Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш

Убактылуу өкмөттүн элге сунуш кылган Конституция долбоору орусча жазылып, элге орусча сунушталып, эми араң кыргызчага которулуп жатат. Ошол эле учурда аны талкуулоого 2 гана жума убакыт берилген. Кыргызчага которулуп бүтө электе «талкуусу аяктап калбасын» деп азыркы вариантына пикир жазып жатабыз. Ушунун өзү эле башмыйзам долбоорун даярдаган авторлордун өз өлкөсүнүн мамлекеттик тилине болгон мамилесин көрсөтүп турат.

«ТИЛДЕН КАЛГАН» КОНСТИТУЦИЯ
Талкууга коюлуп жаткан Конституция Кыргызстандын элин бириктире турган фактордун күчүн кетирип, элди тилдик негизде экиге же андан да көпкө бөлгөнгө шарт түзүүдө. Атап айтканда, долбоордун 5-беренесинде мамлекеттик кыргыз тили менен кошо ага теңата болуп орус тилинин расмий статусу калып калган. Ал тургай «мамлекеттик же расмий тилди билбегени үчүн жарандардын укуктары чектелбейт» деп турат.

Расмий тил деген практикалык жагынан алганда мамлекеттик тил дегендин эле бир түрү. Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын аткарылбай жатканынын бир себеби да ушул расмий тил тууралуу мыйзам болгон. Анткени расмий тилдин статусу турганда мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды аткаруу зарылчылыгы пайда болбойт. 70 жылдан ашуун орусташып калган иш кагаздары, чоңдордун менталитети, мамлекеттин маалымат саясаты буга жол бербейт. Орус тили расмий тил болуп турганда кыргыз тили чыныгы мамлекеттик тил катары эч качан жетиштүү даражада өнүкпөйт. Аны өнүктүрүүгө зарылчылык да болбойт.

Кыргызстанда кыргыз эли мамлекеттин негиздөөчүсү болгон соң, Кыргызстан өзү унитардык мамлекет болгон соң, бул өлкө кыргыз тили өнүгө ала турган бирден-бир мамлекет болгон соң кыргыз тили да бирден бир мамлекеттик тил болушу керек жана эч кандай башка тилдерге расмий статус берүүнүн зарылчылыгы жок. Кыргызстандагы башка тилдер андай коргоого муктаж эмес.

Кыргыз тилинин терминологиясы мамлекеттик тилдин ролуна даяр эмес дегендер бар. Бир карасаң туурадай сезилет. Бирок жанаша расмий статус алган башка тилдер турганда кыргыз тили үчүн андай зарылчылык эч качан пайда болбойт. Оңоюна качырып расмий тилде иштей беришет. Качан кыргыз тили гана мамлекеттик тил экенин баары моюнга алып, мыйзамдуу талаптар коюлуп, анын буга чейинки өнүкпөй калган кемчиликтери көзгө уруна баштаганда гана терминологияны өнүктүрүү маселеси кабыргасынан коюлуп, мамлекеттик деңгээлде чечиле баштайт. Өз тилин ички-тышкы мүмкүнчүлүктөргө таянуу менен өркүндөтүп, мыкты деңгээлге жеткирген Түркиянын, Өзбекстандын, Казакстандын мисалы буга жакшы далил.

Эң негизгиси — кыргыз тили Кыргызстандагы элдердин жарандык сезимин калыптандыра турган башкы жагдайлардын бири болууга тийиш. Кыргыздын өзүн эле эмес, кыргыздан башка элдерди да кыргыз элинин тегерегине бириктире ала турган жагдайлардын бири — ушул тил. Кыргызстанда кыргыз тилин суудай билип, Кыргызстандын мыйзамдарын так аткарып, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргосоң каалагандай карьера жасаганга, атыңды чыгарганга мүмкүнчүлүк бар экенин бардык улуттардын өкүлдөрү билгидей болушу керек. Кыргыз эли ошондой жарандарды башкаларга үлгү кылып, бооруна тартып алгыдай болушу керек. Орустар насили араб Пушкинди, немистин кызы Екатеринаны ж. б. орустун улуу адамдары кылып тарыхында калтырган сыңары, биз да ошондой адамдарды кыргыздын улуу инсандары катары төбөбүзгө көтөрүп алышыбыз керек.

Кыргыз тили канткенде чыныгы мамлекеттик тил болот? Ал үчүн бардык иш кагаздары, өкмөт жыйындары жана андан төмөнкү деңгээлдеги бардык расмий жыйындар, көчөдөгү бардык көрнөк-жарнактар, товарлардын аталыштары, эл аралык сүйлөшүүлөр, менчиктин түрүнө карабай бардык жерде тейлөө кызматы кыргыз тилинде жүрүшү керек. Мамлекеттик тилди билбеген жарандар эл менен сүйлөшүүгө байланышкан эч кайсы кызматка, анын ичинде мамлекеттик кызматка да, тейлөөчү кызматка да алынбашы керек. Кыргызстандын кайсы гана жараны болбосун, кайсы гана мекемеге, кайсы кызматка (милиция, тез жардам, такси кызматы) кайрылса да, кайсы дүкөнгө кирсе да кыргызча суроого кыргызча жооп алгыдай болушу керек. Телефонду көтөргөндө кыргызча сөз чыккыдай болушу керек. Кыргыз тили жашоонун бардык тармактарында кең-кесири колдонулгудай болушу керек. Телекөрсөтүүлөрдүн жок эле дегенде 70% кыргыз тилинде болууга тийиш. Ошондо гана кыргыз тили мамлекеттик тилдин ролун толук аткарып атат деп айта алабыз.

Мамлекеттик тил башка тилдерди кемсинтпейт. Кызыкса, зарылчылыгы болсо кыргыз тилинен тышкары 20 тилди билсе да чектөө жок. Бирок Кыргызстандын жарандары кыргыз тилин сөзсүз билиши керек. Андан тышкары канча тил билсе өз эрки болууга тийиш. Өз тилинде маданиятын өнүктүрүп, өз тилинде гезит чыгарып, үйүндө өз тилинде сүйлөшө берсин.

Албетте, кыргыз тилин бирден бир мамлекеттик тил кылып жарыялагандан кийин эки маселе келип чыгат. Биринчиден, терминология маселеси. Муну окумуштуулар чечип, мамлекеттик деңгээлде унификациялай турган механизмдери буга чейин эле иштелип чыккан. Аны жүзөгө ашыруу зарыл. Экинчиден, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө шарт түзүү маселеси бар. Бул жагынан иштей турган иштер көп. Айталык, Түркияда «Түркче өретим меркези» деген чоң уюм бар. Ал Түркияга келген бардык улуттун адамдарына түрк тилин үйрөтүүнүн бардык шарттарын түзүп койгон. Айталык, студенттер үчун өзүнчө, иш адамдары үчүн өзүнчө, аспиранттар үчүн өзүнчө программалар бар. Кыргызстан деле өз шартын кое турган мезгил жетти. Кыргызстанга келип иштегиси, окугусу келгендер кыргыз тилин үйрөнүшү керек, ал үчүн бардык шарттарды мамлекет түзүшү зарыл. Кыргыз тили эч кандай атаандашы жок бирден бир мамлекеттик тил болмоюнча андай шарт түзүлбөйт.

Жаңы жазылган башмыйзам долбоорунун стратегиялык улуттук кызыкчылыктарга каршы келген башка жагдайлары да бар. Алардын негизгилери — кош жарандуулук тууралуу талаш туудура турган жоболор, жердин жеке менчикке уруксат берилиши, ошондой эле стратегиялык тармактарды мамлекеттен ажыратууга жол бербей турган беренелердин жоктугу. Алар туурасында кийинки материалдарда сөз кылабыз.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, «Улутман» идеологиялык борбору,
“Айат-пресс” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий