Бир ырдын тарыхы

Ак булуттар
Сөзү: О.Султановдуку
Обону: А.Керимбаевдики
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди ак булуттар жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Олтурам эскерүүдөн ичтен сызып.

Сезгендей айрыларды коркоор элем,
Алтын кум сен баарына орток элең.
Өчөшүп биздин өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди.
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

Асанкалый Керимбаевдин көзүнөн жаш айланткан «Ак булуттар»
Залкар обончу Асанкалый Керимбаев 1978-жылы Омор Султановго аккордеонун көтөрүп келип, «Ак булуттар» деген ырына обон жаратканын айтып ырдап берет. Буга чейин деле ал акындын бир топ ырларына обон жаратып келгени менен ушул «Ак булуттар» деген ыр көңүлүнө өзгөчө жакын экенин айткан. «Ак булуттардын» Асанкалыйдын тагдырына байланышкан шарттары бар экенин кийинчерээк угуп калдым. Аны ырдаганда өзүн-өзү унутуп калган учурларын көп байкачумун. Кээде чолок жаш болуп ыйлап да алчу. Теңтуштарынын айтуусунда Асанкалый « Мен өлгөндө үйдөн мүрзөгө, мүрзөдөн үйгө чейин «Ак булуттарды» ойнотуп келгиле » деп керээз кылып айткан экен» дейт Омор Султанов.

Ал эми Асанкалый Керимбаев «Ак булуттарды» ырдап чыкканын себебин өзү мындайча баяндаган:

«Омор байкенин ырлар жыйнагы кокусунан колума тийип, анын ичинен «Ак булуттар» аттуу ыры өзгөчө жагып калды. Кайра-кайра кайталап окудум.

«Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар…» деген саптарды окуганда көзүмө ысык жаш тегерене түштү. Менин чоң атам Керимбай кезинде жалган жалаа менен айдалып баратканда чоң энем буркурап көзүнөн жашын тыя албай боз үйдүн босогосунда ыйлап турган экен. Денемди жалын каптагандай, ошол элес көз алдыма дүрт этип от алып, көөдөнүмдүн тереңинде бугуп жаткан буулуккан бук «Ак булуттар» деген ырга айланды…Омор байкеге адегенде «Ак булуттарды» угузсам, түшүнгөн жок. Кийин мени атайын Көлгө ээрчитип барды. Экөөбүз көлдүн жээгинде отурабыз. Анан эле: «Асаке, кана эми баягы «Ак булуттарды» ырдап берчи» деп калды. Мен ырдап… Омор байкенин ошондогу эчкирип ыйлаганы эсимден кетпейт. Мен да кошулуп, өпкө-өпкөмө тийбей шолоктоп ыйладым. Күн аябай бүркөк, көл бир башкача толкугансып, шарп-шурп, улам жээкке урунат. Омор байке наристедей далайга ыйлады…»

“Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий