Эрнест Абдыжапаров: «КАРЫЗГА БАТКАНЫМДАН АРГАСЫЗ ЫРЧЫ БОЛГОМ»

article_4121Кыргыз кино искусствосунда канчалаган залкар режиссёрлор өткөн. Азыр да уучубуз куру эмес. Учурда көрүүчүнүн жан дүйнөсүн козгоп, мыкты тасмаларды жараткан режиссёрлор бар. Сөз ар кыл таланттын ээси, обончу, ырчы, сценарист, кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров тууралуу болмокчу.

Толук аты-жөнү – Эрнест Абдыжапаров.
Туулган жылы – 1961-жыл, 27-февраль.
Фильмдери – «Менин пирим – Алмамбет», «Таранчы», «Беш-Терек», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», “Уурунун махабаты”, “ГАИшниктер”.
Сыйлыктары – Дүйнөлүк ар кыл кино­фестивалдардын 40ка жакын байгесинин ээси. Ошолордун ичинен 6 жолу баш байгени алган.
Кыялы – ЫсыкКөлдүн жээгинде кыргыз Голливудун түзүү.

БАЛАЛЫКТАГЫ КЫЯЛ
Мурункулар “кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөм” деп мактанышчу экен го. Мен болсом студенттин үй-бүлөсүндө төрөлгөм”,- дейт агай тамашалап.
Ата-энеси студент болгондуктан, Эрнест агайды ымыркай кезинде чоң энеси айылга алып кетет. “Ал кезде биздин айылда болсо 2-3 үйдө телевизор бар болчу. Ошол үйлөрдүн бирине барып, куду кинотеатрдагыдай кырка тизилип отуруп алып, дем тартпай кино көрчүбүз. Балалык кыялымда “ушундай укмуш кинолорду тарткан адам кандай болду экен?” деген таңыркоо, суктануу боло турган”,- деп эскерет балалыгын.

“МАЯНАМДЫ ЧОГУЛТУП, КАМЕРА САТЫП АЛГАМ”
Кыялына жетүү Эрнест мырза үчүн оңойго турган эмес. Ал кезде искусствонун борбору болгон Москвадан окуу жөнөкөй үй-бүлөнүн баласынын колунан келе турган иш эмес эле. ВГИИКке Кыргызстан боюнча эки гана орун бөлүнүп, ал дагы тааныш аркылуу тандалчу. Кыйытып айтса, ата-энеси режиссёрлукту аракечтин же бекерпоздун иши дегендей кылып көп көңүлдөнбөй коюшат. Бирок көздөп алган максатынан артка кайтпаган Эрнест бир кезде кыялына жетерин билген экен.

Музыкалык факультетке тапшырып, бир жылдан соң аны таштап салдым. Анткени баары бир режиссёр болом деген оюм бар эле. Ошондуктан киного сценарий жазганды үйрөнө берейин деп орус адабияты факультетине тапшырдым. Бул жылдары мен иштебеген иш калган жок. Жолчу, куруучу, сатуучу, мугалим, музыкант, официант болуп, айтор, көп ишти аркаладым. Эсимде, жолчу болуп иштеп жүргөнүмдө маянамды чогултуп, кинопроектор, видеокамера, монтаждоо аппаратын сатып алгам”.
Режиссёр болуу тилеги аны тынчытпай, 27 жашында Москвага окууга жолдомо алат. Бирок өтпөй калат.

СЕКТА МҮЧӨСҮ ЭМЕС
Мусулманчылык милдетин аткарып, мүмкүнчүлүк болгон кезде намаз окуп, куран да түшүрөт. Куранды жакшы окугандыктан, киностудияда Молдоке деген атка конгон. Эл “Эрнест сектага кирип алыптыр” деген да ушактарды айтып жүрүшкөнүнө жөн гана жылмайып коёт. Анткени эч кандай сектага кирген эмес.
Мен өзүмдү мусулманмын деп эсептейм. Бирок мусулманчылыкка караганда кыргызчылыкты көбүрөөк аркалайм. Ошол эле учурда Рон Хаббардын саентология боюнча диний философиясын турмушумда курал катары колдоном. Ал жакта эч кандай табынуу, сыйынуу жок. Акыл-күчүңдү пайдалуу сарптоону үйрөткөн рухий институт. Ага катышканымды эч кандай күнөө деп эсептебейм”,- дейт агай.

– Агай, кино дүйнөсүнө кантип аралаштыңыз?
Жогоруда айтып кеткендей, кино багытында билим ала албай калгандан кийин Сары-Жазда мугалим болуп иштеп жүрдүм. 1988-жылы биротоло кино тартууга бел байлап, алгач киностудияга администратор болуп орноштум. 1993-жылга чейин сценарист, ассистент, редактор болуп эмгектендим. Актан Арым Кубат “Селкинчек” тасмасын тартканда сценарийди мен жаздым. Ошол эле учурда уюштуруучулук жактан да көмөктөшүп, фильмдин музыкасын жазып бергем. Ал өз кезегинде мага ыраазы болуп, алгачкы кыска метраждуу тасманы тартканга уруксат алганга колдоо көрсөттү. Актан “жеңсең – сенин жеңишиң, тарта албай калсаң – өзүңдүн шоруң” дегендей кылды.

Ал “Менин пирим – Алмамбет” деген алгачкы тасмам эле. Тасманы тартууга оператор да, үн оператору да барбай койду. Чамамда, “ушул баланын колунан эмне келет?” дешти окшойт. Колума техникаларды карматып, теңсинбей кетип калышты. Мен алардын үстүнөн арыздансам, “тарта албайсың” деген шылтоо менен фильмди алып коюшканы турат. Ошентип, тобокелге салдым да, мурун фотограф болуп иштеген теңтушумду чакырдым. Тасма даяр болгондо бизден Эл аралык “Белые ночи” деген фестивалга 7 тасма жиберилип, жалгыз менин тасмам тандалып калды. Андан соң Германияга, Японияга, Голландияга чакырык алдым. Ушундан кийин киностудиядагылардын мага болгон мамилелери оңолуп, мени режиссёр катары таанып калышты. Кийин “Таранчы” аттуу тасма тарттым. Бул тасмамдын да кыдырбаган өлкөсү калган жок. “Менин пирим – Алмамбет” мага киного жол ачса, “Таранчы” атымды чыгарып, мени көп жылдар бою багып жүрдү.

– Учурда казактар, орустар менен көп иштешип жатасыз. Сизди аларга тарттырып жибербейбизби? Анткени биздин кээ бир таланттуу актёрлор, режиссёрлор да азыр чет жакта жүрүшпөйбү…
– “Боз салкынды” тартканга казактар жардам беришкен. Ал эми алар жардам сураганда мен “Арман калаа” сериалын тартып бердим. “Уурунун махабатынан” кийин орустар менен иштешип, “ГАИшниктер” деген сериалды бүтүрүп жатам. Мекенимден башка жакка биротоло кетүү таптакыр оюмда жок.

– Кино тартуу бизнеске айланып бараткансыйт. Чала иштелген жеңил кинолордун көбөйүп жатканына кандай карайсыз?
– Өз көмөчүнө күл тарткан мындай заманда кандай болсо да кино тартып жаткан адамга орден тагат элем. Тасма тартууга кеткен чыгым, уюштуруу, анын түйшүгүнө адам чыдай албайт. Акча жасоонун кино тартуудан башка жеңил жолдору бар. Менин оюмча, кино тартууга белсенген адамдын көкүрөгүндө уюган бир нерсеси болот. Башкача айтканда, чымыны бар.

Ал эми чала тартылып, элдин жүрөгүнө жетпей калган тасма – ошол тарткан адамдын жеке трагедиясы. Анткени анын айтайын деген оюн эл түшүнбөй калды. Бизде жакшы тасмалар да тартылып жатат. Жакында эле “Байланыш”, “Талак” деген фильмдерди көрүп, балдарга ыраазы болуп кайттым. Техникалык жактан аксаганы менен, айтайын деген ою билинип турат. Демек, режиссёрдун эмгеги текке кеткен жок.

– Кийинки кездерде ырчылык талантыңыз бар экенине күбө болуп жүрөбүз. Ырчылык сиз үчүн…
– Ишенесиңби, сахнада туруп ырдоо үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Майрамдарда өзүм жараткан обондуу ырларымды ырдап калчумун. “Кимдики, сонун ыр экен?” деп сурагандарга “бир досум чыгарган” деп койчумун. Бир жолу “Аура” тобу менен коньяк ичип отуруп чечиле кетип, өзүмдүн ырларым экенин айтып алгам. Ошондон кийин аталган топ ”Жол” жана “Саратан” деген ырларымды жаздырып алып ырдап жүрүштү. Бирок ара төрөлгөн баладай болуп, алар аткарган обондуу ырларым көңүлүмө арзыган жок. Кийин “Айыл өкмөтү” тасмасын тартып жатканда “Саратан”, “Жол” аттуу ырларыма өзүм жаккандай аранжировканы ошол эле топтун балдарына жасаттым. Бул тасманы эл жакшы кабыл алып, катышкан артисттер, куудулдар болуп концерт өткөрмөй болдук. Концертти уюштурууда тажрыйбамдын жоктугунан катуу банкрот болдум. Эмне кылам деп башымды мыкчып отуруп, абалдан чыгуунун бир эле жолун таптым. Ал жеке концертимди берүү болчу. Аябай даярданып өткөргөн концертим жакшы өттү. Ошентип, эңсеп эмес, аргасыздан ырчы болуп калгам.

13-00211– Жашоодо өзүңүзгө ишенгендей ишенген ада­мыңыз барбы?
– Албетте, келинчегиме, апама ишенем. Бирок чоң энеме ишенгендей, ал кишиге берилгендей эч кимге берилген жокмун. Эмнегедир ушул кишинин орду жүрөгүмдө өзгөчө экенин дайыма сезип турам.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетсеңиз…
– Келинчегим – Нургүл, көлдүк, бир көргөндө ашык болуп, бир жыл артынан чуркагам. Сунушумду кабыл албай койгондо аргасыз ала качып кеткем. Ошентип, 25 жылдан бери турмуштун ачуу-таттуусун бирге тартып келе жатабыз. Үч кызым, бир уулум бар. Уулум Санжар менин жолумду улап кино тартканга шыктанып жүрөт. Ичимден сүйүнүп калам.

РЕЖИССЁР ТУУРАЛУУ СИЗ БИЛБЕГЕН ФАКТЫЛАР

  • Алгачкы сүйүүсү 8 жашында айылдашына арналган.
  • Биринчи жолу ашыктык катын 17 жашында жазган. Бул кат биринчи да, акыркы да сүйүү каты болгон.
  • Биринчи тасмасын 32 жашында тарткан.
  • Жакшы көргөн жаныбары – мышык.
  • Кичинесинде режиссёрлуктан башка автожарышчы болгусу келген. Ошондуктанбы, кинолордогу машина менен болгон трюктарды өзү аткарат.

Нуржамал Жийдебаева, koom@super.kg, «Супер-инфо», №390 23-29.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий