Кыргыз киносунда Революция болобу?!

Кыргыз кинотармагындагы ичтен былгыган уурдамай, талап-тономойду ММК буга чейин да жарыялап келген. Ошо чырдуу маселе күнү бүгүнкүгө чейин аягына чыкпай, ал жердеги чыгармачыл топтун иштешине терс таасирин тийгизип келет. Биз режиссерлордун айрымын болуп аткан окуя тууралуу кепке тарттык.

Темир Бирназаров, кинорежиссер:
— Темир мырза, айтыңызчы, канткенде кыргыз киносунда күү-шаа түшкөн мыкты тасмалардын жарышы болот деп ойлойсуз?
— Мен сүрөтчүлөр менен жазуучуларга суктанам. Анткени, аларга кисти, ручка, барак болсо болду, өз жүрөгүндөгү идеясын иш жүзүндө көрсөтө алышат. Кино болсо коллективдик жумуш. Акчага жана кадрларга көз карандыбыз. Азыр кадр маселесинен абдан өксүп атабыз.

— Бир айдын ичинде Кинематографисттер союзу 2 сьезд өткөрдү. Буга не себеп?
— Сьездге баруудагы биздин негизги максатыбыз — ичибизден ирий бербей, кинотармагындагы болуп жаткан маселелерди чечүү үчүн демилгечи топ 6- мартта сьездге чакырган элек. Бирок, тилекке каршы мурунку союздун төрагасы Т.Бапанов ал сьездин чечимин тааныбайм деп экинчи сьездге чакырды. Ошол экинчи сьезде да союздун жетимиштен ашык мүчөсү биринчи сьездин чечимин туура көрүп, Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп Артык Сүйүндүков дайындалып, азыр мамлекетибизде кинонун ролун тактап, өнүктүрүү стратегиясын иштеп жатабыз.

— Кыргызфильмдин жетекчиси жаңыланабы же…
— Азыр Кыргыз мамлекеттик кинокомпаниясынын жетекчилигине Шамил Жапаров деген кинорежиссер келди. Эми кыргызкиносунун келечеги ошол жетекчинин аракетине байланыштуу болот.

— Мамлекет бир нече киного бөлүп берген акчалар, деректир Бакыт Карагулов, ж.б. айрым режиссерлор тарабынан туура эмес иштелип кеткени коомчулукка белгилүү. Деректир эмне үчүн кызматынан бошотулган жок?
— Аны атайын комиссия текшерип, эгер күнөөлөрү болсо мыйзам чегинде жооп беришет. Бул иштин баарын жаңы жетекчибиз Шамил Жапаров карайт деп ишенем. Учурда кинодепартаменттин мурунку жетекчиси А.Пазыловдун иштерин да прокуратура текшерип жатат деп уктум.

— Эмне үчүн сизден башка кызматкерлер унчукпайт, сиз эле безеленип жүрөсүз?
— Мен бардык нерсени туптунук, идеалдуу болсо деп ойлоп алам да. Киностудиянын директору Бакыт Карагуловго «Ким кайсы кинону тартып атат жана ал тасмага канча каражат бөлүнгөнүн, канча каражат түшүп жатканын доскага жазып, илип коюңуз. Ошондо уурдамай-кымтымай жок болуп, ар бир режиссердун чыгармачылык дарамети көрүнүп турат эле дегем. Бирок…»

— Таза, тартипти бекем сактаган жетекчи керек деген кыязда айтып атасыз. Эгерде сизди көрсөтсө эмне кылар элеңиз?
— Мени жетекчиликке эч ким көрсөтпөйт. Анткени мен абдан ыңгайсыз адаммын.

— Карагулов дагы беш жыл ордунда отурса, кыргыз киносу эмне болот деп ойлойсуз?
— Андай болбойт!
Артык Сүйүндүков, кинематографисттер союзунун төрагасы:
Кыргыз фильм киностудиясындагы «кино жегичтерден» кабарыңыз бардыр. Алар мыйзам алдында жооп бербестен, ушинтип үстөл кучактап отура береби?

— Албетте, бу жерде бир эле киши күнөөлүү эмес, бир нечеси болушу мүмкүн. Мен жаңы эле кызматка келдим. Ак-карасын териштирбей туруп, «сен алкымыңа куюп алыптырсың» деп көзгө сайыш кыйын. Акырындык менен териштиребиз, кимдин канчалык жүгү бар экенин билебиз. Анан гана мыйзамдуу түрдө жазалайбыз деп ойлойм.

Актан Абдыкалыков, кинорежиссер:
— Кинону дүркүрөтүп өстүргөндүн ордуна жеке кызыкчылыгы үчүн кинонун атын жамынган жетекчилердин жана чыгармачыл шылуундардын кереги барбы?
— Мындай чыр маселени коомчулукка жар сала бербей, ич ара чечип алыш керек. Элибизде кан төгүлүп атса, биз портфель талашыбызды кыйкырып чыксак болбойт го. Мына, союзга жаңы кишилер келди. Эми иш үстүндө эле, өзүбүзчө такташып алабыз.

— Деректирликке кимди сунуштайт элеңиз?
— Деректирликке тигини сунуштайм десем, «Бакыт Карагулов кетсин» деген эле сөз болуп калат да.

Бакыт Карагулов,
«Кыргызфильм» киностудиясынын деректири:
— Кечиресиз, укканыма караганда, ачык айтпаганы менен эч ким сиз менен иштешкиси келбейт экен. Анткени сиз көп ичип-жеп коюптурсуз …
— Жазарыңарды жазып бүтпөдүңөрбү! Кана ошол орган мага эмне деди?! Мен эч кандай жооп бере албайм!
(Ушинтип суроом аягына чыккыча эле кесе айтты да, кошуна кабинетке кире качты. Эмоциясын башкара албай жатканы кыймылдап кеткен бети-башынан көрүнүп турду).

2010-жылдын 4-февралындагы Темир Бирназаров мага «Мителерден арылмайын кыргыз киносу өнүкпөйт!» деген теманын астында маек берди эле…
Т.Б. «Кыргызфильм» киностудиясынын эски жана жаңы эки чоң территориясы бар. Эски киностудияда чач жасалгалоочу салон, кафе, авто токтотуучу, оңдоочу жай, эмерек цехи, ал гана эмес батир кылып жашап алгандар да бар.
— Ошонун баары ижара акысын төлөшөбү?
— Албетте, мисалы авто токтотуучу жайга эле күнүнө 80дей машина токтойт. Ар биринен 20 сомдон эсептей бериңиз, чоң машиналарга 30 сомдон, канча болот? 2 миң деп коелу. Айына канча болот?

— 60 миң, бир жылда 720 миң, оо, бай экенсиңер го?
— Андан канчасы мамлекетке, канчасы кара чөнтөккө солонуп атканын бир жан билбейт. 2002-жылдан бери ушундай. Экинчиси, жаңы студиябыз да чоң аймакты ээлейт. Бул жерде да ит-мышыкка жем чыгара турган мекеме, добуш жазуучу имараттын 2-кабатын толугу менен офис кылып ээлеп жатат. Ары жагында склад, гараждарын ит менен коруп алышкан. Булар да ижара акы төлөйт. Анан да кийим тигүүчү цех, типография бар. Иши кылып «Кыргызфильм» кино тартпай эле ижарага берилип, бир топтун пайда тапчу жайына айланып калган.

— Тиешелүү органдар текшербейби?
— Текшеримиш болот да «Кылмыш иши ачылчу жагдайлар толтура экен. Жабылат!» деп күпүлдөп атып тынчып калышат. Текшерүүнүн жыйынтыгын көрсөтүшөйт. Мына, бизде ушундай коррупция!

— Жогору жакка кайрылып көрдүңүздөрбү?
— Алар билбейт дейсизби, билишет. Эки жылдан бери системабызды өзгөртүп, структураны жаңырталы деп какшап келатабыз, эч натыйжа чыкпады. Эң өкүнүчтүүсү, бизге келген жетекчилердин баары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жегичтер болууда. Жетекчи катары башка чыгармачыл адамдарга, жаштарга шарт түзүп, кам көрүүнүн ордуна, калп-чынды койгулатып, өздөрү чогултуп ала койгон көркөм кеңешке сценарийлерин эптеп-септеп «кабыл алды» дедиртип, акча бөлдүрүп, жеп коюшат. Анткени эч ким текшербейт, текшерсе да кутулуп кетишет.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 20.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий