«Дүйнөгө Кыргызстанды жеке кино тармагы таанытат»

«Биримдик» гезити республиканын маданият тармагынын кайрадан жаңыланып, өз ордун табышына кайдыгер эмес. Андыктан, гезитибиздин ар бир санында белгилүү маданият ишмерлери менен маектешүүлөргө орун бермекчибиз. Биздин мейманда: «Айтыш» коомдук фондусунун президенти Садык Шер-Нияз.

— Маданият тармагында жаштардын ролу бүгүнкү күндө кандай?
— Кыргызстандын маданият тармагын жаңыча нук менен көтөрүп чыгуу жаштардын гана колунан келет. Ушул кезге чейин улуу инсандарыбыздын гана аты аталып келе жатат. Композитор, жаш жазуучу, дирижер болобу, кайсыл багытты айтпайлы, жаштардын аты дээрлик жокко эсе. Өзгөчө руханий дүйнөгө башынан баа койгон кыргыз элинде таланттар абдан көп. Биз болгону аларды издеп таппай, көңүл бурбай жаткандырбыз. Бир кезде «акындар чыкпай калды, төкмөчүлүк өнөр эми чыкпайт» деген ойлор коомдо жаралып баштаганда, «Айтыш» коомдук фонду «руханий дүйнөбүз өлбөйт, өчпөйт» деп демилге көтөрүп чыгып, кандай гана төкмө акындар пайда болду. Ошондуктан, мен айтаар элем, жаштар маданияттын туу чокусуна алып барат. Элмирбек, Жеңишбек, Азамат сыяктуу жаштар төкмө акындык өнөрдү ЮНЕСКОго «дүйнөлүк руханий байлыктын шедеври» деп киргизишти. Капсалаңдуу күндө эл жаштардынсөзүн угушту, элге дем берип кайгысын жоктоп турушту.

Маданият министрлиги юбилейлик комитеттин ролун аткарбай, мамлекеттин маданияттагы багытын көрсөтүп, сүрөп, күүлөп туруш керек. Ошондо гана жыйынтык болот. Кино тармагында Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарыгулов сыяктуу режиссерлорубуздун кинотасмалары дүйнөнү дүңгүрөтүп, көп жерден сыйлык алып келүүдө. Ал эми бул режиссерлордун Кыргызстандан наам алганын көрө элекмин. Тарткан фильмдерине дүйнө эли таң калса, бизде жашырып-жабышат. Бул кыргызга болгон душманчылыкпы, мен түшүнбөйм. Андан кийинки жаш толкун өсүп келатат, Акжол Бекболотов, Ульяна Коновалова, Алмаз Супатаев дагы-дагы жаш таланттар. Буларды ким көтөрүп чыгып жатат? Мамлекет тарабынан көңүл бурулуп атабы? Акыркы мезгилде Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан мамлекеттик кино тармагы эмес, жеке кинотармагы. Ушул эле «Айтыш фильмди» ала турган болсок, 50дөй фестиваль, анын ичинде 15тей гран-при чоң сыйлыктарды алышты. Өзүнүн акчасына тартылды. Мамлекет бир жолу да рахмат айтып койгон жок. Кинотармагында сырт жакка барганда «бул мамлекеттин киносу» же «частный кино» деп бөлбөйт, «кыргыздын киносу» деп айтылат. Маданият тармагында багыттуу иштердин, айкындык, тазалык, адилеттүүлүк жоктугунан элдик нукура жаш таланттар көмүскөдө калып атат. Бул туура эмес.

Буга эски өкмөт, мамлекет башчылары күнөөлүү эмеспи?
— Буга диктатуралык бийлик, маданият тармагынын башында турган адамдарыбыздын аларга кошоматчылыгы, жагынуусу күнөөлүү. Эгерде адам кандайдыр бир өзүнүн көз карашы менен оппозиция тарапта болсо, басмырлоо, кыргызга кылган эмгегин жаап-жашыруу аракеттери болуп келген. ЮНЕСКОго кылган эмгекти баса көрсөтүп айтып койсо, эмне кызганчылык бар бул жерде. «Айтыш» коомуна, анын ичинде мага генералдык директору өзү ыраазылык билдирип атат. Бексултан Жакиев долбоорун жазды, ага ыраазылыгын айтып койсо болбойбу? Бизде эмнеге мынча көрө албастык бар? Мына ушундан арылсак болот эле. «Айтыш» коомдук фонду он бир жылдан бери жарым миллион долларга жумуш аткарды. Ушул акчасына бизнесмен жаңы машина алайын, жаңы үйдө жашайын десе керек. Бирок, анте берсе кыргызды ким ойлойт? Ал меценаттарды биз көтөрүп чыгышыбыз зарыл. Мисалы, орустун маданияты Морозов, Шереметьев, Третьяков сыяктуу меценаттардын жардамы менен сакталып калды. Орус эли ошол фамилияларды айтып, алиге чейин даңазалап жатпайбы. Азыр Третяков галереясын бүткүл дүйнө сыймыктанып барып көрүп жатышат. Бизде чыгып жаткан меценаттардын эмгеги бааланса, аларды көрүп башкалар да «кой, жардам берели» деп чыгат, стимул болот. Болбосо, өкмөт башчысы чет өлкөгө барганда «кошелёк» болгон бизнесмендер сыйлыгын алат, билинтпей. Кийин уксаң эле бирөө «Даңк» орденинин, бирөө «Манас» медалынын ээси. Көкүрөгүндө руху, көөдөнүндө намыс бар үчүн кыргыз чыкты. Ошол рухту, духту маданият көтөрүп атат.

Эл башчысы эсирди,
Эстебеди кесирди,
Жаттан карыз көп алды,
Жанкечтилер жеп алды.
Бөлөктөн карыз көп алды,
Бөрүлөр талап жеп алды-деп Элмирбек сыяктуу акындар кан какшап айтып келатат.

Жаштар «Бакиевдин көзү жакшы экен» деп кошоматчыланган жок, шайлоо убагында мактап ырдап, «ушуларга кол салгыла» деген жок. Анткени, алардын жүрөгүндө оту, намысы бар. Маданияттагылар тазалыктын символу болушубуз керек.

Сиздин оюңузча, кыргыздын улутук идеологиясынын өзөгү эмнеде?
— Улуттук идеологиябыздын түпкүрү — «Манас». Аны апрелдеги окуялар тастыктап, далилдеп койду. Жааган окко карабай, жанындагы өлгөндөрүнө карабай, өлүмгө тик турган идеология эмеспи? Азыркы маданият ишмерлеринин эң негизги маселеси — эркиндикти сүйгөн, өмүрлөрүн ата мекен үчүн жанын кыюуга даяр болгон духту туура жолго коюу, туура жол менен алып өтүү. «Манас» эпосу Кытай аркылуу ЮНЕСКОго кирип кеткенде да жаштарыбыз бир жумадай «аксакалдар бирөө чыгып сүйлөйбү» деп күтүштү. Эч ким айткан жок, 22-октябрда гана биз ошол маселени көтөрүп чыктык, жар салып. «Манаска» кайдыгер мамиле болгон үчүн кеткен өкмөт башчыларын Манастын кусуру урду деп ойлойм. Башка элден көчүргөн идеология бизге жат экенин Швейцарияда, Австралияда болуп көрдүк. Биздин сыймыктана турган жолубуз бар. Улуттук идеология «Айтыш коомунун» программасында да бар. Эстекем болобу, Ашыкем болобу, Тукам болобу, жаштар алардын этегине намаз окуп, көрүп өстү. Ал кишилердин көзү өтүп кетти, бирок, ай сайын, жыл сайын кече уюштуруп, алигиче эскерип турушат. Идеологиябыздын өзөгүндө биринчи кезекте «Манас», улуттук каада-салт, улууларды урматтоо, кичүү муундун эрдик менен, шердик менен кыргыз эли үчүн мыкты иштерди жасоосу камтылышы керек.

Учурдагы кино жаатындагы иштер тууралуу айта кетсеңиз. Чоң-чоң кинотасмаларды тартуу үчүн каражат жетишпей тургандыгы белгилүү.
— Кыргызда «эчкиңе карап ышкыр» деген жакшы сөз бар. Ушул нерсени көңүлдөн түшүрбөй реалдуулук багытта иш жүргүзүш керек. Эмне үчүн болбосун? Жаш кинематографисттер «Кыргызстанды кыска метраждуу фильмдер менен дүйнөгө таанытабыз» деген ой менен чыгышты. Анткени, биз чоң кинолорду тартканга акча каражатыбыз жетпейт экен. Кыска метраждуу фильмдерге акча да табылып атат. Байсеркеев, Нуртай Борбиев сыяктуу аксакалдар өз жардамдарын берүүгө макул болушту. Ушул идея менен муундарды ширетип, эски киночулар жасап кеткен улуу жолго жаштар тамшанып, үлгү алып, улуу муун жаштарды үйрөтүп чыгыш керек. Мен ишенем, 4-5 жылдын ичинде Кыргызстандын кино жаатындагы жаңылык, өзгөрүүлөргө өзүңөр күбө болосуңар.

Эски бийлик тарабынан «Курманжан датка» көркөм фильмин тартуу колго алынып жаткан эле. Бийлик алмашуунун натыйжасында кинотасманын тагдырынын кандай болушу күтүлүүдө?
— «Курманжан датка» фильмин тартууну «Курманжан датка» фондунун төрайымы, кыргыздын даңазалуу аялдарынын бири Жылдыз Жолдошева демилге кылып чыккан. Абдан чоң бюджеттик фильм, ага мени режиссерлукка комиссиянын чечими менен дайындашкан. Анткени, акыркы он беш жылдын ичинде Москвадан профессионалдык билим алып келип, Кыргызстанда жашап аткандардан мен эле болушум керек. Жаңы бүтүп келгендерге мурдатан эле, мисалы,Болот Шамшиевке «Караш-Караш», Төлөмүш Океевке «Бакайдын жайыты», Геннадий Базаровго «Саманчынын жолу» сыяктуу чоң-чоң фильмдер тапшырылган. Бирок, революциядан кийин анын тагдыры кандай болоорун билбейм. Анткени, бул ошол убактагы чечим эле, жаңы бийликтегилер кандай карашат, белгисиз. Негизи Курманжан датка кыргыз тарыхындагы драматургиялык күчтүү, жыш окуяларга ширелишкен образ. Фильм болуп чыкса, кыргыздын рухун, духун, патриоттуулугун көтөрүүгө чоң таасирин берет.

Сиз аннимациялык фильмдерди тартууга да аракеттенип келатасыз. Бул багытта иштериңиздер кандай жүрүүдө?
— Ооба, биз кол куушуруп олтура бербей, ар тармак жакшы идеялар менен чыгыш керек деп чечтик. «Айтыш» коомдук фондунун дагы бир чоң долбоору «Манас» эпосунан толук метраждуу мультфильм тартууга аракет кылып жатабыз. Буга баштапкы тыйындар да табылды. Мен Улан Эсенкожоев деген ишкер мырзага ыраазычылык билдирип кетет элем ал өзүнүн жүрөгү менен, анчалык деле чоң, миллионер ишкер эместигине карабастан «Манас» мультфильми тартылса экен, балдар көрсө экен, ушул фильм менен жаш жеткинчек өссө экен деген ак, аруу тилек менен баштапкы каражатын берди. Албетте, ал тыйын өтө эле аздык кылат. «Айтыш» фильмдин да аракети бар, төрт-беш айдан бери стилистиканы тааныш үчүн, техникаларды алып келүү үчүн миллион сомдой ушул мультфильмге жумшалды. Тай-тай туруп атат. Жардам бере ала турган спонсорлордунбу, продюссерлердинби, мамлекеттинби колдоосуна муктаж. Себеп дегенде жалгыз студия, жеке менчик ишкана мындай толук метраждуу фильмди өзү өздөштүрүп кете албайт. Бирок, биз иштейбиз, оюбузда бар, бир жыл, бир жарым жылдын ичинде бүтөбүз деп анниматор жаштар бел байлап турган убагы

Коомчулуктун утурумдук өкмөттөн «маданият министрлигин калыбына келтирүү» суранычы болуп жатат. Буга кандай карайсыз?
— Албетте, «Манасы» бар, дүйнөлүк шедевр болуп саналган акындык өнөрү бар, нукура руханий байлыгы бар кыргыз элинин маданияты агенттиктин деңгээлинде болушу уят, чектен чыккан көрүнүш.

Министрликтин жетекчилигине сизди сунуш кылышты эле. Бирок, маданият тармагына тиешеси жок, кесиби журналист адамдын келип калышына эмне демекчисиз?
— Албетте, ар бир тармакка түздөн-түз тишеси бар кадыр-баркы бар, адам келсе жакшы болмок. Буга кошумча кылып айтып кетээрим, эгер ал жакшы, таза иштеген адам болсо, маданиятты көтөрөм деп бел байлап, чыдайм, ушуга өмүрүмдү саям деп келсе, андан жакшы нерсени күтүүгө болот. Ошондуктан, кандай иш алып барат баарыбыз күтүп жатабыз. Чечкиндүү кадамдарды жасап, маданияттагы адамдарды бийик көтөрүп, аларды кулдук сезимден арылтып, «маданияттын адамымын» деген сыймыкты бизге алып келе алса, журналист болобу, тракторист болобу баары менен иштеше берсе болот. Мени чыгармачыл кошуундардын башчылары көтөрүлүп, президиумдан өткөрүп, чечим чыгарып, сунуш кылышты, бул албетте, чоң ишеним, сиздердин гезитиңиздерден пайдаланып ыраазылыгымды айтып кетким келет. Мен маданият үчүн дайыма иштеп келгем, иштей берем, министр боломбу, министр эмес боломбу, негизи кызмат эмес, мен кезинде жогорку деңгээлдеги кызматтан маданият үчүн баш тарткан кишимин, маданиятка кайсыл жерде болбосун көңүлүңдү, жүрөгүңдү арнаганың негизги маселе деп ойлойм.

Маектешкен Г.Турдалиева, «Биримдик» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий