ГЕНИЙ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА

Каныбек ИМАНАЛИЕВДИН алп манасчы Саякбай Каралаев жөнүндөгү болочок китебинен үзүндү

Маскөөнү экинчи ирет багынтканда
Кеменгер манасчынын кемелине толуп, келкели келип турган заман айрыкча 1961-1967-жылдар болду. Анда өмүрлүк жары Бейшекан апа тирүү. Ар дайым камын көрүп кашында. Өкмөт менен партия да талантын барктап үй берип, тапкан калем акысына «Москвич» автомашина алып, Сакеңдин «Манас» айтканын пионерлерден баштап, театр сахнасынан, колхоз, совхоздордун маданият үйлөрүнөн, радио, телекөрсөтүүлөрдөн угузушуп «Манас» доору келди, Сакеңдин заманы жүрдү. Кыргыз көркөм өнөрүндө С.Каралаевдин «падышачылык доору» башталып, атүгүл СССРдин жүрөгү деп эсептелген Москвада 1960-жылы болуп өткөн чыгыш таануучулардын эл аралык 25-конгрессине делегат болуп барып, бүт дүйнөдөн келген окумуштуулардын астында айгайлап «Манас» айтып, алардын оозун ачырды. Дүйнөдө адабияттан да башка, искусстводон да башка бир «манасчылык» деген көркөм дүйнө бар экенин далил кылды.

Ошого куйрук улай эле 1963-жылы кайрадан Саякбай Каралаев Москва шаарында этнографтар менен антропологдордун эл аралык конгрессине катышып, Улуу дастандан үзүндү айтып, көбүнүн көзүн ачты, мурда көргөндөрдү суктантты, көрө электерди таңгалтты. Сакең Саякбайлыгын көрсөттү.

…Сахнага чарчы бойлуу, салмактуу кадам таштаган, эки бети бышкан алмадай кызылы албырган, айчыктуу ак калпак кийген адам чыкты. Же колунда музыкалык аспабы жок. Эки бутун айкалыштырбай тескерисинче эки жакка жайып жиберип, эки колу менен эки тизесин таянып, элди санакка алып жаткансып кыдырата бир карап чыгып, дың эткен дабыш чыкпай калган соң, анан кетти… «Ээ-ээ-эй!» деп үн созуп.
…Каз айланып кетпеген
Көлү сонун кыргыздын.
Как өрүгү курмадай
Чөлү сонун кыргыздын.
Түрлүү эгин дан бүткөн
Жери сонун кыргыздын.
Ала-Тоону жай кылган
Эли сонун кыргыздын, — деп Манасын, кыргызын даңаза кылып баштады.

Бул окуянын күбөсү, ошол жыйынга катышкан белгилүү советтик адабиятчы Е.Лизунова казак элинин алп жазуучусу Мухтар Ауэзовго байланыштуу эскерүүсүндө минтип жазат: «Күрпүлдөп, ашып-ташып, тоо суусундай алга умтулган, миллион сап «Манас» эпосун жат билген, белине көрчөгөлөнгөн ак күмүш, жазы кемер кур курчанган, башына ак чокулуу Ала-Тоосу түспөлдөш кара кыюу ак калпак кийген кыргыздын чыныгы улуу манасчысы С.Каралаев эпостун каармандарынын бири Семетей жөнүндөгү үзүндүнү кызуу аткарып жатты. Ал күчтүү, шаңкылдаган үн менен ырдап, бүркүттүн шаңшыганын да, тулпардын жүгүргөнүн да жаңсап туурай кетет, акын жана жоокердин артисттик колу тынымсыз кыймылда болуп, баатырлардын ач кыйкырыгы, кылычтардын шаңгыраганы, тулпарлардын дүбүртү аралаша угулган, душманга каршы чабуулдун, жан аяшпас беттешүүлөрдүн поэтикалык жандуу картинасын өзүн дал болуп тиктеген угуучулардын көз алдынан тартып өткөнсүйт.

Ырчы токтолгондо шаттыкка баткан элдин кыйкырык-сүрөөнүнөн залдын ичи жаңырып чыкты. Өзү да жоо-жарагын шайланган байыркы баатырларга окшош С.Каралаевди …япондор, …арабдар, …шведдер, …америкалыктар, …немецтер, …француздар, …түрктөр, …индиялыктар кубанычтуу куттуктап жатышты. Карт досунун ийгилигине Мухтар Оморханович маңдайы жарыла кубанды».

…Жүргөн жеринде жөн жүрбөгөн, же күлкү салып, же дүң салып, болбоду дегенде дүбүртү угулуп турган Сакең ошол конгресстин баш каарманына айланып, сахнадан түшүп келген соң ал Көк-Теңирдин өзүнөн түшүп келгендей аны окумуштуулар кол кысып тосуп алып, кучактап, көбү сүрөткө түшкөнгө шашылып, кай бири кол тамга сурап, манасчы Манастын өзү сыяктуу көкөлөп турду.

Жетимиш жаштагы кыргыз карыясынын талантына суктанышып, кайра-кайра кол чаап, кыса кучактап, ыраазы болуп жатышты. Кийинки кезектеги академик В.М.Жирмунскийдин доклады бүтүн бойдон эми Саякбай Каралаев менен Манас темасы болду. Себеби делегаттар С.Каралаевди уккандан кийин негизги темадан алаксып, алиги чалды эле күбүр-шыбыр кеп кылып калышкан.

Ошондо окумуштуулардын оюн онго, санаасын санга бөлгөн ушу окуя болду. Бир сакадай чал сахнага чыгып алып окумуштуулардын оюна бүлүк салды.

… Же адабият дейин десең Манас калемден жаралган оокат эмес.

… А балким искусство дейин десең ой менен шыктан жаралгандай көрүнбөйт.

… Андай болсо илим экен десең, алиги томолок чал эгерим окумуштууга окшобойт.

Касиетине ой жетпейт, тил жетпейт, сөз жетпейт. Жүрөк менен эле туя билгениң ийги.

… Кереметин көрсөңүз!

(Уландысы бар)

“Көк асаба” («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий