Сөздөн ишке өтүүгө мезгил келди

Маданият агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков, 21-апрель күнү Тарых музейине маданият ишмерлерин чогултуп, 4 сааттан ашык убакытка созулган чакан жыйын өткөздү. Жыйында маданият ишмерлери кенен сөз сүйлөшүп, маданият тармагынын күңгөй-теcкейиндеги буга чейин чечилбей келген көйгөйлүү маселелерин кеңири талкуулашып, ар ким өз пикирин айтып, маданият агенттигинин жаңы жетекчилигине ар кандай сунуштарын билдиришти. Айтор, маданият ишмерлери жыйын алкагында айрым талаштуу маселелерди улам кайталап козгоп жатышып, аз жерден «жарылып» кете жаздашты. Маңкурттукка басым жасашкан эски бийлик маданият чөйрөсүндөгү бул жан дүйнөсү башка инсандарыбызды жогоруда айткан «жарылууга» такап койгон экен. Ошол «жарылуу» жыйынында сөз сүйлөшкөн айрым аттуу-баштуу адамдарыбыздын пикирлерин кыскартуу менен беребиз.

Рыскелди Момбеков, Маданият агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу:
Урматтуу мамлекетибиздин маданият тармагынын ардагерлери жана аракеттеги кызматкерлери! Мен бүгүнкү жыйын алкагында, сиздер сүйлөгөн ушундай баалуу кеңештериңизди укканга муктаж болчумун. Мен эч качан билбегенимди, билгендерден сурагандан уялбайм. Кеп, МАДАНИЯТ деген сөз менен МАМЛЕКЕТ деген сөздүн баш сөзү М тамгасы менен башталып, аягы Т тамгасы менен бүтүшүндө эмес, кеп маданият тармагынын мамлекеттин көрөңгөсү болуп келгенинде. Өлкөнү бөлкө сактап келгендей эле, мамлекетти маданият сактап келген. Маданият тармагы буга чейин мамлекеттик саясаттын көлөкөсүндө болуп келгени белгилүү. Мага Убактылуу өкмөттүн жетекчилери маданият тармагын жетектеп берүүнү сунуш кылышканда, мен аларга дароо эле : «Агенттикке айланып калган маданият тармагын кайрадан министрлик болуп түзүлүүсүн жана «Манас» эпосун тез аранын ичинде ордуна келтирүү»- талабын койгом. Роза Исаковна бул сунушту толук колдойт деп ойлойм. Кудай буйруса, агенттик кайрадан министрлик болуп түзүлөт.

Жогоруда уялбай эле айтып жатышпайбы, «бул тармакта коррупция жок»- деп. Бул туура эмес, коррупция болгон. Биздин улуттук маданий борборго тиешелүү бир топ мекемелер, ишканалар менчиктештирилип кеткен. Конкреттүү айтсак, 30-мартта Д. Үсөнөвдун токтому менен биздин министрликке тиешелүү 5 гектар жер, «Дордой» ассоциациясына 49 жылга «сатылып» кеткен. Ошол эле жерден 27 сотых жер мерияга өткөрүлүп берилген. Мындан башка, «Россия» кинотеатры жең ичинен Бакиевдин жакындары узак мөөнөткө ижарага берилген. Эгер 20 жыл маданият тармагын жетектешкен адамдар үй-бүлөлүк бийликке так секирип кызмат кылышпаганда, маданиятыбыз мынчалык чөкпөйт эле. Мен бул кызматка сиздерди башкарайын деп эмес, сиздер койгон талаптарды аткарайын деп келдим. Эгер ишеничти актай албай, иштин көзүн таба албасам, анда өзүм эле сиздерден кечирим сурап кете берем. Мен Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен тең ата сүйлөшүп, маданиятта чечилбей келген көйгөйлүү масалелерди чечкенге бүт аракетимди жумшайм. Ар дайым эки жерде экини төрт деп айтып келген адаммын. Ушунумдан жазбайм. Сиздердин алдыңыздарда: таза жана так иштеп берем деп сөз берем! Орустардын көзү өтүп кеткен Евдокимов деген куудулу Алтайга губернаторлукка ат салышып жатканда: «Мен уурдабайм!»- деген бир эле сөзү менен утуп кеткен. Мен да ошол сөздү айткым келип турат. Мен уурдабайм!

Мар Байжиев, Кыргыз эл жазуучусу:
— Кыргыз элинин маданияты өнүгүү жолуна түшүү үчүн, кайрадан министрлик болуп түзүлүшү керек. Маданиятка олуттуу көңүл бөлбөсөк, маданият эч качан көтөрүлбөйт. Мына, алдыда парламенттик республика болобуз деп күпүлдөп жатышат. Бийликтин бийик бутагында да, маданияттын таламын талаша турган маданияттын өкүлдөрү сөзсүз болушу керек. Маданият ишмерлеринин өздөрүнүн партиясын түзүп чыгууну сунуш кылат элем. Ушул маселени кылдаттык менен карап чыгышыбыз керек.

Мен өмүр бою «Манас» деп жүргөн адаммын. Орустар өз тилине биздин «Манасты» өз билгениндей которуп жатышат. Мисалы, ал котормодо: «Каныкейдин көздөрү черешнядай»-деп жүрөт. Ушул да котормобу? «Манастын» деңгээлин түшүрүп жатышпайбы? «Манасты» мен орусча которуп, китеп кылып чыгардым. Орустун кемпирлери ыйлап окуп жатышат. Айтор, эң алды менен биз «Манасты» даңазалашыбыз зарыл. «Манассыз» биздин элдин касиети жок экенин, жалпы эл түшүнүүгө мезгил жетти.

Курмангазы Азыкбаев, Кыргыз эл артисти:
Мен дүйнөнүн 108 өлкөсүн кыдырып, кыргыз музыкасын тартуулап келдим. Ошол мамлекеттердин ичинен бирөөнөн дагы байгесиз кайткан жокмун. Мамлекеттен бир тыйын сураган жокмун. Мындайча айтканда, мамлекет мени колдогон жок. Кыргыздар 37 музыкалык аспап чыгарды. Миллиарддан ашык эли бар Кытай өлкөсү мынчалык көп аспап чыгара алышкан жок. Мен өз Мекениме 15 жылдан бери концерт коё албай келатам. Улуттук филармониянын арендасы кымбат. Жетекчиси бир концерттин арендасына төлөнгөн 50 миң сомдун 30 миңин чөнтөккө салат дагы, калган 20 миңин өкмөткө төгөт. Калган акча каякта? Фонограмма деген адамдын табитин бузган «өнөрдү» эчак эле жоюшубуз керек болчу. Маданият агенттиги кайрадан министрлик болуп түзүлүшү зарыл. Азыр эстраданын 90 пайызы чыйпылдаган жөжө болуп калды. Көркөм кеңеш деген такыр жок.

Эрмек Мойдунов, Кыргыз эл артисти:
— Жогоруда сөз болду жазуучулар тууралуу. Бүгүн, ушундай оор кырдаалда өздөрүнүн калыс сөзүн айтканга жарашпаган аксакал, баатыр жазуучулар Жусуев, Эралиев, («Сынган кылыч» акем) Касымбековдор каякта? Жазуучулар өмүр бою бийликке кошомат айтып, ошолорду колдоп келишкен. Эртең ал көнүп калган адатын карматпайт деп ким кепилдик бере алат? Силер коомду ээрчитип, бир агымга бура ала турганга кудуретиңер жетмек, эгер туруктуу болсоңор. Азыр көбүңөр: «тарыхка кирсек, наам алсак»-деген ойдосуңар. Бул оорудан арылгыла. Ынтымакты күчөткүлө. Урматтуу маданият ишмерлери, мен бир нерсени баса белгилеп айта кетейинчи, азыр өлгөн баатырларыбыздын каны сууй электе, жаңы жетекчи болуп келген жигитке асылбай туралы. Иштесин, ишин, аракетин байкайлы.

Садык Шер-Нияз, «Айтыш» коомунун жетекчиси:
Азыр Кыргызстанга бүткүл дүйнө таңгалып жатат. Кечээ Москвада бизде болуп өткөн окуя тууралуу Каримовго: «Сиз эмнени сезип жатасыз?»- деп суроо узатышты. Каримов дагы чындыкты моюнга алып: «Бардык кошуна өлкөлөрдүн президенттери кайгырып турса, элдери суктанып турушат»-деп жооп берди. Бүткүл дүйнө кыргыз эли жоокер эл экенин, бул элде Манастын духу бар экенин терең түшүнүп, баа берип турганда, биз маданияттын кызматкерлери, минтип илең-салаң жүргөнүбүз болбойт. Маданият тармагы эч качан жогорку бийликтин кулу болбошу керек. Жалпы эл таасирлүү маданиятты ээрчиши абзел. Ал үчүн чечкиндүү кадамдарга барып, жигердүү иштешибиз зарыл. Маданият агенттиги буга чейин маарекелерди өткөзүү боюнча бир комитетке айланып калган. Токтотушубуз керек, мындай пайдасыз иш-аркеттерди. Мен кыргызды дүйнөгө таанытып жаткан инсандарыбызды колдоого чакырам. Мисалы, «Сахна ордонун» жетекчиси Шамил агабыз, кыргыздын музыкасын бүткүл дүйнөгө таанытып, дүйнөнү тынымсыз кыдырып жүрөт. Ошол кишинин бир наамы барбы? Албетте жок. Курмангазы Азыкбаевдин бир наамы барбы? Жок! Төкмөлүк өнөрдү дүйнөлүк шедеврге көтөрүшкөн төкмө акындарыбыздын биринин наамы барбы? Албетте жок! Төкмө акындарыбызга Бакиевдер: «Бизге ырдагыла»-деп 10 миң, 20миң доллар сунуш кылышкан. Бирок жаш төкмө акындарыбыздын көкүрөгүндө намысы бар үчүн, жексур бийликтин жетекчилерине ырдашкан жок.

Кыялбек Урманбетов, Кыргыз эл акыны:
— Ушул кезге чейин биз кыргыз акын-жазуучулары эл алдында кадыр-баркыбызды жоготуп алдык. Бул чындык. Чындыкты моюнга алышыбыз керек. Мурда Усубалиевдин убагында, андан кийинчирээк жазуучулардын жыйыны өтөт дегенде, Ак үйдөгүлөр коркуп турушчу: «ой ушулар эмне дээр экен»-деп. Ал кезде эл жазуучулардын сүрүнөн, сөзүнөн чоочучу. Жазуучуларды жалпы журт сыйлачу. Кийин эмне болдук, элди кой, аттуу-баштуу жазуучуларыбыз баштап, жаман болсо дагы бийликтин сөзүн сүйлөп туруп алдык. Эл анан кантип бизди кадырласын! Эми биз ошол жоголгон жүзүбүздү кайрыйлычы. Элге жүзүбүз жарык, ишибиз так болбосо, элдин эркиндиги үчүн жанын берген 85 баланын арбагы бизди кечирбейт. Ошол 85 баланын каны менен жүзүбүздү жууп, тазаланып алып, анан элдин алдына чыгалычы.

Абдырахман Алымбаев, Жазуучулар союзунун төрагасы:
Чынында азыр маданият тармагында көйгөйлүү маселелер көп. Мурдагы бийлик Жазуучулар союзун коомдук уюм кылып, жазуучуларга эч бир көңүл бурбай келген. Мамлекет жазуучуларды колдоого алышы зарыл. Анан дагы бир маселени баса белгилеп айта кетейин. Эски бийлик күнү бүтөрүнө аз калганда, айыл жериндеги китепканаларды бүт жоюп, алардын бардыгын орто мектептердин карамагына өткөзүү жөнүндө токтом токуп, биздин колубузга карматты эле. Бул эмне деген тамтык? Маданиятты ушинтип сактап, ушинтип көтөрөбүзбү? Эми буга чейин чыгармачыл адамдардын да ички ынтымагы жок болуп келгени белгилүү. Союздар бири-бири менен иштешпей калган. Ушул маселени да четте калтырбай, тиешелүү деңгээлге көтөрүүгө чакырам!

Султан Раев, Маданият агенттигинин мурдагы жетекчиси:
Рыскелди, сен абдан татаал тармакка жетекчи болуп келдиң. Ден соолукта болуп, ишиңде ийгилик болуп, ушул тармакты беш жыл жетектешиңди каалайм! Жогоруда өзүң сөз кылдың, «бул тармакта коррупция күчтүү болгон»- деп. Албетте, мен бул пикирге кошулбайм. Мен кызматка алган адамдардын бирөөсү коррупция жөнүндө айта алабы? Сурап көргүлө, бирөөсүнөн бир тыйын алган эмесмин. Туура, бизден да көп катачылыктар кеткен. Бирок ага жалгыз эле Раев күнөөлүү эмес, анткени ошо кезде система ошондой болгон. Ошентсе да, колдон келишинче иштедик. Көптөгөн имараттар оңдолду, мыйзамдар жазылды. Ал иштер дагы эске алынышы абзел. Урматтуу туугандар, кудай берген талантыңыздарды кор кылбаңыздар. Ар кимди өзүнүн чындыгы үчүн күрөшүү үчүн чакырам!

Айбек Шамшыкеев, “Эл сөзү” (“Кыргыз геиттер айылы”), 23.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий