Эсенаман Жалгаш уулу (1833-1913)

Жез таңдай аталган төкмө акын, айтыш өнөрүнүн чыгааны. Ал 1833-жылы Талас өрөөнүңдөгү Кызыл-Коргон өндүрүндө туулган. Ырчылык дарамети жаш кезинде эле ойгонуп, Чүй өрөөнүндө ырдап көпкө жүргөн. Казак калкын аралап, далай ырдаган. Эсенаман бирде Көлгө, бирде Чүйгө, же Таласка, же Түштүккө өтүп, ырлары эл ичинде чачырап, бизге жетпеди. Эсенамандын чоң акын, көркөм сөздүн ири чебери экендиги айрыкча айтыш өнөрүндө ачык көрүнөт. Ал өмүрүндө нечен казак, кыргыз акындары менен беттешкен, бирок бизге Чоңду, Жеңижок менен айтышы гана жетти. Ал кыргыз ырчыларынын чыгармачылыгына мүнөздүү өнөрдүн көп түрүн билген: төгүп ырдаган, комуз чертип, ырларына обон чыгарган, элдик көп ырларды чебер аткарган. Эсенаман жомокторду (эпосторду) да мыкты айтуучу катары элге таанылган. Ал «Манас», «Семетей», «Кожожаш», «Саринжи- Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжанды» чебер аткарчу экен. Эсенаман 1913-жылы Талас өрөөнүндө каза болгон.

Уикипедиядан алынды

АККАН СУУ
Аягы бийик ак жалтаң
Таштан чыккан аккан суу.
Ак жалтаңдын боорунан
Канат алган аккан суу.
Көк зооканын боорунан
Канат алган аккан суу.
Баш, аягы былкылдак
Дайра болгон аккан суу.
Бир чымындай жаныңа
Пайда болгон аккан суу.
Төгөрөктүн төрт бурчун
Жайгап алган аккан суу.
Адамзатка көп пайда
Кылып жаткан аккан суу.
Ак буудайың буралып
Чыгып аткан аккан суу.
Баш аягы былкылдак
Жылып жаткан аккан суу.
Бендесине көп пайда
Кылып аткан аккан суу.
Кара асканын боорунан
Жарып чыккан аккан суу.
Кайрылышынан жез канат
Балык чыккан аккан суу.
Муздак тоонун боорунан
Жарып чыккан аккан суу.
Бөлүгүнөн жез канат
Балык чыккан аккан суу.
Күнөөсүнөн пак болуп
Арып чыккан аккан суу.
Тууган айдай иреңи
Жарык чыккан аккан суу.
Кара жердин алдынан
Тумчукпаган аккан суу.
Булбулдай сайрап жарыктык
Тил чыкпаган аккан суу.
Алтын башат төрүндө
Кайнап чыккан аккан суу,
Аягы бийик ак жалтаң
Зоодо болгон аккан суу.
Алты бара тегирмен
Ноодо болгон аккан суу.

Бирөөнүн эли эл болбойт
Бирөөнүн эли эл болбойт,
Бирөөнүн жери жер болбойт.
Жалгыз адам жалганда,
Жат душманга тең болбойт

ЖЕҢИЖОККО ЫРДАГАНЫ
Бирөөнүн эли эл болбойт,
Аманбы, балам Жеңижок!
Абаңдын сенден Кеми жок.
Ак калпактуу кыргыздан
Айтышаарга теңи жок.
Аламан ырчы көп жүрөт,
Балам, айтканынын эби жок!

Эсенби, балам Жеңижок!
Эсеңдин сенден Кеми жок.
Эки жакту пендеден
Эрегишээр теңи жок.
Элимде ырчы көп жүрөт
Эки ооз кепке эби жок!

Кандайсың, балам Жеңижок?
Картаңдын сенден Кеми жок.
Кара жаак пендеден
Каяша кылаар теңи жок.
Калкымда ырчы көп жүрөт
Калжырай берген эби жок!

Үч-Кошой менен кең Талас
Өз атаң жердеп өлгөн жер.
Өөктөп жатып чогулуп
Өкүрүп тууган көмгөн жер.
Өзөнүн бойлоп башынан
Өмүрүң өсүп өнгөн жер.
Өзгө жерде өкүнбөй
Өз элиңе көчүп кел!

Чоң атаң жердеп өлгөн жер,
Чогулуп тууган көмгөн жер.
Чоочун жерде өкүнбөй
Чоюлган журтка кайтып кел!

Калкың менен болбосоң,
Кайрат айтып не кылам.
Сөөлүм бар тилимде
Сөздөн кантип жаңылам.
Кабыл алсаң айтканды
Кайта келгин Таласка.
Өлсөң ыйлап көмүүчү
Өз үйүңдөн адашпа.
Жалдырап барып көзүңдү
Жат элдин көзүн каратпа!

Бирөөнүн жери жер болбойт,
Бирөөнүн эли эл болбойт.
Туурасын айтсам мен сага,
Туугандуу адам кем болбойт

Башканын жери жер болбойт,
Башканын эли эл болбойт.
Артын ойлоп карагын
Айылдуу адам кем болбойт.
Эсиңди жыйып элиң тап!
Эзелки Талас жериң тап!
Карап тургун, карагым,
Карылык сөздөн сүйлөйлү
Калкынан азып жүргөн бар,
Кайрылып келсең кадырлап
Калдайган журтуң сүйбөйбү!
«Калкынан качкан акмак» деп,
Сага да бир кайлыгер сөзү тийбейби?
Капилет жерден жоо болсо,
Карөзгөй жала, доо болсо,
«Каңгырап жүргөн акмак» деп,
Катындын тили тийбейби?
Каралашаар тууган жок,
Кармап минээр буудан жок,
Балам, кайгырып ичиң күйбөйбү!
Тентибей элге кошулсаң
Теңтуштар сени сүйбөйбү

Теминишкен жоо болсо,
Тексиз жерден доо болсо,
«Тентиген элсиз акмак» деп,
Тентектин тили тийбейби?
Теңдигин айтаар киши жок
Телмирип ичиң күйбөйбү?
Угуп тургун карагым,
Үлгүлүү сөздөн сүйлөйлү.
Өзгө жерден келген көп
Улутунуп жүрбөйбү.
«Өзү башка элден» деп,
Сага бир өжөрдүн тили тийбейби?
Өбөк кылаар тууган жок,
Өмөчтөп минээр буудан жок,
Балам, өрттөнүп ичиң күйбөйбү?
Карысы жаштай жыргаган,
Жаштары жаагын жаный ырдаган,
Калың кытай биздин эл,
Кара башың маң кылбай
Кайрылып, балам мында кел!

Элбилге сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий