БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ

(Уландысы. Башы)

Биз окуп жүргөн жылдары эңкейип кетмен чаппаган, ийин жыгач менен ийрелеңдеп суу көтөрбөгөн, пахта тербеген, картошка жыйнабаган, тамеки тизбеген, кир жуубаган, уй саабаган, чөп чаппаган, ат минбеген, огород сугарбаган, отко бышпаган, күнгө күйбөгөн, жалаң витаминдүү жакшынакай тамак жеп, жарашыктуу кийинип, спорт менен машыккан, ыр-бий менен дасыккан, айдай жүзүндө тагы жок, айып коер жагы жок шаарлашкан орус группасынын көлөкөдө өскөн көркөм мүчө кыздары көзүбүзгө сулуу көрүнчү. Орусчаны ойдогудай сүйлөй албаган «бечелдигибизден», жупуну кийимибизден, жүдөө кейпибизден улам аудиторияларда, скверлерде, кафе-ресторандарда, бий аянттарында биз аларга жолой алчу эмеспис. Чөп чаап, чөңөр басып көрбөгөн ал кыздардын «ажалы» айыл чарба жумушу эле. Асфальт көчөлөрдө тык-тык басып, чыкчырылып теңсинбей, өрүлбөгөн чачын шамалга жайып, модалуу кийинген ал кыздар айыл чарба жумушуна — жапайы табияттын койнуна келгенде эрининдеги эндиги ээрип, көзүндөгү боегу өчүп, тик өскөн тырмагы сынып, беш маал бетмай «жеген» бети кесилип, күркүрөп аккан суудан, мал тоскон чуудан, чимирилген куюндан, сойлогон жылаандан, мөөрөгөн уйдан, кишенеген аттан, чартылдаган чагылгандан, көнөктөп жааган жамгырдан коркуп эч нерседен коркпогон эр көкүрөк айылдык жигиттердин колтугуна кире качып, денесине денесин жанаштырып тура калганда, демейде ороңдогон сөз оозунан куураган жалбырактай күбүлүп түшүп, эки көз үнсүз сүйлөшүп, эки кол үнсүз кармашып, сүйүүнүн өртү өзү эле жанып чыгаар эле…

Бир жылы жайкы айыл чарба жумушуна экинчи, үчүнчү, төртүнчү курстун орус, кыргыз, журналистика бөлүмүнүн студенттери чогуу барышат. А мен болсо адатымча айыл чарба жумушунан баш тартып, айылга кеткем. Күркүрөгөн күздө алар айыл чарба жумушунан, мен айылдан келсем курсташтарым баштагыдан эр жетип, кең Фрунзе шаарынын чыныгы ээси боло түшкөндөй сезилди мага. Биринчи-экинчи курстан бирөөнүн жеринде жүргөнсүп бүжүрөп баскан курсташтарым бирден сулуу кызды жетелеп, скверлерде, театрларда, кинотеатрларда жүрүшөт. Айыл чарба жумушуна барганда баягы асмандап баскан орус группасынын сулуулары өзүнөн өзү колго түшүп, Болот Аселди, Бейшенбек орус кызы Наташаны, Суусарбек Бурулду, Эрик бирди эле эмес, эки-үчөөнү ээрчитип, айтор, аяштардын көптүгүнөн баш адашат. Күжүлдөгөн курсташтарымдын эки сөзүнүн бир сөзү эле кыздар. Сүйлөшкөн кызы жок кезде эле күзгүнүн астынан кетпей сыланып турчу Суусарбегим бир жолу жалгыз күзгүнү таптакыр жеке өзү ээлеп, тикенектей тикирейген кайраттуу кара чачын антеннадай тик тургузуп, канжардын мизиндей түз үтүктөлгөн кара шымын жамбашына жабыштыра кийип, кара жылтыр туфлийин кайра-кайра кара баркыт чүпүрөгү менен сүрүп, Бурул келер тарапка оң капталынан бурулуп, тынчы кетип, тыбырчылап күтүп турса, Ат-Башыдан алты сөз орусча билбей келген Бейшенбек Наташа сулууга жолугардын алдында кадимки К.Юдахиндин «Орусча-кыргызча сөздүгүн» оң-тетири оодарып ачып, жалаң сүйүү терминдерин жаттап ээси ооп отурса, көп кыз менен таанышып алган кыл мурут көркөм жигит Эрик кимисин тандап, кимиси менен басарын билбей, сүйүүдөн башы айланып, башын мыкчып олтурса, демейде кыз менен иши жок барбагай мурун Шакебиз да тымызын кымыңдап, ким бирөөнү издегенсийт…

Шуулдаган мүнөзүнө, кебете-кешпирине ишенген өрт жигиттер орус группасынын кыздарынын арасында күйөөлөп-чабагандап жүргөндө, «Алыбек алына жараша» дегендей, андайда жигин чыгарбай жыла баскан Шакем алысты көздөбөй, айдай сулууну эңсебей, кыргыз группасынын эле жогорку курсунда окуган, чөптө иштеген студенттерге ашпозчулук кызматын аткарып жаткан одурайган эле бир карапайым сулууну илип алыптыр. «Шакем жандап басар кыздуу болду» деген кабарды укканда өзүм «кыздуу» болгондой сүйүнгөн жаным дардалаңдап жетип келип, «ал ким эле?» десем, оозун кулпулап койгонсуп унчукпайт. Айт десем айтпайт, көрсөт десем көрсөтпөйт. Ошентип асылышып жатып, оо көптө барып «катардан калбайын деп мен да бирөө менен тааныштым эле» деп каткан сырын мойнуна алды. «Аты ким?» десем, «аты да эркектикине окшоп Асанбүбү» деп жер карап уялып коет. Ээн жерде эң эле сулуу көрүнгөн Асанбүбү шаарга келгенде кадимки эле карапайым кызга айланып, калың кыздын арасына төнүп кеттиби, айтор, Шакемдин сулууну көргөндө дикилдеп чуркаган назик жүрөгү «былк» этип бир эстеп да, бир издеп да койбой, көрүнөр-көрүнбөс болуп жылтырап тутанып келе жаткан сүйүүсү чоң сүйүүнүн астындагы кичинекей репетициядай бат эле үлпүлдөп барып өчүп калды.

Кийин да далай-далай сулууларды Шакем сыртынан «заочный» көз салып сүйдү. Бирок, бирине да батынып бара алган жок. «Жок» деген жооп укса жоголуп кетчүдөй коркту өзүнөн. Сыртынан тосуп алып, ичинен узатып жүргөн кыздардын ким бирөөсү турмушка чыгып кеткенин укса же кайсы бир жигитти колтуктап кетип бара жатканын көрсө, кадимкидей көңүлү аңтарылып, ичи ачышып, бул дүйнөдөгү сүйүүдөн бактысыз калган жалгыз адамдай жетимсирей түшүп, күйүтүнө чыдабай, күчүн кызыл винодон чыгарар эле. Ичип-ичип, ичи өрттөнүп кызый түшкөндө «ээ, Нуке, эмнени айтасың, Нарында бир врач ага-жеңем бар. Ошол жеңемдин бир сиңдиси бар экен… «Шайлообек, сага менин ошол эле сиңдим ылайык. Мен сага ошол сиңдимди тааныштырайын, сен ошону эле алып ал» деп айткан деп Шакем сүйүүдөн көңүлү калган күндөрү өзү али тааныша элек, көрө элек жеңесинин алыстагы сиңдисинин кыялындагы элеси менен кадимкидей огожо-тирек кылып жашап, көңүлдөгү сүйүү өртүн ошону менен өчүрөр эле. Көңүлү жай күндөрү ал тааныша элек «сүйгөнүн» унутуп калчу. Курсубуз жогорулап, курсташ жигиттер университеттин моймол көз сулууларына чет-четинен шатырата үйлөнө баштаганда, туш тарабынан селдей каптаган үйлөнүү тойлору жай жаткан Шакемдин да шаштысын алып, тааныша элек сүйгөнүн тез-тез эстегенге мажбурлай баштады. «Карманаарга тал жок, үйлөнөөргө кыз жок» Шакем өзгөчө катар-катар келген үйлөнүү тойлорунан кызымтал болуп чыкканында «бүттү, Нуке, баягы жеңемдин сиңдисине эле үйлөнмөй болдум. Мен ошондой деп чечтим» деп так кесе жооп бере баштады. Беш жыл бою ал көрүнбөгөн сулуу Шакемдин демине дем, үмүтүнө үмүт кошуп, коштоп келди. Шакем да ал сулууну эстегенде сүйлөшкөн кызы бар жигиттей компоюп сыр алдырбай басаар эле.

Турмуштун кызыгын кара! Сүйүүнүн ырахатын көрүп, ылазатын татып, мен деген шуудур көйнөк, кара көз, кара каш сулууларды колунан жетелеп, Фрунзенин айлуу түнүндө, жылдыздуу асманында таң атырган, жигиттин гүлү деп аталган курсташтарым, калемдештерим, замандаштарым сүйүү жөнүндө жүрөктү эзген, сезимди козгогон ырларды жазалбай, кызгалдактуу талааларда кубалашып ойноп-күлүп, жаштыктын сүйүүгө мас кумарлуу күндөрүн узатпаган, көңүлү сүйгөн сулуулардын бирине арзый албай, көрө элек, тааныша элек бир сулуунун кылаңгыр элесин ээрчиген, кыялы менен сүйүшүп, кыялы менен жашаган Шакем төмөндөгүдөй гениалдуу сүйүү ырларын жазганына азыр да акылым жетпей, башым маң.

«… Оо бул жакта аптап кетпей айланып,
шамал ысып, ысык, ысык азыр да.
Гүл да, чөп да күкүк болуп саргайып,
күн төгүлүп кете жаздайт чатырга.

Чексиз күүдөн чегирткелер чертишкен
көңүл калып тажап денем талыкшып.
Жүрөм, жүрөм бир кайгыны сезиштен,
бир шаттыкты катып сага жан уккус.

Бөтөн жердин таңы үргүлөп пейлимде,
көздөрүмдөн тунук, таза жаш агып.
Бөтөндүктү унутсам да кээ бирде
бөтөн кыздын ырын угам атайын.

Жүрөгүмдү жамгыр кылып төгүлчү,
алыстыкты жанып учкан куштардай.
Алыстыкты көздөрүңө чейинки
чуркап өткүм келет кээде бутту албай.

Жылат дүйнө ташбакадай маңып суз,
жарк дейсиң сен айлангөчөк закымда.
Жарк дейсиң сен кыябыңда айыпсың,
сагынычтын перисиндей асыл заа!»

* * *
Мындан бир аз жылдар илгери казактын эле эмес, эсил СССРдин эстрада жылдызы Роза Рымбаева Бишкекке концерт коюп келип, көңүлү сүйүппү же ара-чолодо кыргыздардын жүрөгүн жылытайын дегенби, айтор, али өзү толук өздөштүрө элек кыргыздын мыкты обондуу ырларын ырдап жаздырган экен. Ал ырларды мен кийин-кийин кыргыз радиосунун берүүсүнөн уктум. Чыныгы мастер деп, чыныгы үн деп ошону айт. Кыргыз ырларынын канатына канат кошулуп, куйругуна куйрук улангандай эле чоң таасир калтырды. Айрыкча Ашыралы Айталиевдин «Нарындан жазган салам каты» калкылдап бийик учуп, кучагын кең дүйнөгө жайып жибергендей эле жаңырыптыр. Атаңгөрү, казак кызы деп кур намыс кылбай, кыргыздын классикалык мыкты обондуу ырларын Роза Рымбаеванын аткаруусунда жанагы ар ким уурдай качып жанын койбой жаткан алтыныбыздын бир сындырымын берсек да, жаздырып алсак мыкты иш болбойт беле деген ойго кеттим.

Болбосо өзүбүздүн Болот Миңжылкиевдин аткаруусундагы кыргыз, орус композиторлорунун жана элдик обондуу ырларына кулак төшөп угуп көр. Эмне деген керемет үн, эмне деген керемет обон! Тилекке каршы, үнүнүн кооздугу жана уккулуктуулугу менен («нежный бас» дешчү экен) дүйнөнү дүңгүрөткөн Болот Миңжылкиев кыргыздын аз сандагы обондуу ырларын гана аткарып калтырганы бүгүнкү күндө Керим Турапов сыяктуу ортозаар ырчылардын көзүн карап олтурган кыргыз музыка сүйүүчүлөрүнүн арманы аттын башындай экенин кантип айтпай кое алабыз. Болот Миңжылкиевге окшогон зор талант кыргыз элинен жүз жылда бир чыгабы, миң жылда бир чыгабы, аны бир жараткан өзү билбесе, эч ким билбейт.
Көп элден көп талант, аз элден аз талант чыгат. Көп элдин таланты өз милдетин аткарат, аз элдин талантына көп милдет жүктөлөт.

— Кыргыздар жогорку окуу жайында студенттерди ойдогудай окута албай жатканда эчен өмүрүмдү ал жакта, энциклопедия чыгаралбай шорлогон кыргыздарды шорунан арылтайын деп нечен жылдарым бул жакта өттү. Кыргыздарым колго илинер котормо которо албай олтурганда котормодо, натыйжалуу илим изилдей албай жатканда илимде, ыр жазалбай жатканда поэзияда, роман, повесть жазалбай жатканда кара сөздө, эми мынтип баарың чогулуп келип карапайым эле кара макала жазалбай жатканыңарда шорум шорподой кайнап бул жерде макала жазып олтурбаймынбы, — деп Салижан Жигитов агабыз тамаша-чынын аралаштырып каткырып күлүп айткандай, биз аз эле таланттуу адамдары бар аз сандагы элбиз, аныбыз аз келгенсип Чыңгыз Айтматов, Салижан Жигитов, Шайлообек Дүйшеев сыяктуу таланттуу адамдарыбыздын мойнуна минип алган жалкоо элбиз. Жараткандан бак айтып, өзүбүз жалкоо болгонубуз менен таланттуу адамдарыбыз эмгекчил. Аларды ташка да салабыз, отко да салабыз. Аларды кандай ишке салба — колунан баары келет. Ошондой орошон таланттарыбыздын бири — Шайлообек Дүйшеев. Өкмөтпү же талантты сыйлаган ыймандуу бир байбы, ар кайсы жумушка каржалтпай стипендия төлөп берсе, беш бөлмө үйүндө түйшөлүп жатып алып эмгиче кандай гана шедевр ырларды жазып берет эле. Антиш кайда?! Азыркынын байларынын бири жана тыңчыкма редактору Мелис Эшимканов иним дулдул талант Шайлообектин жону жооругуча, бели очорулуп ооругуча кандай гана каткалаң иштерге салбады. Заманында аркырап, баркырап, ыркырап, чыркырап турган «Асабаны», «Агымды» чыгартты. Анысы аз келгенсип белине «Пайшамбасын» байлап берип, көзү көр калың сүйүүнүн арасына эмне болсоң ошол бол деп түртүп жиберди эле, таланттуу кишиге айла жок экен, ал «төшөк маданиятынын» да тишин чагып, маңызын эзип жашыруун ат менен мыкты макалаларды жазды эле, карчыты кеткен карыялардан тартып кыл мурут жигиттерге чейин кыткылыктап кызыгып окушуп, бөгөттө калгандарга бала бөлөтүшүп, төрөттөн калгандарды бала төрөтүшүп, очор-бачар болуп эле жатып калдык. Төрөлгөн балдар азыркы илим-билимдин жетишкендиктеринин негизинде сапаттуу төрөлүшүп, «Пайшамбада» иштеген «киндик аталарындай» мекенчил чыгышып, жакында болуп өткөн революцияда жок дегенде таш алып бергенге жараган мыкты жарандардан болуп өсүп жаткандарын далилдешти. Турдумалиев аттуу дагы бир бизнесмен-акын «Чабалекей-доор» деген гезит чыгартты эле, чаар чымчык чабалекейи аз күндүн аралыгында эле канаты калдайган бүркүткө айланып, жем чокубай эт чокуйм деп шаңшыганда, жембаштыгын сүйрөгөн Турдумалиев эт экен деп өзүмдү чокуп коюшпасын деп «Чабалекей-доор» гезитинин журтунан жоонун журтунан качкандай таштай качты. Андан соң Түгөлбай Казаковдун «Алас» гезитинде иштеп, аны гезиттердин Манасына айлантты. Ара-чолодо, атың өчкүр, атын так эстебей жатам, «Жетиген» беле, «Жетимен» беле, айтор, дагы бир адабий журнал чыгарганга катышып, ал милдетин да мыкты аткарды. Манжамды ачып-жуумп санап жатканым — бул заманда иштеген иштери. Ал эми СССРдин заманында «Нарын правдасы», филармония, «Ала-Тоо» журналы, «Кыргызстан маданияты» гезити тарыхтын бүктөмүндө калды.

Бүгүнкү күндө жаагы жай албаган «Азаттыкты» сайратып жатат. Шакем нан таап жеш үчүн, үй-бүлөсүн багыш үчүн кай жакта, кандай иште иштебесин, кара макаладан тартып адабий-көркөм жанрда кандай чыгармаларды жазбасын мээнеткеч дунгандын талаасындай отоосу жок кулпунтуп гүлдөтүп келди. Кара жерге кара чөп сепсе гүлгө айланды, каксоо жерге казык какса капталынан бүчүр ачып, бүргө айланды.
Жана, жогортодо Роза Рымбаева менен Болот Миңжылкиевдин аткарган ырлары бөлөкчө жаңырат деп мен бул эки залкар талантты бекер жерден эскерген жокмун. Мен Шайлообек Дүйшеевдин «аткаруусундагы» же вариантындагы «Эки дөөнүн кармашы» аттуу «Манас» дастаны таптакыр бөлөкчө түс, боек алып, дүйнөнү дүң түшүрүп жаңыча «жаңырганын» айткым келип жаткан…

(Уландысы бар)

Нуралы КАПАРОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий