Күү кайрууларындагы үн толкундары

Жер бетиндеги узак жашоодо өмүрдүн, жетишкендиктердин, жеңиштердин бардыгы кыялдын учкунундай экенин, бүгүн бар болсо эртең эле терең өзгөрүп кетерин кыргыз эли баамдап жашаган. Жер бетиндеги жашоонун эң улуу өзгөрүлбөс улуу касиеттери суу, от, аба менен катар, алар үндү да өзгөчө баалап, кастарлап, ыйык туткан.

Үн — бул дүйнөдөгү жандуу-жансыз табияттын, көрүнгөн-көрүнбөгөн дүйнөлөрдүн ортомчусу, элчиси дешип, үн улуу сырдан, улуу күчтөн түптүз кабар берерин кылымдап, доорлоп сезип-билип келишкен. Кудай берген үндүн касиеттерин аздек тутушуп, мезгилдердин өчпөс сынагынан өткөн күү аспаптарын чыгарып, доорлордун кылда кыйырынан үн салган кара күүлөрдү жаратышып, жан дүйнө байлыгынын казынасын толтурушкан. Үндөн уланып, жалганып жаралган тилди «өнөр алды — кызыл тил» деп эркелетишип, Кара күүнү, күү дүйнөсүн өзгөчө кастарлашкан. Үч кыл, жалгыз тээк сүйүктүү аспабына үн кудайынын атын ыроолоп, ыйык Комузун үйүнүн төрүнө илип, анын үнүнөн, күүлөрүнөн күч-кубат, аян-сыр, көңүлгө дары болор даба алып келишкен.

Күү аспаптары ар түрдүү, ар сырдуу, ар үндүү, ар кылдуу болуп, алардын кайруулары ар кандай үн толкундарын жаратып, жайылтып, мелт-калт сырдуулукка толгон. Эски күүлөр, эски кайруулар кылымдарды тепчип өтүп, түтөгөндө күчөгөн кыргыз элин айтып келген. Кыргыз күүсү, кыргыз үнү эң жупуну, эң жөнөкөй болгону менен, аны жаратылыштын, табияттын көзгө билинип-билинбеген терең сырлары курчап, колдоп, сүйүп тургандыктан, ошондой урмат менен, ошондой сүйүү менен гана ошол дүйнөнүн эшиги ачылып, дүйнөсү төгүлгөн.

Күүнү угуу таалимине биринчи уга билүү, экинчи түшүнө билүү, үчүнчү сезе билүү кирет. Уга билүү — бул эшитип угуу же ыргакты, үндү талдап баштоо. Түшүнө билүү — бул ыргакта, кайрууда түркүн түстөгү нурлар чыгат, сөз менен айтканда муңдуу, армандуу, шаңдуу, ойлуу дегендей, үндүн өзгөрүшүн, өрчүшүн кабыл алуу. Ал эми сезе билүү — жүрөктү эч нерсе алдай албайт дегендей, бул дүйнөдө болбогон, калп нерсе жүрөккө жакпайт, жүрөк аны кабыл албайт эмеспи, анын сыңары күүдөгү, үндөгү, аспаптагы ыргакты жүрөктөн өткөрүү. Үн жүрөк сезимине келгенде гана нур чачылып, шоола чачырап, кыргыз күү аспаптарынын, кыргыз күүлөрүнүн, Улуу Кудай берген, үн кудайы Комустун чексиз сырлары, жарыктары ачылып, бул өмүрдө миң жолу жашагандай, өмүрүң миң жолу кайталангандай болосуң!..

Кенжебек АЛДАЯР, комузчу, “Көк асаба” («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий