“АК ИЛБИРСТИН ТУКУМУ”

article_4157“Кыргыз керемети” аталган кино искусствосу эмне үчүн өз учурунда атактуулукка жетишкенин билесизби? Ириде тасмалардын ийгилиги жашоону эч жасалмасыз чагылдырып, ачуу чындыкты ачып бергенинде эле. Ошондой фильмдердин бири – «Ак илбирстин тукуму».

Режиссёру – Төлөмүш Океев
Сценарийин жазгандар – Мар Байжиев, Төлөмүш Океев
Жанры – Драма
Оператору – Нуртай Борбиев
Композитору – Муратбек Бегалиев
Башкы ролдордо – Догдурбек Кыдыралиев, Ашырбек Чокубаев, Алиман Жанкорозова, Марат Жанталиев, Жамал Сейдакматова, Гүлнара Алимбаева, Гүлнара Кыдыралиева

КЫЗЫКТУУ

  • Догдурбек Кыдыралиев бул ролу үчүн 8000 рубль гонорар алган.
  • Сценарийдин негизги бөлүгү “Кожожаш” эпосунан алынган.
  • Зулайка менен Айкенин ролун аткаргандар чыныгы жашоодо жакын санаалаш курбулардан.
  • Карагулдун ролундагы кичинекей бала Айбек азыр үй-бүлөлүү. Бирок ал экинчи ирет тасмага тартылган эмес.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Мергенчиликти мурас кылып жашап келген кыргыз уруусу кышта ачарчылыкта калат. Өздөрүн “ак илбирстин тукумубуз” деп атап келген бир ууч айылдын үмүтү Кожожаш мергенде эле. Элин кыйын учурда сактап калуу үчүн ашууну ашып, Мундузбай аттуу байдын айылына түшүп жардам сурашат. Эр көкүрөк мергендердин кийин жардамы тиерин билген Мундузбай кабыл алып, элди аман алып калганга жардам берет.

Тагдырдын тамашасы менен Мундузбайдын сулуу токолу Айке менен Кожожаш бири-бирин сүйүп калышат.

Мундузбайдын айылында той болуп, Айке менен Кожожаш жашыруун жолугуп бири-бирин сүйөрүн билдиришип, махабаттуу түндү башынан өткөрүшөт. Сүйүп алган жары Зулайка менен уулу Карагул Кожожаштын бул сезимин билип калышат. Айкенин боюндагы бала Кожожаштан экенин билгени менен, мураскери жок Мундузбай “уулдуу болдум” деп элге жар салат. Айке менен уулунан ажырап калууну каалабаган Кожожаш табияттын мыйзамына каршы турганга аргасыз болот. Аларды алып кетүү үчүн Мундузбайдын айылын чаап алуусу керек эле. Мыкты мылтыктардын (мылтыктарды түрктөр бөкөндүн мүйүзүнө алмашмак) жардамы аркылуу гана Мундузбай менен күч сынаша аларын билген Кожожаш бөкөндөрдү аёосуз кыра баштайт. Ошол мергенчиликте бөкөндүн терисинен кийим кийген өз уулу Карагулду тааныбай атып алат. Карагул “ата” деп күбүрөп алып, бөкөндөрдүн катарына сулап жыгылат.

ТАСМАНЫН ТАРТЫЛЫШЫ
Режиссёр Төлөмүш Океев “Көк серек” фильминен кийин “рахатынан түйшүгү көп жапайы табиятты экинчи тартпайм” деп өзүнө сөз берген экен. Бирок кайрадан “Ак илбирстин тукумун” тартууга киришет. Режиссёрдун бардык эмгектериндей эле бул фильмдин өзөгүн адам менен жаныбардын ортосундагы мамиле, табият мыйзамы түзөт. Аталган тасма 3000-5000 метр бийиктикте жайгашкан Хан-Теңирде тартылган. Бул үчүн Москвадан альпинисттер да чакырылып, алар актёрлордун коопсуздугун көзөмөлдөшкөн. Режиссёрдун эмгеги акталып, кыргыз киносун көрсөтүү укугун дүйнөнүн 35 өлкөсү сатып алышкан. 1985-жылы Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда “Күмүш аюу” сыйлыгын утуп алган. Кийинки жылы Азия өлкөлөрүндө өткөн фестивалда “Дамаск кылычы” сыйлыгына ээ болгон.

7-002КОЖОЖАШТЫН РОЛУНДАГЫ ДОГДУРБЕК КЫДЫРАЛИЕВ:
– Мен анда Москвада окучумун. Төкөм бул фильмге башкы каарман издеп жүрүптүр. Мени жактырып, киного тартылууга чакырып калды. Бул тасмага тартылып калганыма атамдын да салымы зор. Атам Исках кыйын мергенчи болчу. Аны менен чогуу жүрүп Ысык-Көлдүн тоолорунда ат чапканды, аска-зоого чыкканды жакшы өздөштүргөм. Кожожаштын аскадан секиргенин, жүгүргөнүн, ат чапканын мыкты аткарганым менен, эмоциялуу жерлерин ойной албай катуу кыйналдым. Анан да дасыккан актёрлор менен ойнодум да. Кинону Хан-Теңирде, Ат-Башынын тоолорунда, айрым жерлерин Чүйдө тартканбыз.

Кызыктын баары Хан-Теңирде жүргөндө башталды. Караколдон вертолёт менен барганбыз. Көрсө, вертолёт андай жерге коно албайт экен. Вертолёт абада асылып турган учурунда көк жалтаң муздун үстүнө кийимдерибизди, азык-түлүктөрдү тез-тезден түшүрүп салдык. Вертолёт учуп кетти. Жай мезгили болгондуктан, жегенге бадыраң, помидор салып алганбыз. Алар Хан-Теңирдин суугунда тоңуп калат экен. Суук ушунчалык катуу болгондон тамагыбыз бышпай, айтор, көрбөгөн кордукту көрдүк. Съёмка бүтсө да, баягы вертолётубуздан кабар жок. Алар тоонун башындагы тумандан улам бизге келе албай жатышыптыр. Тамак-ашыбыз түгөнүп калган. Айлабыз кетип жөө баралы десек, муздун жаракасында кала турганбыз. Бир жума катуу кыйналдык. Акыры вертолётту көргөндө Аляскада калгандай эле ураалап кыйкырган элек.

– Кожожаш аскада жабышып турган эпизод өтө коркунучтуу көрүнөт…
– Бардыгын дублёрсуз өзүм аткаргам. Менин аскада жүргөнүмө аябай таң калышкан альпинисттер: “Сен бийик зоолорду багынтасың. Жүрү, биз менен”,- дешти. Мен алардын сунушун кабыл алган жокмун. Себеби үшүп-шишип зоодо жүргөн жаккан жок. Кээде чын эле укмуш зоолордон өттүк. Касендин ролун аткарган Ашыр Чокубаевдин балдары бар болчу. Ал “мен өлүп калсам балдарымды ким багат? Сенин балдарың жок, ошон үчүн музда сен биринчи бас” деп тамашалап калчу.

– Кинодогу илбирстердин алышканы, бөкөндөрдүн кырылганы, Суречкини кууган учурлар бар. Таң калганым, ошол жаныбарларды кайдан алып тарткансыздар?
– Режиссёр атайын мергенчилерге “илбирс кармагыла” деп буйрук берген. Үч жашар илбирстин баласын мергенчилер кармап келишкен. Кийин Москвага зоопаркка өткөрдүк. Ал эми Суречкинин өзгөчө тарыхы бар. Аны да мергенчилер кармап келишкен. Аны кубалап жүргөн учурду тоону тор менен тосуп, анан тартканбыз. Съёмка бүткөндөн кийин атайын капасына камап койчубуз. Элдин баары эле баягы эчкиге чөп бере берчү. Мен да бир жолу чөп берейин десем мени жек көрө тиктеп, мүйүзү менен катуу сүзүп жиберип жатпайбы. Көрсө, аны таш менен уруп, тоодон- тоого кубалай бергенимди эчки билип калыптыр. Жаныбардын да ушунчалык жек көрөрүнө таң калгам.

Кийин кино тартып бүткөндө Суречкини союп, шишкебек кылабыз деп калышты. Мен анын көз карашын эстеп калган экем. Төкөмө барып “эчкини сойбой эле зоопаркка өткөрүп жиберели. Бул касиеттүү жаныбар. Бизге ийгилик алып келет” дедим. Ошентип, Суречкини араб өлкөлөрүнө зоопаркка өткөрдүк. Эчки менен кол булгалап катуу коштошконбуз. Айткандай эле тасмабыз көп ийгиликтерге жетишти. Ал эми бөкөндөрдү Казакстандагы Моюнкум чөлүнөн тартканбыз.

– Маегиңизге чоң рахмат.

Нуржамал Жийдебаева, koom@super.kg,
“Супер-инфо”, №391 30
.04 – 06.05, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий