Жоомарт Кадыралиев, КР эл сүрөтчүсү: «Борбор шаарыбызды «Манас» деп которуубуз зарыл»

8Жоомарт агай, учурдагы саясий кырдаалга кандай пикир айта аласыз?
— Негизинен, бул окуя Нарын жергесинен башталбадыбы. Теңир-Тоолуктар кышы бою кар кечип, көтөрүлүп чыгышты. Андан соң, таластыктар 6-апрелде чыгышты. Акыры, ордо калаабызда 7-апрель күнү 84 жигит, 2 кызыбыздан ажыроо менен аяктады. Мындай эрдик улуу кыргыз элинин гана колунан келери бүтүндөй дүйнөнү таң калтырды. Муну менен кыргыз эли байыркы эл экенин далилдеди. Шейит кеткен баатырларыбыздын жаны жаннатта, жаткан жерлери жайлуу болсун. Ушул шейит кеткендердин бирөөсү чоң автоунаага чыгып баратып: «Акыры башта бир өлүм» — деп кыйкырыптыр. Мындай ураан менен аттаныштын өзү — эр жүрөк, тайманбастыгыбыздан кабар берип турат. Өзүбүз күбө болгондой, митингге катышкандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар болгондуктан, келечекке ишеним артып калдым. Саясий абалыбызга көз чаптырсак, жаштардын алгылыктуу түшүнүгү бар экенин байкоого болот.

Учурда саясий абалыбыз кудайга шүгүр, саясатчылар да өз баасын берип, ар ким ар кандай пикирлерин билдирүүдө. Жөнөкөй тил менен айтканда, ар бир нерсе өз нугу менен жаңыланууга баратат. Мен 2006-жылдан бери оппозиция тарапта болуп, оппозициянын бекемделишине аз да болсо өз салымымды коштум. 2006-жылдагы чоң митингде эл алдына чыгып: «Айланайын эл-журт, накта каны кыргыз адамды эл башчы шайламайын багыңар ачылбайт» деп айткам. Ошол сөзүм үчүн кара тизмеге киргем. Себеби Бакиевдин өз аты Курманбек эмес, Закиржан, атасынын аты Көкай экенин элдин баары билет. Угушума караганда, кытайдан ооп келген дунгандар. Көлдүн күн чыгыш тарабына көчүп келишкенде, булардын таржымалын угуп, ал жерге тургузбай журт которуп кетүүлөрүнө аргасыз кылышыптыр. Ошондон улам, Жалал-Абаддагы Тейиттердин арасына отурукташып калыптыр. Бакиев эле эмес, Акаевдин ата-теги жөнүндө да ар кандай сөздөр бар. Кудай адамга эки кулак, бир ооз берген, андан жогору жүрөк, жүрөксүз дене жашабайт. Эң жогору жагында мээ берилген. Бир көзүң, бир көзүңө жоо дегендей, ушундан улам кыргыздын дүйнөгө болгон мамилесин билсек болот. Ошондуктан, кечээки кандуу окуянын кыркы чыкканча күлкү-тамаша, оюн-зоокторду токтотуп, сөздү да ыгы менен сүйлөшүбүз абзел.

Эл-жери үчүн шейит кеткендерге кандай наамдарды ыйгарса дейсиз?
— Ар бир адам бул жашоого бир нускада гана жаралат. Эл үчүн, жер үчүн, адилеттик үчүн жан берген мындай уул-кыздарыбыз үчүн кандай гана наам бербесин жарашат.

Өнөр адамы катары убактылуу өкмөткө кандай ишеним артуудасыз?
Кыргыздын акылы көзүндө демекчи, кыргыздар көзү менен баам салып байкап коет. Негизи, шейит кеткен 86 азаматыбыз мындан кийин кыргыз эли кандай жашаш керектигин, өмүрдүн милдети эмне экенин үйрөтүп кетти. Мурун, сөз пенденин оозунда болсо, кудайдын кулагында деген түшүнүк бар эле. Азыр сөз эркиндиги бар, ошондуктан ар ким ар кандай сын менен карайт. Менин жеке пикиримде, азыркы жаңы өкмөттө тажрыйбалуу саясий ишмерлер абдан көп. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева ООНдун деңгээлинде иштеп келген, дүйнөгө таанымал инсан. Грузиянын экс-президенти да Розанын ишмердүүлүгүн жогору баалаган. Сыртта бир миллион, бир жарым миллионго жакын ашка келсе ашка тойбой, иш келсе ишке жарамдуу кыргыз жаштары бар. Булардын баарын, дүйнөнүн төрт бурчунда чачырап жүргөн кыргыз элин чогултуу керек. Кыргыз эчен жолу чачылып, кайра куралган ынтымактуу калк.

Маданият жаатында чечилбей турган кандай маселелер бар?
Маданият министрлигин жоюп, агенттик дешти, кайра министрлик кылганы жатышат. Кыргыз Республикасы маданият министрлиги дегендин ордуна, «өнөр министрлиги» деп атоо керек. «Маданият» — деген сөздүн кандай жерде колдонуларынын өз орду бар. Дегеле, искусствонун ичинде өнөрдүн түрлөрү көп, буга жаратмандар акын, жазуучу, драматург, обончу, сүрөтчү, композитор, режиссерлор кирет. «Отту отун алганга жактыр» — деген сөз бар. Кыргыз эң байыркы эл болгондуктан, Алтай цивилизациясында кыргыз эли болгондон улам мамлекет үчүн маданият жана искусство министрлиги бир тең, калган министрликтер бир тең болушу шарт. Бул маселени С. Раевдин учурунда да айткам, ошол учурда 16 министрлик, 16 департамент бар эле. Маданият министрлиги -жандын министрлиги, рухтун министрлиги, кыргыз пейилинин, жашоодогу чоң аалам менен кичи ааламдын министрлиги. Кыргыз тилинин абалы боюнча көптөн бери сөз болуп келатпайбы. Буга ким күнөөкөр? Күнөөнү өзгөдөн издебестен, кары-жаш дебей ар бир сөздү сүйлөөрдө ыгы менен сүйлөш керек. Андыктан, кыргыз тилин, сөз байлыгын көтөрүү үчүн, ырды көтөрүү зарыл. Манас атанын кырк чоросунан тышкары 84 күчтүү жоокери болгон. «Манас» эпосунда «себилдүүсү сексен төрт» деп ошондон улам айтылат. Мына бүгүн да себилдүү 84 жигит кайтыш болду. Ошондуктан кыргыздын обончулары жалаң сүйүү дей бербей, сүйүүдөн башка да темаларга кайрылып, намыс, адилет, кайрат, атуулдук, мекен, Манас, кыргыз, эл, жер жөнүндө элге жеткире талантын тартуулашы керек. Ошондо кыргыздын ыры да, сөзү да бийиктейт. 18 жылдан бери өтпөй калган пленум буюрса 21-апрелде тарых музейинде өткөнү жатат. Чыгармачыл адамдардын жыйыны чогулганы турабыз. Ошондо эң негизги жыйынтыктуу кайрылуубузду Убактылуу өкмөткө беребиз.

Азыркы маданияттын деңгээли сизди канааттандырабы, дегеле, алдыда кандай маселелер чечилиши керек?
Азыркы убактылуу өкмөттү толук билбейт экемин, бирок искусство менен маданияттын өкүлү жокко эсе болсо керек. Өкмөттүн курамына эрте күндү кеч кылбай, жок дегенде бирөөсүн кеңешчи кылып киргизүү керек. Ошондой эле маданият министрлигин жана мамлекеттик катчыны кайра калыбына келтирүү зарыл. Себеби элдин көөнүн талаага калтырбайлы. Мындан тышкары, борборубуздун атын Бишкек эмес, «Манас» деп аталышына көп жылдан бери демилге көтөрүп келатам. Бишкек баатырды «туу жыгар» дешет, бул өзү Манас атабыздын атын ураандап кыйкырып, Калмакка кирген баатыры да. Бишкек баатыр Манас атанын небере-чөбөрлөрү болот. Манас атабыз тарыхый инсан. «Манастан келатам, Манаска баратам, Манаста мындай иш болду» деген сөздүн өзү эле канча. Кыргыздын дүйнө таанымынын бүтүндөй бирдиги болот. Мен Москвада билим алгам. Ал жакты жакшы билем. Орусиянын кызыл аянтынын көркү менен наркын карасаңар? Анын архитектурасын италиялыктар түзүп, 15-кылымда курулган. Ошентсе да, башка мамлекеттердин борборлоруна биздикин салыштырууга болбойт. Дагы айта турчу кеп, кыргыздын аялдары боз үйдү көтөрүш үчүн ичиндеги буюм-тайымдардан тарта, боз жабыдыгына чейин баарын укмуштуудай жасалгалашкан. Кыргыздын герби, туусу, гимнинде кыргыздын наркы менен көркү чыкпай калган. Бул туурасында көп сөз козголуп, аракеттер жасалды. Бирок, азыр ансыз да саясий курч кырдаал убакта, ашык сөз сүйлөбөй, ашыкча кейибей турсак, убакыт баарын өз нугуна салат.

Учурда маданият министрлигине жаңы жетекчилик келди, бирок коомчулукта маданияттан тышкаркы адам келди деген сын айтылууда, сиз буга кандай карайсыз?
Жогоруда кыргыздын акылы көзүндө деп айтып өттүм. Азыркы жаңы болгон жигитте кандай айтсак дагы тажрыйба бар экен. Кесиби юрист болгону менен, уюштуруу иштерин алып кетет деген ишеничтемин. Адам катары да, сүрөтчү катары да сынадым, жаман жигит эмес. Ал эми искусство жана адабияттын адамдарынын арасында көралбастык, ичи тарлык болот. Бул жердеги талаш-тартышка таң калбашыбыз керек. Жүгүргөн албайт, буюрган алат демекчи, бул жигитке буйруду, демек, иштейт. Мыйзамдын гүлү учат, былкылдак куурай бышат демекчи, бул убактылуу өкмөт экенин эске алсак. Өзү деле жанталашып жаткан жери жок. Өкмөттүн курамына жаштарды аралаштырып турганы туура, себеби революция жаштардыкы экенин адилет карайлы.

Буга чейин түндүк көтөргөн аялдын айкелине ар кандай сын-пикирлер айтылып келди эле. Эми ошол айкелди алууга убакыт келди окшойт, жеке пикириңизде ордуна кандай эстелик тургузуу зарыл. Манастынбы, же окко учкан азаматтардынбы?
Негизи, айкелди алууга убакыт келди. Бирок анын ордун тургузууга каражат керек. Баарын коюп, Манасты айт демекчи, буга чеийн далай талаш болуп келген. Бул жерде кыргыз элине коюла турган эстелик болушу керек. Шейит кеткен жигиттер, Ата-Мекендик согушта, Үркүндө курман болгондор, дегеле, кыргыз элин-жерин сактап калуу үчүн курман болгондор көп. Азыркы шейит кеткендерге Жаш Гвардия бульварына ысымын берип, эстелик туругузууну чечим даярдашты. Ал эми жалпы аянтты оңдоо боюнча Акаевдин учурунда эки жолу сынак жарыяланды, экөөнө тең катышкам. Бүгүнкү күндө менде да Манаска арналган кыргыздын жалпы цивилизациясын даңазалай турган долбоор турат. Борбордун борбору жок болуп жатат, борбор — деген мазардай ыйык болуусу зарыл. Алыстан келгендерди бата тилегени аянтка, ыйык жайга алып келип амандашыбыз керек.

Маектешкен Венера Наркеева, «Эл сөзү» (“Кыргыз гезиттер айылы”) 20.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий