Сооронбай Жусуев 85 жашта

«С.Жусуев лириканын кылдат сырларын билген акын болуу менен бирге, өзүн ири эпикалык сүрөттөрдө тарта алган ойчул, чыгармачылык диапазону кең сүрөткер катары көрсөттү»
Чыңгыз Айтматов.

«Сен экөөбүз бир согуштун жана бир Жеңиштин адамдарыбыз»
Мустай Карим.

«Жазуучунун-акындын «кухнясын» иликтеп-изилдөөнү максат кылгандар үчүн Жусуевден эң бай материалдар табылар эле…»
Жунай Мавлянов.

«Сооронбай Жусуев — тереңден толгонгон философиялык ойдун акыны»
Музафар Алимбаев.

Баатыр акындын бактысы

Бишкекте бир үй бар…
Бул үйгө дөөлөт кушу конуп турат,
Бул үйдө ышкы, илхам толуп турат.
Көркөм ой, көркөм сөзгө көөнөрбөс үй,
Көп жылдар чеберкана болуп турат.
(С.Жусуев)

Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнүн 141-үйү тарыхый таржымалы менен белгилүү. Аны мамлекет жалаң жазуучуларга 1957-жылы 3-ноябрда берген экен. Ошондо Абдрасул Токтомушев, Райкан Шүкүрбеков, Саякбай Каралаев, Узакбай Абдукаимов, Олжобай Орозбаев, Кубаныч Акаев, Муса Жангазиев, Сүйүнбай Эралиев, Насирдин Байтемиров, Шүкүрбек Бейшеналиев, Сергей Фиксин, Анатолий Сальников болуп чогуу көчүп киришкен. Эмнегедир андагы төрт бөлмөлүү 13- квартирада Сооронбай Жусуев менен Чыңгыз Айт-матовдун үй бүлөсү бирге жашашкан. Бул дагы өзүнчө бир залкарлардын бешене тагдыры болсо керек. Ошол үйдө жазылган, Чыңгыз аганын Москвада «Новый мир» журналына жарыяланып дүйнөлүк адабиятка жашыл жарыктуу жол алган «Жамийласын» Сооронбай агай өзү иштеп жаткан «Ала Тоо» журналына кыргызча бастырып, окурмандарга аттары угулуп бараткан калемдештер улуттук адабияттагы кыргыздын болочок Баатырлары экендиктерин кайдан билишти… Чыңгыз ага адабиятта прозадан, Соо-ронбай агай поэзиядан тагдыр тапкан кыргыз элинин залкар уулдары. Анда, бу сапар акын жөнүндө сөз учугун улоого жыгымдуу шылтообуз бар. Ушул күндөрү Сооронбай агай 85 жаш мааракеси жана өзү ок кечип барып келген Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 65 жылдыгы — кош майрамды тосуп, жадырап-жайнап олтурган кези.

Поэзия-бактылуу адамдардын шыбагасы. Аны сатып алууга да эч мүмкүн эмес, ал Кудайдан гана берилет. Анын ырахатындай жагымдуулук болобу, аны акын гана билет.

Акын Сооронбай Жусуев деген кыргыз журтчулугунда өтө ызаат менен сыйлуу аталчу белгилүү ысым. Ал кыргыз улуттук адабиятынын өсүп-өнүгүп келе жаткан жолунда өз салымын кошкон салмактуу орду бар классик акын, улуу менен кичүүнүн катарын бирдей ала жүргөн акылгөй ага, Ата-Журт үчүн күрөшүп, Улуу Жеңишке чейин катышкан мекенчил ардагер, үй-бүлөдө үрөн-бутагы өскөн бактылуу ата. Мындай өрнөк өмүрдү кемелинен кетирбей сабыр дөөлөтү менен көтөрүп жүрүүнүн өзү канча! Бул бактылуу адамга берилчү тагдыр шыбагасы.

Сооронбай агай өзү бизге окшогон шакирт-тери менен сырдашып олтурган бир жолугушууларда минтип айтканы эсимде: «Мен Кудайга ыраазымын, бардык жакшылыктарды көрдүм, орден, медалдардын бир канчасы ыйгарылып, мага эң ардактуу сыйлык «Ак шумкарга» чейин берилип, Баатыр атка да кондум. Эми Кудайдан бир гана сураарым «Ден соолук» деген орденин аябасын»,- деп жумшак юмор менен коштотуп коёт сөзүнүн акырын. Бирок, бул сөз өтө ойлонто турган чоң сөз. Ылайым ар бир адам ошондой аруу тилектерге жетсин.

Төрт терек жана тагдыр
Алай-Кууда дүйнөгө табылганмын,
Ай, Күнүнүн нурларын жамынганмын.
Так түшүнүп таалайым ырда экенин,
Татаал жолдуу сапарга камынгамын.
Ыйык максат алдымдан шамдай жанып,
Ыр дүйнөлүү тагдырга кабылгамын.
(С.Жусуев)

Сооронбай агай 15-майда 85 жашка кол берет. Ал айтылуу жер соорусу Алай-Куунун Кызыл-Жар кыштагында жарык дүйнөгө келген. Уккан бир кызык нерсе эске түшөт. Мындан туура 97 жыл мурун болочок акындын атасы Жусу Кызыл-Жардагы Кайыңды дарыясынын жээгине жакшы тилек менен мечит салдырып, артына өз колу менен төрт терек тигет. 12 жылдан соң баягы теректер асманга бой керип, жалбырактары желге шуудурап, түбүнө олтурганга саябан көлөкө болот. Мына ошол төрт теректин түбүндө Кумар эне уул төрөп, сүйүнчү айтышып, азан чакырып атын Сооронбай коюшкан экен. Ал уул — кыргыздын болочок акыны Кайыңдынын сайынын сансыз ташындай түбөлүктүү ырларды жазып, өзү айткандай ыр дүйнөдө элдик тагдырдын ээси болду. Ошол төрт терек дагы эле ордунда турат деп укканыбыз бар.

Улуу тоонун боорунда чоңойгон аты жакшы балалыктын күндөрүндөгү таттуу кыялдар жаратылыштын кооздугу менен тамырлап өскөн эле. Балким ошондон чыгармачылыктын чыйырына түшкөндүр. Бирок өмүрдүн күлгүн курагы он сегиз жаштын босогосун аттары менен Улуу Ата Мекендик алаамат согуштун айынан, майданга жөнөгөн. Легендарлуу генерал Панфиловдун атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы кызматын өтөп, жеңиш күнүнө чейин майданда болгон. Согуштун күндөрүн эскергенде, андай кан майдандын экинчи кайталанбасын гана тилейт.

Улуу устат
Башкаларга насыят айтуу оңой,
Бата берип аш-тойдон кайтуу оңой.
Аруу, азиз абройду сактоо кыйын,
Аксакалдык парызды сактоо кыйын.
(С.Жусуев)

Илгери түндүк менен түштүктүн акын-дары улуу акын Токтогулга келип, алдынан өтүп, акындык чебердикти, адамдык асылдыкты үйрөнүп, улуу устат катары пир тутушчу тура.

Улуттук жазма адабиятта Сооронбай Жусуевдин Казат Акматов, Токтосун Самудинов баштаган таланттуу шакирттеринин жоон тобу жалпы журтчулукка таанымал. Устат деген сөздү улуулугуна карата эле айта бергенге арзыбайт эмеспи. Устаттын жакшылыкка жөрөлгө берген ар тараптуу таалими артык. Сооронбай агай өзүнөн мурунку өнөр ээлерине, өзгөчө өзүнөн кийинки ар бир муундун татыктуу өкүлдөрүнө сереп салып, жазганын талдап, жакшы пикирин жазып, аны «Сөз кудурети» деген ат менен көлөмдүү китеп кылып жарыкка чыгарды. Кээде бири-биринин чыгармаларын «окубай туруп эле оюн айткан», же ныпым үнүн чыгарбай койгон «улуулар» деле жок эмес. Анткени окубайт, окугусу да келбейт. Бул жагынан Соо-ронбай Жусуевдин бийиктиги чоң сөзгө арзыйт. «Сексенден ашкан куракка келип калдым, эми орто муун же жаштар менен кийлигишпей тынч жүрө берейин дебей, тескерисинде бизден кийинки келаткан муундар менен чыгармачылыкта байланышта жүрөм. Антип айтканым жаңы чыгармаларды окуп, таанышып, ага баа берип туруу улуулуктун парзы. Биз ошондой устаттык курагыбызды сезе билишибиз керек, чыгармачылыкта ант-песке болбойт» — дейт. Мына улуулук деген ушул эмеспи.

Жоопкерчилик деген чоң сабак
Арашанга иштейбиз деп келгенбиз,

Арашанга ичпейбиз деп келгенбиз!
(С.Жусуев)

Жаздан баштап күзгө чейин жазуучулардын «Арашан» чыгармачылык үйүнө ат тезегин кургатпай акын, жазуучулар барып жазып иштеп, эс алып да келишет. Шар аккан дарыянын боюнда курулган бул касиеттүү үйдө Аалы ата, Чыңгыз ага баштаган кыргыз адабиятынын алптарынын көөнөрбөс чыгармалары жаралган. Андан бери канча доор өттү. Биздин муундун өкүлдөрү да кез-кези менен барып азыркы күндөгү алдыңкы толкун агалардын катары Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуевдин не бир шекер сөзүн, ырын угуп суктанабыз, чогуу олтуруп сырдашабыз. Ошол күндөрдө Сооронбай агай тартипти бек кармап, кандай иштөө керектигин көздү ачып көрсөткөнүн жогорку эки саптан эле сезүү кыйын эмес. Муну мен акын катары бир ырымда жазганымды ушул жерден мисал келтирсем баары түшүнүктүү болор:

Арашанда күндөр, дүйнө башкача,
Түнү жымжырт, таң супасы таптаза.
«Ант» жаттайбыз Жусуевдей Баатырдан,
Ак барактар толуп, иштеп жарп жаза.

Поэзия… проза… драма… ак ырлар,
Же сатира, койчу, түркүн жанрлар.
Канча заман өлбөс-өчпөс өнөрдөн,
Каныбызга агып кирген тамыр бар.

Арашанга иштейбиз деп келгенбиз,
Арашанга ичпейбиз деп келгенбиз!
Кечки саат он жетиден өткөнчө,
Бузбай тартип, Сокеге сөз берген биз-

сөздү токуп олтургандар башы нык…
Каалгалар кечте катар ачылып,
Кабар берип көңүл сурап келгенден,
Ышкырыкка каткырыктар чачылып…

Дасторконго чогуу олтурар кез келип,
Батыр Сүкө баштап басса… сестенип
жолду тосуп Рыскулов А. турат,
он төртүнчү посттон дайым чест берип.

Өмүркулов К., Сактанов жана да,
Төккөн ырды Төлөмүшов М. ага,
Шакирова Г.нын үнү шаңк этип,
Бака-шака, Байас Турал тамада.

Сууну бойлоп сөз түгөнбөйт, күлүшүп,
Өмүрканов А. шахматта… жүрүшүп…
Тууганы деп монголдордун ханынын,
К.Жапаров агасына тийишип.

Меңди эжем, Кален досум… санаба,

Кушубеков К. келген шол арада,
Кезек менен залкарларды эскердик,
Балдарындай бир чоң үйдүн талаада.

Кайра тынчтык, түн пардасы тартылат,
Ким бирөөгө убадасы барчылап
жазуучулар жымжырт… жазып жатышат…
Бөлмөлөрдө жарык өчпөй канча убак.

Алар иштейт угузбастан дабышын,
Эртеңки күн үчүн арнап баарысын.
Улуу муун, Аалы,Чыңгыз жүргөн жер,
Улагансыйт адабият тарыхын.

Биз Манастай тукуму өскөн элденбиз,
Сөзгө конок берип, баалап көнгөнбүз.
«Арашанга ичпейбиз деп келгенбиз!
Арашанга иштейбиз деп келгенбиз!»

Бул ырды окуп берсем агай аябай күлдү. Чынында Сооронбай агай абдан сергек, так жүргөнү таң калтырат. Анан өзү тууралуу сураганымда чын пейлинен айтып бергени бул болду: «-Эртең менен саат алтыда турам. Дене тарбия жасайм, анан келип суунун боюна шапатага олтурам. Эртең мененки тамакка че-йин бир жарым саат убакыт болот. Ошол мүнөттөрдө колдон келсе төрт сап ыр жазып алууга аракет кылам. Анткени эртең менен көңүл ачылып, чарчоо деген жок, сергилең ал учур өтө жагымдуу.
Кечинде гезит окуйм. Мен ар дайым алты ай сайын үч жарым миң сомдук гезитке жазылып алам. Буга башынан көнүп калгам. Гезит окумайынча эч нерседен кабарсыз, бош калгандай өзүмдү жаман сезем.
«Кыргыз Туусун» жакшы көрүп окуйм, себеби башынан саясат менен кошо адабиятка да орун берип турат. Ар кыл акындардын ырлары чыгат. Негизи адабият, искусство, тарых, маданият тармагын эч качан унутпоо керек. Ансыз улуттун жүзү ачылбайт.»

Агайдын баарына жетишкенине өзүндөгү жоопкерчиликти жогору койгон асылдыгы себепкер экени көрүнүп турбайбы. Көбүбүз ушул жоопкерчилик менен эсептеше албай куруп жүрбөйлүбү. Бул өтө чоң сабак.

Ыр-роман
Андай жанга атайы бир ат керек,
Айрыкча ат, ардактуу ат бап келет.
Орус айтса «Алай каныкеси» деп,
Кыргыз айткан кыска гана «Датка» деп.
(С.Жусуев)

Сооронбай Жусуев элдик ооз эки адабияттын салтында профессионалдык чебердик менен таасирленип жазган дастандары белгилүү. Бирок, ыр жанрында романды жаратуу чанда гана авторлордун калемине таандык. Акындын «Курманжан датка» ыр-романы кезегинде чоң сөз болуп, мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган. Мен 2000-жылдары «Акындын чыгармачылык жемиши да, жеңиши да» деген макаламда мындай жазганым бар эле: «Сооронбай Жусуевдин «Курманжан датка» ыр-романы элдик поэзиянын бир булагындай мөлт этип окурмандын табитин тартат. Анткени анын акындык калеми элдик поэзиянын үлгүсүндө таасирленип, лириканын чебери катары буга чейин жыйырмадан ашык ыр жыйнактары калайык-калкка жеткен эмеспи. Акын эпикалык көлөмдүү чыгарма жаратууга да эчак эле белсенип киришкен, ал эми «Курманжан датка» романы чыгармачылыктагы тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өткөн такшалган даярдыгынын үзүрү дешке татыйт.» Ырсыз жашай албаган, жазмайынча жашай албаган акын андан берки он жыл аралыгында эл айтмакчы «чечен кирпичтей» көлөмдүү далай китептерди чыгарды. Атап айтканда «Миң кайрык», «Ала Тоо барда мен бармын» ырлар жыйнактары, «О,анда көктөм эле» аттуу жалаң обондуу ырлар жыйнагы басмадан чыкты. «Мен билген Чыңгыз», «Сөз кудирети» макалалар, эскерүүлөр, «Тагдырым-поэзия» макалалар, каттар куттуктоолор жыйнагы окурмандардын колуна жетти.

Ал эми котормодо «Орус ырлары», «Казак ырлары» китептери өзүнчө жарык көрдү. Дүйнөлүк адабияттан «Европа-Азия ырлары» аттуу китебинде «А»дан баштап «я»га чейин, же Англиядан Японияга чейинки көрүнүктүү акындардын ырларын которгон. Бул китептердин ар бири 20 басма табактан ашык көлөмдө. Мунун баары эмне деген талбаган эмгек!

Таберик
Мен тынбай ырдан белек жасап жатам,
Мээнетти ыйык көрүп жашап жатам.
Мээнеттен абдан ачуу азап татам,
Мээнеттен абдан таттуу лаззат татам.
(С.Жусуев)

Сооронбай агайдын чыгармачылыгы боюнча талантту жазуучу жана котормочу Мамасалы Апышовдун «Жизнь замечательных людей Кыргызстана» басма сериясынан «Сооронбай Жусуев» аттуу көлөмдүү китеби жарыкка чыккан. Андан акындын өмүрү менен чыгармачылыгындагы эстен кеткис элестерди кеңири табууга болот. Ошондо «Адабият — менин тагдырым» деген сөз бар. Бул улуу чындык. Сооронбай агай дагы бир сөзүндө мындай айтканы кулагымда калды эле: «Карылыкка моюн сунуп эле олтура берген чыгармачыл адамга мүнөздүү эмес. Ден соолук барында, көңүлүң чыгармачылыкка тартып турганда колдон келген ишти жасай бериш керек.»

Минтип өзүнө ишенген, ички дүйнөсү бай жана күчтүү талант гана айта алат. Учурда Сооронбай агайдын эки китеби басмадан жарык көрүү алдында турат. «Согуш жана жеңиш» аттуу китебинде жалаң согуш темасына арналган ырлар, поэмалар жана очерктери топтолгон.

Ал эми «Таберик» аттуу китебинде 2006-жылдан бери жазган жаңы ырлары жыйналган. Буйруса, май айынын акырында окурмандардын колуна тиери күтүлүүдө, кут болсун. Кош майрамыңыз менен куттуктайбыз, кыргыздын кымбат акыны! Кылымдын жашын көрүңүз! Сиздин ар бир эмгегиңиз кийинки муундарга таберик. Сиз жөнүндөгү сөз кени али алдыда, бул бир гана сиздин эртеңки туулган күнүңүздүн алдында айтылган азгантай кеп.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, «Кыргыз Туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий