«Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн»

Доордун залкар комузчуларынын бири, белгилүү санжырачы, комуз чабуунун чебери, КР эмгек сиңирген артисти Нурак АБДРАХМАНОВ гезитибиздин бүгүнкү коногу.

— Үй-бүлөдө бекем, урагыс бакыт кандайча тургузулат?
— Махабатсыз үй-бүлөдө эч качан бакыт болбойт. Махабат болгон жерде бардык кыйынчылыктар жеңил, тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө жол ачык, кайрат жетиштүү болот.

— Ар дайым бирге жүргөн жубайыңызды кай жерден кезиктирдиңиз?
— Келинчегим менен маданият үйүндө чогуу иштешчүмүн. Жүргөн-турганын, адамга болгон астейдил мамилесин жактырып калдым. Аманбүбү менен алты жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Биз турмуштун ар кандай жолдорун басып өттүк. Анан сегиз уул, алты кыздын атасы болдум. Уулдарымдын бирөө кайтыш болуп калды.

— Көптү көргөн инсан катары айтсаңыз, өмүрдө татыктуу жашоонун сыры барбы?
— Көздөгөн максатыңа жетүү үчүн бар аракетиңди жумшаганың, андан ийгилик тапканың — ошол татыктуу жашоонун сыры, бакытыңдын ачкычы.

— Чыгармачылыкка келүүдө кимдир бирөө түрткү же себепкер болгондур?..
— Атам Абдрахман Калык Акиев, Мусанын устаты Кашкары Табалды уулу, Тоголок Молдо атабыз, Абдыкалык Чоробаев өңдүү залкарлар менен кадырлаш, теңтуш адам болчу. Атамдын түрткүсү, жол көрсөтүүсү менен беш жашымдан тарта комузга илээшип калдым. Алты жашымда кадимкидей комуз чертип, үйгө келген коноктордун алкышына арзычумун. Күнүгө он конок келсе, он жолу концерт берип отурчумун. Ошентип комуз, күү дүйнөсүнө кирдим.

— Балтыркан бала кезиңизди эстегенде дагы эмнелер көз алдыңызга тартылат?
— Дүйнөнүн көп жерин кыдырып, көп жерин көрдүм. Бирок Соң-Көлгө тете, адамга бөтөнчө таасир берген жерди көргөнүм жок. Мүмкүн өзүм төрөлүп, киндик кан тамган жерим болгон үчүн ошондой сезилеттир. Бала кезимди эстегенде Соң- Көлдө ат чаап, балдар менен суур кармап көк бөрү тартканым көз алдыма келет. Кээде суур колго тийбей калса талпакты тартышып калган күндөр өттү. Мындан сырткары, атам кичинекей кезимден комуз үйрөтүп койгондуктан, көбүнчө комузга, күүгө алаксычумун.

— Комуздун, күүнүн сыйкырын эмнеден улам сездиңиз?
— Комуздун сыйкырына аябай берилгенимден тынбай черте берип колумдун тырмактары желип, комуз бети канга боелуп кеткен учурлар болду. Ал убакта азыркыдай кедбуд, жилка дегендер жок. Тайдын ичегесин чогултуп, аны комузга тартып алып чертчүбүз. Мындай кыл көпкө чыдабайт, тырмакты да тез эле жейт. Бирок, үнү шаңдуу чыкчу. Анан апам эликтин терисинен ийлеп, жумшартып, манжаларыма кап жасап берчү.

— Сиз черткен күүлөр…
— Адегенде айылыбыздагы Музооке деген Тоголок Молдонун чоң атасынын күүлөрүн атамдан үйрөндүм. Андан кийин атам Соң-Көлдөн козу союп, кымыз бөктөрүп берип, Касымкулдан Музоокенин муңдуу күүсүн үйрөнүп кел деп жөнөтүп жүрдү. Беш-алты саат жол жүрүп, Касымкул жайлаган жайлоого барчумун. Ал кой кайтарып келгенден кийин кечинде чертип берчү. Кийин патефон чыкты. Ал убакта Карамолдо, Атай, Ыбырай, Чалагыз Иманкулов сыяктуу комузчулардын күүлөрү патефондун пластинкаларына чыкчу. Кыргыздар патефонду табак деп койчу. Аны угуу үчүн айыл-айылдардан эл жыйылып келишчү. Атам мени үйрөн деп ээрчитип алчу. Бешинчи класста окуган учурумда 40 күүнү толук үйрөндүм.

— Кароо-сынактарга катышчу белеңиз?
— Эмгекчилердин кароо конкурсу өтүп турчу. Мени ошол сынакка Фрунзеге чейин алып келишти. Ал убакта кичинекей балдардан комуз черткендер жок эле. Аябай сенсация болуп, комузчулар боюнча республикада биринчи орунга татыктуу болдум. Алтын жалатылган кол саат, биринчи даражадагы диплом менен сыйлаган. Калыстар тобунун төрөгасы Сайра Кийизбаева экен. Ошондо Ашыралы Боталиев (аны кийин тааныдым) чекемден сүйүп куттуктады. Көптөгөн чоң комузчулар бар эле. Алар «ой, сен жарачу бала экенсиң. Нукем мобу жерин момундай кылчу, Карамолдо тигиндей чертчү, Атай моминтчү» дешип көп нерсени мээме куюп коюшту.

— Комуздан башка музыкалык аспаптарга кызыктыңыз беле?
— Бир кезде улуттук каада-салт, нарк-нуска баалуулуктарды жериген заман болду. Шайымбек Акулов деген киночу Асанбай Каримов деген чоорчуну киного тартканы үчүн өмүр бою үй түрмөсүнө отургузулган. Күтүлбөгөн окуядан кийин киночуну үй-бүлөсү таштап кетип, көрбөгөн күндү көргөн. Айылыбызда Чуден деген атабыз чоор тартар эле. Мурда а кишиден чоор үйрөтүңүз деп суранчумун. Чынында чоордун керемет сыйкырын Асанбай Каримовдун тартканынан угуп, түшүнгөм. Саясаттын күчүнөнбү, мен дагы аккордеон, баян, хор дегенди үйрөндүм. Ал убакта маданий агартуу окуу жайы бар болчу. Ошол окуу жайдагы кыргыз мугалимдер «комузду эмне көтөрүп жүрөсүң, өткөндүн саркындысы. Жоголо турган фольклор» дешчү. Ошондой адамдардын тарбия, таасиринен эстрадага ооп, саксофон, гитара ойноп, комузду танган учурум болду.

— Улуттук аспаптарга болгон саясый кысымдар качан токтоду?
— Комуздун баалуулугу Горбачевдун заманы келгенде, 1986-87-жылдары колго алына баштады. Себеби четтегилер комузду кыйын баалайт экен деген суроо-талаптар болду.

— Улуттук аспаптарга болгон кысым учурунда комузду баалап-барктаган адам катары комуз чертпей жандүйнөңүз кантип тынч жүрдү?
— Ошол кысым учурунда күн сайын эки саат атама комуз чертип берер элем. Себеби атам комуз укмайын уктабайт. Эгер мен Бишкекке иштер менен кете турган болсом, «балам, кайсы күнү келесиң» деп сурачу. Беш же он күндөн кийин келем десем, мен келерге үч күн калганда эшикке чыгып отуруп күтчү. Ак-Талаада кышында 40 градус суук болот. Ошол суукта апам үйгө кир десе болбой, «балам келет» дечү экен. Мен барсам дүпүйгөн чоң киши сакал-муруту, тебетейине чейин бубак басып күтүп отурар эле. Апам «эки-үч күндү кечирээк айтып коюп жүрчү» деп калар эле. Атам мени, өзгөчө комузду жанындай жакшы көрчү. Баары тамак ичип, жайланып жатканда «балам, эми биртке комуз черт. Муну, тигини» деп суранат. Күү угуп жатканда бир жеринен ката кетсе, «ай, балам, күүнү майып кылдың» деген сынын берчү. Ошол киши мени сактап калды.

— Канча жашыңыздан баштап күү жарата баштадыңыз?
— Мен отуз жашка чыкпай эле күү жаратууга аракет көрө баштадым. Алгачкы күүм «Соктук» деген күү, кийин ыңгайына жараша «Кулунчак» деп атап койдум. 1979-жылы атамдын көзү өткөндө «Ата мурасы» деген күү жаралды. «Улуу тоолор», «Соң-Көл» күүлөрү жаралды. «Нурактын күүлөрү» деген китебим чыгып, былтыр элге тараттык. Муну швейцариялык фонд колдоп, китеп бекер таратылды. Бирок алыскы райондорго али жеткириле элек. Китептер маданият министрлигинде жатат. Жакынкы райондор келип алып кетишкен.

— Тарбиялаган шакирттериңиз барбы?
— Балеттеги мектеп сыяктуу мен да алты жаштан балдарга комуз үйрөтүү оюма келди. Себеби кол жумшак, ийкемдүү болот. Азыр тогуз жаштагы шакиртим Кулундар Азыкбек уулу, Токтобек Асаналиевдин баласы Канат Токтобек уулу, Жанболот Таалайбеков, Эмил Ишенкулов, дагы биртоп жаш шакирттериме тарбия берем. Булардын баары 30-40тан күү чертишет. Бул деген чоң комузчу дегенди билдирет. Мындан сырткары, кылдуу аспаптарды сүйлөтөм деп комуз жасайм.

— Кыргыз тарыхына кайрылууңузга эмне себеп болду?
— 1993-жылы Түркиянын Терин шаарына «Камбаркан» ансамбли, жазуучулар, сүрөтчүлөр болуп бир учак толтура киши бардык. Ошол жерде Чыңгыз Айтматов менен жолугушуу болду. Жолугушуунун акырында биз концерт бердик. Соңунда банкетке чакырышты. Менин Чыңгыз аганын чыгармасына арналган «Сары өзөк» деген күүм бар эле. Ошол күүнү укканда Чыңгыз аганын көзүнөн жашы тамчылаптыр. Банкетке чакырып жатканда «жанагы күүнү ким чыгарган» деп элден сурады. Мени көрсөтүшсө, келип мени кучактап калды. Банкетте оң жагына отургузду. Сол жагында отурган немис улутундагы адам өзүнүн котормочусу экен. Чыңгыз «мына менин атактуу тарыхчы досум. Батышта эң абройлуу илимпоз, тарых илиминин доктору Фридрих Щветсия деген киши. Менин китептеримди немис тилине которгон. Ушул кишиге сөз берели» деди. Ал киши туруп, «мына биз улуу маданияттын бүгүнкүгө жеткен үнүн уктук. Тарыхта улуу маданият Батышка, Европага Орто Азиядан келген деп окуйбуз. Орто Азиянын ичинен кыргыздан келген. Анткени Атилла хан кыргыз болгон» деген сөзүн айтты. Уккандар баарыбыз көзүбүз чакчайды. Ошол күндөн тарта менин көлөкөм эле артист болуп жүрдү. Болбосо батышка барган сайын китепканаларды, китеп дүкөндөрдү аралап, гунндар, Атилла хан жөнүндө адабияттарды чогултуп жүрдүм. Ошентип көп нерселерди Түркиядан уктум. Ошондон баштап тарыхка кызыгуум артып, «Улуу баян» деген китеп жараттым.

— Жалпы элге айтар сөзүңүз?
— Эл-журтум тынч болуп, убактылуу өкмөттүн иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришсе. Бийлигибизди шайлап алууга мүмкүндүк болсо деп тилейм. Ал эми элди бөлөбүз, жерди бөлөбүз дегендер — кыргыздын чыныгы душманы. Кыргызды жок кылуучу ошол түндүк-түштүк деп айткандар. Ошолорго чоң жаза колдонуу жолун таап чыкса.

Жубайы Аманбүбү Төрөгелдиева
— Чыгармачыл адамдын жубайы болуу оор бекен?
— Көтөрүмдүүлүк талап кылынат. Булардын жашоосунда жакшы-жаман, ичитар көралбастар, чын пейил менен мамиле күткөндөр чогуу жүрөт эмеспи. Мунун баарына байкоо салып, баамдоо керек. Аялзаты көтөрүмсүз келебиз. Бирок, эл көзүндө жүргөн адамдын жубайы көрүп турса көзүнүн, укса кулак сыртынан кетирүү керектигин түшүндүм.

— Эне катары балдарга кандай тарбия бердиңиз?
— Кудайга шүгүр, балдар чылым менен ичимдиктен алыс. Өз иштери менен алек. Буга атасынын нукура кыргыздын түпкү тазалык салттуулугун кармап келүүсү сабак болду. Агайың балдарын тегеректеп отургузуп алып күү, кээде эпосторду саймедиреп айтып берет. Балдарына кесип тандоосуна да өз сунушун, кеңешин айтат, багыт берет. Азыр балдар ыраазычылыгын гана айтышат.

Чынара АБДРАЕВА, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий