Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Жеңгендердин атасы —
Сталинге салтанат!

Башка күндөн күлкүсү көп ушул май,
Баарыбызга өмүр берген улуу ай,
Жердей жети,
Тогузунчу май күнү —
Мага кымбат аба менен суумдай.

Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Жеңгендердин атасы —
Сталинге салтанат!

Башка күндөн гүлдөрү көп ушул май,
Баарыбызга жыргал берген улуу ай.
Күндөй сексен
Тогузунчу май күнү —
Мага кымбат, мүлдө ааламдын күнүндөй.

Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Жеңгендердин атасы —
Сталинге салтанат!
15/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

БЕКБЕКЕЙ

Түнөргөн айсыз түн экен эй!
Түгөнгөн ууру күнү экен эй!
Карарган айсыз түн экен, эй!
Кан жуткан бөрү күнү экен, эй!
Малыбыз колхоз малы экен, эй!
Мал баккан элдин жаны экен, эй!
Бул малдын ээси ким экен,эй!
Бекбекей айткан биз экен, эй!
Бөрү келсе уштайбыз, эй!
Бөйрөгүн жара муштайбыз, эй!
Ууру келсе уштайбыз, эй!
Ууртун айра муштайбыз, эй!
Адырдан ашса табабыз, эй!
Алганын сууруп алабыз, эй!
19/XI 1946.

 

ЖЕТИМ КОЗУ

Жетим козу, жетим козу,
Сөз сурайын токточу:
Кайда барасың?
— Отунга.
— Отунду не кыласың?
— Камыр жууруп нан кылам.
— Нанды не кыласың?
— Мейман болуп кетсин деп,
Үйүмө сотту чакырам.
— Сотту чакырып не кыласың?
— Атам менен энемди
Союп жеген беренди —
Соттобогон немени
Уят кылып кызартам.
1946.

 

ӨМҮРГӨ

Шамал айдап көлдүн киргил көбүгүн,
Кашка суудай мөлт дей түшкөн өмүрүм,
Жыл айланып, өткөн сайын жаштык күн
Улам сулуу, улам ысык көрүндүң.

Мива бактай жемишимен күбүлбөй
Өстүм дуулап, эртеңкимен түңүлбөй,
Ай балалык, асыл нерсе экен го
Учкан куунун канатынын күчүндөй.

Кеттим алыс, кеңдигимен кемибей,
Кери тарткан кербестикке жеңилбей,
Ай балалык, жыргал нерсе экен го
Карлыгачтын канатынын желиндей.

Жарым саат, кабак чытып кайгырбай,
Арамдыкка абийиримди алдырбай,
Өмүр деген — сергек нерсе экен го
Жаздын күнү тып-тып тамган жамгырдай.

Күлдүм ачык, бир да жерди карабай,
Досторума кылдай кастык санабай,
Өмүр деген — дайым жапжаш нерсе экен
Улам жаңы жаратылган баладай.

Билсин бизди, жаш муундар мактасын,
Эскиртпесин эстеринде сактасын,
Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс
Артыбызда өлбөй турган эл калсын.
20/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АТА ЖУРТУМ

Ата Журтум, тууган элим, Мекеним,
Жан кубатым, сүйгөн жерим секетим.
Тоо-ташыңдын, турпагыңдын, сууңдун
Мен көрбөдүм пайдасы жок бекерин.

Тууган жерим ата журтум — бир боорум,
Мен өзүңдүн гүл багыңда төрөлдүм.
Заманыңдын мен ырыстуу акыны,
Дарбыз, коон, жүзүмү бар корооңдун.

Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма рахмат.
Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды,
Жаткым келет көкүрөккө кучактап.

Мендеги өмүр, меники эмес сеники,
Менин ырым, сеники эмес, элдики,
Ар бир демим, ар бир соккон секунтум —
Өзүңдүкү, алар эмес желдики.
21/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

ЖОГОТТУМ

Кең Фрунзе шаарынан
Балыкчыга келатсам,
Он беш тоонун орду жок.

Кең Фрунзе шаарынан
Тянь-Шанга баратсам,
Отуз тоонун орду жок.

Айткылачы жолдоштор,
Ачык айткан сөз калппы?
Тоо жоготтум ким тапты?

Түшүрбөдүм колумдан,
Алдырбадым жолумдан,
Уурдатпадым жанымдан,
Жулдурбадым жонумдан.

Ошол тоонун ордунда,
Орто-Токой көлү бар,
Кардуу Боом ичинен,
Жол жыргалын көрүп ал.

Күм-жам кылып майдалап,
Түзгө айлантты биздин эл,
Мен жоготкон тоолорду
Билгиң келсе мага кел.
28/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

БИР ЧАКА СУУ

Бир чака суу мөлтүр кашка тунук суу,
Кайнар суусу, эмес бул суу кудук суу,
Канатка окшоп, бир жак колу делбиреп
Суудай таза кыз көтөргөн шумдук суу.

Бир чака суу, суу экенин байкагам,
Жаным сергип, кангандыгын айта алам,
Биздин күндөй анын таза күчүнө
Толкун урган кораблдей чайпалам.
28/ХI 1946, Чолпон-Ата.

 

КӨЛДҮН КЕЧКИ КӨРҮНҮШҮ

Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум,
Токсон ирет, көргөнүмө тойбодум,
Кызгылт көйнөк кийгендиги эсимде,
Уурдап алып күндүн батар боёгун.

Билбейм неге… эң жароокер ысыгым,
Кайрат, кубат, оюн-күлкү кызыгым.
Кыз баладай уялганы эсимде,
Уурдап алып күндүн батар кызылын.

Көргүм келет, көргүм келет миң ирет,
Айткым келет, сүйөм көлүм, сүйөм деп,
Элесимде көл жатпаса шарпылдап,
Ырларымда анда кайсы касиет!
28/XI 1946 Чолпон-Ата.

 

МЕН КӨЛҮМӨ КЕЛГЕНДЕ

Мен келгенде, токтоно элек баладай,
Бирок өзүн балалыкка санабай,
Жаткан экен Ысык-Көлүм күрпүлдөп,
Толкуп алган толкунунан жаналбай.

Мен келгенде, албуут акын баладай,
Бирок өзүн акынмын деп санабай,
Жаткан экен, Ысык-Көлүм шарпылдап,
Ташып алган ташкынынан жаналбай.

Бүттү бороон. Улан жели токтоду,
Түптү түрө Санташ шамал сокподу.
Бул мезгилде мемиреген Ысык-Көл
Өз элиндей күчтүү, сулуу окшоду.
1946, Чолпон-Ата.

 

СЕКИДЕГИ ЖАПЫЗ ТАМ

Келгин куштай, улам жазга кайткандай,
Мен да өмүргө улам кайра кайта алам.
Бирок мени, сүйбөгөнгө уялбай,
Өзүм аны сүйгөндүгүм айта алам.

Эч сөз айтпай, жактырбастай карашың,
Жанды үшүткөн күзгү түнгө барабар
Бийлиги зор, сүйбөгөндүн кубатын
Кулдук кылып сүйгөн гана биле алар.

Сен жашаган секидеги жапыз там,
Миң катарлуу алтын үйдөн жаркырак,
Кайраты жок жүзүңдөгү нуруңдан,
Коркуу билбес баатыр жүрөк калтырак.
29/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КОШТОШУУ

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы,
Алыс сапар, кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.

Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Неге керек сүйгөн жардын көз жашы!
Жолтоо кылып, кош дегенди угузбай
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата-эненин көз жашы.
Эгер «кел!» деп ата мекен чакырса,
«Аманбы» дан «кош» деп айткан сөз жакшы.
29/XI. 1946, Чолпон-Ата.

 

АККАН СУУ

Ай, аккан суу, аккан суу,
Ар адамга жаккан суу,
Алтын аяк ичинде
Абийир, ынсап тапкан суу,

Ай, аккан суу, аккан суу,
Мүлдө ааламга жаккан суу,
Каухар идиш ичинде
Кадыр-урмат тапкан суу.

Ай, аккан суу, аккан суу
Шылдыр мончок таккан суу,
Турмушта канча түйшүктүн
Баарына жетип арткан суу.

Ай, аккан суу, аккан суу
Алыска канат каккан суу,
Айдалган жерге жан берип
Апаппак болуп жаткан суу.
29/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КУРБУМА КАТ

Келдим курбум, келгениме жарым ай,
Жарым айдын чайын ичмек бир далай,
Мени менен кошо ээрчишип кыш келди
Кала берди Фрунзеде жылуу жай.

Мен бул жакта тирүү бармын, аманмын,
Боюндамын сулуу Чолпон-Атанын,
Атымды айтып, атын сурап таанышып,
Сыйын көрүп мындагы ини, аганын.

Мен келбедим байлык издеп бул жакка,
Байлык — колхоз, кайсы жерде турсак да,
Келдим, мында, баатыр жигит, ыр үчүн,
Кыш мезгилде жаздай кызмат кылмакка.

Поэзия — бул адамдын жаны экен,
Күн өтсө да, өчпөй турган шамы экен,
Өмүр, турмуш картайса да аргасыз
Поэзия — улам кайра жаңы экен.

Ал жаңылык кубатынан акындын,
Жаза билсек биздин күндүн баатырын.
Колхоз нанын, жумушчунун өнөрүн
Улуу акылман кеменгердин акылын.

Келдим курбум келгениме жарым ай,
Жарым айдын чайын ичмек бир далай.
Мени менен кошо ээрчишип кыш келди
Кала берди Фрунзеде жылуу жай.
2/XII 1946, Чолпон-Ата.

 

ЧОЛПОН-АТА

Чолпон-Ата көл жээгинде көрктүү жер,
Алмасы көп ак кыштактар орногон,
Менде болду далай ысык сүйүүлөр
Мындай жерге, бирок ашык болбогом.
Бир жай жүрсөм, жашым кайра жангандай
Жашаргандай, жаштыгындай жүрөгүм,
Тагдырымдан кайра сурап алгандай
Ушунда өттү эң бир таттуу күндөрүм.
9/I 1947, Чолпон-Ата.

 

КЫШКЫ БОРООН

Кышкы бороон жаныма дос, жаш борон
Өмүрүмө ынтымактуу бурганак…
Чырак жанган, бала ыйлаган короодон
Бүркүт шаңшып учарына суранат.

Алдуу бороон, алгыр бүркүт эркинен,
Жаз жаралат, ошол бала түшүндөй…
Күндөр келет, күндөр келет кепкенен,

Күзгү бышкан ак буудайдын күчүндөй.
3/I 1947, Чолпон-Ата.

 

КОШ АЙДОО

Жан сергитип, жаңы өмүрдү ойлотот,
Күн күркүрөп жарк-журк эткен чагылган.
Жазга салам, жазга урмат, суук жок,
Жарык дүйнө сапарынан табылган.

Келди мезгил, өлбөгөн жан көгөрөр,

Жашоо баркы, кош айдоого уруксат.
Быйыл көрбөс жүз жыл мурун көргөндөр,
Тирүүлүк күн жаңы ырлардай жыттанат.
3/I 1947, Чолпон-Ата.

 

МЕНИН КҮНҮМ

Менин күнүм кирген суудай күрүлдөйт,
Күзүн күтүп мөмөсүнөн күбүлбөйт.
Ыза кылып жарыкчылык дүйнөнү
Карыганда жаш уландай бир гүлдөйт.

Менин күнүм, өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса, тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей
Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт.

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар,
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.
13/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ЖАЗЫМА

Кош бол жазым,
Көк көпөлөк, ак казым,
Ыр жаза албай, мендей жүдөп — азбасым.
Антсем мейли, бирок өзүң айта жүр:
Азгын көңүл, тилегимдин тазасын.

Кош бол жазым, сени алыска узатам,
Сенден кымбат калк ичинде мен калам.
Кыйын жолдо — канча жабыр көрсөм да,
Өз доорума актыгыма мактанам!

Кош бол жазым, сен кетсең да биз аман,
Биздин балдар, биздей болсун билерман.
Жер үстүндө — ыраазылык күнүмдү,
Жердин жети түпкүрүнөн дей алам!

Кош бол жазым,
Көк көгүчкөн, ак казым,
Кенен сайда дайым толо акпасым,
Көз ачкандан ынак болгон жаныма
Картайбаган кулун жаштуу жашташым.
13/X 1948, Чолпон-Ата.

 

БИЗГЕ ТҮНӨЙ КЕТ

Көңүлүм капа, башым туман кеңгиреп,
Үч күн болду бизге мейман келе элек.
Жолоочунун бул кандайча шылдыңы,
Даамы жоктой,
Жеген токоч, жеген эт.
Сыйлап берер, белен кыргыз даамы бар.
Эй, жолдош,
Биздикине коно кет.

Мейман келбейт, келбегени жаман кеп,
Үйүм капа, эмне болуп кетти деп.
Ууру болсоң, торатымды уурдап ал,
Касым болсоң каргап өткүн, тамак жеп.
Чаалыкканга соопчулук даамым бар,
Эй, жолдош,
Биздикине түнөй кет!

Биздин үйдө көптөн жүргөн жалгыз шерт.
Кымбат ашты мейман бекер жесе деп,
Ачкөз болсоң өз башымды сурап ал
Кегиң болсо: сабап өткүн, тамак жеп.

Жолоочуга нечен түркүн даамым бар,
Эй, жолдош,
Биздикине түнөй кет!
13/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

БАЙКА, ЖИГИТТЕР

Калк мүлкүнө карышкырдай кол салган,
Жүз тармактуу каргашалуу жол салган.
Мөөрүн басып акты менен толтурган,
Оң чөнтөгү ону бирдей бүт жалган.

Эмки куну
Жакшы тааны,
Байка, жигиттер!
Жорго минген Шермат келет
Кара, жигиттер!

Мойну калың кашкулактай буржуйган,
Тердеп тапкан бир күнү жок бир урган.
Ошентсе да арак көрсө арсаңдап,
Алтын сомдун жүз сомдугун суурган.

Жат адамды
Жакшы тааны,
Байка, жигиттер?
Күлүк минген Шермат келет
Кара, жигиттер!

Арамдыкка мас болгондой энтелеп,
Мен келатсам акырайып жалт карап,
Ыркты бузган мына мобул «жазгыч» деп,
Үтүрөңдөп «бир чапсам ээ» деп алат.

Бузукуну
Жакшы тааны,
Байка, жигиттер!
Анын бири ушул Шермат
Ана, жигиттер!
14/Х. 1948, Чолпон-Ата.

 

КӨҢҮЛ АЙТАЛЫК

Кетменчинин ак эмгегин азайткан,
Кесепеттүү наамат деген бир шайтан,
Момунду алдап, элди жазгап, эбин таап,
«Ичиш керек, жеш керек!» — деп көп айткан
Бүгүн өлдү.
Барып көңүл айталык,
Жылаан салып мүрзөсүнө,
Ыйлап кайталык!

Журттан тапкан күн көрбөгөн мүлкү бар,
Бирөө барса кашык сууга ичи тар,
Алгыч, жегич, азган-тозгон уурулар,
Буга курдаш, буга жолдош, буга жар.
Наамат өлдү,
Жүргүлө көңүл айталык,
Мүрзөсүнө бака ыргытып,
Ыйлап кайталык!

Ажал күчтүү, кимдер андан талашат,
Жолу туура, кантип анан адашат?
Ушакчынын, кытмыр арам неменин
Бул дүйнөдөн жок болгону жарашат!
Наамат өлдү,
Жүргүлө көңүл айталык,
Таш ыргытып мүрзөсүнө,
Ыйлап кайталык!
14/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

КӨЗҮМ ӨТКҮР

Көзүм өткүр, өрттү өчүрө караган,
Өз жанымдын жамандыгын көрө алам.
Колум ачык, журтка маалым марттыгым,
Бир чыны уудан,
Бир чака бал бөлө алам.

Көңүлүм жарык, музда көктөп өнө алам.
Өз жанымдын арамдыгын көрө алам.
Пейлим таза, чаккын десем чага албайт,
Жылан кызын колдон кармап өбө алам.

Сырдаш болсоң ачык сөзгө келе алам,
Мен өзүмдүн тардыгымды жеңе алам.
Керек болсо чебердигим жетишет,
Дөңгөчкө жан, балыкка тил бере алам.
15/ Х 1948, Чолпон-Ата.

 

БУЛ КАНДАЙЧА?

Баары өзгөрөт, баары өчөт дейт турмушта,
Мен өзгөрбөй, өчпөй койсом не болот?
Өчөр күнүм үйгө бара жатканда,
Токмок жактан келбей койсом не болот?

Токмок жөнөйм,
Таттуу коонун тандап жейм.
Миң жыл бою,
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карызы бар?

Баары агат дейт, баары өтөт дейт өмүрдөн,
Мен элге окшоп өтпөй койсом не болот?
Баратканда тааный коюп өңүнөн,
Аксуу жактан келбей койсом не болот?

Аксуу жөнөйм,
Жүзүмүнөн үзүп жейм.
Миң жыл бою,
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карызы бар?

Баары сынат, баары өлөт дейт турмушта,
Мен тил албай өлбөй койсом не болот?
Башка коюп, тумшукка тээп, урушса,
Нарын жакка качып кетсем не болот?

Нарын жөнөйм,
Айран ичип, майын жейм.
Миң жыл бою,
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карызы бар?
15/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

* * *

Жакшы ыр жазсам:
Бутунан өөп жөнөтөм,
Жаза албасам: көз жашымды көлдөтөм,
Ыр жараткан, шам чырактын алдында
Бактылуу мен,
Бактылуу менин көлөкөм.
17/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

МЕН КЕМЕ

Мен кеме, келчү жерге эрте жеткен,
Кебелбей эки жагым кычыр эткен,
Көз жеткис бул деңиздин аркы учуна,
Жыңайлак жаштыгымды таштап кеткем.

Мен бир куш, учар жерге учуп жеткен,
Жем алган жалама зоо жайдак беттен.
Кайдадыр бийик тоолор арасына,
Таарынчаак жаштыгымды таштап кеткем.

Ал кездин алтындыгын эсиме албай,
Жаштыктын ар жагында жаштык бардай,
Ыйлатып уруп-сабап кете бергем,
Бир өппөй, маңдайынан бир сылабай.

Картайып азайтууга кезек келет,
Бир жүргөн жакшы күндө жакшы эл элек.
Бирок да, ошол тоолор арасында,
Жаштыгым ойноп-күлүп жүрө берет.
17/X 1948, Чолпон-Ата.

 

ЖАКТЫРДЫМ

Кайдан таптым, билбейм мындай мүнөздү?
Дос, туугандар күнөкөр деп күлбөспү?
Тирүүлүккө ирегелеш салынган —
Жаман көрөм, калың мүрзө, күмбөздү.

Бирок сүйдүм, бир күмбөздү жактырдым,
Кубангандан күлүп ийдим, каткырдым.
Көргөн кезде койчу Жапар күмбөзүн
Жарык күндөн, кайткан ал бир асылдын.

Кымбат эле кой кайтарган убагы,
Жакшы адамдын жакшысы эле бул дагы.
Күмбөзүнүн күн жагына керилип,
Уктап жатат төрт карала улагы.

Муну көрүп эске түшөт ак тилек,
Колдон кармап, айтпаса да асыл кеп,
Күлө карап мен бармын деп тургандай
Баягы эле тирүүсүндөй сезилет.

Мейли түндө, мейли бешим, күүгүмдө,
Жапар күнү башка түшкөн күнүмдө,
Мен өзүмчө — өлбөс күн деп эсептейм
Бир тирүү жан тепсеп турса үстүмдө.
17/X 1948, Чолпон-Ата.

 

БУЛ ТУРМУШТА

Бул турмушта нечен сонун издер бар
Бороон уруп, кар жааса да кетпеген.
Не бир укмуш, чебер, уста адамдар —
Миң тепкичтүү шаты коюп жетпеген.

Бул турмушта нечен бекем издер бар,
Добул уруп, сел жүрсө да кетпеген.
Не бир нечен не бир эстүү адамдар
Дайрадан кең акыл менен жетпеген.

Бул турмушта нечен чоң-чоң издер бар,
Өрттөймүн деп, күн сынса да кетпеген.
Не бир баатыр, не бир канкор адамдар
Балта урса да, ордунан былк этпеген.

Мен да адаммын, мен дагы бир акынмын,
Билинбеген көп майданын бириндей.
Бул турмушка мен да изимди калтырдым,
Кичинекей, кудум шайтан1 изиндей.
17/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ПРАГАДА

Прагада ушул өткөн майданда
Бир азамат чексиз эрдик кылган дейт.
Жоону кырып, алдан чарчап тайганда,
Танка астына жата калып тынган дейт.

Бул дүйнөгө бир келгени чын болчу,
Бирок үйгө дайнын жазган каты жок.
Эл жыйналып ат бергени чын болчу,
Атагы бар, мүрзөсүнүн аты жок.

Шол мүрзөгө барар элем жөө басып,
Турпагынан бир ууч алып келүүгө.
Арстандын жүрөк канын канатып,
Ага кошуп балдарыма берүүгө.
18/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

КУБАНАМ

Силерге окшоп, мен да күлөм, кубанам.
Орой сүйлөйм, арак ичем, бууланам…
Калк башына кайгы түшсө, кайгырып,
Калкым үчүн таштай катуу тура алам.

Силерге окшоп мен да гүлдөйм, уланам,
Күнөөм болсо кечиргин деп суранам.
Сокур байкуш көздүү бала төрөсө:
Чын пейлимден ушунда бир кубанам.

Силерге окшоп менин да бар убадам,
Мен да аяйм, мен да корком убалдан.
Дудук уулу сүйлөп турса жанымда,
Чын пейлимден ушунда бир кубанам.

Силерге окшоп, мен да жүдөйм, кубарам,
Мен да жыргайм, мен да түтөйм, куралам.
Ырымды укпай, жазганымды көрбөсө:
Ыйлабасам, эмнесине кубанам?
17/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ДАГЫ АЯЛ ЖӨНҮНДӨ

Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим,
Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим,
Жаманынан көңүлдү эзген оору алып,
Жакшысынын кадырына жетпедим.

Анткен менен:
Колум ачык, мен кенен,
Жүз кайталап дагы аялга баа берем:
Аял деген:
Чаалыккан көсөм —
Сайдырган берен –
Бактыдан тайган жигитке,
Кемибеген, кебелбеген бир мекен!
21/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

СӨЗҮ БАР

Түк кайгырбайм, алсыз-чабал түрүмө,
Уу тамса да алтын сабак бүрүмө,
Тирүү кезде мындай элек деп айтып…
Сүйлөшүүгө жер табылбас күнүмө…
Мен кетсем да, тирүүлүктүн көзү бар,
Мен бүтсөм да, тирүүлүктүн өзү бар,
Бирок мага табылбачу эч качан,
Тирүүлүктүн: Эң бир, эң бир
Жанды ысыткан сөзү бар.
22/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ФРУНЗЕНИН ТҮНҮ

Бир мен эмес, чын сүйөрүң баарыңдын:
Түндөрү алтын… Түндөрү алтын, шаардын.
Анда калган күзгү сонун түндөрдү
Мени өлтүрбөс эмгегимдей сагындым.

Жылт-жылт этип, жылдыз көлү аккандай,
Куттуу бүлө кубанчына баткандай.
Көк мунарык, жашыл шоокум ичинде,
Ырыс көлбөп, фонтан болуп аткандай.

Угулса экен, түнкү бөбөк күлгөнү,
Кубанса экен, жаш бөбөктүн жүрөгү…
Неге десең:
Колун жайган, колун каткан бооруна,
Менин шаарым, акылмандар түнөгү.
23/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

КЫЗЫЛ ЖҮК

Дан беребиз, берген данды эл алат,
Алган элдин өмүрүнө саламат.
Берген белек жокко сиңип кетпестен
Кайра айылга ырыс болуп таралат.

Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Бол, жигиттер, ылдамдат,
Атадан калган насаат бар:
Берген март эмес,
Алган март!
Бол, жигиттер, ылдамдат.

Эгин төкмөк өзүнчө бир салтанат,
Эмгек менен көтөрүлмөк биздин даңк,
Берген белек дөөлөтүнөн кемибей
Кайра айылга байлык болуп таралат.

Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Машинаны бери тарт!
Ашык бүтсүн пландан,
Берген март эмес
Алган март!
Бол , туугандар, ылдамдат!

Эгин бермек биздин урмат, биздин бак,
Сыйлоо керек ата журтту кадырлап.
Ушул буудай калк санаасын тындырып,
Кайра айылга тынчтык болуп таралат.

Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Бол, туугандар, ылдамдат!
Бергениңе кубангын,
Берген март эмес,
Алган март!
Бол, туугандар, ылдамдат!
24/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ЭМГЕГИҢ

Сентябрь ай, коон жыттуу сонун ай,
Бышыкчылык… Барлык элдин көңүлү жай.
Эмгек күнгө жаңы буудай бөлүнүп
Жакшы иштеген ударниктин баары бай.

Дал ушул ай, үстүдөгү сонун ай,
Мобул буудай сенин энчиң
— Бери кел ой, Курманбай!

Октябрь ай, жийде жыттуу сонун ай,
Жакшы иштеген колхозчунун баары бай.
Эне эмизген сүтүнөн ак мээнетиң,
Байлыгыңа туура кара уялбай.

Дал ушул ай ошол айткан сонун ай,
Отуз центнер сенин энчиң
— Көтөр, көтөр, Курманбай!

Кыйын күндүн кыйынына каржалбай,
Ак иштедиң, ала жүргөн балбандай.
Адалдыгың адал эне сүтүндөй,
Өз бактыңа туура кара жалтанбай.

Бүгүнкү ай, эмгек бөлгөн сонун ай,
Кырк беш центнер сенин энчиң
— Көтөр, көтөр, Курманбай!
25/Х. 1948, Чолпон-Ата.

 

КҮЗ

Калкка берген карыздарын кыя албай
Мүлкүн чачкан шок балдарын тыя албай,
Кабын алып айлыбызга күз келди
Жазгы айдаган картошкасын жыя албай.

Элге берген өз энчисин кыя албай,
Ээ-жаа бербес шок балдарын тыя албай
Кабын алып айлыбызга күз келди,
Жакшы чыккан капустасын жыя албай.

Бул күз өзү көптөн бери көпкөлөң
Таш боор болсом деген оюн көп көрөм.
Өрүк уулу быйыл каза тапканда
Боору жумшап бир тамчы жаш төкпөгөн.

Ай, ай балдар, атка минип чапкыла,
Күз кайда экен барып издеп тапкыла!
Көзүн ачсын, колхоз деген кыйын журт
Жакасынан катуу силкип тарткыла.

Урсаңар да, ал ак көңүл таарынбайт
Катуу сынып капалыкка багынбайт,
Эрки жетпейт бизди таштап кетүүгө,
Качам десе: качар жагы табылбайт.

Алды жакта жайдак атчан жай мырза,
Арткы жакта ач кыйкырык кыш мырза.
27/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ЖҮЗҮМ АЙЫ

Ойдогу оюм чыккан менен оңунан,
Аз кечиктим убакыттын жогунан.
Жылдагыдай эми айылга жөнөөрдө
Жүзүм айы кармап калды колуман.

Ичте санаам чыккан менен оюнан,
Аз кечиктим даярдыктын жогунан.
Машинага эми олтуруп жөнөөрдө
Жүзүм айы тосуп калды жолуман.

Мына ошентип мен айылга барарда,
Кымыз ичип чын суусунум канарда,
Жүзүм айы бир өпкөн соң кучактап,
Жаным жыргап калып калдым калаада.

Мен жүзүмдү капа кылып ар дайым,
Жалгыз таштап, кетип жүргөм жыл сайын.
Сагыныпмын келчи жакын жаныма,
Жаным айым, ширин айым, бал айым.
28/Х. 1948, Чолпон-Ата.

 

ЖАЗ

Жаздын таттуу…
Эртеңкиси, күүгүмү,
Жаздай сүйсөм бардык жашаар күнүмү!
Ташка тийип сынган болот үнүндөй,
Кулагымда шыңгыр эткен бир үнү.

Жаздын алтын…
Эртеңкиси, күүгүмү!
Жаздай сүйсөм, барлык көрөөр күнүмү!
Чөнтөгүмдөн сууга түшкөн дүйнөмдөй
Кулагымда шылдырт эткен бир үнү…

Тил албассың, жакшылыкка жолдосо,
Оңолбоссуң, кемтигиңди оңдосо…
Ай, жаным жаз, кымбаттыгың эмнеде?
Жоголгонуң, сынгандыгың болбосо?..
28/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

СУУ КЕЛАТАТ

Суу келатат,
Суу келатат бир кулак,
Момун сууну мактап алчу жакшы убак,
Ураа, достор! Арык толо аккан суу
Колхозчуга табылбаган кадыр-барк.
Жер атасы, эл атасы мына ушул,
Өз колунан бере турган бекер даңк.
Ак, ак, суум, ак,
Эгиниме балдай жак!

Суу келатат,
Суу келатат бир кулак,
Арзан сууну кымбат алчу бул убак,
Көрүшө элек тууганымдай сүйүнттү
Турган кезде, кызылча өнбөй, жер кургап,
Ураа, достор! Сууга кулдук кылалы,
Мына дөөлөт, мына шекер, мына кант!
Ак, ак,
Шашпай ак,
Түшкөн эмдей жакшы жак.

Ак, ак,
Айланайын, суум, ак!
Эжем менен көрүшкөндөй көңүлүм шат.
Арпа, буудай, жүзүм, коон, дарбызга
Бир туугандай кенен уктап, коно жат.
Тиричиликке сенден кыйын табып жок
Тамырын бил, кетсин оору, кетсин дарт!
Ак, ак,
Суум, ак,
Калкты сыйла, калкты бак.
Шашпа, жаным, жайыла түш кең тарап,
Калк эккендин керегине тең тарап,
Жара түшөр биздин жарык өмүргө,
Бек турбасаң, так текшерип, так карап,
Ураа, достор! Кечеги ичип мас болгон
Мына — бозо,
Мына — вино, мына — арак!
Жок вино эмес, биздин дүйнө — биздин мүлк,
Биздин абийир,
Биздин сыймык, биздин даңк!
Ак, ак, ак,
Кенен ак,
Элди сыйла, элди бак!
Бат, бат, шашпай ак,
Жерди сыйла, бизди бак,
Ак, ак,
Эркин ак,
Элди сыйла, элди бак.
29/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

 

Белгисиз кыздын Алыкулга жазган ашыктык каттары

Соц тармактар:

Алыкул Осмонов: 11 комментариев

Добавить комментарий