Улутту жок кылуу усулу же маданиятты маңыроо кылган кимдер?

Деги эле эгемендик алгандан бери маданият тармагы жыргай элек. Бирде министрлик болсо, бирде департамент, бирде агенттик болуп, кээде билим берүү министрилигинин алдына кире качкан учуру болгон. Ошол эле мезгилде бул тармакты курулушчусу да, башкасы да башкарып келди. Бир караган адамга мындай көрүнүш Акаев менен Бакиев саясатынын жөн гана алаңгазарлыгы сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бирок баам салсаңыз, бул кыргыз маданиятын, адабиятын жыйынтыктап айтканда, кыргыз улутун, мамлекетин талкалап жок кылуунун атайын планы болгондой. Ааламдашуу жүрүп жаткан кезде өзүнүн маданияты жок, руху, духу көтөрүлбөй, чачкын идеологияда жашаган өлкөнү будуң-чаң кылып башкаруу же жок кылуу оңой эмеспи. Акаев кезинде КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Кыргызстанда жазуучулар, сүрөтчүлөр жана композиторлор союздары коомдук уюмдар деген шылтоонун негизинде 1996-жылдан бери мамлекеттик каржылоодон ажырашы, маданият мекемесинин жогоруда айткандай, бирде министрлик, бирде агенттик болушу, Бакиев кезинде бул саясаттын андан ары ийгиликтүү улантылышы жөн эле жерден келип чыкпагандай.

Макстын саясаты маданиятты да жайлаганбы?
Жөөттөрдүн акылы менен жүргүзүлгөн бакиевдик башкаруу реформасынын шылтоосу менен Маданият жана маалымат министрлигинин кичирейтилип агенттик деп аталышы, мамлекеттик тил комиссиясынын департамент болуп кайра түзүлүп Маданият агенттигине баш ийдирилиши, эл аралык ЮНЕСКО уюмунун Кыргызстандагы комиссиясы жоюлуп тышкы иштер министирлигинин бир бөлүмүнө айланышы, Улуттук китеп палатасынан «улуттук» деген статустун алынып салынышы, Данияр Үсөнов өкмөтүнүн айылдык китепканаларды жоюп, аларды мектептерге өткөрүп берүү маселесин карашы, кыргыз драмтеатрынын эки жылдан бери иштебей турушу, мамлекеттик заказдын жоктугунан жана каражат бөлүнбөгөндүктөн опера балет жана орус драмтеатрларында кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынын дээрлик коюлбай калышы, кыргыз киносуна жасалган мамлекеттик мамиленин кайдыгерлиги, ал эми «Кыргызтелефильм» студиясынын жоюлуу коркунучу туулушу, батышты туурап үй салууга басым жасалып, улуттук архитектурага көңүл бурулбай калышы, мамлекеттик башкаруу аппаратарында чыгармачыл уюмдардын өкүлдөрү иштебегендиги жана ЖКда алардын кызыкчылыгын коргогон депутаттардын жоктугу чындап эле кыргыз маданиятын атайын талкалоо болгонун билгизет.

Кыргыз маданияты азыр батыш жана чыгыш маданияты деген чо-оң эки лагерге бөлүнүп алып кармашып жаткан учуру. Негизи эле маданият деген эмне? Грек тилинен которгондо бул термин «жер иштетүү» деген түшүнүктү берерин билебиз. Биздеги калыптанган ой-жорум боюнча маданият деген бул — кийинүү. Маданият деген бул — тамак-аш, жүрүм-турум. Маданият деген бул — музыка, кино, живопись, адабият. Демек, азыр ушул багыттардын ар бири батыштыкы жана чыгыштыкы болуп бөлүнөт. Кыргыз коомчулугу ушундай агымдардын ар биринде жүрөт. Албетте, минтип эки бөлүнүүчүлүктүн негизги себеби — биринчиси, мамлекет тарабынан түзүлүп берген жогорудагы «шарттар», экинчиси, рухий деңгээлибиздин жардылыгы. Руханий пайдубалыбызды алдырган үчүн ар кайсы саясый топко бөлүнүп, ар кайсы маданиятты ээрчип жүрөбүз. Спорт чеберлери духун алдырса жеңилип калгандай эле рухий духубуз сынып баратат. Бул албетте, биздеги ар кандай диний секталар, ар кандай кинолор тарабынан ишке ашууда. Алар кыргыз коомчулугун аңги жана маңги абалга кириптер кылды. Бул абалдан чыгуунун дүйнөлүк практикада бир гана жолу бар. Ал ошол улуттун өз жанына, өзөгүнө жабышуусу. Башкача айтканда, учурда кыргыз коому ууктар түндүккө жабышкандай эле өз өзөгүнө ыкташ керек. Ал өзөк — улуттук баалуулуктарыбыз, маданиятыбыз.

Жогоруда айтылып кеткендей, маданиятка жасалган мамилелерден улам мамлекеттин негизин түзүүчү улут кыргыз этносунун руханий байлыгына каршы уюштурулган тымызын чабуулду байкасак болот. Албетте, бийлик сөз жүзүндө таптакыр башкача айтышкан. Мисалы, экс-президент А.Акаев да, андан кийин К.Бакиев да ата-бабалардан калган «маданий мурастардын», «көчмөндөр цивилизациясынын» улуу салттарын сактоону жана улантууну айтышып, ошол эле убакта кыргыз мамлекетинин келечегине коркунуч туудурган кандайдыр бир кара күчтөрдүн бийлик кылышына шарт түзүп беришип, мындай жылма саясат менен маданияттын негизи болгон улуттук элементтерди кыйратып жүрүп отурушкан. Эми президент болгондон кийин алар деле орус окумуштуусу Д.С.Лихачев «маданиятсыз экономика өнүкпөйт» деп айтканын, негизи эле бул сөз акыйкат экенин эң сонун эле билишкен чыгар. Аныгында эле бир тыйындан кураган экономикаңды маданияты жоктор заматта эле мародерлук кылып кетет турбайбы.

Керкисинде да, кемигинде да бар
Чыгармачыл кишилер назик болушат, буларды башкаруу кыйын десе эле алардын чырдашып, муңдашып, сыйлык албай калганына таарынып, интрига жүргүзгөнгө маш болуп кеткен маданият кызматкерлерин көрүп күйөсүң. Негизи нукура таланты жок өнөр адамы кандайдыр бир наамдар менен калкаланып жүргөндү жакшы көрүшөт дешет. Азыр жаратканы жарыбаган халтура, сураганы Нобель сыйлыгы болгон шалдамалар чекеден табылат. Анүстүнө мамлекеттик сыйлыктар адилет бөлүштүрүлбөй келет. Сыйлыктар сатылып жүргөнүн, мындан маданият тармагы өтө коррупциялашып кеткенин айтып жүрүшөт. Албетте, буга мамлекет тарабынан туура эмес жүргүзүлүп келаткан саясат күнөөлүү.

Учурда кыргыз маданиятынын өзөгүн түзгөн чыгармачыл интеллигенциянын басымдуу бөлүгү кудай ургандай кошоматчыга же теңирден тескери кеткен тентигулга айланды. Кезегинде Акаевди тепкилеп, Бакиевди мактап, анын колунан сыйлык, үй алгандар 7-апрелден бери Бакиевди тепкилеп, убактылуу өкмөттү мактап жатышат. Мисалы деп эле чекесинен санап ийгиң келет, бирок… алардын баарын эл билет. Анан кайсы маданияттуулук тууралуу айта алабыз? Маданият ишмеринин ички маданияты да күчтүү болуш керек эле да. Айтор, жыйырма жылдан бери маданият тармагында айтылган иш көп, жасалганы аз. Султан Раев жаңы бийликке келгенде фонограмма менен ырдаган жеңил-желпи эстрада ырчыларынын «көзүн тазалайм» деп опурулду эле. Тилекке каршы, министрлик креслосун өз чыгармачылыгын өркүндөтүү үчүн пайдаланып жүрүп, айткандарын жасаганга колу тийбеди. Ал эми агенттик болуп кичирейгенден кийин келген Ибрагим Жунусов Бакиевдин солдаты боюнча келип, солдаты боюнча кетти.

Эмнеге журналисттен министр чыкпаш керек?
Убактылуу өкмөт Маданият министрлигин түзүү тууралуу декрет кабыл алган. Анын жобосу боюнча КР Маданият министрлиги бир айлык мөөнөттө министрликтин жобосун, түзүмүн жана башкаруу схемасынын долбоорлорун иштеп чыгып жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизиш керек. Бизге жеткен маалыматтар боюнча учурда бул министрлик агенттик болгон учурда жоюлуп кеткен айрым бөлүмдөрдү кайра түзүүнүн жана декретте көрсөтүлгөндөй жаңыча структураны бекитүүнүн үстүндө иштөөдө. 7-апрелдин шары менен бул мекеменин башчылыгына мурдагы милиция кызматкери, кийин журналист болуп жүргөн Рыскелди Момбеков келгенде коомчулукта, маданият кызматкерлеринин арасында, министрликтин ички жамаатында эмнеге маданият министрилигине бул тармакка тиешеси жок адамды алып келишти деген нааразычылыктар болгон. Албетте, мындай пикирлердин болушу жүйөлүү. Чындыгында Рыскелди Момбеков мамлекеттик башкарууда жаңы жүз. Буга чейин аткаруу бийлигинин тепкичтеринен өткөн эмес. А бирок журналистика менен алектенген адисти маданиятка тиешеси жок деш болбойт го. Акаев мезгилинде кесиби курулушчу болгон адис деле маданият министри болбоду беле… Мен жаңы жетекчилик тууралуу министрликтин жамаатындагы айрым кызматкерлерден сурамжылап көрүп, Момбеков аз убакыттын ичинде өзүнүн чечкиндүүлүгү, шарлыгы менен жамааттын жарымын жакшылыктан үмүттөндүрүп койгонун билдим. Ошол эле учурда белгилүү маданият ишмерлери «бизге азыр башка тармактан келген Рыскелдидей жетекчилер керек. Султан менен Ибрагимдей чыгармачыл кишилер келсе өз кызыкчылыгын көздөп кетишет экен» дешет. Мүмкүн чындап эле ушундайдыр… Бирок иш дегениң бир гана чечкиндүүлүк менен эле бүтө бербейт. Антсе да аңдап туралы, канткен менен жаш жетекчи эмеспи, үйрөнүп кетер.

Бул кызмат ордуна кээ бир чыгармачыл уюмдар «Айтышты» адам кылган, учурда «Айтышфильм» киностудиясын уюштуруп, кыргыз киносун кулагынан чоюп, өстүрүп-өнүктүрүүгө зор салымын кошуп жаткан Садык Шер-Ниязды сунуш кылышты эле. Курсагы ток, тажырыйбасы мол, маданиятты жакшы түшүнөт, барган жерин гүлдөтүп жеберет деген таризде. Ырасында эле ошондой экенинен эч ким шек санабайт. Бирок жакында Сакең «Балдардын сынагынан сынбайсыңбы?» деген телеберүүдө ушул багытта берилген суроого шак эле «Менин агам Болот ИИМ министринин милдетин аткарып жатат. Биз бийликте эки Шерниязов жүрүшүнө жол бербейбиз» деп бул соболго чекит койду. Ким билет, мүмкүн кийинчерек бул позиция өзгөрүп кетер. Иштин кызыкчылыгы үчүн кандай мышык болсо да чычкан кармаса болду деген сөзүбүз бар эмеспи. Эгер чындап келгенде учурда мышык ыйлагыдай акыбалда турган маданиятыбызды көтөрүш үчүн бүгүн бул мекемеге таза, заманбап ой жүгүрткөн өтө күчтүү жетекчи керек.

Эмне кылуу керек?
Бүгүнкү күндө маданият тармагынын жогоруда айтылган маселелерин кантип чечебиз деген маселе келип чыгат.

Биринчи, улуттук маданияттын, улутка күйгөн инсандардын жана демөөрчүлөрдүн чоң жыйынын өткөрүп, маданиятты кантип улуттун руханий өнүгүшүнө салым коштурабыз, кантип элдин табитин тарбиялайбыз деген маселени талкууга алып чыгыш керек. Балким ошондой форумду такай иштей турган коомдук институтка айландыруу зарылдыгы чыгышы да мүмкүн. Ошондо бул тармакка тиешелүү тараптардын ортосунда байланыш болуп, көптөгөн жакшы сунуштар пайда болот.

Экинчи жолу — маданият министрлигинде ар бир тармак боюнча көркөм кеңештерди ачып, ага өнөрү эле эмес калыстыгы менен да таанылган, абройлуу адамды киргизүү жана аны кандайдыр эталонго айландыруу. Кайсы бир жагынан алганда бул административдик ыкма. Мисалы, фармакологияда «Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунуш кылынган» деген атайын жазуу дары-дармектин канчалык ишенимдүү экенин көрсөтүп турат. Бул көркөм кеңештердин тыянактары да ошондой күчкө ээ болууга тийиш. Бирок мунун бир коркунучтуу жагы — акты сүйлөгөн акындарды, турмуш чындыгын көрсөткөн режиссерлорду алып чыкпай, өз тааныш-билиштерин алып чыгышы да мүмкүн. Бирок баары бир азыркыдай табит бузган халтура азая түшөт эле.

Эң негизгиси, Кыргызстан жаңы маданиятка, ага болгон мамлекеттин жаңыча мамилесине муктаж. Маданият батышка-чыгышка эмес, улутубуздун, мекенибиздин кызыкчылыгына, атуулдук мамиленин өөрчүп-өсүшүнө, табиттин жакшырышына кызмат кылып, тарыхка, азыркы заманга жана келечекке карата элдин көзүн ачып, көкүрөгүн тазалашы зарыл. «Улуттун кызыкчылыгына кызмат кылбаган өнөрдүн эч кимге кереги жок. Ушуну түшүнө турган учур келди» дейт «Улутман» идеологиялык борборунун негиздөөчүсү Жыргалбек Касаболотов.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий