Белгилүү Шайлообек Дүйшеев жана белгисиз Искендер Жумабаев

(Уландысы. Башы)

Арпа чөптүн чабыгы аяктап, Кары бригадир бизди колоктоп бош жүрбөсүн деген эле атайын максатта ар бирибиздин колубузга чыңоосу жок мокок чалгыны карматып, кыйратып түшүм бербес, кара саздын түктүйгөн катуу чөбүнө салды. Бала болуп башыма жүн чыкканы кара саздын чөбүндөй катуу чөптү чаап көрбөптүрмүн. Керилип чалгы шилтесең, чыңоосу жок чалгы чөптү кыя чаппай, үстүнөн кайкып өтөт. Куру бекер кыйнала бербей колубуздан келишинче чалгыны чыңап алалы десек, же бир дөшү жок, дөшү болсо балка жок. Кара саздагы чөп чабык чөп чабык болбой эле тирүүнүн тозогуна айланды.

«Чалгы мокок, чөп катуу экен» деп курсташ бригадирибиз Жолдошбек Имановго даттансак, Жокем өмүрү чөп чаап көрбөгөн жан окшойт, көйкөлгөн кара саздын чөбүн колу менен кармалап көрүп «жумшак эле экен» десе чөп жайын түшүнгөн жигиттер боорубузду тырмап каткырып кыйрап күлдүк. Эй, Жоке, чөптүн катуу-жумшагын кол менен кармалап билбейт, чалгынын мизи менен гана билет десек моюн толгоп, мулжуңдап болбойт. Майнабы жок ишке жедеп чаалыгып-чарчап, кыйналып бүткөнүбүздө «кара кер атын теминген Кары бригадир эле эмес, маа десе Борбордук Комитетте отурган Турдакун Усубалиевич кошо келсин» деп колубуздагы чалгыларды узун-туурасынан туш келди ыргытып, чалкабыздан түшүп жатып алдык.

Дугдуңдап чалгы чапкан жалгыз Шакем. «Э-эй, жигиттер, тургула!» деп анда-санда үн салып коет. Кантер экен деген ойдо унчукпай жата бердик. Бир кезде жаныбызга жакын басып келип, ар кимибизди атыбыздан атап уяткарып, чалгы чапканга чакырды эле, анын мындай демилгесине каршы экенибизди билдирип, көзүн карабай, көмкөрөбүздөн жатып алдык. Дугдуңдап бизге өчөшкөн Шаке жалгыз өзү мурункусунан да күчөп кара саздын катуу чөбүн чаап кирди. Чалгы чөпкө өтпөсүн өзү деле көрүп түшүнүп турат. Бирок, дугдуңдап бизге өчөшүп алган Шакем өтсө-өтпөсө да кара күчкө койгулап чаба берди. Качан түштөнөр маал болгондо гана чалгысын ийинине салып, артын карабай, жатакананы көздөй жалгыз жөнөдү. Шакем таарынып калды го деген кыязда «Э-эй, Шаке! О-ой, Шаке!» деп артынан кыйкырып атабыз, ышкырып атабыз. Артына кылчайып карар ниети жок. Кара жинине алып дугдуңдаган Шакем чөп чабыктагы отуз киши менен эки күн сүйлөшпөй, коркутуп жүрдү.

Шакем чын-чынында эле кандай жумуш болбосун катыгын чыгарып иштеген ак ниет жана иштерман адам. Эгер ага бир иш тапшырса, күнбү, түнбү, бороонбу, жамгырбы — карабайт. Башы менен жер казса да бүтүрөт. Эң башкысы, өзүнүкүн да, өңгөнүкүн да өзүнүкүндөй бышык бүтүрөт. «Ыя, Шаке, уйкуң да жок экен, энергияң да ашып-ташып турат экен. Чарчадым-чаалыктым, ооруп турам деген сөздү жиниңдей көргөн жан экенсиң. Деги мындай мыкты сапатты кимден үйрөнгөнсүң» десем, «ооба, мен ошондоймун» деп дардаңдап мактанбай, «бала кезимен эле ушундаймын» деп жер карап уялгансып жооп берчү. Чынында эле Шакем өзү эскерип отурса, бала кезинде эле элпек, чыйрак, эмгекчил жан экен.

— Москва шаарынын астындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жүргөнүмдө элпек, эмгекчил сапатым далай майда-чоң муштумдардан аман алып калды деп эскергени да эсимде. — Жалаң сары өрүктөй эзилген славян улутундагы жигиттердин арасында аскер кызматын өтөдүм, — дейт Шаке. — Аларың орто азиялыктарды көп жактыра бербеген калк экен, кичине эле кыйшаңдап-тежиктенсем өпкөмдү үзүп, колу-бутумду жулуп колума карматып койчудай. Атасынын көрү, жумуштан өлгөн кишини көргөн жок элем, булар эмне десе ошону кыйыктанбай жүгүрүп аткара берейин деп ичимен шерт кылып, улуусу жумшаса деле учуп-күйүп, кичүүсү жумшаса деле учуп-күйүп чуркай бердим. «Дуйшеев, дуй!» дегенде орустун аткан ракетасына жеткирбей чуулдап чуркап жүрүп, тили буруулардын жаман оюн жоюп, көзүн боеп, алты саным аман, алмадай башым бүтүн келбедимби, — деп күлдүрөр эле Шаке.

Шакем айры, чалгы, күрөк менен кандай чаалыкпай, чарчабай бышык иштесе, калем сап менен да ошондой талыкпай бышык иштеген жан. Токсонунчу жылдары «Ала-Тоо» журналына кызматка менден бир жылдай кийин келди. Шакем очерк жана публицистика бөлүмүн башкарып калды. Редакциянын почтасына эң эле жука дегенде он беш, жыйырма бет очерк-публицистикалык материалдар келет. Шакем ошонун баарын эрикпей окуп чыгып, жараксыздарына жооп жазып, жарактууларын баса олтуруп иштеп, иштегенде да тексти үстүнөн редакциялабай, жанагы очойгон очерктерди өзүнүн материалын жазып жаткансып актай баракка оңдоп-түзөп, алымчалап, кошумчалап көчүрүп жазып, таңдан кечке тап жылбай ташкөчүк болуп иштеп жатканын байкаган журналдын орунбасар редактору, жигиттин асылы Каныбек Эдилбаев «ээ, Шаке, келе элек жатып эле алдагынтип иштеп эсибизди чыгарып жатасың, бул дымагыңдын аягы кандай болор экен?» деп тамашага чалып кыт-кыт күлүп калар эле. «Аягы кандай болор экен?» дегени «Ала-Тоо» журналына жаңы келген кызматкер башында жакшы көрүнүш үчүн жан таштап иштеп, бара-бара Шаршеналы Абдылдаев агамдай жарашыктуу жакшы кийим кийинип, бирок, жалкоо тартып, ал жердин жайбаракат жашоосуна ык алып, аягында бир санга бир очерк даярдап бергенге үлгүрбөй жүргөн айрым «чыгармачыл кызматкерлердин» сабагынан улам каңкуулап жатканын түшүнчүмүн. Бирок, Какемдин күткөнү ишке ашпады. Шакем башында кандай күжүлдөп баш көтөрбөй иштесе, аягына чейин ошондой күжүлдөп иштей берди. Экөөнүн жеңил тамаша менен башталган мамилесинин түбү кыйышпас чын достук менен аяктады.

Каныбек Эдилбаев эзели майда сөз сүйлөбөгөн, жаман ишке аралашпаган таза, так, кылдат жигит эле ыраматылык. Чукугандай сөз тапкан куудул жагы да бар эле. Арам ишке арканга байлап сүйрөсөң да, туура эмес ишке туурасынан бөлүп-бөлүп майдалап туурап, таарып салам десең да басчу эмес. Бирөөнүн алдына чөгөлөп суранбаган жанда жок намыскөй жигит эле.

…Экс-президент Аскар Акаев Шайлообектин чыгармаларын мезгилдүү басма сөздөн окуп жактырып калып, Ак үйгө чакырып таанышып, ырлары туурасында өзүнүн жакшы пикирин айтып, кырк жылдан бери кыйыгы толбой келе жаткан суроо-сопкутун угат. Кырктын кырынан эбак өткөн Шакем күлү бир жерге додо болбой, ижарадан ижарага көчүп-конуп жүргөнүн айтып, үй сурайт. Экс-президент чыгармачыл инсандарга атайын үй салдырып жатканын айтып, ошол үй бүтсө өзү кийлигишип, беш бөлмө үй бөлдүрүп берерине убада кылат. Мамлекеттик мыйзамың менен мурунтадан, расмий кагазың менен эзелтеден иши жок эр Шакең А.Акаев өзүнүн тим турбаган шартылдаган колу, үлпүлдөгөн үнү менен «Алыңыз, Шайлообек Дүйшеевич!» деп беш бөлмөлүү үйдү кезек-мезегин карабай түз эле бере коет деп ойлосо керек. Ак үйдөгүлөр А.Акаев суранган үйгө жөнөтөлү дешсе, Шакеңдин ага чейин өзү иштеп кеткен филармонияда да, «Ала-Тоо» журналында да, мүчө болуп катталган Жазуучулар союзунда да жакынкы үй алуу кезеги жок экен. Беш бөлмө үй филармонияга кетсе — дагы бир эл артисинин, «Ала-Тоо» журналына кетсе — Мамасалы Апышевдин, Жазуучулар союзуна кетсе — дагы бир эл жазуучусунун колуна тийчү кооптуу жагдай түзүлөт.
Ошондо кат билген Каныбек мырза «кат билбеген» Шакемди белине бек таңып алып, өзүнө үй алып жаткандай көгөрүп көрүнгөн эшикти койгулап, урунган эшикти ургулап чуркады. Эзели чөгөлөбөгөн намыскөй Какем чөгөлөчү жерден досу үчүн чөгөлөп жүрүп олтуруп, эзели байкелеп көрбөгөн Какем досу үчүн байкелеп жүрүп олтуруп, акыры үй алуунун мыйзамдуу жолун таап, Шакемдин беш бөлмө үйүн сактап калган. Шакем ал үй колуна кантип тийгенин өзү да толук түшүнбөй калды. Өмүрү бирөөгө догун артып көрбөгөн асыл Какем ал ишти кантип бүтүргөнүн түшүндүрүп айткан да жок. Шакем да сураган жок. Бири-биринен пайда аңдыган достукка караганда, кадыр-көңүлгө байланган достук алда канча бийик, таза жана бекем болорун ушул экөөнүн ошондогу достугунан таасын байкап, баа бергем…

* * *
Шакемдин достон да, иштен да, чыгармачылыктан да сапары шыдыр, жолу ачык. Мисалы, артында каралашып турар көздөй адамы жок Шакем беш жыл ичинде эч кимден материалдык жардам албай, кудайдын парманы менен кийимден да, тамактан да өксүбөй, багар-көрөрү бар курсташтардан кем калбай, тең катар жашады. Стипендиянын эсебинен жашады деп айтайын десем ал кезде Шакем азыркыдай сарамжал Шаке эмес эле. Кырк беш сом стипендиясын үч-төрт күндүн аралыгында айдап отко салып, сокур тыйыны жок калчу. Эми эмне кылам, кантип оокат кылам деп кейичү да эмес. Башты өйдө көтөрүп, карандай суу менен калса да кабагым-кашым дебей кайраттуу жашаар эле. Кайсы бир жылдары кышкы чилдеде чыкылдап катуу суук түшүп, барбагай мурун, суйдаң чач Шакем тумаксыз жылаңбаш калып, стипендиянын акыркы сары чолок сомуна вино ичип, кызуу келе жатса алдынан университеттин атыккан бандити Абай чыгып (ал экөө кез-кез вино ичише калмай жайы бар эле), Абай Шакемди бек кучактап бетинен өөп, Шакем да Абайды бек кучактап бетинен өөп, ал-жай сурашып туруп калса, чыкылдаган кыш чилдеде жылаңбаш турган Шакеме бандит Абайдын чындап боору ооруп, же бир жактан чаап келатканбы же таап келатканбы, ким билсин, таар баштыгынан жылтылдаган жапжаңы үч коен тумакты сууруп чыгып, бирин башына кийгизип, калган экөөнү эки колуна карматып, бирин жоготсоң бирин киесиң деп, койнундагы виносун сууруп чыгып, «эми, кийитиң кут болсун» деп тартуу кылган тумактарын жууп бергени эсимде. Шакем ушундай жолдуу жигит эле, ал кантип кийинип-ичинип жүргөнүн кез-кез сыртынан көз салып жүргөн биз эле эмес, өзү да түшүнбөй калчу.

Менде ар дайым тыйын болор эле. Агаларым-эжелерим жардам берчү, өзүм да стипендиядан өксүгөнүм жок. Шакем экөөбүз чогуу басып, чогуу тамактанып, моюндаш жашадык. Ошончо жыл аралыгында менден карыз акча сураганы эсимде жок. Кез-кез вино иччүбүз. Менин вино иче албаганым аны кадимкидей катуу кейишке салчу. Канаты жайылып кызуу турган Шакемдин жүр деген жагына жүрбөй, бас деген жагына баспай, тескерисинче, аны кооптуу жерлерден коомайланып токтотконум, жоболоң салып жиберчү жерлерге жолотпой жол тосконумду соосунда жактырганы менен кызуусунда кадимкидей жаман көрчү. Эгер мен винону Шаке менен тең ичишсем бири-бирибизди «артка тартпай» «алдыга» сүрөгөн мындан да мыкты достордон болорубузду түшүнчүмүн. Бирок антиш колуман келчү эмес. «Айланайын Нуке, ал, алып жибер. Менин бир врач ага-жеңем бар, кез-кез вино ичип жүргүлө деп айтат. Вино биринчиден, кан болот, экинчиден, ичтеги микробдорду өлтүрөт экен. Кана, көзүңдү жум. Стакандагы винону вино эмес эле чай же суу деп элестет да, тартып жибер» деп стаканды колума карматат. Мен Шакем айткандай стакандагы винону вино эмес эле суу деп элестетип ээрдиме жакындатып алып келгенде эле винонун жүрөктү айланткан кыйгыл-таттуу илеби каңылжарды жарып өткөндө «ө-өк!» деп көзүмөн жаш чыккыча окшуйм. Досум Шаке менин бул жоругума түк түшүнө албай, башын чайкап, «аны антип ичпейт, минтип ичет» деп колумдагы стаканды алып шамдагайлык менен тамчы калтырбай тартып жиберет. Шакем винону тер чачып, жайылып- жазылып жактырып ичээр эле.

«Кана, Нуке, дагы бир жолу кайталап көрөлү» деп кырдуу стаканга винону мелт-калт куюп, кайрадан мага сунат. Баягы сөздөрүн кайталап айтат. Мен көзүмдү жуумп, стаканды оозума жакындатып келатып эле «ө-өк!» дейм. Шакем канчалык чын дилинен аракет жасабасын менден аны менен чогуу басып-туруп вино ичишер дос чыкпай койду. Ошонун айынан экөөбүз дос катары кээде ажырашып, кээде табышып да жүрдүк…

(Уландысы бар)

Нуралы Капаров, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий