Назира Мамбетова: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КҮЙҮП-ЖАНЫП ЖАШОО – ТОЗОК»

article_4301“Искусство курмандыкты талап кылат” дешет. Бүтүндөй өмүрүн сахнага арнап, анда жараткан ролдору менен жашап келе жаткан Назира Мамбетованын чыгармачылык дүйнөсү менен жакындан таанышууга аракет кылдык. 62 жашка чыгып, ардактуу эс алууда экенине карабай бул инсандын өзүнүн өнөрүнө болгон сүйүүсү, ызааты мени таң калтырды.

БАЛАЛЫКТА…
– Балалыгым Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Тамга айылында өттү. Жети бир туугандын экинчисимин. Ата-энем чабан эле. Кичинемде эле ырдаганга, бийлегенге, спортко куштарлыгым аябай күч болчу. Айылыбызга ырчылар келип калганда көзүм жайнап, ошолордун жанынан кетким келбей көпкө отурчумун. Бирок үйдөгүлөр менин мындай куштарлыгымды анчалык байкашпаса керек.

1966-жылы Фрунзедеги Музыкалык-педагогикалык окуу жайына тапшырдым. Ал жакта 8 ай окудум. Ошол күндөрдө Москвадагы театралдык институтка кабыл алуу жарыяланып калды. Көкүрөктө көксөгөн оюм ишке ашып, актрисалык кесипти ошентип тандап калгам. Чыгармачылык жолумда көп нерсени көрдүм. Бирок бир мүнөт да “ушул тандаганым туура эмес болгон экен, аттиң” деп өкүнгөн жокмун. Демек, мен туура тандоо кылгам.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧЫЙЫР
– 3-курста окуп жүргөнүмдө алгачкы жолу грузин фильмине эпизоддук ролго тандалып, “Боз торгой мында жашаган” деген тасмага тартылдым. 4-курста болсо Чыңгыз Айтматовдун “Мен Тянь-Шань” фильминде Кадичанын ролун жараттым. Ушул ролго байланыштуу бир нерсе эсиме түшөт. Бул фильмдин бет ачары болуп жатканда апам аябай сыймыктанып, айылдагы аялдарга чай берген экен. Бирок кино ортолой баштаганда апамдын койкойгон моюну ийилип, башын салып, жер карап чыгып кетиптир. Көрсө, бирөөнүн үй-бүлөсүн бузган аялдын ролун ойногонум үчүн уялып калган экен. Ата-энем сыймыктанган ролдорду да жараттым. Мисалы, атам мен аткарган Жаңыл Мырзаны сыймыктануу менен көрчү.

ЖАРАТКАН ОБРАЗДАРЫМ
– Кесибиме бардык күчүмдү, энергиямды, жаштыгымды арнадым. Баш-аягы тасмада отуздан, театрда сексенден ашык роль жараттым. Алардын баары эл көзүнө оңой көрүнүшү мүмкүн. Бирок баш-отумду берип, дүйнөдө ролдон башка нерсенин баарын унутуп койчумун. Эне канча бала төрөсө да баарын бирдей жакшы көрүп, ошонун талпынып, бутуна туруп кетишин каалайт эмеспи. Актриса болсо, жараткан ролдорунун баарына ошондой мамиле кылат.

Окуумду бүткөндө Ош кыргыз драма театры ачылып, ошол жакта иштеп калдым. Союз учурунда бул мыкты театрлардын бири эле. Анда 22 жыл иштеп, кайра борборго келдим. Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында 16 жылдан бери эмгектенип келем. Баса, Бакен Кыдыкеева тууралуу… “Талант жана тагдыр” аттуу спектаклде Бакен эженин ролун мага беришти. Эже экөөбүз бири-бирибизди билгенибиз менен, өтө жакын тааныш эмес болчубуз. Бирок ролго аябай берилген экенмин, кийинки мезгилдерде мени Бакен эжеге чындап эле окшоштура башташты. Бир жолу үйдөн репетиция кылып жатып, чынында эле Бакен эженин үнү, дикциясы менен сүйлөп кирсем болобу?! Жүрөгүм болк этип, кызыктай боло түштүм. Эртеси театрга репетицияга барсам, кайра ал үн жоголуп кетти. Ушул нерсеге аябай таң калам.

Андан бери бир топ: “Кара кыз”, “Издейм сени”, “Апамдын махабаты” сыяктуу тасмаларга тартылдым. Кызык, ушунча жылдан бери кесибим менен алышып жүрүп, бир да жолу чарчап, “болду, эс алайын “ деген ой келбептир.

13-002МҮНӨЗҮМ
– Мүнөзүм аялга ылайык келбегендей. Тим эле бетке чаап сүйлөйм. Ошол бетке чабар мүнөзүмдөн улам жашоомдо көп душман арттырып алдым окшойт. Негизи, төбөсү көрүнгөн адамдын баарына эле көрө албагандар, бут тоскондор чыгат экен. Менин жашоомдо да өйдө чыгып баратсам бутумдан тарткан, асмандап баратсам жерге түшүргөн адамдар болду. Бирок Жараткандын жардамы менен бул нерселерди жеңип чыктым.

АЯЛДЫК ТАГДЫРЫМ
– Алгач адаммын, анан актрисамын. Ошентсе да эл менин адамдык тарабымдан көрө актрисалык турмушумду билишин каалайм. Жеке жашоомо элди кийлигиштиргим келбейт. Кыскасы, бир уул, бир кызымды өзүм тарбиялап, адам кылдым. Балдарымды катуу кармаган жокмун. Өзүмө, кесибиме, берилген ролума катаалдык кылганым менен, балдарыма аябай мээримдүүмүн. Аларды аяганымдан бул кесипти тандашпасын деп тилегем. Анткени менчелик чыгармачылыкка күйүп-жанып жашоо – тозок. Тилегимди берип, балдарым менин чыйырыма түшүшкөн жок. Кудайга шүгүр, азыр төрт неберем бар. Ошолор менин кутум, менин бактым… Аялдык бакыттын өзүн ушул деп билем.

КЕЙИГЕНИМ…
– Элим үчүн кейийм. Элимдин руханий байлыгы кемип, маданияты төмөндөп бара жатат. Түпкүлүгүндө ыймандуу, нысаптуу, боорукер элбиз. Бирок башка элге таасирленип, ошол түпкүлүгүбүз ылайланып баратканына жаным кейийт. Союз учурунда орустун маданиятын туурасак, азыр Батыштын, япондун, кытайдын маданиятын туурап жатабыз. Кана, кичүүсү ызааттуу, улуусу нысаптуу кыргыздар?..

ДАГЫ ЭЛЕ РОЛДУ КҮТӨМ
– Учурда Жаштар театры оңдолуп-түздөлүп жатат. Эки жылдан бери майда-барат жумуштар менен алекпиз. Дагы деле жакшы ролду күтүп отурам.

Актрисанын бактысы

– роль жаратуу. Кичинекей болсо да роль жаратуу…

НААМДАРЫ

  • Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти (1978-жыл);
  • Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1992-жыл).

ФИЛЬМОГРАФИЯСЫ

  • “Мен Тянь-Шань” фильминде – Кадича;
  • “Ак кемеде” – Бекей;
  • “Кара кызда” – Мактым;
  • «Дилетантта» – тарбиячы;
  • «Эрте жаздагы турналарда» – Жыпар;
  • «Санниковдун жеринде» – Гошар.

Нуржамал Жийдебаева, lira@super.kg,
«Супер-инфо»,
№394 21-27-май, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий