«Кайсыл эмгеги үчүн «эл артистин» алган деп кейийсиң…»

КРнын маданият министринин милдетин аткаруучу, «Форум» гезитинин мурдагы башкы редактору, Социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Рыскелди МОМБЕКОВ менен маек.

Жамы журт буга чейин сизди чыгаан журналист, гезиттин башкы редактору катары билип келсе, эми маданият тармагынын салмактуу жүгүн көтөргөн министр катары таанылып олтурасыз. Бул чоң сыноону актоо үчүн ишиңизди эмнеден баштадыңыз?
— Мага журналистикадан маданиятка келүү кандайдыр бир деңгээлде оорчулукту жаратты деп айта албайм. Он жыл бою оппозициялык гезиттердин башкы редактору болуп иштеп жүргөнүмдө, гезиттин жарымысы саясатка, жарымы маданият тармагына арналчу. Буга чейин маданиятты жетишээрлик деңгээлде жазып, сындап, коомчулуктун, бийликтин маданиятка болгон мамилесин байкап келгем. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө «ушул жакка мен барсам, ушундай иштерди кылат элем» деген кээде учкул ойлор келип кетчү. «Кул жеймин» дейт куйрукту, кудай билет буйрукту» дегендей, ушул жумуш буйруп келгенден кийин мен биринчи эле ишимди эмне үчүн он жети миң кызматкери бар чоң министрлик агенттикке айланып калды, ал эми ошол эле кезде алты жүз киши иштеген агенттиктер министрликтерге айланып калган деген суроо менен баштадым. Ала турган болсок, «мамлекеттик мүлк министрлиги», биз мамлекеттик мүлктөрдүн баардыгын сатып жибербедик беле, «кен байлыктар министрлиги» деп өзүнчө ачып койду. Кен байлыктарыбыздын баардыгы буга чейин ачылып, казылып, чачылып калган. Кыргыз маданиятына Малеванная башында турган катчылык ушундай сокку урду. Анткени, мамлекетти багындырыш үчүн алгач анын негизги өзөгүн, көрөңгөсүн түзгөн маданиятты багындырыш керек. Андыктан, алар маданиятты жоготууну чечишти.

Мен биринчи кезекте жыйырма жылдан бери өткөрүлбөгөн чыгармачыл адамдардын пленумун өткөрдүм. Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев сунуш кылды. 200дөн ашык маданият ишмерлери келишти. Алардын алдында туруп: «мен министрликти кайрадан калыбына келтире албасам, эшикти сыртынан жаап эле кете берем. Мен үчүн бул министрлик орун баалуу деле эмес» деп ант бердим. Айлык маянам бул жакта он алты миң сом экен, ал эми башкы редактор болуп турганымда мындан көбүрөөк пайда тапчумун. Жоопкерчилигим да азыраак болчу. Форумдун аягында Роза Исаковнанын атына кайрылуу кабыл алдык. Маданият агенттигин кайрадан министрликке кайтарып берүү демилгесин 25-апрелдеги жыйында өкмөт мүчөлөрүнүн бардыгы бир добуштан колдоп беришти. Мен үчүн бул биринчи жетишкендигим болду.

Экинчиден, «Манас» эпосу Кытай эл республикасынын атынан «ЮНЕСКОго» киргизилди дегенде, мен ошол убакта маданият министрлигин » Маданиятты, «Манасты» тартып алып, манкуртка айлантып баратса да, олтура беришеби» деп аябай сындаганмын. «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» болуп калбасын деп, ошол сөздөрдүн өтөсүнө чыгуунун үстүндө иштеп жатам. Өкмөттүн жыйынында «Манас» эпосун кыргыз элинин адабий, маданий мурасы» деп карап, мыйзамдаштырган соң, ЮНЕСКОдон кайрадан каттатып алсак, мен үчүн экинчи чоң жетишкендик болот. Андан кийинки максатым Айтматовдун эстелигин орнотуу боюнча эле. Бирок, убакытка жараша артка жылат көрүнөт. «Ала-Тоо» аянтындагы түндүк көтөргөн аялдын эстелигин тургузууга мен каршы чыккам. Тарыхтагы кыргыз-калмак кыргынында калмактар: «кыргыздардын башын кыя чапкыла, кырылып, аялдары түндүк көтөрүп калсын» деп каргаган. Мен ошол жерден ары-бери өткөн сайын душманым тургандай, ал эстеликти жек көрүү менен карайм. Анын ордуна «кандуу шаршембинин каармандарына» деген эстелик орнотуп, анын жанынан өткөн ар бир адам, бийликтегилер каны төгүлгөн балдардын элесин көрүп, куран окутуп турса, өткөн бийликтегидей ашкере адилетсиздикке барбайт эле деген ой кетет.

— Башка тармактар сыяктуу эле маданиятта да жең ичинен акча жегендер, мамлекеттин казынасына билегине чейин кол салгандар четтен чыгат дешет. Аталган тармакта коррупцияны жоюу багытында кандай иш-чараларды көрүүгө аракет кылып жатасыз?
— Маданият жаатында кыла турган иштер өтө эле көп. Коррупция абдан чоң. Маданият министрлигинин бюджети — 706 миллион болсо, 300 миллиону маданият кызматкерлеринин айлыгына кетсе да, калганынын баарын «имараттарды оңдоо иштерине жумшалды» деген шылтоо менен жоготуп турушкан. Он беш жылдан бери манасчыларга, төкмө ырчыларга бир дагы Токтогул атындагы сыйлык берилбептир. Ал эми бир-эки ыр ырдап коюшуп, «эл артисти» наамын алып жүрүшкөнүнө өзүңөр деле күбөсүңөр. Калыссыз кадамдар көп болгон экен. Акыркы документтерди карап олтуруп, «Ушу кишиге кайсыл кызматы, эмгеги үчүн «эл артисти» наамын беришти» деп ушунчалык кейийсиң. Ал эми ошол эле 50-60 жашка келген, филармонияда, сахнада отуз жыл-кырк жыл эмгек сиңирген адамдар эмдигиче наамга жетпей жүрөт. Булар: «Сени бул наамга көрсөтөлүбү, же…» деп айтат экен. «Же» десе эле болду, 500 доллар алып келип бере калса, наамга көрсөтмө жазып бере коюшат экен. Ар бир наамды алыш үчүн документтер кандайча толтурулганын иликтеп чыгабыз. Алгач министрликтен жешсе, экинчи тепкичи Ак үйдө наам алыш үчүн кол койдуруп, «жешкен». Мындайча айтканда, сен эмгегиңди баалаш үчүн өз эмгегиңди өзүң сатып алып жатасың. «Зордоп ачкан гүлдүн жыты жок». Бирок, буга наам алгандар аргасыздан барышкан. «Наам бербей жатышса, күтүп олтура бермек белем, кой, берейин, кайда калбаган акча» дейт да, бала-чакасын чогултуп, бир жылкысын соодалап келип берип наамды сатып алышчу.

Демек, жакында маданият тармагындагы кадрдык өзгөрүүлөрдү күтүүгө болот экен да?
— Албетте, кыргыз драмалык театрын он жылдан бери бир киши башкарып келатат, филармониянын башында канча жылдан бери бир киши турат. Кыргыз драма театры менен филармония саясаттын чордону болгон. Ал жетекчилердин коррупциялык иштери жетиштүү. Эл айтат: «Кетирбейсиңби, ал «Ак жолдун» атаманы болчу. «Ак жолдун» депутаттары деле мандаттарын таштап кетпедиби же өзүбүз кубалап чыгалыбы» дейт. «Кое тургулачы, балдардын кыркын өткөрөлүк, алганга жетишебиз, бирок, ордун жапканга да жетишишибиз керек» деп жатам. Таза иштей турган, чыгармачыл эмес, чарбачыл адамдарды алып барышыбыз керек.

Сөзүңүзгө аралжы, сиздин баштагы кесибиңиз деле чыгармачылыктан алысыраак эмеспи.
Мени деле жаңы келгенде аябай сындашпадыбы, бул деген журналист экен, андан мурун милиционер болгон экен дешип. Чынгыз Айтматов зоотехник болгон, бирок, ага сен жазуучулар союзун башкара албайсың дешкен эмес. Бирок, ал өзүнүн таланты менен дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларды жаратпадыбы. Биринчи президент деле экономист эмес, физик, ал деле он беш жыл башкарбадыбы. Кеп адамдын дараметинде, аракетинде.

Эми кайрадан кино-театрлар жаатына кайрылсак. Алардын кайра жандануусун келечектен күтсөк болобу?
— Бюджеттин жарымысы эле ремонтко кеткен, театрлар иштебей калган. Бир ырды чыгарып бер же бир обонду жазып бер десең, ага азыраак акча берет. Ал эми ремонттон көбүрөөк акча «жесе» болот экен. Бир банка сырдын ордуна үч банка алдым же италия люстрасынын ордуна кытайдын люстрасын тагып койсо, ким билет? Ошентип, коррупцияга такалып олтурат. Орус драма театрынын жетекчиси Воробьев маданиятка тиешеси жок адам. Ал театрын оңдоп коюптур. Жылына он бир-он эки спектакль коет экен. Мына иштете турган, чарбачыл адам. «Кыргыздарың жылына канча спектакль коюшат экен, сурап көрчү?» — дейт. Ашып кетсе бир жылда үч же төрт спектакль коюшат экен, кыргыздар. Эл артисттерибиз филармонияны, кырдрамды кармап олтурушат, иштеген иштери жок. «Россия», «Ала-Тоо», «Октябрь» кинотеатрлары менчикке берилип кеткен. Приватизацияланып, жок, прихватизацияланып кеткен, тартып алышкан. «Россия» кинотеатрын Марат Бакиев жакындарына каттатып алган. Бир айлык ижара акысы 170 эле миң сом экен. Ал жакка бир той өткөрсө, 170 миң сом бир күндө эле түшөт. «Октябрь» кинотеатры да менчикке берилген. Бир гана менчиктештирилбеген «Манас» кинотеатры турат. Манастын арбагы жолтоо болуп тургандай. Өкмөткө сунуш киргизип, булардын бардыгын улутташтырыш керек. Башынан элге салынган, эл үчүн иштеш керек.

Кыргыз мамлекетинин идеологиясын иштеп чыгабыз деп эле келе жатышат. Бирок, оңчулуктуу жолго коюлбай жаткандай. Буга карата сиздин пикириңиз?
— Ушуга чейин идеологиясыз эле жашап келгенбиз. Мадумаров, Досбол Нур уулу мамлекеттик катчы болуп турушканда улуттук идеологияны иштеп чыгып, муундан муунга жеткиргендин ордуна, бирөөсү, мисалы Мадумаров болгону президенттин иннагурациясын өткөрүп, фонтандарды алып келдирип, отуз миллионго жакын сомду оңкосунан сайды. Филармонияны саммитке даярдап, ремонттотом деп, элүү милионго жакын акчаны жок кылды. Булар улуттун улуулугун, улуттугун көтөрө турган эч нерсе кылышкан жок. Улуттук идеологияны жазып чыгыш үчүн улуттук кызыкчылык, улутчул болушубуз керек. Ак үйдөгүлөр ак калпак кийгенден арданышчу. Санжырачы Дастан Сарыгулов «Кыргызстандын башына таза кыргыздар келмейинче кыргыздар оңолбойт» деп бекер айтпайт. Улуттук идеологиябыздын башаты — «Манас». «Манастын» ичинде идеология жазылган. Биринчи кезекте улуттук тилди ордуна коюшубуз керек. Мен улутчул болгондон уялбайм. Ошол эле Путин. Назарбаев да өздөрүн «улутчул эмеспиз» деген менен аракеттеринин баары улутчул экендиктерин көргөзүп турбайбы. Мен бул жерге келгенде «иш-кагаздарын экинчи жолу орусча жазып келе турган болсоңор, мен окубайм, кол койбойм» дедим. Менден кийин Топчубек Тургуналиев да «агенттиктин иш-кагаздарынын баарын кыргызчага өткөргүлө» деди. Улуттук кызыкчылык ушинтип олтуруп жолго коюлат, анан улуттук идеология өзүнөн өзү жолго түшөт.

Убактылуу өкмөт канчалык деңгээлде элдин ишеничин актай алат деп ойлойсуз?
Убактылуу өкмөт бийликке келгенден баштап анын оппозициясы чыкты. Алар жулунуп жумушка жетпей, эки күндө эле революционер болуп калгандар. Ыңкылап 6-7-апрелде эле жасалып калган жок. Буга көп иш-аракеттер кетти. Өткөн президенттик шайлоодон баштап, апрелге чейин миллиондогон нуска менен гезит чыгардым. Кылдын учунда жүрүп иштедик. Ошол кезде бизге кирем деген эч ким болгон эмес, эми жулунгандардын баардыгы эле «Отунбаеванын жанындагы орундарды бизге бергиле, Топчубек Тургуналиев менен Оморбай Нарбеков кетсин, жаштарга орун берсин» дешет. Убагында «Силер эс алып тургулачы, биз эле иштейли» деп жулунушкан жок. Мунун баары келечек муундун туура эмес жолдо жүргөндүгүн көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө жаштардын 21 кыймылы бар экен. Алар мындан бир ай мурун болгондо мынча баланын каны төгүлмөк эмес. Ушунча аялдар, жаштар чыкканда, Бакиев качып кетмек. Ооруканага барып, жарадарлар менен сүйлөшсөм, бир бутуна, бир колуна ок тийген Абдыкаим деген аксакал бар экен. Анын эрдигине, кайраттуулугуна, көрөгөчтүгүнө ыраазы болдум. Кыйналып жатса да, элдин келечегине кейип атты. Мадумаров менен Ниязов КТРден түшпөй калыптыр, мурда каякта жүрүшкөн? Убактылуу өкмөт тарифти, сатылгандарды ордуна алып келди, элдик курултайда коюлган жети талапты аткарды. Министрликти калыбына алып келди, 1-июндан баштап дыйкандарга жылдык үстөгү он эки пайызы менен кредит берилет. Мен булар менен чогуу бир казанда кайнап калбадымбы, алардын ар бири улут дегенде ичкен тамагын таштап койгондор. Болбосо, Роза Исаковнага, Алмазбек Атамбаевге эмне жетишпейт? Алар элдин эртеңки келечеги үчүн өз баштарын канжыгага байлап жүрүп, күрөшүштү. Айтышка оңой, бирок, аларга мүмкүнчүлүк бериш керек.

Маектешкен Гүлзада МАМЫШ кызы, «Биримдик» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий