БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ

(Уландысы. Башы)

Шайлообек жөнүндөгү баянымды сандан-санга кобурап-жобурай берип окурмандарды тажатып жиберген жокмунбу деп кез-кез чочулап ойлоп коем. Мен анчейин узак эмес өмүрүмдө камыр-жумур мамилешкен көп деле дос күткөн жокмун. Бир жандуу деп коебу, ошол бир жандуумун. Эгер мен ким бирөө менен достошсом, мурдунун тыноо какканынан тартып, желбүүрдөй желпинген кирпигинин бир талынын «тырс» этип «сынып» түшкөнүнө чейин сезип, жана досумдун проблемасы досумдуку гана болбостон менин да проблемама айланганда ал адам менин чыныгы досум деп эсептечүмүн. Ар бир клеткабызга чейин арам ой калтырбай эзип достошкон досторумдун бири Шайлообек Дүйшеев эле. Кийин Шайлообек экөөбүздүн моюндашкан жаштыгыбыз менен достугубуз тигишинен ажыраган кийимдей түбүнө чейин токтоо билбей ыдырап отуруп, көп жылы экөөбүз эки башка сапарда, эки башка түшүнүктө жүрдүк. Тымызын элдешпес жоодой таарынышкан учурубуз да болду. Бирок ал кандай «достук» кылса да, «иттик» кылса да, мен аны жүрөгүм менен жаман көрө албай койдум. Мен аны дос катары да, акын катары да абдан жакшы көрөрүмдү, анын «достугун» да, «иттигин» да өңгө жандан өзгөчө жакшы билип, бир жолду баспай, бир ийинди казбай калганыбызда жакшы түшүндүм. Узак жыл жолукпасак да, сыр чечишип баарлашпасак да, мен анын өзү менен жолуккандай, сүйлөшкөндөй чыгармаларынан окуп-билип жүрдүм. Кайсы жерин чындап эле катыра жазганын, кайсы жерин калп эле кайкытып өтүп жатканын тамырын кармагандай таасын туюп турчумун. Өзүн жактырбасам да, чыгармаларын жактырып, өзүн жаман көрсөм да, чыгармаларын жакшы көрүп, Шакем менен аргамжыдай чубалжыган «заочный» достугум үзүлгөн жок.

Акыркы жыйырма эки жылда чыгармачылыкта Шайлообектей үзүрлүү эмгектенген жана эмгектенип эле тим болбой чыгармадан чыгармага өскөн, жанрдан жанрга көчкөн Шайлообектей кыргыз акыны аз экенине саресеп салып, чыгармачылыкта тийип-качып иштеп жүргөн жөнжай мен эмес, чыгармачылыкка таптакыр баш-отун сайган, активдүү иштеген, Шайлообек менен чогуу басып, чогуу ичип достошуп жүргөн калемдеш-замандаштары анын кайсы бир чыгармасы окурман журтун «дүң» түшүрүп жарык көрүп жатканда же өзү айткандай шампан ичип шампалаңдаган Шакем кайсы бир юбилейин белгилеп жатканда чыгармачылыгы жана өмүр жолу туурасында ич күйдүлүк кылбай, тарыбай, арамданбай, түштүктүк досторум айтмакчы, агынан жарылган, чын дилинен сүйлөгөн бир кенедей жетим макала окуй албай ичимен баш чайкап, таң калып жүргөнүмдө «Агым» гезитине жарык көргөн Шакемдин «Эки дөөнүн кармашы» аттуу «Манас» эпосунун курамына кирген мыкты жазма дастаны каканактап араң турган жандүйнөмдү жанар тоо атылгандай күтүүсүз жарды…

Биринчиден, көптөгөн чыгармачыл кыргыз атуулдары сыяктуу эле «Манас» эпосу мен үчүн да бөлөк-бөтөн тема эмес эле, бир учурда «Бакай ата баяны» аттуу чыгарманы биртоп жерине чейин эргип-оргуп жазып барып токтогом. Экинчиден, «Эки дөөнүн кармашынан» Шакемдин талантынын дагы бир кырын, чыгармачылыгынын дагы бир кудурет-күчүн көрдүм. ХХ кылымдын залкар жазуучусу, окумуштуусу, ойчулу, ыраматылык Салижан Жигитов Шакем жазгандай, «Манас» эпосунун жазма вариантын жазууну колу тийбей өмүр боюу көксөп өткөнүн көптөр биле бербес. Чын-чынында мен ошол асыл Сакем жөнүндө жазып жаткам. Жарыктык жаркылдаган жакшы адам эмес беле, жазганда да кыйналбай оңой жаздым. Тфү! Тфү! Сакем өзү айткандай, көз тийбесин. Шакемдин калеминен «Манас» эпосу кайрадан жаңырып «дүң» этип чыга калганда буга чейин жазып жаткан көркөм-даректүү баяныман «убактылуу баш тартып», көптөр чыгынбаган, көрмөксөн, билмексен болгон Шакемдин өзү жана чыгармачылыгы жөнүндө өзүмдүн билишимче, кудуретимдин жетишинче ар бир клеткасына чейин эзип, Шакем жөнүндө буга чейин эч ким айтпаган чындыкты чын дилинен аңгеме куруп берейин деген ойго азгырылып кеттим.

Шаке Шаке болгону жөн жүрбөгөн, тынч жүрбөгөн жан эмеспи, Шакем жөнүндө баянымды баштагандан бери иш кабинетим жайгашкан Ала-Тоо аянтынын айланасы тынч эмес. Шакем жактырбаган бийлик кулады. Манас атанын кырк чоросун эске салган кыргыздын сексен алты кыраан бүркүтү чым жазданды. Муңдуу музыка, муздак жел аргы, күйүттүү ый жаңырып, ансыз да салмактанып турган жүрөктү ого бетер оорлотуп, башта жазганымды, бүгүн түйшөлүп көчүрө албай, жаным жай алалбай, жазгандарым жакпай, жаккандары жарытылуу арыш керип баспай, боло турган жерден боло албай, толо турган жерден толо албай, эргий албай, көлкүй албай, коомдук-саясий турмушубузда өтүп жаткан орчун окуяга алагды болуп, эми-эми гана сакайып-айыгып, кадимки ал-акыбалымдын ыргагына кирип келе жаткансыйм. «Шакемди тезирээк жазып бүтпөсөм дагы бир революция болуп кетиши ыктымал» деп досторумду да күлдүрүп коем. Кана, кайсы жерине жеттик экен, амбарная книгамды ачайын…

«…Курсубуз жылдан жылга жогорулаган сайын курсташтарыбыз арзыган сүйгөндөрүнө чет-четинен шатырап үйлөнө башташты. Кечээкиден бүгүн калың дегендей, өзгөчө төртүнчү курстан бешинчи курска көчкөнүбүздө «көз ачырбаган» тойлор менен жаңылыктардын нөшөрүнүн астында калдык. Алты-жети карды арбыныраак баскан шаа мүйүз «аксакалдарыбыз» менен бала муруту жаңыдан карарып келе жаткан «көксакалдарыбыз» тымызын атаандашкандай алмак-салмак колго тийгенин эле жулмалап жула качып үйлөнө баштады. Тфү! Тфү! Көз тийбесин. Ошондогу үйлөнгөн курсташтарыбыздын бири да ажырашпай, бакыбат үй-бүлөдө жашап жатышат.

Удаама-удаа өтүп жаткан үйлөнүү тою Шакемдин беймарал жаткан карт жүрөгү менен тымызын тымып жаткан намысын козгобой койгон жок. Адатынча Шакем сыр билгизбей, курстун шаа мүйүз аксакалы, старостасы катары курсташтардын калың тобун жетектеп тойлорго барып, жакшы олтуруп, жакшы сүйлөп, жакшы ичип жүргөнсүдү. Бирок, жүрөгүнүн тереңинде кимден чыгарып жиберерин билбеген бир арман ары-бери уйгу-туйгу түшүрүп турганын сезчүмүн. Бөтөнчө уйгу-туйгу түшүргөн ал арман өзүнөн көп кичүү курсташтары же жердеш инилери үйлөнгөндө байкала калчу. Кичүүлөрдүн тоюна барарда алдын-ала кызыл винодон кыдырата тизип коюп ичип, өзү эле ичпей, жанындагы жакшы ичкичтер менен мага окшогон чала ичкичтерди кошо тое ичирип, той башталаарына аз калганда асманың менен жериңди бирдей тепсеп, дуулдап кирип барчу…

Шакем орчундуу эки маселенин ортосунда ооналактап от-жалын болуп күйүп турду. Үйлөнбөйүн десе жаш курагы өөдөлөп баратат, үйлөнөйүн десе, биринчиден, көздөгөн кызы, экинчиден материалдык шарты жок…

Шакем деле жакшы костюмун жонуна жамынып, татынакай галустугун мойнуна тагынып, жыттуу атырынан жаба куюнуп, жакшынакай кыздарды жандап басканды кыялында жакшы көрөр эле. Бирок, ал сүйүү маселесине келгенде жанда жок коркок, уялчаак, тартынчаак, эби-сыны жок эптеген жан эле. Жөнжай турмушта купшуңдаган куудул мүнөзү таптакыр жоголуп, жалдырама тийгенсип жайбаракат басып, кылыйган көз кыйыгы менен алдыртан үмүттүү карап, буудай куурган тили бүйлөсүнөн бери өтпөй буулуп калчу»…

Стоп! Ушул жерден токтойлу да, бүгүн жөнжай гана чер жазып Шакемдин тээ илгерки студент кезине чейинки жана студент кезинде жазылган мөлтүрөгөн тунук ырларынан угалы. Мен анын «Аптап» аттуу алакандай ырлар жыйнагын өзгөчө жакшы көрөм. Ал китептеги айрым ырларынын ай толгоо менен күн толгоосуна катышкам. Айрым саптарын андай эмес, мындай жазсаңчы деп жаман алымда кеңешимди айтымыш болгом. Айтор, эмнеси болсо да Ала-Тоо аянтындагы кайгы-муң абага толук сиңип тарап кете элек азыркы кабагы салыңкы кайгылуу күндөрдө аз да болсо Шакемдин алгачкы ырларын «тыңдап», маанайыбызды көтөрүп алып, анан сөздү уласакпы деген ниетте турам. Анда эмесе, бүгүн Шакемдин ырларына кулак төшөйлү…

… «Чарт» жарылган музду көрүп үшүдүм,
жаттым ойлоп суукка мынча чабалмын.
Бирок ушул жаалын ызгаар күчүнүн
билдим түнөп мен үйүнө чабандын.

Билдим түнөп мен үйүнө чабандын,
үй кичине, койгон өңдүү акка ороп.
Бирок ушу кечкисин же таң алдын
кичик үйдө кичинекей жаз болот.

А эшикте кыш кылчылдап, ай жанып,
өчпөөчүдөй шам үлпүлдөйт далисте.
Кырчын жашоо кыргыектей айланып,
кыбылада бешик жана наристе.

Бакыт мында чачыладай чачылып,
ырыс-таалай тартынбастан өйдө өткөн.
Кызыл жоолук келин сорпо сапырып,
Кызыл жүздүү балдар төрдө көйнөкчөн.

Койчумандан жомок сурап укпадым,
жолугуштум өзү менен жомоктун.
Ыракаттын дүйнөсүндө уктадым,
ыракаттуу тузун татып коноктун!..

* * *
Жакшы кабар жарышаар үйгө тынбай,
«жалган, жалган» үмүт ал, эстебегин.
«Жаңылыш» деп айтып кой «жамгыр тура»,
жамгыр кечип бараткан эсте мени.

Андагыдай ажайып күз төгүлбөс,
кайталанбас наристе кызыл кечтер.
Кызыл кечтер кылактап түшкө кирбес,
калам мында кайгысыз, калам кетпей.

Көздөрүңдү алыстык унуттураар,
сылабасмын чачыңды көңүл коюп.
Сагыныч да, санаа да буюктураар,
калам мында кайрадан өмүр бою.

Ишеничтер кат алып учпайт, учпайт,
кеме кетсе деңизден. Келет кеме.
Калам мында, быякта куштар кыштайт,
кушча жокпу кайрылып келет дебе…

* * *
Кандай кылам көздөрүңдү мен эми,
кантип алдайм бейтынч, назик сезимди.
Бул бир аптап алоолонткон денени,
бул бир азиз чакырыктай сезилди.

Укпай койбой сөздөрүңдү жанагы,
күлүңдөсөң күндө көрүп түшүмөн.
Жашыра албай сагынчымды аялуу,
жалын чачып күйөмүн го ичимен.

Кайда барып окуйм соңку жазганды,
азгын ойду айтам кимге шыбырап?
Алдыртадан аян берип жаткан бу —
азабы көп ыракаттай туюлат.

* * *
Шакемдин ырларын өзгөчө куулугу, арамдыгы жок, айла-амалы аз, суудай мөлтүр тунук, сүттөй кирсиз аппак жаш курагында жазган ырларын кайра-кайра окуй бергенден тажабайм. Баятан бери Шакемдин мыкты классикалык ырларын окуп олтуруп, өзүмдүн студент кезде тымызын Шакеме арнап гезитке чыгарган «Убакыт» деген ырым бар эле, ошол ырым оюма түшүп, окурмандарга окуп бергим келип кетти. Бул ырды кандай жагдайда, эмне үчүн жазганымды гезиттин кийинки санында кең-кесири баяндап берем. Анда эмесе ырга көңүл төшөйлү.

…Кечээ кечке олтурдук
олтурушта,
кайталанып кунарсыз шылтоо менен,
кагышып стакандар,
шыңгыр этип, сынып түштү
убакыт
ортобузга.
Күлүп койдук.
Ырдадык шаттуу ырды көңүлсүз
обон менен,
бош айланды сааттын жебелери.
Бийледик бүгүн кечке,
салмак менен түшкөн буттар
астанага
дүкү-дүк. Такалар сыйра басты
балтырын убакыттын…
Мен аны сезип калдым кеч бешимде
бошонуп дуу күлкүнүн арасынан.
Мен аны сезип калдым,
өз кезинде сени да туйса деген
оюмдун кыйгачында
чыккан күн өчүп барат.
«Жаштыкты чачып салуу
көчөлөргө,
төгүп таштоо стакандап,
өмүрдү ысыраптоо опурталдуу,
мезгилдин бара ташы төбөңөрдө»
деген үн —
турмуш үнү.
Он беш күн бий аянтка
ташталды тамекидей.
Он беш үн:
— Сени… дейби?..
Нукура турмуш ырын көксөйт
көңүл,
нукура турмуш бийин…
Кайрылбай кетип барам.
Сени да ала кетүүм керек эле.

(Уландысы бар)

Нуралы КАПАРОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий