Улуттук жазуучулар уюмунун уркунан

Кыргыз эл жазуучусу Эрнис Турсунов көркөм котормонун мааниси, тарыхый чыгармалардагы тактык, учурдагы жазуучулар уюмундагы абал тууралуу ой бөлүшөт.

— Эрнис ага, сиз проза, поэзия, драматургия, көркөм котормо сыяктуу ар бири ат көтөргүс жанрларда жазып келатасыз. Мынчалык «ишенимдүүлүктү» кайдан алгансыз?
— Дүйнөлүк адабият тажрыйбасында жанр тандалбайт. Ал ошол калемгердин көрөңгөсүнө, дараметине жараша болот. Айталы А.С.Пушкин жанр тандаган эмес. Алган темасын кайсы жанр ачып берсе, ошого кайрылган. Мисалы, жомокторун ыр түрүндө жазса, тарыхый окуяларды чагылдырган «Борис Годуновду» драма түрүндө жазган. Прозага келсек ушул эле Пушкиндин «Капитан кызы», «Дубровский» ж.б. повесттери романтикалык-реалисттик бийиктиги, кыскалыгы жагынан ааламдык адабияттын эң мыкты үлгүлөрү болуп саналат. Прозадагы мындай кыскалык, козгогон оюнун актуалдуулугу биздин Ч.Айтматовго да мүнөздүү. Ал эми поэзия жагынан алганда Пушкиндин «Евгений Онегини» дүйнөлүк адабияттын 200 томдук антологиясына кирген беш ыр менен жазылган романдын башында турат. Кеп кезеги келгенде айта кетейин, мен ушул беш романдын катарына (жогорку 200 томдукка кирбей калса дагы) Аалы Токомбаевдин ыр менен жазылган «Кандуу жылдар» романын кошор элем. Биз канчалык өзүбүздүн көркөм казынабызга маани бербей, маңкурттук кылсак дагы 16-жылдагыдай трагедияны ыр менен чагылдырган бул чыгарманын орду өзгөчө. Демек, табигый талант жанрга келгенде көктө сызган куштай, сууда сүзгөн балыктай эркин болушу керек.

— Пушкинди оозанып калдыңыз. Сиз анын «Евгений Онегин» поэмасын көркөм которгон элеңиз. Буга классик акын А.Осмоновдун да кайрылганы белгилүү. Алыкулдун караанынан сүрдөгөн жоксузбу?
— Мен которгон «Евгений Онегин» төрт жолу басылып чыкты. Бул менин дипломдук ишим болчу. Жетекчим Шаршенбек Үмөталиев эле. Бул теманын артынан түшүп, илимий өңүттө улантканымда, ачык эле айтайын, илимдин доктору, академик болмокмун. Эми мактаныч болбосун, «Евгений Онегин» боюнча жазылган 180 беттик рефератымды Теңдик Аскаров окуп көрүп аябай таңгалган. Бул чыгарманы мага чейин кыргыздан К.Баялинов, А.Осмонов, азербайжандан Бургун, өзбектен Айбек, казактан Абай (бир үзүмүн) которгон экен. К.Баялиновдун 1939-жылы латын тамгасында басылып чыккан котормосун окуп көрүп ичим чыкпады. Ал эми Алыкулдун поэзиянын касиетине, атрибуттарына (көркөмдүгү, жалтырак, кооз саптары) анчалык маани бербей, ички динамикасына басым жасагандыгы байкалып турат. Бул бир маселе. Экинчиден, ал «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасын которгондо, бул чыгарманын өзөгү, сюжети чыгыш элине жакын болгондуктан, көркөм адабиятыбыздагы элдик мотивге үндөш которгондугун көрүп турабыз. Баштаганда эле:
Ааламды алдуу кылып жаратканым,
Баарына энчи бөлүп жашагандын.
Асмандан жердегиге жазып койгон,
Бийлигин өкүм кылып падышанын… Карагылачы, биздин тилге жата калып жатпайбы. Ал эми «Евгений Онегинде» иш чатак. Ал ошол мезгилдеги цивилизацияга мүнөздүү жалаң бийдин: мазурка, кроковьиак, котильон (мисалы, бал мазурка менен башталып, котильон менен бүтөт) өңдүү түрлөрүн, тамак-аштын: антрекот (музоонун этинен), лангет (козунун этинен), ескалоп (торопойдун этинен ) сыяктуу толгон-токоюн камтыган энциклопедиялык чыгарма. Мындан тышкары хорунжий, есаул, атаман өңдүү Пугачев доорундагы аскер наамдары толтура. Аларды которгондо бүгүнкү капитан, майор, полковник деген наамдарга туура келеби-келбейби, ошол жагын да кароого туура келди. Салыштыра келсең есаул дегени полковниктен жогору, генерал дейин десең ага жетпей калат… Алыкулда бул жагдайларга анча маани берилген эмес. Эркин которулган.

— Сиз ошол сөздөрдү котордуңузбу?
— Жок, ошол боюнча эле бердим. Аягына түшүндүрмөлөр жазылды. Антпесе чыгарма тузуна чыкпай калат. Менин башкы далалатым Пушкиндин кайнаган эмоциясын, деңиздей ашып-ташыган тилин окурмандарга мүмкүн болушунча өксүтпөй берүү болгон. «Евгений Онегиндеги» Пушкиндин тили ошол учурдагы орус ак сөөктөрүнүн, адабий чөйрөсүнүн тили эле. Ал эми Некрасовдун орус мужуктары жөнүндө жазган чыгармаларын окуп көрсөңүздөр мужуктун тери, ашканасынан ачыган капустанын жыты келип турат. Мына, алган темасын ачып берүүдөгү алптардын тили. «Евгений Онегин» орус маданиятындагы бир мезгилдин күзгүсү болгондуктан которуп жатып жан дүйнөм байыды. Көзүм ачылды. Бүтүндөй бир доор маңдайымда кылкылдап тургансып, чоң чыгармачылык эргүү алдым. Ооба, Алыкулдай сюжетин өзөгүндө калтырып, сөзүн эркин которсо да болор эле. Котормодо мындай ыкма бар. Алыкул менен менин котормомдун дурус-бурушун адабиятчылар айтсын. Мен айрым гана урунттуу жагдайларына токтолдум. Ал эми менин котормом боюнча Бурул Карагулова, Рахима Сыдыкова өңдүү окумуштуулар кандидаттыгын жакташкан.

— «Евгений Онегинди» Пушкин заманынын күзгүсү деп жатасыз. Сиздин дагы «Балбай» деген тарыхый романыңыз бар. Ушул чыгармаңызда тарыхый инсандарды, доор чындыгын канчалык деңгээлде чагылдыра алдым деп ойлойсуз?
— Биз Ормон хан, Тейиш хан, Жантай хан, Рахманкул хан дей беребиз. Канчалык кадырлабайлы, алар кокту-колоттун эле каармандары. Ырас, аталгандардын ичинен Ормон хан болгон. Бул факт. Бирок, аны хан көтөрүүдө мүлдө кыргыз катышкан эмес. Түндүктүн эли «кызыл тебетей» шайлап алышкан. Андыктан жалпы кыргыздын ханы деп айтыш кыйын. Ормондун хан катары элди сактаган эмгеги, элди эзген кемчилиги да болгон. Балбай Ормондун замандашы. Балбай экөөнүн тиреши ошол ички ыйкы-тыйкылыктан келип чыгып, акыры хан өлүп, калкы чабышып отурат. Ал учурдагы түзүлгөн саясый кырдаалга, ата-бабаларыбыздын туңгуюктан жол издеген аракетине, Балбай өңдүү тарыхый адамдардын кадамдарына, жеке трагедиясына кайрылбай коюуга мүмкүн эмес. Учурдагы уруучулуктун ураанын көтөргөндөргө, жердешим дегенде жетимиш тамыры элжиреп кеткендерге, кала берсе мамлекеттик бийликке Ормон, Балбай доорунун сабак болчу жактары толтура.Чыгарма жазылды, баа берчү элибиз турат.

— Учурда улуттук жазуучулар уюму «уй бөйрөк» болуп турат. Себебин айта аласызбы?
— Акын-жазуучулардын улуттук маданияттагы ордун эч ким тана албайт. Аларсыз маданиятты, көркөм сөз өнөрүн, искусствону элестетүү мүмкүн эмес. Бирок, Кыргызстан жазуучулар уюму көзүн ачкан күндөн компартиянын идеологиялык «кылычы» болуп келгендигин, ошого жараша мамлекеттин аталык камкордугуна алынып, үстүнө үй берилип, астына аш коюлуп тургандыгын моюнга албай коюуга болбойт. Жазуучулар уюмун түзүүдөгү максат дал ушул идеологиялык зарылдыктан келип чыккан. Совет мамлекетинин таңында революцияны кабыл албай койгон Куприн, Репин, Бунин, Набоков, Горький өңдүү чыгармачыл адамдар эмиграцияга кеткендиктен 1920-30-жылдары декаденттер, символисттер, футуристтер, имижанисттер деген агымдар пайда болуп, адабий чөйрөдө анархия өкүм сүргөн. 1928-жылы Сталин Горькийди Каприден алдырып, пролетариат жазуучулар ассоциациясын, кийинчерээк 1934-жылы СССР Жазуучулар союзун түзгөн. Фадеев, Шолохов, Твардовский сыяктуу жаш жазуучулар «биз өзүбүздүн советтик классиканы» түзөбүз деп чыгышкан. Кыргызстан Жазуучулар уюму ошонун шарапаты менен түптөлдү. Ошол багытта элге кызмат кылып келди. К.Тыныстанов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, М.Элебаев, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков ж.б. кыргыз көркөм сөз өнөрүн негиздеген калемгерлер чыгышты…

— Эрнис ага, бүгүнкү күнгө келбейлиби?
— Чыгармачылык бул өзү табигый атаандаштыкты жараткан чөйрө. Атаандаштык болгон жерде ийгиликтер менен катар эле көрө албастык, бут тосмой, кеп-сөз ээрчимей болбой койбойт. Компартиянын идеологиясы айрым жазуучуларга атаандашын торойто чабууда эң сонун курал болуп берген. Натыйжада К.Тыныстанов репрессиянын кандуу тишине кабылса, Ж.Турусбеков, М.Элебаев, Ж.Ашубаев, К.Эсенкожоев, Ж.Жамгырчиев брону колуна тийбей майданга айдалышып, набыт болушкан. А.Ждановдун «Ленинград» жана «Звезда» журналдарына чабуулунан кийин Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектенов «космополиттер» деген жалаага калышып 25 жылга кесилип кетишкен. А.Токомбаевдин «Кандуу жылдар», А.Осмоновдун «Махабат», У.Абдукаимовдун «Майдан», Т.Сыдыкбековдун «Көк асаба», Т.Касымбековдун «Сынган кылыч», М.Байжиевдин «Төрт адам», А.Саспаевдин «Сарала итине» чейин таш талканы чыкканча талкуулар уюштурулуп турган…Кыргызстан жазуучулар уюму ушундай оош-кыйыш узак жолду басып өткөнү менен союз союлгандан кийин идеологиялык укурук катары урунган «ээси» болбогондуктан сыртта калды. Аш-жемден айрылды. Баягы мен кыйын, сен кыйындар ары-бери жыра тартып, алтыга бөлүп кетти. Имарат, мүлкүн өздөрү эле жеп коюшуп, элге кеп болушту…Баса, Проспер Мэрименин «Таманго» деген новелласында кулдар көтөрүлүш чыгарып, өздөрүн алып келаткандарды өлтүрүп салышкан окуя жазылат. Кызыгы, кулдар кожоюндарын өлтүрөрүн өлтүрүшүптүр, бирок, кемени айдаганды бирөө да билбегендиктен океанда ары-бери чайпалып жүрүп, акыры өздөрү кырылып, жалгыз Таманго калат. Анын сыңарындай идеологиялык курал болуу озуйпасынан айрылып, эшик-төрдөн алыс ыргытылган кыргыз жазуучулары кайда сүзөөрүн билбей каңгыган кеменин абалында тургансыйт.

— «Урматтуу уюмду» алып кетчү бирөө да жокпу?
— Кеп ошондо болуп жатпайбы. Кезегинде А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, А.Салиев, Т.Абдымомунов, Т.Аскаров, Ч.Айтматов өңдүү бул уюмдун масштабдуу жетекчилери болгон. Алар аябай таасирдүү эле. Кийинкилери майдаланып, соңкулары уюмдун мүлкүн ачык-жабык жеп жиберишсе кайдагы кадыр-барк болсун. Бул уюм үчүн кайрат-күчүн аябай, чындап күйгөндөрү жок болуп жатпайбы. Мисалы, Ж.Бөкөнбаев жазуучуларды жандандырыш үчүн мындай амал ойлоп тааптыр. Кыш-күрөө, анын үстүнө согуш маалы эле дейт. Жоомарт «жазуучуларга көмүр берилет» деп уюмдун эшигине илип коюптур. Аны уккан даярга тап жазуучулар түрүлүп бүт келишиптир. Анда Жоомарт айтат дейт: «өкмөт силерге берип эле келатат. Фронтко жылуу кийим, көйнөк-көнчөк, тон-топур керек. Эми силер берээр учур келди» деп. «А, көмүрчү» деп жаалдашса, «антпесем силер келбей жатпайсыңарбы, көмүр жок» деп чынын айтыптыр. Жазуучулар бүгүн дал ушул Жоомарт сыяктуу тапкыч, чыгаан, чөнтөгүн эмес уюмду, анын аброюн ойлогон жетекчиге муктаж болуп турат. Биздин жазуучулар азыр эгоисттер, анархисттер, аферисттер, индивудиалисттер, авантюристтер, гуманисттер өңдүү агымдарга бөлүнүп кетишкен. Айталы, гуманизмге жамынып алышып эгоисттик , афералык, анархисттик, авантюристтик иштерин жүргүзө беришет. Бир карасаң урааны гуманизм. Эч нерсе дей албайсың. Ал эми бирөө күйүп атса, кантип күйүп бүтөр экен деп кызыгына батып карап турган индивидуалист жазуучулар да жок эмес арабызда. Атургай шизофрения, неврастения, депрессияга кабылып, анын эсесин адабияттан чыгаргысы келгендердин атын айтпай эле коеюн.

— Бу жазуучу журтун карап туруп, Чыңгыз Айтматовдун четте иштеп кеткени дурус эле болуптур деген ойдо жүрөм. Жеп коймок окшойсуңар…
— Аттиң, Чыкебиздин «жемден» айрылган жазуучуларды жетелеп кеткенге толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Президентке кирип Кумтөргө же башка капчыктуу ишканага «карай жүргүлө» деп байлап койгонго кудурети жетмек… Ал эми көп жылдар бою кыргызды ааламга таанытып алыста жүргөнү жакшы эле болуптур. Бул жерде жүрсө этек-жеңин жулмалап, айласын кетирмек окшойбуз.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий