Жаз алып келген турналар

Туулган айылым Аралга барбаганыма  эки жылдын жүзү болуп калыптыр. Өткөн жылы жайында бала-чакам менен узак убакыт жүрүп келдим. Там башында эски китептердин арасынан бир саргайган дептер таап алдым. Мектепте окуп жүргөндө жазган ырларым экен. Ал кезде мен ыр жазам деп бирөөгө көрсөтмөк каякта, көздөн далдаа үй үстүнө чыгарып таштасам керек. Эстен да чыгыптыр. Карап көрсөм, балалык дүйнөнүн тамчылары көрүндү. Бала чагыма кайтып баргансыдым. Булактын тээ шылдырап агып чыккан башаты ар дайым таза болот эмеспи, ошол мөлтүр көздөр көргөн гүлдүн ачылышын, күндүн чыгышын дагы бир жолу эстедим. Кээ биринин астына сөз жазып, өзүнчө бир дептерге көчүрүп койгон элем.

«Апа, сен ушундай кооз айылда туулдуң беле?» дешет балдарым. «Ооба» дейм «Ушундай күркүрөп, таптаза болуп агып жаткан суудан ичип чоңойду белең?»-дешет. «ооба» дейм. Балдарыма Таластын ташы да, чөбү дагы, көчөдөгү уйлары, койлору дагы, саламдашып өтүп жаткан салабаттуу кишилер дагы кызык, сыйкыр көрүнүп атты.

«Дагы келеличи ээ»-дешет. Сааты чыкканда дейм. Айтор, кайда болсок да эли-журтубуз менен тынч-аман эле бололукчу…

Редакциядан жаңы жазылган ырлар болсо дешти эле мен эмнегедир ааламдын агымы башталган айылда, түбөлүккө калып кеткен балалыгымдын ырларын бергим келди.

МЭЭРИМДҮҮ КҮН

Түнөгүнө күн түнөөрдө,
Калбаса экен жаны ооруй.
Кайтып келсин кайра-кайра,
Чарчабаса, эгерим.
Бүт балдарга, кыздарга да,
Эң керектүү ошо күн.
1981-жыл. Арал

Кичинемде күн качандыр бир кез чарчап, кайтпай кала тургандай сезе бер­чү­мүн. Баланын дүйнөсү чоң кишилерге салыштырмалуу кенен, аалам болот. Бүт адамдарды аяй берчүмүн… Ошондо ыр-уюткусу ушул ыр менен көкүрөгүмдө өссө керек.
2009-жыл 30-декабрь

КАРГАГА

Карга тартам
Капкара каламымды кармай сала.
Орун көп, барагымда «Кар-карына»
Эки өң-эки жолдой, аппак, кара
Эх,
Мен сени тоо чымчыктай тарталбайм да
Кереги жок да анын сага, мага…

 

КӨЗДӨГҮ ТУРМУШ

Ак-көздүн агы
Кара-карасы анын
Экөө тең өзүмдө эле
Аялуу көзүмдө бу.

 

ЖОМОКТОН ЖОЛГО

— Аа анан
Кантип айланды ташка?
— Кудайдын кудурети менен да.
— Бозинген ошентиптирби?
— Ошентиптир.
— Шордуу төө деди ошол кыз
кеп тыңшаган
Ошондон бери жолдо
Чарпылып оңго-солго
Чарчады төө жолдо кыз…
1985-жыл

Бир жолу телевизор көрүп отурсак бирөө:
«Мен чоор тартсам, төөм ыйлайт» деп атпайбы. Мага катуу таасир этти. Төө жөнүндө көп уламыштарды чоң энемден уккам. Кырк күн наар албай, суу ичпей жү­рө алганы, балам дегени, баары мага турмуштун туңгуюк, татаал сүрөтү сыңары көрүнүп кетти.

СҮРӨТЧҮ БАЛА

Кызыл-тазыл түр менен
Сүрөттөрүм унчугат
Кудуреттүү манжаман
Айга дагы гүл чыгат
Эй, боёктор, боёктор
Кел, силкинип алалы
Бомба, танкты күүп таштап
Боорсок тартып салалы.
1982-жыл

 

ТАГДЫР

Аптап, ызгаар
Асман, суулар
«Мени тааны, тааны»-дейт
Тааныбаймын
Тайсалдабай, тарс эле
Жакшы көрүп калсам эмне кыласың?
Андабы, анда
Миздүү болсоң
Сен мизиңен кайтасың
Ызгаарыңа гүлдөр жайнай
Аптабыңа жаан төгөт
Чөптөр да өнөт
Чөптөргө окшош жан да өнөт.
1985-жыл

 

МУЗ ТЕПТИМ

Муз тептим, кыздар менен
Жыгылып, тайып кеттим
Колдорум коркконунан
Оюмдай муздап кетти…
Оюндун ысыгынан
Ой дагы ысыйт экен.
1981-жыл

Мектептин астында көпкөк жылгаяк муз узатасынан созулуп, тээ чоң жолго чейин жалтылдап жатаар эле.Жыгылганыбыз жыгылган боюнча кетчүбүз, Эч эсимден кетпейт кар бүртүк-бүртүк болуп катып калган шымымды шар аккан муздак сууга жууп алып, үйгө шанаңдап кирип барчумун. Ошондо үшүчү белем азыр эсимде жок.

ТҮБӨЛҮКТҮҮ КӨЗ ИРМЕМ

Балдар барат
Балатыны айланып
Жалт-жалт оюнчук, жалтыракка
Жалтылдашып, шайланып
Шаңдуу, сыйкыр жомоктордой
Узак жылдар байланып
Баратышат, баратышат
Балатыны айланып…
1980-жыл

Мектепте ар кандай оюн-зоок өтүүчү чоң залыбыз болоор эле. Жаңы жылды ошол жерде тосчубуз. Төбөсүнөн пахтадан жасалган карлар самсаалап тургангабы, ичинин ушунчалык кооздугунанбы айтор мага куркулдайдын уясындай сезилчү. Куркулдай уясын суунун шарындагы бутакка салат. Көп жолу көргөм, кичинекей, жылуу, жумшак. Апасы жата турган жери да бар…

Жумшак, жомогум сыяктанган залдан эч чыккым келчү эмес…

Эртең дагы жаңы жыл. үйүмө балаты жасап койдум балдарыма. Булардын мектептеги балатысы биздикиндей эмес эмнегедир.
2009-жыл 30-декабрь

АЙЫЛЫМ АРАЛ

Өйүз-бүйүз, түз, тоолоруң
Саймадай сагынаармын
Бүт өмүр сагынаармын…
Түтүнү кой көңүнүн
Түгөнгүс дан жыттанып
Пейилиңе жалынаарым
Берекең нан жыттанган
Түшүрбөй жүрөгүмдөн
Тумардай тагынаармын…
1983-жыл

Айылыбызда бир болпойгон аял бар эле. Мен жакшы көрчүмүн. Көпчүлүк аны акылынан айныган деп калышчу эмнегедир. Бир күнү үйүнө кызы менен ойноп барып калдым. Үйүнүн ичи күңүрт бирок, дуулдап, кызарып күйүп аткан мештен үйдүн төбөсүнө кадимкидей төгөрөк-төгөрөк жарык түшүп атты. «От күйсө эле сүйүнө берем» деп күлүп коёт баягы аял.

Эмнеге? — дедим. «Билбейм» — деп дагы күлүп койду. Бирок, аны мен түшүндүм. От-береке, тирүүлүк, кубаныч да. Байкуш тирүү экенине, от жанында отурганына сүйүнүп атпайбы…

Таласта кой тезегин калап, сыртка нан кылышат. Асман ачыкта түтүн ары-бери жыгылбай түптүз көккө кетет. Баары кө­рү­нүп турат, тигил үйдөн да, аркы үйдөн да түтүн чыгат.

Айылымдын ар бир адамын, кемпирин, чалын, кыйшайган ыштакетин, бети торгулала чедирекей балдарын, көчөлөрүн аралай ээн жүргөн торпок, музоосун, абасын, суусун бурулдаган нан жыттанган тү­тү­нүн сагынаарымды билчүмүн…
2009-жыл

 

ЧОҢ ЭНЕМДИН СӨЗҮ

Жашоо деген бул-сынак
Жасканыңды көрөсүң
Каскандар бар ор-чукур
Шашкандар бар-дүйнөдөн
Жазгандар бар сулууну,
Жазган жакшы сулууну.
1983-жыл

 

ЖҮРӨК БАР

Апам айтат
«Тилек-деген жакшы» — дейт
Сенде тилек
Менде дагы тилек бар
Темир эмес
Жашай турган Жүрөк бар
Жүрөк бар…
1983-жыл

 

МЕЗГИЛ МЕНЕН КЕЗДЕШҮҮ

Эшик «тук-тук»
— Ким бул? Ким бул?
— Мен мезгилмин
— А мен кызмын
Кыздардын баары үлбүрөйт
Жаз дагы, жай да үлбүрөк
Күз дагы, кыш да чүрөк
Кыздарда, бизде түнөйт
Биригип, биз бир жүрөк
Ай, ай мезгил
Агамсыңбы? Аяаарсыңбы?
Кимсиң өзү?
1984-жыл

 

ТОМОЛОК

Колумду самындап
Көөгүн учурам
Үлбүрөп баратса
Жүрөгүм бычырайт
Ойлосом жер дагы
Ошондой эң назик…

Кишилер ойлойбу?
Бөбөктү коргойбу
Коргосо ок-даары
Дегеле чыгарбай
Чыгарбай койбойбу
1981-жыл Арал

 

АК
Менин чоң чоң апам, кичүү чоң апам болоор эле. Айтуудан чоңу өзү балалуу болбосуна көзү жеткенде күндөшүн өзү тандап, жактырып күйөөсүнө алып берген экен. Экөө эже-сиңдидей өтө ынтымактуу эле. Чоңунун ачуусу келгенде көзүн чоң ачып бир карап койчу, кичүүсү эшиктен кирип келаткан калыбында кайра арты менен чыгып кетээр эле. Төрөлгөн балдар чоңун апа деп, кичүүсүн эже дешчү. Себеби энеден түшөөр замат эле балдарды майлап-сүттөп өзү бакчу. Береке биздин үйдө эле. Дасторкондо дайыма табак толтура жаңы тартылган каймак турчу. Эртең менен эрте беш алты кемпир иш күнү башталгандай эшиктен кирип келишчү. Жүн тытып, чай ичип, сүйлөшүп, күн чубактап отура беришээр эле. Мен кичине болсом да байкачумун, алардын ар бири күнгө окшош болуучу. Төбөбүздөгү бир күн канчалык ысык, алардын он болгонун элестет. Үйүбүз, эшигибиздин алды жапжарык болуп туруучу. Кийин чоң чоң апам өлгөндө кемпирлер келбей калышты. Үйдүн бир капшыты эңшерилип, капкараңгы болуп калды. Чынын айтсам үйгө эч киргим келчү эмес. Кийин ал үйдөн көчүп кеттик. Көрсө кут деген ошол кемпирлерде экен.

 

ОН ЖЕТИ ЖАШ

Таянган улуусу жок
Жанынын жылуусу жок
Муңайган жүрөгүндө
Ууз сыңар сүйүүсү жок
Он жети гүл ачыптыр
Гүлкайыр гүлүнө окшоп…

Биздин айылдын үстүндө  Андаш суусу деген суу агат. Көөлгүп, жай акканынан улам кыздар менен сууга түшкөнү барчубуз. Эки жээги толтура бийик, калың өскөн аппак Гүлкайыр гүлү боло турган. Гүл ичине жашырынып алып кийим алмаштырчубуз. Жашырына  тургандай ал жакта эч ким деле жок болчу. Көпүрөдөн анда-санда атчан кишилер өтүп калчу. Талаа толо сары гүл, ары тоо этектей кыпкызыл кызгалдактар атайын айдап койгон сыңары чалкып жатат.

Гүлдөрдүн ортосунда орус кишинин бал челеги болоор эле. Бирөө дагы ага тийишчү эмес. Бир банка каймак көтөрүп барсаң деле ошончо бал, бир банка сүт көтөрүп барсаң деле ошончо бал бере берчү…

Бул ыр болсо балалык менен жаштыктын ортосундагы өткөөл учурда жазылып калган го. Өткөөл учур күркүрөп кирип жаткан агын-дарыянын үстүндөгү кылкылдап турган бир таман жыгач көпүрөдөй эле болот. Көкүрөгүңдө кудайың, жүрөгүңдө ыйманың, жарык, тилек үмүт болсо баардыгы жакшы болот.

АК КАЙЫҢ МЕНЕН КЫЗ

Саламатсыңбы
Абалымдын дарысы
Акылымдын дарысы
Ак сулуум
Ак кайың
— Не келдиң?
— Ажарың мезгил ачты
Тамырың жерге батты
Табигат сөзү таттуу
Сен тыңшаган
Аруу бой, мен дагы акмын
Сага окшоп, гүлүм ачтым
Сырымды айтсамбы деп
Жаай гана сага бастым
Жаным жай табалбады
Жарыгым көз уялтып
Жамгырдай жашым акты
Бул эмне?
Ак сулуум
Айтчы, айтчы?..
1985-жыл 2-март

Балачагымда ак кайың менен каркыра-тур­нанын сүрөтүн тарта берчүмүн. Бий­ик-бийик аскар тоолордун үстүнөн күн кө­­­тө­рүп, жаз алып келаткан болушат кар­кы­ра-тулнарлар. Ылдый жакта аларды карап кыз турган болот. Анда мага акыл-эс, адамдык калыптануу, дүйнө таануу деген нерселер сүрдүү болуп, жан-дүйнөмө бүлүк тү­шүр­гөн болсо азыркы бүлүк андан алда канча оор болуп туру. Ач болсоң тоюнат экен­сиң бирок, артымда калчу балдарым кандай эл менен, кандай журт менен калат? Эл эмне болот деп ойлосом түн уйкум качат…

Эмне дейин, замандын түбү кайыр болуп, менин момун, улуу кыргыз элим түбөлүккө бар болсо экен…

Жаз алып келген тур­наларым, жак­шы­лы­гың­ды да алып кел…
2010-жыл 6-май

«Жаңы ордо», 13.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий