Эне тилибиздин жоголуп кетишине жол бербөөгө тийишпиз

Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбооруна карата ой-пикирлер, сунуштар

Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары өзүнүн милдетин толук кандуу аткарылышына багытталган иштерде мен кыргыз катары күйөрман болуп, бир нече макалаларым өлкөнүн массалык маалымат каражаттары тарабынан чагылдырылып келүүдө. Алсак, Тил мыйзамынын 20 жылдык юбилейине карата республиканын Жазуучулар союзунун «Кыргыз адабияты» гезитине «Кыргызча сүйлө кызматкер», мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили» гезитине «Улутубуздун жаны, аң-сезими болгон тилибизди сактайлы», «Общественный рейтинг» гезитине «Быть государственному языку!» ж.б. аттуу көлөмдүү макалаларым жарыяланган.

Ар-намыстын асабасы, албетте, бул тил! Эне тил! Эгемен эбегейсиз кыргыз тили! Болгондо да, аалам сырын камтыган, алп дастан «Манасты» жараткан кыргыз тили. Демек, кыргыз тили, кыргыз дили, кыргыз дити, кыргыздын көөнөрбөс түбөлүктүү Көкө Теңир дини! Демек, Кыргыздын тили, түрк гана тилдүүлөрдүн эмес, көптөгөн тилдүүлөрдүн башаты. Бекеринен, «Манас» кыргыз тилинде айтылбайт. Дастан «Манас», мезгил өңдүү түбөлүктүү, мезгил өңдүү карыбайт да арыбайт! Демек, кыргыз тили тирүү, түбөлүктүү тил!

Атактуу акыныбыз Э.Ибраев айткандай, ар бир улуттун улуттугун далилдеген эң негизги белгиси — ошол элдин эне тили болуп саналат. Кыргызстан деген мамлекетте кыргыз тили «Мамлекеттик тил» деген даражага ээ болгондугуна 20 жылдан ашканына карабастан, кыргыз тили толук кандуу колдонулбай келе жаткандыгы «мен кыргызмын» деген өлкөнүн жарымынын жүрөгүн сыздатышы мүмкүн.

20 жылдын ичинде эне тилибиздин өлүмтүк абалына келишине, биринчиден, кыргыз бийлигинин тилге карата жасаган кайдыгер мамилеси болсо, экинчиден, мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтеринде эмгектенип жаткан көпчүлүк чиновниктердин эне тилин билбей, орусча сайрап, «киргиз» болуп жатканында. Жазуучу Ч.Абыкеев белгилегендей, «кыргыз тилин сырттан келгендер жоготпойт, аны ичтен чыккан эле «киргиздер акырындык менен жоготот». Кыргыз чиновниктери эне тилин өздөрү толук түшүнбөсө, кеңири сүйлөй албаса, анан ушулардан дегеле кыргыз тилин өнүктүрүүнү күтүүгө болобу, айланайындар! Турмушубузда көп эле кездештирип жүрөбүз, «мамлекеттик тилде сүйлө, жаз», — десе эле, «мен расмий тилди (орус тилин) билемин, мамлекеттик тил менен расмий тил бирдей мааниге ээ»-дешип, демогогиялык шылтоону бетине кармап, кыргыз тилин үйрөнүүдөн качуу үчүн «лазейка» катары пайдаланылып жатат деген ойго келүүгө аргасыз болот экенсиң.

Мен ушул кезге чейин бир нерсеге такыр эле түшүнө албай койдум. Эми кудайга шүгүр, элибиз эгемендик алганына 20 жылга тете болуп калды, бирок ушул маселеге келгенде эле (тил маселесине) эмнегедир биз, кыргыздар Маскөөнү карап жалтактайбыз. Мамлекетибиздин башкаруу органдарындагы ар кандай жыйындар көпчүлүк убактарда орус тилинде өткөрүлүп, кыргыз тилинде сүйлөөнү эмнегедир эрөөн көрүшөт. Айланайын кыргызым, бир гана нерсени жакшы түшүнөлүчү, маңкурттар гана өз эне тилин чанбаса, акыл-эси ордундагы кыргыз журтчулугунун өкүлдөрү өз эне тилин эч убакта чанбайт.

Өтө тездик менен өзгөрүлүп жаткан бүгүнкү ааламдаштыруу доорунда бизге окшогон майда улуттар өздөрүнүн улуттук аң-сезимин, улуттук жүзүн, демек, эне тилин сактап калууга болгон аракеттерин жумшап келишет. Маселен, алсак, Латвияда кийинки убактарда кабыл алынган тил мыйзамына ылайык, эгер өлкөнүн бардык жарандары улутуна, ээлеген кызматына карабастан, иш үстүндө латыш тилин тийиштүү деңгээлде колдонбосо, же жеткиликтүү деңгээлде билбесе, алар олчойгон айыпка кириптер болушат. Ал эми коомдук жайларда илинген көрнөк-жарнактар кокус латыш тилин аттап өтүп, башка тилде жазылып калган болсо, жарнак ээлери 200 доллардан 400 долларга чейин айыпка жыгылышат. 2000-жылдан баштап, бул өлкөдө мамлекеттик мекемелерде документтерди, арыздарды орус тилинде кабыл алуу кан буугандай токтотулган.

Дагы бир белгилеп кетерим, мен билгенден өз тилине болгон жогорудагыдай сый мамиле бир гана Латвияда эмес, Балтика боюндагы бардык өлкөлөрдө, Украинада, коңшулаш Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жүргүзүлүүдө. Тажикстандын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамында мамлекеттик тилди билбегендер жооптуу кызматтарга алынбагандыгы жана ошол эле учурда тил мыйзамын бузгандар 160 АКШ долларынын эсебинде айыпка жыгылары тууралуу белгиленген.

Бул өлкөлөрдүн жарандары өз эне тилинде сүйлөгөндүгү үчүн кадимкидей сыймыктанышат, өз мекени, эли үчүн күйүп-жанган патриоттордон болуп, «улуттук ар-намыс» деген сөздү ыйык тутушуп, өзүлөрүн жер жүзүнө даңазалашы кыргыздар үчүн жомоктогудай нерсе экендиги чын. Бул өлкөлөрдө мамлекеттик тилди билбеген жогорку даражадагы чиновниктерди жолуктуруу мүмкүн эмес.

Кийинки убактарда өлкөнүн беш миллиондон ашуун калкынын 70 пайызынан көбүрөөгү мамлекеттик тилде сүйлөй алганына карабастан, республиканын бардык шаарларында, райондордун борборлорунда балдарды кыргыз тилдүү мектептерден орус тилдүү мектептерге которуп окутуу тенденциясы күч алгандыгына күбө болуудабыз. Жада калса, көчөдө эмес, кыргыз мектептеринде кыргыз балдары окуу процессинин танапистеринде эне тилинде сүйлөгөндөн уялышып, тили келбесе да, орусча сүйлөшүп жаткандарын кантейин.

Мекемелерде, уюмдарда жеке ишканаларда, дүкөндөрдө, базарларда, же болбосо шаардын автоунааларында орусту кой, жетишип калгансып кыргызың да орусча сүйлөйт. Демек, элибиздин массалык түрдө орус тилине өтүп баратышы кыргыз эли, кыргыз улуту үчүн мындан өткөн коркунучтуу нерсе жок.

Бул жерде мен орус тилин эч кандай жээриген жокмун, элибиз орус, англис, француз, немис ж.б. тилдерди да үйрөнсүн, азыркы замандын шартында чет тилдерге болгон муктаж арта берет дечи, алгач, өз эне тилибизди биротоло жоготуп алууга эч кандай жол бербешибиз керек. Убагында Салижан аке тарабынан, эгер кыргыз тилине болгон кайдыгерлик улана берсе, кыргыз тилинин беш кылымдык аралыгында таптакыр жоголуп кетиши болжолдолгон. Менин оюмча, мамлекеттик тил мыйзамы 20 жылдап аткарылбай жүрө берсе, кыргыз тили жакынкы эле жарым, бир кылымдын ичинде өзүнүн жашоосун биротоло токтотушу мүмкүн.

Кылымдарды карыткан биздин кыргыз элибизде ата-бабаларыбыз баш болуп, «Эне тилин сүйүү эне сүтүнөн, эненин бешик ырынан башталат» — деп айтып келишкен. Уккулуктуу үн менен бешик ырын ырдап, наристени уктатышкан, эс тарта баштаганда «Манас» менен оозантып, эпосторду, дастандарды кырааты менен окуп берип, макал-лакаптарды туура колдонууну үйрөтүп келишкен.

Мен бул сөз менен «Манас» эпосу кыргыз эли үчүн гана терең мааниге ээ болбостон, ал дүйнө элдеринин эпикалык чыгармалырынын да башаты катары саналары баарыбызга белгилүү экенин айткым келип жатат.

Азыркы убакта кыргыз улуту үчүн эң коркунучтуу нерсе элибиз, айрыкча жаштар, жеткинчектер телевизор, компьютер аркылуу батыштын кандуу согуш кинолорун, адамдардын мушташып бири-бирин тоногонун, өлтүргөнүн, уяттуу эротикалык кылык-жоруктарын көрүшүп, өздөрүнчө кумарга батышкандай. Жаштарыбызга терс таасирин тийгизген ушундай терс көрүнүштөрдөн айрылуу максатында кеч болуп кала электе терс аранын ичинде бала бакчалардан тарта жогорку окуу жайларына чейин ушул убакка дейре үзгүлтүккө учурап келе жаткан «Манастаануу» сабагынын жүргүзүлүшүнүн толук кандуу жандандырылышы зарыл. Дагы бир баса белгилеп кете турган жагдай, талкууга алынып жаткан Башмыйзамыбыздын жаңы редакциясынын долбооруна маданиятты көтөрүү, тилди өнүктүрүү жана жайылтуу, улуттук мурасты сактоо ж.б. камтыган улуттук идеологияны — Манас идеологиясын киргизүү зарыл деп эсептеймин. Эмне үчүн дегенде, биз, кыргыздар, байыркы уюткулуу элибиздин руханий, маданий мурастарын сактап калуунун аркасында гана келечекте улутун, жерин, тилин сактап кала алган гүлдөгөн өлкөгө айлана алабыз.Өз жериңде, өз элиңде, өз эне тилиңде эркин сүйлөй албай коңшу жана башка өлкөлөргө шылдың эле болуудабыз.Улут катары кыргыз өзү силкинип тирилбесе, намыстанбаса, сырттан эч ким келип, тилиңерди эстегиле дебейт.

Баарынан да күйгүзгөнү, биздин аттуу-баштуу эле интелигенттерибиздин арасында «Бүгүнкү күнү кыргыз тили күнүмдүк турмуштун, карапайым эл сүйлөгөн көртирликтин тилине айланып калды, бул тил аскерий да, илимдин да, техниканын да, медицинанын да, саясий-экономиканын да тили эмес»- дегендеричи. Бул айтылгандар дегеле кудайга жакпайт. Бул деген биз бүгүн нигилизмге келип такаганыбызды, нигилизм бул улутсуз адамдардын оорусу дегенден кабар берет. Бул оорудан айыгыш үчүн кайрадан өз башатыбызга барышыбыз керек. Өз башатыбызга тил аркылуу гана бара алабыз, башка жол жок.

Башка улуттарды сыйлаган, басынтпаган, өз элин көтөргөн улутчул адамдардын баасы биз үчүн бүгүн алтын менен барабар болууда. Анткени ар бир улутту ушундай улутчул, адилеттүү адамдар гана сактап, өстүрүп келишкен. Маселен, саны боюнча кыргыздын бир канатынча келбеген авар элинин уулу Р.Гамзатов орус чиновниктеринин жүргүзүп жаткан тил саясатына каршы чыгып мындай деген: «Эгер тилим жок болору чын болсо, анда бүгүн жан кыюуга даярмын».

Мурда кыргыз бийлиги «орус тилин расмий тил кылбасак, өлкөдө жашаган орус туугандарды таарынтып алып, алардын орус массалык түрдө кетишине жол ачып алуубуз мүмкүн»-деп чочулаган. Чынын айтканда, айрым орус туугандардын кетип калуу коркунучу тилге байланыштуу эмес, алар өлкөдө түзүлгөн социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу кетип жатышат, келечеги күңүрт, жакыр мамлекеттен кетпегенде эмне кылышат.

Башмыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун талкууга алууда биздин кээ бир кыргыз жарандарынын арасынан Башмыйзамда (5-берене) орус тили расмий тил катары калышы керек деп айтып жатышат. Эгерде мындай норманы дагы калтырсак., мен жогоруда айтып жаткандай эле эне тилин жээрип, үйрөнүүдөн качышкан «киргиздер» үчүн дагы деле болсо «лазейка» катары кызматын уланта берерине күбө болобуз. Мындай айкөлдүк орус тилин расмий тил катары таануу КМШ өлкөлөрүнүн биринде да (Кыргызстандан башка) орун алган эмес.

Ошондуктан, эгер тил мыйзамынын аткарылышына дагы 20 жылдап күтпөйлү десек, кыргыз тили мамлекеттик тилдин милдетин толугу менен аткарсын десек, эне тилибиздин биротоло жоголуп кетишине жол бербейли десек, анда бул норманы Башкы мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорунан алып таштоо максатка ылайык. Эгерде бул норманы алып таштоого таптакыр эле мүмкүнчүлүк жок болсо, анда мамлекеттик тилдин толук кандуу колдонулушун тездетүүгө багытталган мажбурлоо нормаларын (мисалга келтирилген Латвия, Тажикстан сыяктуу) тил мыйзамына киргизүү зарыл. Анткени мындан ары эне тилибизден биротоло айрылып, улутубуз да жоголууга дуушар болушу мүмкүн.

Болотбек Ишеналиев, Кыргызстан профсоюздар
кыймылынын ардагери, пенсионер,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий