КР баатыры, эл акыны Сооронбай ЖУСУЕВ: «Эл мажүрөө, эл маңыроо дебеңер,Такыр күч жок эл күчүнө теңелер»

Кыргыз эл акыны, чебер котормочу, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Республикасынын баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Кыргызстандын эл агартуусунун мыктысы, Казакстандын кайраткери деген наамдардын, биринчи даражадагы Ата мекендик согуш орденинин, үчүнчү даражадагы Манас орденинин ээси, А.Фадеев атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлыктын ээси. «Ак шумкар», «Каармандыгы үчүн», «Даңк» медалдары менен, Кыргыз, Украина, Саха-Якут республикаларынын Жогорку Кеңештеринин Ардак грамоталары менен сыйланган, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмдун (ВОИС) Алтын медалынын ээси, Ош жана Бишкек шаарларынын ардактуу жараны Сооронбай ЖУСУЕВ 85 жашта. Кадырлуу аксакал 1925-жылы 15-майда жарык дүйнөгө келген.

Адабиятыбыздын Ала Тоодой аскасы болгон Сооронбай Жусуев, анын поэзиясы тууралуу ыр-пыр жазууга талапкер болуп жүргөн мендей «эмбрион»-калемгердин юбилейлик макала жазууга жасаган аракети күлкүлүүдөй көрүнүшү мүмкүн. Бүт өмүрүн поэзияга арнаган классик акын тууралуу калем кармаганды эми үйрөнүп келаткан бала эмнени айтмак эле дегендей… Анүстүнө адабиятчылар Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгын буга чейин эле тыкыр изилдеп, анын ар бир ырынын маани-маңызын чечмелеп берген. Бирок мен да акын Сооронбай Жусуев тууралуу бир-эки учурга токтолуп кетким келет. Аны ушундайда айтпаганда качан айтам.

«Өлөт башчы
«Эл!» дебестен «Мен!» деген,
Өнөт башчы «Мен!» дебестен «Эл!» деген»
Биз кээде эмне үчүн чыгармачыл интеллигенция саясатка кийлигишпейт, көз карашын билдирбейт деп күнөөлөп келебиз. Мен Сооронбай агайдын кийинки ырларын окуп отуруп, ал өз ырларында кыргыз элинин адилеттикке умтулган эл экенин айтып, бардык эле учурда саясатка карата өз көз карашын билдирип келгенине күбө болдум. Эзелтен эле акын өз пикирин ыр менен билдирет эмеспи. Көрсө, биз көчөгө чыгып алып кыйкырган популисттерге көнө түшүп, акындардын ыр менен айткан чындыгына көңүл бурбай эле «эмнеге митингге чыккандар арасында чыгармачыл интеллигенция жок?» деп кыйкыра берет окшойбуз.

Мисалы, «Тоолук эл» деген ырында акын сыпаа гана:
«Эл мажүрөө, эл маңыроо дебеңер,
Такыр күч жок эл күчүнө теңелер.
Томолотот тогуз катар тоскоолду,
Тогуз баллдай толкуп кетсе эл эгер.
Элет элин кемсинтишет өңгөлөр,
Энөө дешсе, момун дешсе, көнбөңөр.
Токтоо мүнөз, тоо пейилдүү, топуктуу
Тоонун элин түркөй жоош көрбөңөр» — десе, кийинки «Эл максаты — биримдик» деген ырында:
«Биз байыртан биримдүү элбиз кош канат,
Бир эле эмес бактыбыз бар кош кабат.
Түк бөлүнбөйт кең Чүй, Нарын, Ысык-Көл,
Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ош тарап.
Айтылса да алдоо сөздөр ар кандай,
Бекем туруп, ишенбей да алданбай,
Келечекке түз баратат элибиз,
Эл намыска, эл акылга абдан бай» дейт.

Ошол эле учурда акын Сооронбай Жусуевдин калкына болгон сүйүүсү, эл атына жамынып эл жегендер тууралуу жазган ырларында төмөнкүдөй элестүү саптар кездешет:
«Атайылап камынышып эл жешке,
Атаандаштын көбү чыкты мелдешке.

***
«Эмне болсо, ошол болсун эл!» деген —
Эмдиги ою эпчилдердин эл жеген.

***
Калыстык чындык менен достошо бер,
Капыстан бул адатың токтосо эгер,
Элиңдин сага болгон ишеничи
Элиңдин сыйы менен коштошо бер.

***
Төбөл эмес, көпкө келген кырсыктай
Төбөлөдү элдин жанын тынчытпай.
Бүттү баары, түштү төбөл бийликтен,
Бүркүт эле, болуп калды чымчыктай», деген саптары менен акын агабыз өзүнүн атуулдук позициясын билдирген.

«Эл менен сен бийиксиң,
элден чыксаң кийиксиң»
«Акындар, силер жалаң эле дарак, гүл, чөп тууралуу жаза бербей, биз тууралуу да ыр жазсаңар. Себеби мындан ошол ыр арналган адамдын көңүлү тазарып калат. Ал эми көңүлдөн кымбат эмне бар» дешет кээ бир окурмандар. Бул ойдун чындыгы бар. Бирок, адам тууралуу чыгарма жазуу ар бир эле акындын колунан келе бербейт. Биз мында арноо ыр жазат десе эле акчалууларды мактаган арзыматтыкты түшүнбөшүбүз керек. Сөз болуп жаткан ой кимдир бирөөлөрдү мактап өзүнүн жеке кызыкчылыгын чечет дегендик эмес. Ошол каарман аркылуу окурмандарга тарбиялык маани берип, ыр арналып жаткан адамдын өзгөчөлүгүн айта билүү да зор чеберчилик. Албетте, ыр жөн-жай эле бир чиновникке же ишкерге арнала бербеш керек. Бул жагынан да Сооронбай Жусуевден таалим ала турган жагдайыбыз бар. Мисалы, ал чоң жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу жазган «Калкыбыздын сыймыгы» аттуу ырында:
«Калк камын көрүү сизге максат болду,
Калк оюн каламыңыз актап койду.
Башыңыз аскар сымал көккө жетип,
Чачыңыз ак мөңгүдөй аппак болду» деген саптары менен көз алдыбызга Түгөлбай атанын бейнесин тартып койгон.

Ал эми ЖК депутаты Дооронбек Садырбаевдин көзү өткөндө:
«Дүйнөдөн даңк-шоораттуу күлүк кетти,
Сыймыктуу, өлбөс өмүр сүрүп кетти.
Жүгөндөп зомбулукту токтотом деп,
Жүрөгү кыргыз үчүн күйүп кетти» деп ачуу чындыкты баса айткан.

Ошондой эле сүрөтчү Гапар Айтиевге, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковго, замандашы Кеңеш Кулматовго, калемдеши Жунай Мавляновго, нейрохирург Миталип Мамытовго, академик Бектемир Мурзуибраимовго ж.б. өзү көңүлүнөн өткөргөн адамдарга жазган ырларында да каармандарынын образын кашкайта ачып берген.

Ал эми генерал Исмаил Исаков тууралуу жакында:
«Дайым элди жүргөндүктөн сен сыйлап,
Дайым сени жүргөндүктөн эл сыйлап.
Элиң сени азаттыкка чыгарды,
Элге кызмат кылганыңдан эң кымбат» деген саптары сабалап учту.

Сонуну тарабаган Сооронбай ата
Союз учурунун соңку кезиндеги кээ бир эркин кесип ээлеринин таасири менен жаңыдан аны-муну жаза баштаган «молокосос» акын-жазуучуларды арак ичкенди билбесең акын боло албайсың деп көкүткөндөр көп болгон. Бирок чындыгында мындай тарбия акын кылбай эле аласалдырары, жазуучу кылбай эле жабыштырары, адам кылбай эле жаман кылып коеру белгилүү. Кезинде жаш акындардын кайсы бир бөлүгү так ушунун айынан «үйдө жок же Чүйдө жок» дегендей, же кыйраткан акын болбой, же башка жолду тандап кетпей ара жолдо калган. Аныгында эле ким бирөө айтмакчы, акын болбосоң болбо, бирок адам болуш милдет. Мисалы, жеке менин баамымда, Алик Акималиев, Барчынбек Бугубаев ж.б. акындар сыяктуу тагдырын өз колу менен татаалдаткан акын болгондон көрө, тек гана бала-чакасын жакшы баккан жаран болгон жакшы. Мен бул ойго акын Сооронбай Жусуевди жакындан биле баштагандан бекем ишендим. Себеби Жусуев акындык жана адамдык бакытты айкалыштырган инсан. Татыктуу жашап, татыктуу эмгектенип, татыктуу ыр жазып дегендей… Көрсө, чалды-куйду болбой тыкан, таза, сергек жашап жүрүп деле мыкты акын болсо болот тура. Жусуев өз өмүр жолунда чыныгы акын кандай болуш керек экендигинин нагыз үлгүсүн көрсөткөн.

Сооронбай агай чындыгында адам катары да, акын катары да улуу сапаттарга ээ экендигине эч ким шек санабайт. Жеке мен ММК жаатында иштеп жүргөн адам катары анын акын-жазуучулардын арасында боло келген кайсы бир интригага катышканын, ким бирөөнүн шагын сындырганын эзели уккан эмесмин. Ар дайым көңүлүндө элине болгон жакшылыктар уялап, ар бир кыргыздын баласына өз уул-кызындай мамиле кыларына күбө болуп жүрөм. Айрыкча чымыны барларга чын дилинен көңүл бөлүп, кеп-кеңешин аябай келерин өзүнүн тайкүлүк акын-жазуучулардын чыгармалары тууралуу жазган макалаларында далилдеп келет. Маданиятка, адабиятка көңүл бурулбай калган эгемен жылдары мен билгенден дөө-шаалардын ичинен Сооронбай Жусуев гана жаш акын-жазуучулардын жазгандары менен жакындан таанышып, аларга кеп-кеңеш берип, той-топуруна чакырып чыгармачыл чөйрө менен жакындан тааныштырып, астейдил эмгекчилдикке үйрөтүп келди. Азыр төбөсү көрүнгөн жаш калемгерлердин дээрлик бардыгына сыртынан көз кырын салып турду. Андыктан жаштар Сооронбай Жусуев менен десек жарашат.

Бакай атадай болгон абабыз табиятынан өзүнүн көңүл кушун да, өзгөнүн көңүлүн да аярлаган изги инсан. Мына ушундан улам акын азыркы 85 жаш курагында да 30-40 жашындагыдай оттуу ырларды, котормолорду жазып, китеп артынан китеп чыгарууда. Дүйнө адабиятында бул курагында классик деңгээлин сактап калган акындар чанда болгон. Бүгүн белгилүү адабиятчылар С.Жусуевди ошондой сейрек кездешкен уникалдуу талант катары да караса болот дешет. Көз тийбесин, негизи өзүн жакшы карап, анан дайыма жүрөгүндө жакшылык уялап келген адам гана жакшы карый алат. Бар болуңуз, Сооронбай ата!

«Агым» гезитинин жамааты Сооронбай Жусуевди 15-май туулган күнү жана 85 жылдык маарекеси менен куттуктап, акынга дагы да албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди, дөөлөттүү карылыкты каалайт.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий