Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу)

(1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган — 1942) — жазма акын жана манасчы.

Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да,дал ошол Тыныбек болгон. Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнөтаанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон.

“Он сегиз жашка келгенде,
Акын болдум атанып.
“Манасты” бүт үйрөндүм,
Тыныбектен жат алып”

– деген Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган.

Баскан-турганын, уккан билгенин баарын кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок Молдо анын баарын 1916-жылкы үркүндө жоготуп жиберген. Анан 1936-жылдан тартып кайра баштан киришкен. “Манастын” өз вариантын да ал өзү кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп айтып калуу жөнүндө Тоголок Молдо эскерген эмес.

Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан тартып, өзү менен кошо жашаган замадаш манасчыларга чейинки Улуу жомоктун жүгүн көтөрүнүп, аны кесип кылып аркалаган манасчылардын 31ин ырга салып, санаттап кошкон. Мунун өзү да тарых үчүн зор табылга десек болот.

Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай сыяктуу чыгыштын улуу акындарынын чыгармалары менен жакшы тааныш болгон жана кыргыздын оозеки чыгармалары менен жана мифтик түшүнүк, ишенимдерден кабардар болот. Эл оозундагы «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман» сыяктуу дастандарды кагазга түшүрүп, азыркы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына тапшырган. Ошондой эле эл кыдырып кыргыз тарыхын, санжыраларын жыйнап жазган.

Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына “Манас” үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот. Ал эми “Манас” бөлүмүндөгү “Манастын ашы” сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат (Чоюке өмүр уулу, Алмабек Тойчубек уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу, Кубанычбек Алмабековду эске албаганда). Калганы Сагымбайдын варианты менен үндөш. Экөөнүн тең устаты Тыныбек болгондуктан аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот.

Өз дооруунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты үчүн кайталангыс чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо 1942-жылы өзү туулган Куртка айылында каза болгон.

Уикипедиядан алынды

 

Тоголок Молдо жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Маданиятка маани берген Тоголок Молдо

Тоголок Молдо – агартуучу, акын, манасчы

«Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн»

Гундула Салк: “Сүйүнчү! Тоголок Молдонун санжырасы тууралуу китебим чыкты”

 

Чыгармалары

ГҮЛДӨП АЛ

Кара күрмө шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай.
Кадыр, көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кайрылып келбейт өмүрүң,
Ойлогула кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Ойногонду биле албай,
Кайран жашты картайтып,
Койбогула, кыздар ай!

Кызыл күрмө шай кийип,
Бойлогула кыздар ай.
Кызуу көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кылчайып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Кызык күнүң өткөрүп,
Койбогула, кыздар ай!

Кайран өмүр барында,
Балалыктын чагында,
Гүлкайырдай гүлдөп ал,
Күлгүн жашың барында.
Карылык кууп жеткен соң,
Кайран өмүр өткөн соң,
Кара чым басып денеңди,
Каларсың жердин алдында.

 

ТЕРМЕ

Эң эле жыргал эмеспи,
Дүйнөдөн жыргап өтүүгө.
Эсиң болсо, жигиттер,
Капа кылып тилдебей,
Кайрыла жүр жетимге.
Өтүп кеткен ишиңдин
Артынан бекер өкүнбө.
Көтөрүлүп, көп сүйлөп,
Учураба кесирге.

Курчтугуңду майтарып,
Таш чапкандай кетилбе.
Ар ким ойлойт жакшылык,
Талаптуу ишке жетүүгө.
Тамаша кылба жыртандап,
Эри өлгөн аял жесирге.

Уяты бар адамдын
Нуру болот бетинде.
Алдап айтса бир бузук,
Алдоосуна эсирбе.
Кайраттуу болоор жигиттин
Оту болот көзүндө.
Айткан кебин орундап,
Туругу болот сөзүндө.
Өлөндүү жерде саз болот,
Өлчөмү менен дайрага
Өрдөк менен каз конот.
Өткүрө сүйлөп, көп айтсаң,
Өлгөнчө кектеп, унутпай,
Өз тууганың кас болот.
Ушакчы болгон жигиттин
Урматы болбойт эллине.

Уурдап кепти ташыган
Уяты чыгат бетине.
«Ушундай шүмшүк болчу» — деп,
Жолотпойт элдин четине.
Туура сүйлөп, түз жүрсөң,
Кадырың болот калкыңа,
Жайдары жигит болчу деп,
Ыракмат айтат артыңа.
Кыялың, оюң түз болсо,
Кыргыз эмес, кытай да
Жетет го, балдар, баркыңа.

Одоно сүйлөп, кеп айткан,
Обу жок адам көп болот.
Орунсуз жерге көп кирип
Ушунча журтка кеп болот.
Туура жүрбөй, кыйшаңдап,
Туугандан алыс чет болот.
Сыртыңдан түзөп кеп айтып,
Душманга сырың алдырбайт.
Жакшы көрүп жолдошун
Жамандык ишке бардырбайт

Азамат болсоң, жигиттер,
Туура сүйлө кебиңди.
Ары жок ишке барганча,
Артык көр андан өлүмдү.
Пейли бузук кишиге
Ички сырың айтпагын.
Алты саның соо болсо,
Бекер карап жатпагын.
Атаң жаман болсо да,
Акылын ойго сактагын

Көтөрүлүп, көп сүйлөп,
Болбос ишке күлбөгүн.
Алган жарың жаш болсо,
Акырын айтып, үндөнгүн.
Акылың жетсе ар ишке,
Билип туруп сүйлөгүн.
Каласың, балдар, зыянга,
Жолдош кылсаң нааданды,
Арамдык менен азгырып,
Бузуп коёт санааңды.

Айыктырбай ырбатат,
Болор-болбос жараңды.
Келтирбегин жаныңа,
Кесири тийчү арамды.
Бөөшсүнүп сыртыңдан
Байкап жүрөт чамаңды.
Андай бузук адамдар
Агаинден жат кылып,
Ачып коёт араңды
Көз карашы бузулуп,
Түзүк айтпайт саламды.
Үйүп коёт башыңа
Пайдасы жок залалды.

Сөз айтсаң жооп бербеген —
Арамдыктын белгиси.
Орой болсоң таркылдап, —
Наадандыктын белгиси.
Ынтымагың болбосо,
Жеңе албайт жоону бир адам.
Каптаган душман ала албайт,
Тилектеш болсо миң адам.

Көптүк кылба жалгызга,
Көп тийбеген байкушка.
Чоңдук кылба жалгызга,
Чоң сүйлөбө байкушка.
Колдон келсе, тартынбай,
Кайрылгыла карыпка.
Карыптын тиет пайдасы,
Чыгарсаң, балдар, жарыкка.

Акылы жок боз бала
Уурулукка айланат.
Туура жолго түз жүрбөй,
Арамдык ишке жалданат.
Арамдык кылган кишинин
Аягы жипсиз байланат,
Кармалган ууру ушул деп,
Кара малча айдалат.

Арамза жигит, бузуктун,
Алдоосуна кирбегин.
Ал бузуктар көрө албайт,
Ак май чайнап жүргөнүң.
Далай түркүн адам бар,
Тамаша кепти сүйбөгөн.
Жамандык жасап ичинен
Жакшылык ишке күлбөгөн.
Ала көөдөн андайлар
Адамдын жайын билбеген.
Жаман адам көпкөндө,
Жакшыны көзгө илбеген

 

ҮЛГҮ ЫРЛАР

Дайранын көркү — кемеде,
Баланын көркү — энеде.
Акыл айтсаң тыңшабай,
Акмактын көркү — жемеде.
Бычактын көркү — кынында,
Жылкынын сыны — кулунда.
Азамат болсоң, эр жигит,
Ардактуу иштен корунба

Сакалдын көркү чалда бар,
Сулуунун көркү калда бар.
Суктанып жүрбөй ар кимге
Сүйгөнүңдү тандап ал.

Түн менен жойлой басканда,
Түлкүлөр түшөт капканга.
Түн экен деп, эр жигит,
Максатыңдан жазганба.

Жаман адам белгиси —
Өз камы үчүн жүгүрөт.
Жакшы адам белгиси —
Эл камы үчүн күйүнөт.

Ынтымак болсо калкыңда,
Душманыңдан тартынба.
Айбаты бар жигиттин
Атагы калат артында.
Күжүрмөн эрдин күчү өтөт
Күмүш менен алтынга.
Күчүң барда, эр жигит,
Күмүш өңдүү жалтылда.

Эшендин көөнү — зикирде,
Уруунун көөнү — пикирде.
Орозодо молдолор
Опулдашат битирге.

Сопунун көөнү — азанда,
Соргоктун көөнү — казанда.
Чын болсо да жан кечти
Чыдай берет касамга.

 

ЧАЛГА БЕРГЕН КЫЗДЫН АРМАНЫ

Алтымыш бутун аксаткан
Чалга кетип баратам,
Атам сатып башымды,
Малга кетип баратам.
Башы кара, буту айры,
Чалга кетип баратам.
Пайдасы жок жаныма
Жанга кетип баратам.
Жетимиш жерге киргизген,
Чалга кетип баратам.
Жээктен тышка сүлгөн
Жанга кетип баратам.
Өз башыма ээ болбой,
Малга кетип баратам.
Пайдасы жок башыма
Чалга кетип баратам

Убалга атам карабай,
«Балам» деп мени санабай.
Кудурет мени кыз кылды,
Куураган чалга туш кылды

Бузулсун соккон дубалың,
Болбосун асый кунаның.
Боздотуп чалга жөнөткөн
Атама жетсин убалым

Алты байса дубалың,
Ат болбосун кунаның.
Ак сакал чалга кыз берген,
Атама жетсин убалым

Баласын сатып мал алып,
Атамдын күнү мал менен.
Канткенде өсөт көңүлүм,
Какайган какбаш чал менен

Ашыктуу жилик эт жесем,
Арманым калбайт ал менен.
Алтымыш күнү ойносом,
Ойнум канбайт чал менен

 

ЧЫНДЫК

Байымбеттин казалы,
Байыт кылып жазалы.
Жегичтерге убал жок,
Тенгеге ооду назары.
Чыгым алды чыңыртып,
Бай-болуштун тажаалы.
Зулумдар бизге бек болду,
Эл ичинде көп болду.
Жесир, жетим дебестен,
Баса калып жеп койду.
Карыз деп алса болуштар,
«Ана, мына» деп койду.
Сөз чыгарбайт кедейден,
Старчындар дерейген.
Болбос ишке асылган,
Болушу бар килейген.
Рамат деп саттырып,
Жалгыз уюн баш кылып,
Жеп алгандар көбөйдү,
Тамагына аш кылып.
Бузуктун уулу чоң болду,
Букара журту кор болду.
Жайы-кышы жабыркап,
Малай байкуш шордолду.
Бул заманда не карып?
Ак матадан бөз карып,
Адилетсиз бийлердин,
Алдына келген сөз карып.
Сөзү үжөт болбогон,
Учан теңиз эл карып,
Букарадан кайраттуу,
Сөзү өтпөгөн эр карып,
Кызыл-Таздан таяк жеп,
Кыйноо тартып мен карып.
 

ДЫЙКАНДЫН АЯЛЫНЫН КОШОГУ

Дыйканымды өлтүрдү,
Баласы мендей какшасын.
Башыма жабыр келтирди,
Эч кылмышы жок эле.
Дыйканымды күнөөлөп,
Жайлаптыр датка өлтүрүп,
Жалпы журтка күбөлөп,
Багымды датка байлады.

Мээнгетим бекер сайлады.
Карабет жесир калган соң,
Капасын айтып сайрады.
Тикирейип көп ыйлап,
Тилин Тишке кайрады.
Асылым дыйкан арстаным,
Талыкпай ташка басканым.
Кара жолтой какшаалга,
Жок эле менин жазганым.

Арманын айтып ар качан,
Алганы дартын козгосун.
Казы-мупту жолумдан,
Каршы чыгып тозбосун.

Какшаал казы залимдин,
Кара кийип катыны,
Тукуму тарап тоз болсун.
Уугу сынып кыйрасын,
Уулу мендей ыйласын.
Керегеси кыйрасын,
Келини мендей ыйласын.
Түндүгү сынып кыйрасын,
Тууганы мендей ыйласын!
 

ЭШЕК МЕНЕН БУЛБУЛ
(тамсил)

Канаттуу куштар,
Төрт аяктуу жаныбарлар
Бир күнү мажилис1 курду,
Булбулдун сайраганын сынап,
Эшек калыс болуп карап турду.

Күүгүм кирип, күн баткан,
Түндөн баштап сайрады.
Так он эки санагы,
Айдан баштап сайрады.
Саратан салкын шамалдуу,
Жайдан баштап сайрады.
Асман ачык күн булут,
Тумандан козгоп сайрады.
Кепил болуп теминген,
Улардан козгоп сайрады.
Чалкыган көлдөн жай алган,
Куулардан козгоп сайрады.
Тоют кылган аккууну,
Тынардан козгоп сайрады.
Жер жайнаган төрт түлүк,
Малдан козгоп сайрады.
Карагай, кайың, байтерек,
Талдан козгоп сайрады.
Жер жүзүндө ар түрдүү,
Жандан козгоп сайрады.

Кызыл, жашыл гүл аскан,
Чөптөн козгоп сайрады.
Көңкү тамам2 жыйылган,
Көптөн козгоп сайрады.
Келишимдүү ар түрлүү,
Кептен козгоп сайрады.
Тирөөчү жок токтолгон,
Көктөн козгоп сайрады.
Жер зилденген жазында,
Амалдан козгоп сайрады.
Жайга салкын келтирген,
Шамалдан козгоп сайрады.
Жакшы менен аралаш,
Жамандан козгоп сайрады.
Башынан өткөн ар түрдүү,
Замандан козгоп сайрады.
Кызыл жашыл байчечек,
Гүлдөн козгоп сайрады.
Черин жазган муңдуунун
Тилден козгоп сайрады.
Айбанаттын эң чоңу
Пилден козгоп сайрады.
Учуп жүргөн ар түрлүү,
Куштан козгоп сайрады.
Татты кылган супсакты,
Туздан козтоп сайрады.
Жакын кылган алысты,
Кыздан козгоп сайрады.
Акча үчүн уктабас,
Эшенден козгоп ырдады.
Мажилиста сайраган
Чеченден козгоп ырдады.
Көпкө тийген пайдасы.
Көсөмдөн козгоп ырдады.
Көп ооруган талыкшып,
Кеселден козгоп ырдады.
Беш жашка чейин баспаган,
Жан-жаныбар укпаган,
Неченден козгоп сайрады.
Асмандагы дууланган
Жерге түшсө нурланган,
Жамгыр жаап көк чыккан,
Булуттан козгоп сайрады.
Тайпа-тайпа1 ар түрлүү,
Улуттан козгоп сайрады.
Акын булбул чечендин,
Айтпаган сөзү калбады.
Булбулдун сайраганын,
Сайроодон талбаганын
Уккан мажилис:
Баракелде, булбул!
Калың журттун
Уйкусун ачып,
Кумарын жазып,
Сайрадың дешти:
–Кана айтчы эшек!
Сага келди кезек–
Деп ага сөз беришти.
–Ырас булбул жакшы сайрады,
Айтпаганы калбады.
Чынын айтсам бирок,
Үнү короздукуна окшогон жок.
Менин тилимди алса,
Короздон өнөр үйрөнүү үчүн,
Дагы бир жыл окууга барса,
Болор эле–деди эшек.
Анда көпчүлүк мындай дешет:
–Ээ, макоо, бубул эшек эмес,
Эшектей кесеп эмес,
Сенин бул айтканың
Бизге эсеп эмес!–
Деп, көпчүлүк наалат айтып калды,
Эшекти айдап жолго салды.

Соц тармактар:

Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу): 2 комментария

  • 13.01.2015 в 14:33
    Permalink

    «Айланган тоонун буркуту» Токтогул сатылгановдуку болуп журбосун

    Ответ
    • 13.01.2015 в 15:02
      Permalink

      Ооба, ошондой экен. Рахмат, катабызды оңдоп, сайтыбызды жакшыртканга жардамыңыз үчүн.

      Ответ

Добавить комментарий