Түнкү таң, же өлүм неге сулуу көрүнөт?

Мындан бир канча жыл мурун Чоюн байке (Өмүралиев) мага кайрылып калды:
— Жумакан Тынымсейитова эже менен чогуу иштешиптирсиң. Эже тууралуу телеге көрсөтүү даярдап жаттым эле, сүйлөп бербейсиңби.

Мен ойлонуп туруп калдым. Эже менен иштешкен бир жыл алеки заматта көз алдымдан чууруп өткөндөй болду.
— Эмнени сүйлөп берем? — дедим анан күнөөлүүдөй алакан жая. — Эже менен бир да жолу сүйлөшпөптүрмүн.

Чоюн байке биресе таңдангандай, биресе нааразы болгондой башын чайкап тим болгон.

Ооба, эже менен Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде бир жыл чогуу иштешкеним чын. Бирок бир да жолу сүйлөшпөгөнүм да чын. Анда мен он жети жашта элем. Эже болсо кырк үч жашта эле. Эже менен бир да жолу сүйлөшпөдүм, бирок ал жөнүндө башка адамдар менен көп эле сүйлөштүм. Мына, бүгүн да сүйлөшүп келатам. Каныкей менен баарлашуудамын. Каныкей Абдиева — кыргыз адабият тарыхында биринчилерден болуп кыргыз аялдар поэзиясын кыргыз тилинен англис тилине которуп, алардын лингвопоэтикалык табиятын изилдеп, кандидаттык ишин коргоого коюп жаткан жаш илимпоз. Мен андан Жумакан эженин «Ысык-Көлдөн бир элес» аттуу ыры жөнүндө сурап калдым.
— Ошол ыры мага да өтө жакты, — деди ал толкундана. — Ушунчалык берилүү менен котордум.
— Бир аз ойлонуп калды да, анан коомайсыздана — эмне, эже оорулуу беле?
— Ооба… Аны кайдан билдиң?
— Ырынан. «Түнкү палата» деген. Бул ырында айланайын сулуу таңымды бир көрүп калсам экен, ал тез эле атса экен деп эңсейт. Кызык… А «Ысык-Көлдөн бир элесте» таң бир аз атпай турса деп эңседи эле… — Каныкей башын ойлуу чайкап койду.

Мен да ойго баттым. Эки ырында түн менен таңдай караманча эки башка Жумакан эже. Ысык-Көл сулуулугу. Таң сулуулугу. Өлүм сулуулугу…

Жолду ката ойго батып келдим. Келдим да эженин китебин алып, «Түнкү палатага» тигилдим…

Кайран эже. Кайран өмүрү кетилип баратканда жазган экен — ар бир сабынан ажалды бекем мыкчып алып жан алакетке түшүп жаткан элеси көз алдыбызга тартыла түшөт:
Жаткансып ичинде тар кумуранын,
Жан-жакка санаа менен урунамын.
Түндөр ай неге узаксың зарыктырган,
Тез кайтчы, айланайын сулуу таңым!

Мен эженин элесин көз алдыма тарткым келди, бирок тарта албадым. Анткени мен эженин көзүнө бир да жолу тике караган эмесмин, анүстүнө адамдын сырткы турпатын сүрөттөө талантын Теңирим мага бербептир.

Элес-булас гана көрүнөт. Ак жуумал ыраңы. Жүзүндөгү билинер-билинбес сепкили…

Бирок, кызык, мен ушул элес-булас элестин далдасынан бажырайган бир элести көрөм. Мына ушул көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон, бирок мен кадимкидей эле көрүп турган элес мага кандайдыр бир жылуу мээрим чачып тургансыйт. Ал элес — эженин назиктиги, анан жаракөрлүгү. Мен эженин келбет-сымбатынан мурда мына ушул экөөнү көрөм.

Редакция кызматкерлерин кара жумушка жиберерде башредакторубуз Барктабас Абакиров дайым минтер эле:
— Жумаканга тийбегиле. Ооруп араң жүрөт окшойт.

Ушул сөздү угарым менен менин көз алдыма эжеден мурда анын жогорудагы эки касиети тартылчу: назиктиги, анан жаракөрлүгү. Анан минтип ойлой берчүмүн: кызык, ушундай сулуу болуп туруп эмнеге ооруйт?

Мен эжеге бир да жолу сүйлөгөн жокмун. Бирок эже мага сүйлөчү. Азыр мен силерге эже мага эмне дегенин айтып берейин деп жатам.

Биз анда чоң трактор катуу өтүп кетсе, анын үнүнө кулап кетчүдөй болуп араң турган узун имаратта иштечүбүз. Эже төркү, мен оозгу бөлмөдө отурчумун. Ал эшикке кирип-чыкканда, эмне кылып жатат дегенсип мага көзүнүн кыйыгын салып өтөр эле. Кээде редакциядагылар жер түгөнүп калгансып, толгон жерден менин жаман үстөлүмдүн жанында адабият жөнүндө кызуу маек курушчу. Акыры келип мага токтошчу.
— Бейшебайдан акын чыкпайт, — дечү эже ойлуу да, ишенимдүү да. — Бейшебайдын мүнөзү таптакыр бөлөк, акындардыкына деле бир окшобойт. Бейшебайдан мыкты журналист же жазуучу чыгар, бирок акын…- башын чайкап койчу.

Бул мага катуу тийчү. Арданчумун. Анда мен өңгөгө билбейм, өзүмө жаккан жалындуу ырларды жазчумун. Эженин сөзү катуу тийсе да жаза берчүмүн. А эже эч ким жокто, өзүмө дагы айтчу. Азыр да кулагыма жаңырып турат:
— Бейшебай, айланайын, сенден акын чыкпайт. Сенин кыялың таптакыр бөлөк. Мына, акындарды карачы…

Кайсы кыялды айтып жатат? Кыялыңдын бул жерде эмне кереги бар деп ойлочумун. Бирок эжеге үн катчу эмесмин. Ал бир аз жанымда турчу да, жооп күткөндөн чарчагандай төркү бөлмөгө акырын кирип кетер эле.

А мен жаза берчүмүн. Бирок бирөө да чыккан жок. Баары жарабай калды. Жок, бирөө жарады окшойт. «Нарын правдасында» 8-мартка карата ырга конкурс жарыяланып, менин да эне жөнүндөгү бир ырым чыккан. Эми ойлосом, редакциядагылар ырымды өзүбүздүн балабыздыкы эмеспи деп «жаратышса» керек.

Кийин-кийин, бир жагынан илим доктору болуп, экинчи жагынан аңгеме, повесттерим удаа-удаа жарыяланып жаткан учурда менин Дүйшеевден эмнем кем деп кайрадан ыр жазып көрдүм. Чыкпай койду. Ошондо эженин назик жүрөгүн эстедим…

Эже мени «ийлегени» менен башкаларды көкөлөтүп турчу. Деги эле эже дайыма артын кылчак-кылчак карап, негедир тынчсызданып жүрөр эле. Өзүнөн кийин келаткан муун жөнүндө толкунданып да, тынчсызданып да кеп кылып жатканын көп уктум. Бир-экөө өзгөчө эсимде калыптыр. Роза Карагулова жөнүндө бөтөнчө бир сүймөнчүк менен айтчу. Кат жазышып турушса да керек эле. Айтып-айтып келип, акырында муңайып: -күйөөсү ичет окшойт, — деп койчу акырын.

Анан бул жарыкчылыкта өзү эле жалгыз калгандай эч нерсеге көңүл бурбай, алдындагы эки баракка тигилчү. Сыягы, ал Роза эжеден келген кат болсо керек…
— Ат-Башыдан бир бала өсүп келатат. Жетим экен. Ырлары тим эле укмуш! — деп эже барбалаңдап сүйүнүп жатканын бир жолу кулагым чалып калды. Эже дагы эле айтып-айтып келди да, бир маалда тык токтоп — кийин ичип кетпесе экен, — деп койду ойлуу.

Чын эле, ошол «укмуш» укмуш экен. Көп өтпөй эле мурдун барбайтып Шайлообек Дүйшеев деген бир жылдыз жанып чыкты.

Кызык, эже эркектерден бир талант чыгып келатса ичип кетпесе экен деп, кыздардан келатса күйөөсү ичпесе экен деп өзүнчө эле санааркай берчү.

Айтпадымбы, бейрасмий «жыйындар» көбүнчө менин жаман үстөлүмдүн жанында өтчү. Кээде редакциядагы эже курлуу эркек-аялдар өздөрүнчө эле кужуңдашып, бир маалда эле сырдуу күлүп калышчу. Мен түшүнчү эмесмин, каттар менен иштей берчүмүн. Мени байкай койгон эже ыңгайсыздана:

(Уландысы бар)

Бейшебай УСУБАЛИЕВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий