Коомдук ишмер, Дастан Сарыгулов: «Кыргыз эли орустун котормосу эмес»

Коңшу өлкөлөрдүн башмыйзамдарына мамлекеттик тил бирөө гана боло тургандыгы так, даана, анык жазылган. Ал эми биздин Республикада кыргыз тили менен бирдей деңгээлде орус тили расмий тил деп жазылып, кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө көз көрүнө тескери таасирин тийгизип келгени айтпаса да жалпыга маалым. Өткөн Акаев, Бакиевдин заманы артта калды десек, Конституцияны кайрадан иштеп чыккан Убактылуу өкмөт деле кыргыз улутунун тилине, мамлекеттүүлүгүнө, эртеңки тагдырына кайдыгер караганы өкүндүрбөй койбойт. Бул маселе туурасында коомдук ишмер Дастан Сарыгулов менен ой бөлүштүк.

Айтсаңыз, жаңы түзүлгөн Конституцияга эне тилин сактап калуу, өнүктүрүү жана үйрөнүү үчүн кепилдик киргизүүгө болобу?
Башмыйзам бул максатка жооп бербейт. Себеби кыргыз элине арналган башмыйзам кыргыз тилинде гана жазылыш керек. Башмыйзамдын түп нускасы орус тилинде жазылып, кыргыз элине анын котормосу сунушталганы абдан туура эмес. Биринчиден, кыргыз эли орустун котормосу эмес да. Дүйнөдө бир дагы эл бөлөк элдин котормосу болуп таанылбайт. Экинчиден, башмыйзам адамдын акылына гана жетпей жан дүйнөсүндө болуп, терең сиңиш керек. Ошондо башмыйзам ыйык болуп тутула баштайт жана эл аны сыйлайт. Үчүнчүдөн, орус тилинде жазылган башмыйзам кыргыздын тилин, кыргыздын тарыхын, кыргыздын ыйман-адеп-наркын, салт-адатын сыйлабагандыкка тете. Манасты жараткан тил кантип баш мыйзамды жазганга жарабасын. Далил катары мен башмыйзамды 2006-жылы кыргыз тилинде жазып чыгаргам. Орус тилинде жазылганга караганда эч кандай кемчилдик жок. Акыркы бир жүйөлүү маселе: кыргыздын дүйнө таанымы, рухий мурасы өтө терең, өтө бай. Анын көп түшүнүктөрү бөлөк тилге которулбайт. Мисалы, кыргыз айтат «Пейилиң оңолмоюнча ишиң оңолбойт» — деп. Пейил деген сөздү которуп көрүңүз. «Адамдын көңүлүн калтырба», «шагын сындырба», «арманыңды айтчы», «кесир болот», «кусуру урат», «арам, адал» деген түшүнүктөр бар. Мунун баары которулбайт, которууга мүмкүн эмес. Бирок, ошол түшүнүктөр кыргызда түп рухий нарк болуп келе жатат. Биз ошол түшүнүктөрдү башмыйзамга киргизе албай жатпайбызбы. Ошону менен биз башмыйзамды орус тилинде жазып, кыргыз тилине которгондо кыргыздын жан дүйнөсүнөн орун албайт.

Тил маселеси улут үчүн олуттуу иш, алсак бир учурда орус тилинин абалы да бүгүнкү кыргыз тилинен дагы кыйын болгон. Себеби орус жаштары француз, англис тилдеринде сүйлөөнү модага айлантып турганда орустун интеллигенциясы катуу тынчсызданышып, Некрасов, Тургенов сыяктуу акын, жазуучулар улуттун тилин, наркын сактап калуунун амалын табышкан. А биздин интеллигенция качан ойгонот?
Кыргыз тилин сактап калууга ар бир кыргыз милдеттүү. Кыргызда «жер эненин карызынан денеңди берип кутуласың, улут алдында карызыңдан жаныңды берсең дагы кутула албайсың» — деген улуу сөз бар. Биз мекенди кан төгүп, миң жыл бою коргоп келген жокпуз. Манасты жараткан жокпуз. Күүлөрдү чыгарган жокпуз. Ыйман-адеп- наркын, салт-адатын жараткан жокпуз. Ата-бабадан калган жогоруда саналган улуулуктарды кемитпей кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бир кыргыздын улут алдында карызы, ыйык парзы, түбөлүк милдети. Ошол ыйык милдеттерди көбүбүз аткарбай келебиз.

Учурда борбор шаар атын «Манас» деп атасак деген пикирлер бар, мунун зарылдыгы барбы?
Мамлекеттин борборуна улуу Манас бабабыздын ысымын коюу туура эмес. Непалда бийиктиги 8128 метр Манас деген чоку бар. Индияда Манас деген дарыя бар, Нарындан беш эсе чоң. Тибетте Манас деген көл бар. Кытайдын батышында Манас деген көл жана дарыя бар. Кавказда Манас деген дарыя бар. Алтайда Манас деген чоку жана көл бар. Мухаммет пайгамбар же Христостун атын шаарга, шарапка, момпосуйга, коньякка койгондугун кезиктирүүгө болбойт. А бизде учак конгон жай Манас, көчө Манас. Манас бабабыздын ыйык ысымын биз күнүмдүк тиричиликке аралаштырганыбыз туура эмес. Бишкек шаарынын ордуна Манас деп атасак, Манасты тоноп кетти деген кулакка жакшы угулабы? Жок. Биз Манас бабабыздын ысымын ыйык тутушубуз керек. Ал ар бирибиздин жүрөгүбүздө гана болуш керек. Төмөн деңгээлге улуу ысымды түшүрбөшүбүз керек.

Айылдардын, көчөлөрдүн аталыштарына кайрылсак, учурда орус инсандарынын аттарынан коюлгандар дале сакталып келет. Алсак Александровка, Воронцовка, Петровка санай берсек өтө эле көп. Чынында аталган ысымдарды эле билбесек ал инсандар ким болгонун билбейбиз. Эмне үчүн бул ысымдарды кыргызча аталыштар менен алмаштырбайбыз?
Муну небак эле өзгөртүш керек эле. Себеби бул ысымдар 60-100 жыл мурда коюлган. Биз улуттук эс-тутумубузду жоготуп койгонбуз. Кыргыздын улуу дөөлөтүн билбейбиз. Улуу тарыхын баалабайбыз. Кыргыз тилин сыйлабайбыз. Кыргыз комузун даңктабайбыз. Байыркынын даңкы болбой, тирүүлөрдүн баркы болбойт. Биз байыркыны даңктай албай жатабыз. Ошон үчүн баркыбыз жок болуп жатат.

Орус тилин билбей мекенибизде мусапыр болуп жүргөнүбүздү эч ким териштирген эмес. Биз орус тилин үйрөнүшүбүз керек болгон. Эми тескерисинче, Кыргызстанда жашаган башка улуттар кыргыз тилинде милдетүү түрдө сүйлөөсүнүн шарттары барбы?
Бир эле шарт бар. Кыргыз эли өзү кыргыз тилин чебер сүйлөп, улуу бабаларыбыздын деңгээлиндей үлгүлүү тилде сүйлөөгө жетишиш керек. Биз өз тилибиздин улуулугун көрсөтүшүбүз керек. Биз эне тилибизди кандай сыйлайбыз, кандай урматтайбыз, эне тилибизди кандай аздектейбиз, ага аяр мамиле кылабыз ушул максатка жетип алсак калгандары өзү эле үйрөнөт. Мен бала кезде Таласта өстүм, орустун баары эле кыргызча сүйлөшчү эле.

Ыңкылапка чейин оппозицияга мүчө элеңиз, ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттөн четтеп калдыңыз, буга себеп?
Мунун себебин «Азатыкка» ачык айтып келе жатам. Эмне үчүн мен булардын арасында жокмун. Бир эле себеп бар. Булар мекендин ыйыктыгын, улуттун улуулугун, улуттук дөөлөт, рухий мурас түбөлүк экенин, саясаттан өйдө эң ыйык туу болуп турарын айтышпайт. Эгерде Убактылуу өкмөт мекен жана улут саясый кызыкчылыктардан, жаныбыздан өйдө турарын айтса мен кошулмакмын. Бирок, алар минтип айтпай жатышат. Убактылуу өкмөт башмыйзамдагы карама-каршылыктарды жөнгө салып карабаса, айла жоктон сотко кайрылууга мажбур болом.

Чынара Абдраева, Асман пресс («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий