Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз Республикасынын эл акыны: «Шайдинди сүйүп, агарам деп айран сүйкөнгөм»

Садыр-Аке «Жашоодон жалаң гана алыш үчүн эмес, жашоого бир нерсе калтырыш үчүн, андан алып жашоо керек» деген экен. «Балалыкка кайрылуу» рубрикабыздын негизги максаты да ушунда. Бүгүн биз Майрамкан Абылкасымованын балалыгына сапар алып, эски барактарды барактап эжени маекке тарттык.

Бакалардын үнүнөн ыракат алчумун
— Эх, балалыкка кайрылуу, аны эскерүү өзүнчө бир ыракат. Кемин районуна караштуу Кызыл Суу айылында төрөлгөм. Биздин айылдын кооздугуна дайым суктануу менен карачумун. Жамгыр жааганда суу кыпкызыл агат эле, анан кызыл сууга бир кашык сүт кошуп койсок, кызыл чопосу чаканын алдына тунуп калчу. Ошондон улам айылыбыз Кызыл Суу деп аталып калса керек деп ойлойм. Айылым тоонун этегинде, мазар булактар, жапайы алма, алчалары керемет эле да. Мен булакка такыр бетимди жуучу эмесмин. Анткени чоң атам жаратылышты сактоону кичинемен үйрөткөн. Апам 25 жашында үчүнчү төрөттөн кайтыш болду. Бир ата, бир энеден Бурул деген сиңдим бар. Ал эми, кийинки апамдан Муканбет деген иним бар. Өзүм чоң атамдын колунда чоңойдум. Ушундай шок кыз элем. Айылда Бака деген булак бар. Бакалар көп болуп, түнкүсүн чырылдашса коркчумун. Кийин бакалардын чырылдаган үнү оркестрдай болуп угулуп, укканда ыракат алчумун.

Алгачкы ырым 3-класста жаралган
— Бала кезимде эле лидер болгонду жакшы көрчүмүн. Чогу окуган балдар менин сөзүмдү угушчу. Жазуучулук өнөрүм 3-класста окуп жүргөн кезимде башталды. Ал мезгилде «Дубал» деген гезит бар эле. Гезиттин жарымы менин ырларым менен толчу. Ал эми «Алымкулдун короосунда» деген алгачкы пьесамды 5-класста жаздым. Кийин пьесамды айылга коюп бердик. Көрсө айылдагы болгон турмушту жазып коюпмун да.

«Светой» сезим
— Балалык сезим «светой» болот экен. 5-класста окуп жүргөн кезимде Шайдин деген классташ баламды жакшы көрдүм. Ал сабакты жакшы билчү, ага жагыш үчүн мен да тырышып бешке окудум. Шайдин, башка айылдан келип, кетип окучу. Эс алууга тарагандан кийин сагынып кадимкидей куса болуп ооругам. Эң кызыгы мен кара тору кыз болчумун, агарам деп бетиме айран сүйкөп, жышый берет элем. Ошентсем деле агарган жокмун. Эл акыны наамын алгандан кийин шаардан кезигип, рестаранга киргиздим. Ал да билимдүү адам эле.

Чокморов Байтик тоосуна чакырчу
— Сүймөнкул жаз келгенде Майрамкүл жүрү байчачекей гүлдөрүн жыттап келели деп калаар эле. Айрыкча акыркы күндөрүн жашап жаткан кезинде баардык нерсени аяп, коштошкусу келчү эмес. Биз да анын ою менен болуп, Байтик тоого барып, Сүймөнкулдун машинасындагы апасы тиккен кичинекей төшөкчөлөрдү салып алып, Төлөмүш Океев болуп жаратылышка суктанганды жакшы көрчүбүз. Биздин жерлерибиз абдан кооз.

Дикая киргизка
— Таланттуу адамдар, дүйнөнү сүйөт. Мени башка өлкөнүн жазуучулары «Дикая киргизка», «Царица праздников» деп атап коюшчу. Ар бир майрамда, «скучаю» деген каттарды жазып жиберишчү. Жолдошум эч качан ал каттарга мени кызганчу эмес, тескерисинче сыймыктануу менен «дүйнөнүн жазуучулары жазып жиберген кат» деп кызыгып окучу.

Бир сүйгөнүм тирүү
— Аз убакыттан бери сүйүүлөр күнүн майрамдоо адатка айланбадыбы. Быйыл окуучуларым, башкача айтканда шакирттерим мени сүйүү күнүнө чакырышты. Барсам он бештей эркек, мен жалгыз. Башка кыздар жокпу десем, күлүшөт. «Сиздин сүйгөндөрүңүздүн баары өтүп кетпедиби, жалгыз калтырбайлы дедик» дешет. Анда мен чочуп кетиптирмин баары өлгөн жок, бир сүйгөнүм тирүү деп.

«Асман пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз Республикасынын эл акыны: «Шайдинди сүйүп, агарам деп айран сүйкөнгөм»: 1 комментарий

Добавить комментарий