Арстанбек Буйлаш уулу

(1840-1882)

1824-жылы Ысык-Көл облусунун Сырты аттуу жеринде туулган, 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп, Ысык-көлдүн тескейи, Чычкан конушундагы Ташкыя бейитине коюлган. Ойчул, философ, виртуоз комузчу, төкмө акын. «Замана» агымынын эң ири адамдарынын бири. Эл ага «булбул» аттуу атак берген. Ал бугу уруусунун тынымсейит уругунан болот. Атасы Буйлаш бийдин токолу Төрөкандан төрөлүп, кой-козу кайтарып өсөт. Ушундан улам анын чыгармаларында турмуш-тиричилик жагдайлары жөнөкөй адамдардын көз-карашынан чагылдырылган.

Арстанбек ырчы катары 16га чыкканда элге тааныла баштаган. Ал Фергана тарапта бир жылга жакын убакыт жүрүп, Наманган жана Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, акындык өнөрүнүн артыкчылыгын даңазалап, туулган жерине чоң ырчы атыгып кайткан. Акындын чыгармаларын жыйноо маселесине 1920-жылы көңүл бурулуп, 1922-жылы Каюм Мифтаков Каракол жана Нарын уездинен жыйнап келип, ИАнын Колжазмалар фондуна өткөргөн, азыр да сакталып турат.

Арстанбектин чыгармачылыгында олуттуу теманы заман ырлары түзгөн. Чыгармаларынын чордону деп эсептелген «Тар заман» да үзүндү түрүндө колго тийген, көптөгөн, санат термелери белгисиз бойдон калган. «Тар заман» акындын турмуштук, социалдык жана коомдук көз карашынын натыйжасы болуп саналат. Айтылган чыгарма бир учурда эмес, болжол менен 1852-1870-жылдары түзүлүп, калыптанган. «Тар замандын» өзүнө таандык обону, комуз күүсү, аткаруу манерасы, кайрык-кайталоолору бар. Бирок форма жагынан дидактикалык чыгармага окшоп турганы менен өз алдынча жанрдык өзгөчөлүккө ээ. Бекеринен «кара ыр» аталып жүрбөсө керек. Санат, терменин чегинде калбастан, мазмуну, камтыган объекти кеңири, замана заңы, калктын келечеги сыяктуу коомдук, социалдык маселелерди козгоп, терең ой жүгүртүшү менен айырмаланат. Арстанбектин чыгармачылыгынын күрдөөлдүү, көркөм өнөрдүн эң бийиктикке көтөрүлгөн учурун падыша өкмөтүнүн бийлиги кыргыз жергесине орногон мезгилде жараткан чыгармалары түзөт. Алсак, «Тар заман» — акындын турмуштук жана социалдык көз-карашынын жыйындысы, автордун өз позициясы. Арстанбектин чыгармачылык мүмкүнчүлүгү зор, мазмун-жанрдык жагынан ар тармактуу. Ал арман, кошок, терме, санат, керээз сыяктуу ар кыл тармактагы ырларды, поэмалардын автору болгон.

Арстанбек айтыш өнөрүнүн да ири устаты болгон. Чыгармачылык багыты боюнча нускоочу ырчылардын катарына кирет. «Кожожаш,» «Төштүк», «Бердикожо жалгызым», «Чоро» («Шоро»), «Беш казак» окшогон эпос-поэмаларды, «Көкөтөйдүн ашын» чебердик менен аткарчу деп айтышчу экен. Бирок, анын аткаруусундагы эпикалык чыгармалардын бири да бизге жеткен эмес. Ал 500гө жакын күү чертип, анын 200гө дейреси өзүнүн төл чыгармасы болгон деген кеп бар. «Арстанбектин арман күү», «Кербез», «Солтон сары», «Кет бука», «Ат чубатар ботой» аттуу залкар күүлөрү чоң комузчулардын репертуранынан орун алган. Көптөгөн кыргыз жана казак ырчы, ошондой эле комузчулары менен беттешип жеңип чыккан. Кыргыз маданиятынын тарыхындагы Арстанбектин мурасы зор из калтырган. Ал чыгармачылыгы менен замандаш жана кийинки (19-кылымдын аягы — 20-кылымдын башталышы) кыргыз айтыш акындарына жана күүчүлөрүнө зор таасир калтырган. Анын улуулугу — өз мезгилинин курч маселелерин козгоп, элдин тагдырын, келечек турмушун, коомдун социалдык абалы жөнүндө терең ой жүгүртүүсүндө болгон. Тилекке каршы, залкар адамдын чыгармачылыгы эскичил ырчы катары сындалып, изилдөө алкагынан четке кагылып, чыгармалары жыйналбай, акын туура баасын албай келди. Залкар ырчынын мурасына кайрылуу 1990-жылы гана колго алына баштаган.

«Уикипедия»

 

Арстанбек Буйлаш уулу жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: ырчы Арстанбек

Арстанбек комузчу

Арстанбек акындын алп саптары тасмада

Арстанбектин “Тар заман” обону

Асылбек МАРАТОВ, төкмө акын: “Арстанбек Буйлаш уулу менин бешинчи атам”

Арстанбек Буйлаш уулу

Таланты таш жарган даанышман

 

Ырлар

ТАР ЗАМАН

Карылардан кеп уктук,
Уламадан сөз уктук.
Ошондо орус чыгат дечү эле,
Миң үйлүүгө баш болуп
Болуш чыгат дечү эле.
Буйрук менен кондурган
Конуш чыгат дечү эле.

Ушу заман тар заман,
Азуулуга бар заман.
Бечарага зар заман.
Заманың келди закымдап,
Тайган иттей такымдап.

Улуу суунун баарысы
Чулук болот дечү эле.
Кичүү атанын балдары
Улук болот дечү эле.
Жаан-жуун азайып,
Шамал болот дечү эле.
Адамзаттын билгени
Амал болот дечү эле.

Кыш көбөйүп, жигиттер,
Жай азаят дечү эле.
Карындагы жыйылган
Май азаят дечү эле.
Короодогу айдаган
Кой азаят дечү эле.
Оюн, күлкү түгөнүп,
Той азаят дечү эле.
Көч алды болоор орусуң,
Сары журт болоор конушуң.
Жайлоо тургай, төр кайда,
Ачып кирээр көр кайда?

Казак, кыргыз жыйылып,
Бата кылып алсак бейм?
Кашкардагы Бадөөлөт
Ата кылып алсак бейм?

Байыркыдан барк кетти,
Каадалуу нуска нарк кетти.
Жардылардан барк кетти,
Каада, нуска, нарк кетти

Онжогой куйрук күрөң ат
Орустан чыгат дечү эле,
Оң кулактуу миз казан
Колодон чыгат дечү эле.
Шумдуктуунун баарысы
Баладан чыгат дечү эле.

Акча, теңге түгөнүп,
Тыйын чыгат дечү эле.
Атасынан баласы
Кыйын чыгат дечү эле.
Кала-коргон көбөйүп,
Кент түгөнөт дечү эле.
Тегерете урдурган
Коргон чыгат дечү эле.
Тегеректин баарысын
Кагаз менен иштетип,
Соргон чыгат дечү эле.
Кийинкинин баарысы,
Буту-колун жашырбай,
Дөрбөл чыгат дечү эле.

Алматыдан аттанып,
Орус келе жатырай,
Кыска чөптүн баарысын
Коруп келе жатырай.
Узун чөптүн баарысын
Оруп келе жатырай.
Бул орусту карасаң,
Ченчи салып, жерди алды,
Бээден туулган керди алды.
Карды салык Байды алды,
Кача турган жайды алды.
Качканың кайда кутулду,
Туурадан салды тозокту
Кармап алды Кулжадан,
Балбай менен Шоорукту!
Сууга чыккан жекендей,
Орус келсе, сыйлайсың
Ак сакалдуу акеңдей.
Илгерки кары калыптыр
Сууга түшкөн текедей.
Бул орусту карасаң,
Суу-сууга салды бекетти,
Болуштарды карасаң,
Катынындай кекетти.

Жасоолдор келет шарактап,
Жардынын жалгыз атын карактап.
Жасоолдо ылгабай минди айгырды.
Жакшылардын баарысы:
«Чын ушундай болдум» — деп,
Жатып алып кайгырды.
Алтын, күмүш түгөнүп,
Кызыл кагаз бул болду.

Куран жатып, үстүнөн
Кат жүгүрөт дечү эле.
Ошо каты көтөрүп,
Ат жүгүрөт дечү эле.
Өзү сары, көзү көк
Орус чыгат дечү эле.
Ошол орус чыкканда,
«Бир, эки» деп санаган,
Тыйын чыгат дечү эле.
Атасынан баласы
Кыйын чыгат дечү эле.
Ошол орус чыкканда,
Эки башы кайкайган,
Кайык чыгат дечү эле.
Мейли кадыр болом деп,
Элечегин булгалап,
Зайып чыгат дечү эле.
Ошол орус чыкканда,
Кара жол кылаар көлүңдү,
Эсепке алаар жериңди.
Кайсаңдаар сенде чама жок,
Капкандай чабаар белиңди.
Ой, журтум, көрөрсүң
Араба менен чананы,
Бага көр торпок менен танааны.
Бакпасаң торпок менен танааны,
Зили түбү сактаарсың сары таланы.
Солдаттыкка берээрсиң,
Ичиңден чыккан Баланы.

Карагайдын башында,
Чыны болот дечү эле,
Чыны менен жүргүзгөн,
Зымы болот дечү эле.
Алты айчылык жолдордон
Алты күндө сүйлөшкөн
Бу капырдын сыры болот дечү эле.

Устаранын мизиндей,
Оодарылган дүнүйө.
Жасоолдорун кийгени
Катар-катар дүрүйө.
Жасоолдор минди жакшы атты,
Жардынын баарын какшатты.
Жасоолдор минди күлүктү,
Элге салды бүлүктү.
Ушул заман болгондо,
Мусулман көрөөр бүлүктү.

Акыр заман болгондо,
Кой азаят дечү эле.
Журтта ургаачы көбөйүп,
Бой азаят дечү эле.
Бойго жеткен кыздардын
Баштагыдай көркү жок,
Той азаят дечү эле.
Кыз он бешке чыкканда,
Энеси баш бербей,
Боюн күүлөйт дечү эле.
Эмки азаматтын баарысын
Катыны бийлейт дечү эле.
Элечегин булгалап,
Зайып чыгып жыйынга,
Чечен болот дечү эле.
Ушул кийинкинин баарысы,
Бечел болот дечү эле.

Шум жалгандын белгиси —
Карагайдын таңында,
Элик болду элибиз.
Каптаган тузду көтөргөн
Көлүк болду эдибиз,
Башка чапса, былк этпес,
Өлүк болду элибиз.

 

ЫРЛАР

Солдаттарын карасаң,
Итий болгон баладай.
Жасоолдорду карасаң,
Желмогуздун сүрүндөй.
Жарды кайдан байысын
Жалгыз атын саттырып.
Жана болуш деген эмеңиз,
Ичкен чайын тарттырып.
Күздүн күнү болгондо,
Мужугунун буудайын
Оруп турат турбайбы.
Андан тапкан тыйынын
Болуш деген эмеси
Соруп турат турбайбы

Аппак салган бекети,
Журтту жаман түгөттү.
Бирди болуш дейт экен,
Паралап журтту жейт экен.
Старчынга айла жок,
Элүү башы, он башы,
Ал шайтандын жолдошу.
Эмки байга мал бүтсө,
Ит капырдын олжосу.
Эгин айдап, мал багып,
Эми оокат кылыңар.
Тамды салып, бак тигип,
Тамашаны куруңар.

 

ЖЕҢИЖОК МЕНЕН АРСТАНБЕКТИН УЧУРАШКАНЫ

Жеңижок Арстанбектин даңкын угуп, бир көрүүгө ынтызар болуп эңсеп жүрүп, Каркырага издеп барып жолугушкан экен. Анда Жеңижоктун Нурмолдо ырчыны, Ысык-Көл, Талас, Олуя-Ата, Меркиге кеңири белгилүү чоң акын Эсенаман, Наркүлдү жеңип, элге таанылып калган кези болот.

Ал барганда жай мезгили экен, Арстанбектии айылы Каркырада жатыптыр. Акындын өргөөсү обочо жердеги дөбөчөгө тигилиптир. Жеңижок аттан түшүп, жанындагы жигити менен салам айтып, үйгө кирет. Аттарын алып, эшик ачкан киши да болбойт. Үй ичинде Арстанбек кара көрпө көлдөлөңдүн үстүндө ичик жамынып, жамбаштап жатыптыр. Киргендерге анчалык назар бөлбөй, ооз учунан алик алат. Буга Жеңижок тырчый түшүп, «Ээ, кетеличи» деп жанындагы жигитке караганда жолдошу: Ырда, анан көрө жатарбыз! Дегендей белги берип токтотот. Ошондо Жеңижок комузун алып:

Аманбы, абам, Арстанбек,
Ааламга айттың далай кеп.
Эсенби, абам, Арстанбек,
Элге айттың далай кеп.
Нукура ырчы Арстандын,
Нуска сөзүн уксам деп.
Буйлаштын уулу Арстанбек,
Бүткүл кыргыз чогулса,
Булбул болуп сайрадың,
Бурап тилиң кайрадың.
Бурадар ишке барбадың.
Боомдон урган шамалдай,
Бурулбай сөзүң айдадың.
Карала сакал болупсуң,
Каралап келдим өзүңө,
Кадоо салгын сөзүмө.
Ырчылыгым жок болсо,
Жаш экен деп санабай,
Көңүлүмө карабай,
Тике айткын көзүмө,
Жерим менин кең Талас,
Жердеп өткөн эр Манас.
Түп тегимди сурасаң,
Калың кытай ичинде,
Уругум сол Каратал.
Жашымда жетим калгамын.
Жабыгып өскөн баламын.
Жалбарсам да эгедер,
Жетимдин тонун кийгизген,
Жетилтпей ичим күйгүзгөн.
Козу баккам коктуда,
Кой кайтаргам чокуда.
Кокуйлап нечен ыйлагам,
Койго жетпей кубалап,
Калың токой аралап,
Бутумду тикен жаралап.
Жараттан чыккан кочкул кан,
Агып кетчү салаалап.
Алланын берген дартынан,
Жетимдиктин зарпынан.
Айыл ичин аралап.
Эркин басып жүрө албай,
Далай көргөм кордукту,
Бай балдары басмырлап,
Башыма камчы тийгизген.
Жетимдигим билгизген.
Көзүмдөн жашым тамчылап,
Кийген киймим самтырап.
Коного кылгам ар жерди,
Мага окшогон алсыздын,
Кыйналганын ким билди!
Бир жылы чоң той болду,
Төрт дубан элди чогултуп,
Калк башчысы кадырлуу,
Катарлап ак үй тиктирип.
Казылуу нечен бээ сойду.
Кемегенин башында,
Эт бышырган жигиттер,
Шымаланып кашымда.
Отурат элем сексейип,
Сары үкүдөй чекчейип.
Той башкарган эмеси,
Мени көрүп зекиди.
Ала киши айылда,
Залалы тиет баарына.
От башынан куугула,
Жетим өлсө бир соолук,
Желкеден алып сойгула!
Жан соогалап жалбардым,
Ажалымдын жогунан,
Качып чыктым тобунан.
Таяке-тайым табам деп,
Аксыга кеткем теңтиреп.
Асырап алар жетимди,
Агайиндин жогунан,
Аксыга барып жай татым,
Алтын боолуу куш таптым.
Аркырап аккан суу татым.
Аземи артык журт таптым,
Агайин, тууган дос таптым.
Көркөмү артык тоо таптым,
Көңүлү куунак эл таптым.
Шалысы бар жер таптым,
Шааниси бар эл таптым.
Адыр-адыр тоо бастым,
Кадырымды билүүчү,
Ажарлуу ак периште,
Айнектей асыл жар таптым.
Тектир-тектир жер бастым,
Тегимди тербес эл таптым.
Курбу-курбу тоо бастым,
Куюктурбас эл таптым.
Дары таптым дартыма,
Аброй алдым артыла.
Эл аралап ырдадым,
Эссиздин сөзүн сындадым,
Эстүүнү ээрчип сыйладым.
Ырчылыгым жактырган,
Күрүч берип бактырган.
Алдыма тулпар мингизген.
Арзыган жарым Көксулуу,
Бир колума тийгизген.
Ажынын уулу Сулайман,
Абийир алган кудайдан,
Ыйман берсин ал жайдан!
Жетимдин тонун кийгизбей,
Жетимдигим билгизбей.
Желкеме камчы тийгизбей,
Ак ала чапан кийгизбей.
Алсыздыгым билгизбей,
Аркама камчы тийгизбей.
Аргымак тандап мингизип,
Ак парча кемсел кийгизип.
Алып жүргөн жанына,
Дайын кылган баарына.
Эрезеге жеткенде,
Нурмолдо менен айтышып,
Шарият сөздөн тартышып.
Атыккан ырчы аталып,
Атагым тарап кеткенде,
Кайрылып келдим Таласка,
Арбагы артык Манаска.
Атаганат арман күн,
Туулган жерди көргөндө,
Көңүлүм жаман бөлүндү,
Көзүмдөн жашым төгүлдү.
Ага-энемдин арбагы,
Алдымдан тосуп жол берди.
Агайин-тууган эмеспи,
Алыс, жакын чогулуп,
Аксыда алыс жүрсөм да,
Адашып журттан күйсөм да,
Амандашып кол берди.
Калк чогулган жыйында,
Эсенаман карыя,
Атагы элге жарыя.
Алдыман тосту ыр баштап,
Өткөн иштен чыр баштап.
Сары-Өзөндү сагалап,
Жангарачты пааналап.
Жакшылар менен жанашып.
Ырчылык жолун талашып.
Казак, кыргыз аралап,
Акындыгын дааналап.
Атагы арткан кексе чал,
Алдымдан кыйын тороду.
Мени элсиз деп айтып эңшерди,
Калксыз деп айтып каңтарды.
Тексиз деп айтып теңселтти.
Көпкө ойлонуп буйдалдым,
Ич отумду билгизбей,
Бутумду сунуп суйсалдым.
Алла-Таала кудурет,
Абийир бер деп жалындым.
Табият берген тартуулап,
Өнөрүнө багындым.
Барбардигер кудурет,
Паана болуп өзүмө,
Эсенаман ырчыны,
Эңшерип тойдо жеңгемин!
Кадимин колго бергемин!
Той тараган эртеси,
Кара бет катын Наркүлдүн,
Кылыгын айтып берейин:
Айыл башы тукуруп,
Сук* катындай кара бет,
Албарстыдай апсайып.
Алды, артына карабай,
Акындыгым баалабап,
Айгышамын деп келди.
Аркы-терки сөз айтып,
Абийирин жеген ит катын,
Айламды катуу кетирди.
Аңги жалап эсирди.
Калың топтун ичинде,
Карабет катын калтаарбай,
Кадими журттан жалтанбай.
Сөзү кандуу ок экен,
Күйгүзүп ийчү чок экен.
Шыпырып таштап уятты,
Жан жерин жаңсап сөзгө алып,
Ары-бери калчады.
Каткырып баары күлүштү.
Албын* сөздү укканда,
Жыйылып боюм бүрүштү.
Баам алдым саамда,
Бетме-бет каршы кеп айтсам,
Кайра тартар түрү жок.
Бет ачылар окшоду.
Бети курган бул бетпак,
Бейжай сөздөн козгоду,
Катарлашып олтуруп,
Жалмаңдатып катының,
Жалкы сөздөн айттырып,
Жалпы баары жактырып.
Жаш, карысы каткырып.
Ошондо кыт-кыт күлгөн карыга,
Ташкара, Эшен (Эшенкул) баарына,
Наркүлдүн сөзүн кайырып,
Устукан тарттым учалап.
Жото жилик ортолоп.
Табак койдум алдына,
Нарын кылып үймөлөп.
Чучук кесип үстүнө,
Күлүп жаткан көпчүлүк,
Кан буугандай токтоду.
Айтышка шыкак бергендер,
Бирден жылып жоголду.
Ошентип ишим оңолду!
Калк ырчысы Арстанбек,
Кабарыңды көп уктум.
Анжиян, Кокон аралап,
Алымбекти пааналап.
Ырдап кеткен деп уктум
Кокон хандын ордодо,
Коно жүрүп бир жылча,
Ордо толо ырчыны,
Сындап кеткен деп уктум.
Омурткасын омкоруп,
Озуп кеткен деп уктум.
Карыядан кеп уктум,
Кадими ырчы деп уктум.
Аксакалдан көп уктум.
Артык ырчы деп уктум.
Өзгөлөрдөн кеп уктум,
Өзгөчө ырчы деп уктум
Ошондон улам келгемин,
Аксы деген жерденмин.
Айтып бүттүм болгонун,
Атактын кантип конгонун.
Калганын өзүң талдап бер,
Жаман, жакшы болгонун?..

АРСТАНБЕК:
Аманбы, балам, Жеңижок,
Айтканыңдын кеми жок.
Алкынып турчу ээ бербей,
Оо, балам, алтындай жаштын бири жок
Эсенби, балам, Жеңижок,
Эчен кеп айттың кеми жок.
Элирип турчу ээ бербей,
Оо, балам, күлгүн жаштын бири жок!
О, тирикарак чырагым,
Термедей сөздү курадың.
Темир тоо жылып көчсө да,
Сен термелбей турган курагын.
Оо, анык бир буудан чырагым.
Сен кестедей сөздү курадын.
Көмүр тоо жылып көчсө да,
Сен кебелбей турган убагың!
Байкоо салдым сөзүңө,
Баалап турам өзүңдү.
Сыноо салдым өзүңө,
Толтурдум сынга өзүңдү!
Сын-сыпатың байкасам,
Бучкагыңа теңебей,
Бороон урса кенебей.
Борумдуу басып, бой салып,
Жыйырмада жашың бар.
Жаш жолборстой башың бар!
Келбетиңди байкасам;
Жан бүткөндү теңебей,
Жамгыр төксө кенебей,
Кериле басып бой салып,
Как жыйырмада жашың бар,
Кабылан сүрдүү башың бар!..
Менин жайым сурасаң,
Кара сакал болсом да,
Кадими үнүм өчө элек.
Кадырым журттан кете элек.
Агала сакал болсом да,
Аргендей үнүм өчө элек!
Аброюм журттан кетс элек.
Эр ортодон өтсөм да,
Али комуз күүм топ эле.
Ырлар ырым мол эле.
Азар салсаң байкарсың,
Ааламга жайым айтарсың.
Азыр ак саргыл өңүм азыңкы,
Алибеттүү денем басыңкы.
Балам, алдага айтар арзым бар!
Алда качан башталган,
Арылбай жүргөн дартым бар.
Ажалдан алыс качсам да,
Азирейил жалаңкыч,
Алды, артымдан аймалап,
Айламды жаман кетирди.
Айласыз эсер эсирди.
Урмат менен тоспойт деп,
Таарынба, балам, Жеңижок!
Калк алдында шаңшыган,
Кар суусундай ташыган.
Тоо суусундай ташыган.
Абаңдын булкунуп турчу күчү жок!
Арстандай сүрү жок,
Ак маралдай түрү жок.
Ак ботодой жүнү жок,
Аркырап акчу күнү жок.
Таң алдында сайраган,
Таңшып үнүн кайрыган.
Булбул өңдүү доошу жок,
Алсырап барам күндөн-күн,
Абаңдын аман болор түрү жок.
Айтканыңдын баары чын,
Туура он алты жашымда,
Алымбектин кашында,
Аралап Аксы көргөмүн,
Жер соорусу жарыктык,
Авлетим тоосуна,
Кожожаш учкан зоосуна.
Абайлап көңүл бөлгөмүн.
Пача-Ата суусу жарыктык,
Бутуңду салсаң муз болот.
Суусунун кана жутканда,
Ичиң муздап, кыш болот.
Арчалары түз болот,
Көлөкөлөп уктасаң,
Ак жайдын күнү күз болот.
Кызыл-тазыл кийинип,
Кечке маал болгондо,
Шынаарлашып кыз-келин,
Жеңелерин жетелеп,
Бирине-бири эркелеп,
Токойдун ичи жыш болот.
Кара чачтуу моймол кыз,
Кашын серпип койгондо,
Калдактап ичиң тыз болот.
Кайкалап басып кеткенде,
Кара жаның чок болот.
Ал айтканың дагы чын.
Шайыры көп эл болот.
Шакылыктап бүт күлүп,
Айткан сөзү кер болот.
Кодура талдай жанашып,
Биринен-бири талашып.
Ырчымын деген көп болот.
Жазгы кара жамгырдай,
Нөшөрлөтүп сабаган,
Ашкере ырчы жок болот.
Ак ала сакал болгондо,
Калпты кантип айтайын.
Жаз күнүндөй бүрү жок,
Күз күнүндөй мөмө жок.
Күн-түндөп айтар нуру жок.
Манасчысы пас болот.
Эсенаман ырчыны,
Аксыдан келген бир бала,
Жеңип кетти деп уккам,
Эңшерип аттан оодарып,
Эңип кетти деп уккам.
Эсенаман эски ырчы,
Элге жаккан кески ырчы.
Жомоктун болчу молдосу,
Айтыштын болчу жоргосу.
Нуска сөзгө нар эле,
Айтканындай бар эле.
Кызыл тили курч эле,
Ырчылардын мурчу эле.
Оң, Сол кыргыз чогулса,
Какшап бир ырдап турчу эле.
Казак, кыргыз аралап,
Кыргыздыгы билинбей.
Эки тилде бипбирдей,
Элирип ырдап жүрчү эле,
Эсекемди жеңгениң,
Элде калчу сөз болгон.
Эгем сүйүп, жар болгон,
Атагың чыгып шар болгон.
Катындан ырчы кыямат,
Айткан сөзү алаамат,
Таластагы бир тойдо,
Наркүлдү мен да көргөмүн,
Нурмолдо баштап бир тобу,
Жаландаган ырчылар,
Шатыра-шатман каткырып,
Акынмын деп наз кылып.
Айтышам деп шаштырып.
Артынан калбай ээрчиген.
Байкап көрсөм сөздөрүн,
Ырчылыгы бар экен.
Кажаң кара сөздөрдү,
Камырдай жууруп жиберген,
Калпыс жери бар экен.
Каарына алса каапырың,
Кар, борошо урса да,
Катарлап адам турса да,
Кара өзгөй сөздү айткандан,
Кайра тартпас жан экен.
Айтканынча бар экен.
Атагы бар чоң ырчы,
Айтышпай турган жан экен.
Адигине Нурмолдо,
Аят сөзү бир жорго.
Дагы бир тойдо көргөмүн.
Атайлап көңүл бөлгөмүн.
Молдолугу бар экен,
Нур бетинен төгүлгөн,
Сымбаты ашкан жан экен.
Шарияттан шар экен.
Сөз өктөмүн кетирбес,
Сүйлөгөнү курч экен,
Пайгамбарлар тарыхын,
Балкып ырдап турганда,
Кол жетпеген мүлк экен.
Ырчы балам, Жеңижок,
Сенде ырчылыктын кеми жок!
Ырдасаң сөзүң нар экен,
Түбү терең ор экен.
Сени менен беттешкен,
Ырчылардын шору экен.
Айт дедиң айтып калайын,
Комуз күүсүн черткенде,
Так келтире албаган,
Тайкылыгың бар экен.
Термелтип колду бош таштап,
Жандырып ийип күүңдү,
Жаздырган жайын бар экен.
Санат сөзүң сан экен,
Сайраган жайың бар экен.
Санжырага келгенде,
Уруулардын тарыхын,
Он, Сол кыргыз канатын,
Ундай элеп айтпаган,
Сылтыган жериң бар экен.
Аттиң, балам, Жеңижок,
Пейлимден чыккан сөз эмес.
Периштелер айт деди.
Эгемдип берген белгисин.
Айтпай коёр эрким жок.
Көксулууну алам деп,
Каргышка калып калыпсың.
Артыңан бала ээрчибей,
Көңүлүң толкуп телчибей,
Бир ташы кем шум дүйнө,
Арман толоор ичиң чок,
Кабатыр болбо сөзүмө,
Тоодой мүшкүл түшсө да,
Томуктай кылып көтөрөт.
Тан калам адам күчүнө!
Шаймерден сени колдосун
Барбардигер кудурет,
Пааналап ишиң ондосун.
Камбаркан Баба кол берсин,
Кыдыр даарып, жол берсин!
Оо, балам, ырчылык жайын айтайын:
Ырчы болсоң сынчы бол!
Зөөкүрдү чабар камчы бол.
Кургак жерге тамчы бол.
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген баатыр бол,
Алсыздарга жакын бол.
Күлүк минген күчтүү бол,
Күйдүргөнгө миздүү бол.
Жесирлерге жөлөк бол,
Жетимдерге көмөк бол.
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол.
Ууруларга айгак бол,
Бечарага калка бол.
Беделсизге арка бол,
Ашта, тойдо мырза бол.
Аптыгып алкым агытпай,
Акындарга нуска бол.
Кара өзгөй болбой, калыс бол,
Кошоматтан алыс бол.
Усталарга балка бол,
Баатырларга калка бол.
Коркокторго уруш бол,
Кош сөздүүгө буруш бол!
Карыяга кайрым бол,
Алы жокко айбар бол.
Ашы жокко айран бол.
Эрегиш чыкса элчи бол,
Эл, журтуңдун кенчи бол!
Тону жоктун бөркү бол,
Той менен аштын көркү бол!
Желек кармаар жетик бол,
Жардыларга кешик бол.
Жармачтарга эшик бол.
Жери жокко конуш бол,
Эти жокко союш бол,
Пейилдүүгө бейпил бол,
Ысаптууга байыр бол.
Мүлдө журтка шайыр бол!
Таразанын ташы бол,
Ырчылардын башы бол!
Калктын зарын зардап өт,
Качанкы ырын ырдап өт.
Калк көңүлүн чалкытып,
Каниет алып жыргап өт.
Элдин зарын зардап өт,
Эзелки ырын ырдап өт!
Эл көңүлүн чалкытып,
Эргүү алып, жыргап өт!
Уламаны улагын,
Улардай таңшып убагың!
Баяда минтип кууган деп,
Кек сактап, сөздү куубагын!
Санат сөздө сабагың,
Сабап айтаар убагың.
Санаа тартпай жыргап өт,
Сакадай болгон чырагым.
Күлүк минип гүлдөп өт,
Күмүрөй журтка сүйлөп өт.
Жорго минип, жолдо өт,
Жамы журтка ырдап өт!
Ырың журттун ынагы,
Өзүн болгун чырагы.
Балам, сынчылардын сынын ук,
Ырчылардын ырын ук!
Жомокчуну издеп ук,
Ушакчыны уктап ук.
Акылманды аңдап ук,
Дудуктарды жандап ук.
Чечендердин сөзүн ук,
Көсөмдөрдүн көчүн ук.
Комузчунун күүсүн ук,
Кыякчыны кылдат ук.
Добулбастын доошун ук,
Чоорчуну чордоп ук.
Темир комуз күүсүн ук,
Термелтип жанды жыргатат,
Назар салып, таасын ук!
Жолоочуну жолдон ук!
Добогердин доосун ук,
Манасчыны түнөп ук,
Кошокчуну кошуп ук.
Боз балдардын ырын ук,
Булбулдун мукам үнүн ук.
Кыз баланын сырын ук.
Боздогонду бозуп ук,
Бекбекейди безип ук.
Борумдууну тосуп ук,
Замананын зарын ук.
Каапырлардын каарын ук!
Мусулмандын жайын ук.
Кыргыздардын жоосун ук,
Кытай, калмак доосун ук.
Дубананын зарын ук,
Мүлдө журттун баарын ук!
Балам, нуска сөзүң кап болсун.
Санат ырың сан болсун!
Санжыра сөзүң саз болсун.
Калың кыргыз элиңе,
Кадырың артып, бак консун!
Балам, жугумдуу сөздү сүйлөгүн,
Жулунган ырчы көп болот,
Журт ичинде сөз болот.
Ыр кадырын билбеген,
Өйдө, төмөн сүйлөгөн.
Жуксузга көңүл бөлбөгүн!
Журт алдында айтышып,
Жолбун жаман сөз угуп,
Асти бир жолой көрбөгүн,
Балам, каадалуу сөздү сүйлөгүн!
Калкыган ырчы көп болот.
Калк ичинде сөз болот.
Сөз кадырын билбеген,
Өйдө, төмөн сүйлөгөн.
Кадими жок ырчыга,
Кайрылып көңүл бөлбөгүн.
Калк алдында айтышып,
Кадырың калчу сөз угуп,
Тегинде бир жолдой көрбөгүн.
Баркыңды төмөн түшүрбө,
Бар атыңды өчүрбө!
Кадырыңды түшүрбө,
Кадими атың өчүрбө!
Адеби жок ырчынын,
Артында жаман сөз калат.
Анык нуска ырчыдан,
Ааламга кетчү сөз калат.
Балам, кайрылып сени көрбөсөм,
Нуска сөзүм айта жүр.
Арстанбекти көргөм деп,
Арткыларга айта жүр?!.

Жеңижок Каркырада бир топ болуп, Кегенге чейин барып, Көл кыргыздарын аралап, ырдап жүрүп кеткен экен. Кетееринде Арстанбектин алдына келип, коштошуп, узак ырдаган дешет. Арстанбек да комуз күүсүн өзгөчө муңкантып чертип, ырдап узаткан экен.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий