Элмирбек ИМАНАЛИЕВ, төкмө акын: «Акындыгым — «кайнап турган саясат»

5555Акындардын дүйнөсү, көкүрөгү журту менен жуурулушуп турат эмеспи. 7-апрель окуясын акындар жүрөк дирилдеткен саптары менен ырдап чыгышты. Алардын жоктоо ырлары теледен, радиодон байма-бай уктурулууда. Мындан улам, биз белгилүү төкмө акын Элмирбек ИМАНАЛИЕВ менен каргашалуу күн, бийлик, эл, элге жакын акындар табияты тууралуу маектештик.

— Элмирбек, кыргыз өз башынан кечирип жаткан күндөр тууралуу эмне айтасың?
— Биз, акындар башынан эле эл менен аралашып, алардын турмушун, көйгөйүн болгонун болгондой, көргөнүбүздү көргөндөй заман талабына жараша айтып берүүгө даяр жүрдүк. Акындын башкы вазыйпасы да ушул. Ал эми 7-апрелдеги окуя кыргыз тарыхында болуп көрбөгөндөй кейиштүү окуя. Болуп көрбөгөндөй дегеним, кыргыз эли сырткы душмандан кордук көрсө көргөндүр. Маселен, Манас атабыз кытай, калмак менен чабышып, кыргыз эли анда бир кырылса, андан кийин 37-жылкы репрессияда тоталитардык режимдин аркасында улутту жок кылуу үчүн 130дай алдыңкы эр-азаматыбыз атылып, кыргыз анда бир кырылды. Ал эми мындагы өзүбүздүн бийликтин өзүнүн элине ок атышы жүрөккө абдан катуу тийди. Мына ушундан улам, бардык акындар жүрөктөн чыккан арманыбызды, күйүтүбүздү айттык. Менин жеке жоктоо ырымда, баса белгилеп айта кетишим керек, биринчи бөлүгүндөгү саптардын айрымдары акындар Шайлообек Дүйшеев менен Кыялбек Урманбетовдун калемине таандык. Экинчи бөлүгүндөгү саптар өзүмдүкү. Курман болгон балдар кыргыз эли түшүнүккө кирсе деп, бир үйбүлөгө баш ийбөө керектигин билсе деп өлүп кетишти, жаңы келген бийлик да муну эстеп жүрсүн деп өлүп кетишти. Албетте, бийлиги жок эл болбойт, байлыгы жок жер болбойт. Азыркы биздин мамлекет башыбызга келгендер да ушу нерсени эске алышы керек. Ушу жылдын февраль айында эле «Акындар акты сүйлөсө…» деген өнөр аземи болуп өттү эле. Ошондо «Өткөндөн таалим албаган, өкмөткө таң калам» деп ырдагам. Азыр бизде таалим ала турган нерселер жетишерлик болду деп эсептейм.

— Акындар эл ичинде демекчи, айыл эли менен жолуккан күндөрдөн эскерсең…
— Карапайым калк бир да аткаминерге, бир да бийлик кишисине айтпаган көйгөйүн, чыныгы турмушун бизге — акындарга айтат. Өкмөттөгүлөр барса аларга сөзсүз түрдө жылмалап жеткиришет. Жакшынакай жолдор менен алпарып, жетиштүү жашаган адамдыкына тай союп конок кылышат. Андай жерге да ошол сыяктуу адамдар чогулат. Анан «баары жакшы, оңолуп калдык, жыргап атабыз» деп жолго салышат. Ушу Аскар Акаев кыргыздын нагыз турмушун көрбөй келген боюнча көрбөй эле кетти. Бакиевден үмүт кылдык эле, а деле жыргаткан жок. 2007-жылы акын-манасчылар өзүбүз демилге көтөрүп, Алайдын чек арадагы Ак-Босого деген айылына барып калдык. Карапайым аталар, апалар колунда болгонун жайнатып, 2-3 саат ырдап бердик. Анан ошолор «Бакиев балабызга айта баргылачы…», «Тигиге айта барсаңар боло…» деп кем-карчын айтып келишет. Ошондо биз «Кантип күн көрүп атасыздар?» десек, баары күлүп: «Бизди Чынара багып атат» дешти. «Чынараңар ким?» десек, көрсө, Россияда иштеген бир кыз бар экен. Ошол кыз Ак-Босогонун бир көчөсүндө жашагандарды Россиядан керектүү нерселерин, каражатын салып жиберип камсыз кылып турат экен. Бул бир эле мисал. Ушундайларды угуп-көрүп, айтайын десең, айттырбайт, ММКдан чыгайын десең, сөзсүз кыскартат же кесип салат. Бирок, буга да карабай ушуга чейин акындардын ар бири өз принцибине жараша акты ак деп, караны кара деп ырдап келди.

— Бийлик акындардын айтканына канчалык деңгээлде кулак төшөдү?
— Акындардын айтканы дайым эл көп чогулган жерде айтыш формасында кетет эмеспи. Чындыгында акындарды угууга атайын элди топтоп, «сөзүңөрдү, үнүңөрдү айткыла» деп шарт түзүп берүү — бул мамлекеттин милдети. Тилекке каршы, бизде андай болгон жок. Биз «айтыш өтөт» деген кызыкчылык менен акындарга байге коюп элди жыйнайбыз. Мисалы, бийлик оппозиция болуп кыйкырып чыкканына кызмат берип, оозун жаап көнгөн. Бул туруктуу системага айланып калган. Ошол сыңарындай, акындар ырдаарда эле: «Эмне болду, наам керек болуп атабы?» дейт. Булар угаарын укту, бирок, дароо эле «мындай кылып берейин, сен унчукпа» деп келишти да. «Булар айтып атат, эл ичинде жүрүшөт, сөзүндө чындык бар, кой, ушунча элдин көкүрөгүнөн сыгылып чыгып аткан нерсеге маани берели, мындай иштейли, эртең кеп-сөзгө калбайлы» дегидей сөз айтышкан жок.

— Бул дагы ошол төбөлдөрдүн кыргыз дүйнөсүнөн, уюткусун уютуп кармап турган өнөрүнөн кабары жоктугунан улам болгондур…
— Туура. Улутту улут катары баалап, улутту улут катары сүйгөн, кыргыздын дүйнөсүн түшүнгөн жетекчи болгон жок. Биздин шорубуз эле — ушу. Акаев Манас тууралуу көп эле жерде доклад жасап калчу. Анын баарын балким Каныбек Иманалиев жазып бергендир, кээде Акбар Рыскуловдун тили экени көрүнүп эле турчу. Жарыктык киши, балеттен башканы түшүнбөй койду да. Ленинградда окуганынын таасириби, сүйлөсө сөздү тээ алыстан баштап, кыргызга жан дүйнөсүн төшөй алган жок. Мына шору. Бакиев «чү» деген эле жерден аянтта анжиян бийин бийлеп турду го. Ушул президенттин деңгээлиби? Ушуларды өзүмдүн кайрылуу саптарымда камтып кеттим эле:
А дегенде «А» келди,
Аябагандай тынч эле.
Анткени менен жумушту,
Аялы менен кылчу эле.
Балеттен башка өнөргө
Түгөнгүр,
Башын кашып турчу эле.

«А» дан кийин «Б» келди.
Башында эле курч эле
Байкатпай туруп көп ишти
Баласы экөө кылчу эле.
Айкөлдүн даңкын алдырып,
Аялдар көзүн талдырып,
Анжиян бийин салдырып,
Аянтта бийлеп турчу эле.

Анан Манасты кантип алдырып ийбейли? Мына биздин эл башыларыбыз. Булар мындайча айтканда, улуттун жүзүн көрсөтүп турган өнөрлөргө өтө салкын мамиле жасап коюшту. Кыргыз эли ошол өнөрү менен ушул кезге чейин кыргыз болуп келатканын түшүнүшкөн жок.

— Такка отургандардын бийлик кумары баардык нерседен күчтүүлүк кылып кетип жатат да…
— Бийликке барганда бийлик кумарына берилип, делөөрүп мас болуп кетүү — бул ошол адамдын дээринде жоктугу. «Мурда жакшы эле болчу, бийликке барып бузулуп кетти» деген сөздөрдү угуп эле жүрбөйбүзбү. Бирок, бир жакшылап ойлонуп, акыл калчап көрсөң мурун эле ушундай белгилер ал адамда бар экенин байкоого болот. Мисалы, кыргыздын эмне деген гана эл башылары өткөн? Азгырылса ошолор азгырылат эле го. Ушу убакка чейин Искак Раззаков көпкөн деп уктукпу? Жусуп Абдракманов бийликке барып өзгөрүп кетиптирби? Жок. Алар керек болсо Москванын үстөмөндүгү күч болуп турган кезде кыргыз элин ач калтырбай сактап калууга дарамети, кудурети жеткен. Бул, менимче, адамдын өзүнөн.

— Сөзүбүздү чыгармачыл дүйнөгө бурсак. Бир кезде кыргыз-казак айтыштары абдан күчтүү чыкты эле. Азыркы тапта эки элдин акындарынын ортосундагы мамиле кандай? Айтышып турасыңарбы? Алардын акындык дарамети канчалык деңгээлде?
— 2001-жылдан 2004-жылга чейинки аралыкта казак акындар менен болгон байланыш абдан катуу болду. Ошол убакта эл аралык деңгээлдеги көптөгөн айтыштар өттү. Бир эсе казактардын чөнтөгү калың болуп, уюштуруу жагы мыкты болчу. Экинчи жагынан алардын президенти да абдан чоң колдоо көрсөттү. Бир ирет сахнадагы акындарга чыгып сын айткан райондун акими кызматынан кеткен учур болгон. Бирок эмнегедир азыр аларда да айтыш мурдагыдай өткөрүлбөй, солгундай түшкөнү байкалат. Антсе да, жеке мамилелер түзүлүп калган, азыр телефон, интернет аркылуу байланышып турабыз.

Казак элинде акындык өнөр 20-30-жылдар менен токтогон. «Төкмө» дегенди алар «сууруп салма» дешет. Ошону менен 90-жылдарга чейин сууруп салмаларынын учугу үзүлүп калган. Агезде биздин акындарыбыз Ашыке, Эстебес, Тууганбай аталар СССРдин Эл артисттери болуп турушкан. Казак жергесине барып, концертке катышып калышат. Ошондо «кыргыздар сууруп салмаларын филармонияда кармап жүрүшөт экен гой» деп ар-намысына келишип, жөндөмү барларды кагаз бетинен эле окутуп, мектеп арасында, район арасында айтыштырып жүрүштү. Ошентип жүрүп кайрып алышты. Бул боюнча бир кызык сөз бар. Жайында казактар Суусамырга келип жайлаган кезде малчылардын слету болот. Ошондо казактын бир акыны кагазын таш менен бастырып коюп Тууганбай Абдиев менен айтышып атат дейт. Ошондо Тукем:
Кагаздан да акын окуйбу,
Казактан көрдүм кокуйду.
Кагаздан акын окуса,
Кел, үчөөлөп алып окуйлу, —
деген экен. Казактар окуп айтышкандан уялышчу деле эмес экен. Биз деле күбө болуп калдык буга. Ошентип отуруп эгемендикти алышты да, 90-жылдары аябай көңүл бөлүшүп, өнүктүрүп алышты. Азыркы тапта казактарда мыкты, керек болсо кыргыздарга теңтайлашып калган акындар бар. А бирок, ички мазмунуна үңүлө турган болсок, албетте, тигилерде бул үйрөнгөн өнөр экени айдан ачык көрүнүп турат. Ал эми биздеги төкмөлүк кандагы нерсе, нукура өнөр.

— Жеке чыгармачылыгың сен үчүн эмне?
— Заман канчалык саясатташып кетпесин, Кубат Жусубалиев айтмакчы, адам саясый жаныбарга айланып кетпеши керек. Жеке чыгармачылыгым — бул менин тагдырым, дем алган абам. Өзүнчө бир аруу дүйнө. Акындыгым — чынында кайнап турган эле саясат. Элдин үнү, кулагы, оозу болуп тургандан кийин көйгөйдү айтууга, саясатка аралашууга туура келет. Кээде өкүнүп, «акындыкты коюп эле жай поэзияга өтсөмбү» деп ойлоп кетем. Атургай, 2-3 жылдай айтышка такыр чыкпай койгон учурларым болгон. Көрүүчү катары барчумун. Бирок, эл кечирбейт экен, артыңан түрткүлөп. Көөдөнүң да тынч болбой, табияттан берилген нерсе баары бир жаныңа тынчтык бербейт.

Канышай БЕШБАЕВА, «Көк асаба» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий