Зыйнат — Таластан чыккан даткайым

Апрелде болуп өткөн элдик төңкөрүш Кыргызстанда дээрлик 20 жылдай өкүм сүрүп келген үй-бүлөлүк-авторитардык башкарууну кулатып, эми Кыргызстан таптакыр жаңы демократиялуу коом куруу багытына кадам таштады. Турмуштун бардык чөйрөсү сыяктуу эле кыргыздын байыркы жана андан кийинки тарыхына да мындан ары жаңыча мамиле жасалат деген зор үмүт пайда болду. Ушул өңүттө Кокон хандыгынын тарыхында белгилүү орду бар Зыйнат датка жөнүндө элге анча белгисиз маалыматтарды жарыялайбыз.

Бул боюнча тарыхчылардан, жазуучулардан, тарыхка кызыккан окурмандардан кат-кабар күтөбүз.

Кыргыз элинин тарыхында аялзатынан чыккан «Датка айымыбыз» Зыйнат тууралуу элибизге кеңири маалыматтар белгилүү болбогону менен, акыркы жылдары бул инсан тууралуу мурдатан эле эл арасында айтылып, окумуштуулар арасында талаш-тартыштар туулуп келүүдө.

Зыйнат датка тууралуу маалыматтарды өзбек элинин окумуштуу -тарыхчылары Р.Н.Набиевдин, М.Алибековдун, кыргыз окумуштуу — тарыхчысы К.Молдокасымовдун, санжырачы Эсенкул Төрөкан уулунун эмгектеринде, өткөн кылымдагы орус окумуштуулары В.П.Наливкин, М.С.Наливкинанын эмгектеринде жазылып кеткен. Эсенкул Төрөкан уулунун «Сол канат санжырасы»1 аттуу китебинде «Зыйнат датка кадимки Шералы хандын бир тууган тайэжеси болгон. Ажыбек датка саруу элинин мыкты акылман аксакалы болгон» деп көрсөткөн. Автор бул жерде бир аз ката кетирип, Асперди ажы датканы алакчын уруусунан чыккан Ажыбек бий менен алмаштырып алган. (А.А.)

Зыйнат — акын, мамлекеттик ишмер, датка.2

Ошол доордогу кыргыз элинде гана эмес Кокон, Хива хандыктарында жана башка коңшулаш элдердин арасында чоң кадыр — баркка ээ болгон Асперди ажы датканын кызы. Өзүнүн атасынын азан коюп чыкырган аты — Ак Зыйнат.3

Зыйнаттын бала чагы Талас өрөөнүндө өткөн. Зыйнат бир тууганы Жаркынайым менен Шералы Коконго хан болгондон кийин, алар менен ордого кошо келген жана Шералы хан тарабынан «датка» наамы ыйгарылган. Зыйнат хан ордосунда сыйлуу элчилерди, сырт конокторду кабыл алуу кызматтарын башкарган.

Ал эми К.Молдокасымов өзүнүн макаласында Жаркынайым жана Сонайым, алар менен ордого кошо келген Жаркынайымдын синдиси, кийин ордодо көрүнүктүү орундардын бирин ээлеп, датка чинин алган, сөзгө чечен, ыр жандуу, дайыма шайыр жүргөн Зыйнат тууралуу М.Алибековдун эмгектерине таянып жазган.1 (Зыйнат Жаркынайымга сиңди эмес, эжеси болгон.)

В.П.Наливкиндин жана М.С.Наливкинанын 1886-жылы Казанда басылып чыккан «Ферганада жашаган жергиликтүү аялдардын турмушунан очерктер» аттуу китебинде: «Кокондо эки акын аял жашаган, биринчисинин аты Зыйнат, экинчисиники Махзуна. Алардын бири ачык жүз менен эркекче кийинип, хан сарайга келчү экен, анын «генерал-датка» деген наамы болгон. Экөөнүн тең казалдары Умархандыкы сыяктуу «Мажмут-уш-шура» атуу акындыр жыйнагына киргизилген» деп жазылган.2

Ал эми жогорудагы талаш-тартыштар, Х.Бабабеков В.П. жана М.С. Наливкиндердин эмгектери менен таанышкандан кийин, ушул эмгектерге таянып жазган, 1989-жылы Өзбекстандын «Еш күч» журналына жарыяланган макаласын, 1989-жылы 21-сентябрда «Кыргызстан маданияты» газетасына Токтобай Сулайманов кыргызчага которуп, «Изилдөөгө ылайык, Зыйнат — Курманжан датканын ыр жазгандагы аты» деп жарыялаган.

Ал бул макаласында «175 жыл бою бийлик кылган Кокон хандыгынын акырындагы ар түрдүү өкүм-заңына катышкан бирден-бир аял Курманжан датка гана болгон. Ал эми анын генерал наамына татыктуу болгондугуна саресеп салсак, анда Зыйнат деген ат Курманжан даткага гана тийиштүү экендиги айдан ачык» деп Курманжан датканын өмүр баянынан жана Зыйнаттын ырларынан кыскача баяндап кеткен. Х.Бабабеков Зыйнат тууралуу такыр билген эмес чыгар, ошондуктан жаңы табылгага түшүнү ал үчүн оордукка туруп, «Изилдөөгө ылайык» деп тема койгону бекеринен эместир.1

Бирок Х.Бабабековдун эки анжы оюн андан ары бышыктоо, колдоо иретинде СССР Илимдер академиясынын Казандагы филиалынын аспиранты Сатыбалды Мамытов да «Ала-Тоо» журналына (№8, 1990 ж.) «Революцияга чейинки кыргыз адабият тарыхындагы жаңы ысымдар» деген макаласын жарыялап, анда Зыйнатты Курманжан катары далилдөөгө аракет кылган. Бул макала элибиздин аң-сезимине сиңип, элибизге Курманжан — Зыйнат акын катары коомдук пикир катары түзүлүп калган. Андан ары С.Мамытов 1992-жылы Казань шаарында филология боюнча коргогон кандидаттык диссертациясында Зыйнаттын Курманжан датканын ыр жазгандагы жашыруун аты деп дагы бир жолу туура эмес бышыктап салган. Бул жерден С.Мамытов маселени терең талдоого албай, үстүртөн мамиле жасаган.

(Уландысы кийинки санда)

Алмаз АБАСБЕКОВ — Ж.Баласагын
атындагы КУУнун окутуучусу,
«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий