«Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт»

Тарыхта 7-апрель кандуу күн болуп сакталып калаары анык. Алакандай кыргыздын эртеңин ойлогон элибиз жан үрөп, тамчы канын аябай көкүрөктөрүн снайперлерге тосуп беришти. Төкмө акындарыбыз жүрөк сыздаткан кандуу күндө тилди тишке жашырып тура алышкан жок. Ак таңдай акындарыбыздын кыргыз үчүн күйүп-бышкан, зар какшап төгүп ырдаган ырларынан кыскартып берүүнү туура көрдүк.

Жеңишбек Жумакадыр: «Көкүрөк бошоп алсырап,/ Көрбөдүң журтум эмнени»
Эзилет арман мендеги,
Эгемен заман келгени.
Көкүрөк бошоп алсырап,
Көрбөдүң журтум эмнени.
Чоң чөнтөк мансап дегениң,
Чоңдордун болду эрмеги.
Калкыма күйөм дегендер,
Канакей, жыргал бергени.
Ак үй деген чоң ордо,
Айланды кечээ карага,
Каргышы жетип элинин,
Кашайгыр качты талаага.
Азаматтардан айрылып,
Ала-Тоо батты санаага.
Туйлап турат жан дүйнө,
Туз куйгандай жарага.
Буйруп ким элди аттырса,
Бул өлүм жетет ага да.
Мылтыгын бийлик октоду,
Медерин эне жоктоду.
Жакынынан айрылып,
Жан дүйнөлөр боздоду.
Кара бет чоңдор калк үчүн,
Кан ичкичтерин топтоду.
Азезил болуп келатты,
Атылган ар бир октору.
Кызыл гүл болуп ачылган,
Кыйла бир өмүр токтоду.
Кыргыздын дароо башына,
Кыямат келген окшоду.
Калкында болгон курман көп,
Каражолтой Курманбек.
Кара мүртөз жок намысы,
Каражолтой Жанышы.
Калкыман башка жат дини,
Каражолтой Максими.
Кан соргон сымал жаныбар,
Каражолтой Данияр.
Эх, ушулардан кутулган,
Элимдин тоодой багы бар.

Элмирбек Иманалиев: «Жоктоо»
Каржалган элдин эмгеги,
Коросун деп өлгөн жок.
Катар-катар дүкөндү,
Тоносун деп өлгөн жок.
Бири-бирин төрт кыргыз,
Сабасын деп өлгөн жок.
Жол-жолдогу базарды,
Жон териси калгыча,
Таласын деп өлгөн жок.

Мүдөөсүнө кыргызым,
Жетсе деп өлүп кетишти.
Түшүнүгү кыргыздын,
Өссө деп өлүп кетишти.
Акылына акмактар,
Кирсе деп өлүп кетишти.
Жалгыз үй үчүн кул болуу,
Жарабасын кыргызга,
Билсе деп өлүп кетишти.
Жакшы жашоо кыргызга,
Баштаса деп кетишти.
Жаман бийлик адатын,
Жаңы келчү бийлигиң,
Таштаса деп кетишти.

Кадырын элдин жакшылар,
Билсе деп өлүп кетишти.
Кан болчулар эсине,
Кирсе деп өлүп кетишти.
Кайра келчү бийлик да,
Кайталабай өткөндү,
Жүрсө деп өлүп кетишти.

Убайым тартып эл турса,
Ушак айың жаман сөз,
Сөгүшкөндү коёлу.
Төрт абийирди кайрадан,
Төгүшкөндү коёлу.
Төр талашып эмитен,
Бөлүшкөндү коёлу.

Эл кайгырып турганда,
Эки экиден бөлүнүп,
Сөгүшкөндү коёлу.
Эки абийирди эстүү журт,
Төгүшкөндү коёлу,
Эмитен бийлик талашып,
Бөлүшкөндү коёлу.

Аалы Туткучев: «Кыргыз кул болбойт экенин,/Кыйлага толук таанытты»
Жылыбай кыргыз чекең да,
Кайгырды эл-журт мекен да.
Дайны жок сүргөн өмүрдөн,
Даңктуу өлүм бекем да.
Кантейин үнүм кардыгат,
Кайрат кылам десем да.
Акылсыздарга элден да,
Ак үйү кымбат экен да.

Кан Кошой, Бакай эрендер,
Кайдасың Манас кеменгер.
Алар менен кошо өлдү,
Акылы, эси тереңдер.
Кыргызды атты ант ургур,
Гамбургер, ходдог жегендер.
Айланып кетти шейитке,
Арбагы болсун бейиште.
Ата-эне, бала-чака эмес,
Ааламды салды кейишке.

Азыркы бийлик алгандар,
Ак дилден иштеп беришсе.
Ок тийип кайткан баатырлар,
Ошондо жетет жеңишке.
Көз салып турат кыргызга,
Көк жалдар «Ата-Бейитте».

Булгады бийлик тарыхты,
Булактай канды агызды.
Элге атылган окторун,
Баатырлар тосуп калышты.
Кыргыз кул болбойт экенин,
Кыйлага толук таанытты.
Балдары баатыр Манастын,
Баатырча каза табышты.
Кудайым өзү жазалайт,
Курманбек, Максим, Жанышты.

Азамат Болгонбаев: «Сандаган чоңдор силерге, / Сабак болсо экен калганы»
Кымбатын сатса жеринин,
Кыргыздын каны кайнады.
Эртеңки жарык күн үчүн,
Эр уулдары жайрады.
Манастын элин кыргыздай,
Максимдин огу жайлады.
Бакайдын журтун ак калпак,
Бакинин уулу кандады.
Баардыгы качып элинен,
Баатыр элдин каарынан,
Байлыгы да сактай албады.
Элинин эртеңкисинен,
Эң кымбат экен балдары.
А бирок,
Өкүмөтүң мындай кой,
Өмүрүң берген «атасын»
Өз уулу да издеп барбады.
Даамын таткан байлыктын,
Дайынсыз кетти алганы.
Сан кыргыз элди башкарган,
Сандаган чоңдор силерге,
Сабак болсо экен калганы.

Шекербек Адылов: «Ала-Тоого кайрадан, Сурайлы Айкөл Манасты»
Адамдын адам болмогу,
Алтын баш, акыл-эсте экен.
Замандын заман болмогу,
Эл башкарган бекте экен.
Ар бир эчен алтынга,
Ал акылман айткан кеп бекен.
Жашаган ар бир адамдар,
Жакшылыкка жетсе экен.

Тоолуктун асыл сапаты,
Токтолбой эми өссө экен.
Баласы кылып кылмышты,
Бакиев тактан жылмышты.
Саркерлер кылып кылмышты,
Саалынын уулу жылмышты.
Колунан келбей канкорлор,
Кордошуп кетти кыргызды.

Телекомду саткандар,
Тегин билбей качкандар.
Энергетиканы саткандар,
Энесин таштап качкандар.
Ак калпак кыргыз элимди,
Акмактар такап аткандар.
Кыргыз үчүн карачы,
Кыйылды кырчын жаш балдар.

Ачуу менен сүйлөгөн,
Айтканды бар го сүйбөгөн.
Чычалашып сүйлөгөн,
Чындыкты барбы сүйбөгөн.
Арманы башта толтура,
Адам жок азыр күйбөгөн.
Ааламдын эли баалашчу,
Ак калпак элге жарашчу.
Ала-Тоого кайрадан,
Сурайлы Айкөл Манасты.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий